Поэзия – көркөм адабияттын башка түрлөрүнө салыштырмалуу жандуу, образдуу, “оперативдүү” өнүккөн көркөм сөз искусствосу. Коом жана адам, тарыхый окуялар, түрдүү кырдаалдар катаал акындык көз караш, сарказм, ирония, философиялык ой жүгүртүүлөр менен чагылдырылып, немис акыны Гётенин “жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” таамай сөзүн тастыктап келет.

Эгер кыргыз поэзия жанрынын тарыхына кайрыла турган болсок, анда профессионалдуу кыргыз адабиятынын карлыгачтары аталган К.Тыныстанов, А.Токомбаев, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, А.Осмонов, А.Токтомушев ж.б. акындардын салттуу жолун улап С.Эралиев, С.Жусуев, М.Абылкасымова, Н.Жүндүбаева, Б.Сарногоев, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, А.Өмүрканов, С.Акматбекова, Р.Рыскулов, Ш.Дүйшеев ж.б. акындар жан дүйнө кыймылын, өз доорун, көйгөйлөрүн  чагылдырышты.

Эгемендик жылдар келгенден кийин жогорудагы акындар (1950-60-жылдары келип кошулгандар) ыр чыйырын улантып, дагы да кыргыз поэзиясынын казынасын байытып келишти. Улуу муундагы акындар менен тең катар кыргыз адабиятынын орто муунуна кирген Ф.Абдалова, Ж.Исабаева, З.Ажыматов, Ж.Касаболотов, Н.Калыбеков, Н.Осмоновалар менен үзөңгүлөш келе жаткан А.Исмаилов, М.Самыйкожо, А.Бакирова, Н.Гургубаева ж.б. китептери  чыгып калса барактап окуп, айрым төрт саптарын көңүлгө түйүп дегендей, чыгармачылыгына саресеп салып жүрөбүз. Ошол эле учурда  азыркы  мезгилде поэзия дүйнөсүнө аралашып, замандын талабына жараша өнүгүп, социалдык тармактарда өздөрүн таанытып, байма-бай ыр түрмөктөрүн кошуп, өз окурмандарын, күйөрмандарын таап алган жаш таланттар чыгып, арасынан идиректүүлөрү көрүнө да калып жүрөт.

Талант деп айтканымдын себеби, ыр жазуунун техникасын өздөштүрүп, курай коюп, уйкаштыктын “акесин” тааныткандары да бар экени маалым, а  акын деп аталуу үчүн сөзгө жан киргизип, жүрөгүңдү тыз эттирген ыр саптарын жаратып, көркөм сөз каражаттары, образдуулук менен иштеп, ошол эле учурда адабиятчы-сынчылардын көзүнө түшүп, казанына кайнап, сын айтылса деңгээлине жараша кабыл алып, кызыган сайын курчуп туруу керек ко деген ойдомун.

Башкалар өндүү социалдык тармакта ырларын жазып жүргөн жаш таланттардын бири – Садырбек Турдубек уулунун “Ыңа”, “Уурдабагын баламды”, “Зым”, “Сүрөт”, “Ташбака”, “Таз”, “Жолоочу”, “Кара”, “Кеп тиш кийген жер-эне”, “Кытмыр”, “Селсаяк”, “Бир тагдыр”, “Мезгил жана мен”, “Айылыбыз чоң тасмал”, “Тоо жана төө” сыяктуу ырларын  “РухЭш” сайтынан окуп көрүп, айрымдары бүйүрдү кызытты. Албетте, жогорудагы ырларын окудум, бирок жалпы ыр дүйнөсү менен тааныша элекмин. Таанышсамбы деген оюм калды.

Сөз аркылуу адамдын өзүн, дараметин байкап, ошого жараша мамиле кыласың. Кээ бир социалдык тармактагы ырларды окуп калганыбызда супсак, сөз маанисин жоготкон “ыр аттуулар” эстетикалык ырахат тартууламак тургай, кайра жүдөткөнүн айта кетпесек болбос. Садырбектин жогорудагы азыноолак ырларында көңүл бурдура турган, алыстан чаңы чыгып, таскак алып келе жаткан, учуру келгенде, изденүү үстүндө жүрсө жакшы ыр жаза турган чамасы байкалат. Алгачкы “Айылыбыз чоң тасмал”, “Тоо жана төө” ырларында ыктуу колдонулган метафоралуу көркөм табылгалары бар экен. Маселен, “… Төөлөр чөксө мейличи ушул күндө, \ Тоосу такыр чөкпөсүн бабалардын” — деген сабы ырдын негизги лейтмотивин түзүп, жаш акын кыргыз жеринин сулуулугун, тоолуу жер экендигин, тоолук элдин түшүнүгүндөгү тоонун касиетин көрсөтүүнү максат кылган жана жыйынтыктоочу эки сап абдан ийгиликтүү чыккан. Жогоруда көрсөткөндөй ийгиликтүү саптары менен паралелль  окуган адамда суроолорду пайда кылган саптары да бар. Федерико Гарсиа Лорка айткандай, поэтикалык образ – бул көмүскөдө ойлонуп турган ойдун берилиши, трансляциясы демекчи, тоолор да бийик, жаныбардан төө да бийик (андан бийиктери да бар) анысы визуалдык жактан туура, төө менен тоонун тыбыштык жактан уйкаштыгына басым жасоо менен окшоштуктарды издеп, метафоралуу берем дегени менен  төмөнкү эки сап башка ойдун жаралышына түрткү берип койгон экен.

“…Экөөнү тең кыргыздар минип жүрөт,
Экөөнү тең керектейт тирлигине.”- дейт.

Тоо менен төөнү окшоштурганына макул болгонуң менен төөнү кыргыздардын минип жүргөнү анчейин ишенчиликсиз. Эзелтен ат жалында ойноп, ат – адамдын канатына айланып жүргөн кыргыз менен Камбар атанын тукуму жылкы баласын бири-бирисиз элестетүү кыйын. Төө да көчмөн элдин жашоосунда тиричилик иштерине колдонулуп жүргөнү менен казак, өзбек өңдүү элдер менен ассоцияцияланып келген. Тоону мингени минген, жерибиз тоолуу, билгенге элибиздин эзелтен берки келе жаткан ой-туюму, философиясы тоодой бийик. Ал эми төөнү орустар айткандай, “частично” минсе мингендир.

Ырдын экинчи төрттүгүндөгү чокуларды өркөчкө, булутту чуудага, сайлардагы көбүктү ингендин бүркүндүсүнө  салыштырганы көркөмдүүрөөк чыкса, андан кийинки “…Бырыксыган чаң сымал төө үстүнөн, \ Тоо үстүнөн бырпырап улар учат.” –саптарындагы бырыксыган чаң менен бырпыраган улар кандайча салыштырылып калды экен? Менимче, акын ырында тоо менен төөнун ортосундагы окшоштуктарга көңүл бурууга абдан маани берип, айрым саптарында алешемдиктерге жол бергендей.

Экинчи ыры “Айылыбыз чоң тасмал” жалпысынан образдуу жазылган. Садырбектин айылын ырынан көрүп койгондой калем менен сүрөтүн тарткан. Ырдагы өң-дөңдүн көмкөрүлгөн чыныга окшоштурганына, “Чыны – денем… суу – жаным… түгөнсө… \ Көмкөрүлүп мен да болом – жер, дөңсө.” – сыяктуу саптарындагы философиялуу ой жүгүртүү окурмандын психологиясына таасир этет, жан-дүйнөнү аралап өтөт. Садырбектин изюминкасы метафорада, салыштырууда деп билдим.

Поэзиянын көркөмдүүлүгүн да дал ушул ыкмалар арттыраары анык. Андыктан жаш акындын кээ бир ыр түрмөктөрү ырахаттанууну пайда кылса, айрым жерлери “таң калууну” пайда кылат. Ырда уйкаштыкты түзөм деген ой менен көк сүттү дасторконго төгүп, калың токойду өрдөтүп койгонуна аттиң деп калдым да, Бенедетто Кроченин айткан сөзүнүн маанисин бузуп албай орусчасын берүүнү туура көрдүм: “В поэзии нет фактов, а есть слова, нет реальности, а есть образы.” – дегендей, образдуу берем деп жатып, “ойрондотуп” алгандары да кездешет.

Кийинки “Темир жол” ырынын аталышын кароодо, ой башка жакка кетсе, ичиндеги маани башка жакка кетти. Темир жол менен сүйүүнү салыштыруу ойго келбеген иш. Балким, темир жолдо жүргөн поездде сүйүү бардыр дегенибиз менен темир жол асфальттай тешилип кордолбой, ал жол поездден башканы ойлонбой, лирика ырын ырдап, жолунан адашпаганы менен сүйүүнү салыштыруусун көрүп, бали дедим, чочудум, анан сонуркадым, акыры таң калдым.

“Мезгил жана мен” ырында өмүрдүн маарасына жетүү үчүн чаалыккан ташбаканы тандаганын көргөнүмдө экинчи ирет таң калдым. Ыр мезгил жана адам темасына арналган экен. Проза жаатында мезгил жана адамдын карым катышы, мезгилдин катаалдыгы, адамдын ага ыңгайлашуусу К.Акматовдун “Мезгил” романында, өз башынан өткөн тарыхын жалпылыктын тагдыры менен бир караган Эдигейдин жашоосу (Ч.Айтматов “Кылым карытар бир күн”) кара сөз аркылуу кеңири романдык көлөмгө сыйдырылса, аталган ырда Садырбек “Адам билбес ааламдын, \ Адам билбес адамдын сырын ачып.” — маңыздуу жашоону каалайт. Убакыттын закымдап учуп, кармалбас экенине көзү жеткенде, “Үрккөн аттай күн, айым таскак салса, \ Үрөй учат сүйрөлгөн чабандестей.” – боло калат. Акыры өзү айткандай, мезгилге сүйрөлүп, жанчылып, жашашты үйрөнгүсү келгенин билдирет. Жашоодо саякаттап жүрүп, азыркы мезгилдеги адамдардын кайдыгерлигине арнап, “Селсаяк” ырын жаратыптыр.

Садырбек Турдубек уулунун калеминен пессимисттик маанайдагы “Кара” ыры жаралган. Кара өң менен актын ортосунда дайыма карама-каршылык жүрүп келген, туз маанисинде да, өтмө маанисинде да. Каймана мааниде учурунда 9-кылымдарда фарси тилинде ырларын жазып, чыгыш поэзиясына мүнөздүү “муназаренин” алгачкы баштоочусу болгон Асади Тусинин “Күн менен түндүн айтышы” дүйнөлүк адабият казынасынан орун алган. Анда кара менен актын күрөшү, караңгылык менен жарыктын кайым айтышуусу негизги роль ойноп, жыйынтыгында жарыкчылык, ак ар дайым утушка ээ болуп келгендиги мораль катары көтөрүлүп чыккан. Жаш акындын “Жамандык” деп сактап алып назарга, \ Жалаң гана берип болбойт начар баа. \ Бир ушул түс символудур чындыктын, \ Башкалары кийин чыккан жасалма… – деген жыйынтыгы, албетте, полемикалуу.  Ырда баары өчүү үчүн жаралат, барар жерин караңгы… сыяктуу саптар  автордун пессимисттик абалынан, а балким дүйнөнү чыныгы кабыл алуусунан жаралгандай. Өң-түс маселесине келгенде, кыргыз эли өң-түстөргө абдан тыкыр маани бергени “Манас” эпосунда да Көгала сындуу ат минген Чубактын образы аркылуу анын көктүгүнөн, ойлогон оюнан кайтпастыгын, Алманбетке сары өңдү ыроолоо менен энесине, өскөн жерине болгон кусалыгын, ал эми баатыр Манас баатыр ак өңгө ээ болуп, Аккула сындуу ат минип, Ак олпок өңдүү тон кийип, Аккелтени жонго илгени көп нерсени түшүндүрүп турат. Демек, “Кара” ырынын артында карама-каршылыктуу кабыл алуу, ой жүгүртүү, психологиялык абал ж.б. нерселер жатат. Бирок поэзиясында түзүлгөн мындай “абалды” “Жолоочу” ыры аркылуу чечмелеген. “Жолоочу” ыры көркөмдүк жагы мыкты иштелген экен. Андыктан ырдагы жагымдуу саптарды жазгым келди:

Жолоочумун көктө Күнүм, Айым жок,
жок дебесе жарык берер шамым жок.
“Адашканга алтын казык эш” – дечү,
алтын казык жылдызынан дайын жок.

Жарыгымды жандыра алат ким менин,
жалаң гана жарганаттуу түндөмүн.
Баардык жагым караңгылык туюлат,
балким өзүм сокур болуп жүрбөйүн.

Күн менен Ай символикалуу, ар бир окурман өз дареметине жараша чечмелегени оң. Кез-кезде карайлап турган маалда көзүнө Ай, Күн турмак, эч нерсе көрүнбөй калышы мүмкүн, а бирок туш болгон кырдаалды талдап карасаң, кээде өзүңдүн сокурдугуңду көрөсүң. Ыр чындыгында мыкты жазылыптыр. Садырбек Турдубек уулу журтка жаңыдан таанылып келе жаткан жаш экен, поэзияга

“Уурдасаңар кийимин уурдагыла, \ Уйкаштарын миң экчеп сындагыла. \ Суранарым кол, бутун жула качып, \ Балдарымдын жүрөгүн суурбагыла.” — деп, олуттуу мамиле жасаганы образдуу да, куйкумдуу да.

Садырбектин дал ушул ыры образдуулугу жагынан чоң акын Сүйүнбай Эралиевдин “Ийменүү” ырын эске салат экен. Албетте, мааниси боюнча жакындыгы жок, бирок образдуулугу боюнча абдан жакын. Мына ушундай оксюморон. Жыйынтыгында, Садырбек Турдубек уулунун чыгармачылыгына чын ниетимден ийгилик каалоо менен ырларынын дагы бир күйөрманы пайда болгонун билдиргим келет. Көркөмдүгү мыкты ырларды күтөбүз.

Садырбек Турдубек уулу: Баардык жагым караңгылык туюлат

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.