ТАМСИЛ

Илмийген карышкыр кыштакты айланчыктап  жүрүп, күлтүйгөн семиз итти жолуктурду. Бөрү ага суроо салат:

— Айтсаң, дөбөт, силер жемди кайдан аласыңар?

— Бизге адамдар беришет, — деп жооп берди Ит.

— Туура, силер кишилер үчүн оор жумушту аткарасыңар.

— Жок, биздин иш оор эмес, — деди Ит. – Биздин жумуш болгону, түнкүсүн короо кайтарыш.

— Силерди ошон үчүн эле ушинтип багышабы?- деп сурады Бөрү.-  Анда азыр силердин ишиңерге барсам окшойт. Антпесе, бизге, бөрүлөргө жан багыш, жем табыш кыйын.

— Эмне экен, бара гой, -деди Ит. – Кожоюн сени да бизге окшотуп багат.

Карышкыр  кубанып, Ит менен бирге адамдарга кызмат кылмак болду. Ал короого кирип баратып, иттин моюн териси сыйрылганын көрө койду.

Ошондо бөрү:

— Дөбөт, мойнуң эмнеден сыйрылды? – деди.

— Бул жөн эле…

— Ал эмнеси?

— Эчтеке эмес, бул каргыдан. Мен күндүзү чынжырга  байланып турам. Ошол каргы мойнумду өйкөп,  жүнүн бир аз түшүрдү.

— Анда кош бол, Дөбөт,  – деди Карышкыр. – Адамдар менен жашагым келбейт. Семиз болбосом да, ээн-эркин жүрөйүн.

Орусчадан оодарган Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.