“РухЭш” сайты түптөлгөн күндөн бери жүгүбүздү көтөрүшүп, көркөм адабиятыбыздын салттуу жолун улоого туруктуу кол кабыш кылышып келаткан калемдешибиз, таланттуу акын жана котормочу Назгүл Осмонова Габриэль Гарсиа Маркестин “Менин муң-зарлаш шуркуяларым” аттуу повесттин биротоло колдон чыгарып, жарыялоого бергендегиси. Буга дейре аталган повесттин үзүндүлөрүн жарыялап келсек, эми толук түрүндөгүсү жарыяланмакчы.

Арийне, дүйнө адабиятын кыргыз тилдүү окурмандарыбызга жайылтуу жагынан Назгүл Осмонованын котормочулук өнөрү уламдан-улам өсүү жолунда бараткандыгы кубандырат. Аны ушул эмгекке көз жүгүрткөн зирек окурмандарыбыз өз баасын берип туят. Чыгармачылыктын изденүү жолуна түшкөн калемгер гана дүйнө адабиятынын өрнөктүү тажырыйбаларын өзүнө сиңирип алуу жолун тандаганы ушул. Котормо өнөрү бул да өзүнчө адабий мектеп, чыгармачылык лаборатория.

Дүйнө адабиятынын дөө-шаа калемгерлерин кыргыз кыртышына мүнөздүү деңгээлде которуп жеткирүү ийгилигине ар бир котормочу эле жете бербейт. Бул маселеге келгенде Н.Осмонова бекер жерден билегин түрүнбөптүр. Чү дегенде эле көркөм текст куруу чеберчилиги жүрүшү шыдыр жоргодой кетет. Адатта, тили чоркок да, келегей котормочунун эмгеги колго урунган учурда чобур аттын үстүндө жан кыйналгандай болосуң. Ал эми шыдыр окулган текст кудум эле жүрүшү жакшы жоргодой ыракатка батырат.

Назгүлгө биздин кааларыбыз: мындан аркы чыгармачылык сапарыңда да ушул жүрүшүңдөн жазба, ташыркаба, талыкпа! Чыгармачылыктагы мээнетиңдин дөөлөтү буюрсун…

Олжобай ШАКИР

P.S. Котормочудан кыстарар кеп

Улуу сөздүн устаты, алп жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин эң акыркы чыгармасы тууралуу адабият айдыңында али көп сөз боло элек. Балким, айтылар сөздөр алдыда болсо керек. Нобель сыйлыгынын лауераты, дүйнөгө магиялык реализм багытындагы улуу чыгармаларды берген жазуучунун “Жалгыздыктын жүз жылы”, “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Патриархтын күзү” сыяктуу шедеврлери менен аздыр-көптүр адабиятты түшүнөм дегендер тааныш чыгар. Маркестин бул повести 2004-жылы испан тилинде басылып чыгат. Китеп жазуучунун 20 жылга созулган тыныгуусунан кийинки жазылган алгачкы (1985-жылдан баштап ал эскерүүлөр китебин гана жазып калган) чыгармасы эле.

Повесть дүйнөнүн көп тилдерине которулган. Орус тилиндеги котормосу (Людмила Синянская) 2005-жылы “Онлайн” басмаканасында басылып чыгат. Бул котормодо алешемдиктер көптүгүн айтып чыккандар да болушту. Асыресе, китептин аталышы көп талаш жараткан. Эмгегин мындай атоо менен Маркес балким, окурманды өзүнө тарткысы келген чыгар, бирок повестти кызыл сызык менен аралап өткөн өзөктүү ой – анда кездешкен денесин сатып күн көргөн аялдар тууралуу эмес, андагы ой – алда канча терең, алда канча гумандуу жана алда канча асыл… Повесть адамга бир берилген жашоону адамча жашап өтүү, жаштыкты маңыздуу, мазмундуу пайдалануу, сүйүү, чыныгы сүйүү эмнелигин аңдоо жана сүйүүгө сөзсүз кезигүү жөнүндө.

Ичээр суусу түгөнөргө аз калган улгайган адам эмне кылуусу керек? Жаштыкка ашык болушу керек. Маркес эч качан окурманын аяган эмес, бул сапар ал таптакыр эле “ырайымсыз”. Мындагы сүйүү баяны укмуштуудай, адам ишенгис, таң каларлык, ал сүйүүнү кабыл алуу жөнөкөй адамга өтө кыйын, атүгүл, мүмкүн эмес.

Габриэль Гарсиа Маркес

Эгерде башка жашоонун чындыгын, анын ыпластыгы менен тазалыгын билүүгө даяр эмес болсоңуз, анда бул китепти окубаңыз. Бул повестти качан гана өзүңүз менен өзүңүз жалгыз калганда окуңуз, бул китеп сиз жалгыз болгондо укмуштуудай кереметтүү, жаныңызда кимдир-бирөө болгондо коркутуп эсти чыгарарлык.

Дээрлик алты жылга созулган которуу процессинде Маркестин океандай терең, океандай албуут ааламына далай баш багып, нечен жолу генийдин калеминен жаралган бул эмгегин которо албачудай, которуп бүтүүгө күн түгүл, ай түгүл, бүт өмүрүм жетпечүдөй далай эңшерилдим, эсеңгиредим…

Кабыл алуу, коюу сенин эркиңде, окурман. Бир карасаң, өтө татаал, атүгүл, кунарсыздай, бир карасаң, космостук ойлор катылган повесттин мазмунуна баш катыр, андагы баш каармандын жашоосун жан элегиңден өткөр, түйшөл, түшүн…

Айтарым — китеп сүйүү жөнүндө. Бүт өмүрүн аялдар менен болгон жеңил-желпи байланыштарга коротуп, а бирок жан дүйнөсү солк этпестен бул дүйнөдөн өтүп бараткан адамдын сүйүүсү жөнүндө. Жашоосунун акыркы күндөрүндө ага келген сүйүү – ажайып жана кайгылуу, ал анын жашоосун маани-маңызга толтурат, кадимки эле жөнөкөй нерселердин керемет жактарын ачып көрсөтөт жана кесибинин муздак аспабына айланган өлүү денесине жылуу илеби менен жан киргизет.

Ошондой эле бул китеп карылык жөнүндө. Дал ошол каалоолор күчүндө, бирок күч түгөнүп бараткан кез тууралуу. Бул маалда адамга акыркы акылмандык, жашоонун эң сонун жаркыраган жактарын, өмүрдүн ташбоордугун, кайрылып келгис күлүктүгүн жашырып-жаппай, ачык, кандай болсо ошондой, алдамчы кыялдарсыз көрө билүү жөндөмдүүлүгү келет.

Назгүл ОСМОНОВА

ПОВЕСТЬ

— Ал мындай жаман адаттан алыс болушу керек болчу, — деди аял короолош жашаган кары кишиге. — Уктап жаткан аялдын оозуна колун салбаш керек жана ушуга окшогон нерселерди кылбаш керек.
Ясунари Кавабата, “Уйкудагы сулуулардын үйү”

Токсон жашка толгон күнү өзүмө өзүм белек кылууну чечтим, ушул күнү жаш өспүрүм кыз менен махабаттын лаззаттуу түнүн өткөрөм. Эсиме жашыруун жолугушуулар үйүнүн ээси Роса Кабаркас түштү, ал дайым колуна “жаңы”, бузула элек кыз келип түшөрү менен бул жөнүндө боорукер эски кардарларына билдире турган. Мен анын бул адепсиз сунуштарына азгырылчу эмесмин, ал болсо менин жашоо эрежелеримдин тазалыгына ишенчү эмес. “Адеп – бул болгону убактылуу иш, — дечү ал заар жылмайып, — мезгили келгенде буга өзүң ынанасың”. Роса менден жашыраак эле жана ал жөнүндө көп жылдардан бери кабар уга элек болчумун, андыктан ал өлүп калган болушу деле мүмкүн. Бирок телефон түтүгүнөн угулган Росанын үнүн ошол замат эле тааный койдум жана эч кандай алдын алып сүйлөп олтурбай мындай дедим:

— Бүгүн сага “ооба” деп жооп берем.

Роса үшкүрүндү: — Эх, менин кайгылуу акылманым, жыйырма жылга жоголуп кетесиң да, мүмкүн эмес нерсени суроо үчүн гана кайрылып келесиң. Бирок кайра кызматы эсине түштү көрүнөт, мага өзү эң сулуу деп эсептеген бийкечтеринин бир нечесин сунуш кылды, бирок алардын баары мурда пайдаланылгандар эле. Мен өзүмдүкүн бербедим, бул сөзсүз аруу кыз болушу керек жана дал бүгүнкү түнү табылууга тийиш. — А сен эмнени сезгиң келип жатат? – Роса менден чочулап сурады. – Эчтекени, — дедим мен, дал оорулуу жериме тийген анын бул суроосуна, — эмнени жасап, эмнени жасай албасымды өзүм жакшы билемин. Ал кебелбестен туруп, акылмандар баарын билем деп ойлоорун, бирок баарын билбестигин эскертти: — Жер жүзүндө калган жалгыз Бийкечтер — бул август айында ушул белгинин астында төрөлгөндөр. Эмнеге мага эртерээк кабар бербедиң? — Эргүү айттырып келбейт, — дедим мен. — Бирок күтүп тура алат да. Роса дайым бардык ишти ар кандай эркектен жакшы түшүнчү. Ал жок дегенде эки күн берүүнү суранды. Мен ага жок, болбойт деп, менин жашымда бир күн бир жылга татырлыгын олуттуу үн менен эскерттим. — Болбосо болбойт, — деди ал олку-солкулуксуз, — бирок эчтеке эмес, атүгүл кызыктуу да болуп баратат шайтан алгыр, мен сага бир сааттан кийин коңгуроо кыламын.

Мен муну айтпасам деле болмок, себеби баары ансыз деле айдан ачык, мен көрксүз, тартынчаак жана кары кишимин. Бирок мындай болууну каалабастан, баары теңирден тескери деген түр көрсөттүм. Бүгүнкү таңдан баштап чындап эле кандай экенимди аныктап алууну чечтим. Муну Роса Кабаркаска болгон демейдегидей эмес коңгуроодон баштадым. Анткени бул мен азыр гана түшүнгөндөй, жаңы жашоонун башталышы эле. Адатта бул жашта, көпчүлүгү эбак жер жазданып калышат эмеспи.

*     *     *

Мен  өмүр бою Сан Николас сейил багынын түштүк тарабындагы кооз ак сарай сыяктуу салынган үйдө аялсыз жана байлыксыз жашап келдим, бул жерде ата-энем жашап жана көз жумушту, мен да ушул жерде, өзүм төрөлгөн керебетте жалгыздыкта, шашылбай жана ооруну сезбестен акыркы демимди алууну каалачумун. Менин атам бул үйдү он тогузунчу кылымдын аягында арзандатып сатуудан пайдаланып сатып алган экен, төмөнкү кабатты италиялыктарга берип, ал эми экинчи кабатты алардын кызы, Моцарттын чыгармаларын чебердик менен аткарган, көп тил билген бийкеч Флорина де Диос Каргамонтос менен бактылуу жашоо кечирүү үчүн өзүнө энчилептир. Бул аял эң сулуу жана эч кимде жок касиетке ээ аял эле. Ал менин апам болучу.

Гипстен жасалган түркүктөрү бар, тактайлары шахмат чиймелери салынган флорентия оюулары[1]менен кооздолгон бул кенен жана жарык үйдүн айнектелген төрт эшиги үйдү тегерете курчап турган балконго чыга турган, апам март айынын кечтеринде ал балконго италиялык бөлөлөрү менен махабат арияларын ырдоо үчүн чыгыша турган. Балкондон Сан Николас сейил багы, Христофор Колумбдун чиркөөсү жана айкели көрүнчү, андан арыраак жээк бойлой шарап сакталчу жер төлөлөр, алардын артында улуу Магдалена дарыясынын чалкып жаткан аймагы бар. Бул үйдөгү жалгыз ыңгайсыздык — кечке дейре ар бир бөлмөгө баш багып чыгуучу күн эле, андан качып, түшкү дем алышта кайнап ысыган караңгылатылган бөлмөдө азыраак болсо да уктап алганга аракет кылып, бардык терезелерге парда тартып чыгууга туура келет. Отуз эки жашымда жалгыз калып ата-энем уктоочу бөлмөгө көчтүм да китепканага кирүүчү эшикти ачып менин жашоомо керексиз нерселердин баарын сата баштадым, көрсө пианола менен китептерден башкасынын баары керексиз экен.

Кырк жыл бою мен “Диарио де‑ла‑Пас” гезитинде жергиликтүү калкка дүйнөлүк жаңылыктарды жеткирип жүрдүм. Бүгүн ошол кесибим үчүн берилчү пенсияны алып, өлбөстүн күнүн кечирип келем; латын жана испан грамматикасын үйрөткөнүм үчүн кошумча бир аз каражат төлөшөт, жарым кылымдан ашуун  жазып келаткан жекшемби күнкү музыка жана театр боюнча жазган кабарларым үчүн да бир аз тыйын-тыпыр аламын. Мен эч качан жазгандан башка иш менен алек болбодум, бирок менде буга өзгөчө жөндөмдүүлүк же шык деле жок, драматургиялык композициянын мыйзамдарын дээрлик билбеймин, бул ишке киришип алганымдын себеби, турмушумда окуп чыккан көптөгөн китептердин таасиринен улам өз күчүмө ишенгендигим болду. Орой айтканда, мен – тукумдун мыкты касиеттеринен куржалак калган бир байкушмун, эгерде менин ушул эскерүүдө айтылчу улуу махабатым болбосо, артымда калган муунга калтырар эчтекем да болмок эмес.

Өзүмдүн туулган күнүм тууралуу дайымкыдай эле эртең мененки саат беште эстедим. Бүгүнкү жасар жалгыз жумушум, “Диарио де‑ла‑Пастын” жекшемби күнкү саны үчүн жазылчу макалам. Өзүмдү бактысыз сезишим үчүн сөөктөрүмдүн зыркырап ооруганы, арткы тешигимдин ачышканы, үч айга созулган кургакчылыктан кийинки күндүн күркүрөгөнү жетиштүү эле. Мен кофе даяр болгуча жуундум, андан кийин аарынын балы кошулган таттууланган кофе ичип, маниоки унунан жасалган эки токоч жедим да жибек костюмумду кийдим.

Макаланын темасы, албетте, менин токсон жылдыгым эле. Мен эч качан жаш курагым тууралуу канчасы агып канча жашоо калганын көрсөтүп турган тешилген чатыр сыяктуу ойлонгон эмесмин.

Бала чагымда адам өлүп баратканда жанында турган жакындарын уят кылып, чачтарындагы биттери жаздыкка чуркап чыгары жөнүндө уккамын. Бул мени катуу таңдандыргандыктан мектепке барарда чачымды устара менен кырдырып салдым, андан калган түктөрдү иттерди жуундурган ачуу самын менен жышып жуучумун. Башкача айтканда, мендеги уяттан коркуу сезимдери бала чактан өлүм жөнүндөгү түшүнүктөргө караганда жакшы өнүккөн.

Бир нече айлардан бери мааракелик макалам өткөн жылдар үчүн кайгыруу эмес, тескерисинче, карылыкты даңктоо болот деп ойлоп жүргөм. Өзүмдү канчадан бери кары сезип жүргөнүмдү ойлоно баштаганымда, кечээ жакынкы эле күндөрдөн бери экен. Далым ооруп, дем алууга кыйын болгонунан дарыгерге барганымда кырк эки жашта элем. Дарыгер болсо буга маани берген жок: “Бул сиздин жашыңыз үчүн нормалдуу көрүнүш”, — деген жыйынтык чыгарды ал. – “Мындай болгондо, — деп ага каяша айттым, — менин курагым нормалдуу эмес”. Дарыгер мени аягандай жылмайып койду. “Философ экениңизди көрүп турам”, — деди ал. Ошондон тартып, күн кур эмес күнү жаңы ооруну сезүү менен таңым ата баштадым, жылдар болсо өтүп жатты. Кээде өлүм эшик каккылап жаткандай сезилип, бирок эртеси эле куландан соо болуп каласың. Дал ошол кездери ким бирөө мындай деп калды, карылыктын биринчи белгиси, адам өзүнүн атасына окшошо баштайт. Андай болсо мен түбөлүк жаш болууга буйрулганмын го деп ойлочумун ал кездери, себеби аттыкындай болгон сүйрү жаагым атамдыкына да, Рим императоруна окшогон апамдыкына да окшобойт. Мунун себеби, адам өзүндөгү биринчи өзгөрүүлөрдү адегенде эч байкабайт, ал өзүн көпкө дейре ичинен көрүп жүрө берет, ал эми башкалар андагы бул өзгөрүүлөрдү биринчи болуп байкашат.

Бешинчи он жылдыкта эс-тутумум жайында болбой баратканын байкап, карылык келгенин түшүнө баштадым. Көзүмдө илинип турган көз айнекти издеп, үй ичин үч көтөрчү же көз айнегимди байкабастан душ кабыл алчу болдум. Бир жолу мен буга чейин түштөнгөнүмдү унутуп калып, экинчи ирет түштөнүпмүн жана бир жума мурун айткандарымды досторума кайталаганда алардын тынчсыздануусун байкадым.

Кумарлануу жаатындагы карылык анчалык тынчсыздандырбады, себеби, менин мүмкүнчүлүктөрүм жалгыз эле менден эмес, аялдардан да көз каранды эле, алар качан жана кантип каалаганды билишет. Бүгүн мага сексендеги жаш балдардын  токсонго барганда мындан бешбетер болорун билбестен бул маселе боюнча дарыгерге чуркап баргандары күлкүлүү, токсонго чыкканда мунун баары маанисиз болуп калат, ал сенин али тирүү экендигиң үчүн төлөм. Турмуштун салтанаты мына мында, карылардын эс-акылы керексиз нерселерди эске сактабайт. Цицерон муну бир эле сөз менен айтып койгон: “Байлыгын кайда катканын унутуп койгон бир да чалды көрбөдүм”.

Мына ушундай эскерүүлөр менен кол жазмамды аяктаганымда август күнү сейил багындагы бадам дарактарына нурун чачып, кургакчылыктан улам бир жумага кармалган почто кемеси ачуу үн менен кыйкырып, порттогу каналга келип токтоду. Айласыздан, мынакей, менин токсон жашым сүзүп келди деп ойлондум. Эмнеликтен экендигин эч качан билбесем керек, бирок жанымды алсыратып бараткан эскерүүлөргө огожо болор амал издедимби, айтор мааракемдин урматына буркан-шаркан түшкөн түн уюштуруп берүүсүн суранып, Роса Кабаркаска коңгуроо кылдым. Мен көп жылдардан бери денем менен мунасада, классикалык музыкаларды угуп жана сүйүктүү латын жазуучуларынын китептерин окуп жашап келгемин, бирок ошол күнү менде бир башкача сезимдерди эңсөө пайда болгондугунан, муну Кудайдын белгиси деп түшүндүм. Телефондогу сүйлөшүүдөн кийин жазууга да колум барбады. Асма төшөгүмдү китепкананын күн тийбеген жерине илип коюп, ага жата кеттим, ал эми көкүрөгүмдү жан кыйнаган күтүү кыса баштады.

Мен ар тараптуу таланты бар, элүү жашында кагынма оорусунан каза тапкан эненин эрке баласы элем, атам болсо абдан чынчыл адам болгон жана согушка чекит койгон Неерланд келишимине кол коюлган күнү өзүнүн жесирдик төшөгүндө каза тапкан. Өмүрүмдө бир да аял менен бекер жатып көргөн эмесмин, кандай аял болбосун, мейли ал сойку болбогон күндө да, акчаны сөзсүз алууга мажбур кылчумун. Жыйырма баш жашымдан баштап, күндөлүккө өзүм мамиле түзгөн ар бир аялдын атын, жашын, жолугушкан жерибизди жана ал аялдар тууралуу кыскача маалыматты сөзсүз жазып жүрдүм. Элүү жашка караганымда тизмемде беш жүз он төрт аялдын аты-жөнү жазылыптыр. Алардын кээси менен бир гана жолу жолукканым да ырас. Андан кийин жазууну токтоттум, себеби, чарчап калчу болдум. Өзүмдүн адеп ченемдерим бар эле. Эч качан көпчүлүк катышкан же эл көзүндөгү кошулушууга катышпадым, жеке жашоомдун сырларын эч ким менен бөлүшпөдүм жана жаштайымдан адамдын ар бир окуясы жазасыз калбашын билчүмүн.

Жашоомдогу жалгыз таңгаларлык байланыш туруктуу Дамиана менен болду. Ал тамырында индия каны бар, ден соолугу бекем жана жапайы чалыш кыз эле. Ал жазып жатканымда мага тоскоол болбос үчүн үй ичинде жылаңайлак басып жүрчү. Эсимде, кире бериш бөлмөгө илинген асма керебетте китеп окуп жатканмын, кокусунан көзүмө эңкейип алып кир жууп жаткан Дамиананын жылаңач балтырлары чалдыкты. Каным кайнай түшүп, керебеттен ыргып түшүп ага жетип барып, артынан эле шалбарын тизесине чейин шыпырып жиберип, артынан көзөп жибердим. “Ай, сеньор, — кыз аянычтуу үн менен шыбырады, — бул жак кирүү үчүн эмес, чыгуу үчүн”. Кыздын денесин калтырак басып турса да, чыдап берди. Аны кордогонум үчүн өзүмдү жаман сезип, адаттагыдан эки эсе ашыкча төлөп бермей болдум, бирок ал буга макул болбоду, андыктан айлык маянасын көбөйтүп, ага кошумча айына бир жолу ал кир жууп жатканда артынан пайдаланып турмай болдум.

Бир жолу ойлонуп олтуруп, бул төшөк арифметикасы менин адашкан жашоом жөнүндөгү китепке бекем негиз боло аларын сездим, ошондо оюма китептин аты асмандан түшкөндөй эле өзүнөн өзү келе калды: “Менин муң-зарлаш шуркуяларым…”. Элге белгилүү жагымда кызыктуу эч нерсе жок эле, атасы да, энеси да жок жетим бала, катардагы журналист, өңүмдүн ушунчалык серттигинен карикатуристтердин сүйгөн каарманы элем. Кыскасы, жоголгон жашоо, ал жашоо апам мени испан тили жана чечендиги сабагында олтуруп жазган мектеп жашоосу тууралуу жылнамамды “Диорио-де-ла-Пас” басмасы басып чыгарар бекен деген ой менен он тогуз жашымда редакцияга жетелеп барган күнүмдөн башталган. Ал жазганымды гезиттин жекшемби күнкү санында директордун ийгилик каалаган баш сөзү менен жарыялашты. Жылдар өтүп, апамдын ошол жана андан кийинки жети макаламды жарыялоолору үчүн акы төлөгөнүн укканымда уяттан кыйналууга кеч болуп калган эле, ал убакта менин жума сайын чыгуучу гезиттеги тилкем канатын жайып баштаган, мындан сырткары, жаңылыктарды жазып, музыка сынчысы да болуп калгамын.

Бакалавр даражасын жана артыкчылык дипломун аларым менен дароо эле бир убакта үч коллежде испан, латын тилдеринен сабак бере баштадым. Чынында мыкты билими жок начар мугалим болчумун, балдарды да сүйчү эмесмин. Аларга тийген пайдам бирөө, аны да жыгач сызгычтын жардамы менен жасачумун: алар менин сабагымдан жок дегенде ыр саптарын үйрөнүп чыгуулары тийиш.

Турмуштун мага бергени мына ушулар гана болучу, андан көп нерсени жасоого өзүм деле аракет кылбадым. Сабактардын ортосунда түштөнүүгө жалгыз барып, андан кийин саат алтыда редакцияга келем. Редакция жабылгандан кийин, кечки саат он бирден баштап менин чыныгы жашоом башталат. Жумасына эки же үч жолу сөзсүз Кытай кварталында[2] түндү өткөрчүмүн, атүгүл эки жолу жылдын кардары наамын алгамын. Жакын ортолуктагы “Рим” кафесиндеги кечки тамактан кийин кайсы бир жашыруун эшиги бар сойкулар үйүнө кирип кетемин. Ал жакка жапайы кумарымды кандыруу үчүн барып жүрсөм, кийинчерээк бул ишим саясий жаңылыктарды сойкулар менен бөлүшкөн саясатчылардын тамырын тартуу үчүн да керек болду. Ошол эле жерден, анан кайдан болмок эле, өзүмдүн бойдок жашап жүргөнүмдүн себебин билдим, көрсө, мен өспүрүм эркек балдарды сүйөт экенмин. Бирок бул айың кепти ошол замат унуттум, себеби мен тууралуу көптөгөн жакшы сөздөр да айтылат экен.

Жашоомдо эч качан жакын досторум болгон эмес, ал эми болгондору Нью-Йоркто калып кетишкен. Башкача айтканда, көз жумушкан, себеби, менимче, адашкан жандар жашоодо кетирген каталыктары үчүн жанын жебештиги үчүн алардын жандары дал ошол шаарга учуп кетишет деп ойлоймун. Пенсияга чыкканымдан кийин жумуштарым азайды, жума күндөрү түштөн кийин макаламды гезитке алпармай, дагы башка олуттуу иштерим бар, алар Белль Артес шаарындагы концерттерим, Көркөм искусство борборундагы сүрөт көргөзмөсү, ал жерде мүчө-негиздөөчүмүн, Коомдук жакшыртуу коомундагы дарстарым, анан да “Аполло” театрындагы тасмаларды көрсөтүү сыяктуу олуттуу иштер. Жаш кезимде айдын батканын байкоого мүмкүн болгон жана капысынан төккөн нөшөрдөн улам өпкөнүн кагынуусуна учуроочу ачык асман алдындагы кинотеатрларга барчумун. Бирок мени тасмалардан да айрыкча, бир белеттин баасындай болгон, андан да арзан же таптакыр эле бекерге денесин беришкен түнкү чымчыктар кызыктырар эле. Кыскасын айтканда, тасма көрүү менин ишим эмес.

Өмүрүмдө төрт жолу гана саякатка чыктым, отуз жашка чыга элегимде Картахену де-Инди-астагы Оюн гүлдөрүнө бардым жана бир жолу Сакраменто Монтьелдин сойкулар үйүнүн салтанаттуу ачылышына катышуу үчүн дээрлик бир түн бою сүзүп жүрүп олтурдум. Үй тирилигиме келчү болсок, тамак ылгабайм жана аз жеймин. Домиана картайганда тамак жасаганы келбей калды, ошондон тартып менин туруктуу тамагым, мен күн сайын редакция жабылгандан кийин баруучу “Рим” кафесиндеги картөшкөдөн жасалган нан болуп калды.

Ошентип, токсонго чыгар алдымда, Роса Кабаркастын коңгуроосун күтүп олтуруп, түштөнгөн жокмун жана окууга да көңүл коё албадым. Түштөн кийинки саат экилерде тозоктун отундай болгон ысыкта чегирткелер озондогон сыяктуу чырылдай баштап, күн ачык турган терезелерге жакындап келди, аргасыздан асма торумду үч ирет орун которууга мажбур болдум. Мага дайым менин туулган күнүм жылдын эң ысык күнүндөй сезилер эле жана буга үйрөнүп да калгамын, бирок ошол күнкү ысыкты көтөрүүгө эч  чарам болбоду. Саат төрттө Пабло Казальсанын аткаруусундагы Иоганн Себастьян Бахтын виолончель үчүн жазылган алты сюитасын угуп жатып өзүмө келүүгө аракет кылдым. Бул чыгармаларды музыкадагы эң акылман эмгектер деп эсептеймин, бирок адаттагыдай мени тынчтандыруунун ордуна, алар бул ирет таптакыр эле көңүл чөгөт кылышты.

Ошентип, токсон жашка толор күнүмдүн алдында Роса Кабаркастын телефон чалуусун күтүп жатып, китеп окуй албадым. Чак түштө куйкалаган күнгө чыдоо кыйын болгондугунан асма төшөгүмдү үч жолу жылдырууга мажбур болдум. Үргүлөп кеткен жанымды Роса Кабаркастын эркектикиндей колдураган үнү бузду: — Аңкоолордун дайым жолу болот, — деди ал. – Мен сага сенин оюңдагыдан да жакшы жөжөнү таап койдум, бир гана жери, ал араң эле он төрт жашта. – Эчтеке эмес, жалайыгын алмаштырып коём, — деп тамашаладым. — Сага эчтеке эмес, мага түрмөнүн үч жылын ким төлөп берет?

Ал өзүнүн түшүмүн секелектердин эсебинен жыйнап келген, кыздар алгачкы кадамын анын кол алдынан башташчу, Роса алардын ширесин сыгып бүткөндөн кийин чебер сойкуга айланып, ал жерден чоң турмушка кадам ташташат. Роса Кабаркас эч качан жазана төлөчү эмес, себеби, анын үйүнө жергиликтүү бийлик ээлери да келишчү. Андыктан анын кечиккен дооматы менден көбүрөк акча өндүрүүнүн гана амалы болчу. Бул маселени чечип алган соң, мен анын үйүнө саат ондо келмей болдум. Ага чейин ал кыз кичүү инилеринин курсагын тойгузуп, оорукчан апасын уктатып коюуга үлгүрүшү керек эле.

Төрт саат калды. Бул аралыкта менин жүрөгүм катуулап сого баштады. Убакытты өткөрүү үчүн жуунуп, кийине баштадым. Кечки окуяга карата асемдүү кийиндим. Үстүмдө ак бөздөн тигилген костюм, крахмалданган жеңи, көк сызыкчалары бар көйнөк, кытай жибегинен тигилген галстук, айтор колдон келишинче жасандым.

Мени сараң деп айтышат, себеби, менин канчалык жакыр экендигимди эч ким атүгүл элестете да албайт, чынын айтсам, бул түн үчүн да төлөй алышым күмөн болчу. Ага деле караган жокмун. Акча деген каалоо болсо табылат эмеспи. Керебеттин астындагы каткан акчамды бекиткен кичинекей сандыктан бөлмө акысын төлөө үчүн эки песо, сойкулар үйүнүн кожойкесине берүү үчүн төрт песо, секелек үчүн үч песо жана өзүмө кечки тамакка жана башка майда-чүйдө чыгымдарым үчүн алып чыктым. Бул гезиттеги жекшемби күнкү макалаларымдын акысы болучу. Акчамды белимдеги жашыруун чөнтөккө каттым да, «Lanman and Kemp-Barclay and Co» фирмасынын «Агуа де Флорида» атырынан себиндим.  Ошондо бүт денемди дүрүлдөткөн коркунуч аралап өткөндөй болду, бирок саат сегиз сегиздик урганын билдирген коңгуроонун биринчи кагышы менен, коркунучтан тер басып, караңгыда, сыйпалап кармалап басчудай болуп тепкичтен ылдый түштүм жана чоң үмүттөрдүн жаркыраган түнүнө чыга келдим.

Көчө сергилең тартып калыптыр. Колумб чоң көчөсүндө “Алтын коңгуроонун” жанынан өтүп баратып, жарыктандырылган айнек үкөктөрдөн өзүмдү өзүм буга чейин сезип келгендей эмес, андан алды канча картаң жана жаман кийинген абалда көрдүм.

Көчө сергип, кечки шамал жүрө баштады. Шаардын түнкү жашоосу башталды. Саат кечки онго аз калганда такси кармадым да айдоочудан кайда барарымды билбей калышы үчүн Жалпы көрүстөнгө айдоосун буюрдум. Күзгүдөн тиктеген айдоочу бырс күлүп жиберди: «Анчалык коркутпаңыз акылдуу мырзам, Кудай мага сиздей тирүү болууну буюрсун». Биз көрүстөндүн тушунда машинадан чогуу түштүк, айдоочу майда акчасы жоктугунан “Мүрзө” деген кичинекей ашканага кирип чыкты. Биз эсептешип бүткөн соң айдоочу олуттуу тартып, мындай кеңешин берди: “Этият болуңуз дон, Роса Кабаркастын үйү азыр такыр мурдагыдай болбой калган”. Аны менен макул болуудан башка чарам калбады.

Ошентип кедейлер жашаган аймакка кирдим. Баягы эле күнгө какталган кум төгүлгөн көчөлөр, жонулбаган жыгач менен жабылып, эшиктери дайым ачык турган үйлөр. Бирок бул жердин жашоочулары жымжырттык жана тынчтык эмне экендигин унутуп калышкан. Көпчүлүк үйлөрдө жума күнкү салтанат өкүм сүрүп, музыканттар барабандары жана таолиңке аспаптары менен үйлөрдү жарып жиберчүдөй дүңкүлдөтүшөт. Ким болбосун, 50 сентаво үчүн каалаган үйүнө кирип, чери жазылгыча ырдап, бийлеп, жапайы кумарын кандырып чыга алат. Сылаңкороздоно кийинип алган жаным уялганымдан жер астына кирүүгө кайыл болуп бараттым, бирок мени үйүнүн алдында үргүлөп олтурган кынжыйган негрден башка эч ким деле байкабады.

— Кудай колдосун, урматтуум, — деди негр мага чын дилинен. – Бактылуу кошулушуу каалаймын!

Эмне деп жооп кайтармак элем? Ыраазылык гана айтуум керек. Барар жериме жеткиче демимди алыш үчүн үч ирет жолдо токтодум. Ошентип олтуруп көчөнүн аягы жыш өскөн мөмө дарактарына айланган жердеги Роса Кабаркастын сойкуканасына кирип бардым.

Бул ошондогу Роса Кабаркас эмес болчу. Мурда бул абдан сак жүргөн, андыктан абдан белгилүү ортомчу аял эле. Келбетинин зордугунан жана өз үйүндөгү махабат өрттөрүн өчүрүүдөгү эпчилдигинен улам да биз аны өрт өчүрүү кызматынын сержанты даражасына көтөргүбүз келген. Бирок жалгыздык анын денесин жеп, терисин чүрүштүрүп үнүн ушунчалык ичкерткендиктен, бул алп аял карыган жаш кызга окшоп калыптыр. Мурдагы Росадан анын берметтей тизилген тиштери гана калып, ал тиштеринин бирин алтын каптатып коюптур. Роса 50 жыл чогуу жашаган күйөөсүн жерге берип кара кийимчен экен, аз келгенсип түйшүктүү ишине жардам берген жалгыз уулу да каза болуптур. Жандуудан көгүш тарткан ырайымсыз көздөрү гана калыптыр, бул көздөргө тигиле тиктеп Росанын такыр өзгөрбөгөнүн байкадым…

Дүкөнчөнүн дубалына илинген чырак алсыз жарык чачат, текчелерде буюм көрүнбөйт, адатта Роса өзүнүн чыныгы ишмердүүлүгүн жашыруу үчүн ал жерге ар кандай буюм-тайымдарды коюп койчу эле. Асте басып киргенимде, Роса Кабаркас кардарын узатып жаткан экен. Ал мени чындап тааныбадыбы же таанымаксан болдубу, айтор көрмөксөнгө салды. Орундукта анын бошошун күтүп олтуруп, өткөндөрдү эске түшүрүүгө аракет жасадым. Ал да, мен да каныбыз кайнап турган жаш чагыбызда бул аял өзү да мени эки жолу бейишке чыгарган болучу. Роса ойлорумду окуду көрүнөт, себеби, артка бурулуп, мага тигиле тиктегенде, тынчым кете түштү. “Мезгил сага тийбептир” деди ал муңайым үнү менен. Ага жагынгым келип мындай дедим: “Сага болсо тийиптир, бирок жакшы жагына өзгөрүпсүң”. “Мен чынымды айтып жатам, — деди ал, — өлгөн жылкыныкындай болгон бетиң атүгүл жандана түшүптүр”. “Бул балким, менин башка үйүрлөрдө отоп жүргөнүмдөн улам болбосун”, — мен чымчып өттүм. Ал серпиле түштү: “Эсиме жара чыкпаса, сенин алигиң мыкты болчу. Азыр аныңдын абалы кандай?” Мен анын бул суроосуна жооп берген жокмун. “Сени менен көрүшпөй калгандан бери бир гана нерсе өзгөрдү, кээде арт жагым өрттөнүп жаткандай сезилет”, — дедим мен. Ал дароо эле мунун себебин таба койду: “Анда демек ал жагыңды аз пайдаланып жатыпсың”. – “Ал жагымды Кудай кандай максатта жаратса, ошол үчүн колдоном”, — дедим мен, — бирок чынымды айтсам, ошого деле сейрек, ай толгондо гана жарап калдым”. Роса сандыгын аңтара баштап, андан арника чөбүнүн гүлү жыттанган жашыл майы бар кичинекей кутучаны алып чыкты. “Кызга мына моминтип сыйпап бер дейсиң” деген Роса мага колу менен уятсыз кыймылдарды көрсөттү. Мен ага азырынча кудайга шүгүр, анын көрсөтмөлөрүсүз эле жашай аларымды айттым. Роса мунума мурдун чүйрүп, дароо сөздөн ишке өттү.

— Бийкечиң саат ондорго келет, — деди ал. – Ал сулуу, таза, тарбиялуу кыз, бирок корккондон жүрөгү айрылгыдай болууда, себеби Гайрадан келген жүк түшүргүч менен качып кеткен дос кызы эки саат кансырап жатыптыр. Бирок бул да түшүнүктүү, гайралыктардын бул жагынан даңкы алыска кеткен, алар эшекти да… Роса кайрадан ишке өттү: — Бечара кыз мындан тышкары фабрикада топчу кадап да иштейт. Мага бул анчалык оор иштей сезилбеди. – “Минтип эркектер ойлойт, — Роса каршы болду, — бул таш тешкенден да жаман жумуш”. Анан кызга бромид дарысы кошулган тынчтандыруучу дарыдан берип койгонун, азыр уктап жатканын айтты. Мен Росанын мунусун кыздын баасын көтөрүү үчүн жасаган айла-амалы деп түшүндүм. – “Жок, — деди ал, — менин ар бир сөзүм алтын, баары сүйлөшкөнүбүздөй гана болот, ар бир көрсөткөн кызмат үчүн төлөйсүң. Мына ушундай”.

Росанын балбырап бошошкон терилерин карап мен да кошо жумшарып анын артынан короого карап бастым, ал пахтадан жасалган кездемеден тигилген байпак кийип, шишиген буттарын араң шилтеп басып бара жатты. Толгон ай асмандын дал төбөсүнө келип, мындан улам дүйнө жашыл сууга чөккөндөй сезим пайда болот. Анын үйүнөн алыс эмес жерде күүчүлөргө пальма дарагынан секиче жасалыптыр, секичени айланта тери капталган көптөгөн орундуктар коюлуп, асма селкинчектер илинип турат. Бүткөн жеринде жемиш дарактары тигилген бак башталган короодо акталбаган кирпичтен жасалган сүрөт көргөзмөсү орун алып, анда терезелерине темир тор тосулган алты уктоочу бөлмө жайгашкан. Бош эмес жалгыз бөлмө жарым-жартылай караңгы, радиодон Тоня-Негритянка бактысыз сүйүү жөнүндө ырдап жатат. “Музыка – бул жашоо” деген Роса Кабаркас терең дем алды. Буга макул болсом да бул тууралуу эмдигиче жазууга эрким жетпеди. Ал эшикти ачып бөлмөгө кирип, дароо эле кайра чыкты. “Дагы деле уктап жатат, — деди аял.  – Кыз каалашынча уктап алышына тоскоол болбосоң жакшы иш кылган болосуң, сенин түнүң аныкынан узунураак”. Мен эмне кыларымды билбедим. “А сенин оюн боюнча, мен эмне кылышым керек?” – “Өзүң түшүнөсүң, — деди ал токтоо гана, — ошон үчүн сен акылмансың”. Муну айткан Роса мага далысын салып, мени шумдуктуу көрүнүшкө жалгыз калтырып чыгып кетти.

Качарга жер да жок болчу. Жүрөгүм кабынан атып кетчүдөй болуп бөлмөгө кирдим да уктап жаткан кызды көрдүм. Ал энеден туума жылаңач болуп, килтейген чоочун керебетте жатыптыр. Кыз эшик жакты карап кыйгачынан жатат, бүт денесин калтырбай көрсөткөн жогорудан түшкөн жарыкка бөлөнүп, капарсыз мемирейт. Мен керебеттин четине олтуруп, дубалап окйгонсуган таңкаларлык сезим менен кызды карай баштадым. Кыз кара торусунан келип, денеси жыпжылуу экен. Аны жуунтушуп, чекесинен баштап, уяттуу жериндеги назик тармалына чейин таптаза кылып даярдашыптыр. Чачтарын тармалдатышып, колу-буттарынын тырмактарын табигый түстөгү боёк менен боёп коюшуптур, бирок кыздын асел түстүү денеси шамалга туурулуп, түлөп кеткендей. Жаңыдан баш багып келаткан көкүрөгү тырсыйып, эркек баланын көкүрөгүнө окшошот, бирок андан мына-мына сыртка атылчудай болгон жашыруун күч сезилет. Кыздын эң адеми мүчөсү буттары эле, бул буттар жеңил кадам таштайт болушу керек, колдорунун бармактарындай болуп бутунун бармактары да узун жана сезимтал экен. Атүгүл, иштеп жаткан желдеткичтин шамалы астында да кыздын денеси терден улам жылтырайт, түн жакындаган сайын ысык катуулады. Күрүчтөн жасалган упа менен боёлгон кыздын бетин, жасалма кирпиктерин, карага боёлгон эриндерин элестетип коюңуз. Бирок кийими да, боёктору да кыздын нукура мүнөзүн жашыра албайт эле. Кыздын сыймыктуу түптүз мурунун, коюу каштары менен жакшынакай эриндерин карап мындай дедим: эх, назик музоочом…

Саат он бирде жуунуучу бөлмөгө кирсем, кыз ал жакка кунарсыз кийимдерин үстөлгө тим эле кымбат кийимдей кылып тыкандык менен илип коюптур. Секелектин кийгени синтетикалык кездемеден тигилген көпөлөктөрү бар көйнөк, сары турсий жана такасыз жайкы бут кийим экен. Кийимдеринин үстүндө медальонго салынган арзан моюнга тагуучу Ыйык Эненин келбети түшүрүлгөн ичке чынжырча менен билерик жатыптыр. Ошол эле жерде текчеде эрин боёгуч, эндик, ачкычтар жана майда тыйындар салынган баштыгы турат. Булардын баары эски, арзан жана көп урунган буюмдар болуп, мындай кедейликти атүгүл элестете да алган эмесмин. Чечинип, жибек көйнөгүм менен үтүктөлгөн костюмумду бырышпагандай кылып, илгичке илдим. Дааратканада Флорина де Лиос үйрөткөндөй, чекелерин булгабай тургандай болуп олтуруп алып жеңилдендим. Заарам эркиндикте жүргөн айгырдыкындай шар жана кубаттуу эле. Чыгардын алдында кол жуугучтун үстүндө илинген күзгүгө карандым. Күзгүдөн мага жылкыныкындай бет түзүлүшү анчалык картаң эмес болсо да Рим папасыныкындай салаңдаган ээктүү, кат-кат болгон сурмалуу жана бир кездери дүркүрөп өскөн жалдай болгон, эми болсо сейрек чачтуу адам мага олурайып тиктеди.

— Айбан, — дедим мен ага. — Эгер сен мени сүйбөсөң, мен эмне кыла аламын?

Ойготуп жибербес үчүн абайлап, кызыл чырактын жарыгында кыздын бүтүндөй дене-боюн баштан-аяк карап чыга баштадым. Сөөмөйүм менен анын тердегенден нымшыган кежигесин сыладым, ошондо ал калтырай түшүп мага бурулуп бирдемелерди сүйлөгөндөй болду, ошол замат мени жаш кыздын жылуу деми каптап өттү. Бармагым жана сөөмөйүм менен кыздын мурдунан акырын кысып койдум, кыз селт этип башын жылдырып мага далысын салып алды, бирок ойгонбоду. Капыстан эле дүүлүгө түшкөн жаным кыздын буттарын тизелеп ачууга аракет кылдым. Менин эки жолку аракетимден майнап чыкпады, секелек тизелерин ого бетер бекем куушуруп алды. “Дельгадинанын керебетинин жанында периштелер турушат” деп кыздын кулагына жакын келип шыбырадым. Кыз уйку-соонун ортосунда жатса да ырымды угуп, өзүн бир аз бош таштагандай болду. Ошондо менин тамырларымда жалын жүгүрүп кеткендей болду, көптөн бери ишсиз калган жырткычым узак уйкудан ойгонду.

Каалоо менен эңсөөлөрдөн өрттөнүп, “Дельгадина, жаным менин” деп шыбырадым. Кыз кайгылуу кыңкыстап, буттарымдан бошонуп чыгып, кабыгына кирген үлүл сымал бүрүшкөн бойдон мага далысын салып жатып алды. Тынчтандыруучу дарынын таасири кызга эле эмес, мага да өттү көрүнөт, себеби, анда да, менде да эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бирок мунун мааниси жок. Мен өзүмдү үлүл сымал муздак сезип жана ушунчалык кайгылуу абалда турсам кызды ойготуп не керек деп ойлодум…

Коңгуроо үнү так жана кайрып келгистей кылып саат он экини сокту, жаңы, Кумарды тыюучу ыйык Хуан Баутисттин (Иоанн Чокунтуучу) күнү, 29-август башталды. Көчөдө кимдир бирөө үн чыгарып ыйлап жатты, ага көңүл бурган эч ким жок. Мен муктаж болуп жаткан болсо ал адам үчүн жана  өзүм үчүн бардык жакшылыктарга арнап сыйындым: Алданбагыла, силер күткөн жана силер үмүт кылган нерселер силердин көзүңөр көрүп тургандан узакка созулат деп ойлобогула. Кыз уйкусурап онтоду, мен ал үчүн да сыйындым: Болор нерсе боло берсин…

Мен таң эртелеп кай жерде жатканымды билбей ойгондум. Секелек али уктап жатыптыр, мага далысын салып, энесинин курсагындагы түйүлдүктөй бүрүшкөн. Түнкүсүн ал ордунан туруп, жуунуучу бөлмөдөгү сууну агызгандай сезим болду, бирок бул менин түшүмө кирген болушу да ыктымал. Менде кандайдыр бир жаңы нерсе пайда болду. Мен эч качан азгыруу амалдарын моюнга алган эмесмин, көңүлдөштөрдү бир түнгө ылгап олтурбай, сулуулугуна эмес, баасына карап сатып алчумун жана алар менен менен эч кандай сезимсиз, көп учурда кийимчен бойдон, болгонубуздан жакшыраак көрүнүш үчүн караңгыда сүйүшө турганбыз. Ошол түнү укмуштуудай ырхатка туш болдум, уйукудагы аялдын денесине суктандым буга уят да, жанды кыйнаган эңсөө да жолтоо болгон жок.

Таңкы беште кыжалат болуп ойгондум, себеби, жекшембилик макалам редакция үстөлүндө күндүзгү он экиге чейин болуп калышы керек эле. Убактысы келип ичегимди бошоттум, чынжырдан кармап сууну тартканымда, буга чейинки жек көрүүлөрүм менен таарынычтарым суу менен кошо агып кеткенин сездим. Таптаза болуп кийинип келгенимде секелек, кыздыгынын толук кандуу кожойкеси мемиреген таңкы жарыкта керебетте колдорун жайып туурасынан жатыптыр. “Сени Кудай сактасын”, — дедим мен ага. Өзүмдө болгон акчаны, аныкын да, өзүмдүкүн да, баарын кыздын жаздыгынын алдына коюп, маңдайынан сүйүп, түбөлүккө кайырлаштым. Үй, таң алдындагы бардык сойкулар үйү сыяктуу эле, бейишке баарынан жакыныраак болуп турган. Мен эч кимге учурап калбаш үчүн бакка алып баруучу эшик менен чыгып кеттим. Көчөдө, куйкалаган күндүн алдында, кайрадан өзүмдүн токсон жашымдын оордугун сездим жана өлүмгө чейинки түндүн мүнөттөрүн ирмемдерине чейин санап кирдим.

II

Мен бул эскерүүлөрдү ата-энемден калган, күбө менен дарак жеген курттардын чыдамкайлык менен жасаган чабуулунан кийин мына-мына ураганы турган текчелери бар китепканада сакталып калган нерселердин арасында жазып жатам. Анан калса, мага бул дүйнөдө керектүү болгон нерселер, булар дон Бенито Перес Гальдостун “Улуттук эпизоддору” менен өпкө оорулуу энемдин өзгөрмө маанайын сезе билүүгө үйрөткөн “Сыйкырдуу тоолор” жетиштүү болучу. Калган эмеректерден жана менин өзүмдөн айырмаланып, мен жазып олтурган үстөл, абдан жакшы абалда экен жана мезгил ага тийбеген сыяктанат, анткени, үстөлдү байтүп дарактан чоң атам, мурдагы кеме устасы жасаган. Атүгүл эчтеке жазбасам да, ар таң сайын ушул үстөлгө өжөрлүк менен көшөрүп олтурам, себеби, мунун айынан канчалаган сүйүү баяндарын колдон учурдум. Колумда пикирлеш-китептерим: 1903-жылы басылган “Испаниянын Королдук академиясынын биринчи сүрөттүү сөздүгү”; дон Себастьян Каваррубиастын “Кастиль же испан тилинин казынасы; эгерде кайсы бир семантикалык шектенүү жаралса, тактык үчүн дон Андреас Бельонун грамматикасы; негизинен андагы синонимдер менен антонимдери үчүн дон Хулир Касарестин “Идеологиялык сөздүгү”; өзүм бешиктеги кезимден тааныган, энемдин тилин үйрөнүүмө жардам берген Никола Зингареллинин «Vocabolario della Lingua Italiana» китеби жана мурдагы эки тилдин түпкү энеси болуу менен, менин эне тилим катары эсептелген латын тилинин сөздүгү. Жазуу үстөлүмдүн сол жагында дайым кеңче өлчөмүндөгү зыгырдан жасалган беш даана кагаз, (кагаз менин жекшембилик макалаларым үчүн) жана сыя челегим турат, себеби, мен бул сыя челекти азыркы сыя соргуч кагаздардан өйдө коём.

*     *     *

Мен жалгыз жашаймын, итим да, чымчыктарым да, мени күтүүсүздөн чыгуучу кыйынчылыктардан куткарып келген, алысты көрбөгөнүнө жана аңкоолугуна карабастан, кээ бир иштерди аткаруу үчүн жумасына бир жолу үйгө келген туруктуу Дамиананы эсепке албаганда, кызматкерлерим да жок. Энем көз жумар алдында жаш кезимде ак терилүү аялга үйлөнүшүмдү, аз дегенде үч балабыз болуп, алардын бири кыз болушун, ал кызды энемдин атынан атообузду (апамдын энеси менен чоң энесинин да ысымдары ушундай эле) жалбарып суранган. Мен энемдин өтүнүчүн унуткан жокмун, бирок анда жаштык жөнүндө түшүнүгүмдүн өзү так эмес, күңүрт эле, андыктан үйлөнүүгө эч качан кеч эмес деген ойдо болгом.

Өзүмдүн шашмалыгымдан уялып кетип, аны түбөлүккө унутуу ниети менен эшикти карс жаптым. Бирок Химона Ортис эркиме коё койбоду. Жалпы тааныштарыбыз аркылуу мага кыйытма каттарды, орой коркутууларды жиберип жатты жана биз экөөбүз бир ооз сүйлөшпөсөк да, бири-бирибизди акылдан адашып сүйөбүз деген сыяктуу имиштерди тарата баштады. Каршылык көрсөтүүгө мүмкүн болбой баратты. Анын көздөрү жапайы мышыктыкына окшоп, кийимчен да, кийимсиз да укмуштуудай азгырат, ал эми дүркүрөп өскөн алтын түс чачтары ушундай бир кереметтүү аял илебин чачыратат дейсиң, түнү менен жаздыкты кучактап ыйлап чыгам. Мен эч кандай сүйүү болбостугун билемин, бирок анын шайтандыкындай азгырыктуу күчү жанымды өрттөп жатты жана мен жолумдан кезиккен ар кандай жашыл көздүү шуркуя менен жеңилдешке аракет кылдым. Бирок мен ошондогу Прадомарадеги төшөк тууралуу эскерүүлөрдүн отун өчүрө албадым, андыктан расмий колун суроо, шакек алмаштыруу жана Троица майрамына чейин чоң үйлөнүү салтанатын өткөрүү жарыясы менен каршылык көрсөтүүмдү токтоттум. Жаңылык ак сөөктөр клубуна караганда, Кытай кварталында көбүрөөк чуу жаратты. Менин күйөө доорум бардык христиан адептерин сактоо менен, секиде, мен үйлөнчү кыздын үйүндө, амазондук орхидеялар менен папоротниктердин арасында өтүп жатты. Кызга кечки саат жетиде аппак болотнай күрмө кийип, белек көтөрүп келе турганмын, ошентип биз саат онго чейин уйкусурап мурду жер сүзгөн Архенида жеңенин көзөмөлүндө жарым ишарат, жарым олуттуу түр менен сүйлөшүп олтурар элек.

Химена, биз канчалык жакындан таанышкан сайын, ошончолук кумарлуу, ал эми жайкы ысыктын келиши менен, үстүнө кийген кийимдери да улам жеңил жана кыска боло баштады, андыктан мунун баары караңгылыкта кандай кудуретке ээ болорун элестетүү кыйын эмес. Кудалашуудан эки ай өткөндөн кийин, биздин сүйлөшөр сөзүбүз деле калбады, ошентип ал ортого балдар маселесин койду, бир да сөз айтпастан, илме шибеге менен жүндөн ымыркайлардын бут кийимин токуй баштады. Мен, жакшы тарбия алган күйөө катары, токуганды кошо үйрөнө баштадым, ошентип биз үйлөнүү үлпөтүнө чейинки сааттарды ойсуз өткөрүп жаттык, мен эркек балдар үчүн көгүлтүр, ал кыз балдар үчүн кызгылтым түстөгү бут кийимдерди токудук жана элүү даана бут кийим даяр болду. Саат онду кагары менен, ат арабама олтуруп түндү бейиш жыргалында өткөрүү үчүн Кытай кварталына жөнөп кетем.

Ал жердеги бойдоктордун үлпөтү коомдук клубдагы кечелердин карама-каршысы эле. Бул эки башка дүйнөлөрдүн кайсынысы мага жакыныраак экендиги өзүмө эбак белгилүү болгон. “Кудайдын күчү” деп аталган жайда өткөн үйлөнүү үлпөтүнүн алдындагы кече каалоодон өрттөнүп өлгүдөй болгон испан кечилинин гана башына келгидей шумдуктуу бузукулук менен бүттү. Бул эки дүйнөнүн карама-каршылыгы мага менин алардын кайсынысына жакыныраак экенимди аңдап-билүүмө жардам берди. Жеңил ойлуу аялдар келинчектин баш кийими менен көйнөгүн кийишип, алардын ар бири менен никеге турууну талап кылышты. Алардын жыйырма экиси мага өз махабатын жана баш ийүүнү сунуш кылышса, мен да аларга туруктуулугумду, өмүрүмдүн акырына чейин аларды колдоп жүрүүнү убада кылдым.

Ошол түнү алдын алууга мүмкүн болбогон кырсыкты туюу сезиминен бошоно албай уктай албадым. Тан агарды, а мен болсо сааттын кагышын күтүп, ал жетини какмайынча кирпик какпадым, саат жетиде чиркөөдө болушум керек эле. Телефон саат сегиздерде тынбай шыңгырай баштап, ошол бойдон бир саатка чейин өжөрлөнүп шыңгыроосун токтотподу. Коңгуроого жооп бермек турсун, дем алган да жокмун. Саат ондордо эшикти каккылай башташып, тааныш, жек көрүмчү үндөр угула баштады. Алар кызуулук менен каалгамды талкалап салышат го деп корктум, бирок он бирлерде кырсыктын алдында гана болуучу жымжырттык өкүм сүрдү. Ошондо мен ыйлап, өзүм үчүн да, ал үчүн да келме келтире баштадым жана кудайдан аны менен өмүрүмдүн акырына чейин жолуктурбашын сурандым. Ыйыктардын ким бирөөсү мени укту болуш керек, себеби, Химена Ортис ошол эле түнү өлкөдөн кетип, жыйырма жылдан кийин мага турмушка чыгып, менин балдарым болушу мүмкүн болгон жети балалуу болгондон кийин гана кайтып келди.

Коомчулукка таштаган бул чакырыгымдан кийин “Диорио-де-ла-Пастагы” ордумду жана гезиттеги бурчумду сактап калыш үчүн күч жумшашка туура келди. Бирок гезиттеги бетимдин он биринчи бетке жылып кетишине жогоруда айтылгандар себеп болгон жок, жөн гана жашообузга жыйырманчы кылым шуулдап кирип келди. Шаарда баарысы прогресс тууралуу сүйлөп жатышты. Өзгөрүүлөр көп эле, самолёттор учушуп, кайсы бир заманбап ишкер адам “Юнкерстен” бир мүшөк каптарды чачып, авиапочтону ойлоп тапты.

Өзгөрүүсүз калган жападан жалгыз нерсе – бул менин гезиттеги жекшембилик байкоолорум эле. Жаш муун аны өткөндүн саркындысы катары баалап, өрттөп салуучу мумияга теңешти, бирок жаңычылдыктын шамалына баш бербей, мурдагы эле кайратым менен жазуумду уланттым. Эчтекени укпаган керең болдум. Жашым кыркта эле, жаш редакторлор гезиттеги ордумду “Жел өпкөнүн бурчу” деп аташты. Директор мени иш бөлмөсүнө чакырып, жазгандарыма жаңыча түс берүүнү суранды. Азыр эле ойлоп таба койгондой салтанаттуулук менен: “Дүйнө алдыга карай баратат” деди. “Ооба, — дедим мен, — ал дайымкыдай эле алдыга баратат, бирок күндү айланып”. Директор жаңылыктарды чагылдыруучу башка адам таппагандыктан, жекшемби күнкү ордумду өзгөртүүсүз калтырды. Бүгүн  анын айтканы тууралыгын түшүндүм. Менин муунумдун жаштары турмуштун агымына туруштук бералбай агып баратышып, денеси менен да, кан-жандары менен да келечек тууралуу эңсешип, бирок жашоо, келечек алар күткөндөй эмес экендигин аларга далилдегенде кусаматка түшүп калышкан. Жекшембилик байкоолорум да турмуштун өзүндөй картаң, өткөндүн элестериндей болгон археологиялык табылга сыяктуу болгон үчүн да жаштарга керек экен. Жазгандарым кайрадан эң окумдуу беттердин катарына кирип, атүгүл биринчи бетке да чыга баштадым.

Менден сурагандардын бардыгына чындыкты гана айтып жооп берчүмүн: сойку аялдар мага үйлөнүүгө убакыт калтырышкан жок. Бирок чынын айтсам, бул ой менин башыма ошол токсон жашка толуп, Роса Кабаркастын үйүнөн мындан кийин эч качан тагдырды сынап көрбөшкө өзүмө сөз берип чыгып баратканда гана келген болчу. Өзүмдү башка адам сездим. Үйгө келсем Дамиана эңкейип алып тактай жууп жатыптыр, жашына ылайык келбеген сыйдаң жылаңач баатырларын арт жагынан көргөнүмдө эбак унутулган калтырак денемди басты. Ал да муну сезди көрүнөт, дароо көйнөгүн төмөн түшүрө койду. Өзүмдү кармай албай андан мындай деп сурадым: — Айтчы Дамиана, сен эчтекени эстеген жоксуңбу? — Эчтекени эстеген жерим жок, — деди ал, — бирок сиздин сурооңуз албетте, эсиме салды. Көкүрөгүмдү бирдеме кыскансыганын туйдум. — Мен эч качан сүйүп көргөн эмесмин, — деп мойнума алдым. Ал дароо жооп кайтарды:  — А мен сүйгөмүн. Анан тактайды жууганын токтотпостон сөзүн мындай деп бүтүрдү: — Мен жыйырма эки жыл бою сиз үчүн ыйлап жүрдүм. Жүрөгүм туйлап алды. Абалдан уят болбой чыгып кетиш үчүн мындай демиш болдум: — Биз жакшы түгөй болмокпуз. – Эмнеликтен эми муну айтып атасыз, — ал кызаңдап кетти, — бул кебиңиз мени сооротконго да жарабайт. Унчукпай үйдөн чыгып бараткан мага караган Дамиана жөн салды гана мындай деди: — Сиз мага ишенбейсиз, бирок кудайга шүгүр, мен дагы деле кыз бойдонмун.

Кийинчерээк мен анын үйдүн ичин толтуруп, ар кай жерге вазаларга кызыл розалардан салып, жаздыгыма “Жүз жашка жете жашашыңызды каалайм” деп жазылган открытка коюп койгонун көрдүм.

Кезектеги макаламды редакциянын кабыл алуу бөлмөсүнө таштап, үйгө кете берейин дегениме болушпады. Редакция кызматкерлери менин туулган күнүмдү белгилеш үчүн баарысы жыйналып олтурушуптур. Имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүп, акыр-чикир үйүлүп жатканына карабастан, жумушту майрамдын урматына токтотуп коюшту. Ичимдиктер, белектер баары болду. Эстеликке баары мени менен сүрөткө түшүп бүткөнчө фотоаппараттардын жаркырагынан көзүм көрбөй, кулагым укпай калды.

Кубанган жерим, ал жерде радио жана гезиттерден келген журналисттерди көргөнүм болду. Биерге эртең менен чыгуучу конвервативдик “Пренса”, либералдык таңкы “Эральдо” жана “Насьональ”, ушактар менен жан баккан кечки гезиттердин журналисттери келишиптир. Алардын баарынын бир жерге чогулушканы таң каларлык эмес эле. Маршалдар басма согушу менен алек болушуп жатышканда жөнөкөй жоокерлердин дос бойдон калышканы жакшы көрүнүш болчу…

Ал жерде биз түнкүсүн өзүнүн кандуу карандашы менен дал белгиленген саатка жетип келгендиги үчүн Кара санатай Кар киши деп атаган расмий цензурачы, дон Херонимо Ортега да болду. Ал эртеңки басылманын бетинде бир да козголоңчул тамга калбаганча отурду. Анын мага карата грамматикалык изилдөөлөрүм же мага испан сөздөрүнө караганда көркөмүрөөк сезилген итальян сөздөрүн колдонгонумда бул сиам эгеиздериндей үзүлбөгөн байланышы бар тилдерди нормалдуу колдонгон учурдагыдай аларды тырмакчага алып же алдын сызып белгилебегеним үчүн, айрыкча жаман көрүү сезими бар эле. Бул сезимдерден төрт жыл азап чегип бүтүп, экөөбүз тең акырында мунубузду жеке аң-сезимдерибиздин жетиле электигине шылтадык.

Катчы кыздар залга жашап өткөн жылдарымды эсиме салууга мажбурлаган токсон күйүп турган шамдары бар таттуу нанды алып киришти. Алар куттуктоо ырын ырдап жатышканда жашымды жутуп, эч себеби жок эле секелекти эстедим. Ызалануу же өкүнүч менен эмес, качандыр бир өзүм эстеймин деп да ойлобогон тирүү жанга карата боор ооруу сезими менен эстедим. Периштелер учуп келгенде кимдир бирөө таттууну кесишим үчүн колума бычак карматты. Шылдыңга кабылуудан чочулашып, эч ким сөз сүйлөөгө батынбады. Мага болсо шылдыңга жооп берүүдөн көрө өлгөнүм артык эле. Майрамдын аягында мен анчалык деле өзөлөнүп жакшы көрө бербеген редакциянын бөлүм башчысы ырайымсыздык менен баарыбызды асмандан жерге кайтарып келди: Эми болсо, улуу урматтуум, макалаңыздын кайда экенин айтып коёсузбу?

Чынын айтсам, бул мезгилде макала, кудум ысык көмүр сыяктуу чөнтөгүмдү күйгүзүп жаткан, бирок майрам ушунчалык толкунданткандыктан, аны жумуштан кетүү тууралуу арызым менен бузууну каалаган жокмун. Мен: “Бул жолу макала жок” дедим. Редакциянын бөлүм башчысы өткөн кылымдан бери боло элек жол берилгис катага абдан нааразы болду. “Түшүнүңүз, — дедим ага, — өткөн түн оор болду, башым катуу ооруп ойгондум”. – “Мына ушул тууралуу жазсаңыз болмок, — деди ал өзүнө таандык заар үн менен. – Окурманга токсон жаштагы жашоо кандай болорун өз оозуңуздан угуу кызык болмок”. Катчы кыздардын бири сөзгө аралашты. “А кокус бул кызыктуу сыр болуп жүрбөсүн, — деди кыз мага кылтыя карап. – Же мен жаңылышып жатамбы?” Жүзүм дуулдап кызарып кетти. “Каргыш тийгир, — деп ойлодум мен, — уят болбогой элем”. Дагы бир катчы кыз жаркырай күлүп мага сөөмөйүн кезеди. “Кандай сонун! Ал дагы деле кызара алат экен!” Кыздын уятсыздыгынан ого бетер кызардым. “Чамасы, укмуштуу түн болгон көрүнөт, — биринчи катчы кыз токтоно албады. – Ичим күйүп жатат!” Катчы кыз жаагымдан кызарып тагы калганча катуу өөп алды. Сүрөтчүлөр кутуруп кеткендей болушту. Жаркырактардан көзүм тунарып, кол жазмамды тамашаладым, мына макала деп редакциянын бөлүм башчысынын колуна карматып, кол чабуулардын толкунунан кулагым дүлөй болуп, алар бул кагаз менин жарым кылым иштеген жумушумдан кетирүүлөрүн суранган арызым экенин көрө электеринде көздөн кайым болуу үчүн чуркап жөнөдүм.

Коркунучту туюу сезимим кечинде үйүмдө белектерди ачып көрүп жатканымда да кетпей койду. Арип тергичтер мурунку үч жолку туулган күнүмдө белек кылышкан электр кофе кайнаткычын берип жаңылып калышыптыр. Басмаканачылар ангор мышыгын муниципалдык айбандарды асыроочу жайдан алуу үчүн уруксат кагазын белек кылышты. Жетекчилик кайсы бир буюмга арзандатуу кагазын бериптир. Катчы кыздар үч жуп ооз боёгучтун издери бар жибек турсий жана ал турсийлерди жууп берүү кызматы менен аларга кайрылуумду суранган открыткаларды бериптир. Мен карылыктын жакшы жактарынын бири – жаш селки тааныштарың сени оюндан чыкты деп эсептеп сага тартынбай тийишкендиги деп ойлодум.

Ашкеназинин аткаруусундагы Шопендин жыйырма төрт прелюдиясы жазылган пластинканы ким бергенин түшүнгөн жокмун. Редакторлор көбүнчө модалуу китептерди белек кылышыптыр. Белектерди ачып үлгүрө элегимде телефон шыңгырады да Роса Кабаркас мен уккум келбеген суроону берди: “Кызды эмне кылдың эле?” – “Эчтеке”, — деп ойлонбостон жооп бердим. “Аны ойготуп да койбогонуң эчтеке деп ойлойсуңбу? – деп сурады Роса Кабаркас. – Аялзаты эркек аны биринчи түнү карабаганы үчүн эч качан кечирбейт”. Мен секелек топчу кадаганы үчүн эле анчалык кыйналуусу мүмкүн эместигин айтып каяша кылдым. “Кыздын чындап эле сени эчтекеге жарабайт деп чечкени гана жаман, — деди Роса, — а мен кыздын бул тууралуу баардыгына жайышын каалабаймын”.

Мен ага мени абдыратып коюу ырахатын бере койбодум. “Кандай гана болбосун, — дедим мен, — кыз ушунчалык аянычтуу дейсиң, аны уктап атканда да, ойгоосунда да эмне кылышыңды билбейсиң, кыздын орду ооруканада”. Роса Кабаркас демин ылдыйлатты: “Бул иштин шашылыш болгондугунан улам, бирок баарын ордуна коюуга болот, мына көрөсүң го”. Ал кызды эмнелер болгонун айттырууга мажбур кыларын айтып, эгерде чын эле баары ушундай болгон болсо аны акчаны кайтарып берүүгө милдеттендирерин айтты, макулсуңбу? “Тим кой, — мен каяша айттым, — коркунучтуу эчтеке болгон жок, тескерисинче, бул жакшы текшерүү болду, мен эми мындай иштерге жараксызмын. Бийкеч туура айтат: мен эми буга жарабайм”. Телефон түтүгүн ордуна койдум жана тулку-боюмду өмүрүмдө сезип-туйбаган бошонуу сезими каптап өттү: акыры ошол күн келип, өспүрүм курак болгон он үч жашымдан бери азабын тартып келаткан кумар кулчулугунан кутулдум.

Кечки саат жетиге Көркөм искусство залына кыл кыяк менен фортепиано үчүн жазылган Сезар Франктын сонаталарын аткаруучу Жак Тибо менен Альфред Кортонун концертине ардактуу мейман катары чакырылдым жана танаписте укмуштуудай мактоолорду уктум. Биздин укмуштуу музыкантыбыз Педро Биава аткаруучуларга тааныштыруу үчүн мени желкемден кармап жетелеп келди. Абдырап калган жаным аларды алар аткарбаган Шумандын сонаталарын аткарышканы үчүн куттуктадым жана кимдир бирөө элдин баарына угузуп, орой үн менен бул катамды оңдоду. Ал жердегилерде бул эки сонатаны караңгылыгымдан алмаштырып алгандай сезим калды, жекшембидеги бул концерт тууралуу макаламда катамды оңдоого канча аракет кылсам да, бул сезим менден кетпей койду.

Узак жашаган өмүрүмдө биринчи жолу ким бирөөнү өлтүрүүгө жөндөмдүү экенимди туйдум. Үйгө жан кыйнаган тынчсыздануу сезими менен кайтып келдим, шайтан кулагыма акылыма убагында келе койбогон кыйратуучу жоопторду шыбырап жатты, китеп да, музыка да каарымды баса албады. Бактыга жараша, телефон түтүгүндөгү Роса Кабаркастын үнү мени бул тозоктон алып чыкты: “Кандай бакыт, гезиттен сенин токсонго чыкканыңды уктум, а мен жүзгө бардың деп ойлогом да”. Мен секирип кеттим: “Мен сага ошончолук эле уранды сезилемби?” – “Тескерисинче, — деди ал, — сенин мыкты кебетеңе таң калдым. Өздөрүн жаш көрсөтүү үчүн жаштарын азайтып айткан абышкаларга окшош эместигиң кандай жакшы”. Токтолбой туруп: — Сага белегим бар, — деди. Мен чындап эле таң калдым: “Кандай?” “Секелек”, — деген жооп уктум. Мен бир мүнөт да ойлонбодум. “Рахмат, бул чатак иш мен үчүн эмес”. Ал өзүнүкүн берген жок: “Мен аны үйүңө күмүш фольга кагазына ороп, жакшылап куурулган, татымал кошулган абалда, баарын бекер кылып жиберемин”. Мен макул болбодум, бирок Роса мага чыныгыдай сезилген жароокерлик менен өзүнүкүн бербеди. Ошол күнү секелек оймок менен эки жүз топчу кадап катуу кыйналганын айтты. Бул чындык, кыз аны канжалатып зордукташат деп корккон, бирок секелекти буга окутуп-үйрөтүп коюшкан жана ал буга даяр эле. Ал чындап эле түнү туруп жуунуучу бөлмөгө барган, бирок мен катуу уктап жаткандыктан ойготкусу келген эмес, ал эми таң эртең менен ал ойгонгондо мен кетип калган элем.

Мени бул пайдасыз калп айтуу кыжырлантты. “Макул, — деп сөзүн улантты Роса Кабаркас, кандай деген күнүңдө да, кыз өкүнүп жатат. Бечара азыр менин жанымда. Сүйлөшөсүңбү?” – “Жок, жок, Кудай үчүн”, — мен каршы болдум.

Редакциянын катчы кызы коңгуроо кылганда жаза баштаган элем. Катчы кыз, директор эртең мененки саат он бирде мени көргүсү келгенин айтты. Мен айтылган убакта келдим. Имарат ичи чыдоого мүмкүн болбогон тарсылдакка толгон, абаны балка үнү жаңыртат, цементтин чаңы буруксуп, кара чайырдын коңурсуган жыты мурун жарат, бирок редакция бул тозокто ойлонууга көнүптүр. Жетекчилер олтурган жай, тескерисинче, салкын жана тынч келип, башка, идеалдуу, бизге таандык болбогон дүйнөдө эле.

Өспүрүмгө окшогон Марк Туллий үчүнчү эшиктен кирип келатканымды көрүп, ордунан турду, телефондо сүйлөшкөнүн токтотпостон, үстөлгө артылып мага колун сунуп, олтуруумду кыймылы менен суранды. Мен телефон түтүгүнүн арт жагында эч ким жок, ал мага таасир калтыруу үчүн ушул театрды уюштурду деп ойлодум, бирок тез эле анын губернатор менен сүйлөшүп жатканын жана бул сүйлөшүү эки душмандын кыйын маеги экенин түшүндүм. Ошентсе да директор жетекчилик менен туруп сүйлөшкөнүнө карабай, алдымда ишкер киши болуп көрүнгүсү келет деп ойлодум.

Кыязы, кыйкымчылдык анын кемчилиги сыяктуу. Жыйырма тогуз жаштагы жигит өзүнүн сойкуларды сатып мүлк топтогондон кийинки тажрыйбасына таянып журналистке айланган, жашоосунун акырына чейин президент болгон чоң атасынан айырмаланып төрт тил билип эл аралык үч диплому бар эле. Директор тыкан келип, чырайлуу жана бейгам көрүнөт, келбетин бузуп турган жалгыз нерсе, үнүнөн билинип калган жалган ыргактар эле. Топчулугунда кооз орхидея гүлдөрү бар спорттук күрмө кийиптир жана мунун баары денесине куп жарашып, үстүндөгү бир да кийим көчөдөгү жаан-чачынга эмес, бир гана анын иш бөлмөсүндөгү жаркыраган жазга ылайыкташкандай. Бул жолугушууга даярданууга эки саат короткон жаным капысынан жакырлыгымдан уялып кеттим, мындан улам ого бетер ачууландым.

Буга кошумча болуп, өлгөндөрдүн баштары крест менен белгиленип коюлган гезиттин 25-жылдыгына арналып жасалган редакция кызматкерлеринин көлөмдүү сүрөтү заар уусун чачат. Мен оңдон үчүнчү элем, башымда кырбусу тар камыш шляпа, күрмөп байланып бермет төөнөгүч кыстарылган галстук, штаттагы полковник сымал жарашыктуу мурутчан (мурутумду кырк жашка чейин өстүрдүм) жана жарым кылым өткөндөн кийин кереги тийбей калган кудум сокур болуп бараткан семинарист сыяктуу темир кыргактуу көз айнекчен элем. Мен бул сүрөттү ар кайсыл жылдарда ар кайсыл иш бөлмөлөрүнөн көргөмүн, бирок ушул жолу гана мага анын жашыруун сыры жетти: биерде башынан бери иштеп келаткан кырк сегиз адамдын ичинен азыр төртөөсү гана тирүү эле жана эң кичүүбүз көптөгөн киши өлтүрүүлөрү үчүн жыйырма жылга түрмөгө кесилип кеткен.

Директор сүйлөшүүсүн токтотуп, сүрөткө карап турганымды байкап, жылмайды. “Кресттерди мен койгон эмесмин, — деди ал. – Менимче, бул жакшы эмес. – Ал үстөлгө олтуруп башка үн менен сүйлөдү: — Мен билген кишилердин ичинен дагы эмнелерди жасап жиберерин болжоого болбогон адам – сизсиз. – Андан соң мени таңыркатып, маселени кабыргасынан койду: — Сиздин жумуштан кетүү туурасындагы арызыңыз жөнүндө айтып жатам. – Мен араң мындай деп калышка үлгүрдүм: “Бул – менин бардык жашоом”. Ал бул кырдаалдан чыгуу эмес деп каршы болду. Ал эми макалага эң мыкты деген баа бериптир жана карылык туурасындагы ой жүгүртүүлөрүм ал окуган макалалардын ичинен эң жакшысы экен, андыктан да аны бүтүрүүнүн зарылчылыгы жок. “Тилекке жараша, — деди директор, — Кара санатай Кар киши аны качан терилип бүткөндө окуп калыптыр жана макала ага болбогон нерседей көрүнүптүр. Эч ким менен кеңешпестен туруп, макаланы өзүнүн кандуу карандашы менен чийип салат. Бул тууралуу эртең менен билгенимде, бийликтегилерге каршылык көрсөтүү нотасын жиберүүлөрүн буйрудум. Бул менин милдетим, бирок ортобузда калсын, мен цензорго өзүм билемдиги үчүн ыраазы болдум. Бирок, менин нотам көңүл буруусуз калышына жол бербеймин. Ал чын дилинен жалбарып суранат. Кемени ачык деңизде калтырып кетпеңиз”. Директор көтөрүңкү үн менен сөзүн аяктады: “Сиз менен музыка тууралуу али көп сүйлөшөбүз”.

Директор чечкиндүү маанайда болгондуктан, көз караштарыбыздын келишпестигин кайсы бир жаңылыш сөз менен тереңдетип алуудан чочуладым. Чындыгында жумушумду таштап кетүүгө татыктуу себеп жок эле, мезгилден утуу үчүн гана дагы бир жолу ооба деп айтам го деген ой үрөйүмдү учурду. Өзүмдү колго алууга туура келди, көз жашым акчудай абалга жетип уят болгонумду көргөзбөш үчүн жашып кеттим. Ошентип биз далай жылдар буга чейин да боло келгендей, өз ойлорубуз менен калдык.

Көңүл ачууларга караганда баш аламандык менен коштолгон кийинки жумада мага басмаканачылар белек кылган мышыкты алуу үчүн жаныбарлар багылган жайга баш бактым. Мен өздөрү сүйлөй баштамайынча тил табыша албаган наристелер сыяктуу эле жаныбарлар менен да анчалык жакын эмесмин. Менимче, алардын жан дүйнөсү керең. Аларды жакшы көрбөймүн деп айта албайм, жөн гана алар менен пикир алышууну үйрөнө электигим үчүн жактырбасам керек. Мага эркек адам аялына караганда ити менен жакшыраак тил табыша алгандыгы табигатка каршыдай сезилет. Ал ити менен качан тамак жээр-жебестиги тууралуу сүйлөшүп, кайгы-муңун да айтып берет. Бирок басмаканачылар белек кылган жаныбарды алып кетпесем аларды таарынткан боломун. Анын үстүнө бул жылтыраган кызгылтым жүндүү, көздөрү жанып турган укмуш сулуу ангор мышыгы эле, мыёологонун уксаң тим эле мына-мына сүйлөп жиберчүдөй сезилет. Мышыкты токулган себетке теги жазылган сертификат жана кудум ал бүктөмө велосипед сыяктуу кантип аны кароо керектиги жазылган нускама кагаз менен кошо салып беришти.

Аскер күзөтчүсү Сан Николас багына кирерден алдын элдин баарынын документин тешерип жатты. Мындайды эч качан көргөн эмесмин, бул көрүнүш калтырган оор сезимди карылыктын белгиси деп эсептедим. Күзөтчүлөрдүн отряды дээрлик өспүрүм деп атоого боло турган офицер башкарган төрт адамдан куралыптыр. Алар чың денелүү, унчугушпаган, бийик тоолордун катаал балдары эле, алардан малдын жыты келет. Жаактары деңиз шамалына туурулган офицер аларды көңүл буруп тиктейт. Документтерим менен кабарчылык күбөлүгүмдү текшерип бүтүп, себетимде эмне бардыгын сурады. “Мышык”, — деп жооп кайтардым. Ал көргүсү келди. Мышык секирип кетпесин деп коркуп, себетти абдан этиеттеп ачтым, бирок күзөтчү себеттин түбүндө дагы бирдеме жокпу деп текшермекчи болгондо мышык аймап алды. “Эң сонун ангор мышыгы”, — офицер мышыктын таламын алды. Мышыкты сылап бирдеме деп шыбырады, мышык ага тийбеди, бирок тиктеген да жок. “Мунун жашы канчада?” – офицер кызыгуу менен сурады. “Билбейм, — дедим мен, — аны мага жаңыдан гана белек кылышты”. – “Муну сураганымдын себеби, бул абдан картаң мышык, он жашта болсо керек”. Мен андан муну кайдан билерлигин, деги эле дагы башка көп нерселерди сурагым келди, бирок анын сылыктыгы менен кооз сөздөрүнө карабай аны менен сүйлөшүүгө шайым жок эле. “Менимче, ал таштанды мышык жана көптөрдүн колунда болгон, — деди офицер. – Ага байкоо салыңыз, сиз аны үйрөтпөстөн, анын ишенимине киргенче сиз андан үйрөнүңүз”. Ал себеттин капкагын жаап, мындай деп сурады: “А сиз эмне иш кыласыз?” – “Мен кабарчымын”. – “Көптөн бериби?” – “Дээрлик бир кылым”. “Мен да ошентип ойлодум”, — деди ал. Колумду кысып, керектүү кеңеш да, эскертүү да катары сезилген сөздөр менен кош айтышты:

— Өзүңүздү сактаңыз.

Чак түштө аземдүү табит менен тандалган музыка дүйнөсүнө “кетүү” үчүн телефонумду өчүрдүм. Булар кларнет үчүн жазылган Вагнердин оркестрине рапсодия, Дебюссинин саксофону үчүн жазылган рапсодия жана Брюкнердин кылдуу аспаптары аткаруучу квинтет эле. Бөлмөнүн жарым караңгылыгына чөмүлдүм. Капысынан үстөл астынан бирдеме сойлоп өттү, мага бул тирүү жандык эмес, табияттан тышкары турган заттай сезилди, жандык бутума урунуп, кыйкырды да, секирип кетти. Бул табышмактуу жай жүргөн, куйруктары жайылган жомоктогудай сулуу мышык экен, денем дүркүрөп кетти: үйдө адам эмес, тирүү жандык менен бетме-бет калган элем.

Чиркөө мунарасындагы коңгуроо жетини кагып кызгылтым асманда болгону жалгыз жана жарык жанган жылдыз калып, ал эми кайсы бир кеме жээктен узап баратып, аянычтуу коштошуп үн салганда болушу мүмкүн болуп, бирок болбой калган Сүйүүлөрдүн ачуу даамын сездим. Андан ары чыдап тура албадым. Трубканы көтөрдүм, жүрөгүм мына-мына кабынан чыгып кетчүдөй болот, адашпас үчүн абдан жайлык менен төрт санды тердим жана үчүнчү коңгуроодон кийин андан чыккан үндү тааныдым. “Мейли, — дедим мен жеңилдене үшкүрүп, — эртең мененки кызуу кандуулугум үчүн кечир”. Роса эчтеме болбогондой, мындай деди: “Эчтеке эмес, мен сенин коңгурооңду күткөмүн”. Мен мындай деп эскерттим: секелек Кудай аны бул дүйнөгө кандай жиберген болсо, ошондой кебетеде болсун жана жүзүндө эч кандай боёк болбосун. Ал каткырып күлдү. “Айтканыңдай болсун, бирок эмнеден экенин билбеймин, абышкалар жакшы көргөндөй, анын кийимдерин биринин артынан бирин чечинтүү жыргалынан кур каласың”. – “А мен билемин, — деп жооп кайтардым: — Алар ушинтишкен сайын улам картая беришет”. Ал макул болду. “Жарайт, — деди ал, — демек, туура саат тогузда, кыз жылуу кезинде үлгүрүп кал”.

III

Кыздын аты ким эле? Роса муну мага айткан жок. Ал дайым кызды жөн гана “нинья” – секелек деп атачу. Мен да аны нинья, Колумбдун кичи кемеси “Ниньяны” эркелетип айткандай, “Нинья, көздөрүмдүн жарыгы” деп атадым. Анын үстүнө Роса Кабаркас кол алдындагы кыздарга алардын ар түркүн кардарлары үчүн ар түрдүү ысымдарды ыйгара турган. Мен кээде алардын жүзүнө карап ысымын табууну эрмек кылчумун жана дароо эле секелектин ысымы Филомена, Сатурнина же Николас сыяктуу узун ысым болсо керек деген ишенимде элем. Бул тууралуу кыз мага капталын салып оодарылганда ойлогомун, мага кыздын алды кудум анын денесинин калыбын кайталаган кан көлчүгү сыяктуу сезим келди. Калтырай түшүп шейшепте болгону тердин нымдуу тагы гана бар экенин көргөндө араң өзүмө келдим.

Роса Кабаркас кызга этият мамиле кылуумду айтты, ал дагы деле коркуп жатыптыр, кантсе да биринчи жолу эмеспи. Мунусу аз келгенсип, ырасымдын салтанаттуулугу коркунучту күчөттү, кызга тынчтандыруучу дары беришке туура келди, андыктан ал азыр тынч уйкуда көшүлөт, ойготуу да аянычтуудай. Кыздын терин сүлгү менен аарчыганча, ага Дельгадина, падышанын ата мээрими жетишпеген Арык кызы тууралуу ырды ырдап бердим. Мен кыздын денесин сүргүлөп жаттым, ал болсо ырдын ыргагына жараша улам бир капталына оодарылат: “Дельгадина, Секелегим, эң сүйүктүү жан болосуң”. Бул ушунчалык ырахаттуу көрүнүш эле, себеби, анын бир капталын аарчып бүткөнүмчө, ал кайрадан тердеп чыккан башка капталы менен мага карай оодарылат, андыктан ыр да бүткүдөй эмес. “Өйдө бол Секелек, кийимиңди кий Секелек”, — деп анын кулагына жакын келип ырдадым. Ырдын аяк чениндеги падыша нөкөрлөрү Арык кызды чаңкоодон өлүп бараткан жеринен табышкан жерге келгенде менин секелегим өзүнүн атын укканда мына-мына ойгонуп кетчүдөй көрүндү. Себеби, бул ошол Дельгадина-Арык кыз эле. Мен өбүшүүнүн издеринин сүрөтү менен кооздолгон турсийчен төшөккө жатып кыздын жанынан орун алдым. Кыздын жылуу тыноосунан чыккан шуудурга магдырап саат бешке чейин уктапмын. Жуунбастан тез кийине салдым, ошондо гана күзгүдөгү эрин боёгуч менен жазылган жазууну көрдүм: “Жолборс тамак издеп алыска барбайт”. Мен өткөн түнү бул жерде болбогонумду билемин, андыктан да бул сөздөрдү шайтандын кайрылуусу катары кабыл алдым… Үрөй учурган күн күркүрөөнүн жаңырыгы босогого жеткенимде жаңырды, бөлмө нымдуу жердин жытына толуп чыкты. Суу болбой качып кетүүгө үлгүрбөдүм. Такси издегенимче, укмуштуудай, шаарга майдан октябрга чейин төгүлчү, анын чаң-тозоңун чыгарчу, дарыяга умтулган, кызыган кумдуу көчөлөрдө жолунан кезиккендин баарын өзү менен алып кеткен бууракандаган агымга айланган нөшөр башталды. Шаарга үч айлык кургакчылыктан кийин жааган ошол өзгөчөлүү сентябрдын жамгыры аны бар кылышы да, жок кылышы да мүмкүн эле.

Эшикти ачаарым менен жалгыз эместигимди жон терим менен туйдум. Болгону дивандан секирип балконго жылт койгон мышыктын элесин гана көрүп калдым. Жайпак табакчада мен салбаган тамактын калдыктары жатты. Зааранын кермек даамы менен жаңы эле ташталган заң баардык нерселерге сиңип үлгүрүптүр. Мен мышыктын заңын качандыр бир латынчаны үйрөнгөндөй изилдей баштадым. Көрсөтмөдөн мышыктар заңын жерге, ал эми короосу жок үйлөрдө менин мышыгым сыяктуу гүл эгилген карапаларга же үйдүн бурчтарына көмөрүн билдим. Баарынан жакшысы, мышыкты заара кылып, заңдоого үйрөтүү үчүн ошол замат кум төгүлгөн жашик коюп коюу керек экен, мен да ошондой кылдым. Ошондой эле мышык адегенде жаңы үйдө өз аймагын белгилөө үчүн бардык жерге заара ушатары да айтылыптыр, иштин баары ушунда болуш керек, бирок көрсөтмө бул учурда эмне кылуу керектигин айтпаптыр. Мышык мени өзүнүн көндүмдөрү менен адаттарына үйрөтүп, өз саясатын жүргүзүп жатты, бирок да обочо жашыруун бурчтарын, өзү эс алып жатканды жакшы көргөн жашыруун жерлерин, кубулма маанайынын сырларын ачкан жок. Мен мышыкты белгилүү бир сааттарда тамактанууга, айбанчадагы кум төгүлгөн жашикти колдонууга, уктап жатканымда төшөгүмө секирбөөгө жана үстөлдөгү тамакты жыттабоого үйрөткүм келди, бирок да үй анын аскерий олжолорунун мыйзамы менен эмес, жеке менчик укугу боюнча ага таандык экенин түшүндүрө албай койдум. Баары мышыкты жайына коюум менен аяктады.

Кечинде нөшөр төгүлдү, борошолуу шамал үйдү учуруп кетчү баштанат. Чүчкүрүп жаттым, башым ооруп, денемдин табы көтөрүлдү, бирок менде эч бир курагымда, эч бир кырдаалдарда болбогон күч жана чечкиндүүлүк пайда болду. Тактайга шыптан тамган тамчыларга дагыра коюп жатып, анда өткөн кыштан бери жаңы жылчыктар пайда болгонун көрдүм. Алардын эң чоңу китепкананын оң тарабын суу кыла баштаптыр. Ал жактагы грек жана латын авторлорун сактап калууга шашылдым, бирок текчелерден китептерди ала баштаганымда, дубалдан суу шорголой баштады, көрсө, түтүк жарылыптыр. Колумдан келишинче жылчыкка убакыттан утуп китептерди сактап калуу үчүн чүпүрөктөрдү тыга баштадым. Суу менен шамал сейил бакта уламдан-улам албууттана берди. Капысынан үрөй учурган чагылган менен күндүн күркүрөөсү абаны тең жарып, аны күкүрттүн ачуу жытына толтуруп жиберди, табигаттын толкуну балкондун айнектерин сындырып, деңиздин албуут шамалы кулпуларды жулуп салып үйгө кирип келди. Бирок арадан он мүнөт өтпөй баары бир мезгилде тынчып калды. Күн жарк этип, сыныктар менен таштандыларга толгон көчөлөрдү кургатты, ысык аба ырайы кайтып келди. Өткүн өтүп кетти, мени болсо дагы деле үйдө жалгыз эместейге окшогон сезим коё бербеди. Буга бир гана түшүндүрмө бар: чынында эле болуп өткөн окуялар унутулат, ал эми эч качан болбогон нерселер эсиңде кудум болуп өткөн сымал кала бериши ыктымал. Ошентип, эсиме ошол нөшөр түшөр замат, мен үйдө жалгыз эмесмин, жанымда дайым Арык кыз болот. Түнкүсүн секелекти жаныма ушунчалык жакын сезгендиктен, анын дем алуусун туюп, жаздыгымда кыздын беттери калтырап жатканын сезер элем.

Ошондо гана биз бул кыска убакыт ичинде канчалаган көп иштерди бүтүрөрүбүздү түшүндүм. Эсимде, китепканада отургучка чыгып жатам, жаңыдан уйкудан ойгонгон гүлдүү көйнөкчөн кыз суу болуп калбасын деп китептерди жыйнап жатат. Мен анын кантип чагылган менен күрөшүп, үйдүн ичинде кызыл ашыгына чейин сууга батып, өтмө катар суу болуп чуркап жүргөнүн көрөм. Андан кийин, таңга маал, кыздын чынында жашоодо болбогон таңкы тамакты жасаганын жана үйдү түнкү селден кийин иреттеп, тактайды сүрүп чыкканымдан кийин дасторкон жайганын эстеймин. Ошондой эле тамактанып жатканыбызда мага үтүрөйө карап: “Эмне үчүн мени менен таптакыр картайып калганда тааныштың?” деп сураганын эч качан унута албаймын. Мен ага чынын айтам: жаш курак – бул сенин канча жыл жашаганыңда эмес, ошол жылдарды кандайча сезгениңде.

Ушул учурдан тартып аны ушунчалык даана эстегенимден улам, кызды өзүм билгендей өзгөртүп коё алчу болдум. Көздөрүнүн түсүн өз маанайыма жараша алмаштырам. Кыздын каректери ал ойгонгондо деңиз суусундай көгүлтүр эле, күлүп жатканда асел түстөнүп, ачуусу келгенде оттой кызарат. Маанайыма жараша кызды жаш курагына же кырдаалга жараша, жыйырмасында ашык болгон тартынчаак бийкечтей, кырк жашында ак сөөк мырзайым, жетимишинде Вавилон канышасы, жүзгө чыкканда Ыйык энедей кийинтер элем. Экөөбүз Пуччинонун махабат дуэттерин, Агустин Ларанын “Болеросун”, Карлос Гарделдин танго бийин бирге ырдадык жана ырдоонун кандай бакыт экенин билбегенибизге ынандык. Азыр так жана даана билгенимдей, бул акыл-эстин тумандоосу эмес, бул мага токсон жашымда келген алгачкы сүйүүнүн керемети эле.

Үйдү иреттеп бүтүп, Роса Кабаркаска коңгуроо кылдым. “Ыйык кудайым! – деди ал үнүмдү угуп, — сени сууга чөгүп кеткен го дептирмин”. Роса бийкеч менен түндү бирге өткөрүп, бирок ага тийбегениме ишене албай жатты. “Ал сага жакпай калышы мүмкүн, буга укугуң бар, бирок жок дегенде өзүңдү чоңдордой кармачы”. Мен жагдайды түшүндүрүүгө аракет кылганымда, Роса сөздү кескин башкага бурду: “Мейли, менде сага башка бирөө бар, жашы улуураак, сулуу жана кыз бойдон. Атасы кызын үйгө алмаштыргысы келет, бирок соодалашууга болот”. Жүрөгүм муздай тоңду. “Дагы эмне дейсиң, — чочуп кетип каршылык көрсөттүм, — ошол эле кызды каалаймын жана дайым болуп келгендей, бардыгы сүйлөшүлгөндөй, талашсыз жана жагымсыз окуяларсыз болушун каалаймын”. Телефондун ары жагы жымжырт болуп калды, акыры барып баш ийген үн кудум өзүнө сүйлөп жаткандай болду: “Ооба, бул, кыязы, доктурлар айткан карылыктын залдары окшойт”.

Мен туптуура саат ондо суроо бергенди билбеген укмуштуудай сылыктыгы үчүн эстеп калган тааныш шоопурум менен келдим. Өзүм менен кошо көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу желдеткич менен сүйүктүү картинам Орландо Ривера-Фигуритинин сүрөтүн, сүрөттү илип коюу үчүн балта менен мык ала келдим. Жолдо тиш сүрткү, тиш пастасын, атыр самын, “Агуа де-Флорида” жыттуу суусун жана кызыл мыя кошулган набат ала келдим. Мен ошондой эле кагаз гүлдөр салынган кумуранын көзүн күйгүзүү үчүн гүл салган ваза сатып алмакчы элем, бирок бардык дүкөндөр жабылып калыптыр, ошентип кимдир-бирөөнүн багында жаңы гана ачылган астромелий гүлдөрүн уурдоого туура келди.

Кожойкенин насааттарын эске алып, бакка чыккан дарбазадан бирөө  көрүп калбаш үчүн, үйгө коңшулаш көчөдөн, ноочо тарабынан, үйдүн арт жагына келдим. Шоопур мага эскертүү берди: “Абайлаңыз, урматтуум, бул үйдө киши өлтүрүүлөр болуп турат”. Мен ага: “Эгерде бул сүйүүнүн айынан болсо, анда өлтүрө беришсин” дедим. Короо караңгы эле, бирок терезелерде тириликтин оту жанат, ал эми алты бөлмөдө болсо музыка жаңырат. Менин бөлмөмдө башка бөлмөлөргө караганда Мигель Матаморостун “Болеросун” аткарып жаткан америкалык тенор Педро Варгастын коңур үнү бир аз катуураак чыгып жатты. Негедир эле мына азыр өлөрүмдү сезгендей болдум. Демим кыстыгып чыкты, эшикти түртө салып Дельгадинаны көрдүм, ал мен дайым элестеткендей абалда, жылаңачтанган бойдон жүрөк жайгашкан сол капталы менен жатып, таттуу уйкуда экен.

Жатаардан мурун атыр, самындарды, жыттуу майларды ордуна жайгаштырып, эскирип дат баскан желдеткичтин ордуна жаңысын орнотуп жана Дельгадина төшөктө жатып да көрө алчудай кылып картинаны дубалга илип койдум. Андан кийин кыздын жанына жатып сөөм жерин калтырбай карап чыга баштадым. Бул ошол менин үйүмдө жүргөн кыз эле: караңгыда мени сыйпалап тааныган ошол колдор, басыгынын жумшактыгынан мышык басып баратабы деп ойлогон ошол буттар, менин шейшептеримден жыттанган ошол тердин жыты жана дал ошол шакек тагылган манжалар. Бирок укмуштун баары мына мында болчу: көз алдымда тирүүлөй көрүп турган кыз акыл-эсимде жашаган кызга караганда азыраак адам ишенерлик эле… “Маңдайыңдагы дубалда сүрөт турат, — дедим ага. – Муну Фигурита тарткан, биз аны абдан жакшы көрөр элек, ал дүйнө жүзү боюнча көңүл ачуучу үйлөрдөгү эң мыкты бийчи эле, анын жүрөгү ушунчалык жумшак дейсиң, атүгүл шайтанды да аяй турган. Сүрөттү болсо, Невада-де-Санта-Мариядагы Сьерра тоолорунда кулаган самолёттон алынган эски болотнайга иттин жүнүнөн жасаган кыл боёгуч менен тартып, кемелерди боёгон түстөр менен сырдаган. Сүрөттөгү аял, сүрөтчү кечилканадан уурдап келип үйлөнгөн кечил аял. Аны маңдайыңа илип койдум, сүрөт көзүңдү ачканда көргөн биринчи нерсең болсун”.

Түнкү саат бирде жарыкты өчүргөнүмдө, кыз дагы деле ошол калыбында уктап жатты, кыздын деми ушунчалык билинбей чыкканынан, атүгүл ал тирүү бекен деп кан тамырынын кагышын текшерип көрдүм. Кан кыздын кан тамырлары менен жумшак агып, кыз денесинин түпкүр жерлерине жетип, сүйүү менен тазаланып, кайра жүрөгүнө кайтып келип жатты.

Өткөн жолу кетип жатып, мен кагазга кыздын алакандарынын сызыктарын тартып алып ага карап кыздын жан дүйнөсүн окуп берүүсү үчүн Сахибиге бергемин. Ал мындай деп чечмеледи: Кол эмгектерине абдан жөндөмдүү. Өлгөн адам менен андан жардам күтүп, байланышы да бар, бирок анын мунусу майнапсыз: кыз үмүттөнгөн жардам анын жанында. Кыздын мамилелеш адамдары жок, улгайган курагында, турмушка чыгып каза болот. Азыр ал кара чачтуу эркек менен сүйлөшөт, бирок бул ага керектүү адам эмес. Кыздын сегиз баласы болушу ыктымал, бирок үчтү гана төрөөнү чечет. Отуз беш жашында, эгерде акылы эмес, жүрөгү айткан нерсени жасаса, колуна көп акча келип түшөт, ал эми кырк жашында мурастын ээси болот. Абдан көп саякаттайт. Эки кыл жашоосу жана эки кыл тагдыры бар, кыз өзү тагдырына таасир көрсөтө алат. Өзү кызыккан нерселердин баарын жасап көргөндү жактырат, бирок эгерде жүрөгү айтканды укпаса, өкүнүп калат.

Сүйүүдөн башым тумандап, чагылган кыйраткан үйүмдү иретке келтирип жүрдүм, аны менен катар жылдар бою колум жетпей, же акча жетпей бир орунда жаткан көп буюмдарды оңдоп, китепканадагы китептерди качандыр бир аларды окуп чыккан убагымдагыдай кылып ырааты менен кайрадан тизип чыктым. Эркимди жыйнап туруп, диний табериктерди, пианинону жана классикалык музыка жазылган жүздөгөн дисктерди ыргытууга батынып, жаңы эмес, бирок меникинен жакшыраак радио сатып алдым, мындан улам, үй дароо салтанаттуу түргө келе түштү. Таптакыр кедейленип калууга аз калдым дечи, бирок мунун баарын бир керемет жууп кетти: токсон бир жашымда али тирүү элем.

Үй күлдөн кайра жаралды, а мен болсо Дельгадинага деген буга чейин сезип-туюп көрбөгөн арзуум менен бактылуу элем. Дельгадина себепкер болуп, токсон жылдык өмүрүмдө биринчи жолу өзүм менен өзүм жолуктум. Ошентип, ар бир буюмдун өз орду, ар бир иштин өз маалы, ар бир сөздүн өз стили болсун деген өжөрлөнгөн пикирим таптакыр тартипке келтирилген акылдын белгиси эмес, тескерисинче, менин табиятымдын башаламандыгын жашыруу үчүн ойлоп тапкан шылтоом экендигин түшүндүм. Тартиптүүлүгүм таптакыр артыкчылыгым эместигин, болгону өзүмдүн алаңгазардыгыма болгон жообум экенин, майдачылдыгымды жашыруу үчүн жоомарт болуп, жаман ниеттеримди жашыруу үчүн этият киши болуп көрүнөрүмдү, тынчтыкты сүйгөнүм табиятымдан эмес, болгону жаалданып ээ-жаа бербей албууттанган мүнөзүмдү ооздуктоо үчүн экенин, жоопкерчиликтүүлүгүм, башкалардын убактысын канчалык аз бааларымды жашыруу үчүн экенин билдим.

Мен башка адам болуп калдым. Өспүрүм чагымда окуп чыккан таанымал классик жазуучуларды кайра окуп чыгууга аракет кылдым, бирок анте албадым. Апам өзүнүн кайраттуу мүнөзү менен мага окуп чык деп өжөрлөнгөн, бирок мен окубаган романтикалык адабиятка чөмүлдүм, мен эми гана дүйнөнү кыймылга келтирип турган зор күч – бул таптакыр бактылуу сүйүү эместигин, ал зор күч бактысыз сүйүүдө экенин түшүндүм. Бул сезим менин музыкалык табитимди да чарпып өткөндө өзүмдү картаң, артта калган адам сездим жана жүрөгүмдү күттүрбөй келген бакытка ачык деп жарыяладым.

Өзүмдөн өзүм ушунчалык корккон жана келип чыгышына өзүм себепкер бул акылдан ажыроого кантип багынып бердим деп сурадым. Алдамчы булуттардын арасында калкып учуп, күзгү алдында туруп алып бейүмүт аргасыздык менен өзүмдүн ким экенимди түшүнгүм келип, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жаттым. Кудум жөөлүгөн сымал абалда элем, бир жолу таштарды ыргытып, бөтөлкөлөрдү сындырып жаткан студенттердин жөө жүрүшүн көрүп, өзүмдү араң колго алдым, аз болгондо мен алардын биринчи катарында менин азыркы чындыгымды чагылдырган “Мен сүйүүнүн айынан акылдан ажырадым” деген сөз жазылган кагазды колума көтөрүп алып басар элем.

Уктап жаткан Дельгадинанын өңү көз алдымдан кетпей койду, ошентип эч кандай терс ойлору жок эле жекшемби күнкү макалаларымдын мүнөзүн теңирден тескериге өзгөрттүм. Мен эми эмне жөнүндө жазбайын, кыз үчүн жазып жаттым, кыз үчүн ыйлап, кыз үчүн күлөр элем жана ар бир жазган сөзүм менен кошо өмүрүмдүн бир үзүмү кетип жатты. Дайымкы жазып келген гезиттик тилдин ордуна, сүйүү каттары түрүндө жаза баштадым, андыктан ар бир адам аны өзүнүкү сыяктуу окуй ала турган. Редакцияга текстимди басма ариби менен тербестен, өзүмдүн каллиграфиялык (эң кооз арип менен жазуу – кот.) сулуу кол тамгамды өзгөртпөй берүүлөрүн сунуш кылдым. Редакциянын бөлүм башчысы албетте, менин бул сунушумду картайган чактагы алжып калууга жоруду, бирок генералдык директорубуз редакцияда ошол замат учкул сөзгө айланган бир сөзү менен гана аны макул болууга аргасыз кылды:

— Адашпаңыз: тымызын алжыгандар келечекти жакындатышат.

Окурмандар ошол замат суктанган каттарын жаза башташты. Мага келген кээ бир каттарды атүгүл, олуттуу жаңылыктар сымал радиодон беришти, ар түркүн кол жазмаларды көбөйтүп чыгаруучу машинелерден же көчүрүп чыгаруучу кагаздардан көбөйтүшүп, Сан Блас көчөсүндөгү аткезчилик жол менен алып келинген чылымдар сыяктуу сата башташты. Бул жазуулар адегенде эле өзүн чагылдыруунун ашепке каалоосу менен жазылган болчу жана аларды мен абышка сыяктуу ойлонууну үйрөнө албай койгон токсон жаштагы адамдын атынан жазып жаттым. Интеллектуалдык чөйрө албетте, эски адаты боюнча такыбасынып калышты. Атүгүл, алардан муну таптакыр күтпөсөк да, менин каллиграфиялык жазууларыма байланышкан жаңылыш ойлорго негизденишип, карама-каршылыктуу ойлорго жем ташташты. Дал ошол ойлор менен маанайлардын чыр-чатактуу ойлоруна учкун таштап, кусалык модасынын чыйырын түптөштү.

Роса Кабаркас экөөбүз жылдын аягына чейин бөлмөдө электр желдеткич, атыр, самындар жана мен жашоодо керек болот деп эсептеген нерселеримдин баары турушу керек деп келиштик. Саат ондо келип дайым бийкечке же экөөбүзгө тең керектүү бирдемелерди ала келер элем жана бир канча убакыт бою биздин түндөрүбүздү жасалгалоо менен алектенчүмүн. Кетээрден алдын болсо, дайым таңкы саат бештен калбай, кайрадан баарын кулптап салчумун. Ошентип уктоочу бөлмө кайрадан туруктуу кардарларынын суз тарткан сүйүү баяндарына даяр турган баштапкы кейпине келер эле.

Ажайып таңдардын биринде радиодогу эң атактуу үндүн ээси Марко Перестин өзү менин жекшембилик жазууларымды жаңылыктар берүүсүндө окууну чечкенин уктум. Жийиркенүүм менен чочулоомду тыйып, мындай дедим: “Билесиңби, Дельгадина, атак – бул сени менен бир төшөккө жатпаган  толмоч мырзайым, бирок көзүңдү ачканыңда, ал төшөгүңдүн башында сени карап турган болот”.

Кайсы бир таңда мен аза тартып жатканына жана кашына түшүрүп кийген кара шляпасына карабастан анчалык картаң көрүнбөй калган Роса Кабаркас менен нанүштө кылууга калдым. Анын таңкы тамактары мыктылыгы жана көзүмдөн жаш агызган ачуу калемпири менен атагы чыккан. Тирүү оттон бир тиштеп көрөр замат эле көзүмдөн жаш куюлду, Росага карап мындай дедим: “Бүгүн түнү ай толбосо деле арт жагым жалындап күйө турган болду”. – “Арызданган адатыңды ташта, — деди ал. – Эгерде арт жагың жалындап аткан болсо, демек сенде али ошол арт жагың бар, кудайга шүгүр де”.

Дельгадинаны атынан атап чакырганымда Роса таң калды. “Кыздын аты андай эмес, — деди ортомчу аял. “Кантип атоону үйрөтпөй эле кой, — деп сөзүн бөлдүм, мен үчүн ал Дельгадина-Арык кыз”. Ал ийинин куушурду: “Макул, айырмасы кайсы, кыз – сеники, жөн гана бул ат мага кандайдыр жагымсыз сезилет”. Мен ага кыз күзгүгө жазган жолборс тууралуу айтып бердим. “Мындай болушу мүмкүн эмес, — аял таңыркады, — бийкеч окуй да, жаза да албайт”. – “Анда бул ким болушу мүмкүн?” Роса ийинин куушурду: “Балким, бул бөлмөдө кимдир-бирөө жан берген болушу керек”.

Мен бул таңкы тамактанууларды Роса Кабаркаска ичимдегини айтып жеңилдеп алуу үчүн жана Дельгадинанын жашоо шартын бир аз жакшыртып, кийим-кечесин да бир аз оңдоп коюу үчүн пайдаландым. Роса кудум мектеп окуучусу сыяктуу кылтыя шаңданып, баарына макул болуп жатты. “Күлкү келерлик! – деди Роса бир жолу. – Мага кудум сен анын колун сурагың келгендей сезилип жатат. Баса, — капысынан анын башына бир ой келе калды, — эмне үчүн ага үйлөнүп албайсың?” Мен селейип калдым. “Чын эле, — деп ал айтканын бербеди, — бул атүгүл, сага арзан да түшмөк. Кандай болгон күндө да, сенин курагыңда кептин баары сенин жараганыңда же жарабаганыңда, а сен мага сенде бул жагынан баары жайында экенин айткансың”. Мен анын сөзүн оозунан жулуп алдым: “Сүйүүсү жок кумар – сүйүү эмнелигин биле электер үчүн өзүн-өзү сооротуу”.

Роса каткырып күлдү: “Акылманым менин, сенин чыныгы эркек экениңди дайым билчүмүн, дайым ушундай элең, душмандарың тынып жок болгон кезде да ушундай бойдон калганыңа кубанам. Сен жөнүндө бекеринен мынча кеп-сөз болбоптур. Сен Маркос Перести уктуңбу?” “Аны кимдер укпады дейсиң, — дедим сөздү башкага бурууга аракеттенип. Бирок ал айтканын берген жок: “Ал эми профессор Камачо менен Кано кечээ “Бардыгынан аз-аздан” берүүсүндө дүйнө сен сыяктуулар аз калганынан улам да мурдагыдай эмес деп айтышты”.

Ошол жуманын аягында Дельгадинанын жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп чыкканын байкадым. Роса Кабаркасты ойготтум, ал бөлмөмө биринчи жардам көрсөтүүчү дарылар салынган кутусун алып келди. Эки күндөн кийин да секелегим али алсыз эле жана өзүнүн топчу кадамай ишине бара алган жок. Догдур ага бир жумада өтүп кетүүчү сасык тумоодо пайдаланчу үй шартында даярдалуучу дарыларды жазып бериптир, бирок догдур ошентсе да анын арыктап, өңдөн азган абалына тынчсызданганын айтты. Дельгадинаны көргөн жокмун, аны сагынганымды туйдум, азырынча учурдан пайдаланып, бөлмөмдү өзүм каалагандай жасагым келди.

Куштун бир тал жүнү менен тартылган Сесилия Поррастын Альваро Сепеддин “Биз баарыбыз күткөнбүз” деген китебине тарткан сүрөтүн алып келдим. Ошондой эле уйкусуз түндөрүмдү кооздоо үчүн Жан Кристоф менен Ромен Ролландын алты томдугун да таап келдим. Бир сөз менен айтчу болсом, Дельгадина быякка кайтып киргенде, бөлмө жагымдуу абалга келип, андагы бактылуу мүнөттөргө татыктуу болушу шарт. Булар жыты буркураган курт-кумурскаларды жоготуучу дарылар менен тазаланган аба, кызгылтым өңдөгү дубалдар, жылтыры жок чүмбөтшамдар, вазалардагы жаңы үзүлгөн гүлдөр, сүйүктүү китептерим, энекемдин бүгүнкү табитке ылайыктап илинген картиналары эле. Эски радиокабылдагычты жаңысына, кыска толкундуусуна алмаштырдым жана Дельгадина Моцарттын музыкасы алдында уктаганды үйрөнүшү үчүн классикалык музыка берүүсүн койдум, бирок жомоктогудай кечтердин биринде музыканын модалуу болеро толкунуна алмашылып калганын байкадым. Кыздын табити ушундай эле жана мен муну өкүнүчсүз кабыл алдым, себеби, мен да бир кездери ушундай музыка угар элем. Эртеси күнү үйүмө кетер алдында, күзгүгө эрин боёгуч менен мындай деп жазып койдум: “Секелегим менин, биз бул дүйнөдө жалгызбыз”.

Ошол күндөрү кыз маалынан мурда чоңоюп жаткандай сезим пайда болду. Бул таасирлеримди Роса Кабаркаска айттым, ага бул табигыйдай туюлду. Дельгадина он бешинчи декабрда он бешке толот. Ал жылдыз белгиси боюнча Жаачы. Мен чочуп кеттим, кыздын турмушта бардыгы ушунчалык адам ишенерлик дейсиң, жыл сайын жашына бир жыл кошулат. Ага эмне белек кылсам экен? “Велосипед, — деди Роса Кабаркас. – Ал бечара топчуларына жетүү үчүн күнүнө эки жолу шаарды бир айланып келет”. Роса мага кампадагы кыздын велосипет көрсөттү, мен ичимден ушунчалык сүйүктүү аялзаты үчүн мындай мискей сымал арабада жүрүү жарабаган иш деп ойлодум. Ошентсе да Дельгадинанын чыныгы турмушта жашаганынын анык далили болгон бул велосипедге жүрөк-боорум ззилди.

Ошентип кызга эң мыкты велосипед сатып берүү үчүн жөнөдүм, дүкөндө болсо арабаны минип алып кандайлыгын текшерүүдөн өзүмдү тыя албадым. Жашым канчада экенине кызыккан сатуучуга карылыктын жароокер ырайы менен жакында токсон бирге чыгамын деп жооп кайтардым. Дүкөнчү дал мен каалаган сөздү айтты: “Жыйырма жашка кичүү көрүнөт экенсиз”. Мектептеги тентектигим кантип дале мени менен жүргөнүнө акылым жетпейт, бирок кубаныч денемден суудай оргуп атылганын сездим. Ырдап жибердим. Адегенде кыңылдап, андан кийин үнүмдүн барынча, кудум даңктуу Карузо сыяктуу толгон дүкөндөр менен күрү-гүү түшкөн элдин арасында кыйкырып ырдап бараттым. Адамдар артымдан карашып, жылмайып жатышты. Ырдаганымды токтотпостон, аларга кол булгаладым. Ошол эле жумада “Токсон жашта кантип велосипедчен бактылуу болуу керек” деп аталган дагы бир ышкыбоз макаламды жаздым.

Туулган күнүндө Дельгадинага бир ырды башынан аягына чейин ырдап берип, тулку-боюн кыз деми чыкпай калганча өпкүлөп чыктым, омурткасынын ар бир муунун, апарык жамбаштарын, меңи бар капталын жана анын уйку билбеген жүрөгү кагып жаткан көкүрөк тушун өпкүлөдүм. Мен өпкүлөп жаттым, ал эми кыздын денеси улам барган сайын кызып, жылып, жапайы бир жыпар жыт чыгара баштады. Кыз денесинин ар бир укуму мага назик калтыроо менен жооп берип, ар бир өпкүлөөм башкача бир жылуулук, өзгөчө бир даамды жана жаңы онтоолорду кезиктирип жатты, кыз да мага каухардай дилинин тереңинен үндөшүп, мамактары ага тийбеген колдорума кезиккиси келгендей… Таңга жуук уктап кетип капысынан деңиз толкундары шарп эткендей сезилип, тынчсыздануу сезими дарактардын учтарын кайып өтүп жүрөгүм аркылуу өткөнүн туйдум. Ошондо жуунуучу бөлмөгө кирип күзгүгө мындай деп жаздым: “Дельгадина-Арык кыз, махабатым менин, мынакей, ошентип жаңы жыл шамалы да учуп келди”.

Жанымды элжиреткен эң таттуу эскерүүлөрүмдүн бири, кудум ушундай таңдардын биринде мектептен чыгып келаткандагы жан дүйнө дүрбөлөңү эле. Мага эмне болду? Мугалим эжей мага апкаарый карап мындай деди: “Эх, уулум, бул деген шамал да”. Арадан сексен жыл өтүп Дельгадинанын төшөгүндө ойгонуп дал ошондогудай туйгуну сездим, бул кайрадан өз убагында келген декабрь эле, дал ошол тунук, таза асмандуу, кум учурган бороондору жана көчөнү чаңдаткан бурганактуу, үйлөрдүн чатырларын учуруп, окуучу кыздардын белдемчисин түргөн декабрь эле. Шаар күңгүрөнгөн үнгө толду. Шамал жорткон түндөрү шаар базарынан чыккан кыйкырыктар шаардын эң алыскы бурчтарына да кудум жанында тургандай угулуп турду. Декабрь шамалы эң алыскы сойкуканаларда тентип жүргөн достордун үнүнөн таанууга мүмкүндүк бергени таңкаларлык эмес эле.

Бирок ушул эле шамал менен кошо мага Дельгадина жаңы жыл майрамдарын мени менен тосо албастыгы, үй-бүлөсү менен чогуу болушу керектиги тууралуу кабар келди. Бул дүйнөдө жек көргөн нерсем бар болсо, анда алар дал ушул милдеттүү түрдө үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, адамдар кубанычтан ыйлачу майрамдар жана мына бул жасалма оттор, делбе тап болгон жаңы жыл ырлары жана өрүлгөн кагаз гүлдөр. Бирок, Иса пайгамбар туулган түн келгенде көөдөн кыйнаган кусалыгымды тыя албай кыз жок ээнсиреген бөлмөгө карай жөнөдүм. Уйкум тынч болду, ойгонгонумда жанымда арткы буттары менен баскан түндүк аюуларына окшогон мамалак жатыптыр, анан дагы “Кара мүртөз атакеге” деген сөздөрү бар открытка бар эле. Раса Кабаркас мага Дельгадина менин сабактарым боюнча жазууну үйрөнүп жатканын кабарлаган жана кыздын тегиз сулуу тамгалары суктандырган. Бирок кыздын өзү мени мына бул мамалак белеги менен капа кылды. Жаңы жыл түнү үйдө жалгыз калдым, кечки сегизде төшөккө жаттым жана эч кандай кайгыны деле сезбей уйкуга кеттим. Мен бактылуу элем, себеби саат он экини соккондо коңгуроолордун жан алы калбай шаңгыраган үндөрү, фабрикадан чыккан үндөр, өрт өчүрүүчү машинелердин озондогону, жээктен узап бараткан кемелердин жардыргычтардын тарсылдагы коштогон эчкиргендей үзүлүңкү үн салуусу менен кошо Дельгадинанын бутунун учу менен жаныма келип кыңкайып мени өпкүлөгөнүн сездим. Ушунчалык даана сезгенимден, оозумда анын эриндеринин кызыл мыяныкындай даамы калды.

IV

Жаңы жылдын баш чендеринде кудум өңүбүздө чогуу жашап жүргөн сымал бири-бирибизди биле баштадык, мен ага акырын ырдап берчү болдум, ошондо кыз уйкудан ойгонбой туруп ырымды тыңшап, дене кыймылы менен жооп берер эле. Кыздын маанайын анын кандай уктап жатканынан билүүгө мүмкүн болчу. Адегендеги жүдөгөн жана бир аз ороюраак Дельгадина акырындык менен кудум жан дүйнөсү тынч алгансып, мындан улам жүзү сулуураак, түштөрү да мазмундуу болуп калгансыды. Мен ага өз жашоомду айтып, кулагына өзүмдүн жекшембилик макалаларымды окуп берчү болдум, аларда такай, аты аталбаса да, кыздын өзү сөзсүз түрдө болор эле.

Бир жолу мен секелектин жаздыгына апамдын зымырыт таштуу сөйкөсүн калтырып кеттим. Кыз ал сөйкөлөрдү биздин кийинки жолугушуубузга тагынып келди, бирок сөйкө кызга жарашпаптыр. Ошондо кыздын терисине көбүрөк өңдөшкөн башкасын алып келдим. Кызга минтип түшүндүрдүм: биринчи сөйкө сенин жүзүңө да, чач жасалгаңа да ылайык келген жок. Булар жакшы. Кийинки жолугушууларга кыз эки сөйкөнүн бирин да тагынып келген жок, үчүнчү кездешүүдө гана мен жакшы деп көрсөткөн сөйкөлөрдү тагынып келди. Кыздын мунусунан мага белгилүү болгондой, ал менин көрсөтмөлөрүмө баш ийип да калган жок, бирок мени кубантуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүптүр. Ошол күндөрү үйдөгү жай тирликке ушунчалык көнүп калганымдан, энеден туума жатканымды токтотуп, түнкүсүн мага эбак керексиз болуп калган кытай жибегинен тигилген ич кийим кийип жатчу болдум.

Мен бүткүл дүйнө француздарга караганда көбүрөк суктанышкан француз автору Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей канзадасын” окуй баштадым. Бул кыздын кызыгуусун жараткан биринчи нерсе болду, секелек атүгүл ойгонуп да койгон жок, бирок анын китепке ушунчалык кызыкканын туюп, аны акырына чейин окуп бүтүү үчүн эки күн катары менен келүүмө туура келди. Андан кийин биз Перронун “Жомокторун”, Ыйык тарыхты, балдарга ылайыкталган “Миң бир түндү” окудук жана кыздын түштөрү да китептин кызыктуулугуна жараша ар кандай тереңдикте болорун түшүндүм. Кыз сезимдеринин түпкүрүнө жеткенимди туйганда жарыкты өчүрүп, аны кучактаган бойдон таңкы короз үнү угулганча уйкуга кетем.

Мен бактылуу элем, анын кабактарынан назик өпкүлөчүмүн, ошентип бир жолу кудум асманда нур жарк эткендей болду, кыз биринчи жолу жылмайды. Андан кийин эчтекеден эчтеме жок төшөктө мага оодарылып бурулуп, нааразы болгон үн менен мындай деди: “Үлүлдөрдүн ыйлаганына Исабель айыптуу”. Мени менен сүйлөшөр деген үмүттө үнүмдү кыздыкындай чыгарып андан сурадым: “А үлүлдөр кимдики?” Кыз жооп берген жок. Кыздын үн ыргагы кудум аныкындай эмес, ичинде башка бирөө жашырынып жаткандай, кедейлердин үнүндөй чыгып жатты. Ошондо жан дүйнөмдөгү шектенүүнүн изи да калган жок: ал мага уктап жатканда көбүрөк жагат экен.

Жалгыз көйгөй мышык болду. Ал таптакыр жашоого болгон кызыгуусун жоготуп, өз бурчунда эки күн башын өйдө кылбай түнөрүп отурду, Дамиана ветеринар дарыгерге алпарып келсин үчүн себетке салмакчы болгонумда кудум жаралуу жырткычтай аймап алды. Дамиана тамандары менен чапкылаган мышыкты араң тынчтандырып, токулган баштыкка салды да үйдөн алып чыгып кетти. Бир аздан кийин мага коңгуроо кылып мындай деди: айла жок, мышыктан айрылууга туура келет, бирок буга сенин макулдугуң керек. Эмнеге айрылабыз? “Себеби ал абдан картаң”, — деди Дамиана. Мен жинденип, андай болсо мени да мышыктарга арналган меште тирүүлөй кууруп салууга болот деп ойлодум. Өзүмдү эки оттун ортосунда куралсыз калгандай сездим: мышыкты жакшы көрүүнү үйрөнө албадым, бирок да жан дүйнөм аны картаңдыгы үчүн гана өлүмгө кыя албайт эле. Андай көрсөтмө кайда экен, анда эмнелер жазылыптыр?

Бул окуя мени ушунчалык толкунданткандыктан, жекшембилик макаламды Неруданын саптарынан алып, “Мышык – бул кичинекей үй жолборсубу?” деген тема менен баштадым. Макала коомду кезектеги жолу экиге бөлгөн кимдер мышык тарабында, кимдер ага каршы тарапта деген эки толкунду жаратты. Беш күндөн кийин мышыкты анын карылыгы себептүү эмес, коомдун ден соолугу үчүн өлтүрүүгө болот деген ой үстөмдүк кылып кетти.

Апамдын өлүмүнөн кийин мени дайым уктап жатканымда ким-бирөө кармалашы мүмкүн деген коркунуч кыйнай турган. Бир жолу мен ушундай абалды сездим, бирок апамдын үнү жанымды жай алдырды. Апам “менин байкуш уулум” деп жатыптыр. Бул сезимди кайрадан Дельгадинанын бөлмөсүнөн сезгенимде мени кыз кармалап жатат деген ойдон кубанып кетип ордумдан ыргып тура жаздадым. Жок, алдымда көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктан чыккан Роса Кабаркас турду. “Батыраак кийин да мени менен жүргүн”, — деди ал, — менде олуттуу көйгөй бар”. Көйгөй мен ойлогондон алда канча чоңураак экен. Ишкананын олуттуу кардарын үйдүн биринчи бөлмөсүндө бычактап өлтүрүп кетишиптир. Киши өлтүргүч качып кетиптир. Жылаңач, бирок бутуна туфли кийген өлүк кудум кайнатылган тоок сымал, канга батып дөбөдөй болуп жерде жатыптыр. Мен аны босогодон эле тааныдым: бул Х.М.Б., келишимдүү жана келбеттүү, мыкты кийингени, эң башкысы, үй-бүлөлүк очогунун бекемдиги менен даңкы чыккан ири банкир эле. Мойнундагы кочкул кызыл эки жарасы кудум эрин сыяктуу сезилет, ичиндеги зор жарадан кан агууда. Дене али катый элек экен. Бирок мени бул жаралардан да эсеңгиретип таң калтырган нерсе, өлүм ырайын бузган эркектин жан жерине кийгизилген, иштетилбеген коргогуч (презерватив) болду.

Роса Кабаркас банкир ким менен болгонун билбейт экен, себеби, ал дагы үйгө бактагы эшик тараптан кирүүгө укуктуу эле. Роса банкирдин сүйгөнү эркек болушу ыктымалдыгын да жокко чыгарбады. Сойкулар үйүнүн кожойкеси менден бир гана нерсени суранды – мен ага өлүктү кийиндирүүгө жардам беришим керек. Ал өзүн ушунчалык тынч жана ишенимдүү кармаганынан эрксизден өлүм бул аял үчүн көнүмүш, ашканадагы иштер сыяктуу окуя болуп жүрбөсүн деген ойдон селт эттим.

— “Өлүктү кийиндиргенден өткөн кыйын иш жок”, — дедим мен. “Кудайдын барманы менен муну жасай алдым”, — деди Роса. – Бул оңой эле, эгерде өлүктү кармап турган адам болсо”. Шектенүүмдү жашыра албадым: “Кимдир-бирөө бычак менен кескиленген, бирок англиялык мырза сыяктуу бүтүн күрмө кийген өлүккө ишенет бекен?”

Капысынан Дельгадинаны ойлоп коркуп кеттим. “Эң жакшысы, аны сен алып кет”, — Роса Кабаркас мага ушундай кеңешин берди. “Адегенде, өлүктү эптейли”, — дедим коркунучтан муздай катып. Ал мунумду байкай калып жек көрүүсүн жашыра албады: “Сен калтырап жатасың да!” “Кыз үчүн”, — дедим өжөрлөнүп, бирок бул чындыктын жарымы гана. “Кызга айт, бул жакты бастырып кирише электе кетип калсын”. “Макул, — деди Роса, — бирок сага, журналистке эчтеме болбойт”. – “Сен сыяктуу эле, — дедим мен да оройлонуп. – Сен бул өкмөттө салмагы бар жападан жалгыз либералсың”.

Мемиреген табигаты бар тынч шаардын асманын кудум каргыш тийген сыяктуу кырсык айланып жүрдү, жыл сайын аны ырайымсыз, ызы-чуулуу киши өлтүрүүлөр титиретет. Бул жолку киши өлтүрүү мындан башкача эле. Майда-чүйдөсүн иликтебеген расмий билдирүүдө жаш банкир кол салууга дуушар болуп Прадомар кан жолунда бычакталып өлтүрүлгөн деп айтылды жана кылмыштын себеби да түшүнүксүз. Анын душмандары болгон эмес. Бийликтегилердин билдирүүсүндө болжолдуу киши өлтүргүчтөр жергиликтүү элдин тынчтыкты сүйгөн маанайына карама-каршы келишкен жана кылмыштуулуктун көбөйүшүнө себеп болгон өлкөнүн ички облустарынан көчүп келгендер деп айтылды. Алгачкы эле сааттарда элүүдөн ашык адам кармалды.

Кыжырым кайнап, кылмыш бөлүмүнүн редакторуна келдим, бул баардык ишти али болуп өтө электе билем деген жашыл калканчтуу баш кийимчен, ийинине резинке арчындагыч артынган жыйырманчы жылдардын типтүү журналисти эле. Бирок бул жолу анын колунда кылмыш илинчегинин үзүндүлөрү гана бар экен, этияттык менен билгендеримди айтып бердим. Төрт колдоп биринчи беттеги жаңылыктардагы сегиз тилке үчүн беш барак материал жаздык жана толук ишенимдүү кайсы бир булактарга шилтеме бердик. Бирок Кара санатай Кар Кишинин колу гезитке либералдардын бандиттик кол салуусу тууралуу кеп болуп жатат деген расмий кабарды берүүдөн тайсалдаган жок. Абийиримдин кыстоосу кылымдын эң бети жок жана эл эң көп келген денени жерге берүү зыйнатында түнөргөн өкүнүч менен алмашты.

Ошол эле күнү кечинде Роса Кабаркаска Дельгадинага эмне болгонун билүү үчүн коңгуроо кылдым, бирок төрт күн бою жооп ала албадым. Бешинчи күнү тиштеримди кычыраткан бойдон Росанын үйүнө бардым. Эшиктерде мөөр басылган, мөөр бирок полисайлар эмес, санитардык инспекция тарабынан басылыптыр. Кошуналардын да эчтекеден кабарлары жок. Дельгадинанын изи сууптур, мен аны издөөнү баштадым, аракетим аргасы түгөнгөн, маалы менен күлкүлүү да эле, айтор шайым ооду. Күнү бою балдар Симона Боливардын сыйрылып түшкөн айкелине чыгын ойношкон гүлбактагы чаң отургучтарда отуруп велосипедчен кыздарга байкоо салдым. Велосипеддин дөңгөлөктөрүн айланткан сулуу, кол жетерлик, көзүңдү жуумп каалаганын кармап алууга боло турган жаш сойкулар жанымдан өтүп жатышты. Үмүтүм үзүлгөндө музыканын тынч дүйнөсүнө бекиндим. Бирок бул кудум ууланган суудай таасир кылды, себеби, музыканын ар бир сөзү кызга таандык эле. Мурун мага жазуу үчүн тынчтык керек болучу, арийне, акылым ар качан кол жазмага караганда музыкага көбүрөк умтула турган. Ал эми мында баары тескерисинче, мен музыка астында гана жазып жаттым. Жашоом музыкага толду. Ошол эки жума аралыгында калемимден жаралган макалалар ашыктык каттарынын чыныгы үлгүсү эле. Дөбөдөй үйүлгөн үн кошууларга туталанган бөлүм башчы менден бул ашык болгон окурмандардын тобун канааттандырганча ашыктык жалынымды бир аз азайта туруумду суранды.

Жаным жай албай, мындан улам күндөрүм кандай өткөнү билинбей жатты. Таңкы беште ойгонуп, кеч караңгыда уйкуга кирем, Дельгадина көз алдымда чыныгы жашоодо кандай болсо ошондой: мына ал инилерин ойготуп мектепке даярдап, тамак берүүдө, албетте, жээрге бирдеме болсо, андан кийин велосипедге минип алып шаардын башынан аягына чейин аралап, топчу кадоо үчүн жөнөйт. Ошондо өзүмдөн таңыркап: “Аял топчу кадап жатканда эмне тууралуу ойлонот?” деп сурадым. Ал мен тууралуу ойлонот бекен? Мен сыяктуу мени табуу үчүн Роса Кабаркасты издейт бекен?” Жумалап үстүмдөгү балбыраган кийимимди чечпедим, күнү да, түнү да, сакалымды албадым, тишимди тазалабадым, себеби, махабат адам өзүн кимдир-бирөө үчүн тартипке келтирип, саркеч кийинип, атыр себинерине кеч үйрөттү, а менде эч качан андай адам болгон эмес. Дамиана таңкы саат ондо асма керебетте жылаңач жаткан мени көрүп ооруп калыптыр деп чечти. Ага эңсөөдөн тунарган көзүм менен карап бирге жылаңач термелүүнү сунуштадым. Дамиана тоготпогондук менен мындай деди:

— А сиз эгерде мен макул болсом эмне кылууну ойлондуңузбу?

Ошондо азап-кайгы мени канчалык менттен тайдырганын түшүндүм. Өзүмдү-өзүм бул боз уландын санааркоосунан тааныбай турдум. Телефондон алыс кетүүдөн коркуп үйдөн чыкпадым. Жазып жаттым, эч кимге коңгуроо кылбадым, телефон шыңгыраса бул Роса Кабаркас болсо керек деп бутум үзүлгөнчө телефонго чуркадым. Ишимди таштап, улам коңгуроо кылам, мунум телефондо жүрөк деген нерсе жок экенин түшүнгөнүмчө уланды.

Жамгырлуу кечтердин биринде үйгө кайтып келип эшик алдындагы тепкичтерде түпкүчтөй ийилип жаткан мышыкты көрдүм. Ал кирдеп, кебетеси келишкен абалда, тим эле аянычтуу. Мышыктын ооруп калганын түшүндүм, аны айыктыруу үчүн колдон келгенди жасадым. Ал эми күндүзү, түшкү тамактан кийинки эс алууда башыма капысынан мышык мени Дельгадинанын үйүнө алып келиши ыктымал деген ой келди. Мышыкты себетке салып, дагы деле тирүүлүктүн белгиси байкалбаган Роса Кабаркастын үйүнө алып келдим, бирок мышык себетте тыбырчылап, акыры андан секирип чыгып чырпык кашаадан аттап өтүп дарактардын арасына кирип жок болду. Мен эшикти колдорум менен койгулап жаттым, эшикти ачпастан туруп ким-бирөө аскердик үн менен сурады: “Ким бул?” – “Өзүбүздүкүлөр, — дедим анын үн ыргагына окшоштуруп. – Мен кожойкени издеп жүрөм. – “Кожойке жок, — деди үн. “Жок дегенде мышыкты алып кетүү үчүн эшикти ачыңыз”. – “Мышык жок”, — деди үн. Мен “Сиз кимсиз?” деп сурадым.

— Эч ким, — деп жооп берди үн.

Мен дайым “махабаттан куурап бүттү” деген сөздү поэтикалык салыштыруу гана деп билчүмүн. Бирок да ошол күнү үйүмө мышыксыз, Дельгадинасыз кайтып келатып бул сөздүн андай эместигине көзүм жетти, жалгыздыкта, улгайып алдан тайган курагымда махабаттан куурап өлүп бараттым. Мен дагы бир сөздүн чындыгына ынандым, азыркы азабымды башка эч бир нерсеге алмашпас элем. Леопардинин “Обондорун” которуу үчүн он беш жылымды сарптадым, ушул кечте гана ал ырлардын нагыз даамын сездим: “Азапта калганым ушул, эгерде бул махабат болсо, анда эмне деген кыйналуу”.

Редакцияда үй кийимчен, сакал-мурутум алынбай пайда болгонум акылымдын соолугунан шек жаратты. Айнек тосмолор менен өзүнчө бөлмөлөргө бөлүнгөн кайра жасалгаланган имарат, шыптан түшкөн жарык редакцияны төрөт үйүнө окшоштурду. Жасалма жымжырттык, жайлуулук шыбырап сүйлөп, буттун учу менен баскыла дегенсийт. Чоң далисте, майлуу боёк менен тартылган үч директордун, редакцияга келип-кеткен атактуулардын кудум ыраматылык вице-королдор сыяктуу сүрөттөрү көз кубантат. Заңкайган чоң бөлмөнүн көрүнүктүү жеринде туулган күнүмдө тартылган редакциянын азыркы курамынын зор сүрөтү илинип турат. Эрксизден аны отуз жашымдагы сүрөткө салыштырдым, дагы бир жолу үрөйүм учуп сүрөттөрдө адамдар чыныгы турмуштагыдан да ырайымсыз картаярына ишендим. Мааракемде бетимден өпкөн катчы кыз менден ооруп турасызбы деп сурады. Мен адам ишенбей турган чындыкты айтканыма бактылуу элем: “Сүйүүдөн ооруп калдым”. Катчы кыз кыйкырып жиберди: “Мени сүйүп азап тартпаганыңызга өкүнөм!” “Балким сизди сүйгөндүрмүн”.

Кылмыш бөлүмүнүн редактору уячасынан чыгып, таанылбаган эки кыздын жансыз денелери табылганын айтып кыйкырды. Мен чочуп кеттим: “Жаштары канчада экен?” – “Жаш кыздар, — деди ал. – Алар бул жакка ички райондордон, режим жалдангычтарынан качып келиши ыктымал”. Жеңилдене дем алдым. “Абал кудум тамчы кан сымал акырын жайылып бизди толкундай каптоодо”, — дедим. Редактор алыстан кыйкырды:

— Кан менен эмес, маэстро, таштандылар менен.

Мындан да жаманы, Мундонун китеп дүкөнүнүн жанында турганымда жанымдан мышыгыма арналган себетке окшош себет көтөргөн кыз шагдам басып өтүп кеткенде болду. Денемди калтырак басты. Чак түштөгү чурулдаган элди чыканагым менен түрткүлөп, кыздын артынан бой урдум. Кыз абдан сулуу эле, мен арасынан кыйынчылык менен чыгып бараткан элдин агымында жеңил калкып баратты. Акыры аны кууп жеттим, алдынан чыгып жүзүнө тигилдим. Кыз токтобой басып баратып кечирим сурабастан мени колу менен түрттү. Бул ал эмес деп ойлодум, бирок анын сыймыктуу келбети кудум Дельгадина сыяктуу эсеңгиретти. Ошондо гана Дельгадинаны уктабай, кийимчен турганда тааныбастыгымды, мени көрбөгөн соң ал да мени тааныбасын түшүндүм. Акылдан ажыраган абалда үч күн ичинде кызды эстеткен ырларды укпоого, ырдабоого, эстебөөгө тырышып, көгүлтүр, кызгылтым түстөгү он эки жуп байпак токуп салдым.

Жан дүйнөмдүн толкунун такыр басалбадым, сүйүүнүн алдында ушунчалык алсыз, дармансыз болгон соң, өз карылыгымды түшүнө баштадым. Буга мындан да кайгылуу далилди эл көп болгон соода районунда автобус велосипед айдаган кызды коюп кеткенде алдым. Кызды жаңыдан гана тез жардам машинесине алып барышыптыр, бирок абалдын оордугун жайылып жаткан жаңы кандан, бырыйып жаткан велосипеддин абалынан билүүгө болот. Бирок мага велосипеддин бул аянычтуу абалынан мурда да анын маркасы, үлгүсү, түсү катуу таасир берди. Бул Дельгадинага мен тартуулаган гана велосипед болушу мүмкүн эле.

Окуяны өз көзү менен көргөндөрдүн бардыгы машине коюп кеткен велосипед минген кыздын жаштыгын, бою узундугун, арыктыгын жана тармал чачтуу экенин айтып жатышты. Акылдан ажыраган сымал өтүп бараткан биринчи эле таксини кармап кумга тыгылып калган түрмөнү элестеткен Кайрымдуулук ооруканасына жеткирүүсүн буйрудум. Клиникага кирүү үчүн жарым саатты гүлдөгөн мөмө бактары жыпар жытын аңкыткан бакка чыгууга короттум, ал жерде азап тарткан аял жолумду тосуп, көзүмө тике карап, мындай деп кыйкырды:

— Мен сен издеген адаммын!

Ошондо гана бул жерде муниципалдык акылдан азгандар үйүндөгүлөр өз эрки менен кармаларын түшүндүм. Жетекчиликке кабарчы экенимди, мени кызматкер тез жардам бөлүмүнө жеткирүүсүн айтууга туура келди. Келип түшкөндөр журналында мындайча жазылыптыр: Росальба Риос, он алты жашта, жумушу белгисиз. Диагноз: мээнин чайкалуусу. Абалы: орто оор. Бөлүм башчыдан уруксат беришет ко деген жашыруун үмүт менен кызды көрө аламбы деп сурадым, бирок мени оорукананын аянычтуу абалда турганын жазып чыгат деген үмүттө кубанычтуу түрдө ооруканага баштап киришти.

Биз дубалдарына карбол кислотасы сиңген, керебеттерде карышкан оорулуулар жаткан чоң залдан өттүк. Түпкүрдө, сүдүрөп жүрүүчү темир арабада, дене-бою чулганып биз издеген кыз жатыптыр. Кыздын башы асма чүпүрөккө жашырылган, жүзүн айрый албайсың, бирок кыздын буттарын көрүү жетиштүү болду: бул Дельгадина эмес. Ошондо гана капысынан: “Эгерде бул кыз Дельгадина болсо, мен эмне кылар элем?” деп ойлодум.

Кийинки күнү өзүмдөн түн караңгылыгын силкип сала электе, эркимди жыйнап качандыр бир Роса Кабаркас айткан кыз иштеген көйнөк фабрикасына жөнөдүм, кожоюндан Бириккен Улуттар Уюмунун континенттер аралык долбоору үчүн үлгү кылып алгыбыз келген ишканасын көрсөтүүнү сурандым. Кожоюн, бул калың терилүү, түнт мүнөз ливандык дүйнөлүк коомчулукка үлгү болгусу келип дароо өз падышалыгынын эшиктерин ача салды.

Үч жүз чамалуу кыз жасалма жарык жарыткан зор имаратта момун түр менен топчу кадап олтурушуптур. Бизди көргөндө алар мектеп окуучулары сыяктуу түздөнө калышты, башкаруучу бизге алардын ишканасынын топчу кадоонун өлбөс өнөрүнө кошкон салымы тууралуу айтып жатканда, көз кыйыгынан карап отурушту. Мен кийимчен, ойгоо Дельгадинаны таанып калуудан коркуп, кыздардын жүзүнө тигилдим. Бирок мени суктануудан жүзү албырган бир кыз таанып калды:

— Айтыңызчы, сеньор, гезиттеги сүйүү каттарын сиз жазасызбы?

Уктап жаткан аялзаты адамга ушунчалык чоң таасир берерин көз алдыма да келтире албагам. Фабрикадан коштошпой качып кеттим, бул бейишке кирер алдында күнөөдөн арылуучу жайдай болгон жердеги кыздардын бирөөсү мен издеген кыз экенин ойлоого чамам келбеди. Ал жерден чыккандагы жашоомдо калган жападан жалгыз каалоом, буркурап ыйлоо каалоосу эле.

Роса Кабаркас айдын аягында коңгуроо кылып укмуштуу түшүндүрмө берди: ал банкирдин өлүмүнөн кийин Картахен-де-Индиаста абдан жакшылап эс алыптыр. Албетте, ага ишенген жокмун, бирок жүрөгүмдө буркан-шаркан түшкөн суроону бергенче каалашынча калп айтып алуусуна мүмкүндүк бердим:

— А кызчы?

Роса Кабаркас көпкө унчукпай калды. “Ал биерде, — деди акыры Роса, анын үнү ишенимсиз эле. – Бир аз күтүү керек. – “Канча?” – “Акылым айран, мен сага кабар берем”. Мен анын жооптон качканын сездим, анын сөзүн кескин бөлдүм: “Токтой тур, жок дегенде дайынын айт”. “Дайыны жок, — деген ал сөзүн мындайча жыйынтыктады: — Этиет бол, өзүңө, эң башкысы, ага зыян келтирип алышың мүмкүн”. Айтышып отурууга алым жок эле. Мен андан чындыкка жакындоом үчүн жок дегенде мүмкүнчүлүк беришин өтүндүм. “Канткен күндө да, — өзүмдүкүн бербеди, — биз деген пикирлештербиз да”. Ал бир кадам да чегинген жок. “Тынчтан, — деди Роса, — секелек жайында, аны чакырар убактымды күтүүдө, бирок азыр эчтеме жасоонун кереги жок, менден башка эчтеке уга албайсың. Кош бол”. Эмне кыларымды билбестен, колумдагы телефон трубкасын кармаган бойдон кала бердим, Роса Кабаркас мага жакшы тааныш эле, андан жакшылыкча эчтеке биле албайсың. Түштөн кийин акылым айткан жүйөдөн көрө кокустукка көбүрөөк ишенип, Росанын үйүн акырын айланып чыктым, бирок үй мурункудай эле санитардык инспекциянын мөөрү басылып, жабык бойдон туруптур. Мен Роса Кабаркас мага башка жактан коңгуроо кылган го деп ойлодум, бул ойдун өзү эле мени коркунучка чулгады. Бирок саат алтыларда, эчтеке күтпөй турганымда, телефондон кудум сыр сөз сыяктуу сөздөр жаңырды:

— Мына, эми – ооба.

Ошентип кечки саат ондо, ыйлап жибербес үчүн калтырап, эриндеримди тиштегилеп, швейцария шоколадын, халва, карамель толгон кутуларды, төшөктүн баарын гүлгө толтуруу үчүн алоолонгон бир себет розаларды артынып жөнөдүм. Эшик кыңкайып ачык туруптур, жарык өчүрүлгөн, радиодон Брамстын кыл кыяк менен фортепиано үчүн жазылган номур биринчи сонатасы акырын жыбылжыйт. Төшөктөгү Дельгадина укмуштуудай супсулуу болуп, өзүнө окшобойт, кызды кыйынчылык менен тааныдым.

Секелек чоңоюптур: бою өсүптүр дебейм, бирок байкаларлык жетилиптир, андыктан жашы эки же үч жаш улуудай көрүнүп, буга чейин болбогондой  жылаңачтанып алыптыр. Кыздын чап жаагы, толкундуу деңиз алдындагы күнгө күйгөн териси, назик эриндери, кыска тармалданган чачтары ага Аполлондун бир эле убактагы аялдын да, эркектин да ажайып сулуулугун элестеткен көрк берип турду. Тырсыйган көкүрөктөрү ушунчалык толуптур дейсиң, алаканыма сыйгыдай эмес, сандары тегерегине тартып, сөөктөрү бекем да көркөм боло түшүптүр. Мени табигаттын чебердиги таңдантты, бирок жасалма амалдар айран калтырды: жасалма кирпиктер, колдору менен буттарындагы жылтырак сыр, махабатка эч тиешеси жок арзан атыр. Бирок сабырымды түгөтүп ачуумду келтиргени, кыздагы жасалгалар эле: салаңдаган зымырыттары бар алтын сыргалар, нукура берметтен жасалган шуру-мончок, бриллианттары жалтылдаган алтын билерик, манжа толгон кымбат баа таштары бар шакектер. Үстөлдө кыздын саймаланган түнкү кийими менен атлас тапичкелери жатат. Ичим кайнап чыкты:

— Канчык! – деп кыйкырдым.

Анткени шайтан кулагыма укмуштуу божомолду шыбырап жатты. Мындай болгон: киши өлтүрүлгөн түнү Роса Кабаркастын кызга эскертүү бергенге убактысы да, күчү да болгон эмес, ошентип полиция жашы жете элек секелекти бөлмөдөн жалгыз тапкан. Роса Кабаркаска мындай иштерде тең келери жок эле: ал секелектин кыздыгын кайсы бир жергиликтүү бай немеге өзүн бул кылмыштан так калтырбай алып чыгышы үчүн сатып жиберет. Адегенде, албетте, жаңжал басылгыча бир жакка кете туруу керек. Кандай керемет! Үчөө катышкан бал айы, алар, экөө, төшөктө, а Роса Кабаркас кооз середе бактылуу жазасыздыктын жыргалына чөмүлүүдө. Укмуштуудай каардан көзүм караңгылап, дубалга бөлмөдө эмне болсо баарын, лампалар, радиокабылдагыч, желпиме, күзгүлөр, кумуралар, ыстыкандарды ыргыта бердим. Мен муну шашпай, бирок токтобостон, укмуштуудай күрс-тарс эттирип, ырааттуулук жана соо акыл менен жасадым, минткеним өмүрүмдү сактап калды. Секелек алгачкы эле тарс эткен үндөн ыргып турду, бирок мага караган жок, болгону артын бурган бойдон бүрүшүп калды, ошол бойдон калдыратканымды токтотконго чейин калтырап жата берди. Короодогу тооктор менен таң алдындагы иттердин кыйкырыгы ого бетер аба жарды. Кардын көздү уялткан жарыгында мага акыркы эргүү келди – үйдү өрттөө керек, бирок эшик алдында түнкү көйнөкчөн Роса Кабаркастын кебелбес келбети пайда болду. Ал эчтеке айтпады. Болгону көз карашы менен кырсыктын өлчөмүн баалап, кыздын үлүл сыяктуу бүрүшүп, башын колдору менен калкалап жатканын, үрөйү учкан абалда, бирок бүтүн жана зыян тартпаган бойдон экенине ишенди.

— Оо, кудай!– кыйкырды Роса Кабаркас. – Мындай сүйүү үчүн эмнелерди гана бербес элем!

Ал мага боор ооруган көз менен карап, “Кеттик” деп буйрук берди. Артынан үйгө бастым, Роса унчукпай ыстаканга суу куюп сунду, маңдайына олтуруума ишарат кылып, сыр төгүүмө даярданды. “Макул”, — деди ал, — өзүңдү чоң адамдай карма, эмне болгонун айтчы”.

Мен ага өзүм чындык деп эсептегендин баарын айттым. Роса Кабаркас унчукпай, таңыркоосуз, кудум акыры бирдемени түшүнгөндөй угуп отурду. “Кереметтин өзү го, — деди ал. – Мен дайым кызганыч чындыкка караганда көп билет дечүмүн”. Ошондо Роса чындыгында эмне болгонун баарын жашырбай айтып берди. Чындап эле, дүрбөлөңдүү ошол түндө ал бөлмөдө уктап жаткан кыз тууралуу таптакыр унутуп калыптыр. Росанын кардарларынын бири, анын үстүнө киши колдуу болгон адамдын жактоочусу, элдин баарына бөйпөлөңдөп Роса Кабаркасты жаңжал тынчыганга чейин Картахен-де-Индиаска барып мейманканада эс алууга чакырат. “Ишенип кой”, — деди Роса Кабаркас, — ушул убакыт ичинде экөөңөрдү бир мүнөткө да унутпадын. Мурдагы күнү кайтып келерим менен, дароо сага телефон чалдым, бирок эч ким жооп берген жок. А кыз болсо ошол замат келди, бирок кебетеси ушунчалык начар болгондуктан, аны сен үчүн жуунтуп, кийиндирдим, сулуулануу үйүнө жиберип, аны канышадай жасантууларын буюрдум. Өзүң көргөндөй керемет кыз. Аземдүү кийимби? Бул кийимдерди өзүмдүн байкуш чымчыктарым кардар менен бийлегени барышканда берип турам. Кымбат баа жасалгаларбы? Меники. Аларга карап коюунун өзү жетиштүү: бриллианттар – айнектер, ал эми металл – тунуке. Андыктан жинди болбо, — деп сөзүн жыйынтыктады: — Бар, кызды ойгот да кечирим сура, анан кудай жалгагыр, эмне кылууң керек болсо, ошону жаса. Силер бактылуу болууга татыктуусуңар”. Мен Росага ушунчалык ишенгим келди, бирок сүйүү акылымды тумандатып салды. “Шуркуялар!” — деп кыйкырдым, ичимди куйкалаган от кулагымды тундуруп. – Мына силер кимсиңер! Ыплас шуркуялар! Мындан ары сени да, сенин шуркуяларыңды да, эң башкысы, кызыңды билгим келбейт”. Ошентип эшиктин алдынан колумду терс шилтедим. Росу Кабаркас буга кабагым-кашым деген жок. – Кудай жалгасын, — деди ал боор ачыган түр менен. – Ал эми сен талкалаган буюмдардын эсебин  сага жиберип коём.

V

«Март азасын» окуп жатып Юлий Цезарга авторлугу ыйгарылып жүргөн сөздү окудум: “Акыры барып, башкалар сени ким деп эсептешсе, ошол адамга айланбай коюуга мүмкүн эмес”. Мен бул сөздөрдүн авторлугуна далилди Юлий Цезардын өз эмгектеринен да, Светоний менен Каркопинодон баштап анын өмүр баянын жазгандардын тексттеринен да таба албадым, бирок бул сөздөрдү билип коюу ашыкчалык кылбас. Алардын тагдыр чечер мааниси менин жашоомдун кийинки айларында белгилүү болду, ал мага бул эскерүүлөрдү жазууга киришүүгө гана эмес, ар кандай уялчаактыкты четке кагуу менен, буга Дельгадинага деген сүйүүмдү кошуп, мен баштоого жетишпей жаткан тактыкты киргизди.

Мүнөт тыным албадым, май сыйпалган нан менен эптеп тамактанып жүрүп шымдарым салбырап калганча арыктадым. Денемде адашып жүргөн оорулар сөөктөрүмө келип орун алышты, маанайым себепсиз, кескин өзгөрүп, түндөрүм калтыраткан уйкусуз түндөр болду, андыктан мен окуй да, музыка уга да албадым, ал эми күндүзү, тескерисинче, уйку алып келбеген уйкусуроодон мурдум жер сүзгүлөп олтурчу болдум.

Жеңилденүү кокусунан келди. Лома Фреска районундагы эл жык толгон автобуста, жанымда олтурган аял, мен анын качан киргенин байкабапмын, кулагыма минтип шыбырады: “Дагы деле күүлүүсүңбү?” Бул туруктуу кардары катары сыймыктуу жаш чагынан бери кабыл алып, мага чыдап жүргөн эски махабатым Касильда Армента болучу. Ишинен кетип, жарым жан, жакыр болуп калган Касильди ага өзүнүн атын, колдоосун, а балким, бир аз сүйүүсүн берген огород иштеткен кытайга турмушка чыгат. Жетимиш үч жашында да ошол салмагын, сулуулугун, күчтүү мүнөзүн, кесибине мүнөздүү эркин жүрүм-турумун сактап калыптыр.

Касильда мени кытай огороддорунун арасында, адырлуу жерде, деңизге кеткен чоң жолдун боюнда жайгашкан үйүнө алып келди. Биз экөөбүз папоротниктер менен өсүп кеткен астромелийлердин, чатырлардын алдында салаңдаган чымчыктардын капастарынын арасындагы көлөкөлүү секиде жарым-жартылай жатып эс алуучу жумшак отургучтардан орун алдык. Адырлардын капталдарынан үч бурчтуу шляпа кийип алышып куйкалаган аптап алдында огороддорун карап жүргөн кытайлар көрүнөт. Ылдыйда Бокас-де Сенисанын эки аскалуу. Биз сүйлөшүп отурдук, бул убакта ак океан кемеси деңизге кирди, кеменин дарыя портундагы капалуу өгүздүкүндөй кыйкырыгын угуп, унчукпай карап турдук. — “Элестете аласыңбы? Жарым кылымдан ашуун убактан бери сени биринчи жолу төшөктө кабыл алган жокмун”, — деди аял үшкүрүнүп. – “Биз эми мурдагыдай эмеспиз”, — дедим. Аял мени укпастан сөзүн улантты: “Ар дайым, радиодон сен тууралуу мактоо сөздөрдү угуп, адамдар сени кандай жакшы көрөрү тууралуу айтышып, сени сүйүүнүн мугалими деп жатышканда, элестете аласыңбы, мен дайым сени мен сыяктуу эч ким билбестигин, сенин сүйүүдө канчалык берешен, чебер экениңди менчелик эч ким билбестигин ойлоном. Чын эле, — деди ал, — менден башка эч ким сени менен менчелик боло албас”.

Андан ары каршылык көрсөтүүгө чамам жетпес эле. Касильда муну сезди, нымданган көздөрүмдү көрүп, ошондо гана менин качандыр бир кездегидей эместигимди түшүндү, ал эми мен, анын бул көз карашын өзүм күтпөгөн эрдик менен тосуп алдым. “Улгайып баратам”, — деп мойнума алдым. “Биз картайдык, — деп үшкүрүндү ал. – Болгону муну ичиңден сезбейсиң, ал эми сыртыңдан карагандар муну көрүшөт”.

Касильдага жүрөктү ачпай коюуга мүмкүн эмес эле, ошентип, ичимден өрттөп жаткан баянды, токсон жашка толор алдындагы Роса Кабаркаска кылган алгачкы коңгуроомдон баштап, кыздын бөлмөсүндө болгондун баарын кыйраткан, кайтып ага барбаган кырсыктуу түн тууралуу айтып бердим. Ал менин сырымды муну кудум өзү башынан өткөргөндөй укту, андан кийин шашылбай ойлонуп, акыры жылмайды.

— Албетте, эмне кылсаң ошо кыл, бирок кызды жоготпо, — деди Касильда. – Жалгыз өлгөндөн жаман бактысыздык жок.

Биз Пуэрто-Коломбиага ат араба сыяктуу жай жүргөн кичинекей оюнчук поюзда бардык. Андан кийин Бокас-де-Сенисанын түбүн тазалоодон алдын, өлкөгө бүт дүйнө кирип турган күбө жеген жыгачтан жасалган кемелерди толкундан сактоочу курулуштун маңдайында түштөндүк. Биз толмоч негр аялдар куурулган парго балыгын, кокос менен бышырылган күрүч, жашыл банан менен сыйлашкан пальма бастырмасынын алдында отурдук. Тумчуктурган аптапта чак түштүн эки саатын өткөрүп, андан кийин жалындаган эбегейсиз күн деңизге чөгүп кеткенче сүйлөшүп олтурдук. Жашоо мага укмуштуудай керемет сезилди. “Карачы, ал эмне кылды, — бизге бал айын тартуулады, — деп тамашалады Касильда. Анан кебин олуттуу улантты: — Азыр артыма кылчайып караймын да, менин төшөгүмдөн өткөн миңдеген эркектердин катарын көрөмүн, бирок ошолордун арасынан бирөөсү, мейли, ал эң начары болсун, мени менен калышы үчүн жанымды да берер элем. Кудайга шүгүр, кытайымды убагында таап алдым. Бул чыпалакка турмушка чыккандай нерсе дечи, бирок ал – меники”.

Касильда көзүмө карап, айткандары мага кандай таасир бергенин баалап, мындай жыйынтык чыгарды: “Андыктан, бар да бул байкуш кызды издегин, атүгүл, сага сенин кызганычың шыбырап жаткан нерсе чындык болгон күндө да, айтыла жүргөндөй, жасаган ишиңди эч ким сенден тартып ала албайт. Кызды ойгот да, шайтан сенин коркоктугуң менен бетпактыгың үчүн сый кылып берген жан жериңди жетер жерине чейин киргиз. Олуттуу айта турган болсом, — деди ал кыялдана, — сүйгөн адамың менен бир төшөктө жатуу кереметин сезбей туруп, өзүңө өлүүгө жол бербе”.

Эртеси күнү телефондон номурларды терип жатканымда, тамырларым калтырап, жарылып кетчүдөй болду. Дельгадина менен кайрадан учурашуудан да, Роса Кабаркаска эмне деп жооп береримден да жүрөк заада болгондуктан, Роса экөөбүздүн ортобузда бөлмөдөгү кыргындан кийин ал өзүнө чоң пайда келтирип, зыяндын ордун толтургусу келгенден улам, олуттуу талаш болду. Мен үчүн чоң дөөлөт болгон энемдин сүрөттөрүнүн бирин сатуума туура келди, бирок чындап келгенде ал менин үмүттөрүмдүн ондон бирин да актаган жок. Сүрөттөн түшкөн тыйынга сактап жүргөн каражатымды кошуп Роса Кабаркаска алпардым да мындай деп кескин айттым: “Же муну аласың, же эчтемесиз каласың”. Бул албетте, тобокелге салгандык эле, ал менин аброюмду жок кылуу үчүн бир эле сырымды айтып койсо жетиштүү болмок. Бирок Роса кежеңдеген жок, мунун ордуна эсептешүү түнү күрөөгө алган сүрөттөрдү өзүндө калтырды. Бир сокку менен мен баарын: Дельгадинаны, Роса Кабаркасты жана менин акыркы сактаган каражатымды жоготтум. Бирок капысынан телефон коңгуроосун уктум: бир, эки, үч, трубкадан ал сүйлөдү: “Кандайсың?” Үнүм өзгөрүп кетти. Телефон трубкасын иле койдум. Сатинин асептикалык лирикасын угуп тынчтанууга аракет кылдым, бирок ушунчалык тердедим, атүгүл болотнайдан жасалган асма тор да суу болуп кетти. Ошентип эртеси күнгө чейин коңгуроо кылуу үчүн эркимди жыя албадым.

— Макул, — дедим өктөм үн менен. – Бүгүн – ооба.

Роса Кабаркас, албетте, эчтемке болбогондой жооп кайтарды. “Ах, менин убайымдуу акылманым, — деди ал жеңилбес үшкүрүк менен, — эки айга жоголосуң да, андан кийин мүмкүн эмес нерсени суроо үчүн пайда болосуң”. Ал Дельгадинаны көрбөгөнүн айтты, кыз, чамасы, мен бөлмөнүн чаңын сапыргандагы коркунучту унуткан окшойт, унутканы ушунча, бул жөнүндө эстебептир, мен тууралуу да сурабаптыр, деги эле мурдагысына караганда жакшырааак жумушуна ыраазы экен, ал жерде топчу кадаганга караганда көбүрөк төлөшөт экен. Ичимде өрт жүрүп кеткендей болду. “Сойку болуп кеткен чыгар”, — дедим. Роса кабагын ирмебестен каршы болду: “Эгерде андай болсо, ал бул жерде болмок. Башка кайсы жакта ага биердегиден жайлуу болмок?” Анын шашылыш жообу шектенүүмдү ансайын күчөттү: “Ал жерде жоктугун кайдан билем?” – “Андай болсо, — деди ал, — ал жөнүндө эчтеке билбей койгонуң жакшы. Андай эмеспи?” Мен аны кайрадан жек көрдүм. Бирок азыраак кайым айтышуудан кийин Роса кызды издөөгө убада берди. Ашыкча үмүттөрсүз, анткени, ал кызга коңгуроо кылган кошунанын телефону дагы деле өчүк, ал эми кыздын кайда жашары ага белгисиз. “Мейли эми, бул ишке ашпас нерсе эмес, шайтан алсын, — деди ал, — мен сага бир сааттан кийин чаламын”.

Бир саат үч күнгө созулду, бирок кыз дени сак, эркин бойдон табылды. Ошентип мен уялган бойдон кайтып келдим да күнөөмдү мойнума алып, кызды түнкү саат он экиден короз кыйкырганга чейин чолоо жерин калтырбай өпкүлөп чыктым. Кудум баары башынан башталгандай болду. Бөлмө жылаңач, ал кунары качкан бойдон туруптур, качандыр бир мен алып келген нерселер да эскириптир. Роса баарын ошол бойдон калтырып мындай дептир: эгер мен бөлмөнү жасалгалоону кааласам, ага карыз болгон себептүү, өз эсебимден жасоом керек. Бирок каржылык абалым аянычтуу эле. Пенсиямдын улам барган сайын кунары учту. Үйдө сатууга мүмкүн болгон аз гана дүнүйөм калды, анын ичинде мен үчүн ыйык апамдын баалуу жасалгалары, базар баасында арзан болдуп, анткени, эски буюм жетишерлик байыркы эмес эле. Күркүрөп турганымда губернатор мага департаменттин Китепканасы үчүн грек, латын, испан классиктеринин китептерин сатып алуу сунушун киргизген, бирок анда буга көңүлүм чапкан эмес. Андан кийин сандаган саясий өзгөрүүлөр болду, дүйнө начарлады, андыктан бийлик искусство тууралуу да, адабият жөнүндө да ойлонгон жок. Жакшыраак арга табуудан чарчап, Дельгадина мага кайрып берген кымбат баалуу жасалгаларды чөнтөгүмө салып, аларды шаардык базарга алып барган караңгы бурчка күрөөгө коюу үчүн алып жөнөдүм. Чаалыккан акылмандын кейпин кийип, эл жык-жыйма болгон жүдөө ресторандардын, эски китептер менен күрөөканаларга толгон чакан дүкөндөрдүн жанынан бир нече жолу өттүм, бирок Флорина Диостун ар-намысы жолумду тороду: кайратым түгөндү. Ошондо мен башымды бийик көтөрүп, жасалгаларды эски жана ишеничтүү зергер дүкөнүнө сатууну чечтим.

Чоңойтуп көрсөтүүчү айнектерден карап жаткан сатуучу суроолорду берип жатты. Анын кыймыл-аракети дарыгерге окшойт, коркунуч да коркунуч жаратат. Мен бул кооздуктар мага энемден мураска калганын айттым. Менин ар бир түшүндүрмөмө ал макул болгонсуп күңкүлдөп, акыры чоңойткуч айнегин четке койду.

— Абдан өкүнөм, — деди ал. – Бирок мунун баары – айнектин түптөрү.

Менин таңыркоомо жеңил боор ооруп гана жооп кайтарды: “Алтын – алтын, платина – платина болсо да жакшы”. Жасалгаларды сатып алгандагы эсеп кагаздарды ала келгенимди билүү үчүн чөнтөктөрүмдү кармалап, жай гана мындай дедим:

— Бирок алар бул кадырлуу дүкөндө жүз жыл мурда сатып алынган.

Сатуучу кашын ирмеп да койгон жок. “Кээде боло келгендей, — деди ал, — үй-бүлөлүк кымбат баалуу жасалгалардан баалуу таштар жоголот, аларды үйдөгү тентектер же ууру-зергерлер алмаштырып коюшат, муну аларды сатууга аракет кылышканда байкашат. Бирок кечиресиз, бир мүнөткө”, — сатуучу жасалгаларды дүкөндүн түпкүрүнө алып кетти. Бир аздан кийин кайтып келди да эчтеке түшүндүрүп олтурбастан, үстөлдү көрсөтүп, отуруп күтүүмдү айтып, жумушун улантты.

Дүкөнчөгө көз жибердим. Бул жерге апам менен бир нече жолу келгемин, апам кайталаган “Атаңа айтпагын” деген бир сөз эсимде. Кокусунан сезимди селт эттирген ой келди: эгерде Роса Кабаркас Дельгадина экөөлөп сүйлөшүп алып нукура таштарды сатып, ал эми мага жасалма таштарды кайтарышкан болсочу?

Шектенүүлөр жанымды өрттөдү, бирок ошол маалда катчы кыз мени дал ошол түпкүрдөгү эшикке, узун текчелеринде калың томдор тизилген чакан кабинетке жүрүүмдү айтып баштап жөнөдү. Эңгезердей болгон араб бөлмө түпкүрүндөгү жазуу үстөлүнөн туруп келип, эски дос сыяктуу сен деп кайрылып, колумду кысты. “Биз бакалаврда чогуу окуганбыз”, — деди ал мага салам ордуна. Мен дөөнү кыйынчылыксыз эле тааныдым: ал мектептеги эң мыкты футболист эле, биздин алгачкы сойкулар үйүнө жасаган жүрүштөрүбүз боюнча чемпионубуз. Андан кийин мен аны көрбөй калдым, ал болсо улгайган мени көрүп, балким, өзүнүн классташтарынын бири деп ойлоду көрүнөт.

Жазуу үстөлүнүн айнек бетинде архивдеги энемдин кымбат баа жасалгалары белгиленген эсеп китеби ачылган бойдон жатыптыр. Так күнү коюлуп, майда-чүйдөсүнө чейин жазылган окуялар энемдин жеке өзүнүн, Каргамантос тукумунун сулуу, ар-намыстуу аялдарынын кымбат баалуу таштарын алмаштырганын жана дал ушул күркөгө сатканын күбөлөп турду. Бул азыркы кожоюндун атасынын учурунда болуп өткөн, азыркы кожоюн менен анда мектепте чогуу окуганбыз. Ал мени мындай айла муктаждыкка кабылган атактуу үй-бүлөлөргө каражат тартыштыгын кадыр-баркына зыян келтирбей чечүү үчүн көнүмүш иш деп тынчтандырды. Бул уккандарымды мен билбеген Флорина де Диос тууралуу эстелик катары сактап коюуну чечтим.

Июлдун башында мени өлүмдөн бөлүп турган чыныгы аралыкты сездим. Жүрөгүмдүн согушу алсыз тартты, бардык жерден түгөнүп жок болуунун айныксыз белгилерин көрчү болдум. Эң даана туюм Көркөм искусство коомчулугунун концертинде болду. Залдагы желдеткич бузулуп, ошентип адабият менен искусствонун каймактарынын баары бууканада отурган сымал быгып калышты, бирок музыканын сыйкырдуу күчү асманга көкөлөтөт. Акырында, тагдырым мага бул жашоодо көрөсүң деген эң акыркы концертти угуп жаткан сыяктуу сезим акылымда жарк этти. Ооруну да, коркунучту да сезбедим, бирок баарын кыйраткан, баары маанисиз сезилген бир күчтү туйдум: муну да башымдан өткөрүүм керек эле.

Акырында терден нымшыган жаным сүрөтчүлөрдүн кучагынан бошонуп, дөңгөлөктүү арабада кудум жүз жаштагы кудай аял сыяктанып керилип олтурган Химена Ортиске бет маңдай келдим. Анын мында бардыгынын өзү эле менде эң кыйын күнөөгө баткан сыяктуу сезим пайда кылды. Үстүнө кийгени терисиндей жылмакай пилдин сөөгү түстүү кыска жеңдүү узун жибек көйнөк, жипке тизилген нукура бермет мойнун үч айландыра оролгон, жыйырманчы жылдардын модасындай кесилген чачтары жылтылдап жаагына кудум чабалакейдин канатындай тармалданып түшүп турат, ал эми көзүнүн алдындагы боёктон көлөкө түшүп тургансыган бакырайган сары көздөрү жарык чачат. Анын бул келбети эс-тутумдун кайра ордуна келбес бузулушунан улам акылы барган сайын таза ак кагазга окшошуп баратат деген имиш-имиштерди жокко чыгаргансыды. Мен анын алдында алым кетип, таштай каттым, бирок жүзүмө урган тумчуктурган ысыкты жеңип, үн катпастан ашкере сыпайылык менен ийилип таазим кылдым. Ал канышадай жылмайып, колума жармашты. Мен бул тагдырдын берген сыйы экенин түшүнү, ар качан жанымды сыздаткан чөңөрдү алып салуунун өңүтүн кыя кетирбедим. “Бул көз ирмем жөнүндө өмүр бою кыялдангам”, — дедим ага. “Эмне деп турусуң! – деген жооп уктум. – А сен кимсиң?” Мен анын чындап эле баарын унутуп калганын же бул акыркы өч алуусу экенин ошол бойдон билбей калдым.

Мен жакында өлөрүм тууралуу ой ушуга окшош кырдаалда, мен элүүгө толоордун алдында акылымдан адаштырган, түнкүсүн карнавалда жүзүн көрбөгөн керемет аял менен танго-апачи бийин бийлеп жатканымда келгенин эстедим; аял менден кыйла оор жана бою да эки сөөмдөй узун эле, бирок шамалдагы куш жүнүндөй жеңил бийлеп жатты. Биз кыналышып бийледик, андыктан тамырда аккан кан да бири-бирибизге сезилип тургансыды, тердин ачуу жытына, аялдын чаалыккан демине, укмуштуудай чоң көкүрөгүнө магдырап кудум түш көрүп жаткансыдым, ошондо капысынан өлүм чакырыгы эсимди эңгиретип, аз жерден кулап кала жаздадым. Кудум кудайдын элчиси кулагыма: “Сен эмне гана кылбагын, бирок ушул жылы же жүз жылдан кийин түбөлүккө өлөсүң” деп күркүрөгөндөй сезилди.: “Сизге эмне болду?” Аял чочуп кетенчиктеди – “Эчтеке”, — дедим жүрөгүмдү басууга аракет кылып:

— Мени сиз калтыратып жатасыз.

Ошол убактан тартып жашоомду жылдар менен эмес, он жылдыктар менен санай баштадым. Бешинчи он жылдык чечүүчү жыл эле, себеби, капысынан эле адамдардын дээрлик баарысы менден жашыраак экенин аңдадым. Алтынчы он жылдык абдан мазмундуу болду, себеби, мага ката кетирүүгө убакыт калбаганын туйдум. Жетинчиси бул он жылдык акыркысы болуп калышы мүмкүндүгү үчүн да коркунучтуу эле. Бирок токсон жашка толор таңда Дельгадинанын төшөгүндө бактылуу болуп тирүү ойгонгонумда, мага жашоо – бул таптакыр күркүрөп аккан Гераклит дарыясы эмес, бирок ал дагы токсон жылга башка жагыңдан куурулуу үчүн кызыган меште оодарылуу үчүн берилген кайталангыс мүмкүнчүлүк деген элпек ой келди.

Көз жашым оңой эле оргуштачу болду. Аз эле назик сезим болсо болду, тамагыма бирдеме тыгылат, ошондуктан Дельгадинанын уйкусун кайтаруу ыракатынан өлөрүмө канча калганы белгисиздигинен эмес, арийне кыздын менсиз калган өмүрүн кандай өткөрөрүн элестетүү кыйын болгонунан да баш тартууну чечтим. Ушундай ойлуу күндөрдүн биринде нур төгүлгөн Нотариус көчөсүндө сейилдеп-жазылуу үчүн басып жүрүп, өзүм он экиге толуп-толбогондо махабат өнөрү менен таанышкан жердеги эски кездешүүлөр үйүнүн урандысын көрүп таң калдым. Илгерки убактарда бул үй кеме ээсине таандык, укмуштуудай көркөм үй болгон, мындай үйлөр шаарда аз, үйдүн түркүктөрүнө алебастр менен алтын жалатылган саймалар түшүрүлгөн, борборунда гүл бакты кооз жаркыракка бөлөгөн жети түстүү айнек чатыр алдында ички короо. Ылдыйкы кабатта көчөгө алып чыккан готикалык дарбазанын артында, жарым кылымдан ашуун колониалдык нотариалдык кеңселер жайгашкан, аларда өмүр бою булуттарда калкыган атам иштеп, гүлдөп, андан кийин жакырланган. Акырындап ак сөөк үй-бүлөлөр жогорку кабаттарды таштап кете баштап, акырында ал жерлерди жакын жайгашкан дарыя портундагы арак ичүүчү жайлардан таап келишкен кардарлар менен жарым песо үчүн таң атканча өйдө чыгып, ылдый түшкөн түнкү көпөлөктөр ээлешти.

Он эки жашымда, чолок шым менен мектепке бут кийимчен атам кезектеги бүтпөгөн жыйналыштарында тытынып жүргөндө жогорку кабат менен таанышуу азгырыгына туруштук бере албадым, ошондо укмуштуу көрүнүшкө күбө болдум. Түнү бою денесин сатуу менен алектенген аялдар, эртең мененки саат он бирден баштап үй жашоосуна аралашат: айнек чатырдын алдындагы ысык жан чыдагыс, аялдар үйдө энеден туума болуп алышып, түнкү жортуулдары тууралуу катуу сүйлөшүп басып жүрүшүптүр. Мен коркуп кеттим. Башыма келген жападан жалгыз ой: кантип келсем ошондой качып кетүү болду, бирок дал ошондо бул жылаңачтардын бирөөсү, тоо самыны жыттанган чымыр денелүү, толмочу, артымдан келип кучактап калды, аялдын жүзүн көрө алган жокмун, ал мени өзүнүн картон чүмкөмөсүнө орой салып, жылаңач аялдардын кубанычтуу кыйкырыктары менен кол чабууларынын алдында сүйрөп кетти.

Төрт адамдык төшөккө ыргытып ийип, чебердик менен чолок шымымды шыпырып, үстүмө ыргып минди, бирок бүт денемди чырмап алган муздай болгон коркунуч аялды эркекче кабыл алууга жол бербеди. Түнкүсүн, үйдө, башымдан өткөн чабуулдун уяты жанымды кыйнап, аны кайра көргүм келип бир мүнөткө чырм эте албадым. Анын кийинки күнү, түнкү көпөлөктөр али уктап жатышканда, дене-боюм калтырап, аялдын тар бөлмөсүнө бардым да, өңгүрөп ыйлап аны ойготтум, чыныгы жашоонун кайрымсыз бороону шыпырып кеткиче созулган сүйүүдөн акылдан адаштым. Аялды Касторина аташчу, ал ошол үйдүн канышасы эле.

Тар бөлмөлөрдүн убактылуу сүйүшүү акысы бир песо боло турган, бирок арабыздан аз эле адам бөлмөлөр бир суткага да ошончо турарын билчүбүз. Мындан сырткары, Касторина мени өзүнүн кайгылуу дүйнөсүнө алып кирди, ал дүйнөдө алар кедей кардарларын өздөрүнүн таңкы тамактануу салтанаттарына чакырышат, самындарынан кайрылышат, тиш ооруларын дарылашат, болбоду дегенде боорукер сүйүүсүн арнашат.

Ошол оор сейилдөөдөн кийин жүрөгүм сайгылашчу болду, үйдө жасалган кайнатмалар менен сыйпалуучу дарылардын бири да шыпаа болгон жок. Айласыздан барган дарыгерим, атактуу тукумдан чыккан, мени кырк эки жашымда караган дарыгердин небереси экен; мен коркуп кеттим, анткени, ал өзүнүн чоң атасына окшош эле: чачтары маалынан эрте түшүп, көзүндө алысты көрбөгөндөр тагынуучу көз айнек, көздөрүндө муңдуу кайгы көрүнөт. Дарыгер зергердин кылдаттыгы менен бүт денемди изилдеп чыкты. Көкүрөгүмдү, далымды тыңшады, кан басымымды өлчөп, тиземди, карегимди, кабагымдын түсүн текшерди. Иш ортосунда, мен керебетте оодарылганымча, түшүнүксүз суроолорду бат-баттан берип, жоопту ойлонууга убактым деле болгон жок. Бир саат бою ал мени бактылуу түр менен күлүмсүрөп карап чыкты. “Ошентип, — деди ал, — менин болжолумда, биерде мага иш жок”.

— Бул эмне дегендик?

— Бул сиздин жашыңыз үчүн ден соолугуңуз эң мыкты дегендик.

— Абдан кызык, — дедим, — кырк эки жашымда сиздин чоң атаңыз да ушундай деген, кудум мезгил жылбай калган сыяктуу.

— Минтип дайым айтууга болот, — деди небере, — себеби жаш курак деген жаш курак. Бирок мен мындай дедим:

— Бирок баары өлүм менен аяктайт.

— Ооба, — деди ал, — бирок өлүмгө сиздикиндей жакшы абалда келүү оңой эмес. Сизге пайдам тийбегенине чын дилден өкүнөмүн.

Бул эскерүүлөрдүн баары жакшы, бирок 29-августтун алдында өз үйүмдүн тепкичтеринде чоюндай оор буттарым менен илкип баратып, алдыда мени камаарабай күтүп турган жүз жылдыктын айтып бүткүс оордугун сездим. Ошондо кайрадан менин энем, Флорина де Диосту көрдүм, ал көз жумганга чейин жаткан төшөгүндө эле, ал мага дүйнөдөн өтөрүнө эки саат калганда батасын бергендей кайрадан батасын берди. Мунусун акыркы эскертүү катары кабыл алып, толкунданып чыктым, Роса Кабаркаска бүгүн кечинде эле кызды алып келүүсүн суранып коңгуроо кылдым, арийне, менин тогузунчу он жылдыкты акыркы демине чейин жашоо кыялым орундалбасын көрүп турам. Саат сегизде кайра коңгуроо кылдым, ал муну ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты. “Кандай болбосун, алып келишиң керек” – мен тажаалданып кыйкырдым. Роса телефонду коштошпой коюп салды, бирок он беш мүнөттөн кийин кайра чалды:

— Макул, кыз биерде.

Мен ондон жыйырма мүнөт өткөндө келдим, Роса Кабаркаска менин жашоомдун акыркы сырларын ачып, мен өлгөндөн кийинки кызга тиешелүү нерселерди жарыя кылдым. Роса мага анын үйүндө болуп өткөн киши өлтүрүү ушунчалык таасир этиптир деп чечип, мындай деди: “Эгерде өлгүң келсе, суранам, биерде эмес”. Бирок менин жообум мындай болду: “Эгерде бирдеме болсо, атүгүл чымынды да сүзүп кете албаган эски темир болсо да мени Пуэрто-Коломбиядагы поюз сүзүп кетти”.

Бардыгына даяр болуп ошол түнү өзүмдүн токсон бир жашымдын акыркы оорусун күтүп чалкаман жаттым. Алыстан угулган коңгуроо үнүн тыңшадым, капталымда уктап жаткан Дельгадинанын жан дүйнөсүнүн жыпар жытын жыттадым, горизонттогу балким, ушул бөлмөдө жүз жыл мурун өлгөн адамдын кыйкырыгын, боздоп ыйлаганын уктум. Ошондо жарыкты акыркы үшкүрүгүм менен өчүрдүм, манжаларымды кыздын манжаларына айкалыштырып, короздун биринчи кыйкырыгына чейин акыркы көз жаштарымды ичке жутуп, түн жарымындагы коңгуроолуу мунарадан урулган он эки соккуну эсептедим, коңгуроо кагылып, токсон жашымда тирүү жана ден соолугум бекем экенинин урматына майрамдык фейерверктер атылды.

Роса Кабаркаскага биринчи сөзүм бул: “Мен сага күркөсү бар, бак-шактуу үй сатып берем”. “Кел, карылардын макулдашуусун түзөлү: ким биринчи каза болсо, тирүү калганына каза болгондун бар байлыгы калат, муну нотариустан бекемдейли” — деди Роса.

— Жок, мен өлгөндө, баары кызга калышы керек.

— Кандай айырмасы бар,  — деди Роса, — кызды мен караймын, андан кийин ага бардыгын, меникин да, сеникин да калтырамын, бул дүйнөдө менин да эч кимим калган жок. Ага чейин кел, сенин бөлмөңө желдеткич коюп, ыңгайлуу жуунуучу бөлмө жасалгалайлы, бөлмөдө сенин китептериң да, музыкаң да болушу керек.

— Ал макул болот деп ойлойсуңбу?

— Эх, менин кайгылуу акылманым, сен албетте, картаңсың, бирок акмак эмессиң да, — Роса Кабаркас каткырды. – Бечара кыз сени сүйүп акылдан адашууда.

Жаркыраган көчөгө чыгып, жашоомдо биринчи жолу менин алгачкы жүз жылдыгымдын мейкининен өзүмдү тааныдым. Тынч жана жайлуу үйүм, алтыдан жыйырма беш мүнөт өткөндө бактылуу таңдын кубанычтуу жарыгына кубулжуй баштады. Ашканада Дамиана үнүнүн барынча ырдап жатат, демейдегиден тыш ойноок, сергек мышык куйругу менен кызыл ашыгыма оролуп, жазуу үстөлүмө кошо келди. Күн бадам бактарынын арасынан өтүп келип, кургакчылыктан бир жумага кармалган кат ташыган дарыя кемеси кыйкырык менен портко келип токтогондо үстөлүмдү иретке келтирдим, үстөлдө саргайган кагаздар, сыя челек, каздын канатынан жасалган калем жаткан. Акыры келип чыныгы жашоо башталды, жүрөгүм боштондукка чыкты, ал эми улуу махабаттын бактылуу калтырагы басып, дагы жүз жыл жашаганымдан кийин керемет күндөрдүн биринде курман болот.

Май, 2004-ж.

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

[1] Таштан жасалган оюулар, бир гана нускасы бар өзгөчөлүү автордук иш болуп саналат, бул искусство биздин кылымга чейин эле өнүккөн.

[2]

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.