Кудай аткыр!
Кайра баштан күчөгүр,
Куйкалангыр!
Уйпалангыр!
Түтөгүр!
Күтүү болуп жүрөгүмдүн дабышы,
Күтүү болуп анын ар бир кагышы,
Күтүү…
Күтүү…
Күтүү болду бүт өмүр!…

… Калат түндүн коюнунда жансыздык,
Кайгы менен турмуш отун жангыздык.
Жомок күндөр алыс кетип жолобой,
Жолдош болгон азыр мага жалгыздык.

Жылаажындай үнүң – тоонун булагы,
Жылмайганың – жашчылыктын кумары.
Алыс күндө калып кеткен элесиң,
Айгай салган добушумду угабы?

Жайкалганың – жайлоонун жаш тулаңы,
Жараткандын жазмышыбы бу дагы?
Жарашыгы укмуш болуп сен барда,
Жаштыгымдын арта түшчү ыраңы…

Ойго түшүп ошол жаштык курагы,
Ой-кыялым санаа жибин чубады.
Оргуштаган күндөрүмдүн элестеп,
Обон созгон жаштык-сүйүү улары.

Жакут болчу ал күндөрдүн курамы,
Жалын болчу жаштыгымдын турагы.
Ыргыштаган мезгилимдин анда да,
Ырлар болчу чаалыкпаган бурагы…

Эми дале ырлар учуп канатчан,
Элесиңди күтөт калган тараптан.
Күтүү менен күнү батып мезгилдин,
Күтүү менен мезгилимдин таңы аткан.

Турмуш мага Күтүү Күүсүн ойнотуп,
Тунат дайым күтүү болуп бойго кут.
Турам бүгүн мезгилиме үн салып,
Тунжураган жымжырттыкты ойготуп.

Туталанткан түмөн кайгы бет келип,
Туу туткан ой туңгуюкка кептелип.
Турмуш деген зор дүйнөнүн өзүндө,
Турам бүгүн мен өзүңдү эскерип.

Сүйүү менен жашылданып, көрктөнүп,
Сүйүүдөн биз бүчүр ачып көктөдүк.
Билбейм анан биз эмнеден жаңылып,
Билбейм анан биз эмнеден өксөдүк?…

Коюу түндүн кучагына каматып,
Койдукпу же жаштык күндү жадатып?
Кор туттукпу же сүйүүнү баалабай,
Койнубузда жалгыздыктын таңы атып?

Капалыкка шаттыгымды талатып,
Каткырыктар кеткен эбак адашып.
Кайрылбастан сен да кеттиң, каралдым,
Кайгы-черге жүрөгүмдү канатып…

Калды кокус күйүт мага жанашып,
Карегим ай! Өзүңдү издеп баратып.
Алоолонот ал ансайын жүрөгүм,
Арман толгон Күтүү Күүсүн жаратып…

Кайрыктары жандүйнөмдү уйпалап,
Кан тамырлар күүгө келип муңканат.
Кагат жүрөк добулбасын жашоонун,
Кагат жүрөк… Күтүү Күүсү муң чалат…

Күтүүлөрүм сагынычтын түрүндөй,
Күтөт жүрөк тажабай да, түңүлбөй.
Күүсүн чалса Күтүү гимни күйүттүн,
Күлкү жанат Үмүт болуп күлүңдөй.

Үмүт болуп менин жылуу үйүмдөй,
Үмүт болуп менин ынак сүйүүмдөй.
Үмүт менен күтүп жатып күрсүнсөм,
Үшкүрүгүм музга айланат билинбей…

Саргаюуда жалбырагы үмүттүн,
Сага жетпей калыш үчүн сүйүпмүн!
Санаа болуп мойнуңдагы седебиң,
Санаа менен күйүт башка үйүпсүң.

Санаа болуп мойнуңдагы седебиң,
Сары убайым болду берген белегиң.
Сага деген сүйүүм күчөп бул күндө,
Сагынычтын жүгүн артып келемин…

Каңырыктайт менин тапкан бар демим,
Кайгы-муңбу сенин таккан баргегиң?
Карманаарга туткасы жок дүйнөдө,
Карманаарым жалгыз сенсиң айперим!

Акыйкатта жалгыз сени карманам,
Андан бөлөк нерсе менде калбаган.
Ак сүйүүгө жетпей зарлап өтсүн деп,
Ак жазгандын өзү мени каргаган!

… Турмуш мени жылуу сөзгө алдаган,
Турмуш мени жылан болуп арбаган.
Туңгуюктан чыксам деймин, а бирок,
Тушап алган турмушума байланам.

Тушап алган турмуш алып шаштымды,
Туңгуюкка чыкпас болуп баттымбы?
Кунун деле төлөп бүттүм сүйүүнүн,
Кудайым ай! Айтчы эми акмынбы?!

Көйгөй күүсүн көкүрөккө каттымбы,
Көз жашымды тумар кылып тактымбы?
Көңүл черин көөдөнүмдөн арылтып,
Көк Теңирим, кайрып берчи бактымды!

Айыбымды азап кылып таттымбы,
Арманымды жаздык кылып жаттымбы?
Аз өмүрүм куну болду сүйүүнүн,
Айтчы деги, айтчы эми акмынбы?!

Жамгыр болуп тагдыр бороон-чапкындуу,
Жазмыш мени өз сүйүүмдөн жат кылды.
Жада калса сен да каршы чыкпачы,
Жараткан ай! Байлабачы бактымды!!!…

БАЛАЛЫКТЫН АМАНАТЫ

… Түйшөлткөн ойлор анда ыраак болчу,
Түшүмө жылан дайым ынак болчу.
Анан мен ал түшүмдү айтып берсем:
«Жылан – бул, байлык болот!» – деп чоң энем,
Жылмайы-ып маңдайымдан сылап койчу.

Чоң энем кээде мага көлүк болуп,
Бир адат калган эле көнүк болуп.
Коркутуп мени кээде көзүн жумуп,
Коркутуп оозун ачып, тилин сунуп…
Калп эле жатып калчу өлүк болуп.

Анда мен коркуп өлүк өңдү көрүп,
Аздан соң ыйлачу элем өңгүрөнүп.
«Жан кирип» ошол замат чоң энеме,
Жалбарып анан мага коёр эле:
«Жарыгым, мен калп эле көрдүм өлүп»…

Каныма ошол адат жороптолуп,
Калыптыр түшүмө да конок болуп.
Өлүмүш болуп калсам чакпай жылан,
Көнүмүш доско айланып атпай жылан,
Түшүм да кетүүчү эле жомок болуп…

Ойгонуп, анан түштүн изин улап,
Түштөгү байлыгымды калсам сурап:
«Балам а-ай, садагаңа чабылайын,
Балалык – өзү байлык, кагылайын!» –
Деп койчу, маңдайымдан өөп, сылап…

… Бир күнү энем турбай жатып калды,
Билинбей өмүр күнү батып калды.
Тил сунуп, мурункудай өлөм дебей,
Тирилип, ыйласаңар келем дебей…
Ирмелбей каректери катып калды.

Өмүрдө жектеп ыйлап күнүмдүктү,
Өкүрүп, өңгүрөндүм! Үнүм бүттү!
Мен эмес, атам дагы боздоп ыйлап,
Мен эмес, бүт айылым коштоп ыйлап!…
Жоктошту кечээ күнкү тирүүлүктү…

Өкүрүк арбактарды козгоп кетти,
Өксүктү толтура албай боздоп кетти.
Теңир да чыдай албай көрүп туйлап,
Турганда жамгыр жашын төгүп ыйлап…
Өлүктү балалыгым коштоп кетти…

… Азыр мен балалыктан айрылгамын,
Жаштыктын Жигитчилик айлындамын.
Энемдин ар бир баскан кадамынын,
Изинде калып кеткен балалыгым,
Таптырбай жүрөт мага дайнын дагын.

Артынган чоң энемдин жомокторун,
Алтындай балалыкты жоготкомун.
Айдыңдуу жаштык доору сүрүп турган,
Ажалга тике карап күлүп турган,
Азыр мен жашчылыкта коноктомун!

… А бирок, түштө көрчү ошол адат,
Азыр да түш дүйнөмө кошо барат.
Ал адат – балалыктын аманаты!

КӨЧМӨН ДҮЙНӨ

Жалган дүйнө…
Жарк этип жанган дүйнө…
Жашоого бир жаралып калган дүйнө.
Жарыгын чачкан күндөй жымың эткен,
Жандардын тегиз баарын;
Жан кирип, тирүү жүрүп кыбың эткен…
Жалмаган балбан дүйнө,
Жалган дүйнө…

Аккан дүйнө…
Алп дүйнө, батман дүйнө,
Ак-кара, жаман-жакшы баткан дүйнө.
Агылып мезгил, өмүр, убакыттар,
А бирок токтоп калбай,
Артынан кайра келип уланткычтар,
Айланып жаткан дүйнө,
Аккан дүйнө…

Көчмөн дүйнө…
Көөнөрбөс көктөм дүйнө,
Көп өмүр Жылдыз болуп өчкөн дүйнө.
Көйкөлүп турса экен деп жарыкчылык,
Көрктөнтүп турган жерин,
Көрк берип, Жылдыз сымал жанып туруп,
Көк менен көчкөн дүйнө,
Көчмөн дүйнө…

Көчмөн дүйнө,
Көз жаштап төккөн дүйнө.
Көнөктөп өткүн болуп өткөн дүйнө.
Көк Теңир камчысы деп атыктырып,
Көк Дөөдөй Атилланы,
Көчмөндүк, көчмөн өмүр машыктырып,
Көндүргөн көчмөн күүгө,
Көчмөн дүйнө…

Көчмөн дүйнө,
Көк дүйнө, көктөм дүйнө,
Көк Теңир болуп өмүр кеткен дүйнө!
Көшүлүп уктап жаткан уйкудагы,
Көй заман тирандары;
Көй күнкү скиф, шумер, сак, гунндарды,
Көчүрүп бул заманга жеткен дүйнө.
Көк тиреп өскөн дүйнө,
Көчмөн дүйнө….

Көк дүйнө – Көчмөн дүйнө…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.