Байыркы заманда Чечжудо аймагында Чежу деген сепил курулуп, анын айлансына эл отурукташа баштайт. Тынч жашап, оокатын өткөзүп жүрүшөт.

Бир күнү  түштүк жактагы чет элден жоо басып кирип, сепилди ээлеп, бачкынчылык менен элдин мал-мүлкүн тартып алды. Өздөрү Чечжуну ээлеп, бекем бекинишет. Сепилге эч ким жолой албагыдай кылып кароол мунараларына жоокерлерин коюп, сепилди айланта адам өткүс тикенек бадалдары өстүрүлөт.

Чечжудонун эли эмне кылар айласын таппады, душмандарга ар бир жылы салык төлөп, жыйнаган күрүчүн берип туруш керек болот. Өлкөнүн ванына[1] кабар жиберишти. Бул кабарды уккан ван каарына келди:

– Душмандарды өз жериме ээлик кылдыра албайм!

Бүт аскер башчылары менен бийликтегилерди жыйнап алып да айтты:

– Отуз күн убакыт берем, эгер ага чейин сепилди бошото албасаңар –баарыңардын башыңар кетет!

Баары эч нерсе ойлоп таба албады. Арасынан эң акылдуу Чо Пхаль Лан деген аскер башчы чыгып айтат:

– Сепилге жакын баралы, балким ордунда бирдеме ойлоп табарбыз.

Чоңдор ордунан жылгысы келбейт.

– Кой, аныңды! – чуулдап жиберишти. – Кайда бармак элек, ушу жерден ойлонуу керек.

Чо Пхаль Лан аларга кол шилтеп салды да, атына минип Чечжудого жөнөп кетти. Сепилге жакын дөбөгө чыгып Чечжуга карай баштады. Дубалдары бийик сепил, дарбазасы бекем, айланасы чычкан мурду өткүс калың тикенек.

Катуу ойлонуп калды Чо Пхаль Лан. Бир убакта бирөөнүн урушканын угуп калды:

– Кайда бастың, куураган мал? Сен Чо Пхаль Ландан да  жаман экенсиң го!

Караса дөбөнүн так жанында абышка жер айдап, өгүзүнө кыйкырып жатыптыр. Чо Пхаль Ландын жини келип аттан түшө калды:

– Эй, чал, сен эмне Чо Пхаль Ланды жамандайсың, ал эң акылдуу кол башчы экенин билбейсиңби?

Абышка мыйыгынан күлүп койду:

– Эмнеси акылдуу, Чечжуну бошото албагандан кийин?

Жини катуу келип Чо Пхаль Лан кыйкырды:

– Сен сокур болуп калгансың го, чал! Же Чечжуну курчаган тикенекти көрбөй жатасыңбы? Бул бадалдан кантип өтүүгө болмок?

Абышка ага жооп берет:

– Мен сокур болгон жокмун төрөм. Тикенек бадалды да жакшы көрүп турам. Бирок эл-жериңди чындап сүйсөң бардык жерден айла тапса болот.

Деди да жерин айдай баштады. Чо Пхаль Лан такыр эле жок сыяктуу көңүл да бурбайт.

Кол башчы таң калды: эр жүрөк неме го, эч кимден коркпогон. Жакын басып келди.

– Токтой тур, абышка, – дейт,  – ишим бар, сүйлөшөлү.

Абышка өгүзүн кармап токтото салды:

– Ишиң болсо айт. Менин убактым жок, күн кечтеп барат, мен жеримдин жарымын да айдап бүтө элекмин.

– Абышка, айла табууга болот дейсиң, сен сепилди бошото алаар белең?

Абышка ойлонуп жооп берди:

– Эмне үчүн болбосун, бирок менин аскерлерим жок да.

– Сага канча жоокер керек? – деп сурайт Чо Пхаль Лан.

– Жүз жоокер менен он ай убакыт берсеңер Чечжу сепилди бошото алмакмын, –  деп жооп берет абышка.

Чо Пхаль Лан кубанып кетти.

– Эми, абышка, сөзүңдө тур. Мен аскер башчы Чо Пхаль Лан болом. Азыр эле ванга жөнөйм да, сен үчүн жүз жоокер сурайм.

Дагы да мыйыгынан күлүп койду акылман абышка:

– Мен сенин Чо Пхаль Лан экениңди билгем, болбосо сүйлөшпөйт да элем. Эми сен ванга бара бер, мен оокатымды бүтүрөйүн. — Өгүзүн айдап абышка үйүнө жөнөдү, Чо Пхаль Лан Сеулга чапкан бойдон кетти. Ак сарайга кирип Кореянын ваны отурган такты залына кирип тизелеп жүгүнүп айтты:

– Өлкөбүздүн өкүмдары, мага жүз жоокер менен он ай убакыт берсең, мен душманды сепилден кууп чыгам.

Башка кол башчылардан эч кандай жооп ала албаган ван макул болду. Эртеси Чо Пхаль Лан абышкага  жетип келди:

– Мына, абышка, эртен сага жүз жоокер берем.

Абышка башын чайкады, мага жүз жоокер он айдан кийин керек. Азырынча өзүм эле жетишем. Чо Пхаль Лан таң калса да билгизбей чаап кетти, бирок үч жоокерди чакырып алып абышканын артынан көзөмөлдөтүп, ар бир баскан-турганын айтып туруусун талап кылды.

Бир жумадан кийин Чо Пхаль Ланга чабарман кабар алып келди.  Анда мындай жазылыптыр:

«Абышка керели кечке кагаз кесип, желимдеп отурат».

Андан кийин  «Абышка кагазга чөнтөк жасап, жабыштырып жатат»,  дагы: «Абышка батпарек жасап жатат».

Чо Пхаль Лан жини келе баштады:

– Абышка бала болуп  алжып калган го, ал үчүн мен жооп беришим керек, анан…

Абышка убадасын унутуп калгандай. Кагаздан батпаректерди жасап, кичинекей балдарды жыйнап алып дөбөдө жүгүрүп, батпарек учуруп жүрүшөт. Шамал сепилди көздөй согуп турган, батпаректеринин баарын сепил жакка учуруп кетти. Төрт күн катары шамал уруп турду, төрт күн бою балдар батпарек учуруп ойноп жүрүштү. Акыркы батпаректи учурган абышка ыраазы болгон түр менен балдарды ээрчитип кыштакка кетти, экинчи ал жакка карап да койгон жок.

Жаз да келди, убада берилген он айга үч эле күн калды. Абышка болсо жерин айдап талаада жүрөт. Чыдабай кеткен Чо Пхаль Лан абышкага жетип келди да, ачуулана айтты:

– Сен эмне, мени шылдың кылып жатасыңбы? Үч күндөн кийин сен берген убакыт бүтөт, сен сепилди ойлогон да жоксуң го! Мен ванга эмне дейм?!

Абышка  шашпай отуруп балык кармаган торун жамап, макул болгонсуп башын ийкейт:

– Акырын, Чо Пхаль Лан – дейт, — мен шамалды күтүп жатам.

– Кайсы шамалды? – деп кыйкырып жиберди Чо Пхаль Лан.

– Кадимки эле шамалды, – камаарабай жооп берет абышка. – Жүр дөбөгө чыгалы, шамал кайда уруп жатканын байкап көрөлү.

Дөбөгө чыгып турушту.

– Эми жоокерлериңди чакыра берсең болот, –  дейт абышка. – Төрт күн бою шамал сепил тарапка согот.

Аны уккан Чо Пхаль Лан атын чапкан бойдон Сеулга жөнөдү. А жоокерлер эчак жүрүшкө даяр,  буйрукту күтүп турушат. Баары соот кийинип, жакшы куралданган.

Бат эле жоокерлер Чечжудого жетип келишти: аларды абышка күтүп алып жоокерлерди караңгы киргенче жашына турууга буюрду.  Аскердин ичинен он эң шамдагай дегендерин тандады да тикенек бадалга алып жөнөдү. Бир убакта жалын жалбырттап түз эле сепилге карай жылды, анын жарыгында колун булгаган абышканы көрүп, даяр турган  жоокерлер от салган жол менен сепилге жүгүрүштү.

– Мансе! Мансе-е! – деп кыйкырып чабуулга өтүштү.

Душмандар кароол да койбоптур, «Тикенектен ким өтөт? – деп ойлошкон.

Жоокерлер дубалдан күтүүсүз секирип түшүп, капарсыз жаткан душманга кол салып, тез гана кырып салды, калгандарын башчысы менен колго түшүрдү.

Эртең менен Чо Пхаль Лан келгенде баары даяр эле, жоокерлер кубанычтуу кабар менен келе жатышат, абышка баягысындай жерин айдап жүрөт. Ага жакын келип аттан түшкөн Чо Пхаль Лан сурайт:

– Айтчы, абышка, кантип жоокерлерди тикен бадалдан өткөздүң?

Абышка каалабагансып жооп берди.

– Калың чөптү өрттөп жибердик, бадал кошо күйүп кетти да жоокерлерге жол ачып берди.

Жини келген Чо Пхаль Лан кыйкыра баштады.

– Сен тантырай бербе! Же  сен мени өгүзүңдөн да аңкоо деп жатасыңбы, ал жерде чөп болсо мен деле билет элем да.

Абышка ийнин куушуруп койду:

– Ишенбесең,  ишенбе.

Кайрадан өгүзүн айдайт. Чо Пхаль Лан анын жанында баратат.

– Эмне сырың бар, айтып берчи, – деп сурайт.

Эми абышканын жини келди, экөө отурду, абышка айта баштады:

– Кайдагы сырды сурап жатасың, чөптү сепсең өсөт да. Сен он ай убакыт берген соң Чо Пхаль Лан, мен кагаздан чөнөгү бар  батпарек жасадым, ага чөптөрдүн үрөнүн салып сепилге карай учурдук, Батпаректен түшкөн урук тикенектердин түбүнө түштү,  жай бою үрөндөрдөн бийик чөп өсүп чыкты, күз, кышта чөп куурап саргайды. Биз аны өрттөп жибердик, күйгөнүн кана көрсөң! Шамал отту сепилге айдап бизге жол ачты. Болгон сырым ушул, Чо Пхаль Лан. Согушта курал колдонгондон башка да башты иштеткенди билиш керек.

Кол башчы тура калды.

– Азаматсың абышка! – дейт. – Сага эки жүз лян беремин, бирок муну эч кимге айтпа, мени шылдыңга калтырба.

– Сенин акчаңдын кереги жок, – дейт абышка, бирөөгө бирерман көрүнүү оюм да жок. Мен элге кыйын болгон үчүн сепилди бошотконго жардам бердим.

Чо Пхаль Лан уялып калды, башка эч сөз айтпастан Сеулга чапкан бойдон кетти. Сеулда аны баатыр катары ардактап тосуп алышты. Адегенде Чо Пхаль Лан абышка жөнүндө айтсам деп ойлогон, анан ага баары бир ардак да, акча да кереги жок, ал эми аскер башчыныкы башка да. Абышканын андан акылдуу болгону уят деп унчукпай калды. Ван болсо сепилди бошоткон аскер башы деп ишенди. Бирок аны эл билип, бизге чейин жеткирди.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

 

[1] Ван – өкүмдар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.