Жусуп Турусбеков

Тарыхый көз караш менен караганда, Жусуп Турусбеков кыргыз адабиятынын өнүгүш тарыхындагы аномальный поэтикалык фигура катары көрүнүшү мүмкүн, анткени отузунчу жылдардын биринчи жарымындагы жаңыдан торолгон кыргыз адабиятынын фонунда анын поэзиясы өз алдынчалыгы, салыштырмалуу бийик даражадагы профессионалдык деңгээли, айкын жаңычылдык белгилери менен кашкайып кескин бөлүнүп турат.

Муну баарыдан мурун кыраакы байкап, басма сөз бетинде биринчи жолу айткан, сыягы, Аалы Токомбаев болду окшойт. «Жусуптун чыгармачылык жолу өзүнчөлүгү бар, бөтөнчөрөөк десек болот,— деп жазган ал «Биздин Жусуп” деген эскермесинде. — Анткени анын абалкы ырларында кай бир башка жазуучуларга мүнөздүү болгон фольклордун күчтүү таасири байкалбайт. Демек, Жусуп фольклордун туткунунда болбостон, элдик тилдин казынасынан калпып алууну башкабызга караганда мурунураак түшүнгөн, Жусуптун бул бөтөнчөлүгү изилдөөчүлөр тарабынан азырынча белгилене элек, бул маселе советтик кыргыз адабиятынын тарыхында айрыкча белгиленүүгө тийиш».

Бирок изилдөөчүлөр үчүн ал бөтөнчөлүктү белгилеп гана өтүү аздык кылат, алардан эң оболу кандай объективдүү жана субъективдүү серептерден улам Жусуп Турусбековдун поэзиясында фольклордук таасир азыраак профессионалдык поэзиянын белгилери көбүрөк болуп калганын, каяктан жүрүп ал элдик тилдин казынасынан калпып алууну башка акындардан эртерээк аңдап алганын илимий жактан түшүндүрүү талап кылынат. Бир караганга Турусбеков кыргыз адабиятынын тарыхындагы аномальный поэтикалык фигурадай көрүнсө да, чынында ал кокусунан гана чыгып калган жок. «Жазуучу эч качан кокустук эмес, ал дайыма тарыхый зарылчылык» (Горький).

Албетте, муну изилдөө биринчи иретте Жусуп Турусбековдун жарык көргөн белгилүү поэтикалык чыгармаларына негизделиш керек. Ошентсе да чыгармалардын өзү менен чыгармалардын өзүн түшүндүрүү мүмкүн эмес, ар кандай художниктин жекече биографиясын изилдегенде анын чыгармалары кандай жардам кылса, карандай чыгармачылыгын изилдегенде анын жекече биографиясына байланыштуу материалдар да ошондой эле көмөк көрсөтөт. Тилекке каршы, Турусбеков өз өмүрүн ийне-жибине чейин терип жазып кетпептир, анын жекече өмүрүнө жана чыгармачылык ишмерлигине байланыштуу басма сөз бетине жарыяланган мемуардык материалдар өтө аз, анын чыгармачылык көз караштарынан кабар берчү адабий сын макалалары сейрек, атүгүл жокко эсе десе да болот. Ушулардын баары изилдөөчү үчүн аябаган зор кыйынчылыктар туудурбай койбойт. Бирок айла канча? — негизинен акындын кеңири белгилүү чыгармаларына жана анын биографиясына тиешелүү анда-санда жолуккан үзүк-созук фактыларга гана таянып иш жүргүзүүгө туура келет.

Жусуп Турусбеков советтик мектептин босогосун он эки жашка чыкканда аттаган. «Ал Совет өкмөтүнүн жардамы менен 1922-жылы Каракол шаарындагы балдар үйүнө алынып, андан кийин жаңы ачылган интернатка жиберилет» — деп жазат сынчы Ө.Жакишев (чынында ошол эле балдар үйү интернатка айланган экен). Сыягы анын кат-сабаты балдар үйүнө келгенден кийин ачылса керек. Ал эми интернатта ал кандай жүрүп, кандай билим алганын, эмнелерди окуп, эмнелерге кызыкканын так айтыш кыйын, андай материалдар азырынча басма сөз бетинде жолукпайт.

Ошол эле балдар үйүндө тарбияланган А.Аралбаев мемуардык китебинде («Унутпайм», 1964) жазганына караганда, ал балдар үйүндө окуу татар тилинде жүрчү экен, кыргыз балдары татар мугалимдеринен сабак алып, негизинен татарча окуу китептерди жана Тукай баш болгон татар жазуучуларын окушчу экен. Албетте, Жусуп деле көпчүлүк эмне окуса, ошонун баарын окуп жүрсө керек. Интернат Түптөгү Монастырга көчүп келип, а жерде айыл чарба техникумуна айланганда Жусуп, Мукай Элебаев жана Молдогазы Токобаев сыяктуу жаңыдан жазып жүргөн талапкер акындар менен жакындашат. Алар өздөрүнөн жашыраак Жусупту адабиятка ынтызар кылышы толук ыктымал.

Техникумда окуп жүргөндө ал татар адабиятынан башка казак адабиятын, бирин-серин орус жазуучуларынын чыгармаларын окуй баштаса керек. «Техникумдагы балдар ал кезде көбүнчө казак тилинде чыккан казак акын-жазуучуларын, орус тилинен которулган китептерди окуй турган… Жусуп жалаң казак тилиндеги китептерди гана эмес, тиши анча өтпөсө да, орус тилиндеги көркөм чыгармаларды үзбөй окуй турган» — деп белгиленген «Кыргыз совет адабият тарыхынын очеркинде». Ал эми ошо кезде «Эркин-Тоо» газетасында жарыяланып турган кыргыз акындарынын ырларын Жусуп жата калып окуган деп көрүп тургандай эле айтса болот. Демек, ал чыгармачылык иш тууралуу, балким, ниет кыла элегинде эле профессионал адабияттын үлгүлөрү менен таанышып калган.

Анан ал 1927-жылы техникумдагы окууну экинчи курсунан таштап Пишпекке келет да, «Эркин-Тоо» газетасынын редакциясына кызматка орношот. Ал ошондон баштап чыгармачылыкка чындап кирише баштаган болуу керек. Бизде анын хронологиялык жактан биринчи ыры деп «Ленин жолун» (ал 1929-жылы жарыяланган) айтып жүрүшөт. Андан мурун да анын бирин-экин ыры басылган болуу мүмкүи, бирок колдо бары азырынча «Ленин жолу» гана. Ал ыр караманча жаңы ыр түзүү системасы менен, тактап айтканда, казак акыны Сейфуллиндин «Советстан» поэмасынын ыр түзүлүш формасы менен жазылган.

Анын чыгармачылыгындагы байкаларлык бурулуш 30-жылдан башталат. Ошол жылы ал Тверь шаарындагы партиялык мектепте окуп жүргөн. «Жаш жигиттин алдында жаңы горизонттор ачылды,— деп жазат Өмүркул Жакишев,— Тверде ал орус адабияты менен таанышат, Пушкинди, Лермонтовду, Некрасовду кызыгып окуйт. Бирок аны А. Жаров, И. Уткин, Д. Алтаузен, А. Безыменский сыяктуу ошо кездеги комсомол акындарынын чыгармачылыгы андан бетер кызыктырат». Албетте, комсомол акындары эмне үчүн Жусупту көбүрөк тартканын түшүнсө болот. Алардын тили классиктердикине караганда жөнөкөй, түшүнүктүү келип, жазган темалары жаш кыргыз акынынын жүрөгүнө жакын эле. Ошол себептен ал 30-жылы Жаров менен Безыменскийдин бирден ырын которгон. Котормолор түп нусканын маанисин жана көркөмдүк касиеттерин дурус берет, алар котормочу акындын орусча жакшы эле түшүнүп калганын көрсөтө алат.

Турусбеков 30-жылы бир далай оригиналдуу ырлар жазган. Алар негизинен акындын мурдагыга караганда өсө түшкөнүнө күбө болот. Алардын арасынан айрыкча «Энеме» деген кыска ыр таасын бөлүнүп турат.

Ыр бүтүндөй эске түшүрүү иретинде курулган. Башталышында акын өз бала чагына эр жеткен адамдын көзү менен карап, аны кандайдыр бир жумшак мээрим менен эске салат. Иттерди таш менен уруп, ээлерин уруштурганын, талаадан ыйлап келип алып, сооронбой өпкөлөп ыйлаганын, апасынын сабоосун «айгыр» кылып минип алып, атасынын камчысы экөөн жоготконун, апасынан далай жолу каргыш укканын ич элжиреген сезимдер менен таасирдүү баяндап келип, анан бир конкреттүү окуяга өтөт:

Эсимде!
Бир күнү атам кайгыланды:
— Сатам го жалгыз минер кер байталды,—
Деди да, старчындын каарын ойлоп
Үшкүрүп, жерди чукуп, башын салды.

Сен анда
Кайрат кылып кеңеш бердиң:
— Кайгыруу кылыгы эмес эмгекчи эрдин.
Эртеси чыгым жыйган старчынга
Деп айттың: — Сен карышкыр эмне келдиң?!.

Старчын сени көздөй ызырынып,
Алайып чанагынан көзү чыгып:
— Унчукпа!
Каңшылаба!
Канчык! — деди…

Бул кичинекей үзүндүдө конкреттүү бир турмуштук; көрүнүш өтө реалдуу жана элестүү көрсөтүлгөнү, адамдардын психологиялык абалдары жана жандуу интонациялары таамай берилгени таң калтырып, толкундатат.

Жусуптун орус поэзиясын бир кыйла өздөштүрүп, ыр жазганга алда канча машыгып калганын ушундан даана байкаса болот. Адабий билими тайкы, бүтүндөй фольклордук салттар менен чектелген адам канчалык таланттуу болсо да, мындай профессионалдык даражада жазылган ырды жаратышы мүмкүн эмес эле.

Ырас, ал ырдан тиги же бул орус акынынын белгилүү бир ырына үндөш келген ситуацияларды, стилистикалык курулмаларды, образдык ассоциацияларды табам деп убаралануу текке кетет, анда акындын өз башынан өткөн турмуштук окуя жана ошол окуяны эске түшүрүүдөн келип чыккан жекече ой-сезим чагылган, анын жараланышына китептен окуган кандайдыр бир ыр эмес, чыныгы бир турмуштук көрүнүш негиз болгон. Бирок ошол окуя менен ой-сезимдин ушундай реалдуу, алаканга салгандай даана, эмоциялуу кылып айтып берүү акынга сөзсүз орус поэзиясынын тажрыйбасын өзүнө сиңире баштагандан кийин келгенин тайманбай эле айтса болот.

Тверь шаарынан ал 1930-жылдын аягында кайтып келет. Орус чөйрөсүндө өткөн бир жылдан ашуун убакыт анын жалпы кругозорун кеңейтет, билимди арттыруу керек экенин сездирет, аны өзүнчө бир зор маданий мектептен өткөрөт. Анын орус маданиятын өздөштүрүүгө өзгөчө кунт кылганын жана өз алдынча көп билим алганын замандаштарынын баары белгилешет. «Андан бери отуз жыл өттү, бирок мен аны, бети тоголок, көзү балбылдаган, далылуу, кабелтең азаматты, куду күнү күнкүсүндөй көрүп турам, — деп жазган Н. Чекменов 1960-жылкы бир макаласында.— Анда биз, жыйырманчы-отузунчу жылдардын жаштары, өңүбүздө да, түшүбүздө да Маяковскийдин ырлары менен жашап, алардан жан жыргалын тапчубуз. А кезде Жусуп орусчага анча жок эле, бирок билимге адаттан тышкары умтулар эле». Биздин сурообузга берген жообунда Түгөлбай Сыдыкбеков мындай деп эскерет: «Ал мага же Тукайдан, же Пушкинден, же Лермонтовдон, же Байрондон, же Есенинден бир сабак — жарым сабакты жатка айтып, менин көңүлүмдү поэзияга бургандай болчу. Артыкча ал Есенин жөнүндө кеп салганда… толкундап, кызып, өзү да саал жашый түшүп, анан: «Акын деген ушул эмеспи!» деп анын «Аялга катын», «Энесинин катын», «Жооп катын» кеп салып, кээки саптарын жат айтып жиберет. Ал тургай Есениндин «Эненин каты» деген ырын көчүрүп алып, аны алда нече бүктөп, жыртылганча чөнтөгүндө сактап жүргөнү эсимде».

Бул эскерүүчүлөрдөн улам Турусбеков орустун жалгыз акынынан эмес, бир нече акынынан таалим алып, алардын чыгармаларына таасирленгени дайын болуп отурат. Эми биз эмне, мемуаристтер атап өткөн орус акындарынын чыгармаларындагы белгилүү сюжеттик линияларды, образдарды поэтикалык ойлорду, көркөм ыкмаларды сүрөттөөчү каражаттарды Жусуптун ырларынан жана поэмаларынан издей баштасакпы? Анда биз азыр аягына чейин сокку берилген эски изилдөөчүлүк жолу менен кеткен болор элек.

Орус адабиятынын тажрыйбасын өздөштүрүү дегенди бир улуттук жазуучу бир орус жазуучусунун китебин окуйт, анан ал китептен алынган таасирлер улуттук жазуучунун башына кирип, бирок эч кандай өзгөрүүгө учурабай, анын жазган оригиналдуу чыгармасына аралашып кайра чыгат деп түшүнүүгө болбойт. Чындыгында көркөм чыгарманын жаралышы өтө татаал процесс, ага көп факторлор катышат. Ар кандай чыгармачылыктын эң биринчи шарты — таланттын бардыгы. Ошондой эле ар кандай таланттын ээси чыгармачылык ишке тике киришкенде негизинен өзүнүн турмуштан алган таасирлерине, байкоолоруна, көргөн-билгендерине — кыскасы, өзүнүн турмуштук тажрыйбасына таянат. Тиги же бул чыгарманын уюткусун жалпысынан ушул эки фактор аныктайт. Бирок чыгармачылык үчүн адабий салттардын аябаган зор мааниси бар. Ошол себептен таланттуулукту турмуштук тажрыйбадан бөлүп кароо же болбосо турмуштук тажрыйбаны өздөштүрүлгөн адабий салттарга каршы коюу түп-тамыры менен туура эмес.

«Аң-сезимдүү же стихиялуу кабыл алынган салттын элементтери художниктин аң-сезимине анын турмуштук тажрыйбасынын таасирлери менен аралашып кирет да, чыгармачылык фантазия тарабынан толукталат, терең трансформацияга учурайт, кайталангыс карым-катнаштарга жана ассоциацияларга түшөт — бир сөз менен фигуралдуу айтканда, салттын ошол элементтери жаңы чыгарма кристаллданып чыгуучу химиялык эритменин кармалбас составдык бөлүгүнө айланат» (А. Бушмин)[1].

Ушуга байланыштуу Жусуп Турусбековдун айрым чыгармаларын, маселен, «Энем» поэмасын алып, анан анын кантип кристаллданып чыкканын илимий негизде таасын көрсөтсөк абдан жакшы болор эле. Тилекке каршы, ошентишке дагы да болсо акындын ошол поэмасы, анын кантип ойго түшкөнү жана кантип жазылганы тууралуу жазма материалдардын жоктугу, ишенчиликтүү фактылардын аздыгы көп жолтоо кылат. Бирок ушуларга шылтоолоп ал поэма тууралуу сөздөн таптакыр баш тартуу да жарабас эле, математикалык таамайлык менен болбосо да, белгилүү даражадагы илимий негизде сөз кылууга мүмкүн. Арийне, андай сөз аздыр-көптүр болжолдуу мүнөздө болот.

Ал поэманы жазуу ниети кандайча төрөлүп, кандайча иштелип чыкты?

«Энем» — лирикалык поэма, анын лирикалык каарманы советтик доордо тарбияланган, жаңы замандын духу менен ширетилген, чоң шаардагы окуу жайлардын биринен билим алган маданияттуу жаш жигит. Ал — чыгармачылык фантазиянын гана күчү менен жаратылган романтикалык каарман эмес. Анын пайда болушун коомдук жаңы мамилелердин түзүлүп калышы, жаңы турмуштун белгилеринин ачык көрүнүп калышы шарттаган. Ал образ жаңы заман өстүрүп чыгарган жана ошол жаңы замандын өзүн жасашып жаткан адамдардын реалдуу сапаттарынан жалпыланып алынган. Андай каармандын 20-жылдарда кыргыз адабиятында пайда болушу күнөмдөр эле, ага реалдуу турмуш өзү материал бере алган эмес. Чынында да 20-жылдардагы поэмалар менен сюжеттүү ырлардын баары (Токомбаевдин «Эшим жетими» жана «Асылбай менен Калыйпасы», Бөкөмбаевдин «Көкөш көзүн ачтысы» ж. б.) өз каармандарынын көп кордук көрүп жүрүп, акыры айылдан шаарга окуганы жөнөп кетиши же окууга кириши менен аякталат. Ал эми «Энем» поэмасы тентип кетип, беш жыл бою шаарда окуган жигиттин өз айлына кайтып келиши менен башталат:

Күткөндүрсүң,
келдим, эне, аманбы?
Кучактачы, беттен сүйчү балаңды!
Беш жыл бою
тентип кеттим дайынсыз,
Сагындың го
Бир көрө албай карамды.

Демек, поэманын уюткусун чындыктын өзү берип, анын жалпы идеялык жана образдык мазмунун жандуу турмуштун өзү аныктаган.

Албетте, ал тема Турусбековдун башына дароо гана кылт деп түшүп, дароо гана азыркы турушунча калыптана калган жок, ага акын акырындап-акырындап, алыстан келди.

Поэманын башкы идеясын, андагы каармандын образын түйүлдүк абалында, саал бүдөмүк жана абстрактуу мүнөздө акындын мурдагы анча белгисиз бир «Айылга барганда» деген ырынан жолуктурса болот. Анда да шаарга окуу издеп кеткен Жанат аттуу жигиттин окуусун бүтүрүп айылга кайра келгени, анын жаштар менен кошо жаңы турмуш үчүн күрөшкөнү, өзүн жемелеген энесине Ильичтин кеңешин түшүндүргөнү жалпы сөздөр менен айтылып өтөт. Ыр «Энелерди ушинтип ээрчитет Жанат алгалап!» деп аяктайт. Баса, ал ырдын астына: «Ош, 1930-жыл» деп белгиленген. Сыягы, аны Турусбеков газетанын кабарчысы катары Түштүктө командировкада жүргөндө жазса керек, ал ыр кандайдыр бир конкреттүү турмуштук фактынын негизинде жазылышы да толук ыктымал.

Экинчи жактан, поэмада автобиографиялык мүнөздөгү мотивдер да бар. Лирикалык каармандын өз энесине өткөн замандагы өз турмушунун айрым эпизоддорун айтып жаткан жери («Бир окуя эсиңде, эне, бар бекен?») «Энеме» деген нагыз автобиографиялык ырдын мен жогоруда келтирген үзүндүсүн бир кыйла эске салат. Анын үстүнө поэмадагы энеге деген сагынычтуу, жаркын, жасалмалыгы жок күчтүү сезим белгилүү даражада акындын өз энесин эсине түшүрүүдөн улам төрөлгөн деп болжолдоого болот.

Үчүнчүдөн, поэманын уюткусунун жаралышында советтик орус поэзиясынын да үлүшү бар болуу керек. Бу жерде мен Турусбеков орус поэзиясынан өздөштүргөн тиги же бул көркөм ыкмалар жөнүндө айтып жатканым жок — сөз ал поэманын ниетинин (замыселинин) пайда болушуна кошумча түрткү берген, ал ниеттин калыптанышына түз же кыйыр түрдө катышкан адабий фактылар тууралуу бара жатат. Маселен, «комсомол акындарынын» арасынан өз мезгилинде катуу чыккан А. Безыменскийди Турусбеков ынтызарланып окуган экен. Ошондой эле Турусбеков бүткүл чыгармачылык өмүрүндө которгон үч ырдын бири — Безыменскийдин «Партбилет № 224332» деген ыры. Деги ал Безыменскийдин поэзиясы менен дурус эле тааныш болгон деп айтышка толук акыбыз бар. Анда Жусуп анын «Партбилет» деген кеңири белгилүү ырын сөзсүз окуса керек.

Жаңы заманга жан-дилин берип койгон лирикалык каарман менен анын түшүнүгү тайкыраак карапайым энесинин арасындагы татаал мамиле ал ырдагы («Партбилеттеги») негизги коллизияны түзөт. Лирикалык каарман өз энесин перзенттик мээрим менен жакшы көрөт, бала чагында аны бөйдө бейпайга сала бергенин билинер-билинбес муң, байкалар-байкалбас өкүт менен эскерет. Бирок эне жаңы заманды кубанып кабыл алганы менен, революциячыл ишке биротоло жанын багыштап салган  уулун анча түшүнө бербейт. Ал уулун «Капиталды» окуса да, беш тыйын капитал жыйбаганы үчүн жемелеп, эми партиядан деле чыгып алышын суранат, а түгүл уулунун партбилетин уурдап, көмүскө жерге катып да коёт. Ырдын аягында лирикалык каарман партбилетин чөнтөгүндө эмес, жүрөгүндө сактап жүргөнүн, кеп партбилетте эмес, өзүндөгү майтарылбас партиялык духта экенин энесинин түшүнбөй жатканына жеңил гана өкүнүп, болор-болбос муңканат.

Ал ырды ушинтип үстүртөн айтып бергенинен эле андагы негизги мотив «Эне» поэмасындагы негизги мотив менен үндөшүп турганын байкаса болот. Бул үндөштүк кокусунан чыкканбы же ал чыгармалардын ортосунда кандайдыр бир байланыш да барбы?

Ырас, андай үндөштүк ошол кездер үчүн типтүү, орус турмушуна да, кыргыз турмушуна да мүнөздүү окшош турмуштук ситуациялардын натыйжасынан келип чыгышы мүмкүн. Бирок Безыменскийдин ырын Турусбеков өзүнүн турмуштук байкоолорунан кармап, али фантазиясында даана токтото албай, аяк-башын жакшы жыя албай жүргөн поэтикалык ниеттин иштелип чыгышына аздыр-көптүр түрткү бериши да мүмкүн го. Бул жерде «Муравия өлкөсү» деген атактуу поэмасын кантип жазганы тууралуу Твардовскийдин бир айтканын эске түшүрсө болот.

Арийне, Твардовский «улуу бурулуш жылдарында» кабарчы иретинде кыштактарга көп барып, кыштактардагы кайра курулуу үчүн күрөштөрдү өз көзү менен көрүп, алар жөнүндө кабарлар, очерктер, ырлар, поэмалар, аңгемелер жазып жүргөн. «Ошол жылдары жазгандарым жана жарыялагандарым, ошондой эле жумушчу запистерим жана кыдыргандарымдын, жолугушкандарымдын жазылбаган таасирлери ж. б.— ушулардын баары «Муравия өлкөсүнө» камылга сыяктуу эле,— дейт автор,— бирок тикеден-тике тыштан келген бир түрткү ал поэманы жазышты оюма салды, аны мага А. А. Фадеев айтып берди».

Фадеев 1934-жылкы өзүнүн бир газетага жарыяланган сөзүндө «Бруски» романындагы колхоздон качып, колхозсуз жер издеп жөнөгөн Никита Гурьянов деген эпизоддук каарманга көңүл буруп, ушундай кызык сюжетти Панферов анча маани бербестен, бир-эки баракка жазып койгонуна өкүнүп, эгер ошол окуянын өзүн кеңири жазса, шарттуулуктун элементтерин кошуп, каарманды бүт өлкө боюнча кыдыртып чыкса, абдан кызыктуу чыгарма болор эле дегендей пикир айткан эле. Твардовский ошол пикирди толук келтирип, анан мындай деп жазат: «…Мен бир жазуучунун китебинен алынып, экинчи жазуучу тарабынан ушундай духта кайталанган ушул сюжеттин мүмкүнчүлүгүн өзүмдө ашып-ташып жаткан жекече турмуштук материалдарымды бериш үчүн, дыйкандар жана колхоз тууралуу билгендеримдин баарын айтып берүүгө ошо кезде мени умсундуруп турган өктөм муктаждыгымды ишке ашыруу үчүн өтө кызыгып кабыл алдым».

Баса, эмне үчүн биз Безыменскийдин аталган ыры Турусбековго ушул мүнөздөгү таасир берүү мүмкүнчүлүгүн такыр эле катардан чыгарып ташташыбыз керек?

«Энем» поэмасынын поэтикалык ниетин калыпка салууда, сыягы, Сергей Есениндин айрым ырлары («Энеме», «Энеден кат», «Жооп кат» ж. б.) да белгилүү роль ойногон көрүнөт. Атактуу орус лиригинин ырларындагы кээ бир поэтикалык деталдар, интонациялар, көркөм ыкмалар «Энем» поэмасынын кайсы бир жерлеринен баамга уруна түшөт. Бирок ал поэманын негизги духу, пафосу, багыты Есениндин ырларына таптакыр карама-каршы турат.

Эми муну кандай түшүндүрсө болот?

Демейде бир жазуучу экинчи жазуучудан аны менен көз карашы, чыгармачылык принциптери, чыгармачылык духу бирдей болгондуктан таалим алат, таасирленет. Ошентсе да, дүйнөлүк адабияттын тарыхында ортосунда эч кандай чыгармачылык жакындык жок жазуучулар бири-бирине таасир берген учурлар көп кездешет. Маселен, Максим Горький чыгармачылык мүнөзү жана көз карашы жагынан белгилүү швед жазуучусу Стриндбергдин антиподу болуп саналат. Анткен менен Горький: «Мага эч ким эч качан Стриндбергчелик күчтүү таасир берген эмес»— деп айтып, анан ал айтканын мындайча чечмелеген: «Анын ар бир китеби аны менен талашайын, ага каршылык кылайын деген тилекти жалбырттатып жиберчү, ар бир китебинен кийин Стриндбергди бекем да, терең да жакшы көрүп, урматтап калучумун». Ушунун сыңары Есенин да Турусбековдун аны менен талашкысын, ага каршылык көрсөткүсүн келтирип, дал ушул жактан таасир бериши ыктымал. Ошол себептен М.И.Богданованын «Эне» поэмасын Есениндин ырлары менен поэтикалык полемика катары караганында да бир эсептен жүйөө бар.

Демек, акындын чыгармачылык фантазиясына түшүп, анын жекече сезимдерине сугарылган турмуштук жана адабий таасирлер өз ара байланышып, бири-бирине өтүп» бири бирин айкындап, аябай жуурулушуп, бүтүндөй кайрадан иштелип чыгып, анан ошондон кийин гана «Энем» поэмасынын гармониялуу жана ырааттуу ниетине айланган деп айтсак болот. Чынында да, накта турмуштук фактылардын, салыштырмалуу бийик билимдин, оригиналдуу акындык шыктын негизинде жазылгандыктан гана ал поэма өзүнө тең чамалаш жаралган башка поэмалардан өз мезгилинин идеялык духун жана эмоциялык атмосферасын таасын чагылдырганы менен аттын кашкасындай бөлүнүп турат. Анда 30-жылдардагы республикабыздагы коомдук турмуштун прозасы жана поэзиясы, жалындуу илеби жана күүсү, советтик кыргыз жаштарынын жалпыланган образы жана романтикалык дымагы бар.

Акын ал поэмасында аны менен мезгилдеш айрым поэмаларга мүнөздүү карандай прозаизмге түшүп кетүүчүлүктөн, фабулалык санап чыгуучулуктан, натуралисттик узун сүрөттөөлөрдөн, штампка айланган фольклордук көркөм ыкмалардан качып, сюжеттик коллизияларды чечүүнүн жана образ курунун жаңы жолдорун тапкан, турмуштук көрүнүштөрдү жана каармандардын ой-сезимдерин жалпылаштырылган конкреттүү поэтикалык деталдар аркылуу экспрессивдүү берүүгө жетишкен, элдик жандуу тилдин лексикалык жана интонациялык байлыгын ыктуу колдонуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан — кыскасы, жаңы мазмундун ажарын жаңы көркөм форма менен ачып бере алган. Ошол себептен ал поэма 30-жылдардын биринчи жарымында кыргыз адабиятына чыныгы жаңычыл көрүнүш катары кирген.

Бирок ушуну менен мен Турусбековду эч кандай кемтиги жок, төгөрөгү төп келген идеалдуу акын деп жарыялоодон алысмын. Белгилүү го, кандай гана кыйын адам болбосун, ал канчалык катуу аракет кылганы менен, акыр-аягында өзү жашаган чөйрөдөн караманча суурулуп чыгып кете албайт, анын аракети көп болсо ошол чөйрөнүн рамкасын гана кеңейтиши мүмкүн. Анын сыңарындай Жусуп Турусбековдун «Энем» поэмасы кыргыз профессионал поэзиясынын потенцияда жаткан мүмкүнчүлүктөрүн бир кыйла ачканы менен, баары бир ошо кездеги кыргыз адабиятына мүнөздүү кемчиликтерден биротоло арыла алган жок.

Анда сюжеттик коллизиянын чечилишин анча камсыз кылбаган, эмоциялык таасири деле ченемдүү кайталоолор, бүтүндөй прозаизмге түшүп кеткен саптар, композиция жактан борпоңдук бар, өзгөчө поэманын аягында образдардын жана санаркоолордун конкреттүүлүгү азайып, декларативдүүлүк менен дидактика көбүрөк орун алып кеткен. Анын үстүнө «Энем» поэмасы Турусбековдун 30-жылдардагы поэзиясынын кыл чокусу бойдон калды, ал андан кийин ошол поэмада жеткен чегинен дагы өйдө көтөрүлмөк турсун, кайра чыгармачылык активдүүлүгүн солгундатып, учурдун актуалдуу темаларына тереңдеп кирүүдөн жалтактап, чеберчилигин өйдөлөтүүгө көңүл бурбай, кедерине кете баштады. Андан кийин сан жагынан алганда деле (34-жылдан 40-жылга чейинки жазганы бир бүтпөгөн поэма, ондон ашпаган ыр) анын өйдөлөп өсүп отурганы көрүнбөйт. Эгерде аз жазганы анын өзүнө жана чыгармачылыкка катуулап мамиле кыла баштаганын натыйжасы болсо, анда маселеге башкача карар элек. Тилекке каршы, анын ошол аз жазгандары идеялык жана көркөмдүк сапаты жагынан деле мурда жазган «Энем» поэмасына жетпейт.

[1] А. Бушмин, Проблема литературной преемственности. «Русская литература» журналы № 3, 1961, 33-бет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.