АҢГЕМЕ

Оштон Гүлчөгө каттай турган автобус өз орунда турат. Дагы алты-жети минутадан кийин маршруту боюнча жөнөмөк. Алдын-ала билет алып койгондор көрсөтүлгөн орундарына олтурушууда. Шофёр жүргүнчүлөр келип бүтсө, жөнөсөмбү дегендей мурда саатын карап анан автобустун ичиндегилерди бир сыйра көз кырынан өткөрүп койду. Автобустун матору күүлөнүп күч ала баштаганда карылыктан эти качып кичирейген, бети-башы бырышкан-тырышкан, колу агала кичинекей кемпир кышылдап, өпкөсү көөп автобуска кирип келди. Алдыда чачын тармалдатып, кашы, кирпигин косметика боёктору менен башкача түскө кийирген бир кыз бу кебетеси суук кемпирден жийиркенгендей тескери карады. Арттагы катарда олтурган олбурлуу карыя Закир гана бу кемпирди көрөр замат сүйүнүп купшуңдап сөз катты.

— Жаркыным, кечигип кала жаздадың. Кел бери жаныма. Билетиң бар беле? Болсо, канчанчы сан эле. Эгер менден алыс болсо, жанымдагы киши менен алмаштыр. Сапар алыс, сүйлөшүп барабыз. — Автобустагылардын баары экөөнүн мамилесине назар салып калды. Кемпирдин билети бар сыяктанат. Автобус ичиндеги номерлерди карап, ордун издеди.

— Жаныма келе бер дейм. Билетиң болсо, өтүнөбүз. Бир аз болсо да оң капталым жылып калсын,— деп Закир Алмаматов жанын көрсөтүп жылмаңдады.

Кемпир эми шашкан жок. Кимдер бар дегендей, олтургандарды көз токтотуп карады. Чынында кемпирдин кебете-кешпири аянычтуу эле. Бети-башы шабдоолу кактай бырышкан. Жада калса көздөрүнүн жапкычтары да жетишпей, карегинин жарымын жаап калган. Агаласына караганда калыбы күйсө керек. Күлсө, көзү бүтүйүп, ого бетер кичирейип, тырмап эле ачып койгонсуп калат. Канткен менен кемпир бул кебетесине кымсынбагансыйт, эч кимден тартынбагандай. Картайса да али алдан-күчтөн тая элек. Сүйлөсө сөзү тың. Басканы тыкан.

— Купшуңдабай жөн отур. Эмнени сүйлөшмөк элек. Байгамбар курагынан өтүп калсаң да, омсоңдоп, үмүтүңдү үзө элексиңби? Мынабу олтурган жаштардан уялбайсыңбы,— деп Закирди какты кемпир.

— Уялгыдай бейадеп сөз сүйлөдүмбү? Болгону жаныма кел деп жатам. Жаштарыңа окшоп, улуу-кичүүнү көзгө илбей, жолуккан эле жерден чырмалышып, жытташып кеткен жокпуз го,— деди Закир да актанып.

— Өбүшсө өбүшсүн. Жаштык ошонусу менен кызык тура. Азыркы жаштарыңды деле күнөөлөшкө болбой калды. Сыныктан башкасынын баары жугуштуу деп бекеринен айтылган эмес. Буларды деле күнөөлөшкө болбой калды. Көргөнүн жасап жатпайбы? Кинодон деле, телевизордон деле жарым саат оозунан сорушат экен. Анын эмнесин көрсөтүшөт дейм да,— деп нааразыланганда олтурган жаштар дуу күлүп жиберишти.

— Бу кемпирдин байкагычтыгын, сын таккычтыгын кара. Кебетеси түзүгүрөөк болсо жан адамга сөз бермек эмес экен,— деди сол тарапта он сегизинчи орунда олтурган үрпөк чач жигит.

— Кеп кебетеде бекен. Апанын сөзү жөндүү. Мүмкүн бул апа да убагында мындай бүжүрөгөн кемпир эместир. Келишкен сулуу болгондур. Турмуш, жашоо ыңгай адамдарды кандай абалга алып келбейт дейсиң. Курактарына караганда Улуу Ата Мекендик согуштун азап-тозогун баштарынан өткөргөн кишилер. Дагы булардын сөөгү бекем экен. Сүйлөшкөнүн баамдадыңбы? Баары орундуу. Кеп көңүлүнүн, жан дүйнөсүнүн тазалыгында, сулуулугунда, — деп жан тартты жанындагы кызыл жүздүү келин.

Автобус ордунан козголду. Баятан кажы-кужу сүйлөшүп олтургандар дымый түштү.

— Ошо кызыл жүздүү кызым туура айтат,— деп сөзүн баштады Закир Алмаматов.— Силер айтмакчы, бу «ыраңы серт» кемпирдин жаш кезин көргөн жоксуңар, мен көргөнмүн. Силерге жалгандай, мага чын. Анда бу кемпирдин жаш кези. Ыраң-жүзү мөлтүрөп, сүттөй ап-аппак, чачын экиге бөлүп өргөн. Узунучу? Кызыл ашыктан өтүп, жер чиет. Жерге сүйрөлбөсүн деп чачынын учун түйүп койчу. Шыңга бойлуу, чыбыктай солкулдаган кези. Гүлчөдөн биздин айылга жаңы эле келин болуп келген. Менин жан досум — Ажибектин жубайы эле. Экөөнүн турмуш курганына алты айга жетпей, көрүндө өкүргүр Гитлер биздин ата-мекенибизге согуш ачып, күйөөсү жоо бетине аттанды. Ажибектин артынан айылдагы жигиттер биринин артынан экинчиси жөнөп жатышты. Мени болсо, механик — мындай адам орукка да керек дешип, «брон» деген кагазын берип, согуш комиссариатынан алып калышты. Айылда адам азайып, колхоз түйшүгү негизинен аялдар менен балдардын мойнуна түштү. Бу Сайранын боюнда үч айлык күмөнү бар имиш деп кулагыбыз чалды. Күмөнү чын экен, он биринчи айында аман-эсен көз жарды. Наристе эркек экен, атасы сапарынан аман-эсен келип, кубаналы деп атын Кубанычбек койду. Айылдагы жигиттер сейректеп, трактор айдай турган адам жетишпей, кыз-келиндерди трактор айдаганга үйрөтө баштадык. Ушу Сайра да трактор айдачу. Сенин кезектешиң ким эле? Ысмы эсимден чыгып калыптыр,— деп Закир Сайрага карады..

Сайра автобустун терезесинен алыска көз чаптырган бойдон.

— Мария деген келин болчу. Былтыр пендечилик кылбадыбы бейиши болгур. Жакшы аял эле,— деп үшкүрүп койду.

Закир сөзүн улады.

— Керасин ташуучу адам ооруп калып мен убактынча Кара-Суудан керасин ташып калдым. Күндөрдүн биринде ушу Сайранын тракторуна керасин куйганы келип калдым. Жанагы алгоолошу Мария экөө тракторунун маторун өчүрүп, шак башында эртең мененки нанүштөсүн жеп отурушуптур. Бирдемелерди сүйлөшүп, тимеле чечекейи чеч, көңүлдүү. Кырсыктын кайдан тооруганын билесиң киши. Бир маалда элге айыл тараптан ызы-чуу, кыйкырык чыкты. Карай салсак, ушу Сайранын тамынын морусунан кара түтүн буралып, кызыл жалын соймоңдоп жатыптыр. “Шорум, балам бешикте болучу”,— деп кыйкырып, тызылдаган бойдон үйүнө жөнөдү. Сайра артынан биз чуркадык. Энтеңдеп жетип барсак, үйдүн ичин кызыл-көк жалын жалмап, кара түтүн каптап калган экен.

— Айланайын балам ай,— деп алоолонуп күйүп жаткан жалынга боюн урду Сайра. Кара кочкул жалындан бешигин табалбады. Жан деген кыйын го чиркин, ошондо бети-башы, колу жалынга шылынып калды. Эси оой түшкөнүнө карабай, өрткө кайра жулунду. Атаганат. Ошондой шашылышта кийиз колго урунбайт. Же арыкта аккан суу жок. Далбастап ары чуркап, бери чуркап, колума эч нерсе киргизе албадым. Айлананы карасам жалаң жаш балдар менен катындар. Алар ызылдагандан башка эмне кылмакчы? Куфайкамды башыма кийип, өрт ичине кирип барып, колум менен бешикти издедим. Колума эч нерсе урунбайт. Куфайкам күйүп кетти. Өрттөн чыдабай, мен да сыртка качып чыктым.

— Айланайындар, баламды алып чыккылачы! — деп жалооруду Сайра.

Улам күчөгөндөн күчөп, удургуп, толгонуп күйүп турган өрткө эч ким даай албады. Мындай шашкан учурда ойго да эч нерсе келбейт тура? Мектеп балдарынын чакалап, чөгүндөп алып келген сууга куфайкамды малдым да башыма чүмкөп алып өрткө шумгуп барып бешикти издедим. Колума эч нерсе урунбады. Өрт мени да жалмап койчудай. Ошондо төркү бөлмө тараптан баланын «чыр-чыр» эткен үнү кулагыма шак дей түштү. Калыбы, балага өрт эми жеткен сыяктанат. Үйдүн ичи кара кочкул жалын болучу. Бул учурда ойлонгонго убакыт жок эле. Жан деген кыйын экен, сыртка чыга качтым.

Сайра дале өрткө боюн уруп, баласын алып чыкмакка далалат кылып жулунуп жаткан экен. Эки аял эки колунан кармап коё бербей жатыптыр. Менин да эсим оой түшүптүр. Кимдир-бирөө жөлөп турганын байкадым.

— Сабыр кыл Сайра, балаңды өрттөн куткара албай калдык. Тагдырга баш ий. Акылдуу жансың го,— деген сөздү кулагым чалды.

— Айланайын балам ай, тирүү туруп, сени кантип өрт ичине калтырам… Ушундан көрө, өзүм өрттөнсөм болбойт беле?— деп ызырынып Сайра өрт тарапка жулкунат. Аялдар ага жабышып, бек кармап алышкан.

Аңгыча тамдын үстүнүн бир капталы жерге кыйшайып баратты. Өрт күчөгөндөн күчөөдө.

— Кокуй, баламды там басканы калбадыбы, — деп Сайра өрткө ынтылып безилдеп жиберди.

Ошондо кайдан келди билбейм, Примердинин Бакир деген 7-класста окуган баласы бар эле. Бир жактан кийиз таап, аны сууга чылап көтөрүп келди. Өзү кийизди жамынып өрт ичине кирип кетти. Кимдир-бирөө: «Кийиздин этегин көтөрбө, жалын жалмап жиберет, жер менен жер болуп бар», — деп акыл айтты. Убакыттын канча өткөнүн билбейм, бир маалда азамат бала, бешикти ичиндеги наристени чүмкөнүп барган кийизине ороп чыкса болобу? Карап тургандар кийиз көрүнгөндө эле жабыла жабышып, тартып алышты. Кудай жалгап өрт баланын баш жагына эмес, аяк тарабына эми жабышкан экен. Сайра баласына жабышты. Бешиктен наристени чечип алышты. Караса эки буту күйүптүр.

— Балаң аман калды. Ушунуңа шүгүрчүлүк келтир,— деп сооротушту жанындагылар. Бакир да өрт кучагынан соо калбаптыр, соймоңдогон өрт анын да колу-бутун жалмап салыптыр. Ошонусуна карабай азамат бала, чыдап бешикти сүйрөп чыкканын карабайсыңбы?

«Баракелде!» андай эр жүрөк баланы баары алкашты.

Баланы ошол эрдигинен кийин улуу-кичүүлөр «Бакир-өрт» дешип чакырып калышты. Өзү да бир жарым ай ооруканага жатып, дарыланып чыкты. Ошондо Сайранын абалына назар салсам, баласын бооруна кысып алып Гитлерди каргап жүрүптүр. Силерге жалган, мага чын, азыр да ошол окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдымда элестеп турат. Сайранын башында жоолугу жок, чачы бүт куйкаланган. Бирок, бетинде көз жашы көрүнбөйт. Ачуусунанбы, наристенин колуна тийгендигиненби, айтоор, эми кайратына келип алыптыр.

— Тилегиңе жетпей, көрүңдө өкүр, Гитлер! Сенин да балдарың өрттөнүп, менчилеп зыркырап-сыздап кал, Гитлер! Сен согуш ачпасаң мага окшогон энелер муздак темир кармап, трактор айдашпайт эле. Баласын бешикте жалгыз таштап, алгоолошуна тамак ташыбайт эле. Эмчектеги наристени өрт ичине калтырып, күйгүзбөйт эле, Гитлер! Ушинтип, ботодой боздобойт эле, сыздабайт эле Гитлер! Ылайым, сенин да аргаң куруп, өз балаңды өзүң өлтүр, Гитлер! Өзүңдү өзүң кыйна Гитлер! Сени адамдар көмбөй, дарексиз жогол! Денең ит өлүмүндөй сасысын, Гитлер!— Сайра ушинтип каргап, жанын коёрго жер таппай безилдеп турду.

Аңгыча бригадири менен раиси келишти да, Сайраны наристеси менен арабага отургузушуп Кашкар кыштактагы ооруканага жеткизишти. Там күйүп бүттү. Мектеп балдары чакалап суу куйган жерден көк түтүн быкшып, көккө көтөрүлдү. Заматта, заңкайган там жаткан нардай чөгүп, кара дөбөчөгө айланды. Чогулган адамдар өрттөнгөн тамга да, анын ичиндеги таман акы, маңдай тер менен табылган кымбат баалуу дүйнөгө да ичтери ачышкан жок. Баарынын аяганы, баарынын ичи күйгөнү бешиктеги наристенин жана Сайранын күйгөнүнө зээндери кейип, сыздап тарашты…

Закир сөзүн бүткөнсүп, бир азга унчукпай калды. Анан Сайраны карап:

— Мына ошондо өрткө боюн урганда күйгөн бети ушинтип агала, бырыш-тырыш так калтырган,— деди.

Автобустагылар бу чүкөдөй серт кемпирдин тагдырына боор ооругандай карашты.

Сайра өз башынан өткөргөн качаңкы бир окуясын угуп олтуруп чыдабай кетти сыяктанат. Закирди карап сөз кошту.

— Байкуш баламды азыр ойлосом да күйбөгөн жерим күл болот. Сүттөй гана наристемдин эки буту күйүп калбадыбы. Балам азыр да аягын эч кимге көрсөтпөй уялат. Ошо бейкапардыгым үчүн кудай мени эч качан кечирбейт. Үйдүн өрттөнөрүн билгенимде наристем үшүп, чыйрыгып калса да эшикке эле таштап кетпейт белем.

— Кырсыктын кайдан тоорурун билесиң. Үйдүн өрттөнөрүн билсең, балаңды үйгө таштабай көтөрүп алмаксың. Ак көңүл, боорукер байкушум. Шеригине тамакты жеткирип келе коём деп ойлогонсуң да деди, — Закир.

— Ооба, тез эле келе коём дебедимби, алып барган тамак-ашты шактын башына эле коюп кете бермекмин. Ошондо да сен сааттай болуп, сөзгө алаксытып…

— Ой, Сайраш, эсиңде болсо, эми айтчы, сурайм деп эле сурай албай эсимден чыгып кетет. Кандайча болуп үй өрттөнүп кетти, очокто чок бар беле?— деп Сайрага суроолу карады Закир.

— Адам алдырар кезде жаздырар деп, бекеринен айтпайт тура? Очокто чок эмес, от күйүп турган. Балама койдун куйругун кайнатып жаткам. Жакшыраак бышсын деп, эки жыгачты айкалыштырып койгом. Очок жанында кургак газопая да жыйылып турган болучу. Шамал айдап өрт чыгары да оюма келбептир. Кайра мен келгиче куйрук тазараак бышсын деп, чычаланы ичкертип койгонумду айтсаң. Мен бери баса бергенимде шамал ойноп, эшик ачылып кетиптир. Анан жыгач отундун жалыны газопаяга жабышыптыр. Тамдын сол бурчунда кичинекей банкада керасин да бар эле. Көзүм кашайып, керосинди эшиктеги сарайга да алып чыгып койгон эмес экенмин. Ошентип заматта үй-жайымдан ажырап калганмын. Бирок, элден айланайын. Жанагы Бакир деген пионер бала наристемди алып чыгып берген.

Ал бала азыр эр азамат болгон. Көргөн сайын кагылып өөп, жыттап, ыраазылыгымды билдирем. Ооба, менин да тагдырымда ошондой кырсык чалган, теңирге шүгүр, күйөөм согуштан чырпылып, бир канаты кайрылса да аман-эсен кайтты. Ошого каниет кылдык. Кийин эки уул, үч кыздуу болдук. Алар да чоңоюшту. Эки балам үйлөнүп, бөлүнүп кетишкен. Кыз бала болсо бирөөнүн бүлөсү экен. Үчөө тең күйөөдө. Балалуу-чакалуу. Азыр сегиз неберем бар. Элде: «Өз балаңды өскөнчө багасың, а балаңдын баласын өлгөнчө багасың»,— деген макал бар тура? Азыр үйдө неберелер менен алекмин. Ошолордун зарылчылыгы менен Ошко базарга келбедимби,— деди кемпир.

Абышка Сайра кемпирдин сөзүн улады.

— Эми мындан бияккы өмүрүңө шүгүрчүлүк келтир. Сенин бетиңдеги бырыш-тырыгың эч кимге зыяны тийбейт. Кантсе да сенин сулуулугуңду, эч жериңде өөнү жок татынакайлыгыңды мен билем. Куракташтарың билет. Адамды өң-түсү, ыраң-келбетке карап баалабай, жан-дүйнөсүнө, акылына карап мамиле жасайбыз,— деп жылмайды.

Автобустагылар бу мойсопуттун сөзүнө ынангандай муюп калышты. Карыя терезеге көз чаптырса, автобус Гүлчөгө жакын «Жылы суу» капчыгайында баратыптыр

— Мына, Сайранын качаңкы бир аянычтуу окуясын эстеп олтуруп, ата журтубузга келгенибизди да байкабай калыппыз,— деди Закир Алмаматов. Анан буюмдарын ордунда турабы дегендей көздөн бир сыйра кечирип койду.

Автобус зуулдап, жер чимирилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.