Илгери бир кедейдин үч баласы болуптур. Атасы өлүп жетим калган балдар азып-тозуп кетет. Эми жетимдер күн көрүү амалын издейт. Оокаттары өтпөй калганда  жолго чыгышат.  Келе жатканда алдынан эки жол кездешет: бирөө – барса келбес, экинчиси – барса келер. Агалары Элебести барса келбес жолго салып, өздөрү барса келер жол менен кетет.

Элебестин алдынан көк жал карышкыр чыгып, качырып сала берет.  Элебес карышкырга: «Жегениӊ аш болсун! – дептир. Карышкыр: «О достум, өмүрүмдө бул мага айтылган биринчи жылуу сөз, мындан мурун кезиккендер мага жегениӊ таш болсун дечү эле,  мен аларга эрегишип өлтүрүп салчумун. Ошондуктан бул жол барса келбес атанган. Эми сен менин досум болосуӊ, а мен сага өлөр-өлгөнчө көмөктөшөмүн» – дейт.

Элебес андан ары жүрө берет. Чоӊ калаага жетип келет. Ал шаардан тамактанып, тоюнуп, адам болот. Бир күнү жер казып, иштеп жүрсө күрөгүнө бирдеме илинип чыгат, караса – алтын. Алтынды көргөн жигит андан ары казып, дагы ат башындай алтын табат. Байып калат. Бир күнү уктап жатып түш көрөт. Агаларынын жагдайы начар экенин көрүп, чочуп ойгонот. «Ит тойгон жерине, эр тууган жерине» дечү эле. Бул байлыкты жалгыз өзүм көргөндө эмне болмок? Эмне болсо да агаларым менен бирге көрөйүн, – деп ордунан көчөт. Көчүп келатып агаларына кезигет. Алар абдан азып, үстү-баштары жүдөгөн. Агаларын тойгузуп, кийимдерин жаӊыртат. Бирок бул жакшылыкты агалары билбейт, Элебести көрө албай, акыры өлтүрүп тынат, мал-мүлкүнө ээ болушат.

Бир күнү баягы карышкыр келатып учуп-конуп чуулдап үймөлөктөшкөн  каргаларды көрөт. Караса досу өлүп жатат, каргалар ошого жабылганы жаткан экен. Эми эмне кылуу керек? Карышкырга бир ой келет. Акырын барып каргалардын падышасын кармап алат. Бардык карга «падышабызды бошот» – деп чуулдап карышкырга жалынат.  Карышкыр каргаларга: «Эгер адам тирилте турган чөп таап келсеӊер бошотом», – дейт.

Каргалар каркылдап жан жакка учуп кетет, жер-көктү койбой карап, акыры  өлдүм-талдым дегенде чөптү таап алып келишет. Чөптү суулап жумшартып, Элебестин оозуна салганда тирилип тура келет. Элебес эсин жыйып, карышкырга алкышын айтып, кайра агаларын издеп чыгат. Келатып айыл көрөт. Караса, агаларынын айылы экен. Улуу агасы уктап жатыптыр, ачуусу менен келген Элебес аны муунтуп өлтүрөт. Кичүү агасыныкына келсе, ал Элебести тааныбайт. Үйүнө киргизип сыйлайт. Тамактанып отуруп  Элебеске бар сырын айтат да мындай дейт: «Бир инибиз бар эле, агам койбогон соӊ, кылган жакшылыгын унутуп, агамдын айтканы менен болуп, аны өлтүрүп салдык. Агамдын тилин алып аны жерге жашырбай кеттим эле. Эми издеп барып, сөөгүн көмүп, башына койгонго таш чегип жасап жатам”, — деди. Ошондо Элебес ачылып, башынан өткөргөнүн айтып, агасы экөө ыйлап көрүштү. Бири бири менен табышып, бирге ынтымактуу жашап калышты.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.