Калмак эл жомогу: Чал менен кемпир

Илгери дейт, илгери… чал-кемпир жашаптыр. Чалы отунга кетет, кайтып келатып ийне таап алып, аны таңгактын арасына салып коёт. Келип кемпирине сүйүнчүлөсө, ийнени тебетейиңе төйнөйт белең деп кемпири тилдейт. Чал отунга кетет дагы. Кайра келатып балта таап алат. Тебетейин айрып, балтаны айрыкка кыстарып кемпирине апкелип карматат. Муну көргөн кемпири сүйүнмөк беле, балтаны бел курчооңо кыстарбайт белең деп тилдейт. Чал отунга кетет, келатып күчүк таап алат. Аны дароо бел курчоосуна кыстарып үйүнө апкелет. Кемпири дагы тилдейт: «Муну күчү-күчү десең эле ээрчип келбейт […]

Түмөнбай Колдошов: Жума күнкү бата

АҢГЕМЕ Бүгүн асман бетин ала булут каптап калыптыр. Жамгырдын суук шамалы батышты көздөй согуп, асманга сайылган ак мөңгүлүү чокулардын үстүнө булуттарды айдап барат. Шааболот бүркөлгөн асмандай болуп, кабагын бүркөп алган. Кийген боз чепкенин кымтыланып, ары-бери басып, кагынып-силкинип, көңүлү бейтынч. Мечитке карай суудай агылган көпчүлүккө кошулуп, жума намазын окуганы келатат. Шааболот топко кошулары менен сөздүн учугу үзүлдү, баары жым, бардыгы Шааболоттон бир нерсени жашырышкандай. Бир топко чейин өздөрүнүн баскан кадамдарынын доошун угуп баратышты. – Бүгүн жамгыр жаайт окшойт ээ? – деди […]

Рысбай Исаков: Күтүү күүсү

 Кудай аткыр! Кайра баштан күчөгүр, Куйкалангыр! Уйпалангыр! Түтөгүр! Күтүү болуп жүрөгүмдүн дабышы, Күтүү болуп анын ар бир кагышы, Күтүү… Күтүү… Күтүү болду бүт өмүр!… … Калат түндүн коюнунда жансыздык, Кайгы менен турмуш отун жангыздык. Жомок күндөр алыс кетип жолобой, Жолдош болгон азыр мага жалгыздык. Жылаажындай үнүң – тоонун булагы, Жылмайганың – жашчылыктын кумары. Алыс күндө калып кеткен элесиң, Айгай салган добушумду угабы? Жайкалганың – жайлоонун жаш тулаңы, Жараткандын жазмышыбы бу дагы? Жарашыгы укмуш болуп сен барда, Жаштыгымдын арта түшчү ыраңы… […]

Салижан Жигитов: «Эне» поэмасынын тегерегинде

Жусуп Турусбеков Тарыхый көз караш менен караганда, Жусуп Турусбеков кыргыз адабиятынын өнүгүш тарыхындагы аномальный поэтикалык фигура катары көрүнүшү мүмкүн, анткени отузунчу жылдардын биринчи жарымындагы жаңыдан торолгон кыргыз адабиятынын фонунда анын поэзиясы өз алдынчалыгы, салыштырмалуу бийик даражадагы профессионалдык деңгээли, айкын жаңычылдык белгилери менен кашкайып кескин бөлүнүп турат. Муну баарыдан мурун кыраакы байкап, басма сөз бетинде биринчи жолу айткан, сыягы, Аалы Токомбаев болду окшойт. «Жусуптун чыгармачылык жолу өзүнчөлүгү бар, бөтөнчөрөөк десек болот,— деп жазган ал «Биздин Жусуп” деген эскермесинде. — Анткени анын […]