АҢГЕМЕ

Машинаны үй астына – дарбазанын түбүнө чейин айдатып келишти. Ичинен экөө түштү да, келген унаасын дароо кетирип, ал жак-бул жакты ууруларча уурдана карап, анан короого киришти.

— Апам келди! Апам келди! – Короодо ойноп жүргөн үч жашар кызы апасын биринчи көрүп чуркап барып кучактап калды. Анан берки эки кызы чыкты. Алар да апасын ушунчалык сагынгангабы – кучактап, беттеринен өпкүлөп жатты.

— Жакшы болуп келдиңизби? – деди улуу кызы жан-алы калбай апасынын узун чачтарын колуна кармап алып, улам сылагылай. – Апей, унутупмун. Токтой туруңуз.

Чоң кызы үйгө чуркап кирип, бир чыныга мелт-калт толтура суу куюп чыкты. Анан апасынан башынан үч жолу тегеретип:

— Сиз келдиңиз, оору-сыркоо келбесин, башы-көзүңүзгө садага. Түкүрүңүз! – деди.

— Айланайын, эсиңден!.. – Апасы мындай башынан суу тегеретүүнү кыздарына өзү үйрөткөн. Балдары ойноп атып кокус жыгылып ыйлап келсе да, кийин мектепке барышканда «беш» алып сүйүнүп киришсе да, башынан суу тегеретет да, түкүртүп туруп, балдары келген жакка каратып төгүп таштап, чыныны көмкөрүп коёт. Кызы да ошондой кылды. Чыныны көмкөрүп койду да:

— Апамдын оорусу ушул суу менен чыгып кетсин! – Жайдарылана апасын дагы кучактады.

— Жакшы, жакшы. Жакшы болуп келдим… Жакшы… – деди апасы кыздарынын ортосунда эреркей…

— Болду! Апаңар эс алсын? – деди атасы кыздарынан аялын аягандай. Анан эне-балдардын эзилише учурашканын карай албай жүзүн буруп кетти.

Атанын аты – Жуманаалы, жөн гана Жуман дешет. Аялынын ысымы болсо Зыягүл, жөн эле Зыяш деп коюшат. Экөөнүн түтүн булатканына он тогуз жылдын жүзү болду. Он тогуз кыш, он тогуз жаз, он тогуз жай, он тогуз, баса, күз боло элек да, азыр жайдын акыркы күндөрү…

Доктурлар Жуманга айтты, биздин колдон келбеди, төртүнчү баскычына өтүп кетиптир, камына бергиле, бүгүнкүгө – үйгө жеткенге ийне сайып беребиз дешти.

Жуман ишенбеди. Кантип эле деди. Кантип эле он тогуз жыл бирге жашаган жубайынан бир күндө эле айрылып калат? Же бир ушул он тогуз жылда бир-аар жолу «сен-мен» айтышса, биринин көңүлүн бири калтырса кана? Кудайым бул үйдөн эркек баланын үнүн угузбаганы менен бири-биринен чырай талашкан, бири-биринен акыл талашкан, бири-биринен бой талашкан үч кыз берди. Кичүүсүнүн тили ширин кези болсо, улуусу мына быйыл мектепти бүтүп, чоң окууга өтүп келди.

— Апа, үйгө кириңиз? — Экинчи кызы апасынан маңдайына келди. – Диваныңызга төшөк салып койдум, жолдон чарчап келдиңиз, эс алыңыз.

— Ананайын, ырахмат. Сыртка эле сөрүгө жатып турайын. Жайдын аптабы да кайтып, аба жакшы болуп турат.

— Өзүңүз билиңиз. – Кызы апасынын жакандос төшөктөрүн, одеалын кайра сыртка алып чыкты.

— Ушул жер эле жакшы, кызым. Арчанын түбү… Арчабыздын түбү!..

Жуман аялын тике карай албай, ары жактан оор улутунуп алды.

Ушул арча башында экөө болчу. Үйлөнгөндөн бир ай өтпөй бири-бирине кызыгы тарай элек кезде экөө тоого барып, бир коктунун ичинен тик турган коёндой бири-биринен кооз эки балатыга көзү түшүп калып, топурагы менен омкоруп казып келишкен. «Мунусу – меники», «мунусу – сиздики» деп экөө экөөнү ээлеп, короосуна эгип, өз-өзүнчө суу куюп, бири-биринен кызгана карап жүрүштү. Зыяштын балатысы көктөп кетпеди. Кагырап куурап калды. Кайра башкасын алып келип отургузду. Анысы да болбоду. Төрт-беш жолу жазында да, кышкы чилдеде да балаты алып келип эге берди. Ар бирин «Зыяш» деп атады. Болбоду. «Зыяш» көктөбөдү. Бир күнү Жуман жулунуп, өз балатысын алып салам деп барганда аялы колундагы күрөгүн алып ыргытты. Ошентип Зыяшка аталган балаты тамыр ала албай, куурай берип, Жумандын балатысы болсо төрт-беш жыл же соолуп калбай, же ордунан көтөрүлбөй тура берди. Ошондо буларды тоодон көчүрүп келип бекер кылыппыз деп да жүрүштү.

Азыр эми Жумандын арчасы сөрүгө көлөкө берип, тоонун жытын сездирип, сергилең тарттырып, өзүнчө бир керемет. Конок-кара келсе да, үйгө кирбей, ошол арчанын астына отуруп алат. Кээде достору, аяштары атайын келет. Арча түбүндө чай ичели деп келет. Экөө болсо ушул арчанын түбүндө не бир сонун тилектерди тилеп, айдың кечтерди уйкусуз, ойноп-күлүп өткөрүштү. Дал ушул арчаны жаңы жылдык ёлка кылып жасалгалашып, кыздарына Аяз Ата, Аяз Кыз болуп беришчү.

Кыздар байкаган жок, Жуман билип эле турду: Зыяш ошол арчаны башынан төбөсүнө чейин, анан төбөсүнөн түбүнө чейин сыдырата карады да, күтүлбөгөн жерден күйөөсүнө шарт бурулуп:

— Арчаңызды жакшы караңыз, — деди. Анан өзүнчө ичинен бир кыжаалат ойлорго жетеленип кетти: «Ушул арчаларга берген жашты кудайым неге адамдарга ыраа көрбөйт», «Эми бул арчанын көлөкөсүндө ким отурат», «Мындан он тогуз жыл мурда неге өзүнүн арчасы көктөбөй калды эле?»

— Экөөбүз карайбыз!.. Мурдагыдай эле!.. – Жуман жубайына жакын келип ушул сөздү айтканы менен анысы оозунан араң чыккансыды, жасалма үн менен айтып аткансыды. Андай деле эместир. Өзүнө ошондой сезилди. Өзүнө өзү калп айтып алдаганга окшоду.

— Жуман, бери кара?! – Эшиктин дарчасынан шыкаалай баш баккан айыл башчысынын караанын көргөндө кыздар сөрүгө дасторкон жайып, апасына кордо, атасына суюк аш, чай алып келип калган.

Жуман ордунан козголуп, дарбазадан чыкты.

– Жуман, малды карап келдим, — деди айыл башчы шыбырай.

— Кайсыл мал? Эмне мал? — деди Жуман өзүнө келе албай.

— Малчы?! Мал?! Кара ашына!

Жумандын эси эңгиреди. Айыл башчы сөзүн божурап узак айтып атты. Ага барганын, буга барганын саймедиреди. Ылайыктуу мал табылбаганын, акыры тегирмен жактагы Мырза өткөн базарда кыркка сата албай келген кунажынын кырк беш деп туруп алганын, пулун Жумандан өзүм алып беремин деп малды дайындап келгенин, семиз экенин, ич майы жакшы чыгарын, терисин да кытайларга бир мынчага өткөрүп ийерин түшүндүрүп атканда Жуман көзүн жашылдантып, эч нерсе деп айта албай кеп-сөзсүз тунжурады.

Үйгө кирди. Аялы бир чыны кордосун да аягына чейин түгөтө албай турган экен.

— Ич! Ичип кой! – деди Жуман аялына кесесин көрсөтүп.

— Өтпөй атат! Эч нерсе өтпөй атат! – Ал оор-оор онтоп алды. Дарысынан ичти.

Ортону бейиттин бейпилдиги аралады.

— Кыздар чоңоюп калыптыр… – Бир аздан кийин Зыяш кыздары үйгө кирип кеткен соң күйөөсүнө карады. – Кордону жакшы жасашыптыр. Сиз башканы албасаңыз деле кыздарыңыз сизди карай бергидей…

— Койчу, эмнени айтасың? Оозуңа келгенди оттобочу?

— Эми айтпаганда эмне калды?.. – Экөө тең унчукпай бир кыйла турушту, сөздү кайра аялы улады. – Сизге эле кыйын. Мага көнүп калгансыз… Адамдар урушуп-талашып, бири-биринин көңүлүн калтырып эле жашаш керек экен, өзү… Эмнеге сиз мени бир жолу да же урушуп, же урбадыңыз экен… Ошондой кылганыңызда балким мага жеңил болот беле дейм да…

Кайра экөөнүн ортосун жүрөктү эзген өлүү жымжырттык басты. «Бул кимди алат» деди Зыяш башын жерден көтөрө албай үңкүйүп турган күйөөсүнөн көзүн үзбөй. Ооруканада ойлоп жүргөндөй эле айылдагы күйөөдөн чыккан келиндерди бир-бирден көз алдынан өткөрдү. Аны болбойт деди. Муну да болбойт деди. Акыры Жуманга ылайыктуусун таппады. Аял албай эле жашай бербейби деди. Орто жаштагы эркек аял албай кантип жашайт деди кайра өзүнө өзү каршы чыгып. Шуулдаган кайын эжелери бирөөнү таап келет да. Анан ал Зыяштын төрүн ээлеп, кыздарын өгөйлөп, төшөгүнө оонап…

Зыяш капысынан эле оор үшкүрүп ийгенде Жуман чочуп кетти.

— Эмне болду? – Зайыбына тигилип туруп калды.

— Эч нерсе дале… – Зыяш дагы терс бурулуп кетти.

Кыздардын бири мал карап, бири кечки тамактын камын көрүп, көкүрөк күчүгү болсо көрүнбөй кетип, апасы менен атасынын азыркы абалы менен иши жок. Бала да. Балдар да…

Күн чарчаганбы – тептегерек, кыпкызыл табактай болуп, алоосун чачыратып атты. Анын ошол чачыраган нурларды сөрү түбүндөгү шактары жайылып, коолаган тоо арчага тийип, ошол арчанын бутактарынын арасынан жулунуп өтүп, сөрүдө жаткан Зыяшты алтынга бөлөп турду. Анын учкул ойлору жумуру башынан түрмөктөлүп чыгып, ошол күн нуруна аралашып кетип атты: «Күн кызарып батып атат, эртең кудай буйруса аба ачык болот экен… Күндүн ачыгы жакшы… Батар Күндүн чыгары болсо кана аттиң… Батар Күн менен кошо батсаң, күнүң бүтүптүр дейт…»

Жумандын телефону чырылдап калды. Шарт кулагына такады. «Сыртка чыксаң» деди бир тааныш үн. Чыкты. Чакса, аталаш тууганы – Жээнбай.

— Боз үй алып келиш керек! – деди Жээнбай шашкалактап.

— Неге?

— Неге экенин билбейсиңби? Этияты-шарт. Даяр туруш керек. Быйыл жайында айылда өлүм болбоду да. Ортолуктун боз үйүн Ороз жайлоого алып кеткен. Тигип алыптыр. – Ороз дегенде Жуман бири-биринен өтүп жөжүрөгөн алты баласы бар тууганын эстеди. Эми анын ошол балдарынын үстүнөн боз үйдү сыйрып келишеби? Алар кантет?

— Туруп турбайт белеңер! Мынча шашып!.. – Ушинтип айтып алып айласы түгөнгөн адамдай жер карады.

— Турганда эмне?! Келе, бензинге акча бер?!

Жуман чөнтөгүнө колун салып, акыркы миң сомун Жээнбайга карматты…

Акырын жүрүш менен сыр алдырбайын деп сөрүгө келсе Зияш асманды карап жалдырап жатыптыр, же уктап атканы, же ойгоо экени билинбейт.

— Ким… ал?.. Даярданып атышабы?.. – Аялдын үнү үзүлүп-үзүлүп чыкты. – Сизге да кыйын болду… Атадан… жалгызсыз… Уулдарыңыз да… жок… Мен болсо… сизге бир эркек төрөп бергенге да жарабадым…

— Койчу! – Ушундай деген менен Жумандын ичи, бүт денеси өрттөнүп кетип аткандай, ошол от ичинен үшкүрүктүү жел болуп оозунан, суюк жаш болуп көзүнөн чыгып аткандай.

— Адам деген ушул турбайбы. Өткөн өмүрүң бир жомок экен, жашадыңбы, жашабадыңбы – бир туңгуюк, бир мунарык экен. Бул дүйнөгө эмнеге келдиң да, эмнеге кеттиң?.. – Ушинтти да көпкө дымып калды. Анан капыс эле сөзүн улады. — Мүрзөнү каерден казып атышат?

— Эмне мүрзө? Жөн жатчы?! Ар нерсени ойлой бербечи? Бир жылы, билесиңби, Алмаш апа каза болду деп малын саздап, жайын казып койгондо, Корголдоев деген фельдшер келип, эски СССРден бери катып жүргөн бир дарысын тамырга сайды эле, өлбөй калып, «отставить» деп баарын күлдүргөнүн, «отундарды мурда эле ушинтип жарып койсоңор болот экен го» деп баласын урушканын.

— Алмаш апаныкы башкача болчу… Меники башка…

Чын эле Зыяштыкы башка. Башка экенин экөө эле эмес, кыздарынан башка бүт айыл билет. Бул айыл ушундай – билдирбейин десең да билип алат. Колу-коңшулардын үйүндө отундар жарылып, самоорлор алып келинип бардык даярдыктар шайма-шай. Кала берсе, молдого ким барат, сөөккө жапчу килемди ким алып келет, кепинди ким даярдайт, кайсыл туугандарды жаназага ким чакырат, кимдерди кимдер кимдин үйүнө киргизет, этти ким бышырат, боорсок кимдин мойнунда дегендей кызматтар бүт бөлүнүп, кошокчулар ылганып, жай казгандар даяр турат.

— Акырында Белек аба өлбөдү беле? — деди чочугансып бир убак Зыяш күйөөсүнө жаңылбадымбы дегендей тигилип.

— Эсимде жок! Аны эмне эстеп атасың?

— Кантип эстебейин? «Гөрүңдө да кошунаң жакшы болсун» дешет ко.

— Эмне эле болуп атасың?

— Ошондо, Белек аба өлгөндө, жаз жаңы келип аткан, алашарбыт болчу. Ылай тебелеп, баткак басып кызмат кылган элек. Мен да. Анда жакшы эле экенмин да, ээ, кыздардын атасы?..

— Азыр дале жакшысың?

— Жакшы болбой калдым… Жарым жылга жетпей Белек абага кошуна болот экемин… Жакшы киши эле… Жашоо ушундай турбайбы?.. Дагы бирөө мага кошуна болуп барат… Бирок ал ким?.. Эч ким билбейт?.. Мен Белек абанын зыйнатында буту-бутума тийбей кызмат кылгандай, эртең ал да мага кызмат кылар?.. Кызмат кылбай эле койсо эмне?.. Биздин жаныбызга барбай эле койсо эмне?..

— Эмнелерди айтып атасың?

— Мен ал жактык болуп калдым, кыздардын атасы. Жанымда туруңуз. Үйгө кирбейли. Ушул сөрүдөн – жалгыз арчанан түбүнөн узатың, мен белги бергенде аялдарды чакырың, алар күтүп эле турат. Төркү үйдө үч сандыкты билесиз, ачкычтары кемсилимдин коюн чөнтөгүндө, кыздар ачсын – ар биринин атын үстү жагына жазып койгом. Менден эстелик болсун… Апаларын эстеп жүрсүн… Оозгу үйдө эки кызыл түйүн бар, биринин үстүнө бири жыйылган – алар менин өлүм зыйнатыма, жуугандар алат, байбичелер алат, туугандар алат – ыраазы болушсун.

— Койчу… Койчу… – Жуман аялынын колун кырмап ыйлап жиберди. Колдору муздак экен. Кандай ысык колдор эле. Жаңы баш кошкондо экөө ушул атасынан калган сөрүдө жатышчу. Асманды карап жатышар эле. Анда жылдыздар ушунчалык көп болор эле. «Жылдыз учканды карабайлы, бир адам өлгөндө бир жылдыз учат» дешчү. «Жылдыздарды санабайлы, жылдыз санаган жаман болот» дешчү. «Менин жылдызым» дечү Жуман жаш колуктусун эркелетип. «Менин Күнүм» дечү жубайы жарына эреркеп.

Биринен бири чырайлуу кыздары кечки тамакты алып келип, чокко бышкан дүмбүл жеп, үй-бүлө бир дасторкондун үстүнө чогуу отурушту. Кичине кызын гана бүгүнчө биздикинде болсун деп тагасы алып кетиптир. Муну укканда апасы кызык боло түштү. Инисинин кыздары жок – болгону эки эркек. Аялы төрөбөй калды. Аа, кызын алып кеткен экен – биротоло алып кеткен экен…

Кыздар апасына жетине албай сүйүнүп, бүт жаңылыктарын айтып бир убакка чейин бирге болду. Зыяш тамак жеп жаткандай болгону менен ушунчалык жакшы көрүп, мака дүмбүлдөн бир данды гана оозуна салып, бирок аны чайнап жута албай койду. Оозунда тура берди. Алып койгондо кыздар байкап калбасын деди. Анан да шишик баскан буттарын, жоон сандарын, курсактарын кыздар көрбөсө экен деп улам кумтулана берди. Окшуган сайын анысын билдирбей дасоромолу менен оозун баса калат.

Экинчи кызы апасынын бутун жууп берчү. Дагарасын алып келип, апасы жуурканын алсыз колдору менен тартканга карабай көтөрө койду. Кыздын колунан суусу ыргып кете тургандай чочуп кетти. Апасынын буттары, ар дайым ушунчалык жумшак, ушунчалык жагымдуу болуп турчу буттары тулуптай шишип кетиптир. Ошол шишик ичине, көкүрөгүнө жетип калган эле. Апасы ал жактарды кызынан жашырып калды. Кызы болсо апасынын шишик баскан бутуна таң кала, корккондой алаңдап, бирок мурдагыдай эле назик сылагылап, салааларынын ортолуктарынан бери жакшылып самын аралашкан жылуу суу менен жууп берди, төөнүн дакы жүнүнөн жасалган чачык менен аарчып атканда апасы ичи элжиреп, «айнанайыным, багың менен өмүрүңдү, өмүрүң менен багыңды кошо берсин» деп дуба кылды.

— Силер эми үйгө кирип орду-ордуңарга жата бергиле, атаң экөөбүзгө сөрүгө арча түбүнө эле жай салып койгула, — деди апасы дасторконго бата кылгандан кийин кыздарына секин сүйлөп. Анан ушунчалык кыйналуу менен, өзүн мажбурлап улуу кызына кайрылды: — Мага пар балыштан кабаттап калыңдап койчу, кызым.

Экөө калың жууркан үстүнөн караңгы түндү жамынды. Тоо жактан бир жумага жетпей келип калчу күздүн ичиркенткен салкын жели сого баштаптыр, желаргы Зыяш менен Жуман жаткан сөрүнү сыйпалап өтүп атты. Зыяш бирде ысытмалап, тебинип, үстүн ачса, бирде кайра чыйрыккандай титирей кумтуланат.

Бир убакта Ай чыкты. Тез эле көтөрүлүп, ууз нуру менен бул экөөнү ушул арчанын түбүндө канча жолу эркелеткендей эркелетип кирди…

Сөрүнүн тегерек-четинен Зыяш не бир түйшүк менен күн сайын жети жолудан карап бапестеп өстүргөн кооз, түмөн түстүү гүлдөрдүн аңкыган жыты менен арчанын буруксуганы тоо абасына аралашып бу дүйнөнүн не бир ырахатын экөөнө тартуулап жатканы менен экөө тең уктай албай өз-өзүнчө ойго батат.

Зыяш: «Кандай аялдар ооруп калганда күйөөсүнө башка аял алып берет, а түгүл өзү таап берет, мен андай кыла албайт элем…», «Жуман аял албай, үйлөнбөй эле жашаса экен…», «Ал күндө эки жолудан – саар-кеч менин мүрзөмө барып, өзүнүн, кыздарынын кабарларын, айылдын жаңылыктарын айтып турса экен…»

Жуман: «Бүгүн ооруканадагыдай онтобой калды, жакшы болуп атабы, же үйгө келгендин демиби?», «Адам өлөрдө бир түзөлүп алат дейт, түзөлүп атабы?», «Ушинтип эле Зыяштан ажырап каламбы?», «Зыяшсыз кантип жашайм, не күндө калам?», «Мен да анын артынан жанымды кыйсамбы, анда кыздарымдын тагдыры не болот?»

Ай чексизден чексиз асманда беймарал киринип жүрүп, бир убак чачылган үзүк булуттарды аралап кирип кетти. Экөөнүн үстүн караңгылык каптады…

Зыяштын ич көйнөгү сыгып алма терге чыланды… Дени күйүп, кан тамырларында от ойноп, күрөө тамыры жарылып кете тургандай лукулдады…

Жумандын көзү жумулуп кетиптир. Бир убак дарбаза акырын ачылып, бирөө киргендей болду, анан ал сөрүнүн жанына келди, «Сен кимсиң» деди Жуман чочуп кетип. «Мени тааныбайсыңбы, мен жан алгычмын, жан алганы келдим» деди ал абдан муңайым, сүйкүмдүү үнү менен. Анан кайра эшикти акырын ачып чыгып кеткендей болду.

Жумандын көзү пар ачылды. Ордунан ыргып турду. Зыяштын башын көтөрүп, бир чыны суу сунду. Суудан бир ууртады. Анан кайра эле башын шалак таштады….

Бир аздан кийин булардан уялгансып булуттарга бекинип алган сулуу Ай кайрадан асман жайыгына чыкты. Арча түбүндөгү айдың кечте Жуман да, Зыяш да көктү карап турушту. Жылдыздар бүгүн өзгөчө көптөй сезилди. Алар ушунчалык көзгө сүйкүм жаркырап атыптыр. Так төбөдө Сары жылдыз балбылдап күйүп туруптур…

…Бир аздан соң асмандан бир жылдыз учту…

2019-жыл, июль

2 Replies to “Абдыкерим Муратов: Арча түбүндөгү айдың кеч”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.