Камбожа эл жомогу: Кичипейил Коён

Өтө кичипейил, сылык Коён болуптур. Бир курдай багбандын чарбагынан капустага нык тоюп, үйүнө жөнөй берерде, капыстан Түлкүнү көзү чалат. Дыйкандын короосунан бир тоок сүйрөп кете албаганына арданган ачка Түлкү токойго кайтып бараткандагысы болучу. Аны көргөн Коёндун жүрөгү шуу дейт. Качайын дейт, кайда качат? Шашкалактаган кургур үңкүргө сүңгүйт. А үңкүрдө Түлкүдөн да коркунучтуу Жылан жай алып алган экен! Канткен менен Коён жакшы тарбия көргөндүктөн, бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирүүгө болбостугун аңдап, саламдашуу керектигин ойлонот. Бирок ким менен? Үңкүр мененби? Албетте! Кичипейилдик үчүн […]

Достук азил: Элчиси эки дүйнөнүн

Колтойгон коомдук ишмер, таанымал тамада жана филология, философия, дипломатия, журналистика профессору, атактуу аалым ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ 80ге толду. Көрөңгө татпай көбүрүп турган, Көк мончок сөздөр төгүлүп турган. Ачыткы кошпой көбүрүп турган, Ак мончок сөздөр төгүлүп турган. Чачы улгайып, өзү жаш бойдон, Студент окшоп көрүнүп турган. Курсант кылып жалпыны, Кубантып кыргыз калкыны. Кут болсун 80 жашыңыз, Кум-Төрдүн чулу алтыны. 80 жаш чыны түлөө да, Түшпөптүр тиштин бирөө да. Тилектеш аттуу генийге Тизбесек жамак күнөө да. Авамдын Паспортуна ишенсек, 80ди серпип салыптыр. Кулк-мүнөзү, […]

Дилазык: Аалымдын сүйүүсү

Мевлана эң жогорку адеп-ахлагы жана илими менен адамдардын көңүл тереңинен орун алган аалым эле. Анын жүрөгү дүйнөдөгү бардык нерсеге сүйүү арнап келген. «Ким болсоң да келе бер!» — деп, бардык адамдарды толеранттуулукка чакырып, кучагын жайган. Мевлана адамдарга ар дайым жакшылык гана каалап, сүйүүсүн арнагандыктан, атагы ай-ааламга кеткен. Ал барган жерде адамдар дароо анын айланасына чогулуп калышар эле. Бир күнү Мевлана достору менен бир жерге барат. Мевлананын окуучуларынан бирөөсү  ал жердеги адамдар ар кандай суроолору менен устатынын тынчын албасын деген ниетте […]

Темирлан Бейшенов: Жамгыр жууган махабат

НОВЕЛЛА Күз айынын кайсы бир күнү экөөбүз  жолуктук. Дарактар жылаңачтанып, шамалга дирилдеген жалбырактар шуудурап бут алдыда тебеленип жаткан мезгилдердин кайгылуу, муңдуу учуру эле. Экөөбүз жылуу маанай менен  көрүштүк. — Кандайсың? Кандай жүрөсүң? Сени көргөндө  өзүмдү бир азга жоготуп, кыргыздын төл  сөзү менен “жакшы” анан “шүгүр” деп кошумчаладым. — Өзүңчү көптөн бери көрүнбөйсүң? Кандай жүрөсүң? — Менде баары жакшы… Турмушка чыккам. Кыздуу болдум. Баягы өзүң билген кесибимде иштеп жатам. — Кубанычтамын. — Сенчи? Сураганым жеке жашооң кандай? — Мен… Менде баары […]

Дайырбек Мейманов: Махабат да кош канаттуу төрөлөт

КУСАЛЫК Эриниңе сүйүү сүртүп ал кечте, жүрөгүмө бүт дүйнөнү батырып, сүйүп жүрдүм ай-ааламды алпечтеп, ак кар болуп мен  алдыңа чачылып. Ак кар болуп кирпигиңден жай алып, эрип кетип карегиңдин отунан, көзүңдүн наз мээримине тянып, кирпигиңе кайтып конуп отурам. Кирпигиңе кайтып конуп отурам, оттуу көзүң калган неге түнөрүп? Жүрөк кысып, эмнегедир чочулайм, ак кар болуп кетпесе экен сүйүү эрип. Ак кар болуп кетпесе экен сүйүү эрип, алып келет жазды мезгил агызып. Бул чынарды жолдош кылам сүйөнүп, карегиңден көзүмө от тамызып. Карегиңден […]