АҢГЕМЕ

Алдыда бир жума бар. Бул убакыт ичинде кандай камынам десе, а түгүл айылдагы ата-энесине, бүт агайын-тууганына кабарлашам десе да үлгүрөт. Биринчи жолу жүз көрүшө турган кишилер да балдарды камынтнай барып, шаштырып койбойлу дегенсип, келер учурун атайын бир апта мурда билдиришкен чыгар.

Бирок мейман күтүүчү жаңы үй-бүлө чабалактаган жок. Агайын-тууганы түгүл, ата-энесине да кабар жиберишпеди. Эмнеси болсо өзү менен өзү…

Үй ээси деген атка ээ болгон Кубат шыңга бойлуу, коңкогой мурун, ак куба жигит, жыйырма эки-жыйырма үч жаштар гана курагында. Жаштыгына карабастан бир сырдуу, калбаат болгондуктан, башкаларга токтомдуу, ар бир ишти акыл менен өлчөп иштөөчү кишилердей туюлуучу. Анын бул өзгөчөлүгү иш жүзүндө анчалык байкалбагандыктан, Кубат жөнүндө ар кандай түкшөмөлдөр тараган. Аны жаш башы менен тымпыгый, арамзаарак, кийин кандай болор экен деп шектенүүчүлөр да бар эле.

Кубаттын келинчеги тал чыбыктай ийилген кызыл көйнөк Асел ага караганда оюнкараак бала сыяктуу. Турмуш ага өзүнүн башындагы бир байлам кызыл манат жоолуктай кооз жана кызык көрүнүп турган учур. Ал он жылдыкты жайында бүтүрүп, күзүндө ушул жигит экөө баш кошуп отурбайбы! Андан бери сегиз ай гана өттү.

Бир жумадан кийин келе турган кишилер ушул Аселдин ата-энелери эле. Алар кызы күйөөгө чыкканы көрүшө элек болучу. Катташуу эми гана башталганы турат.

Биринчи жолу үйлөнүшүп, биринчи жолу өзүнчө үй-жайга ээ болуп, биринчи жолу мейман күткөн жаңы үй-бүлөгө жашоо улам кызык, маанилүү жана шаанилүү көрүнүп, өмүр соолбос булак суусундай сезилет.

Бир-жуманын акыркы таңы аларды күндөгү маалынан эртерээк ойготту. Кубат жаңы боз костюмду кийип, ак көйнөгүнө ылайыктап, ак чаар галстугун байланды. Асел жеңдүү кызыл көйнөгүн кийди. Булардын жасанышына караганда мейман күтпөй эле, өздөрү мейманга барчудай.

Кадырлуу меймандар айтылган күнү бешим ченде эки машина менен келишти. «Волгада» Аселдин ата-энеси жана жеңеси. Агасы сеп жүктөлгөн жүк ташуучу машинанын кабинасынан түштү.

Бул убакта Кубат жумушунда эле. Ал иштен кайтып келатып, короодо турган эки машинаны көргөндө, бир айыл көчө келгенби деп чочуп кетти. Мынчалык көп кишини сыйлоого жана жолдугун берүүгө эмне чак келет!

Кубат аларды көрбөй жатып кысталды. Эми биринчи жолу жүз көрүшүүчү кайын ата, кайын эне менен учурашуу керек. Булардан кантип учурашканын байкоо үчүн ондогон көздөр жабалактоого тийиш.

Асел күйөөсүнүн эмне үчүн кидиргип келатканын сезгенсип, эшиктин алдында күлүп турду. Маңдайы жарык, көздөрү гана кичине шиший түшкөн. Болжолу апасы менен ыйлап көрүшсө керек.

Аялдар кубанычта да, кайгыда да ыйлашат. Ансыз өздөрү да ыраазы болушпайт. Мен эркектер менен да, кайын энем менен да эркекче учурашуум керек деп ойлоду Кубат.

Элеттиктер өөнчүл келишет. Киши мейманын, жек-жаатын, дос-жарын кандай сыйлаганын, ыкласын, кыскасы, былк эткенинен бери эсептешет. Кубат айылда жүргөндө кичинекей эле нерседен ыраазы болбой таарынышып, аралары сууп кетчү жек-жааттарды жана дос-жарларды көргөн.

Анын өзгөчө этияттуулугунун дагы бир себеби бар.

Жигиттин атасы Осмон менен кыздын атасы Сман бири суунун башында, бири суунун аягында жашаса да, бири-бирин мурунтан жактырышчу эмес. Экөөнүн өз ара салкындыгы башкаларга да белгилүү эле.

Кубат менен Асел шаарда ата-энелеринен көз далдаа баш кошушкан.

Уулу кимге үйлөнгөнүн укканда Осмон эрегишкен кишимди таманыма бастым дегенсип, көтөрүлө түшкөн. Сман болсо, «кыз, бала деле эмес!» деп кыйгачынан кеткен.

Ошентип, эрксизден куда болушкан эки чалдын мындан аркы мамилеси эки жаштын адамкерчилигине байланыштуу эле…

Күйөө бала илкий басып, акылын бышыктаганча эшиктин алдына жетип калды. Аңгыча оозгу бөлмөнүн каалгасы ачылып, ак элечегин калдайткан кайын энеси бет маңдайынан чыкты.

— Саламатсызбы?! — Кубат оозун күбүрөтүп, колун сунду.

Кайын энеси тааныша элек күйөө баласын жүрөгү менен тааныгансып, мойнунан кучактай калып, эки бетинен эки өөп, бооруна кысканда, эркектик намысын бийик кармай турган жигит өз энесин тапкан балача жүрөгү элжиреп кетти. Жеңе болуп келген аял алардын учурашуусун көрүп, өзүнчө “жакшы эле” деп койду.

Анан өз кезегинде шыңкылдап, күйөө балага тийише сүйлөдү:

— Күйөө бала, аман-эсенсиңби? Жеңетайлыктан качып, көмүскө келип үйлөндүң го…

Кубат аны менен кадимкидей гана кол алышып учурашты.

— Кана эми, кайнатаңа салам бер? — Жеңеси обдулуп эшик ачты.

Үйдө эки гана киши бар экен. Кубат салам айтып киргенде Сман жана анын төмөн жагында аңгеме айтып отурган киши — экөө тең орундарынан туруп, эски тааныштарга окшоп кол алышып, жайынча учурашты. Кубат кайнатасын мурунтан тааныйт. Бирок, азыркы көрүшкөндө эмне үчүндүр анын алдында уяттуудай жер карады.

Учурашып болгондон кийин баары жай-жайына отурушуп, үзүлгөн аңгеме кайрадан уланды. Сманга ээрчий келген чулу киши качанкы бир өткөн окуяны жобурата баштады…

Бу чулу Сманга кабырга тууган. Анын мындан жакындары да бар эле. Иштин жайына да, кептин жайына да канык, көргөн-билгенин элге бузбай айтсын деп, Сман ушунусун ээрчитип келген.

Ал сөзгө кызыгансып, жаагын жанып киргенде Сман тамагын жасап, күйөө балага бурулду. Тигинин сөзү токтоло калды.

— Балам, дениң сак, ишиң жакшыбы?

— Жакшы, — деди Кубат акырын.

— Ата-энең, агайын-тууганың тегиз аман-эсен бекен?

— Аман-эсен.

— Ал эми бизди сурасаң, — чулу киши сөзгө аралжы болду,— кайын журтуң тегиз аман-эсен. Турмуш жакшы. Колхоз жазгы өнөктүктү бүттү. Ушундай бош убактан пайдаланып өзүбүз барып учурашып, силердин аман-эсендигиңерди көрүп келели деп чыгып калдык…

Ал «өзүбүз барып» деген сөзүн ныгыра айтты. Аны укканда күйөө бала нымтырап калды. Баланы уялтпайын дедиби, кайын атасы тигинин сөзүн бөлүп кетти:

— Ооба, жанагы кебибиздин аягын улачы?

Чулу киши узун сөзгө түштү. Кубат эшикке чыкты. Ал сөз тыңшап отурбастан, меймандарга кызмат кылышы керек. Үйдө келинчеги экөөнө каралашар киши жок эмеспи.

*       *       *

Смандын кызына катташы адаттан тышкары болду.

Адат боюнча келин алгандар кыздын атасынын алдына түшүүгө тийиш эле. Осмон аны унуткан жок, уулуна да айткан.

Кайнатанын алдына барууга Кубат каршы болгону жок. Ал ырым-жырымынан айныды. Ырым боюнча куданын алдына бир чеңгел акча коюп, анын үй-бүлөсүнө, агайын-тууганына кийит кийгизишмек. Ачыгын айтканда, калыңдын жаңы түрүн колдонушмак.

Ата менен баланын таарынчысы ушундан чыкты. Кайнатаңдын алдына түшмөйүнчө аны менен катташа албайбыз. Мен колунда түгү жок бечарага окшоп, анын алдында жер карай албайм деп, ал бет бактырбай койду.

Кайнатанын алдына ырым-жырым менен түшүүгө Кубат көнбөдү.

Ошентип, таарынышып калган атасы «кайнатаңдын оозун толтурмайынча аны менен жүз көрүшө албайм» деп так кезерин айткан.

Кубат кайнатасы жөнүндө башка ойдо эле. Сман кеңеш чыкканы айылдык Советтин председатели болуп, жакын жылдардан бери гана пенсияга чыккан, элге кадырлуу киши. Мындай киши менин максатымдын тууралыгын кантип түшүнбөсүн деп ойлогон.

Салт боюнча келин алган тарап биринчи каттоого карыз болсо да, Сман алардын ачык жообун, же ишаратын күтүп жата бербестен катташууну өзү баштап отурушу бекеринен эмес да. Сман элеттегилерге окшоп, бир айыл элди ээрчите келген жок. Бу да анын эски адатты кубалабагандыгы эмеспи! Кубат ушундай болорун алдын ала билген.

Чулу киши жана «биз өзүбүз келдик» деп сөздүн четин кылтыйтышынын себеби да ошондо…

Кубат оозгу бөлмөдөн кийимин которуштуруп, эшикке чыкты.

Шакылдаган жеңе, казан-аякка каралашып, шакаба айтууга чолосу тийбей калган экен. Кайын энеси тамдын көлөкөсүндөгү скамейкада кызы менен сүйлөшуп олтурган:

— Ээ, тегеренейин, кудалар биздин келерибизди угуп, эмне үчүн мында келишпейт?

— Кайдан угушсун! Биз аларга кабар бергенибиз жок.

— Ал эмнеңер, каран күн? — Эңеси чочуп кетти:— Босогосун аттабай жатып, кайната-кайын энең менен араздаштыңбы? Антпе кызым! Өзүңдү да, бизди да элге жаманатты кылба!

— Эч кандай таарынычы деле жок!

— Ошондой эле болсунчу! — Энеси кызын кучактап өптү.— Бизди сагынсаң керек. Азып кетипсиң…

Асел азмак түгүл, иреңи агыш тартып, бир аз толо баштаган. Бирок эненин көзүнө башкача көрүнсө керек.

Жалгыз кызын ойлой берип, энеси өзү өңүнөн азып, арыктыгы жетип калган эле, Сман да канчалык кайрат кылганы менен кызын унутчу эмес.

— Ээ, кагылайын, бизди эстеп көз жашыңды далай-далай көлдөттүң го?

Асел ата-энесин көп эстей турган, бирок бир жолу да ыйлаган эмес. Ал «ооба» деп гана жооп берди.

— Кыз байкуш ушундай болот, — деп энеси көзүнүн жашын ирмеп алды.

*      *      *

Кайын энеси Кубатка бир жолугушуудан баштап эле өз энесиндей көрүндү. А кайнатасына оңой менен үйрөнүшө албады.

Сман болсо күйөө баласын мурда сыртынан көрүп жүрүүчү, ал жөнүндө эл оозунан «эстүү жигит» деген сөздөр угулуучу. Эгер Кубат жөнүндө ушу сыяктуу жакшы пикирде болбосо, кудасы тоотпой турганда Сман улуу башын кичүү кылып жетип келбейт эле. Уят менен намысты ал да кармар жеринде кармай билчү.

«Салтка карабай каттаганымды кудам да, күйөө балам да баалай алар, кудамдын анча-мынча ич күптүсү болсо, ушуну менен чыгып кетер» деп ойлогон. Бирок кабарды бир жума мурда жиберсе да, Осмондун келбей калышын анын көңүлү тазара электиги катары баалады.

Биринчи жолу келин күтүп отурган кудасы ушундай жакшылыкта ийикпегенден кийин Сман андан биротоло түңүлмөк болду. Байбичесинин «балдар куданы чакырышпаптыр, алар кабарсыз экен» деген сөзү гана бул оюн табышмакка айландырды.

Алар эки күн конушуп, үчүнчү күнү кайтмак болушту. Уул менен кыздын сыйына, пейилине, адамкерчилигине ыраазы болушту. Араларында катыгып калган эстүү-баштуу кишиси жок, бизди кандайча узатышар экен деген суроо гана кайнатасынын көңүлүн тынчытпады. Узатуунун жөнүн билбей өздөрү да уяттуу болуп, ата-энелерин да уятка калтырбасын үчүн, алар менен кеңешүүнү да ойлоду. Бирок кеңеше албады. Балдардын майда-чүйдөсүнө кийлигишпейли, өз акылдары менен болгону жакшы деген пикир үстөмдүк кылды. Алар сыйдын жайын кандай билээрин байкоонун өзү кызык көрүндү.

Кетер алдында кайнатанын алдына кымбат баалуу костюм, кайын энеге чепкендик тукаба жана көйнөк, ээрчий келгендерге да белек коюлду.

— Таарынбай кеткиле? Чамабыз ушул болду.— Кызы энесинин кулагына шыбыраганын башкалар укпаса да түшүнүштү.

— Эмнеге таарыналы, ыраазыбыз, — деди энеси.— Аман болсоңор болду.

Башкалар кош айтышып, жөнөп кетишти. Шаарда бир аз күн болуп, доктурга көрүнөм деп Сман кызынын үйүндө кала берди.

Ал алдына буюм коюлганда аны караган да жок. Анын нааразы болгондугу, же дүнүйө издеп келтен жерим жок деп сыпайкерчилик кылганы ачык билинген жок. Доктурга көрүнөм деген сөзүнө караганда балким ден соолугуна кейиштүүдүр.

Кубат аны ээрчитип жүрүп доктурларга көрсөттү, рентгенге каратты. Жашына байланыштуу жүрөгү бир аз кеңейген, башка оорусу табылбады.

Смандын калгандагы максаты башка эле. Карманганы жалгыз кыз болгондуктан, аны бактылуу болсо экен, барган жеринде ыйлабай жүрсө экен, жубайы өзүнө жараша ыймандуу неме болуп, менин баласыздыгым билинбей калгай эле деп тилей турган. Баары эле тилегендей болчу беле.

«Асел Осмондун баласына тийиптир» деп укканда эле, атасынын карт жүрөгү сыздаган. Кызы окуудан калды, өмүрүн өксүттү. Жери анча жайлуу эмес, кайнатасы тар киши. Эми Смандын жалгыз үмүтү күйөө баланын адамкерчилигинде эле.

Эки-үч күн ичинде кишинин ичи койнуна кирип чыгууга болобу? Күйөө балага бир көргөндө эле ичи жылыса да, анын кандай экендигин байкоо үчүн, бала менен атасынын ортосундагы таарыныч эмнеден чыкканын билүү үчүн бир аз күн алар менен бирге туруу зарыл болду. Сман ошону үчүн кала берди. Эгер антпестен аялы менен кошо кетип, анан кайра-кайра келе берсе, кудаларына ушак болууга мүмкүн. Жакшылап аралашпай туруп, «бул иштин жөнү кандай?» деп өздөрүнөн суратысы да келбеди.

Сман ошентип, күйөө баласы жакшы болсо, аны чыны менен өз баласындай көрүп кайтмак. Көңүлүнө толбосо, тагдырына таарынып, кызын кыйбагандыгы үчүн гана Кубат менен күйөө баласы катары гана сый жүрүшүүгө тобокел деп бел байламак.

Чалдын максаты чоң эле. Жүрөгүндө дал ушундай түпөйүлү бар адам жаштарга кантип гана табышмактуу көрүнбөсүн. Бизге таарындыбы, бир жерибизден жакпай калдыкпы дешип, Кубат менен Асел кымкуут болушту. Бирок алардын жагынууга кылган аракети абышканы ийиктире албады.

Күндүз Кубат жумушуна кетет. Үйдө атасы менен кызы калат. Сман короону шыпырат. Асел казан-аягын тазалап, кир-когун жууйт. Кээде эриксе музейге барышат, магазин аралашат. Кээде үчөө биригип, киного же театрга барышат.

Сман тез эле үйрөнүшүп кетти. Кабагы ачылып, сөзгө аралашты. Кечки тамактын учурунда ал күйөө баласы экөө республиканын жаңылыктары, эл аралык абал, илгерки окуялар жөнүндө сүйлөшөт.

Атасынын көңүлү тазалыгына көзү жеткенден кийин кызы бир күнү атасына өтүнүчүн айтты:

— Кубат бир топ күндөн бери иштей албай калды…

Сман айран калды:

Күндө эле кызматынан калбай барып, келип жүрбөйбү?

— Мен анысын айтпайм,— Кызы кыткылыктады.— Ал журналист эмеспи. Кечкисин бир маал үйдө отуруп, кагаз жазчу эле.

Сман өзү да совет кызматында жүргөн адам, кызматчылардын жумушу кандай болорун жакшы билчү. Айылдык кызматчыларга оор: алар жумуш күнүнөн тышкары, жаз дебей, кыш дебей, күн дебей, түн дебей колхоздорду аралап жүрө беришет. Шаардык кызматчылар жумуш күнүнөн тышкары иштебейт. Калган убагы дем алуу, китеп окуу, оюн тамаша деп ойлочу.

Газетада иштеген күйөө баласынын ишинен улам ал шаардык кызматчылар жөнүндө башкача ойлонуп калды…

Кубат төркү бөлмөгө кирип кетти. Сман менен кызы кинодон келген маалда төркү бөлмөнүн жарыгы дале жаркырап туруптур.

— Дагы эле жазып жатабы? — деп сурады Сман үнүн басаңдатып.

— Ооба.

Сман жаткандан кийин көпкө чейин уктабады. Каалганын кыюусунан жарыктын нурлары жылтырап баш багып турду.

Сман айылда жүргөндө газеталардан, журналдардан Кубаттын макаласын, очеркин көрүп калчу. Бирок анын баарын минтип столду кучактап, түн уйкусунан безип иштерин билчү эмес. «Аны эмне үчүн азгын десем, жумушу күчтүү турбайбы?» деп ойлоду кайнатасы.

— Жанын көп кыйнабасачы, дүнүйө жерге кирсин, табылат иш,— деди Сман.

— Дүнүйө табайын деп деле ойлонбойт. Бир нерсени жазууну, китеп, газета окууну жакшы көрөт. Ансыз тура албайт. Мен кээде килем ала коёлу, үйдү жасайлы десем жактырбай калат.

— Ошонусу жакшы, кызым! Дүнүйөгө анча кызыкпагыла. Адамды жолдон тайдырат, — деди Сман.

Күйөө баласынын ким экендигин Сман эми түшүндү. Ал ишке берилген жана өз мээнетинен тиленген кишилерди гана чыныгы киши деп эсептей турган.

Эми аны сыноонун, атасы экөөнүн мамилесин түкшүмөлдөөнүн кереги жок сыяктанды. Өзү адал бала башканы арамга чыгарбайт. Ар ишке адилет боло алат. Кызым теңин тапкан экен, мен да буюрса, тилегиме жеткен экенмин деди.

Кайнатасы эртесинде күйөө бала менен кызына акыл салды:

— Мен жата бербейин, балдарым. Тиричилик убагы эмеспи… Кайтайын.

Алар макул болушту. Сман да эртең самолёт менен жөнөөгө камынды. Ошептип, турганда почтальон кат алып келди. Кат Смандын колуна тийди. Ал көк конверттин этегиндеги адрестен Осмондун атын көрүп, аны жыртпай туруп, күйөө баласына тапшырды.

Кубат катты ачып, ичинен окуду да, эмне айтарын билбегенсип, кабагын тырыштырып, аны столдун үстүнө таштап, жумушуна жөнөдү. Асел магазинге кетти. Сман столдун жанына келди да, кудасынын аман-эсендигин билүү үчүн катты колуна алды, Балким бир жаман кабар бардыр.

«…Кубат! Биз сени азамат уулубуз бар деп сыртыңан сыймыктанып жүрөбүз… А сен болсоң,— кат ызгаардуу тил менен жазылганына Сман башын чайкады.— Мени ата катары санабасаң керек. Менден макулдук албай туруп, кайнатаңды кай бетиң менен келтирдиң… Менин башымды аттадың. Ал мурда эле мени табалап жүрчү эле, эми ырас төбөмө чыгардың… Болбосо, биз да эл катары анын доосунан кутулуп, ким экенибизди анын көзүнө көрсөтсөк болот эле. Намысың кана, уулум?

Мен сага таарындым. Эми кайнатаңды менин ордума ата кылып ал».

— Ой, кудай, ай! Экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишпес кек жок эле го. Биз го биз… Өзүбүздү аябасак да, ушуга окшогон жаңы талап жаш балдарды аясак кантет?..—деп Сман отуруп калды.

Кубат кечинде жумуштан көңүлсүзүрөөк кайтты. Атасына оюн кантип түшүндүрүүнүн жолун биле албай, анда аёо сезими козголгонун кайнатасы байкады. Аны менен акылдашмак болду.

— Балам, атаңын катын мен да окудум. Кейидим. Сага ачык болсун: атаңда алалбаган аласам, кечпес кегим жок. Анча-мынча атаандашып жүрчү эле… Эми мен койдум. Андан көрө, балдар силердин тилегиңерди тилейли. Сен капа болбо! Дагы да болсо кудамдын таарынычын өзүм жазып алам!

— Атамда да кечпес кек жоктур! Убара болбоңуз. Атам өзү эле сизге келет.

Кайнатасы ага каршы болгон жок. Бирок, өз ичинен «атасын коргоп жатат, мунусу да туура» деп ойлоду…

Баары эртең менен эрте турушту. Чалды узатуу керек эле. Алар үйдөн чыгарда, Кубат кайнатасынын алдына элүү сом койду.

— Жол киреңиз болсун. Чай ичип кетиңиз…

— Ботом! Өзүмдүн каражатым жетет.— Сман акчаны ары жылдырды.— Силер өзүңөр шаар жерде кыйналып каласыңар. Керегиңерге жараткыла.

— Бизге азыр зарыл эмес.

Кайната бир аз ойлонуп турду да, он сомдук беш кагазды эки бүктөп, төш чөнтөгүнө катып жатып, муну жаңы алышкан го деп ойлоду.

Кайната олтурган самолёт шаардын үстүнөн бир айланды да, чыгышты көздөй зымырады. Кубат менен Асел аны ыраазы кылганына кубанышып, кол булгалап кала беришти.

One Reply to “Касым Каимов: Кайната”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.