Казак эл жомогу: Элебестин көргөндөрү 

Илгери бир кедейдин үч баласы болуптур. Атасы өлүп жетим калган балдар азып-тозуп кетет. Эми жетимдер күн көрүү амалын издейт. Оокаттары өтпөй калганда  жолго чыгышат.  Келе жатканда алдынан эки жол кездешет: бирөө – барса келбес, экинчиси – барса келер. Агалары Элебести барса келбес жолго салып, өздөрү барса келер жол менен кетет. Элебестин алдынан көк жал карышкыр чыгып, качырып сала берет.  Элебес карышкырга: «Жегениӊ аш болсун! – дептир. Карышкыр: «О достум, өмүрүмдө бул мага айтылган биринчи жылуу сөз, мындан мурун кезиккендер мага […]

Аман Токтогулов: Граждандуулуктун оту[I]

Биздин учурда гражданчыл поэзия керек. Курулай ант, убада берүүнүн, жалган патетиканын, кур дүрмөт декларациянын поэзиясы эмес, чыныгы оптимисттик, патриоттук, улуу гражданин Маяковскийдин салтын уланткан поэзия керек. Эгерде, Ата-журтум, туура тапсаң, Кармалбас эмгегимден сага жаксам. Ишенсең, уят кылбайт деп ойлосоң, Ийниме улам албан милдет таксаң. Эгерде максатымдан бир аз сылтып, Баратсам милдетимди кокус унтуп, Тапшырма, иш тапшырбай күйгүз мени, Тапканда кызматымдан кылдай кынтык. Ушуга окшогон, чыныгы гражданчыл ырдын суррогаттары азыр «ортосаар поэзиянын» жээгинен аша чаап жаткан кез. Мыдай ырларды жаш талапкерлерден […]

Аскаралы Ражабалиев: Жыландын көз жашы

НОВЕЛЛА «Оргуштап келген бакыттан учурунда чегингенге үлгүр…» (Л.Н.Толстой) Жаш жылан эрте ойгонду. Секин бошонду токочтой түйүлүп, көөшүлө уктап жаткан энесинин койнунан. Башы өрүк сөөгүндөй сүйрү. Упузун, назик денеси сыйда ак булуттай. Капкараңгы чээнде жылтырайт ийненин көзүндөй кипкичине көздөрү. Өзүнөн башка кыжылдаган эсепсиз жыландардын бири да ойгоно элегин көрүп, бушайман тартты: «Буларды аралап кантип тышка чыгам?» Кокус бирди-жарымынын беймаал уйкусун бузса, чоң немелер үлбүрөк этин үзө тиштеп же чагып алышы турган сөз. Алардын ойгонушун күтүүдөн башка ылаажым жок. Баласынын тыбырчылаганынан уйкусу […]

Чубак ажынын этнограф-тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматын жокко чыгарар далили барбы?

«Февраль айынын акырына же март айынын башына туура келген Жаңы жыл майрамы милдеттүү түрдө өткөрүлгөн жана Ысык-Көлдө оруздама (персинин «Нооруз» деген сөзүнөн) деп аталат. Өзүнүн келип чыгышы боюнча кээ бир диний түшүнүктөр элдик салттар менен өзүнчө бир айкалышканы менен бул майрам диндик мүнөздөн оолак болгон. Анын негизги мазмуну жаздагы жаратылыштын жандануу идеясына байланыштуу. Майрамдын убагында буудайдан, талкандан, быштактан, дагы ушул сыяктуулардан — азыктын жети түрүнөн көжө бышырып, коңшуларын жана тууган-туушкандарын мейманга чакырышып, жакшылык тилектерин айтышкан. Кээде айылдын калкы чогулуп, от […]