АҢГЕМЕ

Бүгүн асман бетин ала булут каптап калыптыр. Жамгырдын суук шамалы батышты көздөй согуп, асманга сайылган ак мөңгүлүү чокулардын үстүнө булуттарды айдап барат. Шааболот бүркөлгөн асмандай болуп, кабагын бүркөп алган. Кийген боз чепкенин кымтыланып, ары-бери басып, кагынып-силкинип, көңүлү бейтынч. Мечитке карай суудай агылган көпчүлүккө кошулуп, жума намазын окуганы келатат. Шааболот топко кошулары менен сөздүн учугу үзүлдү, баары жым, бардыгы Шааболоттон бир нерсени жашырышкандай. Бир топко чейин өздөрүнүн баскан кадамдарынын доошун угуп баратышты.

– Бүгүн жамгыр жаайт окшойт ээ? – деди асманды карап селдечен Абдылда калпа.

– Аа эми жаасын да калпа, бу жерлер какырап кетти эле өзү да, – деди алдыдагы дагы бирөө.

– Жааса жаап, өткөнү жакшы дегиле, а эгер ак жамгырга айланса иштин бүткөнү, азыр буудай орум болсо…

Сөзгө аралашпай Шааболот артта келатат. Жамгыр жааса анын жүрөгүнө жаачудай түнөргөн.

Улам жаңы келгени катарга тизилип, маселе айтып жаткан молдонун коңур үнүнө кулак төшөйт. Келгендердин аягы тыйылып, маселе да бүттү. Төр жакта элди карап олтурган молдо мойнун созуп, элди кыдырата карап чыкты.

— Баары келди окшойт, баштай берели, — селдесин оңдоп, ордунан козголду.

Катардагылардын бардыгы кулак кагып, кыбылага карашты.

Намаз бүтүп, жыйылган эл бир саамга жым боло калды. Шааболот эми ордунан турайын деп копшолду эле, жанындагы бирөө чепкенинин этегинен тартып койду. Ал обдулуп барып, эки жагын элеңдей карап отуруп калды. Алдыңкы катардан ала буурул сакалчан карыя элге карап сөз баштады:

– Айыл аксакалдары, урматтуу эл-журт, силер менен сүйлөшөргө сөз, кеңешерге кеп бар. Биз жыйылып жума намазын окуганыбыз менен болбойт экен. Исламда айтылган кудайдын бир сөзү бар «сактанганды сактайм» деген. Анын сыңарындай кыргыз эли алакандай эл болсок, көрүнгөн жоо бизди чаап кете береби? Баарыңар ойлонгула!… Оогандар келет бастырып, өзбектердин корбашылары чыгат качырып! Бар тапканыбызды аларга алдырып жүрө беребизби?.. Оо эл-журт ! Айткылачы! Качанга чейин!.. Мына биз да элбиз, журтпуз! Арабызда аттуу-баштуубуз бар! Тегибизге карап иш туталы! Мына бизде да эр азаматтар бар. Айталы, Шааболоттун жети бирдей эл коргогону жараган уулдары бар эмеспи?! – Карыя сөзүн бүтө элегинде эл арасынан «ак сөз, туура, Баяс менен Султан» дешип чуулдап жиберишти. Буну укканда Шааболоттун мууну бошой түштү. Эл чурулдап биринин сөзүн бири укпай дуулдап жатышты. Бир убак эл тынчыды, Шааболот бай эмне дээрин күткөн айланадагылар ордуларында катышты.

– Мен жок дебейм, мейли, эл коргогону болсо ким-бирөөсүн эл шайлаган азаматка жигит кылып берейин. Бирак, эки бирдей канымдан бүткөн уулумду тирүүлөй өлүмгө бере албаймын…

Эл дуулдап:

— Оомийин! Баяс менен Султанды кор болгон элге корбашы кылып шайлайбыз! Кана, оомийин аллоху акбар! – дешип эл бата берип жиберишти.

Аксакалдардын арасынан дагы бирөөсү:

— Ар топтон бир жигит, бир аты менен Баяс, Султанга жигиттикке өтсүн! Биз ат багууга жемди, чөптү жалпы эл көтөрөбүз, ушуга макулсуңарбы?!

— Ооба, жарайт, ошентебиз! – чурулдады көпчүлүк.

Эл сөзүн укпай эле Шааболот бай нааразылана кетти:

— Мени балдарымдан айрыдыңар, канатымды кайрыдыңар, эл-журт! Эл дегени, журт дегени шулбу?! деп өксүгөн ал мечитте жайнамаздын үстүндө жалгыз өзү кала берди.

Келбеттүү денесин булкулдатып, көпкө чейин ыйлап олтурду. Ал мунун баарын эртең мененки ала булут асмандын кабагынан эле сезгендей: «Менден башкада деле эр жеткен уулдар бар эле го?!.. Эмне үчүн!?.. Менин Баязымды, Султанымды… Эмне үчүн!?… Эй Кудай, мени мындай жазалагыдай кандай күнөм бар эле?»

Бул сөздөр нечен ирет ата жүрөгүн опкоолжутуп, нечен ирет кайталанып жатты… Көздөрүнөн агып жаткан ысык жаш анын жүрөгүнүн толтосунан опкоолжуп чыгып жаткандай эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.