АҢГЕМЕ 

(Көкбөрү оюнун дүйнөгө жайылткандардын бири, коомдук ишмер Болот Шерге арнайм)

I

Карагер кунандын үстүнөн эңилип, чырак шамдай тикчийген жалбыракка кол сунду эле – ооп барып түзөлдү. Жалбыракка колу жетпеди. Күү менен айланып келип, кайра эңилди. Дагы болгон жок. Мына, мына, мына жетеринде – ай-ата-а, кеп ээр-токумда экен…

Ат жалынан өбөктөгөн боз улан тизгинди кайра имереринде басмайыл бош өңдөндү.

– Дырр, – каны кызып калган Карагердин тизгинин какты. Көрпөчөнү сыйрып ыргытып, басмайылды эрөөлгө чыкчудан бетер бекем тартты да, атына ыргып минди. – Чү! – Карагери ордунан атырылып жөнөдү.

Руслан азыр боз улан эмес, эр жеткен курактагы жигиттей сезген кези өзүн. Ошол жигиттик жигээри менен чырак шамындай тикчийген жалбыракка күүлөнүп чаап келип кайрадан эңилди, чала чарпып өттү. Колу кокусунан жалбырак учуна жеткени менен ооп түшүп калчудай; кыйшайып барып түзөлдү.

Эми ал узун чылбырдын учун ээр кашына казыкбоо түрүндө чалды да, чылбырдын эки арыштай ашып калган учун сыйыртмак сымактантып байлап, ага сенек колунун билегин илип алмак болду. Кооптуу болбогудай чийе байлаган соң, бу жолку эңкейгенинде көзү мерчемдеген жалбыракка жетерин жетти, бирок кеп тизгиндеги сенек колунда тура. Ушу шалтурук колунун ишин кантсем экен деди ичинен…

Жайыттагы кой-эчкилерине көз чаптырды. Баары жуушап жатат.

«Тизгиндин узундугу дагы бир карыш болгондобу» – Руслан ичинен күрсүнүп алды да, эми белиндеги кайыш курду чечти. Кайыш куру узун эле. Анын бир карыштан ашык ченин кесип алып, ичкерте тилди да тизгинге улады. Дагы узунурак кескенде болмок экен деп, кайышты бу жолу кабелтең кести. Мурункусун ыргытып, кийинкисин улады. Кайыш куру болсо ычкырын бекиткенге эми биротоло жарабай калганын көрүп, анысын да ыргытты. Эми ага көтү шыпырылып калса да мейли. Ага ычкырын бууган курдун бары да, жогу да кеп эмес. Маанилүүсү – тизгинди узартып алды, жетет. Ага ушул эле керек.

Карагерине шап минди кайра. Ээр кашындагы сыйыртмакка оң колун билегинен илип алды. Баары шайма-шай келгенде, жалбырак эңишин кайра улантты. Мурда көзүнө көрүнгөндүн баарын эңгиси келсе, эми ал жалбыракка гана жабышты. Жалбыракты көкбөрүнүн шыйрагы деп элестетти.

Көк майсаңга ыңк тойгон кой-эчкилер тынч маалында Карагерге эле кыйын болду. Аны алка-шалка тердете кумарга баткан Русландын ышкысы анык кызыды. Анын кунан көлүктүн үстүнөн улам-улам жерге эңилгенин бирөө-жарым көрсө, акылы айраң болмоктур. Бирок жан киши көрбөдү. Көрбөгөн үчүн Руслан оюна келгенди кылды. Жерден алтын тенге көргөнсүп: улам эңилет, улам эңет. Ээн жайык талаада алтын тенгелерге көзү тойбогон немедей, деле жерде чачылып жаткан алтын тенгелерди бирөө-жарым бөлө талашчудан бетер шаштысы кеткенсип эңилгенин көргөн жан болгондобу, – бу кандай ачкөздүк дээр беле…

Тек, торгой сайраган Чүйдүн чүйгүн талаасына кайсы кудай урган алтын тенгелерди чачып коймок. Күздө гана алтын түспөл буудайы бышканы болбосо, жараткандын берекеси төгүлгөн бул талаада азырынча мал тезегинен башка терип алчу оокат жок. Көктөм жаздын күүсү төбөсүнөн тарткандай дүрүлдөп өскөн көк майсаң чөптүн арасында гана тикчийген жашыл жалбырактар – Русландын ата-бабасынын ат үстүнөн тыйын энген өнөрүнө ышкысын ойготуп койгону. Ошол жашыл жалбырактарды чачылып жаткан тыйындан бетер эңип алганына көңүлү курсант, көңүлү шат.

♦ ♦ ♦

Ал күнү ат жалындагы оюн кумарына берилген Руслан, жерге эңкейип, жалбыракка кол сунган сайын Карагердин жонун көсөп өйүгөн жоору пайда болгонун жаштык кылып сезбеди. Кечинде гана малды короого камаган соң, ээр-токумду шыпырганда көрдү. Көрдү да эрдин кырча тиштенип, баш чайкады. Кунандын жонундагы алакан басымдай жер кызарганча жышылыптыр. Ошондо Карагер кунандын жону эмей эле өзүнүн жүрөгү сыйрылган немече бетин тырыштырды…

II

Былтыр кунан курагында көрбөгөн сыноолорду быйыл көрдү Карагер кургур. Быйыл бышты кезиндегиси да андан өттү. Былтыр жайлы жайлай кой-эчки жайган Руслан анын жон терисин канча жоорутпады, суулук кемирген оозун канча оорутпады…

Тикчийип өскөн жалбырак көрсө эле, жалбыракка эңилип сол ыптага оогону – Карагердин жонун жонгон кордукка айланган. Ээр токумдун астындагы тердикте азуу тиш бардан бетер – кажыйт да, кажыйт. Канжалата кажыйт.

Жонундагы жоорунун зарпынан Карагер белин кыйкалаңдатып барып түзөлгөн кезде – кайра эле жашыл жалбырак көрүнгөн жерден Руслан жерге эңилет. Жерге ооп барып жалбыракка шап жабышат колу. Ошол эңкейип бараткан кезинде Карагер ордунда тып токтогонго үйрөтүлдү. Ал эмес бакайын бүгүп, тизесин бүгүп: жерге ыктай эңкейип бергеничи. Эңкейип берери менен үстүндөгү адамзааданын оозунан “Жарайсың, чемпион!” деген алкоо сөздү угат. Карагер да муну үстүндөгү адамзааданын ыраазы болгондогу кеби экенин туят.

Жашыл түскө оронгон талаада жалбырак эңүү – үстүндөгү эки аяктуу адамзааданын абыгерлүү эрмеги, а Карагерге анык кордук. Боз үйдүн ордунчалык жерге улам айланчыктап имерилген Руслан Карагерди ийиктей чимирилтип, куюндай айлантып эсин оодарат.

Куйругун кубалаган иттен бетер чукулдан бурулууга ык алып калган Карагер бир сыноодон улам кайра экинчи сыноого өтөт. Суулугун кемирип, шилекей аралаш кан жутат. Ар бир сыноодо ээсинин оозунан кулагына сиңип калган баягы сөз дамамат кайталанат: “Жарайсың, чемпион!”

III

Карагердин жонундагы оюп алгандай жоорунун өз сыры бар. Ал сырдын эмнеге экенин бир гана Руслан билет. Башка жан киши билбейт. Ат жонундагы жооруну атасы же агалары көргөндөбү – Русландын көзүн эбак оюп алышмак. Мал менен киндиктеш өскөн атасынан анык көргүлүктү ошондо көрмөк.

– Эй, малдын убалынан коркпогон атаңдын оозун урайын, – демек анда эле. – Минип жүргөн атыңдын жооруп кеткенин көрбөгөн көзүң көрбү?! Басчы бери! – демек. Демек да, жоорго сөөмөй такап: – Мынамуну карачы! Көрдүңбү! Малдын убалы кимге?! – деп жылан боор камчы менен керилип туруп уулун жондон ары тартып-тартып алмак. Русланды жону түлөгөнчө сабамак анда эле.

Атасынын камчысынан жон териси сыйрылган Руслан Карагердин жан оорусун ошондо сезмек. Ата тарбиясын ошондо көрмөк. Макулуктун жон жоорусу кандай ачышса, анын да жону ачышып туйламак. Ошон үчүн ал кечкисин малды короого киргизгенден кийин да көз байланган караңгыга чейин Карагердин жонундагы ээр-токумду сыйырбайт. Көлүктүн жоору жонун киши көрбөсүн үчүн алдындагы кой-эчкилерин кеч айдап келет. Ошондо да Карагерди үйдөн оолак жерге тушап коюп, үйдү карай басат. Будан үйдөгүлөрдөн жан киши деле шек алчу эмес.

А эртеси үйдөгүлөрдүн баарынан эрте турган да Руслан. Анын таңдагы таттуу уйкудан эрте ойгонгонунун жалгыз убайымы ушу – үйдөгүлөргө Карагердин жоорусун көзжаздымдоо. Башка ылаажысы жок.

Элден эрте ойгонуп, ат көлүгүнүн жонун сылап-сыйпап тарап, эрте токунуп, мал артынан кеткенин көргөн сайын атасынын да кенже уулунун малга үйүр, оокатка бүйүр чыкканына көөнү ток.

IV

Жонуна күндө минген адамзааданын кулк-мүнөзү Карагерге дайын. Эки аяктуу шеригинин ишаратын Карагер илгиртпей туят. Ээсинин ачуусу келгенин да, көңүлү жай учурун да үндөн ажыратат. Үн аркылуу адамдын оюндагысын аткарууга дилгир. Адамдардын түрдүү сөздөрүнө түшүнбөсө да, айрым сөздөрдү ал эсине тутуп алган үчүн алардын оюндагысын аткарууга азырланат.

Былтыртан бери жонундагы жоорусу канча айыгып, карты канча сыйрылды, кайра канча жолу айыкпады. Жоору аны – жерге эңилген ээсинин эркине көнүүгө үйрөттү: бакайын бүгүп, тизесин бүгүп бергени да ошондон. Өйкөлгөн жоорусу жалбыракка эңилген шеригинин салмагынан улам тыз-тыз ачышарын дадил түшүнүп турса да, ылдыйга эңилген адамзааданы желкесинен тиштеп жерге силкип түшүрөйүн дейт, оозу барбайт. Эпаада, үстүндөгү азиз шеригин жакшы көрөт. Ооп түшүп калбадыңбы дегендей, кайра жерге эңилген Русланга көз кыйыгынан карайт. «Дыр-р» дейт тигиниси.

Адамдардын «дыр-р» дегени – токто деген ишарат экенин ал те желеде байланып келген кулунчагынан эле туйган. Үрүл таңдын соңунан мойнуна нокто илинген өзү теңдүү азоо кулундар менен кыдырата байланар эле. Адегенде карматпай качкан күндөрү болду, ангыча болбой мойнуна укурук илинип, «дыр-р-дыр… дыр-р» дейт кендир жиптин учунда дыргаяктап сүйрөлгөн адамзаада үнү.

«Дыр-р-дыр… дыр-р» – бул үн буйрук экенин бара-бара түшүндү. Бул үн аны жоошутуу мүнөзүндө берилген буйрук экенин ал өнө боюнда ойноп турган кан тамыры аркылуу сезди. Эзелтен бери адамзаадага баш ийип берер заң деп туйду муну. Ошондон бери «дыр-р» деген добушка денеси дирилдеп, жүрөгү зирилдеп баш ийип келет.

Узунду күнү кечке дейре желеде шылкыйып байланып турушар эле кулундар. Көгөн, чиркейлер талайт. Куйруктарын желпип, үп жайдын ысыгында суусаган кулундар обочодогу энелерине кишенеп мекиренчү. А эне бээлер желеде туйлаган өз кулундарынын канын шимиген көгөн, чиркейлерден куткарып алаар болсо кана. Эне бээлерден эч кандай айла болчу эмес мындайда. Алардын болгон айласы – желеден алыс узап кете албаган эле караандары болбосо, эч бирөөсү арачы боло алышчу эмес туйлаган кулундарга. Тек, кулундарына караан көрсөтүп, желеден алыс узап кетпей оттук огожо издеп, айланчыктап жүрүшөр эле.

– Кру-у, кру, кру-уу! – бул үндү укканда жайылып кеткен эне бээлер желе жээктеп келе баштайт чубалжып.

Бурала баскан саанчы келин сыңар тизелеп отурары менен колундагы чакасына манжа учунан «шырп-шырп-шырп» эте апапакай сүт агат. Көбүктөп саалган апапакай сүт менен бирге тоонун буруксуп жыттанган чөбү кулундардын каңылжаарын жарат. Обору ачылып турган карагер кулун энесинин чатыраган желинин эми-эми шимип баштаган кезде Русландын жеңеси анын ырысын кыйып, шып этип сыңар тизелей отура калат.

– Тарт бала кулунду, – дейт.

Башка кулундардын моюнун энелеринин эмчегинен шарт эле булкуп ажыратчу Руслан ушул карагер кулунга өзгөчө жан тартмайы бар. Карагер кулундун кезеги келгенде эле аңкоолугу кармап, жайлоонун көркүн биринчи жолу көргөнсүп, теребелге көз чаптырып алаксып калат.

– Ай бала, эмне оозуңду ачасың? Тарт кулунду! – дейт. – Баарын эмип салмай болду.

Энесинин эмчегин балкылдатып соруп баштаган карагер кулунду Руслан моюндан кучактап, кыйылып атып, аргасыздан өзүнө тартат да, чөнтөгүнөн кант алып чыкмайы бар. Аны үйдөн кымырып сала чыгат күнүгө. Кантты карагер кулундун оозуна шимитет. Бирок ал эне сүтүнчө болорбу. Эне сүтүндөй ширин даам кайда ага…

Күүгүм чендей гана желеден бошонгон соргок кулундун тили энесинин эмчек үрпүнө чап жабышат. Жаагы талыганча шимийт анан. Каны каткан суусуну ошондо бир канат. Кактап сорот энесин. Кайра бир ойрон оюнун салып келгенче энесинин эмчек үрпүнө сүт толуп калган болот. Анда да шимийт. Оозунан көбүк бүркүлдөп чопулдатып алат да, ныксырай түшөт.

Желеден бошор замат тынч алалбай туйлаган кулундардын арасында Карагер өзгөчө эрке, өзгөчө туйлаган шок эле энесине. Ошо өзгөчө туйлаганы үчүн Русландын назарына илинген. Оюн салганы да бир бөтөнчө болучу.

Башка кулундар курсагы тойсо жай алып калат экен, Карагер шумдун үйүрдөгү кулундарга азгырыгы күч. «Неге ыкшоо тартып жатасыңар» дегениби – үргүлөп, талыкшып жаткан кулундарды ордунан козгор да, оюнга азгырары да ушу: анын тынч алалбай тыбыраган төрт аягынан жайлоо төрү дүпүлдөп, башкалардын канын дүргүтүп, тынчын ала бергенден улам го – мына анан ныксырап жаткандары ордуларынан копшолуп, туйлаган кулундардын оюну кызыйт.

Отон талаадагы оюн салган кулундардын жарышында алдында жүргөнү да карагер кулун. Куйругун асмандата көтөрүп чакчалаңдап, көйрөңдөнө секеңдеп, таноосу теңиреңдеп текеңдейт опсуз. Желеге байланган соң гана жели чыга түшөт.

Укурук мойнуна илинип, «дыр» дегенди укканда – жүрөгү зырпылдайт ко.

V

Удургуган топ атчандарды көргөн сайын Руслан жанын коёр жер таппай туйлайт. Ой-кыялында көкбөрү тартышкандардын тобуна жарып кирет.

VI

Руслан менен Карагердин ортосунда бөтөн жан туйгус сезим бар. Бул эки жандыктын бири – Адам тукуму, бири – Камбар Ата тукуму болсо да, экөө бирине бири жантуйгу.

Зээндүүлүгү өзгөчө Карагер быштысын Руслан да эбедейи эзилип сүйөт. Кудай таала сүйлөгөнгө тил гана бербегени болбосо, жылкы баласы эмей эле, адамдан өткөн асыл ушу. «Алдыга» десе алдыга, «артка» десе артка кетенчиктеп басканга тез эле үйрөнүп кетти. Жерден эмне эңип албасын: «Артка, чемпион», – деп буйруйт Руслан. Карагер ошол мүрдөм артына кетенчиктеп, ээсинин эркинен чыкпайт.

Ээси тизгинди кере тартып: «Артка… артка» деген сайын кетенчиктеп жыла берет. Агер тизгинди бошоң кармаган ээси «алдыга» деп буйрук берип теминсе – ордунан атырылып жөнөйт.

Русландын мал жайытта жоон билектей жыгач казыгы бар. Былтыркы жалбырак эңмей кумары быйыл жыгач казыкты эңип алганга өткөн. Жоон билектей сомдолгон жыгачты таш менен жерге матыра кагып, ага ат үстүнөн эңилет түгөт.

Аны бир булкуп сууруп алуу менен убара. Кагылган казыкка колу жете берерде Карагер быштысы тизе бүгүп эңкейет. «Чемпион» дейт ошол убакта жерге сунулган колу менен теңшеригин омуроого таптаган Руслан. Анан адатынча Карагердин калбыйган эрдине кант сойлотот ыраазы боло.

«Артка… Артка… Дагы» – муну уккан Карагер артына кетенчиктейт. Ээси тизгинди тарткан сайын о бир далайга дейре артына кетенчиктеп жыла берет.

«Кеттик алдыга!» – үстүндөгү Руслан теминер замат алдыга зуу коёт.

VI

– Кыргызстандын курама командасына илинип калалы, жигиттер! – дейт бири.

– Курама команданы коюп, өз командабыз дурусурак ойноп алалычы, – дейт башкасы.

– Жети дубандын күчтүү командаларынын арасынан суурулуп чыгып алалычы биринчи, – дейт дагы бири.

– Аттарыбыз окшошпой атпайбы, – дейт ары жактан наалыганы.

– Аттарыбыздан мурда оюнчуларыбыз эле кыйратканы кана-эй. Бири – алкаш… Энеңди!.. Көзү ачылбай, мелдештин алдында запойдон чыкпай… Бири – катынпоз, – дейт ызырынганы.

– Катынпоз болуп үйлөнсө үйлөнө берсин, жаш катындын коюнуна кумары канбаса не кылалы. Сасыган текенин өлүгүн кучактаганча, жаш катындын койнунда… – дейт арсалаңдап каткырганы. – Анын ордуна башка оюнчу табабыз.

– Кимди, кана?!

– Русланды деп атпаймбы.

– Эй, бир колу чолок неме, атаңдын башына ойнойбу?! Кырк беш кило текени кантип эңет аның? Алты саны аман-соо сен экөөбүз араң эңебиз…

– Сен аны билбейт экенсиң, кантип эңерин… – кепке Русландын агасы Индусбек кошулду арыдан. – Мен аны байкап жүрбөймүнбү, ал бизге жерден эңип бергенге жараса болду. Калганы команданын иши.

♦ ♦ ♦

Русланды топко кошуп сынап көрмөк болушту бир күнү.

– Эй мунуң, чегирткедей болгону менен өнөрү шумдук ко, – деди команда башчысы адегенде эле.

– Баарынан да Карагерин айтпайсыңбы! Руслан жерге эңкейген кезде – тизесин бүгүп аты да эңкейет десең, това-а.

– Андан да тайказанга жүгүргөнүчү. Тизгинин башкарып кереги жок экен. Руслан улакты жерден эңип алаары менен эле тайказанды көздөй сызганычы.

– Руль менен башкарган машинедей кетет экен. Карагери менен Руслан сүйлөшүп алгандай тим эле.

– Руслан өзү кенедей болгону менен, такымга бассам болбой жулуп кетпедиби жана.

– Далдайып могу даа ооп түшүп калайын дебедиби; улакты тартыша келгенде. Эй мунун оң колунун каруусу сол колуна ооп кеткен бейм. Биз аны чолок деп жүрсөк, жалгыз колу менен баарыбызга ушул көргүлүктү көрсөтчүдөй…

Кечинде көкбөрү оюнунан эстери ооп, карта ойноп отурган команданын оюнчулары Руслан менен Карагер жөнүндө бүгүн көргөн шумдуктарды айтып түгөтө албай отурушту.

VII

Ат майданда удургуган оюнчулар жети дубандан жыйылды. Мен, мен деген оюнчулар булар. Руслан менен Карагер четте. Ат майданды жаңырта кыйкырып, кара мурутчан бирөө жүрөт арыда. Даңка-дүңк, даңка-дүңк музыка үнү басаңдаган кезде ошол мурутчан адамдын үнү зоңкулдады ат майданда:

– Кана, жигиттер! Командалар даярбы?

Уу-дуу, ышкырык, сүрөөндөр коштоду бул үндү.

Карагердин муун-жүнүн калтырак аралап өттү. Кара мурутчан кишинин ат майданда жаңырган үнүнөн «чемпион» деген сөздү ажыратып уккан кулагы Карагердин канын дүргүтүп, жүрөгүн туйлатып турду улам.

– Чү! – тегерек сызыктын ортосунда жаткан сасыган текеге эңилди Русландын бою.

Карагер көнгөн адатынча бакайын бүгүп, жерге жапырыла эңкейди эле, ат майдандагы ышкырыктар, чуулдаган үндөр ааламды жарчудай жаңырыктап турду. Жер айлан-көчөк Карагерге. «Кеттик» деп шыбырады ангыча Русландын үнү. Карагер да көз ачып жумганча зып койду. Топ чачырап, Карагердин артынан кууду. Тизгини бош Карагер кай тарапты көздөй чуркашты үстүндөгү Русландын ишаратынан туйду да, түз эле тайказанды көздөй сызды. Алдын торогонго да эч бир атчан үлгүрбөдү.

– Мына, болочок чемпиондор! – кара мурутчан комментатордун үнүн коштоп, ат майданды чуру-чуу каптады.

«Чемпион» дегенди мурда Русландын гана оозунан уккан Карагер эми таптакыр чоочун бирөөнүн оозунан «чемпион» деген мактоону укту да, калбыр өпкө, жез канат тулпарга айланып чыга келди заматта. Каны кызыды улам. Бүгүнкү күн үстүндөгү адамзаада экөө үчүн чоң мелдеш экенин туйду.

♦ ♦ ♦

Русландын оң колу сенек экени ат майданда уу-дуу түшкөн көкбөрүнүн күйөрмандарынын эч биринин оюна келбеди. Анын бир колу ишке жарамсыз экенин атаандаштарынын да эч кимиси байкабады. Аларга Руслан сыйкырчыдай көрүндү. Жерге эңилсе, аты кошо эңкейет да, ээсинин колуна текенин шыйрагы илинер замат сүрмө топ атчандын арасынан аркасы менен кетенчиктеп жылып чыгып кеткеничи. Андан да шумдугу – тизгини бош коюлган Карагерчи, ээси кай жагына оосо, ошол багытка бет алат.

Эңгезердей зоңкойгон жигиттердин такымга баскан олжосун, чегирткедей Руслан бир булкум менен жулуп кеткен ыгына эч кимиси каршылык көрсөтө албады. «Бу кандай шумдук» дешти.

Жаңы чемпиондун жылдызы балбылдап жанды. Бул ийгиликтин сыры – эч бир машыктыруучунун да, оюнчунун да оюна келген жок.

VIII

Аламан байге! Сүрмө топ кызыды ана. Чалды-куйду байге талашына өзүнө ишенген оюнчу гана чыкпаса, тобокелчинин иши бу. Жөөлөшкөн топ атчандын арасында командаңдын жалгыз мүчөсү – алдыңда минген ат-көлүгүң. Аламан – командасыз мөрөй талашуу. Ишене турган команда – өзүңө өзүң, анан эле – оң колуң, сол колуң, он эки мүчөл алты саның. Бүттү.

Колуңа тийген улакты колдон колго өткөрөр өнөгүң жок артыңда да, алдыңда. Эңгениңди бергениң бат. Баары жат – туш тарабыңдан демите. Капталыңдан качырганы, алды-артыңдан шашылганы жулмалап кетет. Омуроолоп жолуңду торогону бар, дал-далыңдан качырып орогону бар. Айланып жөөлөгөнү бар, ардангандан ариетиңди көөлөгөнү бар. Ата-жотоңду ашата сөгүнгөнү андан, жиниккенче арттан кууп, шилекейи оозунан көбүргөнү андан.

Бул мелдешке чыккан чыгат. Жандан кечкен чабандес чыгат. Каны ойноп турган эрендер чыгат. Эзелтен ошол. Эси бары четте карап турмагы бар. Эси чыгып калганы көптүн арасында көрүүчү болуп тим отурат.

Сүрмөтоп удургуган атаандаштарыңдын көзүн күйгүзгөн улакты чатыңан башка бекитер жер жок. Мөрөйгө коюлган «Ленд Крузер» машинеси турат тигинде. Көрүүчүлөрдүн да, оюнчулардын да бүйүрүн кызыткан ошол түгөт. Болбосо оюн кумары шунча кызыйт беле. Жанды тобокелге салдырган аламан байге күүсү чуру-чуу, күрү-күү түшүрдү баарын.

Эртеден далай эр жигит, далай тулпар кол-бутунан кокустады. Кокуйлап колу сынганы бар, тоңкочук кулаган атынан томугун чыгарып алганы бар. Сынган бутун шалактатып четке чыга бергени бар кыңкыстап. Тулпар үстүндө тыбырчылаган эр азаматтардын кээсинин бети-баштары айрылды жөөлөштөн, каны салаалап агып, жону сыйрылды камчыдан.

Оюндун кумары, байгенин кумары канын кызыткан жигиттердин бети-баштары сыйрылганы кеп бекен; тынч жаткан кара жер балбандын да түктүү бети сыйрылды. Кең саздын жайыгындагы көк майсаң кыртыш жердин жону тытылды тулпарлар туягынан. Кара жер балбандын түктүү бети самсаалап, дакысы түлөгөн төө терисин жайып салганга окшоп турду оюн талаасы.

Кимисине бак айтса «Ленд Крузерге» ээлик кылуу оңой бекен. Мөрөй кумарын кызыткан жарчынын кеби ансайын жаңырганын айт:

Колуна тийди көкбөрү,
Колдой көр, Теңир көктөгү!

Каруусу талбай алышкан,
Кармаган колу карышкан.
Жигиттин ойну көкбөрү,
Жигит бар жерде, намыс бар!

Мөрөй үстөмдүгү туш-туштан кызыганда жарчынын да ары-бери чапкылап, бүйүр кызытканын айт:

Жигиттер экен, жигиттер
Чимирилген ийиктей.
Улакты жерден алганы –
Алгыркуш өңдүү бийиктен.

Шамдагай белем өнөрү,
Шашылыш эңип жөнөдү.
Азамат экен, азамат!
Аргымак болуп өнөгү.
Колуна тийди көкбөрү,
Колдой көр, Теңир көктөгү!

Туш-туштан кыскан оюнчулардан Русландын да амалы куруду. «Алдыга» дейт бирде, «артка» дейт бирде Карагерге шыбырап. Ээсинин ишаратына жантуйгу болуп бүткөн Карагер да сүрмөтоптун арасынан артына кетенчиктеп канча мерте суурулуп чыкпады. Бүгүнкүдөй болуп даа кара терге түшпөгөн чыгар жаныбар. Карагер күлүк табында эле бүгүн. Сүрмөтоптун арасынан кындан суурулган кычычтай болуп Карагер чыкты бир убак. Топ атчандан озуп, оолактап четке чыга берди улам. Баттегеге[1] эми жеткен ченде жер асманга сапырылып, а асман аңтарылып кеткендей айкырык, чуулар жаңырды.

– Таштады, таштады! – деди чуулдагандар, дуулдагандар.

– Жо, жо-о… Арттагы куугундар таштатпай калсын, – деди чуулдагандар, дуулдагандар.

Руслан тизгинин кайырды тетири тарапка. Такымга баскан улакты жулдуруп ийбейин дедиби, баттегени бир айланып барып чымын-куюн зуулдаган Карагердин тизгинин кең сазга имерди аргасыз. Арттагы топ атчан да сүрүп айдап, саз беттей сая кууп алышты артынан.

Калбыр өпкө, жез канат Карагердин каны кызып туйлап, таманы астында не таштак жолбу, не саздак жолбу – карабады. Куштай сызып бараткан аргымак куштан бетер жерге тик сайылды. Алдыңкы эки колу жер чапчыган алгыр бүркүтчөсүнөн сазга матырылды. Күү менен келаткан күлүк – сормо саздын көзүнө сайылган экен, үстүндөгү Руслан ат жалынан ары ашып барып кулап, жумшак сазга оонады. Туруп кетти. Тып токтогон Карагерин караса, сазга сорулуп барат.

Шамдай жанган кулагы эле тикчиейт кокуй! Тулпардын төрт аягы көрүнбөйт. Кайда?!

Шаштысы кеткен Руслан былкылдаган саз үстүндө не кыларын билбей селейди. Карагерге жакындоого жөөчөнү эмес, атчаны да даай турган эмес. Удургуган атчандар эстерине эми келгендей болду.

Кумарын сууткусу келбеген кээси былкылдаган сазга карабай, улакты сүйрөп чыгып, оюндарын улантмакка чаап жөнөштү артка. Төрт-беш жоро-жолдошу менен Руслан калды Карагерди саздан сууруп чыгуунун амалын таппай. Алыстан аркан ыргытышты. Чалма ыргытып, сууруп чыкмак болушту акыры. Далбастап, шаштылары кетти.

Бул убакта былкылдаган сазга тумшугу менен сайылган Карагер эбак жансыз жатканы. Саздын сасыган чыласына думугуп жаны тынган тулпардын кулактары гана жандуу шамдай тикчийет.

2018-2019-ж.ж.

[1] Баттеге – тайказандын эскиче аталышы.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.