«Февраль айынын акырына же март айынын башына туура келген Жаңы жыл майрамы милдеттүү түрдө өткөрүлгөн жана Ысык-Көлдө оруздама (персинин «Нооруз» деген сөзүнөн) деп аталат. Өзүнүн келип чыгышы боюнча кээ бир диний түшүнүктөр элдик салттар менен өзүнчө бир айкалышканы менен бул майрам диндик мүнөздөн оолак болгон. Анын негизги мазмуну жаздагы жаратылыштын жандануу идеясына байланыштуу. Майрамдын убагында буудайдан, талкандан, быштактан, дагы ушул сыяктуулардан — азыктын жети түрүнөн көжө бышырып, коңшуларын жана тууган-туушкандарын мейманга чакырышып, жакшылык тилектерин айтышкан. Кээде айылдын калкы чогулуп, от жагышып андан балдар жана жаштар секиришкен. Арчанын түтүнү менен үйдү, малды, ага катышкан адамдарды аласташкан. Бул майрамды Октябрь революциясынан кийин бир канча убакыт бою Ысык-Көлдө дагы эле белгилөөнү улантышып, андан кийин ал бүт маанисин жоготкон.

Бул майрамдын уландысы узакка созулган кыштоодон кийин малчылардын көктөмгө чыгышы. Ал зор жана кубанычтуу окуяга айланган. Көктөмгө чыкканда адамдар эң жакшы кийимдерин кийишип, көчтү, миңген аттарын жасалгалашкан. Кышкы зериктирген мезгилди айылдарда салт боюнча кезектешип жоро бозо өткөрүү менен кыскартышса, жайкы мезгилде шерине уюштурушкан. Кезектешип тамак берүү менен чогулушуу достору менен жолугушууга, бири-бирине жаңылыктарды айтып, ырчыны же комузчуну угууга, күндөлүк зарыл иштер жөнүндө сүйлөшүүгө себеп болгон. Болгон социалдык экономикалык шарттардын натыйжасында бул жыйындарга катышуучулардын (алар жалаң гана эркектер болгон) коомдук таламдары кууш мүнөздө болуп, көбүнчө өздөрүнүн үй-бүлөлүк-тууган-туушкандык тобунан, айылдан же айылдык жамааттын чегинен чыккан эмес. Бирок үйлөнүү же өлгөн адамга, өзгөчө белгилүү адамга аш берүү сыяктуу окуялар адатта кеңири коомдук мүнөздө болуп, ар түрдүү айылдардан гана эмес, кээде ар түрдүү болуштуктардан да көп меймандар чакырылган.

Бул окуялар сөзсүз тамак берүү, элдик оюндар, мелдештер жана башка массалык көңүл ачуулар менен коштолгон.

Чоң той жана салтанат өткөргөндөр — байлар жана манаптар көп учурда алардан зор материалдык пайда түшүрүшкөн, анткени бул салтанатка келгендер кандайдыр-бир белек — милдеттүү түрдө кошумча беришет. Бул окуялар андан ары жумалар, айлар бою, өзгөчө салтанаттарга атактуу балбандар, ырчылар жана акындар, манасчылар, белгилүү күлүктөр катышкан болсо ар кандай кеп кылууга негиз болгон. Белгилүү акындын же манасчынын айылга келишинин өзү эле коомдук окуяга айланган. Эгерде жергиликтүү байлардын же манаптардын бирөө тоскоолдук кылбаса аларды угууга адатта айылдын бүткүл калкы чогулган».

С. М. Абрамзондун «Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер» аттуу китебинен

Чубак Жалиловдун айтканынан: «Нооруз деген байыркы перстердин, азыркы ирандыктардын ата-бабасы күнгө, отко сыйынган, күн тогошкон күнүнө сыйынган майрамы. Кыргыздын майрамы эмес. Исламда Нооруз арам. Ким нооруз «майрамынын» урматына деп бир жумуртка берсе да ыймандан чыгат, капыр болот… Же кошулуп бул майрамды майрамдаса да ыймандан чыгат. Ким кайсы коомду ээрчисе ал ошолордун бирөөсү болуп калат. Бул менин сөзүм эмес, бул исламдын талабы. Исламда эки гана майрам бар — ал Курбан айт жана Орозо айт майрамдары. Андан тышкары чоң майрам жок». «Нооруздун урматына жасалган сүмөлөк арам… Башка күнү сүмөлөк жасап жесек болот… Ширк майрам майрамдайм деп түбөлүк отто калып кетпейли, ыйманыбызды сактайлы!»

4 Replies to “Чубак ажынын этнограф-тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматын жокко чыгарар далили барбы?”

  1. тарыхий далилди кантип жокко чыгара алат эми. Нооруздан айлансын чудак молдокебиз.

  2. Чубак ажынын балакетин аласыңарбы силер. Советтик замандын атеисисиңер баарың. Устаздын айтканына каапырлар ишенбейсиңер да.

  3. Өзүнүн элинин тарыхын бурмалаган киши кыргызга душман эмей ким? Чубак шүмшүк элибиздин тарыхынан аттап кайда баргысы келет, арапкул болуп кеткени анык ушул жерде эле көрүнүп турбайвы! Бийлик эмнеге ушундай акмактардын оозун жаппай дөөрүтөт???

  4. Чубак ажыңардын жүзү курусун!!! Адамбы ушул даагы, кыргыздын наркын бузган бузукулардын арасындагы эле чала молдо бул неме…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.