Биздин учурда гражданчыл поэзия керек. Курулай ант, убада берүүнүн, жалган патетиканын, кур дүрмөт декларациянын поэзиясы эмес, чыныгы оптимисттик, патриоттук, улуу гражданин Маяковскийдин салтын уланткан поэзия керек.

Эгерде, Ата-журтум, туура тапсаң,
Кармалбас эмгегимден сага жаксам.
Ишенсең, уят кылбайт деп ойлосоң,
Ийниме улам албан милдет таксаң.

Эгерде максатымдан бир аз сылтып,
Баратсам милдетимди кокус унтуп,
Тапшырма, иш тапшырбай күйгүз мени,
Тапканда кызматымдан кылдай кынтык.

Ушуга окшогон, чыныгы гражданчыл ырдын суррогаттары азыр «ортосаар поэзиянын» жээгинен аша чаап жаткан кез. Мыдай ырларды жаш талапкерлерден жана адабиятта чамасынын чактыгына көзү жеткен, эми эптеп уйкашын түздөп, ырды кайсы убакта болбосун, каалашынча жаза алган «эмгекчил, жемиштүү» авторлордон гана эмес, улуттук поэзиянын жүзүн көрсөткөн, өзүнчө стилге, почеркке ээ болуп калган акындарыбыздын калеминен да чыгып кеткен учурлар аз эмес.

Бул эки түрмөк ырды катардагы жаш акындардын бири жазыптыр десе,ким да болсо ишенет, мунун алдында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты Турар Кожомбердиевдин ысымын коюуга эч кимдин дити барбайт. А түгүл мындай ырды жазганы үчүн бүгүнкү окурман аны кечирбейт. Себеп дегенде Т.Кожомбердиев – кыргыз поэзиясын биздин чегибизден ары көтөрүп алып чыгат, масштабдуулуктун, тереңдиктин өзүнчө үлгүсүн көрсөтөт, бир айылдын ичин жара кыйкырган акын эмес, чоңураак маарага чапса чыгып келет деп үмүт жүктөп келаткан акындарыбыздын бири.

Ошенткен акындарыбыздын:

Таш ыргытсаң, эмнеге
Учпайт, жерге байланат?
Кыздын жүзү эмнеге
Кемпирдикке айланат? —

деп суроо салып таң калганына бир чети ыңгайсызданып кетсең, мындай суроону масштабдуулукка, акыл тереңдигине кетип бараткан деген акындан чыкканына өзүң да таң каласың.

Андан да таң калыштуу нерсе — Т.Кожомбердиевдин мына ушул өңдүү ырларынын ортосаар чыгып калганын өзү жакшы билет. Ошон үчүн ал ондогон обондорго салынып ырдалып жүргөн (песенный) ырларынын бир кыйласын тандалмалуу жыйнагына киргизген эмес. Ал ырлар анын поэтикалык жүзүн ачмак гана тургай, күңүрттөнтүп таштаарын туура баамдаган. Ошентсе да жогоркудай ортосаар ырларга чыныгы жалын менен жазылган гражданчыл ырларынын жанынан орун берип койгон.

Эгер курулай риторикалуу, же примитивдүү ырлар анын поэзиясында үстөмдүк тенденцияга ээ болуп кетсе, анда сөзсүз Т.Кожомбердиев чыгармачылык төмөндөөгө учураары көрүнөө иш.

Бактыга жараша, Т.Кожомбердиев азыр чыгармачылык күүсүндө, тынымсыз изденүүдө, өзүнүн табигый талантына тыным бербей иштеп жаткан кез. Айрым адабиятчылар Т.Кожомбердиев али адабияттын магистралдык жолуна чыга элек, бар болгону поэзиянын бөксө, төтө жолдорунда жүрөт деген ойдо окшойт. Бул пикирдин канчалык чын же жалган экенине ал өз чыгармачылыгы менен жооп бере жатар. Анын үстүнө, анын кемчиликтерин жалпылоого алып, кандайдыр тыянак чыгарууга али эртелик кылат. Биз акынга өйдөңкүдөй мүчүлүштөрдү жакшы ниетте туруп эскерте кетүү менен бирге, биз үчүн негизги маселе болгон — анын поэзиясындагы жетектөөчү, башкы тенденцияны аныктаган гражданчыл ырлардын табиятына көңүл бурабыз.

Бизде тематикалык диапазон дегенди акындык кудуретти чечүүчү кандайдыр чен сыяктуу кабыл алуу байкалат. Тематикалык талап, менимче, шарттуу түшүнүк. Акын болгондон кийин эмнени жазбайт. Мен ойлойм, маселен Т.Кожомбердиевге палан деген темада ыр жазып бер десе, ал жарактуу ырды ошол эле күнү жазып бере алат. Себеп дегенде ал уйкаш издеп убара болуп отурбайт, өзүнүн поэтикалык ыкмалары ар кандай кызматка даяр турат, кыргыз ырынын негизинен калыптанып калган системасынан акын активдүү пайдаланат жана акырында, аларды айтпаган күндө деле, жалаң кара талантына сыйынса да түзүгүрөөк деген ырды каалашынча жазып салары бышык.

Андай болсо акындарга ыр жазгандан оңой эчтеме жок экен, бапыратып жаза бербейби деген суроо туулат. Кеп ошондо. Бирөөлөр так ошентип бапыратып жазып жатат. Алардын ырлары адабий «техосмотрдон» шыр эле өтөт, сынчылар карап туруп, анча деле айып коё алышпайт, (бирок чындап мактай да албайт, себеби, көркөм сөздү урматтап, ыйык туткан адамга мындай чыгарманын чебердик менен иштелген суррогат экени шыр эле байкалып турат, ал эми көшөкөр сынга оңой, ал жанагы «тематикалык диапазон» менен «идеялык баалуулук» деген түшүнүктөрдү бетке кармай салып, аябай көкөлөтүп мактай берет.

А бирөөлөргө бапыратып жаза берүү өзүнүн акындык абийирине өзү балта чапкан менен барабар. Алар өзүнүн талантын сактайт, көрүнгөн жерге чаба бербейт, лабораториясында кара жанын карч уруп иштеп, чоңураак мараны, чоңураак максатты көздөйт. Жөн эле чыгармаларынын санын көбөйтүү үчүн жаза берүүгө адабий абийири жол бербейт. Турар Кожомбердиевди мен ошондой акын деп билем. Анын «От өчпөгөн коломто» аттуу тандалган ырлар жана поэмалар жыйнагын бир сыйра окуп чыккан адам анын талантына, поэтикалык дүйнөсүнүн байлыгына, тазалыгына, ичтен кайнап, угуттанып, алдыртан алып учкан чыгармачылык кубатына маани берсе болот.

Т.Кожомбердиев балдар жөнүндө жазды, публицистикалык ырларда өзүн сынап көрдү, көл жөнүндө жазды, сүйүү лирикасына кайрылып, бир катар обондуу ырларды жаратты, поэтикалык рефлексия менен аздыр-көптүр алаксыган, чеки кетирген учурлар да болду. Алардын баарында акындын өзүнүн келечектүү жөндөмүнөн, эрудициясынан кабар берди. Аңгыча анын поэтикалык бай дүйнөсүндө кандайдыр концентрация жүрүп жатканы байкалды, анын акындык чабыты, табылгалары өзүнчө өзөк темага, тема – ядрого – эне менен отко астейдил айтылган салмактуу ой-толгоолорго топтолуша баштады.

Анын поэтикалык чарбасындагы бардык кокустук көрүнүштөр, күнүмдүк кайрылган темалар шыпырылып түштү. Эне менен от жөнүндө анын ырлары кыргыз поэзиясынын жалпы хорунан өзгөчөлөнүп даана угулуп, бөлүнүп чыкты: Эне менен отту Т.Кожомбердиев тоолуктардын күндөлүк жашоо тиричилигинин, кайталангыс өзүнчө мүнөздөрүнүн, умтулууларынын, каалоо-тилектеринин, кайгы кубанычынын фонунда берди. Эне жана от – тиричиликтин эки символу, эки улуу башталма ошол нагыз улуттук фондо түпкүрдөн күйгөн шамдай жаркырап, нур жиберип турду.

Бул акындын бала кезинен канына сиңген, жүрөк түпкүрүндөгү, көз жанындагы, көкүрөк дартындагы, жаштык сагыныч-кусалыгындагы атадан калган мурастай кастарлаган ыйык дүйнө эле. Бул дүйнөдө ал өзүн учкан куштай эркин сезди, күтүрөтө жылкы айдап бара жаткан атасын жазса да, коломто жээгинде күйпөлөктөп балдарына нан бышырып жаткан энени жазса да, жанына булут түнөгөн боз үйлөрдү, жылдызга жакын кыргыз жайлоосун, «жалынан, куйругунан шамал агып, жалдырап» турган картаң айгыр Чалкашканы, «чынжырланган ачка дөбөттөй» жулкунуп, ырылдаган капчыгайды жазса да – баары анын дүйнөсүндө жаңырыктап, тирүү элес болуп канында жүгүрүп, ар качан эстегенде кусадар кылып, кайра артка, тээ боз чалган балалыктын дооруна чакырып, канын дүргүтүп, сезимин ысыткан тааныш, жакын, көңүлдү төтөп кылган өз дүйнөсү эле.

Акын кысынган жок, шамал менен тең жарышып аргымак үстүндө эркин өскөн тоолук жигиттердин салтында, майдаланбай, арымсыздык кылбай, үндү бийик таштап, тоо койнундагы алп тирчиликти, жазгы сууларды, «фуфайкеси сыгып алма суу болуп, жайыттан кайткан» чабандарды, коломтодогу отту бир паста жутуп кеткен куюнду, «ташка минип алып, ат сыяктуу желдирген» тоолук балдарды ырга салды. Бардык тирүү нерсенин, бардык өсүп-өнүгүүнүн башаты – эненин ырдады. Жашоонун өчпөс желегиндей коломтодо күйүп жаткан отту да эне тапкан деп айтты акын. Эне турганда кызыл от кысыр калбасына, оттун ээси – эне экенине ишенгиле деди.

Мейли кышта, бурганактын
шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын
таңында.
Коломтону элестетсем,
Энекем
Күйпөлөктөп олтургансыйт
жанында.
Казан шуулдап, түбү көөлүү
карарган,
От күчөчү коломтодо
таралган.
Эмнегедир от бир буюм
сезилчү,
Апакемдин колдорунан
жаралган.
Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси.
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.

Поэзиядагы граждандуулук – бул жөн салды айтылган түшүнүк эмес. Бул акындын мезгилге, элдин талабына берген жообу.

Т.Кожомбердиевдин поэзиясынын өзөгүн сөздүн чыныгы маанисиндеги граждандуулук түзөт. Анын граждандык лирикасы акындын жан-дүйнөсүнүн табийгый көрүнүшү, ички муктаждыгы, поэтикалык натурасынын өзү катары конкреттүү образда даана көрүнөт. Акын жараткан тоонун, жылкычылардын, эненин, оттун образы кандайдыр окурманга жакын, тааныш өз дүйнөсү сыяктуу туюлат, ошол образга сыймыктануу сезими козголот, акындын ошол ажайып дүйнөсү билинбей келип сенин дүйнөңө айланып жатканын көрөсүң.

Граждандуулук менен патриотизмдин органикалык байланышы бар. Гражданин акын – өз элинин ошондой эле патриоту. Бирок бизде улуттук сырткы белгилерди туш келди мактай бергендер жок эмес. Кыргыздын кээ бир акындары кыргыз тоосун даңазалап мактоого ашкере кызыгып, алар үчүн тоо кереметке айланып, ал гана турсун адамдардын социалдык турмушуна активдүү таасир көрсөтүүгө жөндөмдүү өңдөнгөн кандайдыр бир күчкө айлангандыгы байкалат. Чынында да тоолор темасына колдон келсе, келбесе да бир ыр арнап, тоолордун образын өтө эле аздектеп, көкөлөтө берүү – чылпагын алам деп көзүн чукугандай, кайра ошол тоолордун образынын тайкылашынына туш кылып, сыйлуу нерсенин тамтыгын кетирет.

Бул жагынан Т.Кожомбердиевдин поэзиясы туура нукта. Жогоруда айткандай, анын ырларынын көбү тоолук адамдардын турмушуна, тоо койнундагы көрүнүштөргө арналган. Бирок анын тоону кандайдыр фетишке айландырып, жөнү жок көкөлөтө мактап, ыгы жок аздектей бергенин көрбөйбүз. Ал тоолорду кандайдыр сыйкырдуу күч эмес, бирде кары бурганактап, суугу сөөктөн өткөн, бирде төрлөрү чалкайып, төрт түлүк малы күтүрөгөн кадимки эле жаратылыш катары сүрөттөйт. Тоолордун фонунан карапайым жылкычы, чабандардын, түйшүктүү энелердин, азоо үйрөткөн балдардын образдарын бөлүп көрсөтөт.

Негизги көңүлдү адамга бурат. Тоолук адам деген да анын поэзиясында кандайдыр бир абстракция эмес. Алар кадимки эле жылкычы, койчулар. Ошон үчүн акын «Кышкы тоодо» аттуу татынакай балладасын жөнөкөй койчулардын бирине арнап олтурат. Кар оор түшкөн кышта кыштактан чөп тарткан трактор көрүнөбү деп, капчыгай жактан көзүн албай кыйналган койчуман менен акын кошо кыйналып, кошо азап тартат.

Чөп аз деп айткан кепти кулак чалган
Чаналар бүгүн да жок тоют салган.
Келбейби? Улам ал ой кыйнайт мени,
Коңуздай кулагыма кирип алган.

Т.Кожомбердиев – көп окуган, мыкты акындардын поэтикалык мектебинен таалим алган, ошону менен бирге өзүнүн улуттук адабиятынын нускалуу салттарын терең урматтаган, ошол улуу башаттардан өздөштүргөн билимин, таалимин чыгармачылыгында органикалык бир бүтүндүккө айландырып алган акын. Билим аз, талант кудурети чак жерде жалган новатрдук, көрүнүштөрдүн маңызына жетпей эле, үстүртөн кайпып жаза берүү жана ошол тайыз дүйнөсүн сырткы эффект, форманы экилентүү аркылуу жаап-жашырууга, далбастоо күч аларын жакшы билебиз. Т.Кожомбердиевдин поэзиясы мазмундун тереңдигине умтулуунун, ойлордун философиялык салмагына кам көрүүнүн, бир баскан изин таптап, бир орунда туруп албай, баштагы кол жетпеген табылгаларды андан ары тереңдетип, өз почеркин улам дааналап, изденип жүрүп олтуруунун жолунда.

Ал жеңил-желпи таасирлерге, модалуу ар түркүн агымдарга кызыккан, азгырылган мезгилден өтүп кетти. Азыр анын өз чарбасы, өз табылгалары бар. Мындан бир нече жыл илгери Т.Кожомбердиев «22 жашыма» аттуу ырында:

Өмүрүм бир токтолбой алга барат,
Өмүрүм бир токтобос учкул канат.
Өмүрүм өмүр үчүн күйүп бүтөт,
Өлүмгө бир тамчы да калбай калат, — деп жазган эле. Андан кийин «Акындар» деген ырында ал өзүнүн поэтикалык «манифестин» жарыялаган десе болот:

Жашоо бул – ырдоо эмес бирөөнүкүн,
Жашоо бул – ыр  жаратыш жүрөктөрдөн.
Жашоо бул – гүлдү жыттап өтүү эмес,
Жашоо бул – гүл өндүрүү жүрөктөрдөн.

Жоголсун поэзия өзүн сүйгөн!
Калтырап кыйындыкка башын ийген.
Жоголсун поэзия кош-кош тончон,
Форточканы ача койсо суук тийген.

Турмушка аралашпай калкындагы,
«Үлпүлдөп айдай аппак алкымдары».
Жоголсун дал ушундай поэзия,
Жашаган мамыктагы, салкындагы.

Акын дал ушул принцибинен жазбады. Бул жөн гана айтылган кооз сөздөр эмес экендигин өзүнүн акыркы жылдардагы поэзиясы аркылуу далилдөөдө.

«От өчпөгөн коломто» жыйнагы акындын жалпы чыгармачылыгына ырааттуу көз жүгүртүп, бир бүтүн ойго келүүгө мүмкүндүк берет.

Жыйынтыктап айткандан кийин көз алдыңа коломтодо күйгөн от, анын тегерегинде күйпөлөктөп жүргөн ак көңүл, түйшүкчүл, боорукер, көңүлүндө жакшылыктан башка тилеги жок жөнөкөй кыргыз энесинин элеси турат.

Аман Токтогулов — адабий сынчы жана акын, котормочу.

Бул эненин образы акындын көкүрөгүндө дайыма түнөп, артка кетсе алдыдан бүлбүл көрүнүп, сапарга, изденүүгө, илгерилөөгө чакырып, үмүт болуп күйүп, мактоого алдырып баратса соолуктурган катаал сынчы болуп, акынды колдогон көрүнбөс күч сыяктуу сезилет.

Бир эсе акын жазып жаткан коломтодогу от – өзүнүн поэзиясынын отуна окшоп илебин сездирип, ким жанына келсе баарын табына жылытып жатканга окшойт. Мен акындын ошол поэтикалык отун – граждандуулук оту деп атаар элем. Некрасов менен Маяковскийдин музасын жылыткан граждандуулуктун ошол оту, ошол жалыны кыргыз коломтосунда да түбөлүк от болуп күйүп турсун…

[I] Китептен: Токтогулов А. Поэзияга мамиле. — Ф., 1975. — 26-35-6.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.