Айман падышасы буйрук чыгарат. Буйрук негизинде: анын өлкөсүндө билимсиз адамдар болбошу керек. Окуганды, жазганды билмек тургай – философиясы, элдин чечендик өнөрү, кудай таануусу да башка өлкөлөрдүкүнөн артта калбоого тийиш болот.

Уруулардын биринде Хамдан деген шейхтин өспүрүм уулу бар экен. Буйрук чыккан соң – окуш керектигин түшүнөт ал!

Атасы жөнөкөй, бирок элге кадырлуулардан экен, өкүмдар менен уулуна сөз кайтара алмакпы: окуса окусун дейт. Шаарга жөнөтөт, көмөгүн көрсөтөт колунан келген. Бирок окугандан не майнап чыгарынан маани таппайт. Анын эркине койсо, эркек деген мылтык атканды, кылыч чапканды, төө минип, кофе өстүрүүнү билсе – жетет да…

Үч жылдан соң уулу өз айылына чилистен болуп кайтып келет. Атасы аны босогодон тосуп алып, сыйлуу меймандар гана кирип жүргөн чоң бөлмөгө баш бактырат. Дасторкондо кызарта куурулган тоок эти булоолойт!..

– Йе, кеп кыл балам, эмне деген илимге жеттиң? – деп турганы.

– Философ болдум! – дейт уулу. – Өнөрүмдү көрсөтөйүнбү? Азыр сүйлөп баштасам – табактагы бир тоок, экөө болот…

– О бали, – дейт атасы. – Баштачы! Сөзүң бүткөндө – мен бул тоокту жейин, а сен – беркинисин!..

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Айман – Йемен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.