Айман[1] эл жомогу: Билимдин пайдасы

Айман падышасы буйрук чыгарат. Буйрук негизинде: анын өлкөсүндө билимсиз адамдар болбошу керек. Окуганды, жазганды билмек тургай – философиясы, элдин чечендик өнөрү, кудай таануусу да башка өлкөлөрдүкүнөн артта калбоого тийиш болот. Уруулардын биринде Хамдан деген шейхтин өспүрүм уулу бар экен. Буйрук чыккан соң – окуш керектигин түшүнөт ал! Атасы жөнөкөй, бирок элге кадырлуулардан экен, өкүмдар менен уулуна сөз кайтара алмакпы: окуса окусун дейт. Шаарга жөнөтөт, көмөгүн көрсөтөт колунан келген. Бирок окугандан не майнап чыгарынан маани таппайт. Анын эркине койсо, эркек деген […]

Байма Сутенова: Өткөн бир окуя

АҢГЕМЕ Ыраматылык эжемди эстеген сайын, тээ мен бала чакта өткөн бир окуя эске түшөт. Атамдын эжеси болгондуктан биз «Чоң эже» деп атачубуз. Өзү да балпайган, сөөктүү киши. Анча-мынчаны жактыра бербеген, аз сүйлөп, эртели-кеч көп кыймылдачу. Бирок, биз жактагы чоң энелер (эжемдин жеңелери) эжемди атынан айтышпай «Манап кыз» деп тергешчү. Мен эжемдин манаптыгын байкабасам да, жашы улгайып калганына карабай боюн түзөп, салабаттуу жүргөнүн байкачумун, ошондуктанбы, күйкөдөй түйтөйгөн сары жездеме балалык кызганыч сезим менен көп ыраа кыя берчү эмес элем. Өзүнүн келиндери […]

Владимир Зеленскийдин таамай айтылган сөздөрүнөн

Менин абыдан каалаганым – кабинетиңерде сүрөтүм турбасын. Президент деген – икона[1] эмес, идол[2] да эмес, президентти портрет кылбагыла. *       *       * Мамлекет – бул бизнестин атаандашы эмес, тескерисинче, бизнес ишине шарт түзгөн сервис. *       *       * Менимче, биздин өлкөдө саясат жөнүндө азилдер дайыма эскирбейт. Мүмкүн саясатчылар арасында эскирер, бирак эл арасында иттей актуалдуу. Качан болсо кимиси кайда жүрү, кайда туру, кайда жатыры, кайда отуру – ушул шекилдүү. *       *       * Эч качан территориябыздан ажырабас тынчтык үчүн кызматтан кылчактабай кол жууганга […]

Белек Солтоноев: Чыңгыз хан заманындагы кыргыз

Адам жана жер (Человек и земля) деген орус тарыхында Чыӊгыз хан өзү түрк болгон дейт. Мусулман тарыхында айтылганы: Мурунку угуз түрк хандары насилинен кыйат аталып биздин эранын 794-жылында Кытай жери Шамодо тиричилик кылып жүргөн бир түрк урууну монголдордун арасынан келип, аларды бийлеп келген. Бул тукумдан келген хандар ар түрлүү элди бөлүп алып сурап келген. Чыӊгыздын бабасы Бартам баатыр менен бир тууган Хотоло хан заманында XII кылымдын ортосунда (1150-160-61) жылдар да бул моголдор Кытай императорун коркутушуп турган. Чыӊгыздын атасы Эсугей баатыр […]