МКАД[1]
Бийик үйлөр, кызыл-тазыл чырактар,
Маркет, кафе, офис, банктар чар тарап:
Сага жетип жомок жашоо түгөнүп,
Сенден ары жомок дүйнө башталат.

Сага чейин мизилдеген асфальт жол,
Сенден кийин баткак жолдор тизеден.
Сага чейин маданият барат да,
Сенден кийин самогондор шишеде.

Сага чейин жалындаган жаштык бар,
Сенден кийин өлүм күткөн кемпир-чал.
Сага чейин бийик айнек имарат,
Сенден кийин кулачудай жер тамдар.

МКАД, МКАД — сен ушундай кызыксың,
Бир өлкөнүн эки башка жашоосун,
Бөлүп турган чек арадай сызыксың.
Сага жетип жомок жашоо түгөнүп,
Сенден ары жомок дүйнө башталат…

СҮЙҮҮ КҮНҮ
«Сүйүү күнү» — босогодон баш бакты,
Рати[2] сымал азгырыктуу каш какты.
Көшөгөдөн көгөрөмүн деп жүргөн,
Карындаштын тилектери таш капты.

Белгиленген күнү болбойт сүйүүнүн,
Сүйгөн жүрөк үчүн ар күн сүйүү күн.
«Он төртүндө» чечкен үчүн көйнөгүн,
Чечкендер көп тагдырынын кийимин.

Тирүүлүктө сүйгүн, сүйүл, жалында,
Сүйүүсү жок сүргөн өмүр жарым да.
Ак көшөгө болсун сүйүү түнөгү,
Азгырылып түз жолуңдан чалынба.
Ак көшөгө болсун сүйүү түнөгү,
Азгырылып түз жолуңдан чалынба.

ЭКӨӨНӨ КАТ
Оо, силер каякка барасыңар?
Керекпи бүтпөгөн талашыңар?
Ооруткан бүтүндөй Жерликтерди,
Ириңдеп, зилдеген жарасыңар.

Канчанын таптырбай алапайын,
Кыйратып шаарларды жарат айың.
Тынчтыкты каалашат Жер бетинде,
Кадимки амиркен[3] карапайым.

Ышкырып бомбанын добуштары,
Кыйрады канчанын конуштары.
Тынчтыкты каалашат, согушту эмес,
«Эрфынын» — жөнөкөй орустары.

Миллиард тилекти сурап койбой,
Бир келген өмүрдө ынак болбой.
Дүйнөнү башкарам жалгыз деген,
Дымагың курусун дымак болбой!

Жетишет! Экөөң тең токтогула!
Айыптуу экөөңсүң отко мына.
Жарышып ракета октобостон,
Акылды дүрмөттөп октогула!

*     *     *
Сүйүшкөн ынактардай сагынышкан,
Талаа-түз аппак жууркан жамынышкан.
Чокусун өпсө Күндүн нуру тоонун,
Күзгүдөй көз уялтат чагылышкан.

Токойлор ак тон кийип күпүйүшөт,
Аскердей салабаттуу дүпүйүшөт.
Карачы, айлананын баары аппак,
Карыгып көздөр талып бүтүйүшөт.

Баары уктайт балага окшоп кучактагы,
Карайып так көрүнөт узактагы.
Үшүгөн тооктордой үтүрөйүп,
Талдардын салаңдашат бутактары.

Кышкы суук өкүм сүрөт теребелде,
Ышкырып жаадан учкан жебелердей.
Чымчылайт кулак-мурун кызарганча,
Тийишсең чымчып алган жеңелердей.

Эмгекти табийгаттын күчү сынап,
Кышта кар ошол жылдын куту сымал.
Эшикте айлаңды алган кышкы аяздын,
Үйдөгү мешке тийип буту сынат.

*     *     *
Кар жаап жатса токтобой бабалактап,
Кар атчубуз кыздарга жабалактап.
Кеч киришин күтчү эле бизден мурун,
Көпкөк музга көмүлгөн жылгаяк жак.

Эх, анда биз эшекчен чоң улакчы,
Терлеп кетип, карга бир чаап тумакты.
Кыш суугунун шаштысын кетирчүбүз,
Шорок тартып куюлган «көк улакты».

Оюн болуп эси-дарт, ойлорубуз
Келип таңдан-кечке эле ойногубуз.
Өтүгүбүз конькиден ылдам кетип,
Сезилбечү көк муштум тоңгонубуз.

Аттиң, аттиң! Балалык өткөн экен,
Мезгил деген баары бир өктөм экен.
Баш оорутуп көмүрдү ойлобогон,
Балалыкта кыш дагы көркөм экен.

Оюн болуп эрте-кеч эрмегибиз,
Балалыкта кыш дагы көркөм экен…

АЛИШЕР
Канча элге салып чуру-чуу,
Канчалардын кыйган ырысын.
Кеп кылышып бүтпөйт адамдар,
Темүчиндүн кандуу кылычын.

Үшүн алган эчен эмирдин,
Көлөкөсү сыңар Теңирдин.
Каарын айтып бүтпөйт адамдар,
Кан чеңгелдүү төкөр Темирдин.

Кайнап чыгып шайтан ичтеги,
Басып алам деген бүт жерди.
Жек көргөндөн элдер чарчабайт,
Коңуз мурут Адольф Гитлерди.

Жалаң канкор тапкан эмес Жер,
Болду сөзү элге керектер.
Ана ошолор Кудай ааламга,
Аянбастан берген белектер.

Ошолордун бири — жарык төр,
Чети оюлбас коюу, калың чер.
Казынасы жалпы Түрктөрдүн
Булбул мисал мукам Алишер.

Мактангандыр балким өз ишин,
Канкор Гитлер, Темир, Темүчин.
Кылычка да багынбагандар,
Тан алышты калем жеңишин.

Менден күлүк чыгып, кулунум,
Багынт бүткүл дүйнө булуңун.
Тилек кылып атын ыйгардым,
Жалпы Түрктүн улук уулунун.

Азгырыктуу теңге кумары,
Заманымда болдум кулаалы.
Заманыңдын көктү көксөгөн,
Сен бүркүттөй болгун кырааны.

УУЛУМА
Каралдым, кагылайын муштумдайым,
Үмүттүн отун жаккан учкундайым.
Кудайым коюнума салып берген,
Аздектеп, сүйүп жүрчү кутсуң дайым.

Кичинем, ананайын алакандай,
Жытыңды жыттай берем сага канбай.
Оймоктой оозуң ачып ыйлаганың,
Жем издеп жаткан назик балапандай.

Эл уулу болсун дедик, апаң төрөп,
Керегең — Адыгине, уугуң мөнөк.
Күн өпкөн төбөсүнөн кыргыз — түндүк,
Түндүккө кереге-уук болот жөлөк.

Эр жетип, элин баккан султан болгун,
Туягы ташыркабас тулпар болгун.
Ансыз да биздин заман жору-дүйнө,
Бүркүт бол, шукшурулган шумкар болгун.

[1]  МКАД¹ — Московская кольцевая автомобильная дорога.

[2] Рати² — индустардын мифологиясындагы жеңил ойлуулуктун, көңүл ачуунун, дене кумарынын кудайы.

[3] Рати² — индустардын мифологиясындагы жеңил ойлуулуктун, көңүл ачуунун, дене кумарынын кудайы.

2 Replies to “Азамат Омош: Биздин заман жору-дүйнө”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.