АҢГЕМЕ

Дөөдөй болгон чоң баш, курсагына кулач жеткис, кара дулдук айылдык жигит. Эс тартканы трактир айдайт. Кардарлары көп. Калдайган немелер табиятынан макулчаак болот окшойт, жумушумду кылып берчи деп суранып келгендерге аныйы жок. Таң заардан трактирин айдап кетип кеч күүгүмдө үйүнө келет.

Жайдын ысык күнү эле. Кара дулдук үйүнө жакын жердеги айдоо аянтынан саман ташып жатып бир тук этип алайынчы деп үйүнө кайрылып калды. Үйдө эч ким жок экен. Кухняга кирип буркулдап ачып турган максымдан кесеге толтура куюп, талкан аралаштырып туруп тартып жиберди. Суусуну кана түштү, жан жыргалы эми уйкуга жетеледи.

Түшкү уйкунун таттуулугу ай! Жаны жер тартып көлдөлөң үстүнө кулады. Тулку бою эрип кеткенсип, көзү илинип көшүп бараткан, кайдан-жайдан келе калганын билбейт, бир чымын бетине конуп кытыгылай баштады, улам колун жаңсап үркүткөн болот, кайра эле зыңылдап учуп келип конот бетине. Кытыгысы укмуш. Тимеле бетин тилип аткандай. Уйку кумары укмуш дүйнөгө жетелеп барат.

Ал ортодо үркүткөнү баягы чымын. Анысы өчү бардай кытыгылайт. Бүгүнкү эмес эзелки өчүн алып жаткандай жабышат. Чыдабады кара дулдук. Мүшөктөй курсагын көтөрүп араң турду, кайсалактап бир нерсени издеди, чымын өлтүргүч шапалакты издеди көрүнөт, анысынан дайын жок, деги негизи издеген нерсе дайыма жок болуп чыгат эмеспи. Колуна сүлгү урунду, эми сазайыңды бербесем дегеле жигит болбой калайын деп, кайсалактап чымынды аӊдый баштады, ошол учурда жалгыз чымын анын элдешкис душманына айланды. Кичинекей кара чымын баятан кызыкка батып жыргап аткан жерине кайрадан конду, анын кытыгысынан жүдөгөн жан эбак туруп кеткенин кайдан билсин. Кара дулдук кара чымынды көрүп калды, жаалы кайнап далдалактап келип чымында чаап калды, эби жок кыймылынан майнап болгон жок, кара чымын кара дулдуктун дайны жок жай кыймылын шылдың кылгансып учуп кетти. Ыза болуп калды атаандаш.

Болгон дилин топтоп чымын кайда конгонун акмалады. Карасаң эй, тигини люстранын так кырына конуп алганын. Учкул ой, азыр чаап жиберсем люстра быркырап түшүп калат ко, андан көрө үркүтүп көрөйүн муну, башка жерге барып консун, анан көрө жатабыз кыйындыгын. Бу чымының да митаам окшойт, канчалык үркүтөйүн деп аракет кылса да тоотпой люстранын кырынан башка жакка учуп кетер эмес. Кара дулдук жаалданып алган. Уйку качкан, жумушу да унутта.

Көзгө араң көрүнгөн кыпкымындый чымын дөөдөдөй кара дулдукту тике карап шылдыңдап жаткан түрү бар. Кара дулдук ме сага деп туруп чымынды туштап сүлгүсү менен шилтеп калды, кудай бетин көрбөсүн, айнек люстра шыңгыр этип күбүлүп түштү. Кайгырган жок кара дулдук. Ушу менен чымыныңдын жаны жалп эткен чыгар деп дем токтоткучакты, аның зыңылдан учуп босого жакта жүрөт. Мен мындамын дегенсип эски телевизордун кырына келип конду. Кара дулдук не болорун ойлонгон жок, көлтөйгөн курсагын сүйрөп акырын жылып босого жакка келди да, колундагы сүлгү менен чымынды чаап калды эле, эски телевизор үстөлдөн эңшерилип түшүп, экраны быркырап полго жайнап калды. Кара дулдук буга да маани берер түрү жок, ал ого бетер жаалданды, өзүнө-өзү дем берип кубаттанган болду, бүгүн же мен өлөм, же сен өлөсүң деп эпсиз кыймылы менен бөлмөдө нары-бери басып чымындын карааны издеп аракетте.

Мынакей ал чымын, кичинекей терезенин пардасында конуп алыптыр, ыржалактап күлүп жаткандай. Ызасы башына чыккан кара дулдук бу саам да далдактап барып колундагы сүлгүсү менен шилтеп калды, бу саам да шаңгыр этип терзенин айнеги күбүлүп түшүп калды.

Сырттагы үн:

— Ай-ээй, эмне эле болуп атат биякта?

Чуркап кирди аялы. Көргөн көзүнө таң. Дөөдөй эри:

— Чымын, чымын!- деп жалооруп ыйлап жиберер түрү бар.

Аялы чепилдейт:

— Кайдагы чымынды айтып атасың? Бу бөлмөдө бир да чымын жок, балдар дайыма күндүзү ушул жакта уктап жүрүшпөйбү,- дегичекти кара дулдук:

— Тигине, тигине,- деп жанын сууруп алар жалгыз желмогуз ошол чымын өңдөнүп бүрүшө калып аялына корголоду, талкаланып калган люстранын темиринде конуп турган чымынды көрсөттү. Эрдемсинген аялы:

— Өлүк тириңди көрөйүн, токтоп турчу мен аны,- деп бөлмөдөн чыгып эле кайра кирди, колунада шапалак. Алкынып барып люстранын темиринде конуп турган чымынды бир эле чаап жайлап таштады. Эртеден бери баатырсынып өзүнөн миң эсе чоң долдойгон кара дулдукту мазактап жаткан чымындын тамашасы бүттү. Анын өлүк денеси жерге түшпөй шапалакка жабышып калыптыр, бул окуяга өтө маани берген аялы тиги өлгөн чымындын канатынан кармап алып кара дулдук күйөөсүнүн көзүнө такады:

— Ушубу сени мазеңди алып жаткан, ушубу?

— Ошол, ошол!- дөлдүрөдү кара дулдук. Анын ошондогу кебетесинде алсыздык, байкуштук, мококтук бар эле.

— Ушул эле болсо мынакей,- аялы өлгөн чымындын денесин айнеги жок терезеден сыртка ыргытты.

Ошентип кара дулдук менен кичинекей чымындын жеке кармашуусу аялынын жардамы аркылуу кара дулдуктун жеңиши менен аяктады. Бирок аялы капыстан келип калбаса бул экөөнүн кармашы эмне менен бүтөт эле белгисиз.

Талкаланган буюмдар жөнүндө ооз ачылган жок. Кара дулдук жымырылып жылып кайрадан жумушуна кетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.