АҢГЕМЕ

Ыраматылык эжемди эстеген сайын, тээ мен бала чакта өткөн бир окуя эске түшөт. Атамдын эжеси болгондуктан биз «Чоң эже» деп атачубуз. Өзү да балпайган, сөөктүү киши. Анча-мынчаны жактыра бербеген, аз сүйлөп, эртели-кеч көп кыймылдачу. Бирок, биз жактагы чоң энелер (эжемдин жеңелери) эжемди атынан айтышпай «Манап кыз» деп тергешчү. Мен эжемдин манаптыгын байкабасам да, жашы улгайып калганына карабай боюн түзөп, салабаттуу жүргөнүн байкачумун, ошондуктанбы, күйкөдөй түйтөйгөн сары жездеме балалык кызганыч сезим менен көп ыраа кыя берчү эмес элем.

Өзүнүн келиндери да алдынан кыя өтпөй, ал тургай атам баштап биз да эжемен сестенчүбүз. Канчалык ичим элжиреп, жанына барып алдына эркелегим келсе да, билинер-билинбес түйүлгөн кабагынан чочулап, урушат ко деп жакын жолой алчу эмесмин. Мен корккудай деле эжемин урушканын көргөн жокмун, атам менен өзүнүн улуу уулун акылдуу киши болгула деп жемелегени болбосо. Негедир, ичкилик ичкен кишини көрсө итатайы тутула турган.

Бул окуя да арактын айынан болгон. Ар бир айылдын жакшысы, жаманы болот окшобойбу. Биздин айылдан чоң окумуштуулар, жазгычтар чыкса да, айыл ичи көпчүлүк учурда аларды эскербестен кийинки кездерде ар кимисин бүшүркөткөн бир адам жөнүндө көбүрөк кеп кылышты. Аял болуп туруп арактын артынан кетип, кошуна-колоң гана эмес, бүт айылдын тынчын алды. Өз аты Чыймыттай, а аны көпчүлүк Сакадай деп атап калышты. Ага теңелүүгө айылдан эркектер да табылбады. Чыймыттайдын ар бир кезексиз койгон «комедиясын» уккандар, айылга мейманчылап келгендер баш чайкап кейип, же болбосо боорлору ката күлүшчү. Бирок көзүнө көрүнө күлө алышпады.

Чыймыттайды көкөлөткөн анын кызмат абалы. Бүт айылга жарык берүүчү трансформатор анын үйүнүн түбүндө. Укмуштуу кишиге да укмуштуу кесип, Чыймыттай электрик-монтёр. Каарына калдың дегиче сенин үйүң жактагы линиянын жарыгы күйбөйт. Той болобу, уяттуу кишилерди үйүңө чакырасыңбы, алдын ала Чыймыттайды сыйла, тойлот. Кээде жанга батарлык сөздөр чыгып, кыжырлары келсе да негедир айылдаштар Чыймыттайды ана тыйылат, мына тыйылат деген ой менен жогор жакка кайрылышпады, намыс кылышты.

Менин апам иштүү киши эле. Шырдак, туш кийиз оюу болгондо айылдагылар апама келише турган көтөрүнүп, ошондуктанбы, биздин жүктө тизилген жууркан-төшөккө караганда шырдак менен ала кийиз көбүрөк жыйылып турчу. Чыймыттай да апамдын уздугун унутпай бир күнү көчөдөн жолугуп шырдак жасап берүүсүн сураныптыр. Чыймыттай бурдап өтпөгөн айылда саналуу гана үйлөр бар эле, алардын бири биздин үй.

Арадан көп өтпөй уй бададан келип, эл жаңыдан кечки тамагына отурар мезгилде үйгө Чыймыттай менен күйөөсү, там-туң басып калган кызы кирип келишти. Колдорунда капшыты чыккан чоң кара сумка. Буга бала мен эмес, атам-апам да катуу таң калышты. Конок камы болуп, кой сойбосок дагы үйдөгү сакталуу эттен салдык, дасторкон үстү да куру эмес. Бир-эки чыны чай ичилген соң Чыймыттай кадимкисинен башкача кыймылдап, башкача сөз баштады.

— Мурун-кийин катыш болбогон соң, биздин көтөрүнүп келишибизди эрөөн көрбөгүлө. Катыш болбосок деле, буюрса мындан ары катыш болорбуз. Мынабу эле жаман кыз уз болсун, Айнаш энесиндей зымга тарткандай зыңгыраган киши болсо деген ойдо, ушул жаманыбыздын кулагын көзөтөлү деп келдик,— деди.

Кыргызда кулагын көзөткөндө жакшы катыш болуп, кулагын көзөгөн жак наристеге тай, торпок энчилейт эмеспи, менин ата-энемдин оюна нелер келип кетти, айтор бир саамга жалдырай түшүштү. Чыймыттайдын күйөөсү муун-жүүнү бошураак маңыз киши эле, аялынын сөзүн угуп башын ийкеп олтура берди. Менин көзүм чоң кара сумкада. Чыймыттай сумкасын ачып атама шым-костюм, апама көйнөк, мага бир сыйра сырткы кийим. Бала деген бала да, жаңы кийим кийип оромпой тепкеним менен «кой катыгүн баласын мынча бетине кармап келген соң, кой сойбосок болбойт» деп үйдөгүлөрдүн күңкүлдөп жатышканын да кулагым чалды.

Бирок Чыймыттай кой сойдурбады. Жаңы ийне ала келген экен, кызын апам экөөлөп кармап туруп кулагын көзөп, кызыл жип өткөрүп коюшту. Кызы болсо ооруганын сезбегендей колундагы момпосуй менен алек. Же апамдын колу ошондой эле жеңилби?

Дасторконду тегеректей олтурушканда Чыймыттай кызына сүйлөмүш болуп:

— Эми Айнаш энекең кызына кандай шырдагын берер экен, атаң машинесине түшүрүп бизди кайда алып барар экен,— деди. Апам чочуп кеткени менен билгизбей тим болду. Атам Чыймыттайдын күйөөсү менен тынбай ичип жатып аябай кызуу болуп калган экен. Мени өзүнө тартып, үксөйгөн чачыман сылагылады.

— Мейли, каалаганыңды ал. Кызың менин кызыма сиңди болсун, жалгызыма жөлөк болсун. Шырдак, машина ушул жаман кыздардан айлансын,— деди опурулуп.

Алар эртеси түшкө чейин конок болушту. Түш ченде гана жүктөгү кооз, чоң шырдактын бирин алып атамдын машинесине отурушуп үйлөрүнө кетишти.

Эртеси чоң эжемкине желе-жортуп жөнөдүм, үйгө түнөгөнү гана келбесем көпчүлүк убакта көчөдө жүрөр элем. Мени көрүп эле эжем ачууланды.

— Ие, кудайдын аткыры! Шырдагыңар ошондой эле көп болуп жатса, көрүнгөн аракечке таратпай менин төрүмө бирди салып коюшсунчу. Жаман кишинин жандаганы да жаман,— деп айкырып коё берди. Көп сүйлөдү, мен башымды жерден албай тура бердим. Кебетеме боору оорудубу, кайра үйүнө жетелеп кирип, жаңы тартылган каймактан алдыма коюп Чыймыттайлар эмне алып келишкенин, атамдар эмне кылып сыйлашканын сурады. Мен чып-чыргасын коротпой айтып бердим.

— Шырдакты анда сатып алган турбайбы, силерден. Ой кечээтен бери эле шырдакты жая салып коюп өткөн-кеткенди чакырып арак берип эле тойлоп жатат. Чакыраарын чакырып алып «сен иниңден шырдак ала албай жүрөсүң, мен барсам эле катыш бололу деп шырдагын машинасына салып карыш турган жерге жөө бастырбай жеткирип койду» деп мени шылдың кылат. Бутум ооруп өлгөнү жатсам бир басып келбейт да аракечтер менен көңүл жакын болот,— эжем өз алдынча сүйлөнүп атама ачууланды. Анан мага кайрылып:

— Шашпай курсагыңды тойгуз да кечинде бададан уйду тозуп кел. Бутум бастырбайт, болбосо өзүм эле барат элем,— деди. Жездем неберелерин алып, уулуна жайлоого кеткен, ошондуктан эжем үйдө жалгыз эле. Курсак тойгон соң колума кичине жыгач тырмоок карматып, өзү да айры ала огороддогу чабылган бедени жыйнай баштады. Ойлоп коём: «Бутум бастырбайт дейт да анан чөп жыйнап жатат» деп. Анда кайдан билейин, жатып калмайынча оокат деп адамдын тырмалай беришин.

Чыймыттайдын үйү эжемдин огородунун аягында болгондуктан алардыкы тараптан кыйкырык, ызы-чуу угулууда. Бул эмнеси дегендей мен эжеме карасам оюмду түшүнгөндөй «ээ балам, арак да, арак болбосо Чыймыттай дурус эле киши» деп койду. Алардын урушу мага ушунчалык кызык болгондуктан чуркап барып кашаага чыгып карагым келип, эжемен коркконуман эле араң турам.

Биз чөп жыйнап ортолоп калганда алба-далбасы түшүп Чыймыттай келди. Жоолук желкесинде. Мени көрө коюп калп каткырып бетимен шалпылдата өпкөндө, ашаткы жыттанып, жеген каймагым оозуман чыгып кете жаздады. Аны айтты, муну айтты, эжем болсо келдиңби деп да койгон жок.

— Иниңдин мага шырдак бергенин көрө албайсың. Нечен жылдан бери уул-келиниң кой артында, жыргаткан кийизиң жок дейби,— деди ал. Көп сөзүнө түшүнбөсөм да Чыймыттайдан жаман жададым. Эжем болсо солк этпейт, чөбүн Жыйноодо. Бир аз сестенсе да, элдин баарын жалтантып көнгөн Чыймыттай эжемдин жанына барып жеңден тартты.

— Капырай, жеңе, сен эмне сүйүңкүрөбөйсүң, качантан бери унчукпас болуп калгансың?

— Койчу Чыймыттай, дегеле сенден жакшы киши жок, бар, барагой, эс ал,— деп колундагы айрысын оолак таштап, эжем үйдү көздөй басты. Тырмоокту сүйрөй мен артында. Жоолугун оңдоп салынып Чыймыттай да калбады.

— Сен жеңе, мени жеңил тутпа, жатып эс ал дегендей мен эмне мас белем. Ушинтип керейгениңен жаш кезинде үй кайтарып, а абам болсо кырманда кыз-келиндер менен ойноп жүрчү турбайбы? — деди.

— Ок, кудайдын каары! Эмне деп жатат жаш баланын көзүнчө? — эжем чочуп кетти. Менин көзүмдү карап эжемдин жалтайлаганынан улам Чыймыттай күчөдү. Улам бирөөнүн оозун карап мен ортодо.

— Кудайдын каарына калганың үчүн алдагичилеп бутуң челек болуп тултуюп шишик басып отурасың. Ары жок кишиге айла жок, убагында салбар болгону менен иши жок, анан жаш бала… жаш бала деп коёт… — Чыймыттай тилин чайнап эжемди туурады. Эжем, солк этпеген эжем, бир аттап менин колумдагы тырмоокту алып Чыймыттайды басып-басып алды. Эмне болуп кеткенине башым жетпей, көөдөндөгү кичинекей жүрөгүм гана тынч албай дүкүлдөп жатты. Эч кимге жалынбаган Чыймыттайдын үнү жалынычтуу чыкты.

— Жеңе, жеңе! Балдарыңдын күнүн көргүр, болду кокуй, өлтүрдүң, жеңеке!

«Дегеле ушундан келгенди көрдүм» дедиби эжем экиге бөлүнгөн тырмооктун сап жагын оңдонуп кармап:

— Өлүп кет, кудайдын каары! Бүтүндөй Жайылманын маңдайына бүткөн жылдыз болсоң да. Эл-журттан, балдарыңдан уялсаң боло. Өзүнүн кылыгын билбейт да, элдин картын чукуйт жаман арам!— дагы бир жолу тырмооктун сабы желкесине жаза-буза тийген Чыймыттай ордунан туруп кеп-сөзгө келбей, улам артын карап коюп үйүн көздөй жөнөдү.

Эжемдин ачуусун мен ошондо биринчи көрдүм, өзүнчө сүйлөнүп, тырмооктун сабын алыс ыргытып жиберип үй жакка каалгый басты.

Жанатан бери далдоолонуп Чыймыттай менен эжемдин кылыктарына кызыкка баткан кошуналар аркылуу эртеси эле бүт Жайылма айлына бул окуя дүңк этти. Акылына келдиби, элдин кебинен уялдыбы — ошол бойдон Чыймыттайдын дабышы чыкпады. Ал окуяга бирден бир мен күбө болгондуктан бир топко сыймыктанып жүрдүм. Азыр Чыймыттайды көргөн сайын эжемди эстейм, мен ошол бойдон экинчи көрбөгөн ачуусу келгендеги портрети көз алдыма тартылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.