Касым Каимов: Кайната

АҢГЕМЕ Алдыда бир жума бар. Бул убакыт ичинде кандай камынам десе, а түгүл айылдагы ата-энесине, бүт агайын-тууганына кабарлашам десе да үлгүрөт. Биринчи жолу жүз көрүшө турган кишилер да балдарды камынтнай барып, шаштырып койбойлу дегенсип, келер учурун атайын бир апта мурда билдиришкен чыгар. Бирок мейман күтүүчү жаңы үй-бүлө чабалактаган жок. Агайын-тууганы түгүл, ата-энесине да кабар жиберишпеди. Эмнеси болсо өзү менен өзү… Үй ээси деген атка ээ болгон Кубат шыңга бойлуу, коңкогой мурун, ак куба жигит, жыйырма эки-жыйырма үч жаштар гана курагында. […]

Азамат Омош: Биздин заман жору-дүйнө

МКАД[1] Бийик үйлөр, кызыл-тазыл чырактар, Маркет, кафе, офис, банктар чар тарап: Сага жетип жомок жашоо түгөнүп, Сенден ары жомок дүйнө башталат. Сага чейин мизилдеген асфальт жол, Сенден кийин баткак жолдор тизеден. Сага чейин маданият барат да, Сенден кийин самогондор шишеде. Сага чейин жалындаган жаштык бар, Сенден кийин өлүм күткөн кемпир-чал. Сага чейин бийик айнек имарат, Сенден кийин кулачудай жер тамдар. МКАД, МКАД — сен ушундай кызыксың, Бир өлкөнүн эки башка жашоосун, Бөлүп турган чек арадай сызыксың. Сага жетип жомок жашоо […]

Олжобай Шакир: Тоголок каттын автору

АҢГЕМЕ Турмуштун өзүнөн алып жазылган чыгармалар болот. Бирок аны ким канчалык көркөмдөп жазары мага белгисиз. Тек бүгүн адаттагыдан башкача мазмундагы аңгеме баштап отурам, урматтуу окурман. А оң каарман, терс каарманды өзүңүз ажыратып алыңыз. Мага бул аңгемени көркөмдөп жазуунун деле анчалык кажети жоктой сезилет. Тек, болгонун болгондой баяндап бергенимде кеп. Анткени бүгүнкү биз жашаган коомдун жийиркеничтүү бул көрүнүшүн көркөмдөгөндө не, шөкөттөгөндө не… Электрондук почтама кат келди жакында. Ал катты сиз менен бирге окуйлу эмесе. Кептин тузу ошондо. Кат маминтип башталат: «Урматтуу […]