Бата:

  1. Курандын биринчи сүрөөсүнүн («фатиха – бет ачар») аты. Бул сүрөөдө ислам дининин негизги талаптары терең камтылгандыктан, аны «Уммул Куран – Курандын энеси – негизи» деп аташат.
  2. Алкыш, тилек. Элибиздин байыркы түшүнүгүндө бата – адамдын жаралышына себеп болгон касиеттүү сөз («Бала батадан бүтөт»). Анда жаратылыштын жашоосу менен адамдын турмушу тамырлаш, реалдуулук менен ирреалдуулук өзөктөш туюнтулат («Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көбөйөт»). Бата адам өмүрүн төрөлгөндөн тартып көзү өткөнгө чейин коштойт. Турмуштагы ар бир орчундуу, олуттуу иштин башы да, аягы да бата менен коштолот. Бата аркылуу адам Жаратканга кайрылып, андан колдоо күтөт, арбактарга тилегин багыштайт, адамдарга жана өзүнө жакшылык тилейт…

Бата – адамдын Акыйкат менен болгон жекече алака-катышы, астейдил баарлашуу-байланышы десе болот.

Аттиң, бирок, турмушта бардыгы эле адам ойлогондой боло бербейт. Адам көп нерсеге көз жумуп койсо да, кээде бирөөгө өч-кеги, доо-кусаматы кала берет. Аны туюнткан сөздү элибиз каргыш дейт. Демек, бата дагы, каргыш дагы тилек. Бирок, бата – жакшы, оң, ал эми каргыш – жаман, терс тилек. Арийне, каргышты жандыруунун бир гана аргасы бар. Ал – кечирим суроо жана кечирүү.

Элибизде бата тилөөнүн да, бата берүүнүн да өзүнчө салты, адеби бар. Бата тилегенде «Оомийин!» («Аминь! – Болсун!») деген сөздү угуза айтуу менен алаканыбызды ачылган китеп сыяктуу бет алдыбызга жайып, берилген батага кулак төшөйбүз. Бата берилген соң, «Ушул окулган Курандын сообу…, берилген батабыз кабыл болсун!» – деп, изги ой-тилектерибизди ичибизден коштой, алаканыбызды жүзүбүзгө тартабыз. Бата тилеген келин-кесектер, оболу, жүгүнүп, уул-жигиттер ордунан туруп, улууларга баш ийип, таазим этишкен. Терс тилекти билдирүүдө алакандын сыртына тескери бата берилген.

Адатта, жакшылык-жамандыкта «Куру аякка бата жүрбөйт» деп, бата берүү даам сызуу, насип татуу жөрөлгөсү менен коштолгон. Мындан айткан сөздү насип, ар кандай азык, суу өзүнө сиңирип, ошол аркылуу айтылган каалоо-тилектин маани-маңызы, кудурет-күчү адамга жетет деген ишенимдин изи баамдалат.

Жашоодогу көп дөөлөттүн ичинен адам үчүн эң кымбаты – өмүр, тирүүлүк деп эсептеген элибиз урпактарга «Өмүрлүү бол», «Кем болбо», «Тилегиңе жет» дегендей келечектүү каалоо-тилектерди айткан. Ал эми бирөөдөн өтө көңүлү калып, көөнү сууган адам «Тукумуң соол» деген каргышты багыштаган. Ошондон улам «Баланчанын батасын алган», «Кешигин ичкен» дегендей сыймыктуу сөздөр менен бирге эле «Түкүнчөнүн каргышы тийген», «Каргышына калган» деген өкүттүү сөздөр айтылат.

Адатта, батаны сыйлуу, кары, бата берүүгө кадыры да, касиети да татыктуу адам берүүсү туура. Экинчиден, батаны ошол жагдайга, иш-чаранын маңыз-мазмунуна ылайык берүү зарыл. Ошондой эле бата бергенде элдин эзелтен келе жаткан каалоо-тилектерин камтуу анын маанисин байытып, таасирин арттырары анык.

Бала оозантканда:

Бисмиллахир-рахманир-рахиим.
Оозуңа май салып турган Умайым
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын.
Жети куйрук ашагын,
Жетимиш аша жашагын.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыңдан маңдайлуу бол.

Баланы бешикке салганда:

Алдей-алдей, ак бала,
Ак бешикке жат, бала.
Бешигиң кептүү болсун,
Ата-энең эптүү болсун.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Билектүүдөн күчтүү бол,
Баатыр болсоң, жөлөк бол,
Баарыбызга өбөк бол.

Карыянын балага батасы:

Өмүрүң бек болсун,
Акылың көп болсун.
Төгөрөгүң төп болсун,
Сөздөрүң эп болсун.
Душманың жетпесин,
Дөөлөтүң кетпесин.

Жаңы үйлөнгөндөргө бата:

Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Суктанарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө.
Башыңарды таштан кылсын,
Урматтуу жаштан кылсын.
Бошоң эмес, тың болгула.
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары!

Дасторконго бата:

Телегейиң тегиз болсун,
Өрүшүң сегиз болсун.
Тубар малың эгиз болсун,
Сойгон коюң семиз болсун.
Айдан-жылдан аман чыккын,
Дасторкон менен пейлиңден
Шыбага, ырыс тапкын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Бардык туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Куру сайыңардан суу аксын,
Кылган ишиңер элге жаксын!

Сапарга бата:

Саламат барып, сак кел,
Сагындырбай бат кел.
Эсен барып, соо кел,
Эзелкиден оор кел.
Алдың ачылсын,
Жолуңа була чачылсын.
Жолуңда өнгөн тал көргүн,
Жоболоңсуз жан көргүн.
Жолуң шыдыр болсун,
Жолдошуң Кызыр болсун!

Жаңырган айга бата:

Ай көрдүм, аман көрдүм.
Жесирге – жемиш,
Жетимге – жеңиш,
Жөөгө – улоо,
Жалкоого – мээнет,
Жалгызга – эрмек,
Иштерманга – кут,
Сараңга – жут,
Ушакчыга – уу,
Ак ниетке – туу бер.
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Келерки ушу күнгө чейин
Өсүп-өнүп тололу.

Каргыш – катуу, ачуу, суук сөз. Тегинден бул сөздүн дагы бир мааниси эт менен сөөктү бириктирген тарамышты билдирбесе керек. Түшүнүктүн төркүнү табияты татаал, катуу, оңой менен «жибибеген» нерсени туюнтат. Каргыш адамдын көкүрөгү кайра жангыс болуп «катып», жедеп айла-амалы түгөнүп, кусаматы көкүрөккө батпай калганда айтылат. «Каргыштын каары катуу» делет. Элде мындай кеп бар, үч каргыш жаза кетпейт:

“Ата-эненин каргышы,

Мусаапырдын каргышы,

Жаны ачыган адамдын каргышы».

Калк ичинде: «Ак сүтүм урсун», «Ак эмгегим урсун», «Наным урсун», «Тузум урсун», «Ант урсун», «Кудай урсун», «Теңир урсун», «Арбак урсун» дегендей сүрү күчтүү сөздөр айтылат. «Манаста» убададан тайып, антты аткарбаганды:

«Төшү түктүү жер урсун!»
Төбөсү ачык көк урсун!
Аккелтенин чогу урсун!
Акбараңдын огу урсун!» – деп айтылат.

«Курманбек» драмасында жүрөгү муз, боору таш Тейитбек жалгыз баласынан күлүк атын аяп, каары, заары бетине чыгып, тескери бата берет:

«Эшектен туулуп,
Итке телинген балам!
Унутпай жүргүн,
Сен деген батамды эсиңе салам:
Оомийин…
Башыңдан балекет кетпесин.
Сокуңду минип,
Сок билегиңди камчыланып,
Туурдугуңду салынып,
Туткучуңду темингин.
Ичериңе тамак таппай,
Куураган сөөктү кемиргин.
Аллоху Акбар!»

Жакшы бата алуу – ар бир жаштын тилеги. Ал адамдын көңүлүн көтөрүп, акылын өстүрүп, келечекке болгон үмүт-тилегин жандырып, жасаган ишин туура баалоого өбөлгө түзөт. Бирок, бүгүн кээде:

«Манас ата, кел мага,
Бакай ата, кел мага,
Ак батаңды бер мага!» дегендей орой-одоно айтылган ыр саптары да кездешет. Ошондой эле заманга жараша «Тезирээк байы», «Байып кет» деген баталар да берилип жүрөт. «Байып кетүү» элибизде бар нерседен ажыроону да билдирет. Уй байыйт, жер байыйт. Мындай кош маанилүү, ачакей ойду билдирген сөздөр менен бата берүү опурталдуу. Ошондуктан, бата бергенде утурумдук, өтөр-кетер, кол менен жасап алчу нерселерди эмес, салтты сактап, Жараткандын ырайымын, ата-бабалардын арбагын эске алып, келечектүү, нарктуу, терең маанилүү каалоо-тилекти билдирүү зарыл. Ошондой эле мекенге кызмат өтөөдө, жогорку кызматка киришүүдө берилип жүргөн ант «эгер аны бузсам… ушул урсун!» деп каргыш менен коштолсо, балким, адамдардын адептик сезими бир аз сестенер, ойгонор беле…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.