Азамат Алтайдын Чыке менен Нью-Йоркто таанышып, үйүнө алып барып коноктоп, анын кыргыздын эң чыгаан уулу экенине ыраазы болгону.

Совет доорунда “чыккынчы”, “антисоветчи” деген ат менен канча бир муунга жалаңкыч көрсөтүлүп, расмий идеологияда өңчөй каралоо, айыптоо менен гана айтылып жана жазылып келген – согушта туткунга түшүп, анан кийин Батыш Германияда “Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүн негиздеп, Американын Нью-Йорк шаарынын китепканасында 7 жыл, Колумбия университетинде 15 жыл илимий-изилдөөчүлүк иштерде иштеп, 1979-1989-жылдары кайра Мюнхендеги “Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүн башкарган Азамат Алтай – Кудайберген Кожомберди уулунун (1920-2006) “Узак жана тайгак жол” деген атта өз колу менен жазган эскерүү баяны жана күндөлүгүнөн алынган орчундуу жазмалар өзү дүйнөдөн өткөндөн 4 жылдан кийин — 2010-жылы Бишкекте “Азаттык менен демократиянын жарчысы” деген жыйнактын негизги бөлүгү болуп кыргыз тилинде жарыкка чыкты.

Анда, социалисттик жана капиталисттик системанын карама-каршылыгы аябагандай күчөп, советтик коомдо эркин ой айтуу, дегеле, кимге болсо да, өз Мекенинде жана чет өлкөдө эркин басып-туруу, “башкача көз караштагылар” менен мамиле түзүү укуктарына катуу чектөө салынып жатканына карабай, СССРде адам укук-мүдөөсүн коргогон өнүккөн социализм заманы келди деп турган учурда — 1975-жылы жайда “эл-жерден безген боордоштун” Нью-Йоркко гастролго келген атактуу ырчы Болот Миңжылкиев менен бирге Чыңгыз Айтматовго кантип жолуккан окуясы жана андан кийинки да кездешүү, чыгармаларына сыймыктануу ирмемдеринин жүрөктө калган таасирлери төмөнкүдөй баяндалган. Окуйлу:

“…1975-жылдын 30-майында Германиядан Дөөлөт келген эле. Ага кошуп, Рамазан деген татар досум бар эле, аны дагы чакырып конок кылдым. Ошондон көп өтпөй эле, Мира Гинзбург деген аял “Ак кемени” которо баштап, көп сөздөрүн жакшы түшүнбөй, менден сурап, акылдашып которгон эле. Чыңгыз ал аял менен кат алышып турат.

Чыңгыз: “Мени Америкага чакырт”, — деп кат жазса, Мира болбой коёт. “Солженицынга каршы кол койгондугу үчүн чакыртпайм”, — деп. Анан Нью-Йорктун бир театры “Фудзияманы” коймок болуп, спектаклдин программасына реклама катары кыргызча текст жазууну туура көрөт. Бирок, кыргызча которуп берер киши таппай, Колумбия университетине кайрылышат. Аяктагылар мени сунуш кылат.

Колумда “Фудзияманын” “Жылдыз” журналына басылган казакчасы бар болчу. Аны мага Саим Балмуханов жиберген эле, 30 мүнөттө кыргызчаладым да, кийин программасынын мукабасына жабыштырып, менин кол жазмамда Чыңгыздын пьесасынын программасы таратылды. Театрдан телефон чалып: “Театрга абонемент билеттер берели, гонорар төлөйлү”, — дешти. Мен аларга: “Мага билет да жибербегиле, гонорар да албайм. А көрөк, Айтматовду чакыргыла”, — дедим. Алар Чыңгызга чакыруу жиберишти.

“Айтматов келгенде, албетте, сени менен байланышат, ага жолуккум келет, мени айт”, — деп Мира Гинзбургдан өтүнсөм, ал: “Мен айтпайм, өзү жолуккусу келсе гана сага кабарлайм”, — деди.

1975-жылы 17-июлда Москванын атактуу Чоң театры Америкага “Борис Годуновду” коюп келди. Гастроль Нью-Йорктон башталган, бирок, ага — Борис Годуновдун ролуна Б.Миңжылкиевди эмес, башка Нестеренко деген ырчыны алып келишкен. Нью-Йорктун газеталары Нестеренко менен Синявскаяны “Борис Годуновго” жарабайт деп сындашты. Сындан кийин, Миңжылкиев деген опера артисти келиптир деп газетага жазып, Орто Азия менен Кытайдын ортосундагы мамлекетте туулган адам экен деп кабарлашты. “Москвадан Миңжылкиевди түнү менен алдырышка аргасыз болду”, — дегенди окудум.

Миңжылкиев кыргыз же казак болсо керек деген ойдо, мейманканага барып, телефон чалдым.

Болотко өзүмдүн ким экенимди айтып: “Колумбия университетинде иштеймин, мен бир четте калган кыргызмын, сени менен көрүшкүм келет”, — десем: “Мен дагы кыргызмын, агай, пять минут”, — деди да, беш мүнөттө чуркап чыкты. Болот менен тааныштым. Бир жерге барып отуралы, кааласаң, үйгө баралы десем, Болот: “Бүгүн бошмун, кайда десеңиз, бара берем”, — дегенде, телефондон Саниеге: “Тамак даярдап тур”, — деп, үйгө келгенбиз. Ошондо, үйдө отурганыбызда, Мира мага телефон чалып: “Айтматов сени сурап жатат”, – деп Чыңгыздын телефонун берди.

Чыңгыз менен телефондон сүйлөшүп алып, Болот экөөбүз автомобилим менен жетип бардык. Кучакташып көрүштүк. Үйгө чакырдым. Чыңгыз менен биринчи жолугушуубуз ушундайча болгон.

Анын атагы чыга баштаганына, кыргыз наамын алыска угузганына сыймыктандым. Ал жөнүндө “Азаттыктан” зыяныбыз тийбегендей угузалы деп, өзүмдү да, жигиттерди да дайым этиеттикке чакырып турдум. Эңсеп жүргөн, кыргыздардын атагын дүйнөгө тараткан бир кыргыз да менин үйүмдө болуп кетти. Мендеги Чыңгыздын китептерин жыйнап алып, Болот менен Чыңгыздын отелине кеттик.

Чыңгыздын отелинде эки сакчы бар эле. Бири КГБнын сакчысы, экинчиси ЦРУнун сакчысы. Санжарды барымтага кармап, чыгарбай коюшту алар. Мен ал жерде кыргыздын үч уулу менен отурдум. Чыңгызды сыртынан билээр элем, андан Болотту, кийин Санжарды көрдүм. Санжар менен Болот өзүлөрүнчө орусча сүйлөшүп отурушту. Мен Чыңгыз менен сүйлөшүп отуруп, кайтып үйгө кеттик.

19-июль күнү Ашыр, Курманбек болуп Болотту Эргеш агага алып бардык. Эргешти чет элде калгандардын аксакалы катары “агай” дейбиз. Эргеш ичип алса: “Агай” деген сөзүңөрдөн айланайындар”, — деп көзүнүн жашын төгөт.

Июлдун 20сында Чыңгыз биздин үйгө келүүгө макулдугун берди. Мен анын отелине барып, автомобилиме отургузуп, үйдү көздөй чыкканда, ушундай жамгыр төктү. Чыңгыз да таң калды, бул жерде укмуштуудай жамгыр жаайт экен деп. Радиону ачсам, биз кете турган жолду суу басып, жол жабык болуп калыптыр, анда автомобилдер турат деп кабарлады. Башка жолго салып, Чыңгызды үйүмө алып келдим.

Чыңгызга кошуп, Абдулла Бапалы деген татар досумду чакырдым. Абдулла аялы Уркуя менен келип, Чыңгыз менен тамак жешип, ар нерсени сурашып отурдук. Абдулла татарча жакшы ырдачу эле, чечилип ырдап берди. Чыңгыз менен сыймыктанганын айтты. Уркуя да Чыңгыздын бүт чыгармаларын окуп чыккандардан эле.

“Чыңгыз, ушунчалык талантты кантип башыңа батырасың?” — деп Уркуя тамашалады. Саат 9-10дордо отелге жеткирип кой деген Чыңгыз менен биздин үйдө 3кө чейин отурдук. Абдулла ал тарапка кете турган болгондуктан: “Сен убара болбо, мен Чыңгызды өзүм таштайм”, — деп алып кетти.

1975-жылы 21-июлда түнкү саат 11лерде Чыңгыз Вашингтондон телефон чалып, кетип бара жатканда бизге ырахматын айтып, Абдулла менен Уркуяны мактап, жакшы досторуңуз бар экен деди деп кой дейт…”

“…1975-жылы 22-майда түрк жазуучусу Яшар Кемал Колумбия университетинде лекция окуду. Ошондо, экөөбүздүн аңгемебиз Чыңгыз тууралуу болду. Албетте, Яшар Чыңгыз менен да сыймыктанды. Көрсө, ал эски замандарда келген түркмөндөрдөн экен. Бул жерден да чыгыш түрктөрүнүн өз ара жакындыктары сезилди…”

“…10-февралда (1980-жылы) Москва радиосу Чыңгыздын сүйлөгөн сөзүн, “Эрте жаздагы турналар” туурасында кабар берди…”

“…1946-жылы чет мамлекетке кеттим, ошол жылдан тартып китеп жыйнадым. Беш миң том китебим бар эле. Аны, Чыңгыз үйдө болгондо: “Бул китептерди кайда алпарасыз?” — деген. Кийин Германияга ала кетип, бир бөлүгүн түркий редакциядагы адамдарга арзанга саттым. Кийин 2500 китепти Майнс университетине белек кылдым. Майнс университетинде чет элде биринчи болуп кыргыз грамматикасын жазган окумуштуу, түрколог, исламовед, чоң элчи Берзинг иштечү. Стамбулда Германиянын элчиси болуп алты жыл иштеп келген. Исламды үйрөнүп, түрк тилин билгени үчүн ошого китептеримди тартуу кылдым…”

“…3-мартта (1983-жылы) “Эрте жаздагы турналарды” көрдүк, кубанганымдан, 10-15 билетти алып, тааныбаган адамдарга таркаттым. Чыңгыздын чыгармасын сахнага алып чыккан режиссёрлор менен сыймыктанып, кубанычыбыз ичибизге батпай жүргөн заман эле…”

“…Ошентип, Мюнхенде 1979-жылдан 1989-жылга чейин иштедим. Беш жыл мурун — 65ке чыкканда кетишим керек эле пенсияга. Кыргыз жоктугунан, мени дагы төрт жыл кармап келишти. Мен үчүн мунун зыяны болбоду. Пайдасы болду. Анткени, алты жылдык пенсия менен 10 жылдык пенсиянын айырмасы асман менен жердей. Радиодогу кыргыз бөлүмүн да сактап калдым. Аким Өзгөн дагы сегиз ай Америкада окуп, англисчесин түзөтүп келген соң, өзүмдүн ордумду бердим да, кете бердим. Кубануу менен кеттим.

Аким Өзгөндүн уулу төрөлгөндө, Чыңгыз келди Германияга. Мария келди, уулу Элдар, кызы Ширин да бар эле жанында. Акимдин баласына Чыңгыз ат койсун деп күтүп жүргөнбүз. Чыңгыз биз үчүн сыймык. Чыңгыз келгенде: “Баланын аты түрк калктарынын, кыргыздын аттарынан болсун, Европа тилдеринде оңой жазылсын”, — деп шарт койдум.

Чыңгыз ары ойлонду, бери ойлонду, акыры, Нойон деген ат койду. Нойон деген атты “Манастан” жолуктурабыз…”

Ал эми бул баян — Ч.Айтматовдун эгемендүүлүк замандын алгачкы жылында “Ала-Тоо” журналынын фондусун ачуу тууралуу окурмандарга чакырык түрүндө жазылып, 1991-жылы ошол эле аталган журналдын №11-санына жарыяланган белгилүү макаласынан алынган үзүндү:

“…Кыргызстан Жазуучулар союзунда атайын “Ала-Тоо” фондусун ачып, анын эсебине кыргыз маданиятына кайдыгер эмес адамдар, интеллигенттер, уюмдар, ишканалар каражат топтошу зарыл. Бул демилгени өзүм баштап жаткан соң, жакында басмадан чыга турган “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу повестимдин калем акысын — 19 миң сомду бүтүндөй ушул Фондуга арнап отурам жана да алыскы Америкада жашаган Азамат Алтай табыштаган аманатты да (1000 доллар) журналдын редакторунун өз колуна тапшырдым. Нечен жылдардан бери чет жерде жашап, башка мамлекеттин тургуну болсо да, ошол жакта кыргызча радио сүйлөтүп, өз эли үчүн ак кызматын кылып жүргөн боордошубузга ыраазы болбогондо, нетесиң?

Баса, “Ала-Тоо” журналынын фондусун ачуу туурасындагы идея да Азамат Алтай менен кайсы бир жолу туугандарча сырдашып отурганда жаралды. Адабиятыбыздын ар кайсы жаңылыктарын, жетишкендиктерин чагылдырып турган көзгө басар журналыбыздын келечек тагдырын жаны күйүп ойлогону, чынын айтайын, мени да козгоду, мени да түйшөлттү.

Сыягы, башынан адабий процесстин ички агымы менен кошо сермелип, анын өйдө-ылдый көрүнүштөрүнө жедеп көнүп алган адамга караганда, сырттагы күйөрмандар орчундуу кемкарчтарыбызды дайыныраак көрүп турат окшобойбу. Неси болсо да, быйыл жазда бир катар Америка университеттеринде лекция окуп жүргөн чагымда, Азамат Алтай мага атайылап аэропорттон жолугуп, кыргыз элинин рухий муктаждыгы үчүн деген аманатын берди. 1000 доллар – сомго айландырса, зор акча. Анан калса, кеп акчанын көп же азында эмес, кеп – ак дилден жанып чыккан асыл умтулушта. Андыктан, кайда жүрсө да, эли-журтуна кызмат кылган, азыркыдай кыйын кезеңде биздин ички таптишибизге колдон чыккан каржысы менен көмөк эткиси келген аксакалыбызга өз элимдин атынан чын жүрөктөн ыраазчылыгымды айтмакчымын…”

Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун “Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?” аттуу китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.