АҢГЕМЕ

Турмуштун өзүнөн алып жазылган чыгармалар болот. Бирок аны ким канчалык көркөмдөп жазары мага белгисиз. Тек бүгүн адаттагыдан башкача мазмундагы аңгеме баштап отурам, урматтуу окурман. А оң каарман, терс каарманды өзүңүз ажыратып алыңыз. Мага бул аңгемени көркөмдөп жазуунун деле анчалык кажети жоктой сезилет. Тек, болгонун болгондой баяндап бергенимде кеп. Анткени бүгүнкү биз жашаган коомдун жийиркеничтүү бул көрүнүшүн көркөмдөгөндө не, шөкөттөгөндө не…

Электрондук почтама кат келди жакында. Ал катты сиз менен бирге окуйлу эмесе. Кептин тузу ошондо. Кат маминтип башталат: «Урматтуу Олжобай аке, бул маалыматты жарыяласаңыз ананимдүү (анонимдүү деп жазса боло) гана жарыялооңузду суранам. Же өз атыңыздан деле жарыяласаңыз болот».

«Оппа!» дедим ичимден. Каттын чү деген жеринен эле жүрөк болк этет. Өз атымдан жазууга тема таппай калгансып, эми бирөөлөрдүн тоголок каты менен кимди жайлашым керек. Күйөсүң, күлөсүң – аргаң жок! Башка бирөөнүн колу менен өз каршылаштарын жайлаганды эрте өздөштүрүп алган бул жаш калемгер андан ары минтип улайт катын. Кат оңдоп-түзөөсүз: «Менин бүгүнкү көтөрө турган маселем төмөнкүчө: Кыргыз элинин аттуу-баштуу жазуучусу Ч.Айтматовдун атынан уюштурулган конкурстагы кетирилген мүчүлүштүктөрдү көрүп ичим ачышты. Башкасын билбейм, бирок адабият тармагында уюштурулган конкурста жаш калемгерлер көз боёмочулукка барып жатышат. 2017-жылы өткөндөгүсүндө сыйлыкты алган жаш акын М. Жангазиевдин колдонулган тактикасы быйыл өтө көп талапкерлер тарабынан колдонулуп жатат. Буга чейин колдонулган болсо таң калбагыла! Ал мындай: жобого ылайык эки жыл ичинде чыккан, элдин назарына тартууланган чыгармалар гана конкурска катыша алат. А булар болсо конкурс болорго чейин жарыяланбаган чыгарманы(китепти) мына конкурс болот дегенде талапка ылайык басмаканадан 4даана китепти, арткы число менен чыгара калып, ал китептин бар экенин эч ким билбейт. Максат Жангазиевдин 2017-жылы берилген «Табылга» аттуу китеби бар экенин бир да окурман билбейт, а конкурска арткы дата менен жарык көргөн чыгарма(китеп) берген жана сыйлыкка татыган. Быйыл дагы мен тааныган 3 жаш калемгер ошондой тактиканы колдонуп жатканын билем. Эгер мага ишенбесеңер китептердин басылып чыккан басмаканадан барып, китептин басылып чыккан күнү менен китептеги датасын салыштырсаңар(басмаканалар конкурска катышкан китептер жөнүндө маалымат берүүгө акылуу) чындык билинет. А эгер бул маалымат текшерилбей, ушул жогорудагы ж.б. эскертилген чыгармалар орунга илинсе мен аргасыздан коомчулукка жеткирүү максатында жарыялайм. Ошондо сыйлыктын жана комитеттин дагы аброю кетип калышы мүмкүн».

Кыйын болуп мен жооп жаздым: «Арыба, баатыр! Сен айткан көрүнүш кыргыз коомундагы көнүмүшкө айланган акмакчылык. Адабий чөйрөгө жаңы аралашкан жаштар арасындагы мындай акмакчылыкты ашкерелеш керек. Бирок чындык менен анонимдүү күрөшкөн болбойт. Акын-жазуучулар арасында мындай анонимдүү мүнөздөгү интригалар тээ илгертен болуп келген. Андыктан азыркы жаштар арасынан да чындык менен күрөшүүнү кааласаң, анонимдик күрөшүңдөн эффект болбойт, иним. Агер чындап күйүп атсаң, ушул маселени колуңа ал, так далилдерин келтирип жаз. «Бетке айткандын заары жок» накылын унутпа! Мындай көрүнүштү ордуна койгуң келсе, ачык чык. Адам өз кайратын качан бышырат? Так ушундай терс окуяга көкүрөгү күйүп турганда. Көпчүлүктүн шары менен, агымы менен кеткиң келбесе, баарын орду-ордуна койсоң болот, бир макалаң менен».  

Жооп да келди кечикпей: «Ачык чыкмакмын, бирок мен дагы ошолордун катарында конкурска катышып, китебимди бергем. Конкурсанттар андай жарыя менен чыкканга укугу жок экен. Мурдагысында алгандыгын айтып чыксам, өзүмдүн калемдештерим итчилик деп чыгышкан. Ошол мени колдомуш болгондор быйыл өзүлөрү ошол метод менен чыгармаларын беришиптир».

Экинчи каттагы болгон жүйөсү ушул. Иштин ары жагын дагы көрө жатарбыз, кимдин ким экени бул кат жарыялангандан кийин ачыкка чыгып каларынан шек санабадым. Тоголок кат «РухЭш» сайтына илинер замат; учурдагы жаш акындар арасында териштирүүлөр тез жүрсө керек. Адегенде тоголок катта шылуун мүнөздө сыпатталган жаш акыныбыз Максат Жангазиев телефон чалды. Ак жеринен күйүп турганын сездим. Чыркырап ийди. Тоголок каттын автору ким экенин менден мурда эле баамдаса керек.

– Муну Улан Дөөлөтов жазды беле, байке!

– Жок, – дедим, иштин түйүнү али алдыда тургандыктан. – Сен андан көрө мунун аки-чүкүсү кандай болгондугун так, далилдүү жазып, «андай эмес, мындай» деген өз чындыгыңды жарыяла. А тоголок каттын ээси ким экендигин акыры мен да жарыялайм. Ашыкпа. Агер өзүңдүн актыгың чын болсо, сотко кайрыл, – дедим көкүтүп… Бир жагынан Мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруучулардын иштеги шалаакылыгы ачыкка чыкканын кааладым.

Ошону менен Максат да кечиктирбестен «Көрө албастардын уйкусун бузган сыйлыгым жөнүндө» аттуу жообун жөнөттү. Жарыяланды.

Анан эле баягы тоголок каттын автору Улан Дөөлөтовдун тынчы кетип мага чалды.

– Байке, тигини… жарыяланганды… мен жазганды айтып койдуңуз беле Максатка? Мени туш-туштан талап башташты… Чалып атышат баятан. Эмне кылам?

– Эмне кылмак элең, аягына чейин күрөш эми, балээни баштап койгондон кийин, – кайрат берип баштадым ага. – Ошонүчүн сага башында эскертип кат жаздым го… Бетке айткандын заары жок, ачык күрөш деп. Тоголок арыздын азабы ушундай болорун мурда эмне ойлонбодуң?.. – деп тилдедим да, телефондун жаагын бастым.

Өз ишиме кайрадан үңүлдүм. Жок. Кайдан үңүлөйүн. Телефондун үнү тынбай, бирде Максат чалат (мындайда ак жеринен күйгөн киши кандай абалда болорун элестете бериңиз), бирде Улан чалат жалооруп:

– Байке, тиги менин жазганымды сайттан алып эле таштайсызбы?

– Эй, бала! Сага эмне, «РухЭш» сайты мектептин дубал гезитиби: бирдеңкени чампалап коюп, аны кайра сыйрып салгандай?! Сайт деген чоң аудиториясы бар коомдук аянтча экенин түшүнөсүңбү?! Миңдеген окурмандары бүгүн илинген материал кайра тез эле алынып калганын көрсө, эмне дейт? Элдин ишениминен кол жуудургуң барбы мени?

Эң кокую: түн жарымында Улан телефон чалды дагы.

– Байке, тигини… сайттан алып эле салыңызчы… Жаңылыштык болуп…

– Эй, сен тынчтык бересиңби мага?! «Уурунун арты кууш» деген ушу? Сен демек, өзүң менен чыгармачылыкта үзөңгүлөш жүргөндөрдү менин оозум менен жайламак экенсиң да ээ? – Ушул жерден баягы эң биринчи каттын чү деген жеринде «бул маалыматты жарыяласаңыз ананимдүү гана жарыялооңузду суранам. Же өз атыңыздан деле жарыяласаңыз болот» дегенин эстеп күйбөгөн жерим күйдү.

Кокус менин ордумда турмушта куулук-шумдукту көрө элек бирөө болгондобу – кайбар Улан аны өз каршылаштарын каралоо үчүн колдонор ыкмасын ишке ашырып, өзү далдада гана жашынып турмак экен да! Башканын атына жамынып, башканын колу менен… Вай-вай… Муну шык-жөндөм дейби? Эмне балээ дейт?

Кептин баары – тоголок каттын автору ишти былгытып коюп, аны кайра жашырып-жапканча шашканында болду…

А биринчи жазгандагы катында: «эгер бул маалымат текшерилбей, ушул жогорудагы ж.б. эскертилген чыгармалар орунга илинсе, мен аргасыздан коомчулукка жеткирүү максатында жарыялайм. Ошондо сыйлыктын жана комитеттин дагы аброю кетип калышы мүмкүн» – деген Улан «баатыр» кайда эми?.. Сыйлыктын жана комитеттин аброюн кетирчү тоголок каттын авторунун эмне кайра шаштысы кетти мынча?.. Артын карай шарт бурулуп качкан мындайларга эмне үчүн башкаларга көө жабуу оңой да, эмнеге жаманатка калуудан өздөрү коркот?!

Эртеси Максат чалды, тоголок кат боюнча далилдерин ырастап. Убактысы тар, ачуусу жаман киши курусун, тилдедим: улам-улам тынчымды алганына жиндеп. Ансыз да күйгүлтүк чегип отурган Максатка ачуум келгени менен, кайра жүрөгүм ооруду – анын ордуна өзүмдү коюп… Башында мен деле аны тоголок каттагы далилдер чын болсо, бу дагы сыйлык-наам үчүн жутунган шүмшүктөрдүн катарында жүргөн жаштардай көрүнгөн… Арийне, ылайым эле ыпыластыктан алыс болсун деп туралы энди.

Баягы Улан кокуй челефон чалды дагы.

– Байке, мени жаманатты кылбай, тигини сайттан алып сала аласызбы… эптеп…

– А-а… сен жаманатты болгуң келбейт. А башкаларга мейли… Агер сенин тоголок катыңды өз атымдан жазсам, мен жаманатты болмок турбаймынбы!..

– Байке эми, сиз экөөбүз Атбашыданбыз го, – дейт күйдүрүп.

– Эй, атбашылык болмоктон, айдан түшүп кел, жолуң болгур! Бу кылганың… – мындан аркысын эмне дээриңди да билбейт экенсиң.

Демек, атбашылыктар башкаларды ак жеринен каралай беришибиз керек экен да анын оюнда!

Азырынча окуянын аягы ушул, окурман. Таң атканча уктаганым жок, ушул аңгемени жаздым…

Август, 2019-ж.

Айтматов сыйлыгын алууда жаштардын көз боёмочулугу барбы?

3 Replies to “Олжобай Шакир: Тоголок каттын автору”

  1. кызык быйылкы сыйлыкка куулук-шумдук менен билегин түрүнгөн дагы төртөө бар экенин кеп кылыптыр Улан. Алардын ысымдары ким болду экен, алардын да көчүгү кыпылдап атты бекен же эч ким билбей калат деп кымырылып жүрүшөбү? Эх. достор, кускум келет бетиңерге.

  2. Жеткен чычкак экен тоголок катчы деген немеңер. Көрө албас, ичи тар акын сөрөй турбайбы арабыздагы. Жолуккан жерден бетиңе түкүрбөсөм элеби Улан. Сенден баарын күтсө болот турбайбы, өкүнүчтүү. Бузукулугуңа түкүрдүм сенин! Көт десе

  3. Улан жеткен ит экенсиң! Жаштарды шерменде кылгандан эмне таптың эми? Көчүк кысып жүрбөйт белең каралабай башкаларды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.