Эң күчтүү сын – мезгил сыны, эң бийик жана эң туура чен өлчөм – мезгил чен-өлчөмү. Эч ким бералбаган курч бааны мезгил берет, эч ким көрсөтө албаган кемчиликти да мезгил көрсөтөт. Эч ким эч кимди мезгилче иргей албайт. Эч ким эч кимди мезгилче өз ордуна да коё албайт. Генийлер менен улууларды да, тубаса оргуган кара таланттар менен жазуучу пардасын жамынып алып катарга кошулуп жүргөндөрдү да газап аспабы алтынды жезден так ажыратып бөлүп бергендей накта өзүн ачып берчү адашпас даана сынчы да мезгил. Бир мезгилдин каталыгын да экинчи мезгил өзү оңдоп түздөйт.

Мезгил сыны эч кимди аябаган, эч кимдин жүзүнө карабаган жана эч кимди эч жерде алакчылабаган ушунчалык катаал, ушунчалык адилет күч экен. Ал иргөөгө салганда Алтын жылдыздуу Баатырларың да, катар-катар шагыратып тагынган Ленин ордендериң да, шаңдуу угулуп, сүрдүү туюлган канча бир жогорку чин-даражаларың да ээсин сактап калууга эбелекче туруштук бере албай, кардуу көчкү бычыратып талкалай шыпырып барып тээ төмөнкү аңгекке көрүнгүс кылып тыгып таштаган куураган чычырканактай болуп ың-жыңсыз жатып калышты.

Мезгил эстетикалык чен-өлчөмүнүн алдында өкмөттүк баа, өкмөттүк критерий жол-жоболору менен атайын чыгарган токтомдору да жөн эле күндөлүк бирдемелер экен. Кана, кечээ эки Сталиндик, Лениндик, Мамлекеттик, Республикалык сыйлыктардын лауреаттары менен Эл акындары, Эл жазуучулары?! Кана, Социалисттик Эмгектин баатырлары?! Саясий маани берип пештүү көрсөтүп, партиялуулук, Лениниана, съезддин чечимдери, бузулбас достук, капитализмдин өлүмү делчү өз түшүнүгүндө актуалдуу, утилитарный жагынан караганда өтүмдүү темаларды издеп, сезондук дүжүр чыгармаларды жазып жүргөндөрдү социдеологиянын кулашы өзү менен кошо келбеске алып кетти. Атайын даярдыктан өткөн адистер көтөрүп чыгалбаган дырдай жылаңач чындыкты мезгил өзү көтөрүп чыкты. Баарыбыздын каталыгыбызды мезгил өзү оңдоп, баарыбызга мезгил өзү жардам берип жатат.

Кийинки жыйырма сегиз жыл ичинде окулса, окулбаса да массалык нускада басылган, саясый китептердей кылып күргүчтөтүп чыгарган Кыргыз Эл акындары менен Эл жазуучуларын санап көрчү: А. Токомбаев Т.Сыдыкбеков, К. Жантөшев, К. Баялинов, Т. Үмөталиев, Ч.Айтматов, К. Маликов, А. Токтомушев, Я. Шиваза, С. Эралиев, М.Жангазиев, С. Жусуев, Т. Адышева, М. Абылкасымова, Т. Абдымомунов, Н. Байтемиров, Т. Касымбеков, Ж. Садыков, Б. Жакиев, М. Байжиев, О. Султанов, Б. Сарногоев, Ө. Даникеев, Н. Жүндүбаева, 3. Сооронбаева, Ж.Мавлянов, К. Осмоналиев, Ш. Бейшеналиев, С. Өмүрбаев, Р. Рыскулов, А. Стамов, М. Борбугулов, М. Абдыкеримов, Ш. Абдыраманов, С. Сасыкбаев. Ох-х-оо, отуз беш киши!

Булардын ичинен калса араң-араң төрттөн бири калар. Көзү өткөндөрдүн бир тобу тарых барагынан орун алып даңкталмак турсун, жөн эле катарда саналчу акын, жазуучулардын тизмесинен аттары өчүп калды. Көбү тирүү жүрүп эле унутулуп баратышат. Айрымдарынын аттары Эл акыны, Эл жазуучусу деген ардак наамга пародия катары кабыл алынат. Мындай эл билбеген же билгиси келбеген Эл акындары менен Эл жазуучуларынын тагдыры өтө трагедиялуу. Эки миллиондун тегерегинде калкы бар кичинекей кыргызда ушунча кишиге Эл акындары менен Эл жазуучусу деген наам берип салыштын өзү да комедиялуу көрүнүш эмеспи. Эгерде баары ошол атка татыктуу болсо, мейли эле дечи. Же биздин адабиятыбыз ушунчалык эле чоң бекен, өтө эле бийиктеп дүркүрөп кетиппи?..

Эл тааныбаган, эл өзү баалабаган, ошонун таланты чын эле бар экендигин мойнуна албаган да Эл акыны менен Эл жазуучусу болмок беле. Эл атынан зордоп жабыштырган атакты эл өзү кабыл албайт экен. Болом деген киши да болалбайт экен, же бийлик күчүнө салып «Эл акыны», «Эл жазуучусу» деген наамды өкмөттүк буйрук менен бекитип, бүт республикага жарыя кылып койсо деле баары бир чыныгы Эл акыны, чыныгы Эл жазуучусу делинип калбайт экен. Карачы, акыйкаттын күчү кандай да, табияты кандай, келишкис катаалдыгы кандай.

Көрсө Эл акыны, Эл жазуучусу болчу талантты табият өзгөчө жаратып, ага өзгөчө натура, өзгөчө мүнөз, өзгөчө тагдыр берип, өзгөчө милдет жүктөп, ошол үчүн жашатып коёт турбайбы. Ага Эл акыны, Эл жазуучусу деген ардак наамды эл өзү эле тартуулап, өзү эле башкалардан ажыратып баалап алат экен. Буга жетиш жашоодо сейрек келчү бир зор бакыт окшобойбу.

Кыргыз арасында поэзиядан дасторконго чейин, таасын айтуудан тамашага чейин сөз жүргөн жерде элитасы менен да, карапайымы менен да, адиси менен да өз нускасын бузбай шыр эле эркин аралашып, жандуу баарлашып кете берчү, бир жагынан таламдаш, көп жагынан тагдырлаш үч чоң талант бар. Алар кээ бирөөлөргө окшоп кагаз бетиндеги өлүк чин-даражалар эмес, элдин көңүлүндө эрке сүймөнчүк болуп алышкан нукура ЭЛ АКЫНДАРЫ – МИДИН, РАЙКАН, БАЙДЫЛДА. Үчөөнө тең эң жогорку ардак наамды калайык өзү берип алган, үчөө тең мен баятан бери кайра-кайра басым жасап айтып келаткан мезгил сынынан тазаланып өтүп, улуттук тарых барагында турчу өлбөс орундарына бекем туруп коюшкан, ар биринин өз-өзүнчө үлкөн дүйнөлөрү бар кайталангыс кара таланттар. Бирок үчөө тең «Ала-Тоонун аскасынан ашалбай» белгилүү алкакта чектелип калышты. Андан жогорку деңгээлден, мисалы, Р. Гамзатов, К. Кулиев, Д. Кугильтинов, М. Карим, Э. Межелайтис, О. Сулейменовдор көрүнгөндөй даана көрүнө алышкан жок. Ал таланттардын дагы бийиктеп көтөрүлүп, дагы тереңдеп ачылып чыгышы үчүн профессионалдык сабат баскычы башкачараак улуттук адабий шарт, башкачараак маданий чөйрө, башкачараак камкордуктар керек эле…

Бул үчөөнүн ичинен Мидин менен Байдылда тууралуу өз сөзүмдү көптөн бери эле айтып келатпаймынбы. Азыр Райкан Шүкүрбеков жөнүндө окурмандар менен азыноолак ой бөлүшкүм келип турат. Ырас, Райкан Шүкүрбековду баарынан мурда мен биринчи болуп көрө койгонум жок. Ал тууралуу мага дейре ондогон дежур макалалар жазылган. Бүткүл чыгармачылыгын идеялык-тематикалык талдоого байлап примитивдүү изилдеген С. Егиналиевдин күлчү жерде мостойтуп супсак окулчу көлөмдүү китеби жарык көргөн. Ошол эле учурда таланттуу акындын «Эки бөжөгүн» таланттуу иликтеген Кымбатбек Укаевдин макаласын да окуганбыз. 1963-жылы чыккан «Тандамаларына» жазган К.Артыкбаевдин баш сөзүндө акын сатирасынын айрым бир урунттуу жерлерине кыйла эле көңүл бөлүнгөн. Драмалык чыгармалары, өзгөчө комедиялары боюнча учурунда М. Борбугулов өз ойлорун ортого салып өткөн. Окуу китептеринде жазылган. Ошентсе да Райкан Шүкүрбеков тагдыр кошкон жан досу Мидин Алыбаев сыяктуу эле, негизинен эл арасында үзгүлтүксүз түрдө көп айтылып, жөө легенда болуп, калыс бааны да оозеки түрдө көп алып жүрөт.

Райкан Шүкүрбековдун адабиятка келиши да, өз ордун табышы да оригиналдуу. Өмүр жолу көп жагынан жыйырманчы, отузунчу жылдарда калем кармап чыгышкан жаш талапкерлерге окшош болгону менен, талант катары таанылышы өзүнчө кызык, өзүнчө күтүүсүз күтүлүү табылгалар берет. Алгач кадамы прозадан башталып, он алты жашында биринчи «Жаркынай» (1929) деген аңгемеси, жыйырма үч жашында «Тоо элинин баатыры» (1936) повести китеп болуп жарык көрсө да, кара сөздөн өмүрүнүн аягына чейин чоң атак-даңкка жеталбай кетиптир. 1935-жылы коюлган «Жапалак Жатпасов» комедиясы менен драматург катары кадыресе таанылып, анан улам өйдөлөп ошол маркасын өмүр бою сактап өтүптүр. Ал эми акын катары абдан кеч, кырк эки, кырк үч жашында ачылыптыр. Биринчи китеби 1936-жылы чыкса, экинчи китеби — «Ырлар жана тамсилдери» 1957-жылы чыгыптыр. Отурган кыз орун табат дегендей болуп, акын эң чоң бакытты ушул ыр китебинен, окурмандар көп күтпөгөн поэзиядан тааптыр.

Бул китептин жарык көрүшү жалпы кыргыз адабиятына жандуу белгисин түшүрүп, өзүнчө бир жаңы сөз, жаңы үн угузуп, жаңы түс-боёкторду таанытып келди. Буга чейин прозачы Райкан Шүкүрбеков да, драматург Райкан Шүкүрбеков да, котормочу Райкан Шүкүрбеков да, артист Райкан Шукүрбеков да эч качан мынчалык жарк этип көрүнүп, эч качан мынчалык элге тез алынын, мынчалык көп окулуп, мынчалык көп ырдалып, мынчалык кеңири таанылып кеткен эмес.

Астейдил дит коюп, кылдат териштирип караган адабий сабаты жакшы, көркөм сезим-туюму жандуу окурман «Ырлар жана тамсилдерден», бир Райкандын бири-бирине жакындашып, жакындашпаган кызыктуу төрт кыры кашкайып көзгө көрүнүп турганын шыр эле айырмалап белгилеп алат. Бир жагынан карасаң, ырдын сырткы формасынан тарта ички структуралык түзүлүшүнө дейре, обон менен созулуп ырдалыш табиятына чейин кошумча киргизип, речитатив түрүндө окулушка, декламацияга ылайык айтылышка жеткирүүгө умтулган изденгич, өзү гана жаза алчу менчик темасы, өзү гана тартчу сүрөтү, өзү гана айтчу олуттуу сөзү бар, башка эч ким ордун толтура алгыс табылгалар таап, өзүн-өзү ачып келаткан жаңычыл акынга туш болуп турасың.

Экинчи тарабынан, туулганда каны менен кошо бүткөн, эне сүтү менен бирге келген, аналитикалык акылы бар, табиятынан ойчул, кечээки менен бүгүнкүгө, эртеңкиге, жалпы эле турмуштагы оң-терс көрүнүштөргө талдоо жүргүзүп карап баалап, өз тыянагын чыгара билген замандын алдыңкы чыгармачыл интеллигенти менен баарлашып жатканыңды көрөсүң. Ал жан дүйнөсүнө жакшылап мээрим төгүп кире билгенге жабыз келген жөнөкөй да, сырын таппаганга оңой менен чечилип бербеген татаал да.

Үчүнчү кырынан, жүз-жүз кайталанып жүрүп иренжитме муздак көнүмүшкө айланган поэтикалык штамптар менен арзан баа держур трафареттерден атайылап аң-сезимдүү түрдө кача билген жана ошолорго каршы катуу күрөш ачкан, жалган талант, жасалма чыгармаларды аёсуз сындап, жерине жеткире шылдыңдаган, адабиятка зор жооптуулук менен мамиле жасаган, түшүнүгү жогору даана адис калем ээсин таап алганыңа кубанычта болосуң. Бул жерде өтө универсал сатирик акын өзүн абдан эркин сезет. Ойду туюнтуу көркөм ыкмалар менен ачуу мурчтуу, аяз тикенектүү жана жылма сылагылап эритип отуруп сөөгүн таарып түшчү сыйкыр сөз каражаттарына абдан бай. Айтчу сөздүн кыябын таап, дал көздөгөн нокотко ургудай жандуу таасир этерлик кылып куп гана бап келтирип айтат. Ачык да угузат, кыйытып да билдирет, каймана түрдө жеткирет, дагы керек болсо тамсилдин тили менен башкача сүйлөшүүгө өтүп кетет. Ачуу чындыкты алдыга акырын чочутпай апкелип, катуу сынды жумшак жылмайтып туруп кабыл алдырат. Бүткүл турмуш-турпаты табигый таланттан бүткөн акындын табигый түрдө атылып чыгып турган мол күлкүнүн, болгондо да аркасынан терең ойлонтчу маанилүү күлкүнүн күчү кезинде кан жолу бирге калемдеш иниси Байдылда Сарногоевге минтип жаздырган экен:

Сөз сүйлөөр кезде ойлонуп,
Соо башын солго кыйшайткан.
Куйкумдуу сөздү курч айткан,
Сөөгү жок эттей сулп айткан.
Күтпөгөн жерден күлдүрүп,
Күлбөстүн тишин ырсайткан.
Эл, жер деп дайым тилеги,
Эл, жер деп соккон жүрөгү.

Бири кем дүйнө. Канткен менен Райкан дүйнөсүнүн чар тарабы тең эле бирдей жүк көтөрүп, бирдей чен-өлчөмдө милдет аткара, бидей асыл наркта өтө берет дешке али эртелик кылат. Анда бир ныптасын саал сылтыткан өткөн жолдун залдары бар, ошол кездеги жалпы маданий деңгээл шарттаган жалпы инерциянын эпкиндеринен али топтолук бойдон кутулуп кете элек. Аң-сезимге тээ бала кезден эркин кирип, эркин жайгашып алган күнүмдүк саясат менен күндөлүк чакырык да маал-маал байкатып, байкатпай өзүнө тартып кетет. Китептеги «Шаңдуу тынчтык», «Аврора үнү», «Ленинизм — Коммунизм», «Орус тили», «Волга», «Күз» деген сыяктуу ырлары ушуну айтып, ушуну ырастайт. Буларда кыргыз поэзиясында качантан бери кайталанып келаткан жалпыга маалым жалпы ойлор гана бар. Керт башы менен ачып чыккан менчик чындыгы, сөзсүз калайыкка жеткирейин деген менчик идеялары, айтпай коюшка мүмкүн болбогон менчик сөзү жок, көпчүлүк ырдап жаткан даяр хорго катышып калган, өз үнү бөлүнүп угулбайт. Муну кокустук дешке али эрте экендигин, тез арада эле жоюлуп кетчү бирди-жарым кездешкен факты мисалдар эмес экендигин 1958-жылы чыккан экинчи ырлар жана тамсилдер жыйнагы — «Ала-Тоо жаңырыгынан» да көрсөк болот.

Жыйнак «Ала-Тоо» деген ыр менен ачылат. Ошол кездин талабы боюнча китептин биринчи бетинен компартияга, Ленинге, коммунизмге, СССРге арналган саптар окулчу эмес беле. Райкан Шүкүрбековдун Ала-Тоосу ошолордон чоңбу, мында кандай терең сыр, кандай зор күч бар? Чыныгы атуулга дүйнө өз мекенинен башталып, өз мекени менен бүтөт. Ал эми Ата мекен бирөө гана болот. Ал баарынан ыйык, баарынан улуу, өзүнө өзү гана тең. Ошол үчүн ар кимдин туулган жери өзүнө Мисир. Бир кезде катаал идеология төбөсүнөн жапшыра басып, тилин бурап турганына карабай Чыгыштын улуу патриот генийи Расул Гамзатов: — Мен үчүн дүйнө Кремлден эмес, атамдын очогунан башталат — деп анык тайманбас жанкечти баатырча түз айтып чыкканы көпчүлүктүн эсинен кетелектир.

Эгерде чындап Ата журтка терең сүйүүсү, мойнуна артып койгон зор милдети, айтар сөзү болсо; чындап Ата журт баркын билип, Ата журт ордун баалаганга жетишип турса; ал миң-миң жолу ырдалып келатканына карабай жаңылап ачып алат. Дал мына ушундай артыкчылыгы бар үчүн Райкан Шүкүрбеков пейзаж үчүн тартылчу натуралисттик пейзаж менен кооздук үчүн жасалчу сырткы кооздуктан, мактоо үчүн мактоо менен курулай жалынып, жалбаруудан жогору көтөрүлүп, бул темада классикалык үлгүлөрдү калтырган Касым Тыныстанов, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаевдерден кийинки оригиналдуу чоң сөздү айтып, өз баасын берип чыкты. Көпчүлүк калемдештерине окшоп Ала-Тоонун ой, кырынан, муз, карына чейин, арча, карагайын чычырканагына чейин тизмеге түшүрчү кургак санакчы да болгон жок. Ал Ата журт, же Ала-Тоо жөнүндөгү түшүнүктү жалпылаштырып символдоштурулган маани, мазмун аркалоого жакындатты. Мына ошол үчүн:

Ала-Тоо – биз термелген бешигибиз,
Дүйнөгө ачып кирген эшигибиз.
Ала-Тоо күндө көрсөң, күндө кызык,
Көзүңө бүгүнкүдөн эртең ысык.
Ала-Тоо, бизге бирдей кышы-жайың,
Сулуусуң жылдар аттап өткөн сайын.
Ала-Тоо – өмүрүңдүн гүлдүү багы,
Ала-Тоо – кечээгиден бүгүн жаңы.
Сапар тартсам ар дайым кылчактаймын,
Өзүң менен бир бүткөн жүрөк каны.

Жүрөк каны менен бир бүткөн туулган жерге тагдырын байлап, ичтен аздектеп багып жүргөн үлкөн сүйүүсү бар атуул гана сапар тартса дүйнөдө эң жакын адамын, өзүн тапкан энесин кыялбай жаткансып кылчактап карайт. Жөнөкөй гана туюнтулган ушул саптын өзүндө эле канча аруу сезим, алдыртан тартылчу күчтүн айтылбаган сыры катылган. Ошол улуу сый, улуу парз Райкан Шүкүрбековго таптырган сөздүн терең маанилүүлүгү менен таамайлыгы — «Ала- Тоо» – биз термелген бешигибиз, \ дүйнөгө ачып кирген эшигибиз» делген афоризмге айланып эл арасында ырдалып жүргөнү…

Кыргызда Ала-Тоодон кийин эле аша көп ырдалган орток темалардын бири Ысык-Көл болсо керек. Улам-улам көңүл бургузуп, улам-улам сүрөттөлө бериштин өзү, бул жагынан поэтикалык мыкты чыгармалардын жаралып калышы, кийинкилердин айрымдарын олуттуу ойлонтуп, атаандашып изденүүгө түртсө, чабалдардын жолун биротоло бөгөп салат. Анан да Алыкул Осмонов коюп кеткен чектерден кийин Көлдү жазыш өтө кыйын.

Мурдагылар көп кайрылган темага киришиң — анык сыноодон өтүшүң. Табийгат ченегис марттык менен тартуулап таштаган бул ажайып керемет дүйнөгө эч ким уга элек жаңы сөз багыштап, эч ким көрө элек бир кыры менен бир сырын жандуу сүрөткө түшүрүп, эч ким ача элек бир баалуу жагын ачып бакчы. Канчалык даражада оригиналдуу экендигиң мына ушундан билинет. Райкан Шүкүрбеков баарына аналитикалык ой жүтүртүү менен талдап караган нукура реалист сүрөткер экендигин мындан да көрсөтө алган. Ысык-Көлдү эч кимди туурабай өз көзүң менен карап таанып, билүүнүн бир үлгүсүн берип, ал жөнүндө башкаларды кайталабай жекече ой айтуунун, окурманды кызыктырып жакындап баарлашууга тарткыдай өзгөчөлүү жазуунун ийкемдүү ыкмасын тапкан. Жалпы теманын ичинен менчик темасын алып чыккан. Кыргыз поэзиясы үчүн бир да бир коштун мизи тийбей дың жаткан кыртышка биринчи болуп алгач бороз салган.

Райкан ырынын «Ысык-Көлдүн куму» деп аталышы эле окурман көңүлүн бургуза баштайт. Ак чабагы айга атылып ыргыса, каз, өрдөгү канат кагып, кабар айтып кыйкуулап, табият кубулушуна карата жүз өзгөрүп мемиреп, жүз түрүлүп толкуган укмуш кооз сырдуу Көл турса, а эмне үчүн жансыз куму, ал кайда гана жок, анда эмне көрк, эмне маани бар, болбосо автор бөлөк бирдеме баштагысы келип жатабы деп алып эле, анан кайра ырдын өзүн окууга шашасың:

Акындар мурда барыптыр,
Айтып ырдап салыптыр.
Тоо суусу тегиз макталып,
Мага куму калыптыр.

Ушул жерде ууртуңду бир жайылтып алып, жана токтоло каласың. Жеңилирээк жылмайта салып, жеңилирээк кутулуп кетишке жол издөө эмеспи? Буга чейин канчалаган акын, жазуучулар менен сүрөтчүлөр ушул кумду тебелеп жүрүшпөгөн да, ушул кумга оонап кетишпеген. Бирок гениалдуу Гёте «Баарынан да көз алдыңда жатканды көрүш кыйын» — деп айткандай, ошолордун бири да буга көңүл бурбаптыр. Алар бир гана жагын ачык ажыратып, бир гана жагын жазып келишиптир, узакка дейре.

Көрсө, Көлдү көл кылып, маалында Батыш жагы Москва, Петербургдан, Чыгыш жагы алыскы Сибирден бери аңсатып, элди келтирчү терең сыр, дартка даба болчу дарылыктын бири ушул кумда турбайбы. Мунсуз Ысык-Көл чыныгы Ысык-Көл эмес экен. «Күнгөйү күнгө чагылып, тескей жагы көлөкө, кумдан да алтын табылып, өзүнчө береке болсо да, ал кум бергенди бералбайт экен. Акын өтөгөн бир жакшы милдет – кереметтүү Ысык-Көл кереметтүү куму менен кошо каралып, кошо бааланганда гана толук көркү ачылып, дагы мааниси тереңдеп, дары-дармек кармаган касиеттүү күчү менен дагы кеңири таанылып көрүнөрүнө көңүл бөлдүрдү. Мейли, муну чыгарманын таанытып билдирчү тарабы дейли, а көркөм сапат деңгээличи?

Жаратылышынан образдуу ойлоосу күчтүү өнүккөн даана реалист сүрөткер Райкан Шүкүрбеков бул жагынан да өз күчүндө чыга келет. Бирде жылмайтып, бирде ойлонтуп келип, анан ачык көрсөтчүү жандуу элести минтип көз алдыңа тартып таштайт:

Кум чыгат көлдөн шиленип,
Суу кайтат шилеп жиберип.
Алып кетет иригин,
Айланып келип имерип.

Жакшылап көңүл коюп, каректи кыймылга түздөп алчы, улам түрүлүп чайкап келген таза кумду жарк эттирип жээкке жайып таштап, кайра кайтып, кайра имерилип келип жана бир иргештирип кетип турган майда толкундар тирүү жандай так көрүнөт. Райкан Шүкүрбековдун акындык казнасында баары бар. Көркөмдүктүн ар кандай түрлөрүн башка чыгармаларынан да күтө бер.

Туурамчылардын тузагы – жалпы хордон бошонуп, өзүнчө поэтикалык ой айтууга, өзүнчө жаңы форма, жаңы ыкма табууга акында кандай изденүүлөр болгонун китептеги дагы бир «Алты каз» деп аталган ырдан көрсөк болот. Мындай карасаң бул деле жалпы тема эле. Сөзгө алынчу – Ысык-Көлдүн бакма сиңдиси – Орто-Токой суу сактагычы. Ал курулганда Кубанычбек Маликовдун көлөмдүү поэмасынан баштап, далай ырлар менен очерктер жазылган. Өкүнүчкө жараша ошолордун бири да балакатка жетпей мүрт-мүрт кетишти. Себеби баары күндөлүк саясий ураан, чакырыкка байланган болчу. Сезондук кампания милдетин өтөп бүтүшү менен, ал чыгармалар да жашабай калган.

Райкан Шүкүрбеков башкаларга окшоп иш процесстин жүрүшүн курулушка геолог-инженер адистер баштаган жумушчулардын келишин, техниканын ордун, планды ашыкча аткарган алдыңкылардын сыйланышын, салтанаттуу жыйындардын өтүшүн сыпаттап сүрөттөгөн жок. Канча күч, канча каражат менен бүттү, эми канча пайда көрөбүз деген эсеп-кысапты уйкашка салып тизмелеп калбайт. Оригиналдуу ойчул акын бул турмуш жаңылыгын чыныгы көркөм чыгарманын деңгээлине көтөрүлчү бийиктен туруп таптакыр жаңыча иштеп чыккан.

Ысык-Көлдү сагынып,
Канаты тынбай кагылып,
Асмандап учкан алты каз,
Аңкылдашат жабылып.

Таласка конуп токтобой,
Жай алып Чүйдө оттобой,
Бара жатат алты каз,
Эң шашылыш почтодой.

Жаргак таман саргайып,
Канаты казга жел кайык.
Мойнун созуп нар болуп,
Алты каз көктө калдайып.

Токто, ушул саптардан бөлүнүп кетелекте эки ооз эбиреп калбаса кантип болот. Асты сызылган ыр тизимдерин жакшылап дит коюп жана бир жолу окуп бак. Нукура сүрөткер акын кантип жазып, нукура поэзия кантип жараларын, жөн киши айтчу сөз менен образдуу ойлончу киши айтчу сөздүн айырмасы кандай болорун дагы бир ирет иргеп ажыратып ал. «Эң шашылыш почтодой» (өтө орчундуу табылган салыштыруу) асмандап уруп келатышкан «Жаргак таман саргайып, канаты казга жел кайык, мойнун созуп нар болуп, алты каз көктө калдайып» сүрөткө түшүп беришкеничи. Мындай тирүү боёктор менен түшүрүлгөн тирүү элести аша кыл чебер художниктер гана тарта алышкан.

Ушинтип келатышкан алты каз бир учурда эле алды жагын карашса, эң бир сонун, эң бир кызык тамаша курулуп жатат. «Көгөргөн көл шарпылдайт, өрдөк, каз ойноп жаркылдайт. Акбаржак болуп кубулат, аңырдын үнү угулат». Таңданган каздар кокустан жаңылып алганыбыз жокпу деп жабыла карашып, акырында чыдабай кетишти го:

Жарк этип канат күн чалды,
Ылдыйлап каздар үн салды:
— «Өзүңөрдүн жөнүңөр,
Кайсы көл, бул көлүңөр?»
Анда жооп берет көлдөгү
Көк ала моюн өрдөгү:
«Артындасың турмуштун,
Чоңунансың суу Куштун.
Орто-Токой дал ушул,
Жаңы көлү кыргыздын.
Калкылдабай түшкүлө,
Каркылдап мында сүзгүлө!»

Ой чабыты менен фантазиясы күчтүү изденгич акын адамдар жараткан жаңылыкты адамдардын өздөрүн катыштырып мактабай туруп эле, асмандап учуп келатышкан алты казга көргөзүп, алардын таңгалышына жаңы көлдөгү ак ала моюн өрдөктүн берген жообу аркылуу кыябына келтире абдан ыктуу билдирип койду. Көркөм шарттуулукту табийгый чындыктай кылып өткөрө билүү чеберчилиги – акындын ири ийгилиги. Каз, өрдөктөр үн алышпай эле, кадимки кишилер сүйлөшкөндөй кабыл алдырып салбадыбы. Дегинкиси Райкан Шүкүрбековдун «Алты казы» — экенин окулса да, эстетикалык маани, мазмун табиятын ойлонтуп чечмелетип алдырчу ыр. Андан курулуш сүрөттөлүп, эл иши көрүнбөсө да, «Көгөргөн көл шарпылдап, өрдөк, каз ойноп жаркылдап, акбаржак болуп кубулуп, аңырдын үнү угулуп» турушу эмне менен келгенин окурман өзү ой жүгүртүп таап алат.

Райкан Шүкүрбеков жердигинен реалист сүрөтчү, баарына ой жүгүртүү менен талдап карап, турмуш чындыгын жалган жасалмалап кооздобой өз турпатында көрсөтүп берүүгө күч жумшаган акын экендигин мына бул темаларда жазган ырлары деле ишендире далилдеп берет. Автордун сергек калеми кадим жашоодо өткөзчү жөнөкөй жер тиричилигинин ысык-суук менен бар-жок аралашкан жан түйшүгүнө өтө жакын. Ошол кездеги элет аймагы кандай табийгый тумсак абалында өз айырмалуу белгилери менен көркөм тасмага түшүп бергенин бир сыйра карап өтчү.

Чыгыштан таң агарып улам жарык,
Түтүндү жел көтөрүп асманга алып.
Бала ыйлап, уйлар мөөрөп, иттер үрүп,
Чоң кыштак эрте ойгонду сүт жыттанып.

Алдыңа Чоң кыштак эч кандай ашыкча шаан-шөкөтү менен жаркырак-журкурак асеми жок эле адатынча таңды жөпжөнөкөй, табийгый болмушунда гана тосуп жатат. Ырда табияттын түнкү көрүнүшү сүрөттөлөт. Кочкулдантып көтөрө сүртүлгөн боёк жок. Кырдан көрүнгөн атчан да, кара жолдун четинде түнөп жаткан бир короо кой да бөлүнүп белгиленбейт. Кеп асты сызылган акыркы сапта — «Чоң кыштак эрте ойгонду сүт жыттаныпта». Айыл турмушунун ички ал-абалы, барчылыгы да, эмгек кайрымы да, аты аталбай, атайылап макталбай туруп эле ушул бир сапта туюнтулуп калган.

Өрөөндөгү идиллияга жакыныраак турган Чоң кыштак айланасынан эми бир аз өйдөгө көтөрүлүп көрөлүчү («Койчунун ити»). Жер кара, күздүн түнү, асманда булут, койлордун кээси жатып, кээси туруп, алыскы жайлоодон кайтууга жол алган, чабандар адырдын этегинде түнөп калышыптыр. Ошол бир учур:

Жанган от тоо боорунда жылт-жылт этип,
Бүлбүлдөп нуру качып кез-кезде өчүп.
Эңкейип чок үстүнө жыгач таштап.
Олтурат эки чабан маектешип.

Заңгырап түн ичинде бийик аска,
Түнөрүп түн койнунда түрү башка.
Угумдуу терең сырдуу дабыш менен,
Түнкү суу боюн урат таштан-ташка.

Койчулар чатырларын келген жүктөп,
Тигишпей ай талаага койгон бүктөп.
Кызыл көз кара дөбөт от жанында,
Таноосун кыймылдатат тоону тиктеп.

Булутка кээде кирип, кээде чыгып,
Баратат сулуу ай да шашып жылып.

Бул саптардагы жандуу кыймылды дал кармаган көркөм таамайлык менен көркөм деталь, штрихтерди кылдат колдонгон чеберчилик, сүйлөшүп отурушкан аңчыларды картинага түшүргөн XIX кылымдагы орустун улуу реалист художниги Василий Григорьевич Перовдун сыйкырдуу кистисин эске салат. Ырды ушул калыбында эле эч нерсе албай-кошпой туруп боёк менен полотного түз көчүрүп койсо болот. Тоо боорунда жылт-жылт этип жанган от бүлбүлдөп нуру качып кез-кезде өчүп баратканда «эңкейип чок үстүнө жыгач таштап» койгону отко канча жан киргизип, таптуу жарык чыгарса, ырды да ошончо жандандырат, сүрөт дагы ачык, дагы элестүү көрүнүп, конкрет белги менен толукталат.

Эми жүктөп келген чатырларын «тигишпей ай талаага койгон бүктөп» деген сапка толтурулган чындыкка сарасап сал. Ушул эле бир деталь картинада канча милдет өтөп, канча көрк, канча маалымат берет. Биринчиден, ошол чатырлар бизге койчулар жашоо шартын боолгоп аңдаштырууга көмөкчү болушат. Экинчиден, алардын тигилбей бүктөлүп турушу, бул жерге жайлашып отурушпайт, эртең эле көчүп кетишет деген ойду билдирет. Арада «Кызыл көз кара дөбөт от жанында таноосун кыймылдатып тоону тиктеп» атышы таамай штрихтер менен так түшүрүлүп калганын карачы. Мында бир гана кебете-кешпир турпаты тартылбайт, дагы бир башка коопту жышаан ишаарасы кошо туюнтулат.

Кара дөбөт айбандык ашкере сергек интуициясы менен алдыда күтүлүп-күтүлбөгөн бир нерсе болорун сезгенсип, алыстан жел жеткирип келген билинер-билинбес бир жытты ажырата айырмалап алуу аракетинде белем. Таноосун кыймылдатып тоону тиктегенине калың чыбыр коктулардан карышкыр уңулдап улуп белги берди. Бөрүнүн эски тааныш үнүн укканда дүр этип кой козголуп, эчки маарап, арс этип чымын-куюн ит да кетти. Жана эле от табында шашпай маектешип отурган койчулар болсо куусаң чөптү алоолонтуп заматта будуң-чаң түшүп калышты. «Алышып көнгөн дөбөт, көргөн дөбөт» болсо атылып карышкырга кеткен бойдон дайны жок. Кыйкырышты, чакырышты, канча убак өттү. Деги тирүү бекен, койчулардын тынчы кетип бүттү.

Аңгыча таң агарды, жерде жарык,
Көрүүгө эми болот баарын анык.
Бир кезде кара дөбөт тоодон келди,
Оозу кан, уйпаланып, тилин салып.

Мында акын кара дөбөт менен карышкыр канжалашкан катуу кармашта кайсынысы кайсынысына кандай күч таанытканы жөнүндө эч сөз жүргүзгөн жок. Болгону асты сызылган акыркы эки сапта таң агарганда тоодон келген кара дөбөттүн кебетесин гана көрсөтүп койду. Эгерде карышкыр оңой эле бурдап таштачу бирдеме болсо, анда өзү минтип «оозу кан, уйпаланып, тилине салып» калбайт эле. Ал эми карышкырга алдырып койсо, буга окшоп тирүү кайтып келбейт болчу. Түндө кетип, койчулар кыйкырса да дайны билинбей таң атканда келиши – таймаштын узакка созулушу. Бир жерде, бир гана жолу өткөн эмес. Аралык да узарган. Оозу кан экендиги – карышкырдын чайналып калышы. Муну окурман ой жүтүртүп табат, даярга көнбөй ал да издесин. Бардык учурда эле акын чайнап бере бербеш керек.

Китептеги «Малчынын үйү», «Жылкычы чал» деген ырлар поэзиянын мыкты үлгүлөрүнөн болбосо да, биз азыр эле карап өткөн элет жер турмушун баштан өткөрүп же мал арасында жөнөкөй жашаган карапайым адамдардын реалдуу жагдайын өз абалында көрсөтүүгө акын дайыма аракет жасап келгенин ырасташат. Ар бир зат, ар бир кубулушту аналитикалык ой жүгүртүү менен түп нускасында көрүүгө ынтызар акын адамдар гана эмес, кадимки эле жылда бир маал келип-кетип жүрчү кышты да өзүнчө тосуп алып, өзүнчө узатып, кайра келишин да өзүнчө күтөт. Анын ар тарабынан карап баалап алган өз кышы бар. Ошол үчүн экөө эркин баарлашып, эркин сырдашат. Кулак төшөчү:

Далай акын сени жектеп ырдашат,
Аппак кышым сенде терең сыр жатат.
Сөз коротуп сени жектер мен эмес,
Тил укканда келбей койчу сен эмес.

Кантип келбейт, табият закону. Ал – аябагандай катуу сыноо: бирөөлөр үчүн жарашыктуу көрк, көңүл ачууга түзүлгөн ыңгайлуу шарт, эртеңкисине береке. Башкалар үчүн жеткен азап, ыркыраган ызгаар, калчылдаткан кара суук. Сенде эч кандай кооздук менен жагымдуулук болбойт. Үчүнчү бирөөлөргө жол ачсаң, төртүнчү бирөөлөрдүн жолу бекилет. Өзгөчө «жалкоо менен карышкырга жакпайсың». Бирок, баары бир сөзсүз аткарчу милдетиңди түз аткарып: Сыйлаганды сыйлап өтүп кетесиң,
Сыйлабастын сайсөөгүнө жетесиң.
Кыштай берген аппак, аппак карыңыз,
Жазында айдап, күзүндө алган наныбыз.

Тээтетиги үймөк-үймөк тоодой чөп,
Сиз келет деп малга көргөн камыбыз.
Тоо башынан күлүмсүрөп күн күлдү,
Жаз башталды аман-эсен барыңыз.
Ал жердин да элдерине салам айт,
Декабрдан кечикпестен кайра кайт.

Кышты ушинтип кабагы жазылып тосуп алып, аны менен ушунчалык жакындан сүйлөшүп, кайра ушинтип жылуу узатканды буга чейин кыргыз акындарынан эч качан окуган эмеспиз. Өз табийгый натурасынан, өз талант стихиясынан чыккан оригиналдуу акын гана башкалардыкына окшобогон оригиналдуу сөз айтат эмеспи.

Райкан Шүкүрбеков поэзияны таза сактап, таланттын таланттыгын таанытууга эки тараптан тең күрөшкөн. Биринчиси – кантип изденип, кантип жаңылык киргизиштин үлгүсүн көрсөткөн көптөгөн жакшы ырларды жаратты. Адабияттагы өз ордун өзү белгилеп койду. Экинчисин – чыныгы чыгармачылык шахтыда жан алып, жан берип иштеген көмүрчүдөй жети кабат териңди жешилтип отуруп тапчу табылга болорун түшүнбөй же табият таланттан таптакыр куржалак койгонун билбей, өөдүк-сөөдүк бирдемелерди жамакташтырган болуп («Беттешүү»), анан эки сапка ырааттуу уйкаш табалбаса да «эл арасына барсаң мени билет, ырларымды сүйөт» деп мактанып («Халтурщик досума кат», күн-түнү акынсынып каркылдаганы эч кимге өтпөгөнүнө карабай («Акын карга») алкыларын чоң ачып адабияттын атынан жутуңдап жүгүрүп жүрүшкөн арам тамак, ач көз шылуундардын жандүйнөсүн аңтарып таштап сатиранын саруйгак заар тикени менен бир чекеден какшата сайгылап аябай шылдыңдап чыгат.

Куйкум сөздүү курч акын бул чыгармаларын абдан изденүү менен, айтайын дегенин нары жандуу, нары кызыктуу, нары таасирдүү кылып жеткирүүгө өтө ыңгайлуу универсал ыкмаларды тапкан. Үчөөнө тең узун өмүр берген, үчөө тең классикалык үлгүлөр. Жарык көргөнүнө туптуура кырк жыл болсо да бүгүнкүдөй жаңырып турат. Эки доор, эки түзүлүш да, табият талабы — социалисттик идеология менен азыркы саясат да эскирте албады. Андан бери адабиятта канча жаңылануу, канча өсүш болгону да күчүн кемиткен жок. Сынбастыктын сыры эмнеде? Конкрет чыгарманы конкрет талдоого алып, нарк насилин конкрет ачып бермейин чындык көзгө көрүнбөйт.

Акындын кат жазтан халтурщик «досу» өз ысмы, фамилиясы, аты аталчу китеби, аткарган кызматы, так адреси бар бирөө эмес. Ал жалпылаштырылып алынган шарттуу «дос», бардык жерде-айылда, райондо, областта, борбор шаарда жашап жүрөт, болбосо автордун өз жанында иштеп отурат. Каттын өзү да өтө чеберчилик менен табылган шарттуу ыкма. Анын күчү – көңүлдө жөнөтүлгөн конверт адабияттагы ошондой типтердин колуна кармалбай туруп кармалып, көзүнө көрүнбөй туруп көрүнүп, жазылган дубай салам окулбай туруп окула берет. Андан баары өздөрүн табышат да, ал баарына өздөрүн таанытат.

Сөз халтурщиктин «Эл арасына барсаң мени билет, ырларымды сүйөт» деген беш өрдөгүнөн башталат. Эмне үчүн ал жокту бар кылып парпыратып жашайт. Бир жагынан өксүк жаралган өлдү же өлтүр адамдын психологиясы – тубаса айыбын билдирбеске дайыма өзүн өзү көтөрмөлөп, башкаларга өзүн өзү тең көрсөтүп жүрөт. Бери дегенде бирөөлөр ошондой ойлоп калсын дейт. Укканды ишендириш үчүн, өзү да ишенимдүү сүйлөйт. Кыргызда «өзүн өзү мактагандан өлгөнчө түңүл» деген макал жөн жеринен чыкпаса керек. Ошентсе да чындык көрүнбөй, таанылбай-коймок беле. Ал берээкте ушинтип апыртып атса, нараакта кээси «кандай таш боор киши эле, назик поэзияны уйпалаганына» кейиштүү ызырынып, кээси «баягынын чакчелекейи» деп наспай ороп жүрүшөт. Анан кантишет, Ала-Тоону ак, кызыл гүлдөрү менен алты араба кылып жазып салган ырларын окуш өзүнчө эле бир азап. Ошол үчүн окуучулар аягына чыгалбай тура качышат. Ошол үчүн ага суук карашат. Халтурщик «достун» калеми кандай шилтенерин биз деле жакындан туруп жакшылап бир койсок ашыкча болбос.

Мисалы, ал «Тоо» дегенди жазат,
Башталды болду, калеми өзүн ала качат.
«Көгүң сонун Ала-Тоо,
Чөбүң сонун Ала-Тоо,
Өзүң сонун Ала-Тоо,
Сөзүң сонун Ала-Тоо,
Элиң сонун Ала-Тоо,
Демиң сонун Ала-Тоо.
Карагайың жаркылдап,
Кайнар булак Ала-Тоо.
Ала-ала-ала-тоо,
— Тоо-Тоо-Тоо.
Оо-оо-оо
Деп таппай туруп калат.
О, досум оңой эле табат,
Ала-Тоого аягына «О» болсо болду,
Өзүнөн башканын баарын жармаштырат,
Айла канча, ошол да басылып чыгат.

Мындай жол менен адабиятка аралашам дегендин тагдыры башталышы күлкү, аягы трагедия менен бүтөрүн табият берчү таланттан куржалак, адамдык нарк насил, ынсап, ыйманы жок, баарын араандай ачылган алкы менен ченеп, бычып, ошол үчүн баарына барып жүргөн халтурщик «досубуз» кайдан билмек эле. Акындык өнөр – сейрек тартууланчу зор бакыт. Ал каны менен кошо бүтүп, эне сүтү менен бирге келет. Ошол үчүн: «экинин бири болбойт акын, ыр мазмундуу, терең ойлуу болсо жүрөккө жакын. Ыр эрмек эмес, оюнчугу эмес сандырактын». Бутага алып кылдат мээлеп келаткан нокот карекке сайгандай как жарылып түштү.

Жыйынтыктап айтканда, түпкү мааниси терең, мазмунга бай, оригиналдуу табылган көркөм ыкмалар менен нагыз сатиралык курч тилге келтире ширетилип чыккан «Халтурщик досума кат» кечээкилерден бүгүнкүлөр кандай талашып окушса, эртеңкилер да ошондой эле кызыгып окуй беришчү көөнөрбөс чыгарма. Адабият жана ага болчу акты – кара мамиле канча жашаса, ал да ошончо өмүр сүрө берет. Бир аз шарттуураак түрдө салыштырып айтсак, анда бийлик менен байлыктын түбөлүк чечилип бүтпөс проблемасы сыяктуу, коомдук түзүлүштүн кайсы баскычында болбосун дайыма кайталанып жолуга берчү бир көрүнүш камтылган. Акын акындык өнөр менен оокат кылууга өткөн кезден бери жашап келаткан бул илдет кан кууп тамырлап отуруп, өңчөй өзөктөштөрүн азыркы адабият менен искусствонун бардык түр, жанрларына жайгаштырып салбадыбы. Түрү башка, түбү бир ошол типтер да Райкан жазган катты халтурщик «досу» менен чогуу окушуп, баары тагдырлаш экенин жакшылап билип алышсын…

Кезек күтүлүүдө, кеп токтобосун. Профессионал-жазуучу акындар арасынан көрүнгөн халтурщиктен, эми калем кармап, кагаз бетин каралабай, комуз менен ырдап чыкчулар жакка да бир кайрыла кетели. Анык кызыкка батам десең мына ошолордун беттешке чыкканын бир көрүп кал. Адегенде эле жолукчубуз билбестерге мактанып, алдап бирдеме өндүрүп алгысы келип кыдырып жүргөн Суранчы деген сугалак ырчы экен. Бүт жан дүйнөсү, бүт ой-санаасы жалаң гана жулсам, жутсамга айланып, өлүмтүктүн жыты келсе көзүнөн чаар учуп куркулдап жөнөгөн кузгундай болуп жутунуп турган немеге колхоздун ат багары башкармадай көрүнүп кетсе керек, шыр эле комузун алып мактоого өттү.

Салам айтып сайраган
Мен акын болом, башкарма.
Сендейлерге көбүнчө,
Жакын болом, башкарма.
Башкарма мага ат берет,
Ат берсе да бат берет.
«Өзүнүн аты болчу» деп,
Колунан кагаз бат берет.
Мен чечени болом адамдын,
Силер үчүн жаралдым.
Башкармага жан жетпейт,
Булар асылы болот адамдын.

Мындайлардын жеткен маданияты ушул: жарытып салам да айталышпайт, жанга жабызыраак келип, өзүнө да тарталышпайт. Мактаган адамы же анын жасаган иши жөнүндө кабар алышты билишпейт, жада калса өзүн да бирөөлөрдү чочутуп жибербегендей кылып жөнөкөйүрөөк тааныштырууга жарашпайт. Иргештирип көрчү, саламы жетип-жетпей жатып эле ат сурап кирген жанда кайсы адеп, ыйбаа, кайсы ыйман, ырыс болот. Болгондо да бат беришин, анан да документтештирип беришин шаштырат. Аны эмне кылганына, кайсы касиеттүү ырына берет? Жок дегенде саламы саламга окшосочу. «Башкармага жан жетпейт, булар асылы болот адамдын» деп бөртө-шөртө чиркелген эки сапка эрип кетип марттык кылып жиберсе, анын сапат деңгээли кайсы болот.

Ушуну менен башкага айтчу сөзү бүтүп калса, өзүнүн бакка конгон булбул, байгеден чыккан дулдул, көктө сайраган торгой экенин өөдүк-сөөдүк жамактап жаттап алгандарына салып койгулаштыра бергени жакшы эмеспи. Анткени, Суранчы сугалак канчалык оозун көп ачса, бизди тамашага батырчу жактары ошончолук чубалып чыга берери биринчи окуган куплеттерден эле билинип калбадыбы. Акын өтө ыңгайлуу сонун ыкманы тапкан. Суранчы сугалакты өзүнөн бөлөк эч ким өзүндөй кылып бүткүл туруш турпаты менен ачып көрсөтүп бере албайт. «Айтышса акын койбогон» «чоң таланттын» күчүн башка сүрөтчүлөргө тарттырбай өз колу, өз кисти, боёгу менен түшүргөн автопортретинен аша таанытчу ким бар.

Токтогул менен чарпышкам,
Алымкул менен айтышкам.
Калык менен кармашкам,
Осмонкулга жармашкам.
Токтоналы, Ысмайыл
Коркушат мага барбастан.
Кыргыздан чыккан ырчынын
Барлыгы менен талашкам.
Жиниме тийсе кээ бирөө,
Талаштан кийин сабашкам.
Жаакты жанып айтышып,
Далайларды жадаткам.

Ушул саптар менен өзүн көкөлөтөм деп мурдатан даярдап алган дасмиясы тамам болду. Мындан нары жаңы сөз кошуп, дагы улант десе да уланталбайт. Чама-чаркы ошондой. Саламдашам деп өзүн өзү шылдыңдай баштаса, талант күчүн таанытам деп андан бешбетер келекеленип алды. Сүткө түшкөн коңуздай болуп бүт бар-жогу, табийгый натурасы менен көз алдыңа калдактап даана көрүнүп келатат. Эгерде айыбын өзү ачыкка чыгарбаса, мурдунан өпкөсү көрүнүп турган жел көкүрөк мактанчаактыгынан башка, «жинине тийсе кээ бирөө, талаштан кийин сабашкан» зөөкүр чалыштыгы да бар экенин ким билмек. «Жаакты жанып айтышып, далайларды жадатканында» иш бар. Абдан орундуу колдонулган антитеза. Анын жаагы өзү тооруштум деген Токтогулдукундай же Калык менен Осмонкулдукундай чыныгы төкмөлүк күчүн билдирген мааниде жаңылбай, ой-кырдын башын бир оттоп чалдырап көп тантыганынан жадатып жатпайбы. Ошонусун жарыялоодо.

Сугалак ырчы Суранчынын сөзсүз түрдө аткарчу бирден бир баш милдети – жулуп алуу болгон соң, кайра эле ошол жакка кайрыла берет. Баарын таштаса да, аны калтырбаш керек. Бүтүндөй тирүүчүлүк жол-жобосу ошого байланган. Азыркы өзүн өзү апыртып мактаганы да ошол иштин жерпайын бекемдөөгө жасалган аракет. Көрүнбөс кайырмакка илинген опкок кызыл кекиртек дагы баягы тарапка тартылып, күткөнүн күпүлдөтүп айттырып кирбедиби.

Кана, бересең болсо алып кел,
Толтуруп капка салып кел.
Акча берсең аламын,
Айласын өзүм табамын.

Мен нускалуу сөздүн түркүгү,
Сайраган бакта күкүгү.
Ала берем, бере бер,
Аюу, суур, түлкүнү.

Сайрай берсем түгөнбөйт,
Акылдуу сөздөн миң күнү.
Ала берем, бере бер?
Мен дагы жүрүп, кетем бир күнү.

Кинокадрда ассоциативдүү элестер шарт-шарт алмаштырылып көрсөтүлүп тургандай, сугалак ырчы Суранчынын кайрадан сурамайга жалт бурулушу, анын фигурасын дагы кыйла толуктап таштады. Арааны ушунчалык ачылып алыптыр, деле эч нерсени ылгабай акча болсо да, аюу, суур, түлкү болсо да баарын оп тартып кеткидей. Акындын чеберчилигин мындан көр: бир эле учурда эки тарабынан тең кармап; бир жагынан, ырчымын деген абалын аңдаштырып жатса, экинчи жагынан, адамдык аты-затынын түп нускасын ажыратып билүүдөн өткөрүп баратпайбы.

Саламын сурануу менен баштап, кайра сурануу менен сөзүн токтоткон Суранчы өзүн өзү жетишерлик даражада ашкерелеп берди. Бүттүбү-жокпу, анысы жактыбы-жакпадыбы, туурабы-туура эмеспи, баары бир саламга алик болуш керек. Ал кантсе да бирөөгө кайрылбадыбы. Башкарма эмне дейт экен? Эгерде акты-караны ажырата биле алса, анда чындыктын жообу айтылууга тийиш. Ал аркылуу акындын ачыкка чыгарбай ичтен карманган позициясы билдирилип, жарыяланбас тыянак баасы берилет. Автор тапкан ойду айтуунун жаңы формасы ошону күттүрөт. Муну ар бир эле окурман сезе бербейт. Эмесе жоопту угалы. Сөз конкрет далил менен бекемделсин:

Таласка бардың тамтаңдап,
Алайда жүрдүң антаңдап.
Чүй боорунда жүрөсүң,
Кыдырып жөө шампаңдап.
Ырдын баркын кетирбей,
Ыгы жок ырчым, жолуң тап.

Тас маңдайга жара чапкандай таамай да, катуу да тийди окшойт. Жетчүгө ушул сөз эле жетишмек. Бирок, Суранчыны ушунчалык сугалак кылган ит оорусу кайсы нокоттордо кездешип турганын көрсөтүп, анан аларды кантип кестирип таштап, кандай жол менен айыктырса болорун түз айтып коюш да адамдык парзы. Ыры начар кишинин колу шок болот деп түлкү кармап беришке колхоздо тулкү ферма жок, акылсыздын аюу таап кел дегенин кантесиң, ноктолоп мингиң келсе, аркан алып тоого бар. Акчага колуң сунуп акыйып карап тургуча мени менен кетмен чап, ырды эмне кыласың? Аңылдап-уңулдабай адал эмгек кыл, ырдын да убалы болот. Атбагардын акыйкат сөзүнө акын да, биз да кошулабыз. Бирок башталган жоопту ортодо киришип жиберип, оозго салган чычканын чала чайнап арманда калган мышыктай кылбайлы. Ара жолго таштабай толук аягына чейин айтып, бир моокум жазып, тишинин кычуусун кандырып алсын.

Ырды акынга бергин, ырдасын,
Алты сан журтум жыргасын.
Ырчынын атын булгабай
Айылда жүргүн, курдашым.
Жадаттың элдин кулагын,
Качкым келип турамын.
Сени ырдатып уккуча,
Мен дагара сабап угамын.

Токтогулду баш кылып
Ырчыларды жайладың.
Уйкулуу башка не келбейт,
Ал түштү качан көрдүң, кайраным?

Турмушта ар ким өз ордун таап, өз милдетин өтөсүн. Табият ага кайсы шык, жөндөмдү каны менен кошо жаратып берген. Чеченге – тил, ойчулга – аналитикалык акыл, ырчыга – кооз үн, сүрөтчүгө – кист, композиторго – музыкалык угуу жөндөм, акын менен жазуучуга – көркөм сөз тартууланган. Бирөөнүн өнөрүн бирөө жандили менен берилип сүйүшү мүмкүн. Чыгарманын эстетикалык табиятын эң жакшы түшүнүп, ал жөнүндө каалаган чөйрөдө каалаган убакытка чейин мисалдатып чечмелеп сайрап бериши мүмкүн. Бирок, өзүндө табийгый талант болбосо, чечен үн созуп кубулжутуп ырдай албайт, композитор чечендей сүйлөй албайт, сүрөтчү комузчу болалбайт, комузчу ыр жазалбайт, философ бийчи болалбайт, бийчи куудулдана албайт. «Ырды акынга бергин ырдасын, алты сан журтум жыргасын, ырчьнын атын булгабай, айылда жүргүн курдашым» деген саптарда дал мына ушундай терең ойлор өкүм сүрөт. Жердигинен ырчылыгы жок адамдын ырчы болом деп жулунушу, өңү серт туулган жан жасанып сулуу болгусу келгендей эле күлдүрүп туруп ойлонтчу, ойлонтуп туруп күлдүрчү ачуу чындык.

Суранчыдай сугалактарда намыс да болбойт, ар да болбойт. Ысмайыл айткандай «туура сөзгө жыгылбайт, тура эле кайра дырылдайт». Ага айткан эмне, ташка айткан эмне, «сени ырдатып уккуча, дагара сабап угамын» дегендей чечекейге сайылып, сөөгүн көзөп өтчү ачуу сынга деле моюн бербей дале өлө-тала жутунат.

Башкарма десем сен белең,
Сен деле мага тең белең.
Менин атым Суранчы,
Кыргыз жок мени көрбөгөн.
Азыр сени көрөмүн,
Азыр ырды төгөмүн.
Ажалым жетсе өлөмүн,
Ал эмесе жөнөдүм.
(Элди карап)

Кайда жөнөйт, каерге чейин баралат, дагы айтчу сөзү калды беле, калса кайсыны айтат. Эмне, көз ачып, жумганча эле кескин өзгөрүп, жаңыланып кеттиби. Демине караганда баятан бизге көрүнбөй көмүскөдө быгып жаткан бир күчү бар болуп жүрбөсүн. Балким, биз тыянакты эртелеп чыгарып койгондурбуз. Ал амал менен ардеменин башын бир чүргөмүш этип атбагарды алдап келип, эң акыркы чечүүчү соккуда өзүн чындап таанытканы жаткандыр. Таянчу бир тирөөч, бир чоң ишеними жок адам атайылап элге карап ырдашка даап барышы кыйын.

Баарынан катуу сыноодон ушулардын алдында өтөт. Балким, таланты жаңыча жарылууга мына азыр ыңгайлуу шарт түзүлүп, жолу ачылып тургандыр. Балким, жана «башкармадан» бир аз тартынып, кысылып калгандыр эле. Ал ушунчалык ачыкка чыгып алган соң, деле ырдабай койбойт. Анда эмесе жөнөсө, жөнөсүн. Тотудай да, булбулдай да, оолугуп да, ушинтип да, торгойдой да, көшүлтүп да сайраганын адамдар талыбай уккан ырчы бүт эмгекчи агайын менен кайта-кайта «амансынбылап» учурашып кирди. Кунт коюп угуп көр, кыймылына да көңүл бур:

Жазга маал болгондо
Байчечекей гүл жайнайт,
Жоголсун бизден жалкоолор.
Кыз-келиндер сүйгүлө,
Эркектерге тийгиле.
Ашыктыктын айынан
Жай, жайыңда жүргүлө.
Эмесе нускалуу сөздөн бир сабак,
(токтоп, кайра)
Амансыңбы агайин…
(токтоп, кайра).

Мен торгою болом акындын,
Мен күкүгү болом акындын.
Мен үпүбү болом акындын.
Саламат эсен барсыңбы?..
(Таппай калып жеңин чечет)
Сен урушайын дейсиңби?
Сен эми…
(жөтөлөт).

Адегенде асты сызылган саптарга бир көңүл буруп алып, анан сөз баштайлы. Жандуу картина, мыкты режиссёр мыкты жазылган интермедияны мыкты актёрго ойнотуп жатат. Ар бир кыймыл, дабышы, жапан күчкө салып омуроолоп жүткүнгөнүнөн чыккан үндүн тонуна чейин, ыйынып калп жөтөлгөнүнөн кол жаңсаганына чейин көзгө көрүнүп, кулакка жетип турат. Негизгиси, бул чыгарманын бир өмүрү сахнада өтүшкө эсептелиптир. Экөө бирин-бири күтүп жүрүшүптүр…

Алдыда Суранчы сугалактын «ырчылык» чаркы менен адамдык «наркын» бир эле кишинин, айтышкан атбагардын көрүп, билгени баарын бүтүрбөйт окшобойбу. Азыр «бүт эмгекчи агайыны» тааныганы өтө жаман болду. Эми көпчүлүктүн көзүнө түшүп, көпчүлүктөн өз баасын алат. Шойкун адат да оңой эмес, ал тыйыл деген сайын күчөп чыгат. Бая «талаштан кийин сабашкам» деген сөздүн чындыгын азыр уйкаш табалбай калса жеңин чечинип, «Сен урушайын дейсиңби? Сен эми…» деп иш жүзүндө көрсөтө баштабадыбы. Суранчы ушинтип «ырдап» жатканда, эл анын өз баасын берип, өз ордуна коюп таштады.

Сөз жебеген, сөз баалабаган, алам-жуламдан башканы түшүнбөгөн, акыйкат менен иши жок, ой-тоонун башын оттоп, ырдай албаса жөтөлүп, уйкаш таппаса жеңин чечип ыргытып, мушташканга камынган мындай комуз кармаган адам кейптүү гөртүркөй арам күчтөн же качып, же жеңилдим деп алкына бирдеме сунуп кутулбастан башка арга жок. Ал күн баткандан таң атканча, таң аткандан күн батканча ушинтип «ырдашып жеңе» берет: Анда атбагар да акыркы жообун берип, өз бүтүмүн чыгарсын:

Уйкашпаса ырларың,
Бар тура запас чырларың.
Эч ким укпайт ырыңды,
Тээ тоого барып ырдагын.
Чайнектей экен муштумуң,
Кой, мен мушташалбайм, тууганым.
Мен ырчы деле эмесмин,
Сени көрүп ырдадым.

Атбагардын кетип калганы эң туура болду. Ал жөн кеткен жок ырчынын атын жамынып жүргөн сугалактын түп нускасын тээ ичкертен аңтарып алып чыгып, баарыбыздын алдыбызга таштап кетти. Ал жеңдим деп да, жеңилдим деп да бир сөз айткан жок. Бирок моральный утуш ошонуку, чындыкты ошол көрсөттү. Утук — чындыктын утугу. Баятан угуп турушкан окурмандар да Суранчыны колун сунуп тиленип жаткан боюнча калтырып салып, атбагардын артынан жол тартышты. А Суранчы болсо дале эч нерсе укпагандай да, көрбөгөндөй, өзүн өзү жеңиш ээси кылып алып,

Үшүнтүп, айтышсам акын койбоймун,
Өзүм ырга тойбоймун.
Ботодой боздоп отурсам,
Уккандын баары сагынат, —

деп зоңкулдап жатат. Жанында эч ким калбаганы менен да иши жок Атбагардын кетип калышы менен эле бүтүрүп койсо жетишмек. Анда акын эмне үчүн Суранчыны дале ордунда кармап тантытып атат. Мында зор маани бар: тээ орто кылымдагы Токтогул ырчынын тушунда деле, Арстанбек менен кийинки Токтогул жашаган доордо деле, кечээки Осмонкул менен Ысмайылдын маалында деле Суранчыдай ырчы тонун жамынып, ырчынын атынан чыкчулар болуп келген, азыр да бар, мындан нары да улана берет деген ой билдирилет. Суранчы бекерден элге кайрылып «кечиресиз туугандар, кээде ушу мендей ырчы да бар» — деп айтыптырбы. Бул чындык да төкмөлүк өнөр өмүрү бүткөнчө чечилбей кете берчү түбөлүктүү проблема. Райкан Шүкүрбеков ушундай терең ойду мазмун менен формасы табийгый түрдө айкалышкан, нукура юморлуу күлкүгө толтура шыкалган көркөм чыгарма аркылуу туюнтуп берген.

«Халтурщик «досума» кат» менен «Беттешүүнү» акын дагы бир маанилүү бурчтук менен толуктайт. Ал тигил экөөнөн айырмаланып, поэзияны бийлик-күчү менен алгысы келген өзүнчө жаңы тип. Жаңы тема, жаңы идея, жаңы ойлордун табияты жаңы форма, жаңы ыкма, жаңы көркөм туюнтуу каражаттарын талап этет. Бул акыйкатты ачып чыгышка Райкан Шүкүрбеков тамсил жанры аркылуу кирип, жакшы жол тапкан. Сөз «акын карга» жөнүндө баратат. Ырас, андай «таланттар» убактылуу акын да болушат. Себеби басма колунда, баары ошого көз каранды. Мансап күчү кузгунга окшогон «олуя» сынчыларды да жаратып алат. Кошоматчылар токойдо сенден башка булбул жок деп макташат. Китеп артынан китеби ызылдап чыга берет. Өзү да чоң ишеним менен жашап калат. Бирөөлөрдүн тагдырын чечет. Эч кимди укпайт, баарын өзүм билем менен бүтүрөт. Жеке пайдасы үчүн гана камылга көрөт. Акырында чоң үмүт менен жүрүшкөн жандоочтору да күдөрүн үзүшүп башка жол издеп кетишет.

Карга болсо каркылдагандан каркылдап атат. Бирок, аны эч ким акын деп эсептебей койду. Акын болуп туулган эмес экен, аягында карга карга бойдон калды. Көркөм чыгармачылык бийлик иши эмес, мансап ыр жазбайт, кошоматчы чындыкты айтпайт. Табият тартуулабаганга күчкө салып жетем дегенди ушундай трагедия күтөт. Мындайларга адабияттан орун тийбейт. «Чын талантка берүү керек, суктанарлык поэзияны». Акыйкат сөз, дагы далай-далай мезгилдерге чейин жаңырыктап угула берет.

Мына ушуну менен турмушка ой жүгүртүп талдап, караган кыл чебер сатирик Райкан Шүкүрбеков талант күчү, нарк насил, ыйман, ынсап тазалыгы кандай адам поэзияга ак кызмат өтөйт деген ойлордун үч бурчтук чындыгын баарыбызга конкрет көрсөтүп, баарыбызды терең ойлонтуп койду.

Акындын башка темаларда жазган «Бөрү басар», «Короз», «Түлкү менен теке», «Чымын менен карышкыр», «Сагызган менен түлкү», «Ат менен эшек», «Эки эчки» сыяктуу жанрдын табият талабына жооп берерлик жакшы тамсилдери көп. Сатиранын бул формасын жаңы баскычка көтөрүүдө эң башкы орун Райкан Шүкүрбековго таандык. Анын ысмы аталбай, чыгармалары окулбай деле кыргыз сатирасы жөнүндө кеңири жана объективдүү сөз болушу мүмкүн эмес. Акындын таланты чындап төгүлгөн жылдар кыргыз адабиятында тамсил менен юмордун өзүнчө эле бир гүлдөө доорун түзгөн экен десек жарашат.

Дегинкиси эч ким окуп, үйрөнүп сатирик болалбайт. Сатира Райкан Шүкүрбековдун табийгый стихиясы. Ал – тубаса сатирик, сатира үчүн туулган талант. Энеден ыйлап түшпөй, юмор менен түшүп, юмор менен оозанган талант. Юмор – бүткүл чыгармачылык кан-жаны; поэзиясы менен прозасына, драмалары менен интермедияларына ичкертен жагымдуу жылуулук жиберип, окурманды өзүнө тарттырып турчу көркөм күч, ийкемдүү терең акыл табылгасы. Ал жазуучулук шык дүрмөтүнө кошо ички маданияты өтө жогору, табият берген интеллекти менен мырзалыгы бар адамдардын гана шыбагасына бүтөт. Бекеринен Гёте «Юмор – один из элементов гения» — десе, Бернард Шоу «Нет ничего серьезнее глубокого юмора» — дептирби. Акыйкатта да Райкан Шүкүрбековго чейин кыргыз адабиятында юмордун жылдызы мынчалык жаркырап жанган эмес. Муну бүгүн мезгил сыны да көрсөттү.

Райкан Шүкүрбековдун анык аналитик акыл, анык реалист сүрөтчү, психолог акын экендигин жеткире ачып чыгыш үчүн, анын «Жинди суусу» менен түрдүү темада жазылган «Термелерин» окуш керек. Конкрет талдоого алып, чоң жана кызыктуу сөз жүргүзчү даана классикалык чыгармалар деп мына ушуларды айтууга тийишпиз.

1998-жыл

[I] Китептен: Шүкүрбеков Р. Тандалмалар. — Бишкек, 1995-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.