Сыпайыга сын жок

2019-жылдын 25-июлунда “Азия” телеканалында сүрөтчү Таалайбек Забидиновдун чыгармачылыгына арналган журналист Зинаида Алмазбекова даярдаган программа көрсөтүлдү.

Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Т.Забидинов мындай деди: “Ош шаарындагы Сулайман тоосунун түбүндөгү 3 кабат боз үйдү куруу идеясын көтөрүп, куруп, Таласта өткөн  “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине барып тиккенбиз…”

Бул кабарды укканда, төбө чачым тик турду. Тообо! 24 жылдан бери бул  “автор сөрөй”  Т. Забидинов кайда жүргөн, дарегин билдирбей. Эмесе, 3 кабат боз үйдүн таржымалына саресеп салалык.

“Манас атанын “Ак өргөө” академиясы” архитектуралык курулушунун идеялык автору, демилгечиси, жетекчиси филология илимдеринин доктору, профессор, маркум Лутфулла Жусупакматов болгон. 3 жыл изденип, эскизин чийип, схемасын түзүп, материалдык курулушун иликтеп, 200гө жакын сүрөтчү, архитектор, скульптор, уз, кол өнөрчү, жыгач  уста  ж.б. чеберлердин күчү менен 2 ай 10 күндө даярдап, 1995-жылы 7 күндө шаардын борбордук стадионунда куруп бүткөн. Ала кушту да атынан аташ керек.

3 кабат болгону  “Манастын” үчилтигине арналган. Бийиктиги 14 метр, диаметри 20 метр. Үйдүн ички жасалгасы бүткүл дүйнөгө белгилүү Саймалы-Таш  сүрөт-жазмаларынан алынган элдин эзелки түшүнүгүн, ата-тегин, дүйнө таануусун, жашоо-турмушун чагылдырган символдор  менен  кооздолгон.

3 кабатка салынчу Лейлек, Баткен, Алай райондорунун уз, чеберлери тарабынан 3 ордо килем согулган. Биринчи кабаттагы жерге салынчу килемдин салмагы 1,5 тонна, экинчи кабаттагы килемдин салмагы  858 килограмм болуп, алардын бетине ата-бабалардын Алай, Баткен тоолорундагы таш беттерине чегилип тартылган сүрөттөрү түшүрүлгөн. Үчүнчү кабаттагы ордо килемдин салмагы 429 килограмм болуп, анын бетине Махмуд ибн аль Кашкаринин түрк элдери жашаган аймактарды билдирген төгөрөк картасы түшүрүлгөн.

“Ак өргөөдөгү” дагы бир орчундуу керемет – чий аземи жана анын бетине түшүрүлгөн  “Манас” эпосунун панорамасы. Тактап айтканда, 1-кабаттагы чий бетине “Манастагы” согуш панорамасы, 2-кабаттагы чий бетине мамлекеттик ишмердүүлүктүн үлгүлөрү, 3-кабаттагы чий бетине Манас баатыр менен Каныкей эненин балалык кезинен тартып, өмүрүнүн акырына чейинки учурлар чагылдырылган.

“Ак өргөөнүн” сөөгү (керегеси, уугу, түндүгү, устундары, түркүктөрү) Алайкуунун четининен, карагайынан, Алайдын арчасынан, Кара-Кулжанын кара талынан  тандалып жасалган. Калган маалыматтар Л.Жусупакматовдун “Манас атанын  “Ак өргөө” академиясы” аттуу китебинде (Ош, 2006-ж.) кыргыз, орус, англис тилдеринде сүрөттөрү менен берилген.

1995-жылы август айында Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине 1000 боз үй тигилип, алардын ичинен “Ак өргөө”  гран-прини утуп алган. Тилекке каршы, пикир келишпестиктер болуп (кыргызчылык), сыйлык берилген эмес.

Учурунда бул архитектуралык курулуш Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка сунушталып, белгисиз себептер менен башка “ээсин” таап кеткен.

Кыргыз Өкмөтү бул боз үйдүн баалуулугун эске алып, 70 миң сыйлык ыйгарган. Ал акча мээнет кылган жамаатка берилбей, чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп, дайынсыз жоголгон.

Таластагы мааракеден кийин “Ак өргөө” Ош шаарынын чок ортосуна тигилип (Кыргыз улуттук драма театрынын сол капталында), 1 жыл бою бир жетекчи көңүл бурбай, кийиздери жыртылып, эмеректери бузулган. Лутфулла аке өз жанынан жамап, түзөп-оңдоп карады.  Акыры акча каражатынын тартыштыгынан улам Ош облустук токой-чарба башкармасына,  андан кийин Оштогу улуттук музейге өткөрүп  берген. Ушундай феноменалдуу, кайталангыс курулушту  жараткан Лутфулла Жусупакматовду сыйлыкка көрсөтмөк турсун,  куру сөз менен алкап коюуга “эл жакшыларынын” чамалары келбеди.

Кыргыз Республикасынын эл акыны Сооронбой Жусуев “Канатыңды катуу серме, Лутфулла!” деген ырында мындай дейт:

…Үч кабаттуу укмуш боз үй жасадың,
Кайнаттың сен ар кыл өнөр казанын.
Арыбастан келатасың сен тартып,
Акылыңдын жыргалын да, азабын.

2006-жылы “Кыргыз пирамидасы”  деген 7 кабат боз үйдүн  (бийиктиги 100 метр, диаметри 30 метр) эскизин даярдап, жергиликтүү бийликке (мэрияга), КР Маданият министри С.Раевге кайрылуу кат жөнөткөн. Канга сиңген баягы эле акча каражатынын жоктугун шылтоо кылып, эч жактан колдоо болгон эмес. Азыркы “Сулайман тоо” мечитинин ордуна тоого зыяратка келгендер суктанчу, дүйнөдө жок курулуш курууну көксөп, өтөөсүнө чыга албады…

Кайрадан “Азия” телеканалындагы сүрөтчү Таалайбек Забидиновдун сөзүнө кайрылалык: “Манастын Санирабигага (Каныкейге) үйлөнгөндөгү тою ушул тоонун түбүндө, 3 кабат боз үйдө өткөн. Ошондуктан боз үй ошол жерде тигилип турат”.

Эмесе, “автор сөрөй” Т.Забидиновдун кулагына күмүш сырга болсун:

Биринчиден, кайсы манасчынын вариантында экөөнүн тою Сулайман тоонун  түбүндө болгону айтылат? Бул кыргыз элин удургутуу болуп эсептелет.

Экинчиден, “Ак өргөөнүн” эмеректери сынып, кийиздери тытылып, бузулуп, тонолуп жоголгон. Аны эскизге ылайыктап, темирден кураштырып, “Алымбек датканын үй музейи” деп ишкер Патила Жусуева шаардын, облустун жетекчилеринин колдоосу менен куруп алган.

Лутфулла Жусупакматов архитектор, куруучу эмес. Ал – түрколог, кыргыз пиктография илиминин негиз салуучусу.

Лутфулла Жусупакматов

Алай өрөөнүндөгү таштагы сүрөттөрдү изилдеп жүрүп, б.з.ч. 1000 жыл мурун таш бетине чегерилген дүйнө картасын таап, кагазга түшүрөт.

1986-жылы СССР  Илимдер Академиясынын  Новосибирск шаарындагы бөлүмүндө иштеген, дүйнөдөгү № 1 картограф  саналган академик  К.А.Салищевге ушул картаны көрсөтөт. Космостон  тартылып алынган сүрөт менен таштагы сүрөттүн дал чыкканына, айрыкча, катардагы  иликтөөчү ушундай баалуу табылганы таштан тапканына таң калган.

2006-жылы доктордук диссертациясын бүтүрүп, коргоо алдында илимдеги ичи тардык, көрө албастыктын “тузагына” илинип (атын атабай эле коёлу, ал окумуштуу азыр тирүү), инсульт оорусуна кабылган. 2008-жылы көгөрүп жүрүп,  диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

2010-жылы Ош окуясында Ош облустук балдар ооруканасында эмгектенген уулу, хирург Касымбек Жусупакматов (37 жашында) мыкаачылардын колунан каза болгон. Баласынын күйүтүнөн 2-жолу инсульт болуп, сүйлөбөй калган.

Лутфулла аке 2008-жылы таштагы сүрөт-жазмалардын 1000ден ашык полотносун даярдап, китеп, монография жазып, КР Илимдер Академиясында көргөзмө уюштуруп (ошол мезгилдеги академиянын президентинин сунушу боюнча), илим, техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок тааныш-билиштин өкүмү күчтүүлүк кылып, башка окумуштууга ыйгарылып, кур жалак калган. Сыйлыктан биротоло үмүтүн үзгөн.

…Саймалы-Ташта  Кыргызстандын түштүк аймагында табылган петроглифтердин  (таш бетиндеги сүрөт-жазмалардын) толук кандуу каталогун түзүп, 60 томдук китеп сериясын даярдаган. Мында кажыбас аракет Лутфулла Жусупакматовго гана таандык. Жогорку фундаменталдуу эмгекти бир киши эмес, бүтүндөй бир институт жамааты да даярдап бүтүшү күмөндүү. Бул бир гана кыргыз таануу, түркология эле эмес, жалпы алтаистика илимине кошулган салым.

(Чоюн Өмүралиев. Төрт төп эрдик / Кут билим, 2014.17.10.)

Жарыкчылыкка пендесин жаратып, Жараткан кайра өзү алат экен. 2018-жылдын 26-августунда 12 жылга созулган оорудан кийин, бүтүндөй илимдерди жуурулуштура билген окумуштуу-энциклопедист Лутфулла Жусупакматов 72 жаш курагында ааламдан өттү.

Асылбек Айтманбетов, ОшМУ доценти

Баяныбызды Сооронбай Жусуевдин жогорудагы ырынан үзүндү келтирүү менен жыйынтыктайбыз:

Кээ бир майсап сатты сенин атыңды,
Көзкөрүнөө жеди сенин акыңды.
Калк дегенде кара жанын карч урган,
Табуу кыйын сендей нагыз асылды.
2019.29.07.

 

10 Replies to “Көзү өтүп кеткен асылдын Оштогу үч кабат боз үйүнө ээлик кылган «автор» чыкты”

  1. 1995-жылы курулган. Уч этаж бооз уйдун автору менин авам Лютфилла Жусупакматов болгон. Жаткан жериниз жайлуу болсун ава. Ушундай Улуу инсандын козу откондон кийин артынан, кыйын болуп чыккандарга кудай бар.

  2. 1995-жылы курулган. Уч этаж бооз уйдун автору менин авам Лютфилла Жусупакматов болгон. Жаткан жериниз жайлуу болсун ава. Ушундай Улуу инсандын козу откондон кийин артынан, кыйын болуп чыккандарга кудай бар.

  3. Оштогу уч кабат боз уйдун жасалышына Лутфилла агайдын эмгегине бааласак болот. Ал эми бул жерде ошол мезгилде башкы режиссер болуп иштеген элибиздин таланттуу инсаны маркум Темиралы Шералиевдин биринчилерден болуп уч кабат боз уй курууну сунуш кылганын билчи элек. Лутфилла агай менен кесиптеш болгону учун агайга сунушун айткан да. Боз уйдун курулушун маркум Абдукадыров Токтосун Назаралиевич жетектеген Оштейлоо курулуш акционердик коомунун жамааты Алай куудан карагайларды алып келип жасашканы менин коз алдымда турат. Убакыт откон сайын негизги каармандар унутула берет турбайбы…

  4. Архитектуралык конструкциясын,эскизин Л.Жусупакматов агайдыкы экенин бир жыл
    чогу иштешип калганымда билдим. Агай айтар эле «мен олгондо эл эмгегимди баалап койсо» деген ыйлап айткан создору кулагымда ,коз алдымда турат.Ооруп калганына байланыштуу создорун кагазга жазып берчу. Коп эмгегтерин жарыкка чыгарууга аракет кылдым , чыгып жаткандыр барып кабар алалбай атам.Кээбирде тушумо кирип мени колдоп турат.Эл эмгегин бааласа арбагы ыраазы болот!

  5. 3 кабаттуу кыргыз уйдун эскизин тузгон Лютфилла агайдын эмгегин баалап барктайлы. Козу отсо эле жаны авторлордун ээлик кылганга акысы да жок деп ойлоймун. Тарыхта сакталып калган Агайдын эмгегине таазим этели. Жаратканым жаткан жайын бейиштен берген болсун.

  6. Афтордун жаткан жер жайлуу болсун.Бирок биоонун эмгегин жеген адам онолот беле.Ага да кудай бар.Ак ийилет бирок сынбайт.

  7. Суротчунун озу автордук укук деген кагазы бар экенби? Архитектуралык конструкциясын, эскизин Л. Жусупакматов канчалаган архитекторлор менен иштеп чыккан.

  8. Лютфилланын арбагы разы болсун! Окумуштуунун архиви кандай абалда болду экен?…

  9. 1995 жылдардагы Ош обл башкы художниги ал Боз уйдун автору башка деп журот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.