Бир монастырдын үжүрөсүндө  эки кечил жашаптыр – карысы жана жашы.

Кары кечил абдан сараң, ач көз неме экен: сандыгына  кургатылган курманы катып коюп өзү гана жеп, жаш кечилге эч качан ооз да тийгизбептир. Өзү жалгыз калганда гана жейт.

Бирок дайыма айтчу экен:  «Менин сандыгымдан эч нерсеге тийбе, бирдеме жей турган болбо! Дароо өлүп каласың!» Бир күнү кары кечил бир жакка кетет. Жаш бала анын сандыгын ачып бүт курманы жеп салат. Анан абышка көзүнүн карегиндей сактап, ардактаган тушь куйган идишин күчүнүн баарынча жерге уруп сындырды! Идиш майдалана быркырап кетти.

Кечил бала төшөгүнө чүмкөнүп жатып алды.

Кечил абышка келип сурап калды:

– Сага эмне болду, эмне жатасың?

Тиги үнүн араң чыгарып жооп берет:

– Устатым! Мен кечирилгис  күнөө кылдым: кокустан сиздин жакшы көргөн тушь куйгучуңузду сындырып алдым. Анан, мени кудай жазаласын, мындан көрө өлүп тынайын деп сандыгыңыздагыны бүт жеп салдым. Эми мына, тагдырыма баш ийип, ажалды күтүп жатам.

Жини  келген сараң абышканын  өңү-башы бузулуп, эми эмне кыла алмак?

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.