<<<<<<< Башы

Өнүккөн бир элдин катуу кармаганы,  керек болсо катуу жазалап койгону өнүкпөгөн бир тайпа үчүн атасы акылсыз баласын башкарып койгондой эле нерсе, ал ошол же жабайы, же жарым жабайы элдин өзүнө пайдалуу жол көрөт.

♦ ♦ ♦

Ачуу, акылдан адашкан абал, чарасыз кезде ортого чыгат.

♦ ♦ ♦

Ыроочу менен күлүк ат элдин мүлкү, элдин даңкы.

♦ ♦ ♦

Жер түбүндө жашаган маглукка көз керек эмес, жер түбүндө көз артык баш, алар жер алдында чөптүн тамырын кыркып,  дарактын тамырын кемирип, өмүрүн ошондой көз кереги жок караңгыда өткөрүш үчүн ылайыкталган.

♦ ♦ ♦

Жаркыраган кең дүйнөнүн убайын билген, көңүлү куштун канатындай  кылактаган,  дагы башка ажайыптарды көксөгөн асылзаада адамды жер алдына тирилей көөмп отуруудан  ашкан жаман нерсе, зорлук болбойт экен.

♦ ♦ ♦

Адамзааданы адамзаада кылган сезим — мээр сезими.

♦ ♦ ♦

Жан бар жерде өлүм бар, жаралган күндөн адамдын өзү менен кошо жүрөт,  а качан адамдын эрки сынганда,  жашоо кумары мукураган чагында каалоо да, кайгыруу да жок, бир каңгыраган бош сезимге өзүнөн-өзү чөгүп,  ошондо өлүм жеңет окшойт.

♦ ♦ ♦

Комуз! Жомсолгон бир жыгач, ичегиден тартылган үч кыл, көзгө комсоо. Күңкүлдөп сырлашат,  көңүл арманын бөлүшөт,  үмүт кыялды коштой ансайын элиртип,  адамдын  чөккөн рухун эки колтугунан таяйт — тилин билсең.

♦ ♦ ♦

Жорго минген жолдошунан айрылат,  көп жашаган курдашынан айрылат.

♦ ♦ ♦

Жаш кезде дене жалындаган от экен, карыганда оту өчкөн коломто болуп,  өзүн-өзү үшүтүп,  өзүнөн өзү жадап, жанагы «жаны жер тартат» деген калетсиз белем, жаткысы эле келип, жатып жамбаш талып,  бирок уйку канбай,  баш ооруп, дене жанчылып-ушинетип өлүмгө шартталып,  бул жаркыраган дүйнөгө жашоо азап болуп,  ал азаптан кутулууга өзүң макул болуп,  сүйүнүп,  шашып калат турбайбы…

♦ ♦ ♦

Көр тирилик экен, бир үйдүн жарыгы  бир үйгө тие койбойт экен…

♦ ♦ ♦

Бар болсоң тууган көрө албайт,  жок болсоң тууган бага албайт.

♦ ♦ ♦

Качкынга кең дүйнө сараңдын алаканындай куурулат.

♦ ♦ ♦

Досуңдун ашын касыңдай кайсап ич.

♦ ♦ ♦

Бөтөн жерде тербип күн көргөнчө өз жеримде сөөгүм жатсын…

♦ ♦ ♦

Жаштык кадырын жашы өткөн өзгөчө сезет.

♦ ♦ ♦

Өз мейнети кетпеген бекер ашка семиргендер бар.

♦ ♦ ♦

Каралык канча болсо бул жалганда, актын иши ашып түшөр андан да, каралык алдын тороп,  көзүн таңып,  тап жылдырбай өчүксө да, акыйкат келери анык кечиксе да.

♦ ♦ ♦

Жакшы адам гана жакшылыкты эсине алып жүрөт.

♦ ♦ ♦

Эне көргөн тон бычат,  ата көргөн ок жанат,  а таалим көргөн көч баштайт.

♦ ♦ ♦

Өз элибиз биз үчүн түгөнбөс кен, соолбос мүрөк.

♦ ♦ ♦

Жети кайра карыштап бир кес, аксактын акырына кара.

♦ ♦ ♦

Туз даам берген үй ээсинен шек саноо жарабайт.

♦ ♦ ♦

Катуулук дайыма кайра каршыгууну тууйт,  ишеним достукту тууйт.

♦ ♦ ♦

Дос тең болгондо дос, эгер бири эле же күчүн,  же байлыгын,  же акылын өйдө сезсе — ал дос эмес — бири кул, бири кожоюн!

♦ ♦ ♦

Бирөөгө жамандык кылган же бир жамандыгы оюнда катылуу жүргөн адам шексинип коркот.

♦ ♦ ♦

Акыйкаттан дили таза адам буйтай албайт.

♦ ♦ ♦

Досуңдун бергенинин тишин ачпа.

♦ ♦ ♦

Теңдиктен ишеним, ишенимден достук,  достуктан өтүп бир туугандык жаралат.

♦ ♦ ♦

Көңүл кең болсо коңул да кең, а көңүл тар болсо бу жаркыраган  аалам да тар.

♦ ♦ ♦

Башаты болбой суу болбойт,

баштаары болбой дуу болбойт.

♦ ♦ ♦

Тантыкты тантык десе өлгүсү келет,  чеченди тантык десе күлкүсү келет.

♦ ♦ ♦

Жол эки айры болсо жолбун ит башы каңгы.

♦ ♦ ♦

Эки жүздүү киши эки жакка тең душман.

♦ ♦ ♦

Кишинин көңүлү кыл үстүндө – кылт этти оңдо, кылт этти солдо.

♦ ♦ ♦

Башы мылжың болуп келсе, аягы кылжың болуп кетет.

♦ ♦ ♦

Ит ач болсо ээсинин этин жейт.

♦ ♦ ♦

Бейит кыштоодон алыс болбойт.

♦ ♦ ♦

Ит атасын тааныбайт.

♦ ♦ ♦

Өзүң өңдүү адамга,

жубантар сөзүң болбосо,

өзүң түрдүү карыпка,

кубантар көзүң болбосо

сакылыгың не пайда?!

Кошо болгон коому жок,

колунан чыккан сообу жок,

өзү жалгыз ыйлаган,

өзүнүн жанын кыйнаган,

адал терден мал таппай,

адам сыпат жан бакпай,

күндө кайыр сураган

жагат бекен кудайга?

♦ ♦ ♦

Таза жүрүп,  адал мейнет кылып,  азбы же көппү адал мейнеттин убайын көрүп,  ыракымдуу болуп,  өмүр өткөргөнгө не жетсин?!

♦ ♦ ♦

Кубаты жок киши капыстан тоё жеген демдүү оокатты аш кыла албайт.

♦ ♦ ♦

Зорлуктун табары корлук.

♦ ♦ ♦

Жакшылыкка жакшылык ар кишинин кылары,  а жамандыкка жакшылык эр кишинин кылары.

♦ ♦ ♦

Адамзаада болгон соң, мейли өлүп баратса да, өз кунун сактап өлүп,  тири болушса адам сөөлөтүн бузбай жүрүшсө боло?!

♦ ♦ ♦

Ар маглук жерди өз кадамы менен ченейт.

♦ ♦ ♦

Досуң көкүрөгүн көтөргүчө дос, көкүрөгүн көтөрүп алган соң тең ата,  сенден өрүш талашат,  төр талашат.

♦ ♦ ♦

Өлбөстү теңир жаратпаган, бүлбөстү чебер жарата алмакпы?!

♦ ♦ ♦

Кылычы кыска болсо — колу кыска, аты такасыз болсо — жолу кыска, а үзөңгүсү болбосо — ат үстүндө каруусуз экен.

♦ ♦ ♦

Жарым эс көзү менен көрүп билбегенди эси толо эси менен баамдайт.

♦ ♦ ♦

Сактыкка кордук жок.  Коңшуңдун үйүнөн өрт чыкса,  сен этегиңди жыйна.

♦ ♦ ♦

Жатындашың камчысын экөө кылса,  не бар не жок, сен төртөө кылууга камын.

♦ ♦ ♦

Киши баласынын ниетинде эки башталыш касиет бар.  Бири эси, бири жырткыч маглук мүнөзү.

♦ ♦ ♦

Өлүмтүк жеп кара кузгун миң  жыл жашайт,  ала барчын кыраан бүркүт бир мерте кан чокуп бир күн өмүр сүргөнүн абзел көрөт.

♦ ♦ ♦

Жакында болуп жатса жамандык иш тымпыйып билмексен болуу,  терс бурулуп көрмөксөн болуу — арамдык, күчтүүдөн күчсүздү арачалоо, карадан акты тазалоо — эстин иши.

♦ ♦ ♦

Кишилигиң — эсиң,  бул касиетиң болбосо өңгө маглуктан ашыкча эмессиң,  ошол көкүрөгүңдөгү нуруңдан адашпа,  ачууңду эсиң менен тыйын,  оң колуңдун шоктугун сол колуң менен карман,  сол колуңдун туткагын оң колуң менен басын.

♦ ♦ ♦

Келкел бир келер,  анын келгенин,  кадырын билген билер!

♦ ♦ ♦

Жаш кезде күн узун сезилет, демек өмүрүң узун,  өзүң түбөлүктөй,  бул жаркыраган кең аалам  күүлдөгөн тирилиги менен кошо сеники сыяктуу көңүлүң жай,  этегиң жабылбай турганы көзүңө эч көрүнбөй эрдемсип,  дагы толуп-ташып жүрөсүң. А эки жакты абайлаганча кайран өмүрдүн жарымына ооп, бир убакта эле күн өткөнүн санап үлгүрө албай,  анын мынчалык байкалбай да, тез да кымырылып өтүп кетип жатканына өзү таң болуп,  бир паска токтотуп турушка айла жок,  адам маң болот. Ирең эскирген сайын  бир кездеги эрдемсинген  көңүл өзүнөн-өзү чөгүп, бул жарык дүйнөгө утурумдукка бир түнөп өтчү жолоочу сыңары өзүнөн-өзү комсунуп,  бул опур-топур дүйнөдө өзүнөн-өзү ээнсирейт экен,  жалгызсырайт экен го?!

♦ ♦ ♦

Э, адам ай! Бири курсагы тойгонуна  корстон,  бири ал үчүн башка бирөө тер төккөнүнө кудайдын бергениндей ыраазы,  бири жер өрттөп чуу чыгарганына,  бири жабырап айткан ушагына,  бири бирөөнүн ак көңүлүн сындырганына жубанат.  А дагы бири кайран өмүрдүн кайра бери кайрылбас ылдыйына барган убагында же өзүнө,  же башкага жарамдуу эмне иш бүтүргөнүн тымызын эстеп,  тескеп, алгылыктуу бирдеме болгон болсо «мен муну баштап…» » мен муну бүтүрүп…»деп, көңүлүнө кыйла төтөк кылат,  колунан келишинче дагы бир  пайдалуу нерсе өтөп калууга астейдил шашылат, а кайсаланса эчтемеси өз көзүнө толбосо бул асыл дүйнөнү бөөдө тепсеп,  бөөдө эле кирдетип,  изи, жыты калбай кайра кетип баратканына астейдил өкүнөт,  курдашынан,  өз баласынан уялат.

♦ ♦ ♦

Көп жашаш эле муратпы?! Биртке өмүр сүрсөң да,  көбүрөк ой терметип,  демек узун жол басып,  азиз өмүрдү адалат ишке чаптамак абзел экен.  Өмүрдүн куну өмүрдүн көптүгүндө же өпчап  өткөнүндө эмес, не деген иш өтөгөндүгүндө белем?!

♦ ♦ ♦

Шакиртти асте нук көрсөтүп жөлөө — улуу устаттын улуу өрнөгү.

♦ ♦ ♦

Туура бийде тууган жок,

тууганчыл бийде ыйман жок —

кыя карап үңкүйүп,

бөөшсүнүп тымпыйып,

кабак жазып каткырбай,

жакшы эле ишти жактырбай,

агар сууну актырбай,

акыйкатты таптырбай,

бирөөнү нары түртүп куугансыйт,

бирөөнү бери тартып туугансыйт —

элдин ичи бузулат,

не муратка жетмекчи,

не бүткөрүп кетмекчи,

акыры эзил журттун тузу урат…

♦ ♦ ♦

Жаман жоо белем карылык, жакалаша да, укукташа да албайсың.

Топтогон Мээрим Сайдилканова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.