Чыңгыз Айтматов атындагы 35 жашка чейинки Мамлекеттик жаштар сыйлыгын аныктаган “Адабияттагы мыкты чыгарма” аттуу номинация бар. Аталган номинация ар эки жыл сайын берилип келет. Жеңүүчүлөрүнө 100 миң сом жана диплом, төш белги ыйгарылат. Бирок анын айланасындагы көзбоёмочулуктарга нааразы болгон айрым жаштар “РухЭш” сайтына атайы кат жолдоптур.

Бир эмес эки калемгер удаа жөнөткөн каттан улам, жаш калемгерлер арасындагы тоголок арыздардын айланасында, о.э. быйылкы жылдагы Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын айланасында уу-дуу кептер арбычудай болуп туру.

Негизинен кыргыз акын-жазуучулары арасында илгертен келген тоголок арыз аттуу балээ бар (аноним кат). Аксакал муундагы акын-жазуучуларыбыз да тоголок кат аркылуу бири-бирин аңга тоголотуп келген көрүнүш бүгүнкү жаш муун арасынан да табылчудай түрү бар. Бул албетте, өкүнүчтүү! Аныгында, коомчулукка чындыкты жеткирүүнү каалаган кат ээлери өз аты-жөнү менен ачыкка чыкканын биз да сурандык, бирок тоголок кат жолдогондордун биринен мындай жооп алдык: “Ачык чыкмакмын, бирок мен дагы ошолордун катарында конкурска катышып, китебимди бергем. Конкурсанттар андай жарыя менен чыкканга укугу жок экен. Мурдагысында алгандыгын айтып чыксам, өзүмдүн калемдештерим итчилик деп чыгышкан. Ошол мени колдомуш болгондор быйыл өзүлөрү ошол метод менен чыгармаларын беришиптир”.

Ушундай мүнөздөгү жооптон улам биз анын эң биринчи жөнөткөндөгү катын жарыялоону эп көрдүк. Агер чын эле аталган сыйлыктын тегерегиндеги көзбоёмочулуктар уланып жаткан болсо, албетте, буга тийешелүү тараптар өз чарасын колдонот деген ишенимдебиз.

Биринчи тоголок арыз

Менин бүгүнкү көтөрө турган маселем төмөнкүчө: Кыргыз элинин аттуу-баштуу жазуучусу Ч.Айтматовдун атынан уюштурулган конкурстагы кетирилген мүчүлүштүктөрдү көрүп, ичим ачышты. Башкасын билбейм, бирок адабият тармагында уюштурулган конкурста жаш калемгерлер көз боёмочулукка барып жатышат. 2017-жылы өткөндөгүсүндө сыйлыкты алган жаш акын М.Жангазиевдин колдонулган тактикасы быйыл өтө көп талапкерлер тарабынан колдонулуп жатат. Буга чейин колдонулган болсо таң калбагыла! Ал мындай: жобого ылайык эки жыл ичинде чыккан, элдин назарына тартууланган чыгармалар гана конкурска катыша алат. А булар болсо конкурс болорго чейин жарыяланбаган чыгарманы (китепти) мына конкурс болот дегенде талапка ылайык басмаканадан 4 даана китепти, арткы число менен чыгара салышат. Ал китептин бар экенин эч ким билбейт.

Максат Жангазиевдин 2017-жылы берилген «Табылга» аттуу китеби бар экенин бир да окурман билбейт, а конкурска арткы дата менен жарык көргөн чыгарма (китеп) берген жана сыйлыкка татыган. Быйыл дагы мен тааныган 3 жаш калемгер ошондой тактиканы колдонуп жатканын билем. Эгер мага ишенбесеңер ошол китептер басылып чыккан басмаканадан барып, китептин басылып чыккан күнү менен китептеги датасын салыштырсаңар (басмаканалар конкурска катышкан китептер жөнүндө маалымат берүүгө акылуу) чындык билинет. А эгер бул маалымат текшерилбей, ушул жогорудагы ж.б. эскертилген чыгармалар орунга илинсе мен аргасыздан коомчулукка жеткирүү максатында жарыялайм. Ошондо сыйлыктын жана комитеттин дагы аброю кетип калышы мүмкүн.

Максат Жангазиев

Экинчи тоголок арыз

Арыбазыз Олжоке! Сиз адабият тармагында олуттуу көйгөйлөрдү козгоп, жаңылыктарды жаратууда новаторлук же реформа жасоого ыктаганыңыз жагат. Ошого карата сиз менен бир аз иштешсемби деген ой кетти. Мен жаш калемгерлерди ичинен таанып, анализдеп дагы жүргөн жайым бар. Сизге анонимдүү маалыматтарды фактысы (далили) менен жөнөтүп турам, сиз “РухЭш” сайтына жарыялап турсаңыз кандай болот?

«РухЭштен» жооп:

Анонимдин артына жашынган киши чындыкты жеткире албайт, чындыкты ачыкка чыгып айткандан өтөрү барбы… Андай эле жаш калемгерлер арасында аруу иш кылгың келсе, өз атың менен чык. «РухЭшти» мен анонимдүү ысымдардын атына жамынткым келбейт…

P.S. Ушул боюнча экинчи тоголок арыздын ээсинен жооп ала элекпиз, бирок кандай болгон күндө да чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү арасында ар дайым боло жүргөн анонимдик каттарды жолдогонуңардын кереги жок бизге. Агер чыркыраган чындыкты коомчулукка чакылткыңар келсе, ар бир калемгер өзүңөрдүн аты-жөнүңөр менен ачык чыгып кызматташууңарды суранабыз…

Ал эми жогорудагы биринчи тоголок арыздын ээси ким экендигин Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлы жыйынтыкталган соң аты-жөнү менен жарыялайбыз.

3 Replies to “Айтматов сыйлыгын алууда жаштардын көз боёмочулугу барбы?”

  1. Эгемендик жылдарында чыккан муундагылардын тарбиялык өксүгү ушуга жеткирди көбүн. Ач көздүк, бой көтөрүүчүлүк абыдан сезилет азыркы жаштардын арасында. Элдик талант болуп калган улуу таланттарды караңыздарчы, Ырысбай Абдыкадыров, Табылды Муканов, Турар Кожомбердиев, Алым Токтомушев, Салижан Жигитов, Сагын Акматбекова, Тургунбай Эргешовдор эч бир чоң сыйлыкка жулунушкан эмес. Аларды эл гана баалап келе жатат.

  2. Азыркылар чыгармачылык изденүүнү коюп эле көбү сыйлыкка, наамга жүткүнүп калгандай. Чыныгы таланттар гана уяң болуп келгени чын экен тарыхта. Ал эми таланттан куру жалактары бул жердеги жазылгандай сыйлык үчүн ыр жазат, сыйлык үчүн таланттуулардын жолдорун торошот.

  3. Өтө уят мындай жосун. Жаш калемгерлер эмитеден адилдикти сүйбөсө адабият кайдан таза болот. Азыркылардын ыйманы да бузулган жаштар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.