АҢГЕМЕ

«Өлбөгөн жанга жаз келет», — бул сүйлөм качан, кайсыл убакта жаралды экен? Эмнеси болсо да үмүттүн шооласын бүлбүлдөткөн бул сөздөр түрүүлүктөн кабар берип тургансыйт. Жылгадагы карлар эрип, адырдагы чөптөр булайып баш алып, табийгат жандана баштады. Айылдын ээн тарабындагы тоону карай бет алган жакадагы сарай Бердикул абышканын кыркын сарайы. Айылдагылар талма Бердикулдун сарайы дешет.

Талмасы кармап элди чочуткан сыркоолуу деп ойлоп жүрбөңүз. Бердикул мырза барган үйүнө түнөп калмай адатын өмүрү өткөнчө таштабады, ошондуктан эл аны талма Бердикул атап коюшкан. Ата-бабасы санжырачылар болуптур, ошолордон оошконбу – жашында эле сүйлөгөндү жакшы көрчү. Барган үйүнө жорголотуп сөз баштап, окуяны жомоктоштуруп айтып кирчү экен. Күн уясына батып, асмандагы жылдыздар жыбырап жана баштаса да сөздү бүтүрүүнү ойлоп да койбочу. Ошол кездеги адамдардын пейили кенен болушканбы же заман ошондойбу, түнөп кетүүсүн өтүнүшчү, кудум ошол сөздү күтүп тургансып Бердикул мырза эч камырабастан конок болуп кала берчү.

Андан бери канча мезгил алмашты, доорлор оошту. Ошол учур абышка үчүн керемет болгон го… Азырчы? Азыр адамдар башка Бердикул абышканы биздин үйдө түнөп калыңыз дебес. Кадимкидей ошол күндөрдү эңсейт, сагынат.

Бердикул абышканын кыркын сарайына түнөгөнүнө бүгүн экинчи күнү. Майда жандыктары көбөйүп калыптыр, кыркып, ирдендириш үчүн небереси Эркинге караан болуп бул жакка келген. Айылдагы бузулбай сакталып калган жалгыз сарай ушу. Абышка өмүрүндө сатууга жарагандын баарын сатса да сарайды сатканга дити барбады. Союз мезгилинде курулган сарай азыр да турат, болгону аябагандай эскирген. Бир канча жыл бул жерге киши да басып келбеди. Абышканын жаш кезиндеги кыркын не деген гана шаан-шөкөттөр менен коштолуучу, топураган кыркынчылар, кой кыркуучу агрегат менен тегиз кыркылган миңдеген койлор. Баардык адамдар жумушту мойнундагы милдет катары көрүп, сыймыктана иштешчү. Кимдер үчүн иштеп аткандарын деле толук түшүнүшчү эмес. Анан эмне болду? Союз таркаары менен багытын жоготкон кемедей турмуштун таштак жолуна ар кимиси ар тарапка сүзүп жөнөштү.

Эмне кылар айласын таппай калышты, жөн гана боштукта жашоо өткөрүштү. Эркиндик ушундай го деп эмгектенгенин коюшту. Кышка деп тоют да камдашпаптыр. Энчисине бөлүнгөн жүздөгөн койлор кырыла баштаганда акыры сата башташты. Болгондо да бир шише аракка. Эмне деген гана кесирдик. Койду өңөрүп алып коммерсантка жөнөшөт. Коммерсант койду тээп көрөт, жыгылбай туруп кетсе гана алат. Сатууга жарагандын баарын сатты, ал тургай механик досу экөө тракторду райондон менчикке чыгарып келатышып эки жашик виного кармата беришип, айылга аңыз болуп калышты.

Бара-бара жакырчылыкта өмүр кечирип ушул айылдан чыкпай картайганын байкабай калды. Айылда эч нерсе кылбай жашап жүрө берсе болот экен.А шаардачы? Шаардагы турмуш деле адамдарды жыргатып ийбеди. Заводто иштеп жүргөн агасы ишсиз калып, ичкилекке берилип, акыры кыштын суугунда тоңуп өлдү. Көргөндөрдүн айтуусу боюнча Ош базардын четиндеги көчөдөн тоңуп өлүп, үч-төрт күндөп каралбай жатыптыр. Адам чыдап туралгыс сөөктү айылына алып келип жерге жашырышты. Ошол кездеги ичилген аракка гектарлаган жерлерди сугарса жетет беле, айтор Бердикул абышка ичкиликтен кадырын жоготуп, эми минтип ичтен сызып ойлонууга өткөн. Сөзү өтпөсө да ойлонууга акысы бардыр…

Кыркынды небереси элден эрте баштады. Тепкедей болуп алып бу бала оокат дегенде жанын берет. Бир баш коюн заматта эки кылгысы бар. Чоң атасы, ата-энеси да эч кимиси үйрөткөн жок, сыягы айлана-чөйрө турмуш өзү үйрөттү окшойт. Абышканын жаш кези кудай бар же жок деген идеологиялык талаштар менен өткөн болсо, небересинин ою кантип байысам экен дейт, башканы ойлоого чолосу жоктой.

Эркин койлорун сарайга камап, бирден кыркып сыртка чыгара баштады. Арасында бир жетим козу кыркууга жаңы жыккан коюн жетип келип сүзгүлөп калат. Анан эмне кылсын – жетимдин иши жетим, курсагын тойгузууга абдан көнүккөн, тойгонун сезбейт. Киши келатса озунуп биринчи барат да бөтөлкөдөн сүт беришин күтөт, а кокус козусун эмизген койду көрө калса дароо жетип барып эмчегин эки-үч жолу сүзүп калууга жетишет.

Эркинди жетим козу кой кырктырбастан жүдөтүп жиберди, улам түрткөнгө болбой кайра келип жабышат.

— Чоң ата, чоң ата дейм, алчы козуну, — деди неберси.

Неберси кырккан койдун боорунан жуушаң кайчы кесип кеткен жерлеринен байчачекейлер жабырап жайнай түштү. Чоң ата небересине кайчыны тике кармабай, жантайтып кырк дегиси келди, ошондо койлордун териси кесилбесин, атургай кыркпай коё турса койдун жүнү өрдөгөндө кыркса кыркууга оңой болорун айткысы келди, бирок айта албады, айтса эле кагуу жээрин билет.

Бердикул абышка жетим козуну көтөрүп алып ойлоно басып сыртка жөнөдү. Малды багыш керек, а балага тарбия бергени оң. Чоң ата небересине, атургай баласына тарбия бере албаганына өзөгү өрттөндү. Абышканы курттай жеген ойлор мээсин чыңалтып чыкты. Ата-баладыгы ажырым эбак башталып, муундан муунга өтүүчү чынжырча үзүлгөндөй.

Козуну жайыла оттоп жүргөн кыркылган койлорго алпарып кошту. Абышканын ойлору башка доордон башка доорго оошкондой көпчүлүк жашап жаткан коомго оошо түштү. Өзүнүн жашап жаткан мезгилин жетим козуга салыштырды. Кайсыл жерде сүт болсо ошол жерге жетип барган козу сыңарындай, өлкөсү кайсыл тараптан жардам болсо эч намыстанбай ала берүүсүнөн арданды. Жол салуу үчүн жардам алышат, шайлоо өткөрүү үчүн жардам сурашат, мечит салуу үчүн акча бергендерге сыйынышат, аскердик курал жардамга алгандарына сыймыктанышат, айтору кай жакта бекер жардам болсо, жетим козудай жетип барышат…

Ушул тушта абышканын ойлору ойлоруна кагылыша түштү. “Жок!” деди чымыркана; ата-бабам кайраттуу эл болгон, баарынан куру калса да намысынан куру болгон эмес, бул жөн гана утурумдук нерсе деп өзүн жооткотту.

Дарак мөмө бербей калганы менен тамыры соо эмеспи деп ойлонот ичтен сыза. Бир канча көз ирмемде эмнелерди гана ойлонбоду. Ойлору күлүк болгону менен басыгы мурункусунан жайлай түшүптүр, өмүрүнүн күзү келип калганын байкады. Жетим козу койлордун эмчегин сүзгүлөп бүтүп, өз алдынча оттоп калганын көрдү да көңүлү жайлана түштү.

Абышка сандала басып неберсин көздөй жөнөдү.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

2 Replies to “Бекназар Арыкбаев: Жетим козу (конкруска №9)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.