Өкмөттүн эки жылда берилчү Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы бар. Ал 11 номинация боюнча берилет. Анын ичинде бизге тиешелүүсү “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы. Дал ушул сыйлыктын 2017-жылдын 12-декабрында лауреаты болдум. Бул сыйлык акыркы эки жыл ичиндеги жазган эмгек үчүн ыйгарылат. 2015-жылы бул сыйлыкка конкурс жарыяланып, жободогудай акыркы эки жыл ичиндеги эмгектерди көрсөтүү керек экен. Менин жападан жалгыз “Жүрөк үнү” аттуу китебим 2014-жылы чыккан. Дал ошол китебимди жөнөттүм.

Жыл боюнча карасак жобого туптуура. Анан 2015-жылы жылдын аягында ал сыйлык негизи эле 11 номинация боюнча ошол жылы берилбей калгандыгын уктук. Андан кийин сыйлыкты унутуп деле калганбыз. Арадан эки жыл өткөндө, 2017-жылдын жай айында конкурска катышуучуларга кайрадан КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен телефон чалышып, сыйлык 2017-жылы ыйгарыларын айтышып, бизди сыйлыкка сунуштаган мекемелерден сыйлыкка сунуш каттын датасын жаңылагыла дешти. Сунуш катты 2015-жылы (ошол кезде өзүм иштеп аткан) Ч.Айтматов атындагы лицейдин жамааты жазган, “Нурборбор” эл аралык чыгармачылык академиясы сунушка колдоо жазган.

Ошентип аталган мекемелер датаны жаңылашты. Анан “Жүрөк үнү” китебимден сырткары жазган ырларымды да 4 нускада китепче кылып, башка конкурстардан алган дипломдордун копияларын кошуп тапшырдым. Себеби эки жыл ичиндеги жаңы эмгекти кайрадан уюштуруучулардын эрки менен коштук. Анан жыл аягында лауреат болгонумду, сыйлык тапшыруу аземин айтышты. Анан калыстардын ким болгонун, комиссияда кимдер бар экендигин бизге сыр кылышты. Себеби конкурста катышуучулар калыстардын ким экендигин билбеши маанилүү.

Анан 2015-жылы берилбей, өз себептери менен 2017-жылы берилген сыйлыктан интрига жасап, көрө албастык кылган калемдештер, ушул нерсени жакшылап түшүнүп алсаңар. Мен эч качан сыйлыкты тааныш салып же сатып алгандардан эмесмин. Аны абийирим эч качан эп көрбөйт. Кудай буйруган экен, алдым. Силердин да алышыңарды каалайм! Ал үчүн минтип жалган айтып, көбүртүп-жабыртып калп маалымат таратпай, эмгегиңерди жөнөткүлө… А сыйлык эмне үчүн 2015-жылы берилбей 2017-жылы берилгенин Өкмөттөн же дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен сурасаңар, байболгурлар…

Айтматов сыйлыгын алууда жаштардын көз боёмочулугу барбы?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.