Сара Делани, А. Елизабет Делани,  Эми Хиль Харт

(Башы сайтыбызга 2017-жылдын 31-июлу менен 18-сентябрында жана 2018-жылы 4-июлда  жарыяланган)

<<<<<<<<<Башы 1-2-бөлүк (31.07.2017)

<<<<<<<<<<<<<3-4-бөлүк (31.07.2017)

<<<<<<<<<<<< 5-6-бөлүк (04.05.2018)

III-бап

Касиеттүү Августин

Жарандык согуш аяктагандан кийинки ондогон жылдар бою “билим алуу” — тагдыры талаадагы оор жумушка же ак адамдардын там-жайындагы тиричилиикке байланган мурдакы кулдардын абалын жакшыртууну көздөгөндөр үчүн көпчүлүктүн башын бириктирчү ураанга айланды. Ал замандагы ынды каралар окуганды билип, аты-жөнүн ишенимдүү жазганды үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк алганына бактылуу эле.

Ынды каралардын өсүп бараткан бир ууч орто катмары жогорку билимге дарбаза ачылбаса, бийик мүдөөлөрүнө жетпестерин ачык түшүнүштү. Жакшы ийгиликке жетет деген тилек менен окутулуп жаткан аз сандагы ынды кара улан-кыздар аларды коллеждер менен университеттер кучак жайып күтпөгөнүн көрүштү. Ак адамдардын көбү ынды караларда билим алгандай жөндөмү жок деген жалган ишенимдин туткунунда жүргөн.

Көпчүлүк ынды каралар классикалык билим алууну убакытты куру коротуу деп, болочокто алган билимин пайдаланабыз дегендердин шагын сындырчу сөздөрдү айтып жаныңды кашайтышчу. Ынды кара аялдардын алдында алда канча бийик тоскоолдук турду. Көпчүлүк аялдар турмушка чыгып, эне болуп жаткан учурда, кыз-келиндер арасында жогорку билим алуунун зарылдыгы жок деген маанай өкүм сүрдү.

Бул мезгилде ынды каралардын прогресске тепкич болчу коллеждери пайда болду. Филантроптордун түндүк коому түзүлүп, байтактуу Вашингдондогу Говард университети, Теннесси штатынын борбору Нэшвиллде Фиск университети жана Түндүк Каролинанын Роли шаарында Шоу университети  ачылды.

Ынды каралар үчүн окуу жайлар, анын ичинде Виржиниянын Хэмптон шаарындагы Кесиптик жана айыл чарба институту[1] менен Алабамадагы Таскиги институту кесипкөй адистерди даярдоого көңүл бурушту. Бул эки институт тең жеке адамдар чегерген каражат эсебинен ачылган. Ал чакта Англокан чиркөөсү (Episcopal Church) тейдеги диний уюмдардын колдоосу менен негизделген ынды каралардын коллеждери иштей баштады.  Роли шаарындагы Касиеттүү Августин мектеби (азыр коллеж) да ушундай жол менен 1867-жылы түптөлгөн.

Азырга чейин окуучуларынын көбүн ынды каралар түзгөн жүздөн ашык коллеж бар. Алардын кырк сегизи Касиеттүү Августин институту сыңары менчик окуу жайлар. Көпчүлүк окуу жайлар, өзгөчө, коомдук институттар өз вазийпасын өзгөртүүнү ойлоштурушууда. Себеби, актардын окуу жайларынын көбү бүгүн ынды кара студенттерди кабыл алат, атүгүл издеп жүрөт. Кээ бир усулчу-педагогдор ынды каралардын коллеждерин адамдарга социалдык жана психологиялык жактан жардам көрсөтчү, турмушта пайдасы аз курстарды сунуш кылат деп сындашат. Мындай талкуу уланууда, бирок ынды каралардын коллеждери бир кылымдан көп убактан бери афро-америкалык жамааттардын ийгиликтерине негиз болуп берүүдө. Бир тууган деланилер Ыйык Августин коллежинде окуп жүрүп, “бийик ийгиликке” жетүүнү үйрөнүштү.

Cэди жана Бэсси

Биздин апабыз ата-энеси ырасмий баш кошо алышпаганына өмүрү өткөнчө кыйналып жүрдү. Өзү бойго жеткен курагында насип буйруп, күйөөгө чыксам ырасмий түрдө нике курам же такыр турмушка чыкпайм деп чечет. Үй-бүлө маселесинде Виржиния штаты Түндүк Каролинага караганда бир кыйла консервативдүү болучу.

Балким апабыздын Виржиниядан кетип, Ролли шаарындагы Касиеттүү Августин коллежине кирүүсү жогорудагы жагдайга байланыштуу болушу мүмкүн.

Ал көңүлүнө төп жигитти Касиеттүү Август коллежинде кездештирип, ашыгынын өңү өзүнө караганда көмүрдөй кара экенине көз жумуп койгон. Өңдөрү апабызга окшош кээ бир аялдар ынды кара эркектерге жолошпогон, бирок апабыз ал жөнүндө түк ойлогон эмес. Өз сүйгөнүн дандын алтыны, эркектердин сарасы деп мүнөздөчү. Апабыздын акылмандыгын айт! Ушинтип акылдуу аял жакшы эркекти сүйүп калат.

Биздин болочок атабыз да ашыгын жанындай сүйөт. Атабыз коллежди бүтүп жатканда, алардын кеңешчиси сен жок дегенде бир жыл үйлөнбөй коё тур деп акыл айтат. Мугалимдери атабыз коллежди бүтүп үй-бүлө кургандан мурда чиркөөдө диниятчы болуп иштеп берет деп ойлошот. Атабыз кеңешчинин кебин укпайт. Ал эч качан тирешүүгө барчу эмес, бирок дайыма өзү каалаганын жасачу. Ошон үчүн мугалимдери атабызды тандаган жолунан чыгара алышбайт. Ал коллежди бүтүп, Флориданын Фернандина Бич шаарындагы ата-энесине поезд менен барып, баш кошчу аялды кезиктиргенин айтат. Ата-энеси ага иллюстрацияланган кооз Тооратты тартуу кылат. Ал Тооратка “Генри Бөрд Деланиге ата-энеси коллежди бүткөнүнө  байланыштуу тартуу кылган” деп жазып койгон экен. Анан поезд менен Ролиге кайра келип, 1886-жылдын 6-август күнү Каситеттүү Августин чиркөөсүндө мисс Логан менен баш кошот.

Алардын тун уулу Лемуэль Такара Делани 1887-жылы 12-сентябрда төрөлөт. Аны атабызга коллежге кирүүгө жардамдашкан англокан чиркөөсүнүн өңү ак саргылт диниятчысынын урматына Лемуэль Такара деп аташкан. Лемуэлдин артынан ар эки жылда бала көрүп турушат: Сэдди 1889-жылы, Бэсси 1891-жылы, Жули Эмери 1893-жылы, кенже Генри (Гарри) 1895-жылы, Луций 1897-жылы, Уильям Манросс 1899-жылы, Хьюберт Томас 1901-жылы, Лаура Эдит 1903-жылы, Самуэль Рэй 1906-жылы туулат. Бардык бир туугандарыбызды эчак эгеси алган.

Биздин үйдөгү ар бир бала кимдир-бирөөнүн урматына аталган. Сэди (Сара Луиза) чоң энеси менен тайенесисинин, Бэсси (Энни Елизабет) доктор Энни Ж. Купердин[2] атын алып жүрөт. Ата-энебиз доктор Куперди үй-бүлөнүн жакын досу деп эсептешчү жана ага Энни деп кайрылышчу. Алар д-р Купер менен ал Касиеттүү Августин коллежинде окутуучу болуп иштеп жүргөн кезде таанышкан экен.

Касиеттүү Августин мектеби Жарандык согуштан кийин ачылганда, обол мугалимдерди даярдачу семинария жана окуу жай болуптур. Аны Смедес дегендердин үй-бүлөсү ынды каралар үчүн ачкан кезде, шаардын башка тарабында актар үчүн англосактардын Касиеттүү Мария мектеби ачылат. Апабыз кээде ага-ини смедестердин бири жөнүндө кеп кылып калчу. Ал мектепке атчан келчү экен. Аттан түшөр менен башындагы калпагын колуна алып, Касиеттүү Августиндин окуучуларына таазим кылганда, калпагы жерге тийип калчу экен. “Ак кишинин ынды кара окуучуларга ийилип таазим этүүсү каадага сыйбаган көрүнүш болчу”, — деп айтчу апам.

Касиеттүү Августин коллежин көптөгөн мыкты ынды кара улан-кыздар бүтүп, алган билимдерин көптөгөн өзү сындуулар менен бөлүштү. Ал кездеги жагдайда коллежде окуган үч жүз ынды кара студент үчүн окуу, жазуу жана ойлонуу — уктоо жана тамактануу сыяктуу эле табигый зарылдык болгон. Биз, коллежде окугандар, башка ынды кара балдардан айырмаланып бактылуу экенбиз. Анткени, билим алуу мүмкүнчүлүгү ал учурда чанда бир балдарда гана бар эле!

Биз кыз болгонубуз үчүн бир кадам да өз алдыбызча жасай алчу эмеспиз. Ал учурда бардык кичинекей кыздар менен бойго жеткен бийкечтер басса-турса кимдир-бирөөнүн көзөмөлү астында болчу. Кулчулук доору бүткөнү менен ынды кара аялдар менен кыздардын абалы  мурдакыдан бир ныпым да өзгөрбөй турган. Эгер кимдир-бирөө бизди кемсинтип кордоп, атабыз ал тууралуу даттанчу болсо, тиги немелер аны асып коюшмак. Жашоо ушундай катаал эле.

Биздин үй-бүлө кампуста жашачу. Эч кимибизди коштоосу жок кампустан сыртка чыгарбачу. Андан да жаманы: жаныбызда коштогон киши болбосо, кампустун ичиндеги кээ бир жайларга баруубузга тыйуу салынган. Апабыз же атабыз жаныбызда болбогон учурда, бизди Касиеттүү Августтин коллежинин мугалимдеринин бири коштоп алчу. Бул милдетти көп учурда атабыздын Флоридадан келген тайежеси Лаура аткарчу. Атабыз Лаурага “Лот таеже (Cousin Lot) деп кайрылчу. Биз кичинелер кыскартып, “Кулот” (Culot) деп айтчубуз.

Байкуш Кулот Флоридада байлыгы ашып-ташган ак аялдын колунда тикмечи болуп иштечү экен. Кулот ак аялдын оту менен кирип, күлү менен чыгат. Бирок, жалчытып акча албайт.

Тиги аял кантип байыптыр дебейсиңби?! Бир күнү Кулот жанагы жумушун калтырып, кечил аялдардын Балтимордогу конвентине кошулат. Бирок, кечилдикке “башын байлаган” эже-сиңдилер акчаны көчөдө кайыр сурап чогултканын билгенден кийин, андай маскарага чыдай албай, конвенттен кетет. Ошондон кийин атабыз аны Касиеттүү Августин коллежине ишке алып, окуучуларга тикмечиликтен сабак бере баштайт. Ал коллежде бели бекчейип карыгынча жүрүп, өлөрүнө жуук гана Фернандинаге кетти. Кулот ошо бойдон эч качан ак адамдар үчүн иштебеди.

Кулот бизди коштоп жүрүүгө өтө астейдил мамиле кылды. Бизди күзөтчү ит сыңары кайтаргандыктан, Теңир колдогон бирин-серин гана адам жаныбызга жолой алчу. Биз бир аз тыйын-тыпыр кылып алалы деп, мектепке караштуу жерде пахта оточубуз. Кулот ал учурда дарак түбүндө эски кийимдерди оңдоп отурганы менен бир көзү ийнеде, экинчи көзү бизде болчу. Ооба, мырза, ал бир учурда эки иш жасачу!

Касиеттүү Августин мектебинин кампусуна таандык чарба мугалимдер менен окуучуларды азык-түлүк менен камсыздачу. Чарба — жакыр окуучуларды да бакчу. Алар окуу акысын төлөө жана майда-чүйдөсүнө жетерлик акча табыш үчүн пахта отошчу. Биз эле сары чака болсо да таап алалы деп, ыңгайы келсе эле талаага жүгүрчүбүз. Мектептин акчасы жетпей, акыбызды төлөбөй калган күндөрдү да көрдүк.

Биз экөөбүздөн пахта терүү боюнча чемпион — Бэсси. Сэдди секелек кезинде эле бир күндө 100 фунт (45,36 кг) пахта терчү. Мынча пахтаны анча-мынча чоң кишилер да тере албайт. Кийин Бэсси 200 фунттан пахта терип, көпчүлүк эркектерди артта калтырчу. Пахта терген адамга өгүздүкүндөй күчтүн кереги жок. Бэсси сыяктуу чапчаң кыймылдаган эптүү аялдар пахтаны эркектерден тез да, көп да теришет.

Кулот күйөөгө чыкпай, кара далы бойдон өттү. Ал кээде бизди трамвай менен Жонсондун аптеканасына алып барып, лимонаддын бир түрү саналган limeade ичимдигин сатып берчү; шаарга барса, момпосуй алып келип жыргатчу. Анын бир “айыбы” — эч качан кесе сүйлөчү эмес. Ал бизге кийим салган сандыгымды бошоткула деп коюп, бирок кайсы кийимдерди ыргытуу керектигин айтпачу, биз шаарга кеткенде сандыкты өзү тазалап салчу. Албетте, керексиз нерселерди өзүбүз ылгачу элек. Ал өзүнө тиешелүү заттардын бирин да таштабай сактачу. Мурдакы кулдардын көбү Кулот таеже сыңары эски-уску заттарды жыйып, аларды эмнеге пайдаланарын да билишпечү. Мунун баары кул кезинде колуна илинер заты жок болгондуктан да.

Албетте, мурдакы кулдардын көбү, анын ичинде биздин атабыздын көзү тирүү. Чынында, мурдакы кулдардын көбү эркиндиктин үзүрүн пайдалана алышпады. Атам айткандай, жаман мамиле канына сиңген шордуулар азат жашоодо кантип тирилик кылгандын жолун билишпеди. Биздин ата-энебиз мурдакы кулдарга сый-урматтуу, адамгерчиликтүү мамиле кылууну парз деп билишкен. А башкалар кечээки кулдарды ит ордуна да көрүшчү эмес.

Биздин үйгө жакын жердеги эски тамда мистер Холлоуэй аттуу мурдакы кул жашачу. Апам бул кары чалдын абалын билип келгиле деп, бизди дамамат жумшап турчу. Жекшемби сайын апам баштыкка салып берген торт менен бал каймакты мистер Холлуэйге жеткирчүбүз. Ага жакшы мамилебизди көрсөтүү үчүн үч-төртөөлөп барчубуз.

Кампустун сырт жагында Суки деген “тайежебиз” да бар эле. Ал мурдакы кулдардын көбүнөн жакшы жашачу. Себеби, эркиндик келгенде эгесинен топунун ордундай жер менен кошо үстү чүмбөттөлгөн араба тийген экен. Суки тайеже өзүнө тың жан болчу, багында тыным албай күймөнүп жүргөнүнө бактылуудай көрүнчү. Биз жекшемби күнү анын кепе арабасынын жанынан өтүп баратканда, атам башындагы калпагын колуна алып:”Кутман таң, Суки тайеже”,- деп саламдашчу.

Атам Жаратканды алкоо күнүндө Касиеттүү Августин мектебинин тегерегинде жашаган бир да бирөөнү майрамдык тамактан кур калтырчу эмес. Майрамдан бир жума алдын себеттерди даярдап, муктаж адамдарды тактап чыкчу. Апам менен окуучу кыздар таттуу картошкадан пирог, жашылча жана тоок бышырчу. Ал кезде күрп кул жебес тамак болгондуктан, биздин туугандардан Виржиниядагы тайенемден башка эч ким күрп жечү эмес. Тайенеме жыл сайын майрамды утурлай мистер Милиям жапайы күрп атып келип берчү. Жаратканды алкоо күндүн таңында үймө-үй кыдырып, себерттерди таркатуу биздин милдет болчу. Кайсы бир жылы бир аял Бэссиге:”Садагаң кетейин, менин үйүмдө оозго салгандай нандын да күкүмү жок. Мен чөкө тизелеп алып, балдарымды бүгүнкү ырыскыдан кур калтырбасын сурап, жаратканга жалбарып жаткам. Сен биздин үйгө жеткенде, үйүбүзгө Жараткандын жакшылыгы чындап келди!” – дегеничи.

Мурдакы кулдар узак жылдар ачкалыктан катуу кыйналышты. Бизге дайыма тамак издеген кимдир-бирөө эшик чертип жаткандай сезилчү. Апам эч качан эч кимди куру кол кайтарбады. Кандай жумуш кылып жатпасын, анысын токтотуп, аларга тамак берчү. Бул адамдардын көбү токтобой өз жолу менен кетишчү. Бирок, Жесси Эдвардс деген киши кампус ичиндеги ээн турган ферм-хауста ондогон жылдар жашап, кийин көз жумду. Биздин үй-бүлөнүн өз адамындай болуп калган бул кишиге Жесси байке деп кайрылчу элек.

Жесси байке Түндүк Каролинанын Скотленд Нек деген жеринде кул болуп жүрүптүр. Атам ага аябай боор ооруп, мектепке кат таркатуучу кылып койгон. Ал жумушуна өтө олуттуу мамиле кылчу. Биз канчалык суранбайлы, күн сайын мектепке келген каттарды бизге көрсөтчү эмес. “Жок, болбойт. Мистер Делани эч кимге бир да катты бербе деген. Айтканы айткан. Болду!”- деп кутулчу бизден.

Апамдын камкордугу менен Жесси байкеге мектептин ашканасынан күнүнө үч маал тамактанганга уруксат берилген. Бирок, байкуш чал тамакты өз маалында барып жечү эмес. Ал бир жешембиде шаардагы баптистердин чиркөөсүнө таат кылганы барып, кампуска түшкү тамакка кечигип калат. Ошондон кийин ар жекшемби күнү эртең мененки тамак маалында күйүп-бышып:”Макул көрсөңөр, түшкү тамагымды өзүм менен алып алайын”,- деп улам кайталачу болгон. Апам Жесси байкенин мунусуна апендинин жоругундай карачу, бирок анысын тиги кишиге түк билдирбей өтүнүчүн аткарчу. Ал түшкө бышырылып жаткан тамактан өз энчисин алгандан кийин кымыйып жолго түшчү.

Жесси байке канча жашта экенин эч ким билчү эмес. Өзү да канча жашта экенин чамалап айтчу. Бечара картайган сайын каржайып, эби жок болуп баратты. Кээде икир-чикирге толгон эски тамын иретке салчу. Биз маал-маал колу-бутунун тырнактарын алып, үстү-башын тазалап, адам кейпине келтирип койчубуз.

Ал бир күнү ооруп калып, атам ооруканага алып барды. Бирок, доктурлар эч жардам бере алышкан жок: байкуш Жесси байке төрт күндөн соң узап кетти.

Биздин кампуста бей-бечаралар көрүстөнү бар эле. Жайканага тегеретеги тыйын-тыпыры жок ынды каралар көмүлчү. Атам ушу көрүстөндөн жакшы бир жай таап, Жесси байке ошо жерден орун алды.

Биздин көрүстөн өзөндүн аркы жээгинде тизилген дарактардын арт жагындагы актардын көрүстөнүнө такыр окшош эмес болчу. Ал Эмен бактагы көрүстөн аталчу. Актар бир жолу Испан-Америка согушунда курман болгон жигитти жайга беришти. Таажияга шаар мэри, штаттын губернатору келип, чогулган эл “Free as a Bird to the Mountain”[3] деген ырды аткарышты. Жык-жыйма эл мүрзөлөрдүн башына коюлган мармар эстеликтер менен айкелдерди тегеректеп турушту. Бул жөрөлгө бизди аябай таң калтырды. Эмне үчүн ак адамдардын аты-жөнү таш бетине чегилет! Албетте, өздөрүнө жетерлик акчасы бар болгондон кийин, алар көчөгө сулууланып чыкпаганда, ким чыгат?

Жесси байкени узатуу аземи жупуну өттү. Бирок, коштошуу зыйнаты Жараткандын алдында ар бир ак адамдын тажиясындай эле дурус, а балким андан да мыкты болгондур! Негизги аза күтүүчүлөр биз жана кичинекей сиңдибиз Жулия болду!

Биз талаадан терген жапайы гүлдөрдүбүз менен жыгач кермени желпип турдук. Окуу бөлүмүнүн башчысы мистер Хантер өзү үчүн мектептин жыгач уста бөлүмүндө жасалган табытты тартуу кылды. Мистер Хантер ак адам болгону менен чанда кездешчү жакшы адам эле. Атам тажияны Англия падышасын узатып жаткандай каадалуу өткөрдү. Не дебегин, Жесси байке таажияга ыраазы болду го…

8

Сэдди

Мен билген адамдардын ичинен апам жана атамдай иши чачтан көп эч кимди көрбөдүм. Бирок, алар биз үчүн дайыма убакыт табышчу. Биз үчүн убакытты жасашчу. Бир жолу кичүү инибиз Сэмдин:”Апа! Апа! Тез кел! Тез!” деген ачуу үнү угулду. Эмне балакет болду деп чочуган апам ашканадагы жумушун токтотуп, үн чыккан жакка жүгүрсө, Сэм: “Апа, күндүн батып баратканын карасаң! Жараткан бүгүн бизге күндүн ажайып батканын тартуу кылган окшойт”,- деп жатпайбы. Эне-бала ушинтип күндүн уясына конгонун карап турушту.

Апам керек учурда тартипти темирдей сактачу. Кичинемде тизесинде отурсам, мага кимдир-бирөө муштай кутучада момпосуй бергени али эсимде. Мен аны жеп отурсам, апам: “Эми момпосуйду Лемуэль менен бөлүш”, — деди. Мен момпосуйду бөлүшкөндү каалбай, озондоп кыйкыра баштадым. Апам мени бир аз карап турду да, колумдан момпосуйду алып, отко бурдап жиберди: “Бул эмки жолу бөлүшкөнгө сабак болот”, — деп.

Балким он баланы тарбиялаш үчүн апам өзүн ушундай катуу көрсөтүүсү керек болгондур. Ал кезде кээ бир аялдар баланы бойго бүтүртпөстүн түрдүү айла-амалын кылышкан, бирок максаттарына жеткен эмес. Апам бир ирет курбусунан кат алды. “Нэнни, сен дагы балалуу болгонду каалабасаң, мага айт. Мен аны кантип токтотконду үйрөтөм”,- деп жазыптыр курбусу. Апамды бул кат аябай кайгыртты. Катты окуп бүткөндөн кийин: “Мен бардык балдарымды, алардын ар бирин каалайм!”- деди апам өктөм үн менен.

Апам бизге: “Силер менен эмне болсо, анын баарын апаңарга жашырбай айткыла. Кудай өз балдарын кандай сүйсө, апаңар да ар бир перзентин ошондой сүйөт. Апа менен бөлүшкөн жаман эмес. Мага эч качан калп айтпагыла. Калп сүйлөөнүн кереги жок, себеби апа баарын түшүнөт”,- дечү дайыма.

Апам чынында иштемчил болчу: үй тирикчиликтен тышкары Касиеттүү Августин мектебиндеги ар бир жумуш кынтыксыз жүрүүсүнө көз салчу. Апам көз жаргандан кийин мен кичинекей отургучтуу болдум жана апамдар жаткан бөлмөнүн сыртында: “Сен ичкери кирбе. Апам эс алыш керек!”- деп сайрап отурчумун. Мен бөбөк кезимде апама ушинтип кам көргөм. Сен биздикине ал учурда кимдер келгенин билсең, таң каласын. Инилерим менен сиңдилерим, коллеж студенттери жана түрдүү адамдар бир нерсе сурап, үйүбүзгө келе беришчү. Апамды кампустагы бардык жаштар жакшы көрүп, “Делани апа” (Mother Delany) аташчу жана өз динаятчысына айтпаган сырларын апам менен бөлүшчү. Бирок, мен аларды үйгө киргизчү эмесмин. Мен кичинекей экениме карабай, апама кандай жакшы жардамчы болгонумду эми сен билдиң да?!

Апам бул жумуштардын баарын жасаганга кантип үлгүргөнүн бүгүн да билбейм. Анын жумуш күнү таң агарбай жатып башталганына карбай, ар күнү уктаар алдында ар бирибизди калай дагарага салып жуунтчу. Дагарага сууну өзү толтурчу. Апам жуунтканды эң кичинебизден баштагындактан, мен өз кезегимди күтүп отуруп чарчачумун. Себеби, мен жашым боюнча, улуулардан экинчи элем. Апам бизди күн сайын жуунтам деп эмнеге кыйналганын билбейм. Баары бир адамдар ынды каралар кир жүрүшөт деп айтышчу. Ал балким ушундай стеретотип менен күрөшкөндүр. Биз канткен күндө да ар дайым балдардын эң тазасы болушубуз керек эле.

Баарыбыз киринип бүткөндөн кийин атамдын бөлмөсүнө барсак, ал бизге Тооратты окуп берчү. Атам бизди угат деп эсептеген окуяларды гана окучу. Тооратта аял-эркектер арасындагы никесиз мамиле жана ушуга окшош окуялар бар экенин бойго жеткен курагымда араң билдим. Атам бизге Тооратты окуп бергенден кийин бүгүн кимдер чырлашканын тактап, андайларыбызды зерикпей жараштырчу. Биз ортобуздагы чатакты чечмейин, төшөккө жатканга уруксат берчү эмес. Апам-атам бизди кымтылап жаткыргандан кийин да атам түн ичинде туруп, үстүбүз ачылса, жаап турчу. Ал көбүнчө мен үчүн тынчсызданчу. Себеби, атам текшерип келсе, бир нече жолу керебеттен аяк жагында жүзүмдү айдын нуру чайып уктап жаткан экенмин. Атам мени ойготпой терезени далдалап коюптур. Эртеси: “Сэдди, сен жүзүңдү бузбайын десең, мындан ары керебеттин этегинде бетиңе айдын нуру тийип уктабашың керек”,- дегени бар мага.

Биз, кыздар, бир бөлмөдө, балдар башка бөлмөдө уктачубуз. Уул балдардын улуусу Лемуэль кичинекей бөлмөдө жалгыз жатчу. Биз адегенде Смитт деген кишиге караштуу үйдө жашадык. Ата-энебиз көп балалуу болуп, үй-бүлөбүз чоңойгондон кийин кампустагы “Деланин коттежи” аталган үйгө көчкөнбүз.

Атам үй-бүлө башчысы катары апамды аябай урматтап, жакшы мамиле кылуубуз үчүн колунан келген аракетин жасады. Ар бирибиздин аткарар милдетибиз бар эле, аны кандай аткарганыбызды атам дайыма текшерип турчу. Мен апамдын биринчи кызы болгондуктан, апамдын жанынан алыстачу эмесмин, ырасында эле апамдын жардамчысындай элем. Апама мөмө жемиш, жашылча консервалаганга жардамдашчумун, деги эмне иш кылбасын, жанында кол кабыш кылып жүрчүмүн. Мен апама жардамдашып жатканда, Бэсси такай кенже балдарды карачу. Сага чынын айтсам, Бэсси аларды тескеп-башкарганды мага караганда жакшы көрчү! Майдалар бир мертебе “Каныке Бэссинин уруксаты жок, чиркейлер биздин денебизге конушпады” деп даттанышкан. Бэсси кичинекей диктатор болчу!

Атам ар күнү эртең менен бизди тизип алып, “инспекция” жүргүзчү. Биздин бут кийимибиз жылтырата тазаланганбы, кулактарыбыз таза жуулганбы, үстүбүз бүтүнбү, — баарын текшерип чыкчу. Ал өз балдары менен сыймыктанып, бизди инспекция кылганда, андай ишеними дагы бекемделчү. Биз Деланинин ысмын алып жүргөндүктөн, өзүбүзчө түтүн булатып, бөлүнүп кеткенден кийин да кадырыбызды түшүрбөй жүргөнүбүздү каалаган атам.

Биздин инспекциябыз бүткөндөн кийин чиркөөнүн коңгуроосу угулуп, атам эртең мененки ибадатка кызмат кылганы шашып жөнөчү. Биз, балдар да, чиркөөдөгү таатка барып, андан соң кампустагы мектепке келчүбүз. Cабакты бизге коллежде окуп жаткан мугалимдер берчү. Класста көп учурда биз менен кошо жашы өйдө курактагы эркектер менен аялдар да окушчу. Кампуска жакын жерде жашаган бул адамдар окуганды, жазганды үйрөнгөнгө дилгир болушчу. Ушул жагынан биздин мектеп өзгөчө эле. Мектебибизде ар кыл курактагылар чогуу окушчу. Биз башка мектептерди билбегендиктен, минтип аралашып окууну өөн көрчү эмеспиз.

Биз, Деланин балдары, бир күнү мугалимдер бизге катаал мамиле кылганын сезип калдык. Эмне үчүн дебейсизби? Бир мугалим мени сабактан кууп салды, бирок эртеси апам класска барып, мени ордума кайра отургузду. Мугалим балдар эрте келип, колдорун мешке ысытсын деп айткандыктан, озунуп келип, колумду жылытканым эсимде. От жагылбаган үйдө уктап келген балдардын үшүп отурганын көрүп, мага мугалимдин кыжыры кайнаса керек деп ойлойм. Мен али кичине болсом, иштин чоо-жайын кайдан түшүнөм. Менимче, мугалим мени тарбиясы жетишсиз деп ойлосо керек.

Кызыгы, биз, бир тыйын да ашыкча акчабыз жок болчу. Ата-энебиз коллежде билим алып, маанилүү кызматта иштегендиктен, баары бизди байдөөлөт үй-бүлө деп билишчү. Тилекке каршы, акчабыз күнүмдүк турмушка араң жетчү. Биз бардык кийимдерибизди миссионерлердин дүкөнүнөн сатып алчубуз. Мен бала кезде болгону бир жолу гана жаңы кийим кийгем. Ошондо Жаңы Англиялык айрым ак миссионерлер “Мистер жана миссис Деланинин бардык балдары үчүн” деп, Кристмасска белек ирети жаңы кийим жиберген.

Манросстон башка эч кимибизде жаңы туулганда балага берилчү сүйүнчү кийим-кечесисиз чоңойдук. Бул инибизди бөбөк кезинде ханзададай көркөм кийинтип коюшчу. Себеби, мектепте апамдын жакшы досу, миссис Манросс деген ак чийгил мугалим иштеген. Ал эми төрөлчү баласына сүйүнчүлү кийим-кече даярдап коёт, бирок наристе жансыз төрөлөт. Апам бала төрөгөнү жаткандыктан, миссис Манросс чүрпөсүнө камдаган кийимдерин апама берет. Апам миссис Манросско аябай ыраазы болуп, атам экөө кеңешип, кичинекей инимди анын урматына аташат.

Бир жолу Бэсси жана кичинекейибиз Жулия атамды тегеректеп: “Ата, биз сенин денеңди сыгып, никель[4] чыгарып алабыз!” – дегенибиз эсимде. Атам каткырып: “Кана, кыздарым, аракет кылып көргүлөчү! Бирок, менде ниекель жок!”- деди. Чындыгында көп акчаң жок деле тиричилигиң өтө берет. Биздин үй-бүлөдө ысык мамиле, урмат-сый өкүм сүргөндүктөн, ушундай эстен чыккыс жакшы нерселер көп болду.

Атам Америкада же дүйнөнүн башка бөлүгүндө сейрек кездешчү асылбаа эркектердин бири жана акылман ата болчу. Биз миссис Майкл атка чегилген эки орундуу арабаны көңтөрүп алгандан кийин, атамдын ар бир сөзүнө кылдат мамиле кылып калганбыз. Миссис Майкл мектепте музыкадан сабак берчү, а кенже сиңдибиз Жулияны жанына батпай жакшы көрчү. Жулия музыкага абдан шыктуу болгондуктан, мектепти бүткөндөн кийин Нью-Йорктогу атактуу Жульярд мектебинде билимин  улантты. Бир күнү миссис Майкл кичинекей Жулияны жаңы арабама салып, ойнотуп келейин дегенде, атам кашайып: “Жок, болбойт! Миссис Майкл Жулиянын кылыктарын билбейт. Ал мындай нерселерди оодарып салат! Аны арабага салган абдан кооптуу”,- деп ынаган жок.

Биз баарыбыз атам негизи жок эле кооптоно берет деп, Жулияга уруксат берүүнү сурап, жалынып-жалбардык. Атам акыр аягында көндү. Анан эмне болду дебейсиңби? Миссис Майкл арабага отуруп, мектептен ылдый кеткен чаң жол менен атты таскактып жөнөдү. Анан көп узабай атты башкара албай, араба оодарылып кетти. Миссис Майкл жеңил жараат алды деңиз, бирок арабанын жүргүнчү отурчу жагы быт-чыт чыгып талкаланды. Бул окуя мага да, Бэссиге да чоң сабак болду, Жулия жөнүндө айтпай эле койоюн. Ошондон кийин атамдын бардык нерсени билгенине толук ынынып, ар бир сөзүн кыңк этпей укчу болдук.

Ал көп нерсеге кызыккан, эрмеги да көп болчу. Эсимде калганы: астрономияны өтө мыкты билчү. Бизди түнкүсүн сыртка алып чыгып, планеталар менен топ жылдыздарды көрсөтүп, аталыштарын үйрөтчү. Атам жылдыздар, планеталар жөнүндө көп билчү. Галлей кометасы асманда пайда болгондо жетине албай сүйүнгөнү бүгүнгө дейре көз алдымда турат. Ошондо баарыбыз сыртка чыгып, мемиреген түнкү асманда бүлбүлдөп учуп бараткан кометага суктантанганбыз. “Эмки жолу Галлей кометасы келгенде, аны ушу тургандардан кимибиз көрөрүбүз, мен билбейм”,- деген эле атам. Ал жаңылган экен. Бесси экөөбүз Галлей кометасын кайра көрдүк.  Бирок, комета биринчи жолкудай жакшы көрүнбөдү.

Атам жөнүндө дагы бир нерсе: ал ичкилик иччү эмес. Апам төрөгөндөн кийин, атам шаарга барып, ага өңү тунук сыра сатып келчү. Апама эгг-ног[5] да жасап берчү. Эгг-ног жасаганда, адегенде кабинетине кирип кетчү. Кийин түшүнсөм, кабинетине жашынып алып, эгг-ногго кичине виски кошчу окшойт. Түшүнүп жатасың го, балдар төрөлүп жаткан учурда атам апама көп жардам бере алчу эмес. Бирок, аначы аял кеткенден кийин атам жогоруда мен айткан нерселерди жасап, апамды бир аз болсо да эркелетчү. Баса, ликёрду биздин үйдө болгону бир жолу  көргөнүм эсимде.

Атам мени жана Бэссини бир гана жолу катуу жазалаган. Жаңылбасам, анда мен алты жашта, Бэсси сегиз жашта болсок керек. Ал бизди токойдун биз үчүн барууга тыйуу салынган жагында байкап калат. Биз ал жакка атайылап барган эмеспиз, барууга мүмкүн эмес экенин унутуп коюп барганбыз. Атам шондо бизге өтө ачууланган. Кимдир-бирөөлөр бизди зордуктап кетиши мүмкүн деп корккон да. Ал бизге шабдаалынын бутагынан чыбык сындырып келгиле деп буйруду. Биз чыбык сындырып жатканда, мен Бессиге: “Кел, атам бизди чыбык менен канча жолу сабабасын, кыйкырбайлы!”- деп шыбырадым. Бэсси макул көрүп, мен биринчи барайын деди. Атам анын эки билек, эки балтырына чыбык уруп жатты. Сүйлөшкөндөй эле Бэсси үн чыгарган жок. Атамдын чыбыгынын “чып-чып” эткен үнү угулат, а Бэсси “кыңк” эткен жок. Акыр аягында атам чыбыгын жерге таштап: “Бар нары, сен териси калың коделек экенсиң!”- деди ага.

Кезек анан мага келди. Мен Бэсси кантип чыбык жегенин көргөндөн кийин, бакырбайм деген оюмду өзгөрттүм. Биринчи чыбык билегиме тийгенде эле жаным чыкчудай кыйкырдым, атам урганды токтотту. Ошону менен бүттү. Ушинтип чыбыктан кутулдум, атам мени аяганын түшүндүм. Жалангандын кереги не, эгер анын пайдасы жок болсо?

9

Бэсси

О, Кудай! Ошондо чыбык жегеним үчүн бүгүнгө чейин Сэдиге нараазымын. Чыбык урулганда кыйкырбайлы деген идея обол андан чыккан. Мен үчүн айткан сөздү аткарбагандан көрө, өлгөн артык. Бул чындык!

Мен бул жагынан апамды тарткам. Апам кээде абдан жаалдуу болуп калчу, мунусун мага окшоп көзү тирүүсүндө далилдегенге үлгүрдү. Бир ирет биздин телефонду колдонууну каалаган ак адамга апамдын заарын чыгарганы дале жадымда. Биздин үйдө телефон бар эле. Ал учурда телефон өтө сейрек буюм. Номуру 184 болчу. Телефон бир жолу шыңгыраса, мистер Хюнтер үчүн болот. Анын үйү дөңдө. Биз үчүн эки жолу шыңгырайт. Бир күнү чоочун ак киши эшикти кагып, телефонуңарды колдонсом болобу деп сурады. Ал киши апама “таяжеңе” (auntie) деп кайрылды. Ак адамдар өз ара сүйлөшкөндө ынды кара аялдарды ушинтип аташчу. Эркектерди “таяке” (uncle) же “улан” (boy) дешчү.

Апам тиги кишиге: “Сиз менин телефонумду пайдалана аласыз, бирок мага “тайеже” деп кайрыла албайсыз. Менин сизге тууган эмесмин”, — деди. Ал кезде минтип айтуу ынды кара аял үчүн аябагандай эле өткүрдүк болчу. Атам муну байкамаксанса салып коймок.

Атам жерлиги назик, жоош момун болчу. Сараңдык же чатак чыгаруу мүнөзүндө жок эле. Ошондуктан, бизди чыбык колдонуп жазалоо ал үчүн жеңил-желпи чечим болгон эмес. Ал ариет-намысты катуу сактаган. Өзүн бул дүйнөдө татыктуу алып жүргөнүнө бекем ишенген. Ошон үчүн атам менин Ретта деген торопой менен алпурушуп жүргөнүм жакпады деп ойлойм. Реттаны кимдир-бирөө кереги жок зат катары өлсүн деп, таштандыга калтырып кеткен экен. Мен ал кичинекей торопойду алып, бөтөлкөдөн тамак берип, бөбөктөй асырадым. Торопойду эми тапканда салмагы 500 фунтту (227 кг) басып, мурдунун жанында азуусу бычактай сороюп туруптур. Менин оюмча, Сэдди экөөбүз кайда барбайлы, Касиеттүү Августин мектебинин кампусунун айланасында чоң, куркулдаган бука-топозду ээрчитип алып, ары-бери салпактап жүргөнүбүз атамды кубантпаса керек.

Күндөрдүн биринде Ретта бир кишини тиштеп алып, өз тагдырына өзү балта чапты. Эти кургак ышталып, майынан самын жасалган деп ишенем. Ага бүгүнгө чейин жаным ачыйт, себеби карт чочкону жакшы көрчүмүн.

Атам-апам жаныбарларга урматтап мамиле кылгыла, Кудай жараткан бир да жандыктын этин жебесеңер өлтүрбөгүлө деп бизге дамамат айтышчу. Жайында атам менен инилерим кээде сүтемер атып келишчү. Менимче, бул чымчыкты азыр чабалакей деп аташат. Сүтактар күүгүмдө чиркейлерди жабыла терип, асманга толуп кетчү. Алар кээде он беш чакты, кээде эки сүтак атып келет. Биз аларды тазалап, кечки тамак даярдайбыз. Сүтактардын бар эти көкүрөгүндө. Анын эти абдан ширелүү болот. Атам бизге сүтактарды кимибиз таамай атабыз деп, кумар жазуу үчүн атканга эч качан уруксат бермек эмес.

Бир туугандарым курал жөнүндө бир же эки гана нерсени билишет. Мектепте алар тажрыйбалуу мергенчи болууга үйрөтүлгөн, а кыздардын бар үйрөнгөнү: куралды кантип коопсуз пайдалануу. Бирок, бир учурда кичүү иним Лемуэль тапанча көтөрүп жүрдү. Бир күнү жолдо баратса, бир эргул бутунан чала коюп, жыгылганда тапанча атылып кетип, оң колунан жараат алды. Ок тийген алаканын көрсөң, жараатында коргошун жайнайт. Ал маалда антибиотик деген жок. Бул кылмыштуу окуядан Лемуэлдин оң алаканында топчудай тешик калды. Бечара Лемуэль! Апам Лемуэлдин колу айыкканча, анын жанынан бир кадам да жылбады. Доктор болсо Лемуэлдин колун ысык суудан чыгарбай кармап отурду. Анын улуган карышкырдай боздогону Капитолий дөңүнөн бир миль (1 миль =1.61 км) алыска чейин угулуп турду.

Акыры Лемуэлдин колу сакайды, бирок каргашалуу окуя анын жашоосун өзгөрттү. Лемуэль доктор болууну чечти. Колун дарылап айыктырган ак доктурлардын бири ага акыл-эс болуп көмөктөштү. Касиеттүү Августин коллежин бүткөн соң Шоу университетинде окуду, интернатураны Пенсивания университетинде өттү. Роллиге кайтып келип, акырындап шаардагы абдан кадырлуу доктур болуп калды.

Бир нече жыл мурда шаардык оорукананын бир канатына Лемуэлдин аты берилди.

Биз Лемуэлдин тапаначасы менен болгон кырсыктан башка да жаман окуяларды көрдүк. Мен он жашта экенимде элди кайталанма келте каптап, өлүп кала жаздадым. Бэсси Жексон деген жаш кыз келтеден өлдү. Анын артынан башкалар ооруй баштады. Сэди ич келте болуп, жеңил айыкты. Мен алты аптага жуук ооруканада жатып чыктым. Ооруканада жатканымда мага альбумин суусу жок бир кашык тамак жегенге уруксат беришпегени дале көкөйүмдө. Мага ооруканада берген тамагы: жумуртканын сарысы жана суу. Калас! Медперсоналдын жүрөгү таш, өздөрү мерез болчу! Бул чындык, калп эмес! Билесиңби, алар ич келте кишинин ичегилерин үзүп салат, эгер каалаган тамагыңды жей берсең, ичегиң жарылып өлөсүн деп айтышчу.

Ооруканада жанымда жаткан Амэза Хилл деген секелек кыз менден бир кыйла эрте айыкты. Доктурлар ага күнүнө бир кесим загара нан (жүгөрүдөн жасалган нан) беришчү. “Амэза, мага загара наныңдан бир тиштем берчи?”- деп сурасам, ал: “Бэсси, бербейм. Аны жесең, өлүп каласың деп корком”,- дечү. Амэза өзүн жаман сезгенде кыйкыра баштачу. Мен өмүрүмдө биринчи жолу ошол кызга жалындым. Мындан башка эч качан жана эч кимге жалынган эмесмин. “Амэза, мага загара нандан бир сындырым берсең, ал жөнүндө бир жанга айтпаймын”,- дедим ага жалдырап. Ал акыры жалынып-жалбарганымдан тажап, мага өрүктөй нан үзүп берди. Бул жөнүндө ушуга чейин эч кимге айтпагам. Мен өрүктөй нанды жеп, өзүмдү бир аз жакшы сезип калдым. Карганам: ошол кыз мени ажалдан сактап калды. Ооруканадан чыкканымда кебетем арбакка окшош эле. Алар менин чачымды түбүнөн кыркып салышкан. Оозума бир чымчым наар албагандыктан, салмагым тооктон да жеңил болчу. Апам менин абалыма катуу тынчсызданып, ар күнү эртең менен бир кичинекей себетке тамак камдап берчү. Мен кайда барсам, себетти өзүм менен кошо алып жүрүп, каалаган учурда тамактанчумун. Бир канча убакка чейин балдак менен жүрдүм, менде кадимки калыбыма келем деген үмүт жок эле. Эл арасында ич келте көпчүлүктүн жонуна өчпөс из салып кетти дешчү. Азырынча дарт өчкөн оттой жанбай турат. Мен бул сөзүм менен эч кимди күнөөлөбөдүм деп ойлойм!

Кээ бир адамдар да, атам да эпидемиянын чыгышына булганч суу себепчи деп эсептешти. Атам эпидемиядан кийин бүтүндөй кампуска электр кубатын тартып, таштандылар агуучу ноо курду. Ал бардык ишке колу жөндөмдүү адам болчу.

Биз безгек, кургак учук сыяктуу жаман илдеттерди да көрдүк. Кампуста жашаган бирөө оорулардын эң жаманы – чечек менен ооруп калып, ошол замат элден обочолондурган. Адамдар тамак-ашты ал үчүн контролдук пунктка калтырып кетчү. Ушундай чектөөнүн натыйжасында башка эч ким чечек менен ооруган жок.

Апам микробордордон ашыкча көп сактанчу, биз жеген тамак-ашка да аябай көңүл бөлчү. Ал витамин, минерал жана башка ушул сыяктуу ден соолукка пайдалуу заттарды колдонууда өз мезгилинен алдыда жашаган. Биз апамды кургак нанүштөнү биринчи ойлоп тапкан адам деп айтчубуз. Кургак нанүштө үчүн делген нан чоң кирпич мештин үстүндө бышырылып, анан кулачтай нан кескич менен алакандай-алакандай кылып бөлүнчү. Апам нандын күкүмдөрүн чогултуп, бизге мискейдеги сүткө кошуп берчү. Анүчүн нанкескичтин астына такай идиш коюп койгон.

Ал учурдагы өзүбүз курактуу балдарга салыштырганда биздин ден соолугубуз абдан чың экен. Эчендеген наристелер менен балдар учуп кетти. “Көрүстөндө узун көрүстөндөн кыска көрүстөн көп” деп бекерге айтылган эмес да. Апам баарыбызды аман-эсен төрөдү, бирибиз да төрөт маалында зака чекпедик. Бала чагыбызда ата-энебиз бизди көздүн карегиндей сактагандыктан, секс жөнүндө кыпындай да түшүнүгүбүз жок чоңойдук. Биздин коңшубуз бир жолу: “Эй, кыздар! Силер жашыл тулаңдай көйкөлүп турасыңар, бирок жанагы уйлардын силерди чөп ордуна көрбөй, көйкөлтүп калтыраганы таң калычтуу”, — деп айткан. Короздун макиянды кууп жүргөнүн көп эле жолу көргөнүм менен, анысы эмне менен бүткөнүн билчү эмесмин. Бирок, макиян тооктордун какалыктап калганынан, алар жумуртка тууганы жатканын билчүмүн. Андайда: “Сэдди! Сэдди! Тоок кантип жумуртка тууганын көргүң келсе, тез кел!” – деп кыйкырчу элем. Ал дайыма кечигип келчү. Ошого бир жолу тоокту ичин чардайтып, эки бутун асман каратып алып, Сэдди келгенче жумурткасын көтөнүнөн түшүрбөй кармап тургам.

Апам боюнда бар экенин өтө эле купуя сактачу. Кенже инилерим менен сиңдилерим туулган күнү мага жана Сэддиге: “Эми кичинекейиңерди алып, токой четиндеги булакка барып, кечке чейин үйгө келбегиле!”- дечү. Биз кечке булактын жанынан жылбай отуруп, шамда кайтып келсек, үйдө аначы аял — мисс Кенни менен кичинекей ынды кара ымыркай пайда болуп калчу! “Апа, бул бөбөк кайдан келди?”- деген сурообузга, аначы аялды көрсөтүп: “Бөбөктү мисс Кенни алып келди”, — деп жооп берчү апам. Биз бөбөктү мисс Кенни кара булгаары баштыгына салып келген экен деп ойлочубуз.

Сэдди секс жөнүндө ойлончу да эмес, а мен, тескерисинче, секске абдан кызыкчумун. Секелек кезимде бир күнү колума сүйүү жөнүндө роман тийди. Андай романдар ал заманда өтө сейрек болор эле. Мен эмне кылып жатканымды же кайсы китепти окуганымды эч ким билбеси үчүн сарайга же фермхауска (кампуста атайын фермер үчүн салынган үй) жашынып алчумун. Сүйүү жөнүндөгү эски романдар абдан жөнөкөй жана мажес болчу. Сиз китептин секс жөнүндөгү бөлүгүнө жетип, бар окуганыңыз: “Бийкеч эстен танып, жигиттин ысык кучагына кулады” деген сыяктуу сүйлөм болот. Азыр мен сизден сурайын: дүйнөдө бул сөз өзү эмнени билдирет?

Секс дегениң эмне экенин бир нече жыл кийин Жоржия штатынын Брунсвик шаарында мектепте сабак берип жүргөндө өзүм менен чогуу иштеген мугалимдердин ачык айрым сөздөрүн угуп отуруп түшүндүм. Алар эркектер жөнүндө ар кандай сөздөрдү жашырбай шалпыганын угуп отуруп: “Оо, Кудай, өзүң кечире көр!”- дечүмүн күбүрөнүп.

Деланинин балдары дешип, элдин баары бизге суктанышчу. Бирок, биз бардык башка балдар сыңары бири бирибизге катаал мамиле кылчубуз. Балким биз жакшы жашап, тартиптүү болгондурбуз. Ага карабай, тентектик кылган күндөрүбүз көп болгон. Биздин кичүү сиңдибиз Жулия коңуздардан аябай коркчу, ал бейбаштык кылбасы үчүн коңузду айтып коркутчумун. Эгерде түнкүсүн биз жаткан бөлмөдөн коңуз табылса, “коңузду керебетиңе салып коём”, — деп Жулияга керектүү иштерди жасатып алчумун. Минтсем эмне болбойт беле?

Жулия дайыма бизди айланчыктап, бутубузга чатышып жүрчү. Сэди жана мен баарынан улуу болгондуктан, ал биз менен чогуу ойногонду жакшы көрчү. Туулгандан эле экөөбүз бири бирибизге жакын элек. Мен Сэдини тырмактай кезимден билем. Бир ирет Түндүк Каролинада асман калдырап, аябай катуу чагылган болуп, тим эле жаныбыз калбай коркконубуз. Бурганактаган жамгыр күчөп баратканын көрүп, атам баарыбызды үй ичине киргизгени азыр да көз алдымда. Баарыбыз чогулуп отургандан кийин, бизге: “Тынч отургула. Кудай өз ишин бүткөрсүн”, — деди атам. Жамгыр аралаш шамал жолундагынын баарын кыйсыпыр кылып келатты. Чагылгандан короодо атам орноткон шамалалар жапжарык болуп, үйүбүз да, биз да титиреп жаттык. Кара жаан басылгандан кийин асманда аябай кооз асан-үсөн чыкты. Атам: “Карагыла, балдарым! Бул кудайдын белеги!”-деди. Сэди мени колдон алып, экөөбүз асан-үсөндү жакшылап көрүү үчүн сыртка жүгүрүп чыктык.  Кудай асан-үсөндү биз үчүн атайылап асманга илип койду деп ойлочубуз.

Биз эч кимге жамандык кылбадык, Кудайга тобо, жакшы убакта жашадык. Бир туугандардын баары музыкалык аспаптарда ойногондутан, биз үй-бүлөлүк ансамбль түзгөнбүз. Биздин үйдөгү Mason & Hamlin компаниясында жасалган кичинекей органда атам сонун ойночу. Музыкага баарыбыздан жөндөмдүү Жулия да орган чертчү. Кенже инибиз Сэм да музыкага шыктуу болчу. Бизде флейта, скрипка, тромбон, кларнет сыяктуу ар түркүн аспаптарыбыз бар эле. Атам – музыкалык жетекчибиз. Биз марштарды, ал кезде популярдуу эсептелген бардык музыканы ойночубуз. Эртең менен биздин үйдүн жанынан өтүп бараткан адамдар: “Өткөн түнү үйүңөрдө майрам болдубу?”- дегенде, биз: “Жок, болбоду! Өзүбүздүн үйдөгү музыканттарыбыз концерт коюшкан!”- дечү элек.

Атам өтө таланттуу музыкант да болчу. Атамдын жанында анын кантип пианино ойногонун карап турар элем. Атам жанында эч ким жок деп ойлогон учурда, пианино чертип, эски методисттердин бала кезинде үйрөнгөн “Amazing Grace” (“Чексиз мээрим”) cыяктуу гимнин ырдачу. Епископалчыларда эски методисттердикиндей гимндери жок. Менин оюмча, атам өз жакындарын Флориданын Фернандина шаарында жоготкон. Атамдын жакын туугандарынан айрылганын ал кезде түшүнбөптүрмүн мен. Ал методисттердин гимнин ойногондо, өзүн туугандары менен чогуу жүргөндөй сезчү деп ойлойм.

Биздин жашообузду кубаттуу кылган бардык баалуулуктарды биз чиркөөдөн алганбыз.  Диний ишеним деланилер үй-бүлөсүнүн кулк-мүнөзүн калыптандырган. Биз жакшы христиан болгонубуз үчүн Жараткан бизди дайыма колдогон.

Садагаң кетейин, мен сага дагы бир нерсе айтып берейин. Биз жакшы жаран, жакшы америкалык болдук! Бизди өлкөбүз сүйбөй өгөйлөсө да, биз  өз өлкөбүздү сүйдүк.

IV бап

Жим Кроу жетелеп келген күндөр

Кулчулук жоюлгандан бир муун кийин да ынды кара америкалыктар үчүн эркиндик кол жеткис иллюзия эле. Жан башына салык төлөө, ынды кара америкалыктарды шайлоого катыштырбоо сыяктуу стратегиялык куралдар ойлоп табылат. Кирген дайрадай үкөктөгөн расалык чектөөлөр жалпысынан “Жим Кроудун заңы” деген ат менен белгилүү. Эже-сиңди деланилер Түндүк Каролинада Жим Кроудун заңы күчүнө кирген күндү “жашоону түп тамырынан өзгөрткөн күн” деп аташты.

Бул заң 1896-жылы Жогорку Сот “Плесси Фергюсонго каршы иш” деген бүйүр кызыткан окуя боюнча чечим чыгаргандан кийин Түштүк коомун каамыттайт. Анын жаралышына Гомер Плесси деген луизианалык аргын жарандын ынды каралардын вагонуна түшүүдөн баш тартканы үчүн камакка отургузулуусу негиз болот. Ал Жогорку Сотко доо арыз менен кайралып, максатына жетпейт. Себеби Жогорку Сот ынды каралар менен актар үчүн “бөлөк-бөлөк, бирок бирдей шарт” түзүлсүн деп өкүм чыгарат.

Эзелтен эле расалык сегрегация бар болчу. Бирок, Жим Кроу деген комиктин атына аталган жогорудагы заң сегрегацияны легалдаштырды жана ырасмий колдонууга киргизди. Жаңы заңга ылайык, ынды кара америкалыктар бардык коомдук жайларда, анын ичинде мектепте, коомдук транспортто, ооруканаларда актардан бөлөк жүрүп, субординацияны сактоосу шарт эле. Түштүктө атүгүл коомдук туалеттер жана суу ичүүчү кудуктар “ынды каралардыкы” жана “актар үчүн гана” деп бөлүнөт.

1914-жылы Түштүктөгү ар бир штат кабыл алган мыйзам боюнча, ынды каралардын макамы актардан төмөн болуп калат. “Биз өзүбүздүн экинчи класстагы жаран экенибизди билчүбүз, — дейт Сэди Делани. — Аныбызды Жим Кроудун заңы ташка чегип жазды”.

Жим Кроудун заңы жокко чыгарылганча ондогон жылдар өттү. 1954-жылы Жогорку Сот “Оливер Браун Топеканын билим берүү кеңешине каршы иш” деген ат  менен  белгилүү ишти карап, коомдук мектептердеги сегрегацияны мыйзамсыз деп тапты. 1964-жылкы Жарандык укуктар жөнүндө заң, 1965-жылы Добуш берүүчүнүн укугу жөнүндө заң  жана 1968-жылы Турак жайдагы адилеттүүлүк жөнүндө заң – мунун баары Жим Кроу заңын биротоло жок кылды.

(Уландысы бар)

Англис тилинен Амирбек АЗАМ уулу которду

[1] Котормочудан: Окуу жай 1868-жылы 1-апрелде ачылганда Hampton Normal and Agricultural Institute аталган. Бүгүнкү аталышы Hampton University.

[2] Д-р Энни Ж. Купер (1858-1964) – педагог жана ынды кара аялдардын жогорку билим алуусун жактаган алгачкы укук коргоочу. Ал Касиеттүү Августин мектебин жана Оберлин коллежин бүтөт, 1925-жылы Париж университетинде доктор даражасын жактайт. Ордолуу Вашингтондун M Street көчөсүндөгү орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөндө өз ишмердиги менен жалпы өлкөгө таанылат. Узак жылдар Вашингтондо  ынды каралар үчүн мындан башка орто мектеп болгон эмес.

[3] Котормочудан: “Free as a Bird to the Mountain” деген бул ырдын аталышы китепте жаңылыш берилген деп ойлойм. Анткени Интернет булактардан мындай ырды тапкан жокмун. Бирок, белгилүү гимндердин автору Мэри Дана Шиндлер (Mary Dana Shindler) 1840-жылы жазган “Flee, as a bird, to your mountain” деген ыр мазмуну жана жазылган убагы боюнча китепте эже-сиңди айткан окуяларга ылайык келет.

[4] Никель (nickel) – 1866-жылы жүгүртүүгө чыгарылган наркы 5 сенттик тыйын. Монета мыстан (75%) жана никель металлынан (25%) жасалган.

[5] Эгг-ног, англис тилинде egg-nog же eggnog. Кам жумуртка, каймак, шекер, ароматизаторлор менен ичкиликтин түрлөрү кошуп жасалган коктейль.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.