Максат Жангазиев: Көрө албастардын уйкусун бузган сыйлыгым жөнүндө…

Өкмөттүн эки жылда берилчү Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы бар. Ал 11 номинация боюнча берилет. Анын ичинде бизге тиешелүүсү “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы. Дал ушул сыйлыктын 2017-жылдын 12-декабрында лауреаты болдум. Бул сыйлык акыркы эки жыл ичиндеги жазган эмгек үчүн ыйгарылат. 2015-жылы бул сыйлыкка конкурс жарыяланып, жободогудай акыркы эки жыл ичиндеги эмгектерди көрсөтүү керек экен. Менин жападан жалгыз “Жүрөк үнү” аттуу китебим 2014-жылы чыккан. Дал ошол китебимди жөнөттүм. Жыл боюнча карасак жобого туптуура. Анан 2015-жылы жылдын аягында ал сыйлык негизи […]

Армян эл жомогу: Кудай, сен мени түшүнбөпсүң

Жонундагы жүгү оор дыйкан тоо жакты беттеп баратып наалыган экен: – Жүгүмдү жеңилдетсең боло, Кудай. Же бир жанымды алып тынып, ушул азаптан куткарсаң боло. Ошол учурда эшеги жолдон өлүп калган соодагер, өлгөн эшегинин ээрин дыйканды мажбурлап көтөртүп коёт. Дыйкандын да аргасы болбойт көтөрбөскө. – Кудай-ай, жүгүм оор экенин сага түшүндүрө алган эмес экемин; а мүмкүн мени түшүнбөй калдың бекен, – дептир дыйкан.  Ууру Байдын үйүнө ууру кирет. Кожоюн үйүндөгү ууруну көрөр замат аны таяктап, кармайын дейт. Бирок ууру мурдарак озунуп, […]

Каныбек Эдилбаев: Чалгын ачкан көк жээктер[1]

Адатта, жаңы адабият менен искусствонун көз жарышы үчүн бүткүл дүйнөнү солкулдаткан социалдык-тарыхый төңкөрүштүн болушу зарыл эмеспи. Жыйырманчы кылымдын башталышын айбаттуу доош менен коштогон мындай төңкөрүш — Улуу Октябрь Социалисттик Революциясы болду. Революция тарыхтын демейки жүрүш багытын кескин өзгөрттү, коомдун өсүп-өнүгүш мазмунун, социалдык-саясий түзүлүшүн түп-тамырынан бери жаңыртып, жаңы негизге көчүрдү. Туш тараптан кысымга алынып, социалдык-экономикалык жана рухий күнкорлуктун айынан тарыхтагы аты өчүп, биротоло жоюлуп кетүүнүн кандуу босогосуна баш багып турган элдердин элдиги сакталып калды, алар революциянын кубаттуу шарапаты менен жаңы дүйнөгө […]

Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» уюган ойлор топтому III

<<<<<<< Башы Өнүккөн бир элдин катуу кармаганы,  керек болсо катуу жазалап койгону өнүкпөгөн бир тайпа үчүн атасы акылсыз баласын башкарып койгондой эле нерсе, ал ошол же жабайы, же жарым жабайы элдин өзүнө пайдалуу жол көрөт. ♦ ♦ ♦ Ачуу, акылдан адашкан абал, чарасыз кезде ортого чыгат. ♦ ♦ ♦ Ыроочу менен күлүк ат элдин мүлкү, элдин даңкы. ♦ ♦ ♦ Жер түбүндө жашаган маглукка көз керек эмес, жер түбүндө көз артык баш, алар жер алдында чөптүн тамырын кыркып,  дарактын тамырын […]

Айтматов сыйлыгын алууда жаштардын көз боёмочулугу барбы?

Чыңгыз Айтматов атындагы 35 жашка чейинки Мамлекеттик жаштар сыйлыгын аныктаган “Адабияттагы мыкты чыгарма” аттуу номинация бар. Аталган номинация ар эки жыл сайын берилип келет. Жеңүүчүлөрүнө 100 миң сом жана диплом, төш белги ыйгарылат. Бирок анын айланасындагы көзбоёмочулуктарга нааразы болгон айрым жаштар “РухЭш” сайтына атайы кат жолдоптур. Бир эмес эки калемгер удаа жөнөткөн каттан улам, жаш калемгерлер арасындагы тоголок арыздардын айланасында, о.э. быйылкы жылдагы Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын айланасында уу-дуу кептер арбычудай болуп туру. Негизинен кыргыз акын-жазуучулары арасында илгертен келген тоголок […]

Кадыркул Өмүркулов: Жылкы жыл

АҢГЕМЕ Уюлгуган кар борошо жума бою көз ачырбай уруп, тоо өтөгү аруу жуунду. Адаттагыдай эле жылдын аягында кун кыскарып, түн узарып, ал эми чыкылдаган суук тирүүнү чыйт түкүртө койбой, кыш кылычын ого бетер кычырай кармап чилде кирип келди. «Чилде чилделигин кылбай койбойт» деп ойлоду түнкү күзөттө жаткан жылкычы Кушубак. Ал күпүйгөн жылуу койнуна мылтыгын солоп, пахтадай таза, нары жаңы карды кыңкайып жатты бороондун сээлдегенине сеп ала түшкөнсүп, ого бетер ишенимдүү кар тээп, тумшугу менен жер искей чөп кууп, тирүүлүктүн шыбыртын […]