Лирикалык чыгармалар кайсы элдин адабиятында гана болбосун (мейли оозеки, мейли жазуу жүзүндөгү) негизги орундардын бирин алып келген. Өзүнүн чыгышы жагынан лирика адабияттын алиппеси өңдөнөт. Адабияттын ар кайсы түрү өзүнүн эң алгачкы демин лирикадан алган. Сөз өнөрү төрөлгөндө лирика кошо төрөлгөн.

Лирика – сөз искусствосунун бел баласы, прозанын, драматургиянын, көркөм адабияттын жана башка ондогон түрлөрүнүн уюткусу лирика болуп эсептелет. Лирикага жуурулушпаган, аздыр-көптүр лириканын отуна чалдыкпаган көркөм адабияттын чыгармасы жок десек да болот. Кара сөз менен жазылган чыгармаларда болобу, же драмалык мүнөздөгү чыгармаларда болобу, кыскасы, көркөм адабияттын нагыз үлгүлөрүндө автор, же кааласын, же каалабасын лирика аралашпай койбойт. Албетте, көркөм чыгармадагы лириканын берилиши, күчү, таасирдүүлүгү автордун табиятына байланыштуу. Лирик жандуу жазуучуда ал көп кездешет. Бул мүнөздөгү жазуучуларда алар ар кыл.

Көрүнүштөрдүн бир гана моментин терең түйшүк менен өз башынан өткөрүп, лириканын сырдуу кылы менен чертип берет. Бул кыл окуучуну бирде алдейлеп, бирде сооротуп, бирде жашытып, бирде жаркыратып, керемет түйшүктөрдү башка үйөт, ойго, санаага чөмүлдүрөт. Мына мындан акындын да, анын каарманынын да ички дүйнөсү аңтарыла түшөт. Чыныгы турмуш көз алдыңа тартылмак гана турсун, сен өзүңдү ошол турмуш менен аралашкандай сезесиң, китептен турмушка өтөсүң. Лирик акын «оорулуу» жериңе камчы чабат, кытыгыңды табат. Карап тура албайсың, кош көңүл болуп кала албайсың. Сезим селт этет, жүрөккө доо кетет. Акын менен сенин сезимиңдин ортосунан от тутанат. Акындын сезими сенин сезимиң болуп калат.

Ал эми сезим, өзгөчө жаш кезекте күчтүү го! Күчтүү сезимсиз лирика жок. Жаштык кезде сезим бөтөнчө сезгич келгендиктен, лирика адабияттын алгачкы бешиги болот деп отургандыгыбыздын жөнү да ушундан. Адабияттын ар түрлүү алп жанрлары (роман, драма, повесть ж. б.) лириканын ушул бешигинен барып гана жетилген, лириканын жылуу уясынан учуп чыккан. Жаш жазуучулар өз чыгармаларын көбүнчө лирикадан башташы кокустук эмес. Алардын өзүлөрү да, каармандары да жүрөк сырларын лирика аркылуу төгүшөт. Лирика аралашпаган чыгарма – жаман чыгарма. Бул – менин гана оюм.

Лирикасыз чыгарма супсак болмокчу. Лирикасыз чыгарманы окуганда шылдыраган суу жуткандай болосуң. Поэзияны айтпаганда да, нагыз көркөм проза лирикасыз болбойт деп ойлоймун.

Классик жазуучулардын прозаларынын бардыгы лирикага сугарылган чыгармалар. Гоголдун «Өлүү жандарындагы» тройка жөнүндөгү саптар бул чыгарманын алтын барагы эмеспи? Чыгарма баштан аяк поэзияга толгон! Поэма деп ал бекеринен аталбагандыр. «Согуш жана тынчтыктагы» лирика орус токоюндай жыш. Өзүнүн жана замандаштарынын айтууларына караганда, Лев Толстой акындарды анча жактырчу эмес экен. Бирок ага карабастан, Пушкинди окуп, орустун карапайым частушкасы менен классик композиторлордун чыгармаларын укканда аппак сакалы жашка жуулган.

Чеховдун «Талаасын» кайда алып барабыз? Ырдап жибергиң келет. Лермонтов «Биздин мезгилдин мыкчегериндеги» каармандарын нагыз лиризмдин жылуу бешигине бөлөгөндүгүн айтып отуруу кажетпи? Беланы кантебиз? Горькийдин романтикалык чыгармаларынын бардыгы тең акварелдүү лиризмдин нуруна чалдыккандыктан гана, көз алдыбызда жаркырап турат. Өңгөнү кой, Пепени айтчы! Италиянын татынакай табиятынын алдында таалайга талпынган жөжөдөй болгон жапжаш Пепе лиризм менен кириндирилип, лиризмге чулгандырылган эмеспи?! Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду?» чыгармасындагы Тоня менен Павканын ортосундагы мамилелерде нечен жолу жылуу сезим жылт берип, ойнок сезим ойт берип өткөн жокпу? Булардан лиризмдин, жаштыктын, кумардуулуктун жыргалдуу жыты буруксуйт.

Достоевскийде лирика жок деп айтуучулар табылып калаар. Бирок, Достоевскийдин чоң психолог жазуучу экендигин эч ким тана албастыр. Ал эми, лирик жандуу жазуучу болбой туруп, психолог болууга мүмкүн эмес. Чынында эле ушундай. Аны окуганда кээде ириген күздүн изи уруп, кээде кылычын кынынан суурган кычыраган кыштын каары угулуп, кээде жаркыраган жаздын койнунан ойгонуп, жадыраган жайга кол бересиң.

Мына, Маяковскийди лирик эмес деп айтуучулар көп болгон. Чынында эле Маякосвский лирикадан көрө, эпикага жакын акын. Күрдөөлдүү турмушту күрдөөлдүү искусство менен берген. Ал эми эпика бар жерде лирика болбой койбойт. Лирик болуп туруп, эпик болбой коюуга мүмкүн, бирок эпикалык акында лирикалык учкун болбой коюуга эч мүмкүн эмес деп ойлойбуз. Анын сыңарындай, Маяковскийдин ырларын айтпаган күндө анын эпикалык пландагы чыгармаларында да, «МЕН» деген сыймыктануу менен айтылган жалындаган сезимдин оргуштап, кайнап жаткандыгын көрүү кыйын эмес. Муну түшүнө билбей, Маяковскийге лиризм жат деп чыккан кээ бир чилистен сынчылардын төмпөш жегендиги эстен чыга элек.

Маяковскийдин сөзү – беш атардын огундай курч, так жана таамай. Мында кароол да, дүрмөт да, дары да жана ок менен бирге бурк эткен жалын да бар. Бул жалын сезим жалыны. Акын ар кандай терс көрүнүштөрдү кароолго алат. Аларды куйкалап өтөт. Таланты таш жарган акын Маяковский лириканы да өзүнчө бир дүрмөт кылып алган. Акындын балбан билек лирикасы мына ушундай дүрмөт менен барып жетилген.

Алыс барбай, өз айлыбызга көчөлү. К. Баялиновдун «Ажар» аттуу чыгармасын ким билбейт? Кимдер Ажардын кайгылуу тагдырына кайгырбады? Кашкардын какыраган чөлүндөгү Ажардын апасынын бейитине кимдер аны менен кошо жаш төгүшпөдү! Эрк талашып, эмне азаптар чекпеди? Бул чыгармада жазуучунун каламын калтыраткан драма да, жүлүндү үзө жаздаган лирика да, эртеңки күндү эңсеген эпика да бар. М. Элебаевдин «Бороондуу күн», Ж. Турусбековдун «Бир болгон иш», А. Токомбаевдин «Күүнүн сыры» аттуу аңгемелеринде лирикалык ысык сезимдердин буусу чыгып тургандыгын көрөбүз. Мындай эпизоддорду биз прозанын поэзиясы, поэзиянын лирикасы дейбиз.

Прозанын поэзиясы ушу сыяктуу көрүнгөн болсо, поэзиянын лирикасы кандай болордугун билип турасыз.

Кыргыз лирикасы, өз алдынча бай лирика. Советтик кыргыз лирикасы Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы жана Ысак Шайбековдордон башталган. Булардын лирикасы оозеки элдик поэтиканын эң сонун үлгүлөрүнөн болуп саналат. Айта кетчү бир сөз, тилекке каршы, алардын поэтикасы ушу күнгө чейин изилдене элек. Ырас, Токтогул, Тоголок Молдолордун чыгармачылыктары жөнүндө диссертациялар жазылган. Алардын ичинен маркум Мэдина Искандеровна Богданованын «Токтогул» деген эмгегинен башкалары өтө эле жалпы мүнөздө, кээси үстүртөн жазылган. Алардын (акындардын) чеберчилиги жөнүндө алигиче сөз боло элек. Ал эми булар кандай сонун казына!

Башканы айтпайлык, Шайбековдун «Кайран эл» деген чыгармасын алалы. Чыгармада оозеки адабияттын ар түрлүү жанрлары айкалышып жатат. Бирок, ошол мотивдердин бардыгын лирика басып тургандыгын көрөбүз. Поэмадагы күрдөөлдүү эпика лирикалык планда берилген. Социалдык лирика оптимистик тондогу элегиялык сюжетти аттап өтүп, саясий одага жол бошотот. Лирикада элдик мүнөздүн бир көрүнүшүнө бул дастан эң сонун мисал болуп бере алаар эле.

«Кайран эл» эмне үчүн эл арасына кеңири тараган? Анын күчү эмнеде? Анын күчү автор элдин духун бере билгендигинде. Бул чыгарманы ошол жаралган мезгили менен кароо дурус.

«Кайран эл» элдин каны-жанынан чыккан чыгарма. Ысак Шайбеков элдин канынан кайнап чыккан чыгарманы сыя менен көчүрүп чыкты.

Айтмакчы, элегияны туура түшүнүүбүз керек. Биздин доордогу элегия революцияга чейинки элегиялардан жаңы мазмунга өткөндүгү менен түшүндүрүлөт. Революцияга чейинки лирик акындардын турмуштун капалуу жактарына карата тарткан түйшүктөрү табигый көрүнүш. Коом менен личносттун ортосунда ал убакта келишпес кайчы-карама-каршылыктар орун алган. Коомго нааразы болуу, коомдун жеке адамга тийгизген тескери таасири ал убакта кара тумандай калдайып дем чыгарбай басып турган. Ошондуктан, элегия ал кездеги акындардын лирикасындагы негизги жанрдык формалардан болгон. Көңүл күүлөрүн көп учурда ошол аркылуу төгүшкөн. Ал көбүнчө саясий лирика менен үндөшүп, акырында протест жасоо мотиви менен барып аяктаган. Турмуштан куугунтук жеген акындарда ал өтө көп кездешет. Пушкинден тарта кыйла классик жазуучулардын чыгармаларына ал күбө.

Ар бир чоң акын чоң түйшүктөрдү тарта билгендигинен гана чоң акын болуп отурат. Опол тоо ордунан козголсо да, солк этпеген моло таш жандуу адамдар эч качан жазуучу болгон эмес. Жазуучу бирде чоюндай оор, бирде көпөлөктөй жеңил болууга тийиш. Бирок эмнеси болсо да, жазуучу сергек организм. Жазуучу кыялдана, таасирлене билет. Ошондуктан, сүйүнүч, күйүнүч ар бир акындан кездешет. Кеп, ошону кандай бергендигинде.

Кыргыз совет адабиятындагы көрүнүктүү лирик акындар А. Токомбаев, А. Осмонов, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, Ж. Турусбеков, Т. Үмөталиев, М. Элебаев, Райкан, Мидин, А. Токтомушев, Н. Байтамиров, С. Эралиев, Б. Сарногоевдер болуп эсептелишет. Ырас, лириканын жылуу илеби башка акындардын поэзиясынан да уруп турат. Бирок, алардын бул жанрдагы чыгармалары лирик акын деп айтарлык даражага аларды жеткирген эмес. Аталган акындардын лирикасы авторлордун чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө жараша ар түрлүү. Алардын ар кимиси адабияттын башка жанрларында да иштешкен. Ошону менен бирге, лирика аларды акын катарында тааныткан бирден-бир жанр. Картина ачыгыраак болсун үчүн, алардын ар бирөөнүн лирикасындагы негизги өзгөчөлүктөргө жалпылап болсо да токтолуп өтүүгө болор эле. Макалада ага мүмкүнчүлүк болбой жатат. Биз акындарды салыштыра отуруп, алардын лирикасына тамга болуп урулган жана ушул кезге чейин сөз боло элек негизги жактарына токтолсок да болмокчу.

Баса, акындарды бири-бири менен салыштырууга болбойт, ар кимисин өзүнчө айтуу керек дегенди сунуш кылышат. Менимче, акындарды салыштырууга болот жана керек. Бул метод көбүнчө чоң акындарга колдонгону дурус. Байгеге кошулган күлүктөрдү неге салыштырууга болбосун? Бирок салыштыруунун да өз жолу, ыкмасы бар. Ар нерсе өз ченеми менен. Салыштырганда салыштырылып жаткан акындардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн унутпоого тийишпиз. Акындарыбыздын бардыгы тең бир эле турмушту – социалисттик чындыкты, бир эле метод менен – социалисттик метод менен сүрөттөп жатышат. Чындык бир, бирок аны сүрөттөө ыкма, каражаттары ар бир чоң акындарда ар башка. Салыштыруу көбүнчө темага байланыштуу жүргүзүлгөндүгү дурус. Бир эле теманы эки акын эки түрлүүчө чечет. Ушул экөөнүн кайсынысы көркөм чыкты деген планда салыштырууга абдан болот. Бирок, кээ бир акындар бир темага бар да, экинчисине жок. Салыштырганда муну унутпоого тийишпиз. Ошондой эле сынчынын өз керт башына байланыштуу момент, татым да чыгарманы сындоодо чоң ролду ойнойт. Бирөөгө жаккан чыгарма башка бирөөгө жакпай калууга мүмкүн. Мындай маселеде чындыкты элдин өзү табат.

Аалы Токомбаевге токтололу. Аалы адабиятыбызды баштоочулардын бири. Аны баштагандыгы «Октябрдин келген кези» аттуу ырына гана байланыштуу эмес. Жазма адабиятыбыздын адепки барагын ачып, ошо күндөн ушу күнгө чейин тынымсыз эмгектенүүдө. Акын күлүк калемин кырк жыл катары менен чаап, нечен байгелерди алып берди. Акындын төшөлгөн жорго калеми дале ташыркай элек, ташыркоону билбеген сыңары дагы эле өз күүсүндө. Бирок, ар бир чоң жазуучунун басып өткөн жолу темир жолдой түптүз болбойт, болгон да эмес, болбойт да. Эмгектин ээсин тапкан ар бир акынга бул тийиштүү. Аалынын басып өткөн жолу триумфалдык марш эмес. Нечен ирет жаза басуулардын, кыйналып-кысталуулардын жолу. Демек, кемчиликтер анда да бар.

Аалынын лирикасы жөнүндө айтып отуруу өзүнчө бир чоң эмгек болор эле. Андай максатты коёлук да, анын искусствосундагы органикалык түрдө айкалышып турган эки нерсеге токтололу.

Негизинен алганда акындар эки топко бөлүнүшөт: эпикалык жана лирикалык акындар. Экөөндө тең өзүн көрсөтө албаган акындар четтен кездешет. Ал эми, экөөндө тең өзүн көрсөткөн акындар чанда. Аалынын искусствосундагы өзгөчөлүктөрдүн бири мына ушунда турат.

Аалы – эпик десең эпик, лирик десең лирик. «Өз көзүм менен» деген поэма кыргыздын эпикалык поэзиясынын эң алдында турган чыгарма. «Комуз күүсү» деген поэмасы да, айрым бир натуралисттик сүрөттөөлөрүнө карабастан, ушул түрдөгү чыгармалардын катарына жатат. Жакында Аалынын дагы бир ыр менен жазган романы чыга тургандыгын газеттен окуп билдик. Аалы аны бир нече жыл катары менен иштеди. Ал жаманбы, жакшыбы өз убагында сөзгө алынаар, Бирок, алган темасына, окуяларынын байлыгына, социалдык масштабына караганда ал кыргыздын эпикалык поэзиясындагы бирден-бир ири көлөмдөгү чыгарма экендигинде талаш жок. Аалынын булардан башка да «Менин метрикам», «Майлыбай» өңдүү бир нече поэмаларды жазгандыгы белгилүү.

Поэмалардын бардыгы эле эпикалык поэзияга жата бербейт. Поэма кээде лирикалык жанрга да жатат. Маселен, «Кытайдагы кезигишүү» деген поэманы алсак, ал көбүнчө лирикалык планда жазылып, эпикалык баяндоолор менен желип отурат. Бул өзгөчөлүк акындын алдына койгон идеялык-көркөмдүк максатынан келип чыккан. Ошентип, акындын каламы лирикага да, эпикага да элпек.

Эпикалык арым, акындын поэмаларынан гана эмес, сюжеттүү ырларынан да кезигет. «Кыргызстан», «Кыргыздар», «Компартия жөнүндө ода», «Республикам» деген өңдүү саясий ырлар мына ушундай.

… Улуу Ленин, эл достугу, Коммунисттик партия, Родина темасын А. Токомбаев ар дайым эпикалык диапозондо берет. Буларды окуганда акындын түрсүлдөп каккан жүрөгүнүн ритми сезилип тургансыйт. Балбан билек, залкар сөздөр акындын командасы боюнча катарга тура калгансыйт.

Ыгы келгенде акын элпек лирикага да жол ачат:

Өлөң тилдүү, дили бирге кандашым,
Шайыр, шаңдуу кайда жүрсө жандашым,
Ала-Тоонун шылдыр тунук сууларын
Бирге таткан, бирге бүгүп мандашын!
Казак эли – жылдыздашым тилектеш,
Казак эли – таалайлашым жүрөктөш!
Абай, Жамбыл, Биржан акын ырларын
Тоо-токойдо, жашыл түздө ырдадым,
Токтогулдун токсон кайрык күүлөрүн
Домбураңа толгой тартып ырдадың.
Казак эли – түгөйүмсүң уялаш.
Казак эли – бийик чыксам кыялаш!

Бул ыр жүрөктөн жулкунуп чыккандыгы көрүнүп турат. Ошону менен катар, бул лирикалык строфалар акындын гана ой-сезими болбостон, биздин да ой-сезимибиз болуп отурат.

Мына ушул жогорку айтылгандардан А. Токомбаевдин таланты эпикалык жана лирикалык талант деген жыйынтык чыгат. Ал эми бул жерде анын талантынын лирикалык жагын айтып отуруунун кажаты жок ко дейбиз. Ал лирик акын катарында баарыга таанымал.

Эпикалык жана драмалык жанрларда ар түрлүү окуялар бири-бири менен байланышта өнүгөт, ар түрлүү адамдардын мүнөздөрү ачылат, көрүнүштөр жана ага байланышкан турмуштук шарттар, картиналар кеңиринен сүрөттөлөт. Мындай мүмкүндүктөр лирикада жок. Ага карабастан, лирикалык поэзияда да, адамдардын мүнөзү, ар түрлүү шартта тарткан түйшүктөрү, ой-сезим, талаптары берилет. Чоң жанрларда адам менен окуя сүрөттөөнүн предмети катары кирсе, лирикада адамдын ошол окуяга карата болгон түйшүктөрү ой-сезимдери предмет болуп отурат. Мындайча айтканда, объективдүү мазмунду «субъективдүү» түрдө берет.

Лирикалык поэзия өзүнүн жалпы гаммасы боюнча объективдүү чындыкты реалдуу сүрөттөө менен бирге, ага карата болгон субъекттин өзүнүн катнашын да кошо сүрөттөйт. Акын өзүнүн коому менен канчалык жакын, канчалык тыгыз болсо, өзүнүн лирикасында ошол коомдун алдыңкы идеяларын, саясий күрөштөрүн ошончолук терең көрсөтөт. Аны жөн гана иллюстрациялап, информациялап бербестен, көркөм образдар аркылуу жеткирет.

Лирика – сезимдин поэзиясы. Ошондуктан, эч кандай риторика аны менен жанаша албайт. Риторика бар жерде лирика жок. Лирик акын сезимдин тиги же бул көрүнүштөрүнө карата кандайча алмашкандыгын айтып отурбастан, ошол сезимдин өзүн көргөзөт. Лирик окуяга кайрылуудан мурда ошол окуяны түздөн-түз өзү өз башынын өткөзүш керек, сезимин жарып чыгыш керек. Анан гана ошол окуяга байланыштуу өз оюн, сезимин билгизет, өз позициясын билгизет.

Тематикалык жагынан алып караганда, лириканын диапозону өтө кеңири. Турмуштук көрүнүштөрдүн бардыгы анын «предмети» болуп бере алат. Себеби, акын ошол турмуштун өзүндө жашайт. Акындын дүйнөгө карата болгон катнашы канчалык тыгыз болсо, анын лирикалык сүрөттөөлөрү да бай. Албетте, лирик акын ушуга байланыштуу өзгөчө сезгич, байкагыч болууга тийиш. Турмуштук көрүнүштөрдүн берилиши акындын жекече керт башына, анын талантына байланыштуу. Лирикалык чыгрмалардын күчү акындын кайсы фактыларга кайрылгандыгы менен өлчөнбөстөн, ошол фактыларга байланыштуу кандай түйшүктөрдү тартып, ой жүргүзгөндүгү, көркөмдүгү менен өлчөнөт.

Бир эле предмет, бир эле тема лирикада ар түрлүү чечилет. Алыкулдун «Көлдүн кечки көрүнүшү» деген ырын алалы:

Көлдө жүрдүм, көлдүн боюн бойлодум,
Токсон ирет көргөнүмө тойбодум,
Кызгылт көйнөк кийгендиги эсимде
Уурдап алып күндүн батаар боёгун.

Билбейм неге… Эң жароокер ысыгым,
Кайрат, кубат, оюн, күлкү, кызыгым.
Кыз баладай уялганы эсимде
Уурдап алып күндүн батаар кызылын.

Көргүм келет, көргүм келет миң ирет.
Айткым келет сүйөм көлүм, сүйөм деп.
Элесинде көл жатпаса шарпылдап,
Ырларымда анда кайсы касиет!

Ал көл жөнүндө өтө көп жазган. Бирок, улам жазган сайын улам бир боёк, улам бир жаңы поэтикалык табылгаларды таап отурган. Ирети келгенде айта кетелик, кайсы бир акындар 1954-жылы «Ленинчил жаш» газетасынын жай айларындагы поэзия тууралуу жазган макалаларда Алыкулдун көл темасы жөнүндөгү ырларына байланыштуу ушул эле ойду айтып келип, ал ырлар бири-бирине окшобойт деп жазгандыгы жадымда турат. Чынында алар бир гана акындын каламынан чыккан. Чыкканда да Алыкулдан чыккан. Бир караганга окшобой турганы менен анда алыкулдук почерк жатат. Андан көрү акын бир эле теманы ар кандай поэтикалык ыкма, чеберчилик менен ачкан десек, чындыкка жакындашабыз.

Улам ыр жазган сайын өзүнө-өзү окшобой калган акын – начар акын. Ар бир чоң акындын: Темиркулдун да, Насирдиндин да, Алыкулдун да өз стили, темасы өзүнчө чечүү ыкмалары бар. Бул стиль, алардын бардык чыгармаларына тамга болуп урулган. Эмне жөнүндө жазбасын, бул стиль аларда аттын кашкасындай таанылуу.

Чыныгы таланттарды окуганда ушул теманы ушундай гана чечүү керек деген ойдо каласың. Алыкулдун көл темасы да биринен бири сулуу, бирине бири айкалышып турат. Алардын ар бирөөн окуганда «Бали!» дебеске чара жок. Лев Толстой: «Пушкинде уйкаш менен өлчөм бар экендигине карабастан, ырды сезүүгө болбойт, аны окуганда андан башкача жазууга мүмкүн эмес деген сезимге жеңдирип гана отурасың»[II], — деп жазыптыр. Бул ой Алыкулдун поэзиясына туура келет. Деги, Алыкул гана эмес, нагыз таланттуу акындарды окуганда ушул ой туткундап алат.

Нукура лириканы окуганда биз эч бир поэтикалык тоскоолдуктарга мүдүрүлбөйбүз. Ал өзүнөн өзү төгүлүп тургандай сезилет. Акын кыйналып кысталбай эле поэтикалык сөз берметтерин төгүп жиберген өңдөнөт. Ырлардын синтаксисттик жагынан түзүлүшү кадимки кара сөздөй. Ээ, баяндооч, айкындооч деген нерселер да кадимки кара сөздөгүдөй өз жайында. Талантсыз болсо да, кара күчкө салып, тердеп-тепчип кыйналып жазган акын гана сөздөрдү батек оодаргандай оодара берет. Бир окуп чыкканда анын эмне айтып отургандыгын кармай албай кыйналасың. Баары бир андан жакшы ыр чыкпайт.

Өлөң — сөз падышасы, сөз сарасы,
Кыйындан кыйыштырар эр данасы.
Тилге жеңил, жүрөккө жылуу тийип,
Теп-тегиз жумуру келсин айланасы,
Бөтөн сөзгө булганса сөз арасы,
Ал акындын, билимсиз бечарасы! — деп айткан улуу Абайдын улукмандай сөзүн бардыгыбыз билебиз. Абайдын поэзиясы өзү айткандай болгондуктан гана, көп акындардын поэзиясынын ичинен алтын казык жылдыздай жаркырап турбайбы! Эмесе, ардактуу акындарыбыз ошол алтын казык жылдыздын алтындай барактарын ачып жүрүшсө, адашпас эле!

Ар бир чоң акындын лирикасы ашык-кеми жок оңой жерден чыга калган эмес. Ушуну айтып отурган Абайдын өзү болсун, деги кайсы классик болбосун, биз таңданып отурган чыгармаларын «он толгонуп, омурткасы сыздап» отуруп жазышкан. «Генийдин бир аты гений болсо, экинчи аты эмгек» экендигинде талаш жок. Ал эми талант болбогондо эмгектенип отуруп эмгектеп калса да, эч нерсе чыкпайт. Жакшы чыгарманы окуганда акындын аны жазууда кандай эмгек жумшагандыгы билинбейт, ыр жымылдап турат. Мисалга, Аалы Токомбаевдин «Лениндин идеясы менен» деген ырынын башкы бир строфасын алып көрөлү:

Эпитет көп, эпикалык алп да көп,
Салыштырыш мүмкүн эмес, теңи жок,
Эверестей бийик десек болобу? —
Аалам үчүн ал бир кыпын, эби жок.
Океандан терең десек болобу? —
Анын дагы өлчөнбөгөн жери жок,
Лениндин идеясы өлчөмсүз,
Аба, суудай ал түбөлүк, чеги жок!

Бул да нагыз толкун учкунунан, акындын жүрөгүнөн жулкунуп чыккан лирика экендиги көрүнүп турат.

Аалы Ленин жөнүндө көп жазган. Бул тема бардык советтик жана бүткүл дүйнөдөгү прогрессивдүү адамзаттын акындары үчүн түгөнгүс тема. Улуу Ленинге алар сөз атасын арнашат. Акын бул ырында улуу образды берүүдө чындап кыйналгандыгын, чыгармачылык иштин түйшүгүн айтып келип гана, акыркы саптагы татынакай салыштыруу менен оюн жыйынтыктайт.

Ошентип, лириканын мейли тематикасы, же көркөмдүк мүмкүнчүлүктөрү жагынан белгилүү бир рамкасы жок. Нукура лирик акын үчүн бардык нерсе поэзиянын «предмети» болуп бере алат. Улуу сынчы Белинский Пушкин жөнүндө минтип жазыптыр: «Поэзиясы турмуштун кадыресе жактарына кайрылганда калтырап, асыл нерселерге гана шыктанган художник али художник эмес. Нукура художникке турмуш бар жерде поэзия да бар». Канчалык сонун ой жатат! Мындан ашыра айтууга мүмкүн эмес!

Мисал үчүн Алыкулдун айлына көчөлү. Мына Алыкулдун темалары: «Кызылча казган келинчек», «Кой төлдөтүү», «Жүзүм алуу», «Мураттын ыры», «Чөп үймөк», «Коон үзмөй», «Колхоз бакчасы», «Кой», «Бээ саамай», «Ай, сугатчы, сугатчы!», «Буудай сапыруу», «Чөп чабык», «Плотник», «Помидор» жана башка, жана дагы башка!.. Кыскасы, буга окшогон ондогон темадагы ырлары бар. Бул сыяктуу лирикасы менен ал эмгекти эстетикалык даражага көтөргөнүн көрүү кыйын эмес. Бир карап, ырлардын аттарын окуганда ушулардан кандайча поэзия чыксын дээрлик. Бирок, буларды окуп көрсөңүз, акын жүрөгү лапылдап согуп тургандыгын байкайбыз. Турмуштун ушу өңдөнгөн жөнөкөй, кадыресе (прозалык) көрүнүшүн Алыкул нагыз поэзиянын кылы менен чертип берип отурат. Алардын бардыгында терең пикир менен назик сезим бирге кайнап жатат. Натийжада акын эмгектин добулбасын согот.

Эмгек – жыргал, эмгек – бакыт, эмгектенгиле деп үгүттөп коюп, отуруп албайт. Калем саптын ордуна түз эле кетмен кармата койгондой болот. Окуучуну колдон жетелеп алып, эмгектин кызуу базарына алып келет.

Жогоруда биз алыкулдук поэзиянын бир тармагын гана кыскача эскерте кеттик. Ал эми андагы лириканын буга окшогон тармактары бир канча. Алыкулда гана эмес булар кыргыздын бардык лирикалык акындарына мүнөздүү. Биз аларды сүйүп окуйбуз. Эми ошол лирикалык чыгармалардын күчү эмнеде?

Чыныгы көркөм лирикалык чыгармалардын күчү акын айтып отурган ой менен сезимдин баарыга тиешелүү экендигинде анын типтүүлүгүндө, ортоктуулугунда. Ошол ой менен сезимдер акындын жеке керт башына тиешелүү болуу менен бирге, ал сиздин да энчиңиз, сиздин да ой-сезимиңиз. Бирок акын аны керемет көркөмдүк менен берип отурат. Акындын да акындыгы ушуну менен көрүнөт. Мидиндин төмөнкү ырын окуп көрүңүз:

Кереметтүү сен атасың, энесиң,
Салыштырып сага ким жер теңесин!
Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Ырым менин сенин демиң эмеспи,
Шыктанамын минип кыял кемесин,
Караныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай укмуш эмесиң?
Качан жүрөк кагышынан танганда,
Бир тартылып өтүп кетер элесин,
Бир тартылып өтүп кетер элесиң.

Өс Ала-Тоо! Өзүм өскөн турагым,
Уяң болбо, улуу жолуң улагын.
Жымың-жымың жылдыз болуп жылжыган
Канга дары, каштай тунук булагың.
Көкөлөгүн, асманга тий, турбагын!
Ээрчий берсең бир сонунга жетесиң
Улуу орустун Волга менен Уралын,
Улуу орустун Волга менен Уралын!..

Мына, Мидикеңдин кашык менен жыйган дүйнөсү! Бул дүйнө чүпүрөк эмес, ыр дүнүйөсү. Бул ырдын ар бир сөзү сары алтындай салмактуу эмес бекен! Курч десең курч, таасирдүү десең таасирдүү, көркөм десең көркөм, терең десең терең эмеспи! Ала-Тоону ким жазбаган? Бардыгы жазган. Бирок ошолордун ичинен Мидикеңдин бул ыры койчуман жылдыздай бөлүнүп турган жокпу?

Ирети келгенде айта кетелик, ушу Мидикең ар бир ырын жатка айтчу эле. Нагыз лирик акындардын табиятындагы бул өзүнчө бир касиет. Пушкин, Лермонтов, Есениндер ырларын жатка айтышчу экен. Албетте, ырларын жатка айтуу акындар үчүн милдет эмес, ага карата талант чегин ажыратууга болбойт. Бирок, ар бир талант ээси деген акын өз ырын аздыр-көптүр оозеки айтаарлыгы бышык. Халтурщиктер болсо, бүгүн жазганын эртең унутат. Эмнени жазды элем деп оозун ачат.

Айтмакчы, өгүнү бир жолдошко өзүбүздүн бир акыныбыздын ырын окуп жатсам, аңгыча автордун өзү келип калбаспы. Мен окуй бердим. Бүткөндөн кийин кандай экен десем, баягы акын, ыр өзүнүкү экенин билбей калыптыр:- «Ыр эмей эле, котур эчкинин арткы шыйрагы экен» — деди. Ыр сиздики экен дегенде кызарып-татарган да жок. «Элдин баары Пушкин эмес!» — деп, эшикти шарт жапты да чыгып кете берди. Ошондон кийин саламдан калды. Ыр жазбай эле ышкырат деген ушул.

Мидиндин жогорку ыры ар кимдин оюнан, сезиминен чыккан ыр. Бул ырды окугандан кийин, кайран Мидин деп, каламды жерге коюп, кайра окуп чыккың келет. Мидин ар бир жазган сөзүнө кароол коюп жазчу эле… Ушу сөз кандай жатты деп, канатынан кармап туруп анан гана учурчу. Ошон үчүн ал элге желдей бат тарабадыбы. Жазган ырларын сынамакка айтып да берчү эле.

Белгилүү бир чоң жазуучунун чыгармачылыгын үйрөнүп чыгуу, анын жазгандарынын бардыгын окуп, чыгармачылык лабораториясына кирип, аларга анализ берүү, дурус жана буруш жактарына саякат жасоо абдан кызык. Бирок, ушуну менен чектелбей, башка жазуучулардын да ички дүйнөсүнө кирүү, аларды бири-бири менен салыштырып анализ жасоо андан да кызык. Мындай болгондо утуш ири болмокчу.

Жазуучудан үйрөнүү деген анын чыгармачылык табылгалары менен чектелип калбастан, аны өздөштүрүү, өзүнчө новатор акын болуу деген сөз. Бирөөнүн изинен чыга албаган саякатчы да саякатчыбы? Эл жүргөн жерде жүрбөгөндүгү үчүн саякатчы дейбиз го? Колдон келсе, бирөөнүн эски көйнөгүн кийүүдөн качуу керек. Ар кимдин өзүнчө «түтүн булаткысы» келет. Ата мурасын өз билишинче байытканы дурус.

Биз буларды бекер айтып отурган жокпуз. Кийинки жылдардагы кыргыз поэзиясында кандайдыр бир тенденцияга айланып бара жаткан көрүнүшкө байланыштуу айтып отурабыз. Ал Алыкулдун атына байланыштуу.

Алыкулдун чоң талант экендигинде талаш жок. Алыкул өз чыгармачылыгы менен кыргыз поэзиясына жаңылык киргизди. Анын чыгармачылыгы – кыргыз поэзиясынын жаңы белгиси. Себеби: ал поэтикалык техникасы жагынан, образ системасы жагынан кыргыз поэзиясында мурда учурабаган жаңылыктарды алып келди. Нагыз новатор акын деп Алыкулду айтсак болот. Ал жасаган новаторлук туурасында өз эмгегибизде айтканбыз. Алыкул – образ системасынын бүтүндөй бир жаңы түрүн берип кеткен дедик. Алыкулдун поэзиясынын образдык жактан жасалгаланышы, синтаксистик конструкциясынын бир башкача жаралышы, лирикасындагы сюжеттик тамга, композициялык жактан түзүлүшү, музыкалык ыргак, драматизм элементтери, психологиялык ситуациялар аны кыргыз поэзиясындагы жаңы баскычка көтөрөт. Андан биз мурда укпаган жаңы көркөм тизмектерин, салыштырууларды, метафора, метонимияларды, риторикалык суроо-жоопторду, кыскасы, толуп жаткан поэтикалык фигураларды кездештирип жүрүп отурабыз. Уйкаш, муун, ыр түрмөктөрү да анда ар кандай. Өз сөздүгү бар.

Жылуу кийин, жолуң кыйын, үшүүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар учуп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!..

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!..

Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!..

(«Ата-Журт», 1958-ж. 110-бет.)

Катуу сүйүүдөн, күчтүү сезимден гана барып ушундай поэзия туулат. Баарыдан мурда, мындагы ой кандай асыл! Акын терең ойду, жаркыраган идеяны илеби асманга чапчыган ысык сезимге бөлөп отурбайбы!.. Алыкул чынында эле бүткүл өмүрүн – чыгармачылык өмүрүн Ата-Журтуна арнады. Ата-Журт – ал эмне жөнүндө гана жазбасын, Алтын казык жылдыздай анын көз алдында жаркырап турду. Ошон үчүн акындын чыгармачылык илеби эч качан сууган жок. Барган сайын жалындап жана берди.

Бул сыяктуу ыр жазыш үчүн асыл идея жана чытыраган ысык сезим аздык кылат. Ал үчүн Алыкулдай акын болуш керек. Чеберчилик керек. Бул ыр идея жагынан гана эмес, көркөмдүк жагынан да камчы салдырбайт. Идея көркөмдүк жол менен ишке ашкандыктан гана ал көркөм чыгарма болуп отурат.

Айрым жолдоштор жымылдаган жакшы уйкаштар болбосо ыр жаралбайт, уйкаш – ырдын негизги касиети деп жазып жүрүшөт. Кээ бир чоң таланттуу акындар да ушуну айтышат. Чынында уйкаш ырдын ички динамикасын кыймылдаткыч күчтөрдүн бири гана. Кыргыз ырынын табияты уйкашсыз ырды анча көтөрө бербейт. Өзгөчө, элдик оозеки поэзияда жакшы уйкашсыз ыр жок. Бирок, ыр жалаң гана уйкаштан жаралат деш натура. Ар бир нерсени жакшынакай уйкаштар менен жамактоого болот. Мына, мен акын эмесмин. Антсе да, эмнени болбосун, уйкаш менен жамактатып берүүгө жараймын. Бул адабиятка аралашкан ар бир жолдоштун колунан келе турган нерсе. Бирок, ушулар ыр болдубу? Ырдын өз табияты бар.

Колго тийген китепти ачып, окуп көрөлү. Шабданбай Абдырамановдун 1959-жылы чыккан «Каркыра» деген ырлар жана поэмалар жыйнагы экен. Шабданбайдын мындан мурда да эки-үч китеби чыккан. Үч китептин автору болгон жазуучуну жаш жазуучу деш туура эмес. Жаш эле керек болсо, Шабданбай отуздан ашкан. «Ороздунун баласы отузунда жаш болот» болуп, Шакең акындык жагынан чынында эле көк канат экен. Мына Аптап деген бир кызга жазган жүрөк сыры:

Жалжалым, жаныма келчи,
Жар сүйүү жүрөктүн эрки.
Таалайым түбөлүк бирге
Тынарым өзүңсүң, селки.
Селки,
Селки,
Күттүрбөй колуңду берчи.
(59-бет).

Ушу да ырбы? «келчи, эрки, селки, берчи» десе эле ыр боло бербейт. Кайсы кыз ушундай ырга жүрөгү эрип берилсин. Поэзияда өзгөчө буйрук этиш кулакка өөн учурайт.

Келчи, жаным.
Мына… кучагым,
Кел кабылчы, көп саргардым, кусамын.

Кусадарсыңбы, же кусуп ийгиң келип турабы? Поэзиянын тили өзгөчө так жана таамай болуу керек. Прозаиктин бир сүйлөмүн акын киши бир сөз менен, же бир сап менен берет. Тигилерде уйкаш бар дейлик. Ал мына бул ырга жол болсун:

Арыз бердим, алгылачы мени да,
Алешага шакирт кыла салгыла,
Артта калбай,
Үйрөнөйүн жумушчунун өнөрүн,
Аралашып айылга
Кирип келди техника!
(7-бет).

Кош, муну кандай дейбиз? Баланын тили менен балдырай берүү дейбиз. Кой, муну ушуну менен токтотолу.

Китептери да, аттары да чыгып жүргөн дагы бир катар «Ороздунун балдары» бар. Булардын да китептерин ачып көрө турган экен…

(…Талант жаш кезде эле жарк этет окшобойбу. Сакалы жерге жеткенде талант бешигин терметип, Пегастын жибек жалын кармаган акынды көргөн да, уккан да эмеспиз. Адамдын чыгармачылык илеби бөтөнчө жаш кезекте курч болору бышык. Муну биз эмес, адабият практикасынын өзү айтып отурат. Бирок, жалаң талантка таянганда да поэзия куштай колго конуп бере койбойт. Ар жакта «даарыган» бирдемеси болуп, көп окуп, көп үйрөнгөндө, көп эмгектенгенде гана жакшы ырлар чыкмакчы. Акын боло тура, Пушкиндин бир сабак ырын жатка айталбаган акындарды көрүп жүрөбүз.

Начар, көркөмсүз чыгарма биринчи кезекте акынга эмес, элге зыян. Элдин эстетикалык мүдөөсүн бузат. Супсак китепти окуган жолдош акынга деген да, адабиятка деген да ишенимин жогото баштайт. Адабияттын базары – кымбат базар. Минтип өзүн-өзү алдагандан көрө башка жакты ойлоп, колдон келе турган ишке бой салуу керек).

Демек, жалаң уйкаш ыр түзүүгө максаттануу али жарамсыз. Ыр болуш үчүн уйкаштан башка да, көркөмдүк каражаттар керек. Ырдын бүткүл ички түзүлүшү көркөм чыкканда жакшы ыр жаралат. Нагыз акын образ менен ойлойт. Образ жалаң уйкаштан түзүлбөйт. Ырдагы негизги нерсе – образ менен ойлоо, музыкалык ыргак. Уйкаш болсо, буларды жөнгө салат.

Алыкулдун жогорку ыры ушундай. Мында акындын ою баштан аяк образ менен берилген, ошол үчүн ал кызык, уккулуктуу, таасирлүү чыгып отурат. Акын Ата-Журтту «жандандырып» жатат. Ата-Журтту алдейлеп, ага адамдарча камкордук көрүп жатат: «кыш», «бороон», «кар», «түн», «сур булут» ушулардын бардыгы кырсык, наалат катарында коюлган. Акын ушулардын жолун тозгусу келет. Өзүнүн оюн күчөтүү үчүн, аны бир айтуу менен чектелбестен, бир нече жолу кайталайт да, ошону менен оюн бекемдеп кетет. «Суугуңду өз мойнума алайын», «азабыңды өз мойнума алайын», «жол карайын, из карайын, токтой турчу, токтой турчу» деген өңдүү риторикалык кайрылуулар менен келет да, акын ырдын аягын «Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!» деген күчтүү сезим менен барып аяктайт. Ушулардын бардыгы ырды күүгө келтирип жатат. Натыйжада ыр китептен сыртка булкунуп чыгып жаткандай сезилет. Ата-Журт дегенде сүйүүсү ашып-ташыган акын ага көптүн бирөө катарында жалбарып жатат.

Ырда Ата-Журттун алп образы гана эмес, акындын да образы берилген.

Өзүнүн интимдүү деген лирикасында да акын жеке керт баштын түйшүктөрүн коомдун кызыкчылыктары менен бирдей карайт. Ошондуктан субъективдүү аталган лирика анда көп орунду ээлебейт. Акын ар дайым коом менен тыгыз байланышта. Коомго кызмат кылат.

Билбейм кандай,
Эмне ойдо экен катарым,
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай
Эрте кургап, муздап бара жатамын.

Билбейм кандай,
Кайсы ойдо экен катарым,
Мен өзүмдүн жазмышыма капамын.
Кыйын күндүн пайдасына жарабай
Кыйган талдай сынып бара жатамын.

Акын коом менен биротоло сиңишип кеткен. Ошону менен бирге, акындын өзүнүн личносту да күчтүү экендигин көрөбүз. «Колхоз бакчасы» деген эң сонун ыры бар. Ал ырында акындын эки өмүр, эки жазы бар: бирин өзүм жашайм дейт, бирин ырым жашайт» деген зор философиялык ойду көркөмдөй берет. Чынында эле ошондой. Поэзия жана аны жараткан акын эч качан картайбайт. Поэзия – өлүмдү жеңе турган искусство. Ал муундан-муунга өтүп, түбөлүк жапжаш бойдон кала берет.

Алыкулдун бул ырлары анын поэзиясындагы кокустук эмес, типтүү көрүнүш. Ар бир чоң акын коомдун муктаждыгы үчүн кызмат сиңиргендиктен гана, чоң акын болуп келген. Коомсуз акын жок. Акындын таланты коомдун мүдөөсүнө сиңирген эмгеги менен, коомдун таразасы менен өлчөнөт. Алыкулдун чыгармачылыгы биздин кыргыз поэзиясындагы коомго кызмат кылуунун алгылыктуу үлгүлөрүнүн бири.

Жогорку ыр лирикалык түйшүктүн бир көрүнүшүнөн келип чыккан. Булар акындын ондогон лирикалык толгоолорунун бири гана, анын бир гана беренеси. Бул беренени басуудан акын чарчаган эмес. Айтылган ырлар анын бүткүл чыгармачылыгынын увертюрасы өңдөнүп турат. Негизги нотаны таап алгандан кийин акын аны нечен вариацияга салган.

Чайковскийдин «Моцартиана» деген чыгармасын уктуңуздар бекен? Улуу композитор дагы бир улуу композитор жөнүндө жазып отурат. Бир-экин гана музыкалык форманы бир нече жолу вариациялоо менен классикалык образ түзгөн. Музыка жөнүндө, музыканын ээси жөнүндө музыка жазган. Мында эпика да, лирика да, драма да бар. Нагыз поэзиянын кирсиз каймагы ушул жерде! Моцарт тууралуу далай акылмандар жазышыптыр. Бирок, анын өмүрү, чыгармачылыгы мынчалык күчтө, ушунчалык тереңдик жана кыскалык менен эч жерде берилбесе керек. Аны укканда өзүңдү унутасың, башка бир дүнүйөгө кирип барасың. Лирикалык элегиянын таасири ушундай. Бирок, акырында жаркыраган оптимизмдин нуруна чулганасың. Анын кооздугу айтып бере алгыс; өкүмү – табияттын өкүмүндөй күчтүү… Муну укканда Токтогулдун «Тогуз кайрыгы» да көз алдыбыздан жаңырып өтөт.

Деги, чыныгы лирик акындардын бардыгы музыка жандуу болушкан. Музыканы сүйүп, түшүнүү үчүн инструменттерде ойнобосо да, аны көбүрөк угуп, кулакты каныктырып, жатыктырууга болот. Мындагы негизги нерсе – ички угумда, табигый угумда болсо керек. Пушкин, Есенин, Маяковскийлер ырдай билишчү эмес экен. Горький «а» дегенден уялчу экен. Ага карабастан, алардын чыгармаларында музыкалык форманын канчалык казынасы кайнап жатат. Алардын лирикасы өзүнөн өзү эле музыка тилеп турат. Жакшы ырлардын музыкага айлангандыгы бекеринен эмес. Чоң акындар ыр жазганда өз обону менен, белгилүү бир ыргак таап алып жазышат деп айтышат.. Аны окуган окуучу да өз ичинен болсо да «кыңылдап» окуйт. Ырдын күчтүүлүгү кээде ошондон да билинет.

Мына булар Алыкулга туура келет. Алыкулдун интонациясы – абдан бай. Интонацияга жарды акын — чабал акын. Лирикалык настроение ошол интонациядан келип туулат. Мына, мен Алыкулду көрбөй калдым. Көрбөсөм да, анын музыка жандуу адам экендигин чыгармаларынан көрүп турамын. Алыкул – өзүнчө эле жаткан музыкалык дүнүйө, симфония. Симфония болсо бардык музыкалык формалардын ичиндеги эң эле лирикалуу жанр экендиги белгилүү.

Жаш акындарыбыз Алыкулдун ушу жагын да үйрөнүшсө жаман болбос эле. Тиш каккан, эски жана кески акындарыбызга бул кеч болуп калды…

Нагыз талант адамдын оюн айттырбай табат. Сырдана болот. Акындын бардыгы эле акын боло бербестиги белгилүү. Чыныгы акын адамдын ички сезиминдеги кайдагы бир түпкүрдө жаткан назик кылды табышат. Ошондуктан гана алардын поэзиясы акындан окуучуга өтөт. Сезимди козгобой, ага жеңил тийип өткөн акындар көбүрөк жолугат. Сезимди козгоп, ойду бийлеген акындардын категориясы азыраак.

Таланттуу акын Байдылда Сарногоевдин поэзиясы да мына ушундай категорияга жатуучу поэзия. Байдылда — жашынан жазган акын. Мектепте окуп жүргөндө эле ырлары басма сөзгө жарыялана баштаган. Ошондон бери төрт-беш китеби чыкты. Он чакты китеби чыккан кээ бир акындарды эл билишпейт. Кээ бирөөлөр көлөкөдө жүрүп эле китептерин чыгарып жатышат. Бирок аларды эч ким акын деп айтыша элек. Анткени, ар жактагы «кудуретин» көрүп турушат. Китептеринин ичи толтура топон экендигин жакшы билишет.

Ал эми Байдылда акындык жагынан эч кимден калышпаса да, чыгармачылык ишке өтө жоопкерчилик менен карайт.

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калемсабы,
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам,
Соодагер насбай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп,
Кез-кезде айылга да бара калам,
Кээ бирөө кесип-айрып жатабы деп.

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калемсабы.
Кылган иш – ырым менен кубантсам дейм,
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.

Чыгармачылык ийи жеткен лирика ушундай болот. Дагы бир «Аялыма» деген ырында:

Мен акынмын, кээде кедей, кээде бай,
Ичкен ашым кээде кесме, кээде чай.
Кай бир күнү конок толуп үйүмө,
Казанымда кайнап турат жалаң май.
Кай бир күнү капа кылам өзүмдү,
Жаш балама сүттүк акча таба албай.
Көп-көп жаз деп айтчу болдуң сен эми,
Көбү жакшы, бирок болот ченеми.
Эң уят ко эки бетти тултуйтса,
Эртеңки күн элдин калыс элеги.
Аман болсок жетишербиз баарына
Азырынча чабал жашап көнөлү.

Акындын калемсабы оруп жибере турган орок, кыйрата чаап жибере турган чалгы, же кетмен-күрөк эмес. Чыгармачылыктын майын чыгара жазуу өтө кыйын. Жогорку ырда ой да, образ да, чындык да бар.

Байдылданын ырлары чынчылдыгы менен катар, көркөмдүгү, бүткүл образ системасы, жымылдаган уйкаштары менен да айырмаланат. Канаттуу уйкаштар бири-бири менен жуурулушуп, акындын айтайын деген негизги оюн биринен бирине жөнөтүп жатпайбы. Эмесе, Пушкиндин мына бул ырын окуп көрөлүчү:

О чем, прозаик, ты хлопочешь?
Давай мне мысль, какую хочешь:
Ее с конца я завострю,
Летучей рифмой оперю,
Взложу на тетиву тугую,
Послушный лук согну в дугу,
А там пошлю на удалую,
И горе, нашему врагу!

Мына, бул не деген керемет сөз! Акынга айла жок ко! Кандай сонун картина жатат. Ал эми уйкаштары болсо, өзүнөн өзү эле тоголонуп отуруп, илеп белгисине токтолуп калбадыбы!

Кадыресе турмуштук көрүнүштөрдү поэзияга айландыруу Байдылданын чыгармачылыгындагы эң сонун көрүнүштөрдөн. Анын үстүнө ал абдан чынчыл акын. Чынчылдык чыгармадагы жакшы касиеттерден. Өз жүрөгүңдөн чыкпаган нерсе башка бирөөнүн жүрөгүн кайдан жылытсын. Сандаган салыштырууларды таап, поэтиканын техникасын укуруктап, не бир көркөм сөздөрдү көгөндөп койсо да, сезимди жарып чыкпаган нерсе селейген бойдон кала берет.

Байдылданын «Ак калпагына» ушулар мүнөздүү. Ал такшалган акындын калеминен чыккан жыйнак. Кийинки жылдардагы кыргыз поэзиясынын эң жакшы көрүнүштөрүнүн бири. Мындай көркөм жыйнакты көптөн бери окуй элек болчубуз. Бул жерде анын бардыгын талдап көрсөтүүгө мүмкүн эмес, талдап көрсөтүүгө аракеттенсек да, ырларын баштан-аяк көчүрүп чыккан болор элек. Андан көрө китептин өзүн окуп чыккан дурус. Ошондо анын чоң акын экендигин ар ким көрө алат. Талант даарыган акын Байдылданын чыгармалары чубура берсин!

Кийинки жаш акындардын ичинен озуп чыгып келе жаткан акындарыбыздын бири – Совет Урманбетов. Мурда анын «Желкеме» деген ырлар жыйнагы чыккан. Жакында анын дагы бир «Көл таңы» деген жыйнагы чыкты. Бул жыйнактагы ырлар лирик акындын колунан жаралган. Жазуу маданиятын өздөштүрө баштаган, поэзияга түшүнүп, ага берилген жана аны жарата баштаган акындын жыйнагына токтолууга макаланын көлөмү жол бербеди.

Лирика жөнүндөгү кээ бир ойлорубузду ушуну менен аяктайлы. Айта берсек, сөз көп боло турган.

Илгери Джордано Бруно бир замандашы менен: «Эгер аалам чексиз, жылдыз сансыз болсо, ар бир жер анын точкасы боло алат» деп тамашалашкан экен. Анын сыңарындай, лирика жолундагы сөз узакка созула турган болсо, ушу жерден чекит коёлу.

[I] Китептен: Үмөталиев Ш. Чындык жана чыгарма. — Ф., 1964. -216-244-66.

[II] Лев Толстой в воспоминаниях современников, т., 2 М., 1955 Стр. 246.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.