<<<<<<< Башы

Баатыр менен күлүктүн аңызы алыстан угулат. Өзгөчө өнөрпоздордун кулагы сак болот.

♦ ♦ ♦

Киши канчалык көп жер көрсө, эл араласа ошончолук камы бышып,  кемтиги толуп,  калпысы түздөлүп,  ой-санаасы кеңийт.

♦ ♦ ♦

Эл казынасы чети оюлбас кен, учу-кыйры түгөнгүс кең.

♦ ♦ ♦

…азына,  көбүнө,
агын суу,  кие чөбүнө,
кыбыраган жандууга,
алсызына,  алдууна,
жаркын жүзү кирдебей,
жашоо берип жамыга,
кең караган Күн экен…
алакчылап иргебей,
жардың,  байың ким дебей,
тең караган Күн экен…

♦ ♦ ♦

Ышкы адамдын эркинен тыш бир мерте бактысына конгон куш.

♦ ♦ ♦

Арман – узун сүзөөк ооруудан жаман.  Күнүгө зилдеп,  өмүр-бакы жүрөктү эзет.

♦ ♦ ♦

Сунулган моюнду суурулган кылыч кеспейт.

♦ ♦ ♦

Кол тоңдурган  суукта колтугуңду жылытпаса,  жакасы кундуз болсо да тон дебейбиз,  кара жанга күн түшкөн чакта ара жолдо майышып турса, жалы кучак болсо да ат дебейбиз,  буту айры жумуру баш болгон менен саламга алик албаса, сөзгө кулак салбаса, андайдын малдан айырмасы канча,  киши дебейбиз.

♦ ♦ ♦

Шору бар элге, шойкондуу чоң болот.

♦ ♦ ♦

Көпкөн кара текенин кыялы кыялына  бап келет.

♦ ♦ ♦

Көз тойсо көңүл тоёт,  көңүл тойсо карын тоёт.

♦ ♦ ♦

Жакшы ой, күлкү-өмүр.

♦ ♦ ♦

Кишини башына түшкөн жамандык эсейтет.

♦ ♦ ♦

Жети эмес,  жетимиш атадан калган элчилик,  адамгерчилик дегендин миң түрлөнтө күндө үч убак кайта-кайта сайрап отурса да,  «мына акыйкат» деп көрсөтүп,  жалбарып ыйлап отурса да мизбакпаган,  тескөөсү,  коркору,  ийменери жок, кааласа караны «ак» , акты «кара» дедирген,  жалгыз өмүрүңдү бөөдө кар кылган карөзгөй «бийлик» деген бар турбайбы?!

♦ ♦ ♦

Не кыңкылдап күйгөндөн,  не мыңкылдап чала жамактан башы чыкпай,  кара оокат үчүн атты,  итти, ниети пас бирөөнү караманча жаңкылдап мактап жүрө бергенде ырчылык нарк, касиет болмокпу?! Ырчы болсоң,  нуска, маани чуба,  жол-жобо көрсөт!

♦ ♦ ♦

«Карысы нысаптуу,  жашы уяттуу биздин эл, жакасы жайык,  төбөсү жайлоо улуу тоо, кеңирсиген  биздин жер».

♦ ♦ ♦

Акыйкат – эч убакта жаныңда турбаган,  кысталган чакта сыйпаласаң колуңа кире бербеген кир кайып,  бирак бирөөгө болбосо бирөөгө кабылып,  бир заманда болбосо бир заманда табылып,  кудайдын гана каалоосу сыяктуу – ошен этсе да адам жолуна шам, дүйнөгө өзөк болуп келе жатканы анык…

♦ ♦ ♦

Акыйкатты күтүп алыш – акыйкат.   А акыйкатсыз өкүмдүн өмүрү кыска болот.

♦ ♦ ♦

Ыр, күү – акыл өнөрү.

♦ ♦ ♦

Курманжан Датка Токтогул ырчыга айтканы:

Кара кылды как жарган адилет сөз айтуу өтө кыйын.  Күчү барга, мансабы барга, аларды жандай чапкан көр оокаттын көйүндөгү кошоматчыга жакпайт – былыгына тиет.  Ошону үчүн душманы көп, ошон үчүн адилеттин жолу катаал…

♦ ♦ ♦

Эми кайыл бол, катуу багыт жолуңда жакшылык көрсөң көппө,  жамандык көрсөң ноюба…

♦ ♦ ♦

“Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч!» деген го баарыбыздын илгерки эр көкүрөк бабабыз?!

♦ ♦ ♦

Койчусуз кой болбойт.

♦ ♦ ♦

Элинен,  бийлигинен ажыраган качкынды ким ээрчийт?

♦ ♦ ♦

Бала түшкүр эне үчүн дайыма бала,  эси болобу,  бою болбойбу,  ичтен чыккан ийри жылан эт-жүрөктөн жаралып,  дайыма түзү ысык болот турбайбы?!

♦ ♦ ♦

Бала үчүн эне жүрөгү көөнөрбөйт.

♦ ♦ ♦

Тар дүйнөнүн талашы көп, жеткенинен жетпей өксүгөн касырет арманы, наалышы көп.

♦ ♦ ♦

Бир түркүн адамзаада бар – көрө  албас – теңирим  анын колунан келерин чактоо кылып,  а каалоосун,  алкын өтө чоң кылып куураткан.  Кара жанын карыштап,  колунан келбес, алы жетпес ишке жулунат,  эптей албай жыгылат.  А бирөөнүн колунан иш келсе,  айткан сөзү эп келсе, кудай куураткан ага алайып көз артат,  атаандашат – өтпөйт,  анан алдастап жамандык издейт,  ошол бирөө анын шыбагасын,  энчин бөөдө алып койгонсуп…

♦ ♦ ♦

Көрө албастын көзүнө өзүнөн-өзү гөр топурак тыгылат,  байкамаксан бол, ал ит болуп каба албайт,  бай тууган болуп бага албайт…

♦ ♦ ♦

Бир түркүн адамзаада бар — келкелиң менен кошо келет – кабагын жаркылдатып,  коюңду союп, казаныңды асып,  көңүлүңдү жамдап багыңа,  табагыңа кошулат,  а кеткетиң байкалып,  башыңа кара булут айлана баштаган чакта аны таламандын тал түшүндө сыйпаласаң таппайсың — бир убакта те башка  «күн тийген» жакта башка бирөөнүн күйүп турган отуна алаканын кактап, аны баягы сени мактаган сөз менен  мактап,  сени ушактап,  анын жылуу күнүнө суу канатын жайып курганып,  жан багып олтурганын көзүң чалат. Ушундай киши кейпин кийген кузгундар бар.

♦ ♦ ♦

Бир түркүн адамзаада бар — бейбапа дүнүйө издейт,  калпыс да болсо мейли,  жортуулчу сымал жан тынымын көрбөй күн ката  даңк кууйт,  өңкөй суукту жолдош кылат,  бирок ал топуксуз сукка кешик арттырбай тымызын чабат,  жалгыз алат.  Эки жагын каранбайт – жол жолдошу  сууга агып,  өзү калат. Бу жолукса аттын башын бура тарт…

♦ ♦ ♦

Дагы бир түркүн адамзаада бар – топуктуу,  колдо баарына ыраазы,  адамчылыгына шүгүр,  уйкусу тынч.  Топугу жугат – бу тар дүйнө кең болот.

♦ ♦ ♦

Дагы бир түркүн адам кездешет – өзү келип ыкташпайт,  өзү жагынып сырдашпайт,  жакшы болсоң, ишиң илгерилесе ал өзүнчө тен берип ыраазы, сырт жүрөт.  Качан бир башыңа мүшкүл түшкөн чакта түз келип көңүл сурап,  көмөгүн аябайт,  акылашпайт.

Сырттан дейт мындайды,  достошсоң да, касташсаң да сырттан менен болмок абзел – кадырыңды билет,  бөөдө арам өлтүрбөйт…

♦ ♦ ♦

Бала күнүндө оюн тартибин сактабаган кийин эрезеге жеткенде адилеттик дегенди сезбей, ал үчүн аттап өтпөй турган бир дагы кыйын босого жоктой болуп,  ээнбаш, бейбаш  өсүп калат.  А кычымдык карөзгөй кылат.

♦ ♦ ♦

Ата-эненин акылы балага акыл боло койбойт,  бала теңир буйруган акыл чөйчөгүнө  жараша батышынча алат,  ар сөздөн өз алдынча маани табат, а акыл чөйчөгү ичтүү болсо бир эмес,  жети атасынан калган ой-санааны батырып,  наркысын өзү улайт,  жалгайт…

♦ ♦ ♦

Жаман айгыр өз үйүрүнө тап.

♦ ♦ ♦

Элине карамдуу, кара кылды как жарган калыс, кечиримчил,  пейили кең журт атасын «тай качырбас боз айгыр» дешкен элибиз.

Уландысы>>>>>>>

Топтоштурган Мээрим САЙДИЛКАНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.