НОВЕЛЛА

«Оргуштап келген бакыттан учурунда чегингенге үлгүр…»
(Л.Н.Толстой)

Жаш жылан эрте ойгонду. Секин бошонду токочтой түйүлүп, көөшүлө уктап жаткан энесинин койнунан. Башы өрүк сөөгүндөй сүйрү. Упузун, назик денеси сыйда ак булуттай. Капкараңгы чээнде жылтырайт ийненин көзүндөй кипкичине көздөрү. Өзүнөн башка кыжылдаган эсепсиз жыландардын бири да ойгоно элегин көрүп, бушайман тартты: «Буларды аралап кантип тышка чыгам?» Кокус бирди-жарымынын беймаал уйкусун бузса, чоң немелер үлбүрөк этин үзө тиштеп же чагып алышы турган сөз. Алардын ойгонушун күтүүдөн башка ылаажым жок. Баласынын тыбырчылаганынан уйкусу бузула түшкөн эне жылан «тынч уктабайсыңбы?» дегенчелик кылып, куйругу менен кысып койду. Бир чети таңкы ширин уйкунун кумары…

Дегинкиси аны уйкудан да таттуу, ышкылуу сезим бийлеп алган болчу. Ургаачылык туйгусун алгач ойготуп, сезимине бүлүк салган окуя кечээ күн жаңы чыккан маалда жүз берген, дене боюн жибиткен ошол кумардуу көз ирмемдердин дагы кайталанышын түнү бою эңсеп, чала уйку менен атырды таңды. Арийне, чыдамы түгөндү. Тобокелге салып, пышылдап уктап аткан жыландардын үстүнөн этияттана сойлоп отуруп, араң чыкты тышка. Күндө үстүнө чыгып күнгө кактанчу, бети тегиз чоң таштын үстүнө чыкты. Таңкы ызгырык шамалга денеси чыйрыгып, каттамадай оролуп, башын өз бооруна катты. Кечээ күнкү лаззаттуу окуя тартылды көз алдына. Кудум ушул таштын үстүндө сунала жаткан. Жаңы эле чыккан күндүн табына жаш денеси жибип, көздөрүн чала жумуп алган. Ушул чакта башка чээнден чыккан ак денелүү, кызыл темгилдүү, супсулуу эркек жылан акырын сойлоп келип, ага оролгон. Анын жат ордодон келгенин сезип, денесин жыйыра каршылык көрсөткөн. Мунусу көпкө созулбай, эрип берген чоочун жыланга. Өзүнө окшоп жаш, ыпысык, жан эриткен жагымдуу жыты бар экен. Экөө токочтой түйүлүп, аркан сымал эшилип, узун денелерин жанаша жаза, моюндаша ойношкон кыйлага. Бир маалда эркек жыландын боюнан анын денесине кандайдыр бир жылуу нерсе сызыла агып өткөн. Ушул чакта экөө тең көлкүй эрип, упузун, ипичке бойлорун суналта, магдырап жатышкан. Ийненин көздөрүндөй кипкичине көздөрүнөн нурдуу учкун жарк эткен. Анан таңкы күндүн жылуу табына жапжаш денелерин какташып, моюндарын бири-бирине артып, көлкүп-эрип укташкан таш үстүндө…

Ана! Ал «шырт!» эткен дабышты укту. Кечээки кызыл темгилдүү, супсулуу эркек жылан таш үстүнө сойлоп чыгып, ага сөйкөндү. Ийненин көзүндөй кипкичине көздөрүнөн жыландык мээрим нуру жанат.

Аркан болуп эшилишти, бири-бирине моюндарын арта, жылан бийин бийлешти. Анан бойлорун жанаша суналта укташты, күн табына балкый. Ошол бактылуу таңдан баштап экөө тең өз чээндеринде түн ичи гана уктап, бирге болушат кечке.

Жылуу көрпөдөй дене балкыткан жаздын жанга жагым күн-түндөрү тез өттү. Очоктогу оттой жай күнүнүн ысыгы кирип келди сай ичине. Түркүн куш-чымчыктар безелене сайрайт. Оймоктой бото көз булактан сызып чыккан суу чулдурайт. Өздөрүн бак-таалайлуу өлкөнүн падышасы менен канышасындай сезген эки жаш жылан убакыт менен иши жок, жылмакай таш бетинде күнүгө оюн курушат…

Салкын таңдардын биринде экөө күтпөгөн мүшкүл окуя… Экөөнүн күнүгө таш үстүнде уктап жүргөнүн тоо кыргыйы байкап, оңтойлуу учурду күтүп жүргөн. Өңүтү келди тез эле. Али этияттык деген эмне экенин билбеген, ышкы отуна мас эки жапжаш жылан күндөгүдөй жанаша суналып, балкып-көлкүп, күн табына кактана уктап атышты. Көктө өздөрүн көздөрү тешиле аңдып турган кыргыйдан бейкапар. Куш октой шумгуй ылдыйлап, ышкы менен уйку боюн балкыткан ак булуттай ургаачы жыланды шап илип кетти. Куштун канат эпкининен ойгоно калган эркек жылан калдайган немени тырмагына мыкчылган көңүлдөшүн көрө койду. Бир саамга не болуп кеткенине түшүнө бербей, көктөн көзүн албай карап турду. Качан гана кыргый тырмагынан бошонгусу келип, тыбырчылап аткан бечара көңүлдөшүнүн абалын түшүнө койгондо, өзүн коёрго жер таппай, ыргый берди көккө. Шалк этип ташка урунат денеси. Кыргый тоодон ары учуп өтүп, көрүнбөй калды.

Эркек жыландын кипкичине көздөрүнөн жаш сызылып, таш бетине тамды. Мындай ысык жаш эгерим анын көзүнөн сызылып чыга элек болчу.

Кыргый олжосун көтөргөн бойдон аска боорундагы уясына конду. Жаш этти майдалап, үзүп-үзүп бере баштады ооздорун ачып турган балапандарына. Жапжаш эне жыландын эти жупжумшак. Ичинен кудум сөөлжандай кыпкызыл баласы чыкты. Эне кыргый кызыл эт жандыкты үч бөлө майдалап, үч балапанынын оозуна салды. Жашымал этке тоюшкан үч балапан сүт эмген баладай маңкайып, уйкуга кирди. Балапандарынын мемиреп уктап атканын карап турган эне кыргый куштук сезими менен жетине албай сүйүнүп, каккылап-каккылап алды канаттарын.

Ошол мүшкүлдүү таңдан баштап уйкусу качты, жалгыз калган эркек жыландын. Эртели-кеч көз алдында ак булуттай апапак, напназик, ипичке, упузун, ийненин көзүндөй кипкичине көздөрүнөн ышкы оту жанган ургаачы жылан турганы турган. Кусалыгы денесине сыйбай, алеми жүрөгүнө батпай, кайгысы жанын кемирип, оозуна наар албады көп күн. Жыландык бакыт, жыландык жашоо ыракаты келип да койбоду оюна. Башка жыландардын миң кубулуп оролуша, моюндаша, суналыша, кубалаша ойношкону ныпым кызыктырбады. Таңкы күндүн кызыл ыраңдуу, аруу нуру ал үчүн ургаачы жыландын бир жолку жылт эткен көз учкунундай сезилбеди. Саат сайын ысыгы кетип бараткан денесин жылыта албады күн табы.

«Жашоо бүттү! Анын артынан барам!» — деген жыландык бүтүмгө келди акыры. Бири-бирине оролуша, кышылдап уктап жаткан жыландарды кыдырата тиктеп, жаш алды көздөрүнө: «Кош, боорлорум!» — деди жыландык туйгусу менен. Чээнден тышка чыкты да, сунала жатты баякы жылма таштын үстүнө. Кыргыйга жем болгон көңүлдөшү барган түпсүз караңгылыкка тезирээк жетүүнү эңсеп алган. Кипкичине көздөрү жумулуу. Апапак, кызыл темгилдүү денеси эски чүпүрөктөй өңү өчкөн. Жаш эти шылынып, оркоёт омурткасы.

Көктө айланчыктап учкан кыргыйдын айбаттуу карааны. Жылан аны көргөн жок. Көргүсү да келбеди. Тек сезди өзүн жүткүнө илип кетмекке камынып атканын. Ага баары бир. Көңүлдөшү барган түпсүздүккө жетсе болду тезирээк. Жумуп алды көздөрүн. Өзүнө жакындап калган куштун шабыртын укту. Куш кайкып учкан бойдон, таш бетине конбой эле жыланды мыкчый көтөрүлдү көккө. Ач тырмактар ушунчалык катуу мыкчыды дейсиң, омурткасы кычырап кетти. «Ы-ых!…» Онтоп жиберди жаны көзүнө көрүнгөн алсыз бечара. Тунарган көздөрүнөн дирт-дирт ыргыды жаш.

Ач арбактай арыктаган жыландан тишке илешерлик эт чыкпады. Ооздорун ача, акактап туруп калды балапандар. Кайра жем издегени көккө көтөрүлдү эне кыргый, курч көздөрүн жерге матап…

One Reply to “Аскаралы Ражабалиев: Жыландын көз жашы”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.