АҢГЕМЕ

Кеч күз. Жекшемби күн. Борбордук базарда эл кыжы-кыйма. Агылган элдин агымы менен Урмат да келе жатты, бирок базарга кирбестен кире бериштеги кулактандыруулар илине турган тактайчага бурулду. Тактайчаны карап телмирген бир нече кишинин катарына кошулуп ал да алакандай барактарга жазылып чапталган кулактандырууларды көз ирмебей окуп жатты. «Баланча үй сатылат, баланча бөлмө үйдү алмашам. Үйүмдүн жарымын сатам… сатылат» кагаздагы сөздөр улам азайган сайын Урматтын кабагы бүркөлө берди. Тактайчанын эң ылдый жагына жарым-жартылай чапталган, кол менен кыргызча жазылган кулактандырууну бир нече ирет кайталап окуду, «Квартира эки кызга берилет. Өзүнчө, бардык шарты бар бөлмө. Каалоочулар ишемби, жекшемби күнү төмөнкү адрес боюнча кайрылышса болот: 8-микр. Үй-83. 7-кабат. 125-квартира».

Чөнтөгүнөн блокнотун алып адрести шыпылдай көчүрүп алды да, микрорайон тарапка багыт алчу автобус токтоочу аялдамага шашылыңкы келди. Оюнда «кандай болбосун бүгүн квартира табыш керек. Эртеңке калсам анда эмки жекшемби күнгө чейин кызматтан бошобойм. Деги канча сураса да берет элем», деп беймаза.

Автобуста бара жатып да ушул ойлордун кучагынан чыга албады. Көрсөтүлгөн аялдамадан түштү да бир топко кай тарапка барарын билбей турду. Микрорайон жакка ал сейрек каттай турган. Эки жагын каранса нан дүкөнүнүн жанында гүл сатып олтурган кемпирден башка жан көзүнө урунбады. Жанына жакын келип:

— Айтыңызчы энеке, 83-үй кайсы тарапта? — деп сурады.

— Бир букети үч сом,— деп жооп берди кемпир башын кылтылдатып.

— Энеке гүл эмес, үй керек,— деди Урмат аргасыз жылмая.

— Жок, арзандатпайм уулум. Өзүң деле көрүп турасың го, кеч күздөгү розалар…— кемпир таарынгандай колун силкти.

Айласы кете түшкөн Урмат тор баштыкка нан көтөрүп дүкөндөн чыга калган өспүрүмгө кайрылды.

— 83-үйбү, азыр,— бала бир саам ойлоно эки жагын карап, анан тоо тарапты көрсөттү,— тээ тетиги чоң үйдөн бурулуңуз, оң жагыңызды карасаңыз алдында аптекасы бар тогуз кабат үй. Ошол 83.

Урмат лифт менен көтөрүлүп жетинчи кабатка чыкты да, 125 дегеп номери бар, кара булгаары менен капталган эшиктин коңгуроосун шашыла басты. Эшикти жашы алтымыштардагы ак чач, болук, орто бойлуу, көз айнекчен аял ачты. Таң калгандай көз айнегинин үстүнөн карады да, жумшак, мээримдүү үн менен:

— Сизге ким керек эле? — деди.

Урмат эмне дээрин билбей аптыгып барып, анан, оңолду.

— Кечиресиз, квартира берилет деген кулактандырууну окуп… Аял Урматтын сөзүн аягына чыгарбады.

— Менимче, кулактандырууда эки кызга деп түшүнүктүү тил менен жазылса керек эле.

— Ооба, ошондой эле жазылыптыр. Мага бардык шарты бар өзүнчө бөлмө керек. Эки кишилик акчаны мен өзүм деле төлөйт элем.

— Кырк сом,— деди аял каталыраак.

— Мейли, мейли мен макулмун,— Урмат шашкалактады.

Аял таң кала карады да.

— Ичкери кириңизчи сүйлөшөлү,— деди.

Жарык, таза үч бөлмөлүү үйдүн мейманканасында олтуруп, аялга байкатпай уурданып бөлмөнүн ичин айланта кароого үлгүрдү. Көзгө урунганы: шыпка чейин тиреле коюлган китеп салынган шкафтын ичи көлөмү чоң, бийик, майда ар түрдүү китептерге, кандайдыр көп түстөгү таштарга толгон. Шкафтын бир көзүндө күлүмсүрөп түшкөн жигиттин сүрөтү… Аял Урматка отургуч берип өзү анын маңдайына, диванга келип отурду.

— Уулум мени кызыктырган нерсе, эмне үчүн чоң суммадагы акча төлөп өзүң жалгыз жашаган жатасың, же бул үйдүн ээлери жөнүндө кабардарсыңбы?

— Жогуңуз. Шаардын сыртында квартирада турчу элем, эми кыш келгенде барып-келиш кыйынга туруп калгандай. Анын үстүнө отун-суу жалгыз бой кишиге кошумча түйшүк экен… Медицина институтунда окутуучумун, клиникада иштейм. Бүгүн кулактандырууну окуп, түз жүрө бердим,— деди ал.

— Ошондой де…— аял ойлоно Урматтын башынан бутуна чейин сыдыра карады да,— анда эмесе кире турган бөлмөңдү көрүп ал. Диван, төшөнчү, стол баары бар, дагы бир нерселер керек болсо тартынбай сура.

Кубанганынан эмне дээрин билбей эки-үч ирет ырахмат айтты да, кечинде чемоданын алып келерин айтып коюп сыртка атып чыкты.

Аялдын аты Салима эле. Урмат Салима эже менен эрте туруп баш ийкешип учурашат, ошол бойдон кечинде гана келгенин билгизип дабыш чыгарганы болбосо, өз бөлмөсүнөн чыкпайт. Эртеси кайра эле ушундай көрүнүш. Бул көрүнүштөр Урмат үчүн кадыресе көрүнүш болсо да Салима көнө албады. Кечкисин Урмат келээр убакта божомолдоп тамак жасап, улам эшик карап күтүп отурду. Отурду да оюна өткөндөр түштү.

— Анда да ушинтип тамагын даярдап коюп күйөө баласы Сагынды күтөр эле. Ал дайыма кызы Нуржамалдан эрте келе турган. Чогуу тамакка отурганда кыз-күйөөсү кызматтагы жаңылыктарын айтып Салиманы кепке байытчу. Бечара Сагын күлкүчү эмес беле, эки санын шак чаап, бүт денеси болкулдай каткырганда өңүнө чыгып, жакшынакай болуп кетчү. Көрсө өмүрүнүн кыскалыгынан, бүткүл бир узун өмүргө жетээрлик күлкүнү күлүп алганбы…

Эшик шарт ачылып, бутунун учу менен басып Урмат келди. Бут кийимин чечкендей болду да, шырп алдырбай өз бөлмөсүнө кирип кетти. Салима бир азга күтүп, анан жатып албасын деген ойдо.

— Урмат,— деп аста чакырды. Эшик ачылып спорттук кийим кийген Урмат чыкты.

— Апа, мени чакыргандай болдуңузбу?

— Ооба, уулум! Келгениңден бери дегеле маңдай-тескей отуруп бир чыны чай иче элекпиз. Ичкери кирип отурчу чай ичели,— деди Салима.

Столдун үстүндөгү жасалга, түрдүү тамак-аш мейман күткөндөй. Электр самоорго чайын алып келип, чыныларга куйду да, чай үстүндө Салима кеп баштады:

— Бир эшиктен кирип-чыккан менен уулум, атыңды анан иштеген жериңди билгеним болбосо кимсиң, кайсы жердин кулунусуң билбейт экем. Же өзүң унчукпайсың. Үйгө сүт-айран алып келип ичесиң, ысыгыраак чай ичкениңди көрө албадым. Кой балам, бул оокат куруп калсын. Бири-бирибизге караан болуп тамакты эне-бала болуп эле ичели, туура көрсөң.

Урмат кызарып-татарып «туура» дегендей башын ийкегени болбосо үн ката албады. Уялтып койдумбу деген ойдо Салима кептин нугун башка жакка бурду.

— Окууну биерден бүттүң беле?

— Жок апа, Киевден бүткөм,— деди Урмат жандана.

— Чоң жерде жүргөн турбайсыңбы, өзүң кай жерденсиң деги,— Салима чайдан ууртап, кептин кызыгына батты.

— Көлдөн болом. Ата-эне мээримин көрбөй өстүк. Кырсык болуп экөө тең каза болгон экен. Эжем бар, азыр Ошто турат үй-бүлөлүү. Ошол эжем экөөбүз Токмоктогу интернатта тарбияландык.

Урмат муңайым тартты. Ысык-Көлдөнмүн деп сурагандарга айтат, бирок көзгө басаар тууганы болсочу, Ысык-Көлдө. Атасын да, энесин да кудай айтпаптыр. Экөө тең көлдүк экен. Анан көлдө төрөлгөн Урматтын көлдүк болбоско кандай акысы бар. Урмат азыр ушуну ойлоду.

— Эч нерсе эмес уулум, кудая шүгүр эжең үй-бүлөлүү болсо, сен минтип илимпоз… ата-энең өлбөптүр… Ойлоп көрчү, турмушта нелер болбойт. Мындан эки жыл мурда бул үйдө майрам боло турган. Менин жалгыз кызым бар, аты Нуржамал, ушул үйдүн ээси. Ленинградга командировкага кеткен, буюрса эмки жумада келип калат.

Ээ балам, өлбөгөн жанга көр оокат керек экен го. Төкөлдөштү билесиң го, биз сайдын алдында турчубуз. Нуржамалым төрөлгөндө атасы согушта эле, ал там-туң басып калганда өпкөсүнөн кагынып аскерден бошоп келди да, жеңишти көрбөй кырк бешинчи жылы жазында каза болду. Жамандык адамды чыйралтарын ошондо бир билдим. Кызымды үйгө калтырып, сыртынан кулпу салып коюп жумушка жөнөйм, жумуштан соң бутум үзүлгөнчө үйгө чуркайм. Мен келгенде кызым терезеде олтурган болот же уктап калат. Ошентип жүрүп чоңойду.

Мектепте окуп жүргөндөбү, университеттеби кызым үчүн уялган күнүм болгон жок. Кайда барсам «Нуржамалым» деп ооз толтуруп сыймыктанып жүрдүм. Аспирантурада экенинде турмушка чыкты… Кайсынысын айтайын; күйөө балам Сагын жигиттин гүлү эле го, чиркин! — Салима үшкүрүнүп алды.

Урматтын ичип жаткан тамагы алкымына кептеле түшкөндөй болду. Болду-болбоду ушул жигит болуш керек деген ойдо шкафтагы сүрөттү жалт карады. Чап жаак, тармал чачтуу, кыр мурун жигит күлүмсүрөп Салима менен Урматты карап турган. Салима кебин улантты.

— Ал жыл жакшы жыл болду. Жайында үйлөнүштү, күзүндө Нуржамал, кышында Сагын жактады диссертациясын. Жазында Талант деген уулдуу болушту. Ошондо дүйнөдө менден бактылуу адам бар болду бекен деп ойлодум. Анын үстүнө пенсияга чыкканыма бир жылча убакыт болгон, неберелүү болуп эле түйшүгүм көбөйүп калды. Иш жасабай отурган күн курусун…

Арадан жыл айланган соң кооперативден ушул үч бөлмөлүү үйдү алышты. Мен эки ортодо. Абышкадан калган үйдү ээнсиретчү эмесмин, бир аз чарбак да бар эле. Кийинчерээк Сагын жүрөгүм деп көп жатып калчу болду. Мурда бир аз байкап, «балам бир жаның аман болсо, бардыгы болот, дарылансаңчы» десем «баш-аякты жыйып алып, өзүмө чоң ремонт жасайм» деп күлүп койгон. Нуржамал аны урушуп да, жалынып да көрдү, бирок Сагын врачка барууну эртеңден-эртеңке калтыра берди. Так ушул убак. Ал жылы күн жаанчыл болду. Экспедицияга жетекчилик кылып Сагын геологдору менен Суусамырга кеткен. Бир айга жетпей кайра келди, кар оор түшүп койду, иштерибиз да чала бүттү деп кабагы бүркөө. Түнү бою бекинип иштейт. Азыр сен турган бөлмө Сагындын кабинети эле. Сагын келээри менен Нуржамал Ташкентке, мен Талантты алып өз үйүмө кеттим. Үйүмө келгендин эртеси жамгыр аралаш кар жаап, шаарга муздак туман түштү. Балага суук тийбесин деген ой менен ал күнү үйдөн чыкканым жок. Эртеси санаам чыдабай кызымкына бардым. Барсам курган Сагын ооруп төшөктө жатыптыр. Ысык чай ичсе эс алар деген ойдо варенье салып чай бердим, жарытып ичпеди. Өң-түстөн эчтеке жок. Чочуп врач чакырттым, «тез жардам» келди да өзүлөрү менен кошо Сагынды алып кетишти.

Жандын чыгышы кыйын экен го, курган бала көздөрүн ботонун көзүндөй жайнатып жан далбас урду. Бир нерсе дегенге алы келбей көгөрүп-татарып кетет. Нуржамалды чакыртайын десем болбой койгон, эки күндөн кийин «чакырткыла» деди. Бирок өзү күтө алган жок, уулунун саамайынан жыттады да, кете берди.

Шаарыбыз бузулуп, кызым экөөбүз тиктешип отуруп калдык. Атасынын үйүн таштап, кызымдын үстүнө кирдим. Жалгыз калса жинди болуп кеткидей…— Салима ордунан туруп небак сууп калган самоорду кайра токко сайды. Жанатан бери Салимадан көз албаган Урмат:

— А уулу азыр кайда? — деп сурады оозу бош.

— Талантпы? — Салима чынылардын ичин чайкап кебин улады,— Сагындын энеси Нуржамалдын бутуна жыгылып боздоп жатып алып кетти. Сагын жокто Сагын деп тутайын, сенин да балаң, менин да балам болсун дейт шору каткырым. Кыркынчы жылы төрөлгөн балдардын көбү атасы жок, энелүү эрке жетим болушпадыбы. Сагындын атасы согуштан кайтпай калган экен. Жетимдер жетилип бутунан тураарда кырсык мүдүрүлтүп койбодубу.

Ээ, Урмат! Жыргаганыбыздан көчөгө кулактандыруу илип квартирант издеп, түнөгөнүң үчүн сенден кырк сом алып жатыптырбызбы? Өлүктү тирүү кезиндей сыйлай албасак да, арбагы ыраазы болсун деп эстелигин тургузганбыз. Көп суммадагы акча керек болду. Жаңыдан бутуна туруп келе жаткан бизде анчалык акча кайдан болсун. Карызга алып эстеликти жасаган кишини ыраазы кылдык. Эми карызды кайрып бериш керек болуп жатат.

Сен уулум, менден көп алат деп нааразы болбо, шарт ушундай болуп калды. Бир кезде биздин бөксө да толоор, ошондо бала-чакаң менен бул үйдү өз үйүңдөй көрүп келип-кетип тураарсың…— Урматтын оюна бир нерсе түштү.

Эртеси кызматтан эрте чыкты да сактык кассага барып керек болуп калар деп салган акчасынан эки миң сом алды. Эмне деп берем, Салима эжени оңтойсуз абалга калтырбас бекем деп да ойлонду. Кечинде чайга олтурганда акчаны столдун үстүнө койду да:

— Эже, бул акчалар мага азыр кереги жок. Сиздерге керек болгон соң карыздарыңыздарга бериңиз,— деп пачка-пачка акчаны Салимага жылдырды.

— Ой балам! Бул эмнең, мен сенден акча сурап түндөгүлөрдү айтып берген жок элем го,— Салима катуу чочуп бозорду.

— Жо-жок, эже, сиз мени туура түшүнүңүз,— деди Урмат жылмаюуга аракет кылып.

— Жок балам, ала албайм. Кызым да нааразы болот. Баары бир карыз да, аты өзгөрмөк беле кокус сага шашылыш керек болуп калса өзүң да, биз да кыйналабыз,— деди Салима жуутпай.

— Быйыл үй берерине көзүм жетпейт, эмдиги жылы сөзсүз болуш керек. Эки жылдык квартира акыны алдын-ала төлөгөнүм болсун. Калганы болсо сизге, кызыңызга да эмес, небереңиз Талантка карызга бердим. Кийин чоңоюп акча тапканда кайрып берет. Мен да атасыз өскөм. Карыздын эмне экенин да жакшы билем. Бул акчалар маңдай терим менен тапкан эмгегим,— мукактана сөзүн бүтүрдү да акчаны столдун үстүнөн алып Салиманын халатынын чөнтөгүнө салып коюп өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Салима айткандай бир жумадан кийин кызы Нуржамал Ленинграддан келди. Бул күн операция күн болгондуктан Урмат клиникадан өтө кеч кайтты. Энесинен Урмат жөнүндө угуп, акчаны алгандыгы үчүн канчалык нааразы болсо да, бул кайрымдуу киши кандай неме болду экен деп кызыга Нуржамал анын келишин чыдамсыздык менен күттү.

Босогону аттаар менен бөлмөлөргө кандайдыр бир жаңылык киргенин Урмат сезип калды. Билинер-билинбес аялдардын атырынын жыты келди. Бутун чечимиш болуп бир аз буйдала түшүп, алып келген нан менен сүттү ашканага кантип коёрун билбей жатты. Аңгыча болбой ашканадан арык чырай, чачын эркектердикиндей кыска алдырып, сол жакка бөлүп койгон, бойлуу, ак саргыл аял чыга калды. Экөө бир саамга тиктеше түшүштү.

— Саламатсызбы?!— деди Урмат.

— Саламатчылык,— Нуржамал суз жооп берди.

Өз бөлмөсүнө кирип, чечинбей диванга кулаган Урмат калтаарып, басынып турду. Бир айдан бери Салима экөө жашаганда бул үй көзүнө кең көрүнө турган. Ээн-эркин басып турганга көнүп келе жатты эле, эми эмне болот? «Ээ, эмне болсо ошол болсунчу, үйүмдүн жоктугу үчүн арданайынбы. Бала-чакасы менен деле квартирада жүрүшпөйбү. Кудая шүгүр дагы. Андан көрө уктап калайынчы» адатынча ичинен санай баштады…

Көптөн бери бул үйдө эркек болбогондуктан Нуржамал Урматты өгөйлөөрүн же көңүл кош кабыл алаарын билбеди. Ушундай жашоо болору үч уктаса түшүнө кирди беле! Бул да менин түгөйүм окшобойбу, болбосо ушул жашка келгенче бирөөнүн эшигин кагып жалгыз башына квартира издебейт эле го. Көкөйгө тийген сары-санаа көңүлүн чырмаган менен колу кыймылдап кечки тамактын камын көрүп жатты. Бир курсак тойгудай, эмне кылсаң да, бирок кимдир-бирөө үчүн арнап аракеттене тамак жасап, жасаган тамагың жегиликтүү болуп ал адамга жакса аял үчүн зор сыймык эмеспи.

Тамак жасап жатып ал улам Урматтын бөлмөсү тарапты карап коёт. Эмнегедир тиги иш бөлмөдө Урмат эмес Сагын олтургандай болуп кетти. Ошентсе кана! Кечинде сейилдеп жүргөн аял-эркектерди көргөндө, назга тойбой кыз-жигит алдынан чыга калганда, мейманга эки-экиден болуп келген курбуларын көргөндө заманасы куурулат дейсиң, Нуржамалдын ичи ошондо бир өрттөнчү. Аттиң, жок дегенде эркектин жытын, эркектин демин билбей калганда мынчалык кыйналбайт беле…

Канча уктаганы белгисиз, ойгонсо, аябай тердеп калыптыр. Терди жаман көргөн жаны, жуунуп алууну чечти. Ваннага кирип баратканда тамактын жыты келди. Урматтын көңүлү чөгө түштү. Мындан нары кандай турмуш болот? Сууга чайканып жатып «кызы деги келди. Эми кемпирден бөлүнүп өзүмчө эле тамактанайын» деген чечимге токтоду. Чачын кургатып, үстү-башын оңдогон соң ашканага кирсе Нуржамал камыр жайып жаткан экен. Аны көрмөксөн болуп далысын сала муздаткычтан айран, нан салгычтан бир нече кесим нан алды да бөлмөсүнө кирип кетти.

Аркасынан узата караган Нуржамал. «Кызык, айран менен нан жеп алып жатайын дегенби? Апама айтсамбы же өзүм эле…» ойлонуп калды. Урмат нанды жаңыдан бурдуга сугуна, айранга колун сунганда эшик тырс-тырс чертилди.

«…Салима эжеби, ал эшик какчу эмес эле го. Нуржамал…» деди ичинде.

Нанын чала-була жутуп, эшикти ачты. Колуна сүлгүсүн кармай Нуржамал туруптур.

— Тамак даяр болуп калды. Биз менен отуруп тамак ичиңиз,— деп кайрылды да Урмат тараптан жооп боло электе шарт бурулуп төркү үйгө кирип кетти.

Тамак үстүндө үчөөнүн сөздөрү уланбады. Чөп башылап жеп жаткан Урматка бир маалда акырын байкатпай Нуржамал көз кырын салды. Бети болпоюңку, жайык каш, мурду коңкогоюбураак, эрди калың, бет териси жылма келип, бырышы жок. Маңдайынан караганда өзүнөн жок дегенде үч-төрт жаш кичүүдөй. Опкоолжуй түштү. Урмат Нуржамалды дит багып карай албаса да, кыйгачыраак турган чоң күзгүдөн анын жүзүн даана көрдү. Чачы кыска алынган, чачынанбы же өзү эле ушундайбы, Нуржамал ага жылмаюуну билбегендей, дайыма мисирейип жүрчүдөй ой таштады.

Жегиликтүү тамак болсо да үчөөнүн эч кимиси жарытып жеген жок. Ушул учурда тынчтыкты бузуп Салима үн катты:

— Уулум дарылоочу врачсыңбы, же хирургсуңбу? Үйдө врач балам бар десем, биздин алдыбызда өзүм теңдүү курдашым бар эле, ар кайсы жерим эле ооруйт, сага көрүнсөмбү дейт.

— Дарылайм, операция да жасайм. Курдашыңыз клиникага келсин. Москва көчөсү менен жүрүп отуруп… — Урмат республикага белгилүү адистешкен клиниканы атаганда, Нуржамал анын кай жерде иштээрин билип алды. Бирок экөөнүн сүйлөшкөнүн тыңшаганы болбосо бул кечте кепке кошулбады.

Эртеси эртең менен түндөгү калган туураган этти жылытып Нуржамал өз тарелкасына азыраак, ал эми экинчисине көбүрөөк салганын Урмат ууру көзү менен байкап койду. Көңүлдөнүп тамакты ичти да, анан, ырахмат айтып, тарелкасын жууп шкафка этияттык менен коюп, ашканадан чыгып кетти. Урматтын бул кылыгына чынында Нуржамал катуу таң калды.

Арадан күндөр өтүп, күз кышка алмашты. Биздин квартирант да, квартира ээлери да бири-бирине көнүшкөн сыяктуу. Үйдө көпчүлүк убакта жымжырттык өкүм сүргөнү менен илимдин кандидаты кечкисин жазуу столунда, экөөнө тамак жасап Салима эже ашканада. Жашоо билинбеген менен кызуу жүрүп жатты.

Иштен келе жатып Нуржамал почта жашигин караса Урматка кат бар экен. Адрести жазган колго, анын сулуулугуна караганда кыздан болуш керек. Катты карап туруп бир жапайы сезим көз ирмемде денесин аралап Нуржамалды коркутту. Үйгө келип катты Урматтын столунун үстүнө койду. Апасына тамак жасатпай өзү жасады, тамак бышкыча кир жууду, үйдүн чаңдарын сүрүп чыкты. Бирок, жумушка алаксыбай эси-көөнүнүн баары катта болду. Кимден болду экен, алыста адамы барбы? Катты окугандан кийин Урматтын жүзүндө өзгөрүү болор-болбостугун байкамак болду.

Тамак ичип жатканда Нуржамал Урматты уурданып карай берди, эч өзгөрүү жоктой. Күндөгүсүндөй эле Салима сөз баштамайынча тымпыйып отура бермей. Кээде Урмат жөнүндө Нуржамал бу кандай тымпыйгандан жарылып кетпеген деп ойлочу. А кээде болсо анын бул мүнөзүн жактыра турган. Телевизорду үзбөй көрчү. «Мезгил» информациялык билдирүүнү көргөн соң, Урмат өз бөлмөсүнө кетип эртелеп жатып алды. Бирок, уктамак кайда-а! Эжесинен келген кат аны ойго салды. Жаңы жылды чогуу тосолу, Ошко келип кет. Сени бирөө менен тааныштырам дептир. «Бирөөсү» белгилүү да, баягыдай эле ага кыз таап «үйлөн…үйлөн…» деп кыйнайт эмеспи.

Декабрь айынын кычыраган кечтеринин бири. Урмат жумуштан чыгып шаардын борборунда жашаган жолдошунукуна барды. Чай ичип, ээн-эркин чер жазыша сүйлөшүп дегендей ал жактан кеч чыкты. Ал жашаган микрорайонго бул жерден жетиш үчүн автобустан троллейбуска олтуруш керек эле. Автобустан түшүп, троллейбусту күтүп турду. Аялдамада киши саналуу, бул суукта шаардыктар ширенкенин кутусундай болгон үйлөрүнөн көп чыгышпайт эмеспи. Ылдый жакты карап турган Урмат аялдаманы көздөй келе жаткан Нуржамалды көрдү. Эртең менен үйдөн чогуу чыгышса да Урмат сезденип кетти, ушу күнгө чейин экөө үйдөн башка жерден бет келише элек эле. Нуржамал өзүнө жакын келгенде салам айтты, күлүп жибере турган учур болсо да ал жылмайып баш ийкеди. Нуржамалдын жылмайганын көргөн Урмат оңтойсуздана күлүп жиберди. Ал ушул учурга чейин анын күлмөк түгүл жылмайганын көргөн эмес. Кабагын болор-болбос чытып коюп, суз жүрө бере турган. Мүнөзү эле ошондойбу же күйөөсү өлгөндөн кийин бул мүнөздү күтүп калганбы, Урмат түшүнө берчү эмес.

Жылмаюу Нуржамалга жарашаарын Урмат сезбей койгон жок. Секундага жетпеген бул жылмаюу анын денесин жылытты.

— Сиз кайдан? — Үнү камкор адамдыкындай чыкты.

— Телеграфтан. Таланттын авалын билейин дедим эле,— Нуржамал жүзүндөгү жылмаюусун жоготпой жооп берди.

— «Таланттын» дегенде Урмат оозун жыйды. «Уулумдун абалын дебейби» деп ойлоду.

Аңгыча троллейбус келди. Өздөрү түшчү аялдамага келгенче үн катышкан жок. Үйдү көздөй жанаша бара жатышты. Күндүзү балдар тротуарда муз тээп жылгаяк кылып салышкандыктан, абайлап баспаса экөөнүн бирөөсү уят болушу ажеп эмес. Ушул ой менен Урмат Нуржамалдын бийик такалуу өтүгүн карап койду. Эгер тайгалана турган болсо… Оюн жыйгызбай аны Нуржамал колтуктап алды да:

— Жыгылсам да, сизди ала жыгылайын,— деди. Бул сөзүнөн улам өтүгүнө Урматтын көз чаптырганын байкап калганын билүүгө болот эле. Эмне дээрин билбей жылмайып Нуржамалга карады. Эгер бул жылмаюусу өзүнө эмне алып келээрин билсе… Муздун үстүнө күрс эткенин гана билет. Шок балдар тротуарга туурасынан зым койгон экен. Колундагы портфели менен тумагы тээ ары ыргып кетиптир, аларды жыйып да, күлүп да жатты Нуржамал. Уялганынан шак тура калган Урмат бутунун ооруганына чыдабай кайра отура калды. Нуржамалдын күлкүсү тып басылып, Урматтын жанына жетти.

— Урмат! Эмне болду? — үнү аянычтуу чыкты.

Жооп берейин дегиче болбой кардын үстүнө кан таамп кетти. Нуржамалдын жардамы менен бутуна туруп эрдин аачыды. Эрди жарылып кеткен окшойт.

Атырдын жыты урган кол жоолугу менен Нуржамал эрдин сүрүп жатканда көз ирмемге башы айлана түштү. Теңселген Урматты ал кучактай калды. Ушул убакка чейин аял заты менен мынчалык жакын турбаган, денесине колу тийбеген неме эсеңгирей түштү. Кудай-ай! Бул эмне деген ыракаттуу күч?

— Катуу ооруп атабы? — деди ал.

— Жок, — деди Урмат.

Ошентсе деле ал санаасы тынчыбай улам-улам Урматты карай берди. Үйгө келгенден кийин өз бөлмөсүндө күзгүдөн эрдин карап жаткан Урматтын үстүнө эшик какпай кирип келип:

— Ырбап кете элегинде компресс жасап коёлу,— деди колундагы кебез менен суюктугу бар кичинекей бөтөлкөнү көрсөтө. Тил алчаак балдардай Урмат диванга отурду. Нуржамал анын эрдин, чекесинин сүрүлүп кеткен жерин кебез менен сүрүп жатып өзүнө тигилген Урматтын карегинен өзүн көрүп жатты. Ал эми ушул эки көздө чарчоо, кубануу, кандайдыр бир түпкүрдөгү сагыныч бар эле…

Урмат Нуржамалдан бир кербездикти байкай турган. Ошондуктанбы бул аял кол жетпестей сезилчү. Бир босогодо канча жашап, жылмайганын бүгүн көрдү. А мүмкүн өзү жөнүндө жаман ойлойт деп бир калыпта жүрөөр. Нуржамалды элестетти да, өзүнө катарлаш койду. Сумсайынкы, көзүнүн алдындагы билинер-билинбес майда бырыш аны катаал көрсөткөн. Эрдин дайыма мала кызыл кылып боёп жүрөт, а баса чабалекейдин канатындай кылып терип койгон кашычы… Фу, шайтан алгырдыкы! Аялдар жөнүндө ойлоно баштабадымбы? Иш көп… илим үчүн ар ким курмандыкка бара бербейт дешет. Мен өзүмдү илимге арнайм, адистештирилген жаңы илимий изилдөө институту ачылса, ошол жакка өтүп алсам…

Баары бир Нуржамал жөнүндө ойлобой коё албай, андан урган жыпар жыт алда-кайдан жыттанып, таң аткыча эңги-деңги кылды.

Жаңы жылдын алдында шаар бир көркүнө чыгып алат эмеспи. Балатыга, белек-бечкекке кезек күтүп, удургуйт шаар калкы. Жээндерине белек алып Урмат «Балдар дүйнөсү» дүкөнүнөн көңүлдүү чыкты, буюрса кечки рейс менен Ошко кетет. Ары ойлонуп, бери ойлонуп баары бир эжесине барып келүүнү чечти. Мындан кийин убакыт да тар болчудай. Анын үстүнө кечээ Салима эже Таласта жашаган инисиникине мейманчылап кетти. Ал кишинин кам-чөм көрүп чуркаганын, көтөрүнгөн оокатын, толкунданган маанайын карап туруп Урматтын да бир жакка кеткиси келди. Кайда болсо мейли, деги шаардан алыс, алыс…

Отузунчу декабрь… Нуржамал календарды карап койду. Эртең отуз бири, анан жаңы жыл. Эл өз үй-бүлөлөрү менен жадырап-жайнап жаңы жылды тосушат. А өзү кимдер менен тосмок. Уулун сагынды, уулуна барабы? Ал үйдүн босогосу эсине көп нерсени салат. Мурда эстегенди жакшы көрчү, эскерүү менен бул жылдары канча ирет гана таң тосподу…

Анан Урматты ойлоду, мейманчылабаса үйдө болор деген ой менен тынчтанып калды. Эмнеси болсо да томсортпой стол жасап коюуну ойлоп, кызматтан түз базарга жөнөдү.

Урмат менен Нуржамал кеч бешимде босогодон урунушуп кала жаздашты. Жылуу кийинип, портфели менен бир колуна торт көтөргөн Урматты көрүп, жол бошоткондой Нуржамал четтей берди. Жүктөрүн жерге коюп, башынан тумагын ала күнөөлүдөй:

— Мен Ошко эжемкине баратам, жаңы жылды көңүлдүү тосуңуз,— деди Урмат.

Буулугуп, өзү араң келе жаткан немеге «көңүлдүү тосуңуз» деген сөз шылдыңдагандай сезилип, үн катпастан эшикти тарс жаап ичкери кирип кетти. Чечинбестен диванга бүк түштү. Урматтын эшик түбүндө бир топко дымырап турганын, бир аздан кийин аста басып чыгып кеткенинен өөдө тыңшап жатты. Эшик жабылганда чуркап чыгып, кетпей эле коюшун сурангысы келди. Анте да албады. Жымжырттыктан жүрөгү ооруп, ордунан козголбоду.

Нуржамалдын жасаган мамилеси Урматты жаман акыбалга таштады. Бул күнгө чейин мындай кыялын көрбөгөн немеге чынында оор тийди. Самолётко түшкүчө «эмне үчүн?» деген ойдо болду. Качан гана учуп бара жатканда Сагынды, алыстагы алардын уулун ойлоду. Бул ой келгенде эрдин тиштеди. Салима эже Урматка ишенип мейманчылап кетти да. Нуржамал өзү деле Урматтын кетээрин билбесе керек. Бирок, кайра кайтууга кеч болуп калган эле.

Аэропорттон аны эжеси тосуп алды. Таянаар тоосу, кубаты, сыймыгы болгон инисин өөп-жыттап, сагынычтуу карап жатып анын киртийген көздөрүнөн терең ойду байкаган аял сезими, эне жүрөгү эмнеге жоруурун билбеди. Урмат болсо ичинен эжеси менен Нуржамалды салыштырып жатты. Экөө мүмкүн жашташ чыгаар…

Кечинде эжеси мейман чакырды. Эки-экиден кошоктошуп келгендердин арасынан, өзүн коёрго жер таппай «азыр эле кайра кетет элем» деген кыязда олтурган жаш кызды Урмат бир көрүп эле байкады. Эжесинин ал кызга улам эбилип «Дилдайым, оокаттан албадың го?» «Дилдайым, сүйлөп олтурсаң боло?» деген кайрылуусунан ал эжеси тапкан «бирөө» өзүнүн ким экенин али сезе элек, баёолугу көзүнөн эле билинген ушул жаш кыз экенин сезди да заманасы куурулуп кетти.

Түнү менен уктай албай чыкты. Санааркасаң санаа кошула берет эмеспи. Булардан сырткары дагы бир сезим Урматтын жан дүйнөсүн бийледи, андан качса да кутула алчудай эмес. Сүйүп калган жокмунбу? Жок андай эмес дей албады жүрөгү, саат жылбай таңдын атмагы тозок болду. Кеткиси келди, Нуржамалды көргүсү келди. Таң атпай турган эжеси кийинип жанына портфелин койгон иниси көзүн жалжылдатып терезеден алысты карап турганын көрдү. Бул жолу жамандык ойлой албады, аялдык сезим жакшылыктан кабар бергенсийт.

Эжеси менен коштошкуча шашып, аэропортко кеткен жол айрыкча узак сезилип, Урмат элеп-желеп болуп жатты. Күндүн бүркөгү ого бетер тынчсыздандырат, мына эми кар жаап жиберчүдөй болуп турду. Кассадан билет алгыча «билет болгой эле» деп кабатырланды, билет алган соң самолёт учкай эле деп кудайдан тиленди. Учуу улам-улам бир саатка кечиктириле берди.

Урмат кеткенден кийин күн баткыча ал жаткан ордунан кыймылдабады. Бөлмөнүн ичи караңгы. Туруп үстү-башын тартипке келтирди да, тамактануу үчүн ашкана тарапка басты. Бирок ал жакка жете бербей Урматтын бөлмөсүнө баш бакты. Столдун үстүндө медициналык чоң томдор чачылып жаткан эле. Максатсыз ал китептерди барактады, адамдардын ички органынын түстүү сүрөттөрү. Дегеле өмүрүндө мындай сүрөттөрдү көрбөгөнсүп ач көздүк менен карап жатты. Бир аздан кийин андан сонуну таркагандай болду, эки жагын караса шкафтын үстүндө бая күнкү каттын конверти турат. Колун сунуп барып, кайра токтоду, ичинен эмнелерди таразалады ким билет. Катты алып ичиндеги баракка көз жүгүрттү. «Садагаң кетейин илимпозум, эжең бар экенин унуткан жоксуңбу?» Көзүнө урунган сап ушул болду. Шак катты кайра ордуна койду. Урматка деген таарынычы бөксөрө түштү. Баса аны коркутуп таарынгандай ага Урмат ким эле? Өзүнө-өзү ушундай суроо берди. Эч ким, көптүн бири… Көптүн бири деп өзүн сооротуу эле. Урматты көргөндөн баштап жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү билет, эмне деп жорушту гана билбейт. Кыйноонун кыйноосу эле оюндагыны, көзүң жеткен нерсени моюнга албоо, өзүңдү-өзүң алаксытуу окшобойбу.

Эртеси ишке барды. Бүгүн бардыгында майрамдык маанай. Анын үстүнө майрамдардын ичинен жаңы жыл айрыкча айырмаланып турат эмеспи. Иштен эрте чыгышты. Чакыргандарга шылтоо таап айтып, Нуржамал үйүнө кайтты. Мейман келчүдөй сезилип, стол үстүн жасалгалап коюп, эң жакшы көргөн көк көйнөгүн кийип күзгүнүн алдында бир топко турду. Билинбей иңир кирип баратты.

Урмат «Манастан» таксиге түшкөндө саат кечки тогузга саналуу мүнөт калган эле. Болгон ылдамдык менен келе жатса да ага таксинин жүрүшү жакпады. Таксиден түшсө лифт бош эмес. Сөгүнүп жибере жаздап, өзүн кармады. Лифти түшкүчө көп бардай, күтпөстөн тепкич менен жогору чуркап жөнөдү. Өзүндө ачкыч болсо да, эшиктин коңгуроосун басты. Жооп жок, эшик ачылбады. Шашкалактап чөнтөгүнөн ачкычты таап чыгып ачты да, бутун чечпестен мейманканага кирди. Үйдүн ичи караңгы, эч ким жок. Ортоңку бөлмөнүн жарыгын күйгүздү. Аяр басып, Нуржамалдын бөлмөсүнүн эшигин чоң ачты. Нуржамал суналып жатканы болучу. Бир аттап жетип, бир аз ылдый боло:

— Нуржамал, — деди аркасынан эшик жабылып, бөлмө караңгы боло түштү. — Нуржамал кечирип койчу? — деди.

— Эмнеге? — Нуржамалдын үнү акырын чыкты.

— Билесиңби… Мен сени сүйөм…

— Жинди десе… — Кудай ай, анын бул сөзүндө эмне деген эркелетүү бар эле, наздануу бар эле. Ушул назга кантип жооп бербей коюуга болсун. Урмат аны кучагына алып чекесинен өптү… Кечирим сурап да жатты. Нуржамал анын чачынан сылап, бети-башын сыйпалап эрдин ала качкан сайын, Урматтын көзү тумандап жыргалга тойбочудай…

Нуржамал Урматтын уктап калганына ишене бербей бир топко турду. Анын көкүрөгүнө жөлөнгөн бойдон уктап калгысы келди. Бирок уктай алчудай эмес. Акырын туруп, Урматтын ботинкасын чечти да оңдоп жаткызып, өзү мейманканага чыкты. Креслого бүрүшүп олтуруп алып азыр болуп кеткендерди ичинен талкуулады. Аз отурдубу, көп отурдубу өзү билген жок. Качан гана жарык жарк эткенде ойдон суурулду. Көздөрү киртийип көйнөкчөн, чачы уйпаланган Урмат босогого жөлөнүп турган эле.

— Жаңы жылыңыз менен! — деди ал Нуржамалды бактылуу жүз менен карап. Ал кол саатын карады.

— Али эрте,— канчалык башкача жүз, башкача үн менен мамиле кылайын десе да болбой калды. Жылмайып күнөөкөр көз карашта турду.

— Кел отур, он мүнөттөн кийин жаңы жыл,— деди.

Урмат ошондо гана жасалгаланган столду, ортодо койкойгон шампандын бөтөлкөсүн көрдү.

— Ого, бул столго костюм кийип келиш керек,— Урмат өз бөлмөсүнө кетти. «Кудай урсун, бала эле бойдон…» деп ойлоп турду Нуржамал.

Бир аздан кийин ак көйнөкчөн, галстугуна жарашкан күрөң костюм кийип, чачы таралган сымбаттуу Урмат мейманканага кирип келгенде, эмне дээрин билбей, бирок ичинен миң мертебе ыраазы болгон Нуржамал аны жоодураган көздөрү менен карап тим болду.

Коңшулардын радиосунан Спасский мунарасынын коңгуроосунун кагылышы угулду. Радионун үнүн чоңойтуп коюшту. Коңгуроонун кагылышын тыңшап экөө бири-биринен көз айрышкан жок. Жаңы жыл 8-микрорайондогу 83-үйдүн 7-кабатындагы 125-квартирага жаңы бакыт, өзгөрүү кийиргенин, экөө сезип да, сезбей да турушту.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.