АҢГЕМЕ

Балага бул жашоо көндүм болуп калган: эки литрлик эки желим бөтөлкө сүтүн сатып бүтүп, үйгө кетерде дүкөнгө кирет да, таенеси дайындаган нерселерди – тузбу, ширенкеби, майбы, башкабы ала кетет. А нанды кудаанын куттуу күнү сөзсүз алат, нансыз булардын күнү өтпөйт, дүкөнчү да таенеңе деп навай нандын какталып бышканынан ылгап берет. Бала алгандарын кайсыл бир жылы таенеси кайсыл бир депутаттын чайына бардык элек деп алып келген эски, бырыш, көк пакетине салат да, тез жеткирсем деп үйүнө шашат.

Таш-Көмүрдүн аптабын билесиз да – саратанда нан жапкан дандырдай ысык, кышкы суугу эми айта көрбөң – Нарын менен кошо тоолордон айдалып келгендей, дене-бойду тоңдуруп, тоо-таштын баарын бубактантып жиберет. Бала үчүн ысык да, суук да бир – Ош-Бишкек жолунун боюнда өткөн-кеткендерге таенеси даярдап берген эки желим бөтөлкө сүтүн сатмайынча жылмай жок. Кээде барары менен өтүп кетет, кээде керээлден кечке отурмай.

Бүгүн жолдуу эле – бир киши машинасын токтотту да, сүттүн экөөнү тең бир алып, акчасын берип, бир аз кайтымына ыраазылык билдирип, анан да килтейген узундан узун машинасын от алдырып жатып:

— Биз деген дальнебойщикпиз бала. Сургутка Шамалды-Сайдан дарбыз, коон ташып баратам. Жолубуз ак болсун, тапканыбыз ак болсун деп эң биринчи ак сатып алдым! – деп күлүп туруп, кабинасын жаап алып акырын жүрүп кете берди.

Ошондон дердеңдеп жүгүрүп эле дүкөнгө кирди. Нандан ашкан акчага бир «Сникерс» деген жазуусу бар сүйрү конфетти кармалап-кармалап туруп, аны өзүнө тартып койду да, майда темир сомдорунан санап берип, шарт бурулуп эшикке чыкты.

Келе жатып карындашын ойлоду. Анысы үчкө кирди. Азыр барат да, көз күйгүзгөн конфетти ошол бөбөгүнүн колуна карматат, анан ал ары-бери оодарып, көргөн көзүнө ишене албай, байкесине аарчып бер дегендей кайра берет, байкеси анын кагазын аарчып, экиге бөлүп, бир бөлүгүн карындашына карматат, карындашы болсо бир өзүнүн, бир байкесинин бөлүгүн карап, «сага көп болуп калды» деген көз карашы менен суроолуу тигилет, ошондо байкеси дагы кичине тиштеп туруп, ал тиштемди карындашынын оозуна салат, буга кыз ыраазы боло мыймыңдап чайнай баштайт. Эки ай мурда беле, андан да башта беле, айтор, таенеси «бүгүн нан алып келбей эле кой, кечээ тойдон боорсок берип ийиптир, андан көрө карындашыңа бир нерсе ала кел» деп айтканда ушундай «Сникерс» деген жазуусу бар конфет алып келгенде, ушундай болушкан. Бүгүн да ошондой болушат…

Бала ырахаттанып ушуларды ойлоп келе жатып эле, үйгө кирерде тык токтоду. Таенеси нандан ашырсаң үч-төрт картошка ала кел дебеди беле? Кайра артына тыз койду.

— Муну алып ордуна картошка бериң? – деди «Сникерсти» дүкөндүн текчесине таштап.

— Эмне болду? Ичин жеп, сыртын алып келген жоксуңбу? – Дүкөнчү чындаппы, тамашалаппы, балага ушундай дегенде анын көздөрү коркконунан жайнай түштү. – Негизи бизде азык-түлүк сатылган соң кайра алынбайт!

— Унутуп калыпмын. Таенем картошка ала кел деген эле… – Бала күнөөлүүдөй жер тиктеди.

Эми ал наны менен картошкасын алып үйүн көздөй тызылдап чуркады. Карындашы адаттагыдай эле алдынан тосуп чыкты. Агасы анын көзүнө айыптуу киши сыңары тик карай албады.

— Апам келгенде сага көп конфет алып келип берем ээ? – деди бала карындашын сүйүнтөйүн деп.

— Ов-ва. – Чын эле карындашы сүйүнүп кетти. – Мынандай! – Эки колун кучак жайгандай кылып көрсөттү.

— Апам качан келет? – деди бала таенесин үмүттүү карап.

— Келет… Келер… – деди таенеси ары жактан бир нерсеге алаксыган болуп.

Бул сөздү таене үч жылдан бери айтат. Апалары кызын төрөп эле эки баласын апасына таштап, иштейт элем деп Сургут деген жагына кеткен. Кеткени кетти, акча салып турам деген, кудай акы бир тыйын салбады. Таенеси айткандай «бала дегенди унутту». Имиш-имиштерге караганда кыргызга окшош бир улутка тийип кетиптир. Бул жактагы биринчи күйөөсү болсо баласы төрөлөрү менен ичкенчиликтен көз жуумп, а кийинки кызынын атасы ким экенин да эч ким билбейт. Анан балдарына кантип айтат, апаң бул күнү келет, ал күнү келет деп, ичинен бөтөн жердин тузу түгөнгөндө буту тартса келип калар деп гана коёт… Эне кызына жамандык ойломок беле…

Ушул кызы кичүүсү. Кудай эсеп менен бир кыз, бир уул кылып отуруп, алты бала берди. Күйөөсү колхоздун парторгу эле. Жайлоого барчумун, малчылардан кабар алчумун, ошол жактан балдарга кымыз ичире келейин деп чоңдорун – төртөөнү вилисине салып алып кеткен бойдон сегиз күндөн кийин бешөөнүн сөөгүн Чычкан-Сайдан чогултуп таап келгенче эки кичинекей бала менен калган энеси – азыркы балдардын таенеси акылынан айнып, байлатма жинди болуп, Майлы-Сууга жатып калды да, балдарды жетимдер үйүнө алып кетти.

*       *       *

Кийин аял кыйла оңолду. Жазга маал бир делбетап болуп оолугуп калмайы болбосо, балдарды караганга жарап, экөөнү колуна алды, эптеп колхоздон калган эски барак үйдө күн кечирип жатат. Баласы чогоол, урушчаак, кайрымсыз болуп өстү. Аскерден кийин Караганда деген шаарда шахтада иштөөгө калдым дегенден кийин да мына жыйырма беш жыл болду, бир кабарын билдирбейт. Ушул тырмактай эки бала кээ-кээде «тагам барбы», «тагам кайда» деп сурап калбаса, айылда аны эстеген бир пенде жок…

*       *       *

Балдар апасынын Сургуттан айылга келгенин кыялданып жатышкан.

Баланын кыялы: «Апасы келиптир. Эки дөңгөлөктүү, дөңгөлөктөрү эч кимде жок калың, жыртылбас, коңгуроосу тээ Нарын дайрага чейин жете турган велосипед алып келиптир. Капкара экен. Жок эй. Кара болбойт. Көк экен. Жок, көк да болбойт. Боппоз экен. Ошол жарашат. Таш-Көмүрдүн күнгө куйкаланган боз топурактуу адырларына ошол боппоз ыраң жарашат. Мына эми велосипедине отурду да, шыңгырагын катуу кагып жөнөп калды. Карындашы чыңырып ээрчий баштады эле, аны учкаштырып, бир айлантып келди да үй алдына таштап, андан ары дагы зуу койду. Чоң жолдо Ошко бараткан машиналар менен, өзү жактырган кара түстүү ВМВлар менен жарышып баратат, ана алардын бирин басып өттү. Караса, ар дайым сүт сатып отурганда жанына жакын салып, жайында чаңын, кышында кары менен баткагын чачыратап өтүп кетчү кара көз айнекчен крутой байке экен. Аны чаңына калтырды. Эми Нарын дайра менен жарышты. Анан көпүрөгө келди. Мектебинин алдына тээп барды. Балдар үймөлөктөп анын велосун карап атышты. Баары «бир тээп келейин» деп суранды эле – эч кимисине ынабады. Өзү гана минди. Сууну карабай, башы айланбай көпүрөдөн ары-бери өттү. Кайра Ош-Бишкек жолуна түштү. Бишкекке бараткан машиналарды чымын-куюн кылып, артка калтырды. Бир убакта Разан-Сайдын көпүрөсүнө жете барды. Тык токтоду. Андан ары жол кайда барышын, андан ары эмне бар экенин билбейт да…»

Кыздын кыялы: «Апасынын алдына отуруп алат. Анын бети-башынан жыттап-жыттап, татына колдорун кармалайт. Мойнуна кош колдоп оролот. Башка балдардан көргөндөй эриндерин апасынын мамагына алып барып, денесинен чыккан эне сүтүн бүлкүлдөтүп соро баштайт. Ошондо кошуна кемпир «бу кыз эне сүтүн эмбей калды» дегендей шылдыңын айта албай калат эле. Ал энесинин бир эмчегин оозуна салып, экинчи эмчегин кармап турганда ошол кошуна кемпир келип калса… Буларды көрүп калса…»

*       *       *

— Баягыны айтайынбы? – деди кемпир өз-өзүнчө кыялга баткан эки небересинин оюн бузуп.

Балдар өз-өз дүйнөсү менен болуп аткан. Чочуп кетишти.

— Баштаңыз!

— Айтыңыз!

Булардын электриктер карызы үчүн эчак эле чубалгыларын үзүп кеткендиктен, караңгы, чакан бөлмөсү «баягыны» миң жолу укса да, уга берет. Балдар да жадабайт.

Кемпир оозуна бир чай ууртап алып, кебин баштады.

— Таятаңар анда колхоздун парторгу. Эки күндүн биринде чоңдорго кетет. Окууларга кетет. Чогулуштарга кетет. Коммунизмди курабыз дейт. Анысы менен менин ишим эмне? Балдар, тамак, кир, мал – менин ишим толтура. «Коммунизмди курсак, — дейт таятаңар, — баары бекер болот, эч ким иштебейт, иштин баарын техника бүтүрөт, жей турган азыктарга дүкөнгө да барбайсыңар, техника үйлөргө таратып кетет. А сен болсо, кемпир, марксизм менен ленинизмди окуп коммунизмди курганга даярданышың керек». Ошентет. А мен сурайм: «Качан эми коммунизмиң биздин айылга келет» дейм. Ал айтат: «Качан уурулар жок болгондо» дейт. Анда мен жөн турбай: «Аның келбейт экен» дейм. Чычалап кетет. Ордунан ыргып турат. «Келет, келет, сен биздин душман экенсиң, коммунизмдин душманы экенсиң! Сага саясый идеологиялык аң-сезим жетишпейт! Саясый билимиңди көтөрүшүң керек!» деп эле сүйлөнө берет.

— Анан коммунизм келдиби? – дейт бала.

— Билбейм! Мен үчүн таятаңар менен жашаган күндөр коммунизм экен. А таятаңар колхоз деп, коммунизм деп же элге окшоп мал кылбады, же үй курбады, колхоздун барагында калып кеттик. Айланайын, силер барсыңар, кудайга ушунусуна да шүгүр…

— А ошол коммунизм болсо эчки багышабы, сүт сатышабы, аялдар башка жактарга иштегени кетип калышпайбы? – Бала бул суроосун айтканда көздөрү бакырайып, жообун чыдабай күтүп туруп калат.

— Айланайын, эми коммунизм болбой калды го? Келатканда үркүтүп ийдик!

Ушинтип аны-муну кобурашып жатып уктап кетишет.

*       *       *

Бүгүн сүткө эч ким токтобой койду. Баланын кан жолдун боюнда отурганы менен, анын сүт сатып атканы менен, ошол сүттөн түшкөн акчага таянеси менен карындашына нан-пан алып барары менен эч кимдин иши жоктой. А түгүл ар убак качырып өтчү кара ВМВ да бүгүн көрүнбөдү. Кээде жол жабылып калат, анда такыр машина токтойт, бир убакта жол ачылабы, бири-бирин куушуп, бипилдетишип өтүшөт. Бала коркту, сүтүм өтпөй калса, үйгө эмне алып барамын деп коркту. Анан калса таенеси пулуң ашса бир кир самын ала кел, экөөңдүн жалгыздан көйнөгүңдү жууп салайын, саарга чейин кургап калар деген.

— Алгыла, кеткиле! Бошоткула! Жоголгула! – деп эле бешим кеч булардын базарчасына милициялар толуп кетти. – Президент өтөт! Кеткиле!

Бала болбой отура берди эле, бир эткээл милийса келип, сүттөрүн алып ыргытты. Ал болсо жөжөлөрүн айры куйруктан коруган эне тооктой болуп, сүттөрүн басып жыгылды. Биринин оозу ачылып кеткен экен, сүтү агып, какшыган жерге сиңип атыптыр. Аны шарт көтөрө койду эле сүт белинен ылдый эле калыптыр…

Таенесине көзү жашылданып, бир нерсе десе эле өкүрүп ыйлай тургандай болуп барды.

— Кеткиле деди! Соода кылбагыла деди! Менин сүтүмдү бир милийса алып ыргытты! – Ушинтип солуктап барып, таенеси кимдир бирөөнү «ушул жолдон өтпөй кал, ылайым» деп каргап-шилеп жинденген соң бала өзүнө келди. Өзүнө келди да, курсагым ачып атат деген карындашын алаксытып ойнотуп кирди…

*       *       *

Бир жолу кичи автобус токтоп, ичинен башка жактын кишилери түштү. Туристтер дешти. Баланы желим бөтөлкөлөрүн карматып туруп сүрөткө тартып алышты. Өздөрү да аны менен сүрөткө түштү. Сүтүн алып, анын ичине сөөмөйдөй бир аппаратын салып туруп, бири-бирине баш бармагын тик кылып көрсөтүп, бир нерселерди айтты. Бала түшүнбөдү. Каап, англис тилин окуп албасам деди. Англиче билсе, булардын кайдан келгенин, кайда баратканын сурамак. Анан эчкинин сүтүн, ал эчкилери адырдын жапайы дары чөбү болгон эрменди жешкенин, а «эрмен жеген эр өлбөйт» деген макал бар экенин, таенеси эчкилердин желинин таза жууп, саап, таза кайнатып, таза желим бөтөлкөлөргө куюп келип сатып атканын, ал акчага таенеси менен карындашына нан алып бара турганын, кийин чоңойгондо алыс жолго жүк ташыган дальнебойщик болорун, Сургутка Шамалды-Сайдан дарбыз, коон, пияз, карам, калемпир тартып барарын, жанына эчкинин сүтүн кайнатып, көп бөтөлкөлөргө куюп аларын, ал сүттү ошол жактагы жерин сагынган кыргыз аялдардын баарына бир-бирден таратып бере берерин айтып бермек… Бирок тил жок. Тил кыска… Англисче нөл… Кыргыздар болсо мындай сөздөрдү укпайт…

Караса эле, сүтүн алгандар кетип калыптыр. Колунда акча. Бала тааныган жыйырма сомдуктар, элүү сомдуктар эмес, бирок «100» деген жазуусу бар. Алыстап кетип аткан аппак кичи автобусту бир карап, дүкөнгө чуркады. Дүкөнчүгө да булардын бир тобу кирген экен, сүйүнгөндөн жамажайы жыйылбай калыптыр. Баланын колундагы «кагазды» алды да, ага нандан башка да төрт даана «Сникерс» берди, эки самын, бир «Кола» кошуп койду.

Бала үйгө кудуңдап келди. Карындашынын колуна эки «Сникерс» карматты.

— Таене, мен англисче үйрөнөм! – деди жайдарылана.

Таене да сүйүнүп «коммунизмин» баштады.

*       *       *

Бир күн ак «Мерседес» минген бир байке келди.

— Сүтүң эмненин сүтү? – деди баланы карап.

— Эчкинин.

— Чын эле эчкинин сүтүбү?

— Чын, ата! Абдан пайдалуу! Дары да, ата!

— Качан саалган!

— Эрте менен таенем сааган. Эки эле эчкибиз бар, ата. Ушул эле сүтүм бар!

— Отур, машинага! Сүтүңдү ал!

Бала ак «Мерседес» менен баратты. Анын машинага түшкөнүн, алдыда отуруп баратканын бирөө-жарым көрдүбү деп, улам-улам терезеден карай берди.

Бара турган үй шаардын байлар жашай турган аймагында экен. Поезд жолдон кесип барып, шахтёрлордун бир кездеги эс алуу үйү аркылуу өтүп, темир дарбазага киришти. Кабанаак овчарка бир үрүп алып, ээсин көргөндө мыш болуп жатып калды. Баланын көзү кирери менен эле велосипедге урунду. Сонун экен. Жаңы эле экен. Үйдөн бир аял чыгып, сүттү алып, акысын берди. «Мерседес» кайра ордуна жеткирип койду. Баланы көргөндөр, таң кала карашкандар болду.

Ошентип бала «Мерседес» менен жүрүп калды. Жакшы да. Керээли кечке кезерип, сүтүмдү ким алаар экен деп отурбайт. Машина менен барат да, акчаны алып келе берет. Каап, дагы бир саан эчки болгондо, анын сүтүн да жол боюнда отуруп сатып иймек. Бир жолу үйгө баратканда «Мерседес» минген киши жаш аялы өпкөсү кагындап ооруп калганын, ошон үчүн баласын эмизбей саап таштап атканын, эненин сүтүн бир гана эчкинин сүтү алмаштыра аларын, шаардын бир топ жеринен эчкинин таза сүтүн тааппай, ушул балага туш келгенин, анын сүтү балага да, анын энесине да жагып жатканын ыраазы боло айтып берди.

— Сизди убара кылбай, өзүм эле алып келип турмакмын… – деди бала бир жолку келишинде үйдөн чыгып баратып. «Велосипедим болгондо» дегенди айта албай тилин жутту.

— Ден соолук үчүн убара болсом эмне болмок эле… – Тигил киши корс этип машинасын от алдырды.

*       *       *

Бала ал күнү сүттөн келип кирингени кеткен. Аптап жүдөттү да. Анан калса, ак, таза «Мерседеске», жаш балалуу заңгыраган үйгө кара кычы болуп барган болбойт да, киринген жерде шоро менен жышыланып жуунуп алат.

Шам аралаш келсе, таенеси баланы күтүп сыртта жүрүптүр.

— Келдиңби, айланыйын! Эчкилер жок! – деди таене кабатырланып.

Таенеси өзү алыс баса албайт. Көзү да анчалык эмес. Эчкилерди үйдөн чыгарып койсо кетет. Аларды эч ким дале карабайт. Топ-топ болуп жүрө берет. Кышында да бул адырларга кар жатпайт. Эчкилер эптеп талаадан буту-колун жазып, бир курсагын тойгузуп келет. Келгенде бир аз жем берип коёт. Анан сөзсүз күн отурарда үйгө келишет. А бүгүн келчү убагы эбак өтүп кетсе да келбей атыптыр.

— Алдынан карап чыкчы, айланайын! – деди таенеси баланы чоң кишидей көрүп.

Ал болсо карындашынын мурдунан бир чымчып коюп, эркек каадасы кылып, таенеси берген четин таягын эш кылып эчкилер кайтчу жылга менен жөнөп кетти.

Бала биринчи жолу үйүнөн алыска түнү жалгыз чыккан эле. Улам арылаган сайын тегерек-четти көөдөй караңгылык каптай берди. Шаардын сансыз көп жарыктары жымыңдаганы менен алардын бул жакка жетер кубаты алсыз. Ай болсо али чыга элек. Жылга менен өрлөгөн сайын кара түн үстүнөн ныгыра басып, жакындан, алыстан бир шыбырттар, коркунучтуу үндөр угулуп, баланын жүрөгү дүкүлдөй баштады. Жакын эле жердегидей көрүнгөн жарык чыгып аткан сарай жетпес жерде экен, демейде өзү эле шыпылдап турчу кадамы шилтенбей, азыр эле артынан бир нерсе келип, шарт үстүнөн минип түшүп, басып калчуудай кооптоно берди. Ырдаган болду – үнү чыкпады, ышкырайын деди – таенеси түнү ышкырган жаман болот дечү, дароо токтотту. Бир убакта алдынан бир нерсе келе жаткандай шыбырт угулду, буттары титиреп кетти, «таене» деп бир кыйкырып алды. Кыйкырары менен эчкинин маараганы угулду, анан агарып бир эчкиси – ак эчкиси көзүнө ымырттанып көрүндү. Ак эчкинин алдында кара эчкиси да илкий басып эрчишип келе аткан экен, бала таенесинин сөзүн айтып, «айланайындар» деп жүгүрүп барып кучактап калды. Экөөнү алмак-салмак кучактап, тааныш жытына маашырланып, жондорун, мүйүздөрүн сылап атканда баланын калтырагы тып басылып, эчкилер болсо айыптуудай башын жерге салып турду да, анын баланын астына түштү.

*       *       *

Таенеси үйдөн кыйла бери келип калыптыр. Ак, кара эчки менен баланы көрүп эле жалынып кирди:

— Оо, Жараткан ай, айланайындарымды аман көрдүм! Сага ыраазымын! – Анан ал колундагы таягын алып ыргытып, белин түптүз кылып баланы кучактап бетинен өөп, бооруна кысты. – Эчкиси менен эмирен кал, издебей эле келе бербейт белең!..

Эчкилерди чаркарга киргизери менен, улактар маарап, таененин кимдир-бирөөнү каргап аткан үнү угулду.

— Жок дегенде улактарына бир ууртам койбойбу! Наамарт ко! Адамдар наамарт болуп кеткен го! Ушундай да болобу?! Эртең эми неберем эмне кылат?! Бүт саап алышыптыр да, эки дүйнөдө жакшылык көрбөгүрлөр!..

Бала түшүндү. Эчкилерди бирөө кармап, байлап, эч ким издеп келбеген соң желини толуп турганга сүйүнүп сүтүн саап алыптыр. Азыр сүт ичип отурушкандыр.

Бала болсо жаткан менен ооналактап уктай албады. Коркунучтуу түн, эчкилерди саап аткан маскачан ужастар түшүнө улам кирип ойгоно берди. Эртең эми эмне кылат? Күндө алып барган үйгө кайсыл сүттү алып барат? Оорукчан эненин баласы эртең эмне ичет?

*       *       *

Бала дайымкыдан саар турду. Бош желим бөтөлкөлөрдү эски пакетине салып, сүт саткандарды бүт кыдырып чыкты, эчкинин сүтүн саткандар аз экен, «карызга берип тургула, эки саатта сатып келип берем» десе да, эч ким көнбөй койду, бири балага ишенбеди, бири өз кардарыбыз бар деп койду, бирөө болсо уйдун сүтүнө бир аз эчкинин сүтүн кошуп сатып аткан экен, аны дароо эле билди, алгысы келбеди.

Убара болуп, башын жерге салып ордуна келип отурду. Ана ак «Мерседес» келе жатат. Жакын келди. Токтоду. Бала сүттөрүн кучактап чуркап барышы керек эле. Ордунан тура албады. Машинанын кыска-кыска сигналы угулду. Бала дале турбады. Көзү жашылданып, эмне айтарды билбей катып калды. Бир убакта алдында тааныш бут турду. Бала өзүн токтото албай ыйлап ийди.

— Не болду? Неге ыйлайсың?

— Сүт жок! Ата, сүт жок!

— Эмне төгүп алдыңбы?

— Жок, ата! Кечинде бирөөлөр эчкилерди байлап, саап алыптыр!

— Ким?! Билесиңби?!

— Билбейм. Караңгыда издеп баратсам, эчкилер желинин бошотуп келе жатыптыр.

— Ушундай де! Отур, машинеге, үйүңө алып барып таштайын!

Бала машинага коркуп отурду. Коркуп баратты. Таенеси экөөнү кошуп урушат деп чочуп баратты…

Таятасы өлгөндөн бери бул короого биринчи жолу машина кирди окшойт. Таенеси таягын таянып чыгып эле коркуп кетти.

— Арбаңыз, апа! Небереңизден мен сүт алып турчу элем. Балама аябай жагып аткан! Андан ашырып зайыбым экөөбүз да ичип атканбыз. Экөөбүз тең ушул сиздердин сүтүңүздөрдөн жакшы болдук, оорубай калдык. Кечинде бирөө саап алган турбайбы? Ким экенин билесизби, эне? Мен аны менен башкача сүйлөшөйүн! Айтыңыз!

— Кой, балам! Сүт жерге кирсин! Адам менен өчөгүшпө! Сен аларды бирдеме десең, эчкилер биздики, өчтү бизден алат! Үйдө, кудайга шүгүр, балдар бар. Күмөнүм болсо да, ал кишини айта албайм! Атын да билем! Өтмүшүн да билем, бирок айтпайм!

Экөө бир топ кажылдашты. Таене эч кимдин аты-жөнүн атабады.

— Сен андан көрө бирөөлөргө жакшылык кыла бер, колуңдан эмне келсе – кыл, бу дүйнөдө муктаж адамдар көп, аларды курсант кыл, сабырдуу бол, балам, ар ким пейилинен табат, бул дүйнө эсептүү дүйнө… Кудай баарын пенделери аркылуу кайтарып берет, – деп таене тигил кишини муютту да. — Нан алып чык! – деди балага.

Бала үйдө нан жок экенин билет эле. Ошентсе да үйгө кирип кетип, кыйлада чыкты.

— Нан калбай калыптыр!.. – Айыптуудай акырын үн чыгарды. Өзү да, жанына келе калган карындашы да ачка эле.

«Мерседес» катуу газ менен ордунан козголуп, он кадамдай барып токтоду. Анан эшиги ачылып, ичиндеги кишинин башы көрүнүп, балага карап кыйкырды:

— Эй, ме, бүгүнкү сүттүн акчасын ала бер!

— Жок, албайм, ата! Мен бүгүн сүт саткан жокмун!

— Ме, анда кызым, сен ал! – Машинанын үнүн угуп апам келип калдыбы деп чуркап чыгып, селейип турган кызга акча карматып кете берди…

*       *       *

Кечинде булардын үйүнө бир эски «Жигули» келип токтоду. Сүйрөгүчү бар экен. Сүйрөгүчтө эки эчки эки улагы менен. Авто үнүнө атып чыккан бала көргөн көзүнө ишенбей дел болуп туруп калды.

— Кел, дос, буларды түшүрүп ал! – деди шоопур.

— Таене! – деди коркуп кеткен бала.

Таенеси карындашын эргештирип, бөжөңдөп чыгып келгенче шоопур:

— Буларды сен сүт алып барып берчү атаң берди деп айт деди, биздин шеф. Карызга эмес, биротоло берди. – Ошентти да ал бала менен таенесинин кыймылын күтпөй эле өзүм билемдик менен эчкилерди булардын эчкилери жаткан чаркарга киргизе баштады.

Жаңы келгендер да бир ак, бир кара эчки, экөө тең ак улактар экен. Куду эле булардыкындай. Чаркардын оозу ачылары менен төрт эчки, төрт улак бири-бирин көптөн бери издешип, таба алышпай жүргөндөй маарашып, бири-бирине жакындай жытташып баштады…

— Коммунизм болду ээ, таене! – деди бала кудуңдай таенесине эркелеп…

*       *       *

Бала сүт сатып отурчу орунга адегенде ак «Мерседес», анын артынан автокөтөргүч, анын артынан павильон жүктөгөн чоң машина бири-бирине удаалаш келип токтоду. Бала ал кезде али келе элек болчу. Ары-бери өткөндөр гана карап атышты. Жумушчулар павильондун ордуна күлбото куюп, ары жак-бери жагын бекитип атканда бала келип калды.

— Бул сага, — деди тааныш киши. – Эми ушунун ичинде сатасың. Буйруса, эчкилериң улактары менен сегиз болду, беш жылда сексен болот, өзүңчө чоң ферма, анан сүт завод ачасың… Павильондун башына «Эчкинин сүтү» деп жаздыра келдим. А магазиндин атын жаздырыш керек. Сенин эле атыңды жаздырайлы? Атың ким?

Бала атын айтуудан уялды. Кантип анын эч ким дале атабаган аты дүкөнгө коюлуп, жолдон өткөн миңдеген адамдар анын атын окуп өтүшөт. Баарынан да кара көз айнек тагынган ВМВ минген көпкөнбайга сооп болду, ылай чачырата да албайт, чаңыта да албайт, бул павильону ылайды да, жаанды да, чаңды да, карды да, бороонду да тоотпойт…

— Булар иштеп турсун, жүр эми, биз үйгө сүт жеткирип келе калалы? — Экөө адаттагыдай эле унчукпай күндө барган үйгө барышты. Бала акчасын албайм го деп ойлогон. Болбой эле акчаны колго карматты. Чыгып баратып баланын көзү адаттагыдай эле дубалга сүйөнүп турган велосипедге кадалды.

— Тигини алып келчи! – деди үй ээси.

Бала тосмодон секирип өтүп велосипедди жетелеп келди. Эки дөңгөлөгү тең жарык экен.

— Артка сал, муну оңдотуп келебиз, – деди ал шагдам сүйлөп. – Төрт жылдан бери тебилбей жатат. Мени кара курга жеткирген ушул велосипед болчу. Бул жагы Кочкор-Атага, бул жагы Күрп-Сайга чейин күндө тебер элем. Жайында болсо ашуу-дөң ашып, суу кечип Тегенеге чейин, кээде Аркытка дейре барып келчүмүн. Чарчаганды билчү эмесмин. Жаанбы, карбы, бороонбу, аптаппы – эч нерсени карабай экөөбүз жөнөр элек. Акыры кара курдун ээси болдук. Анан спортту таштап, бизнеске оодум да, бул байкушум кала берди. Эми сен теп!

*       *       *

Бала чоң жолдо велосипедин учуруп келе жатты. Анын учуп келе жатканын ВМВ минген көз айнек да, дальневойщик таанышы да көрдү. Жол боюнда эрмен жеп аткан төрт эчкиси да карап калгандай болду эле, аларга кол булгалап:

— Салам, эчкилер! Салам!!! Салам!!! – деп зуулдап өттү.

Бала велосипеди экөө зымырап кара жолду шимирип, жутуп баратты. Бир убакта павильонунун жанынан өтүп баратып, андагы «Эчкинин сүтү» деген жазууну көзү чалды. Дагы бир сөз жазалы деп алар баланы күтүп турушкан экен.

— Эй, шайтан араба, атыңды айт, бул жерге эмне жазабыз?! – деп кыйкырды балага шатыга чыгып алып павильондун бетине жазып аткан жумушчу.

— Коммунизм! Коммунизм! Коммунизм! — деди бала үч жолу алардан өтүп кыйкырып.

Жумушчулар болсо павильондун үстү жагына кичирээк тамгалар менен  «Эчкинин сүтү» деп, ортосуна бадырайта дүкөндүн атын «Коммунизм»  жазып коюшту…

2019-жыл, июль-август

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.