Нурзат Казакова: «Уйкаштарын миң экчеп сынагыла»

Поэзия – көркөм адабияттын башка түрлөрүнө салыштырмалуу жандуу, образдуу, “оперативдүү” өнүккөн көркөм сөз искусствосу. Коом жана адам, тарыхый окуялар, түрдүү кырдаалдар катаал акындык көз караш, сарказм, ирония, философиялык ой жүгүртүүлөр менен чагылдырылып, немис акыны Гётенин “жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” таамай сөзүн тастыктап келет. Эгер кыргыз поэзия жанрынын тарыхына кайрыла турган болсок, анда профессионалдуу кыргыз адабиятынын карлыгачтары аталган К.Тыныстанов, А.Токомбаев, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, А.Осмонов, А.Токтомушев ж.б. акындардын салттуу жолун улап С.Эралиев, С.Жусуев, М.Абылкасымова, Н.Жүндүбаева, Б.Сарногоев, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, А.Өмүрканов, […]