Шаршенбек Үмөталиев: Лирика тууралуу ой жүгүрткөндө…[I]

Лирикалык чыгармалар кайсы элдин адабиятында гана болбосун (мейли оозеки, мейли жазуу жүзүндөгү) негизги орундардын бирин алып келген. Өзүнүн чыгышы жагынан лирика адабияттын алиппеси өңдөнөт. Адабияттын ар кайсы түрү өзүнүн эң алгачкы демин лирикадан алган. Сөз өнөрү төрөлгөндө лирика кошо төрөлгөн. Лирика – сөз искусствосунун бел баласы, прозанын, драматургиянын, көркөм адабияттын жана башка ондогон түрлөрүнүн уюткусу лирика болуп эсептелет. Лирикага жуурулушпаган, аздыр-көптүр лириканын отуна чалдыкпаган көркөм адабияттын чыгармасы жок десек да болот. Кара сөз менен жазылган чыгармаларда болобу, же драмалык мүнөздөгү […]

Чоюн Өмүралиев: Керээт

АҢГЕМЕ Адам сагынат экен өткөнүн… Качаңкы бир өспүрүм курагымда өзүм тарткан сүрөттөрдү аңтарып карап отурдум. Ар бир сүрөттү көргөн сайын аны менен кошо өткөнгө көчөм да, качанкы бир элестер жадымда жаңырып толуп ташып чыга келет. Шыбактын жытына чумуп алгандай тамагым кермек татып, каңылжаарымды зил өрдөйт. Турмуштун көлөкөлүү көйгөйү көңүлүн чыйрыктыра элек бир ак чайыт аалам экен го балалык дегениң! …Ысык кумда магдыраган денеме суу чачкандай суук чыбыр аралады. Ак кагазда элик кебин тартынган жылаңайлак агедил бала турду. «Эмне үчүн кеп […]

Айтматовдун Азамат Алтай менен Нью-Йоркто таанышканы

Азамат Алтайдын Чыке менен Нью-Йоркто таанышып, үйүнө алып барып коноктоп, анын кыргыздын эң чыгаан уулу экенине ыраазы болгону. Совет доорунда “чыккынчы”, “антисоветчи” деген ат менен канча бир муунга жалаңкыч көрсөтүлүп, расмий идеологияда өңчөй каралоо, айыптоо менен гана айтылып жана жазылып келген – согушта туткунга түшүп, анан кийин Батыш Германияда “Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүн негиздеп, Американын Нью-Йорк шаарынын китепканасында 7 жыл, Колумбия университетинде 15 жыл илимий-изилдөөчүлүк иштерде иштеп, 1979-1989-жылдары кайра Мюнхендеги “Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүн башкарган Азамат Алтай – Кудайберген Кожомберди […]