КУСАЛЫК

Эриниңе сүйүү сүртүп ал кечте,
жүрөгүмө бүт дүйнөнү батырып,
сүйүп жүрдүм ай-ааламды алпечтеп,
ак кар болуп мен  алдыңа чачылып.

Ак кар болуп кирпигиңден жай алып,
эрип кетип карегиңдин отунан,
көзүңдүн наз мээримине тянып,
кирпигиңе кайтып конуп отурам.

Кирпигиңе кайтып конуп отурам,
оттуу көзүң калган неге түнөрүп?
Жүрөк кысып, эмнегедир чочулайм,
ак кар болуп кетпесе экен сүйүү эрип.

Ак кар болуп кетпесе экен сүйүү эрип,
алып келет жазды мезгил агызып.
Бул чынарды жолдош кылам сүйөнүп,
карегиңден көзүмө от тамызып.

Карегиңден көзүмө от тамызып,
элес калды жүргөн кезден бир басып.
Биз жүргөн жер бизди күтөт сагынып,
көз отуңду кимге койдуң уурдатып?

*       *       *

Батыралбай кусалыкты жан дүйнөм,
баргым келди сен жашаган тарапка.
Сагындырып, кусалантып жан биргем,
саамайларың сай желине тараткан.

Ызы-чууга толгон шардан суурулуп,
кетип калдым издеп сени таң атпай.
Түшүмдө мен ашык-арзуу ыр угуп,
алыс-алыс сен жашаган тараптан.

*       *       *

Жашырбаймын күндөр өтүп шарактап,
жаштык кече кыздар менен кеткемин.
Алдамчы ал сезим болуп тажатма,
жалгызсырап сени кайра эстедим.

Көз нуруңа жетеленген ойлорум,
сезесиңби сени ээрчип жүргөнүн.
Кусалыктын бастым кумдуу жолдорун,
сагынычтын сары көлү – сүзгөнүм.

*       *       *

Мен эми сен жөнүндө ойлобоймун,
мен эми сени издеп барбайм дегем.
Сүйүүнүн көрүнбөгөн жиби менен
туткундап жүрөгүмдү алган белең?

Көрбөсөм сени көпкө, кыйнайт мени
сүйүүнүн жиби чырмап жүрөгүмдү.
Жан-дүйнөм жайын таппай жүргөнүнө,
ырымдын муңдуу чыккан күбө үнү.

*       *       *

Арадан ачуу-таттуу күндөр өтүп,
тагдырдын шамалы айдап алыстамын.
Унутуп коёрмун деп ойлогонмун,
түшүндүм бекер экен. Барып калдым

түшүмдө биз жолукчу тааныш жерге,
ой токуп сен жөнүндө күн өтүүдө.
Жүрөгүм сен деп кагып жүрсө менин,
жүрөгү мен деп согуп жүрөт бирөө.

*       *       *

Ай болом да жылып келип акырын
терезеңден кирем эшик ордуна.
Тамылжыган жүзүңдөн өөп,
жазылуу
чачтарыңдан көпкө жыттап олтурам.

Күн болом да жарык чачып бөлмөңө,
ойготомун нур жүзүңө төгүлүп.
Көздөрүбүз куюлушуп термелем,
карегиңден көрүп турам өзүмдү.

Жел болом да сылап, тарап чачыңды,
кайда жүрбө өзүң менен басамын.
Мезгил карып мейли жылдар чачылсын,
карыбайт ко менин сүйүү казалым.

*       *       *

Ойлорумдун болуп эрмеги,
отко салдың бийкеч сен мени.
Сүйүү гүлүн күбүп койбочу,
сага арналган назик мендеги.

Сени көргөн алгач күндөн мен,
сезимиме түштү дүрбөлөң.
Махабаттын күчү теңдешсиз,
алоолонгон анык күн беле?

Келчү болдум күндө кечте эми,
шерик болуп жылдыз көктөгү.
Жылдыз өчөт, бирок мендеги
ак сүйүүнүн анык өчпөөсү.

*       *       *

Алыстагы менин ашыгым,
алып калдың жарым жанымы.
Ашык ырын созуп жашыдым,
ал ырларда арзуу, сагынуу.

Сен кайда да, бүгүн мен кайда,
сенде калып денем жартысы.
Жан-дүйнөмдү салган бейпайга,
кош жүрөктүн беле тартышы.

Сүйүүбүздүн болсун байрагы,
сезимибиз биздин таза, ыйык.
Жүрөктөрдүн жүрүп майрамы,
махабаттын балын таталык.

*       *       *

Жашынып барат тоого күн,
жалындап оттой кызарып.
Сүртүнүп түркүн боёгун
теребел турду нурданып.

Эрке жел согуп батыштан,
буралып гүлдөр ыргалат.
Ээрчишип көңүл ачышкан
эки жаш – жигит-кыз барат.

Олтурдум көпкө,
өткөрдүм
эсимден өткөн-кеткенди.
“Барамын” келдим чечимге,
Айтпасаң болду “кеч келдиң”.

Теребел тартып парданы,
тунарды көзүм түн кирип.
Каректен учуп карааны
кыялап кетти кыз-жигит.

Г… га

Күтүнүп жакшы бүлөө,
жол бербе буюгууга.
Туш болсун жакшы күйөө,
Куш конуп тууруңа.

Жашоону болжоп болбойт,
Жыргалы, кууралы бар.
Жүрөктүн кылын толгоп,
Өксүү бар, кубануу бар.

Турмушта ызгаар-желге
алдырба, бекем болгун.
Тирилик жүргөн жерде
басасың нечен жолду.

АПАКЕМЕ ТЕҢИРИМДЕЙ СЫЙЫНАМ

Асылдыкты издеп жүрүп өмүрдөн,
аңдабапмын тургандыгын кашымда.
Уулдан урмат, ызаат көрүп келинден…
апакемдин амандыгы асыл да!

Ырашкерлик кайда десем турмушта,
үлөштүрүп демин үйдүн кутуна,
бейпилдиктин үй-калаасын тургузган,
апакемди мисиримдей тутунам.

Байгерчилик касиети каныккан,
жайгерчилик жан-дүйнөсү уюган.
Жаратканы үчүн эле жарыкка
апакеме Теңиримдей сыйынам!

КОШ КАЙЫҢ

Нур төгүлүп жүздөрүнөн күн өпкөн,
бул кош кайың кыналышып бир өскөн.
Күн батырып, таң атырып бактылуу,
шуудурашып бой созушчу күнөстөп.

Сылап турчу жалбырагын жел келип,
ырахаттын ыргагына термелип,
турар эле күн өткөрүп бактылуу,
турар элем дайым келип мен көрүп.

Шуудурашып ыр ырдашчу,
ыр угуп
олтурчумун мен жанында тыныгып.
Бир күн келип ыйлап ийе жаздадым,
көргөнүмдө калгандыгын кыйылып…

ЖАЗ ЖАНА МЕН

Сагынып карааныңа көзүм катып,
көрбөгөн кыйла мезгил сүйгөнүмдөй.
Кечиккен жазым келди көңүлдү ачып,
жан-дүйнөм жарк дей түштү тийген күндөй.

Бишкектин сууларынан аттап өтүп,
шаң чачып теребелге кирип келди.
Кең ачтым эшигимди таазим этип,
кең ачты эшиктерин Ак-Өргө эли.

Чырылдап тал-теректе таранчы учуп,
бактектер үй үстүндө ку-кулашып.
Курултай куруп жатып талашышып,
калышат кубалашып, чукулашып.

Күн нуру салам айтат жерге түшүп,
теребел ажар ачып учкунунан.
Таң калып кулактарын делдейтишип,
көтөрөт чөптөр башын туш-тушуман.

Жарыкка келгениме ушул күнү
жандүйнөм огобетер жаркып турду.
Чурулдап чымчыктар да утур бири…
табият мага куттук айтып турду.

Жаз мени бул дүйнөгө алып келген,
жыл жылса… жазды күтүп ашыгамын.
Жаныма жаздын деми жарык берген,
жаз менен мен бүтүнмүн, жаз ынагым.

АЙНАГҮЛГӨ

Токтогулдун тоолорунда торолуп,
тагдыр буйруп баш калаада жолуктук.
Оюбуз да, боюбуз да оролуп,
жаш, жароокер болдуң мага колукту.

Экөөбүздү бир дүйнөгө ширеткен,
күнүм, айым, гүлүм болдуң ачылган.
Бир тилекти кош жүрөккө түнөткөн,
жан дүйнөмдүн жан шериги асыл жар.

Кол кармашып өмүр сүрсөк картайып,
өрөпкүгөн турмуш өзү катаал бу.
Сен бактылуу кемпир болуп балпайып,
мен абышка болсом аппак сакалдуу.

*       *       *

Көктү көзөп кош канаты дирилдеп,
торгой ырын жамгырлатып себелейт.
Кубанычтуу көп күндөрдүн биринде
махабат да кош канаттуу төрөлөт.

Бири уялайт жан дүйнөсүн жигиттин,
түнөк кылат бири кыздын жүрөгүн…
Табыштырыш үчүн мага сүйүктүүм,
теңир сени жаратканбы түгөйүм.

Жалкы канат көтөрүлбөйт көкөлөп,
көрбөйт таңдын атып, күндүн батышын…
Көрчү, ана кош канаты көк көзөп,
торгой ырын жамгырлатып жатышын.

Дүрбөлөңдүү түн сезимди жиреген,
ары-ы-ары жагында ыйык, жарык бир.
Сезим жашайт, тилегеним тилеген,
бул сезимдин кош канатын табыштыр!

*       *       *

Экөөбүз басчу, экөөбүз жүрчү жол узун,
ширелген сенин, ширелген менин тагдырым.
Таштагы менен даңгырын дүйнө конуштун
өтөрбүз басып өтөлгө өмүр сан жылын.

Кайрылса кантип учалсын куштун канаты,
канатың болуп жүрөрмүн сага бак даарып.
Оюбуз дагы, боюбуз дагы жанашып,
канатым болуп жүрөрсүң мага ак таңым.

Сан жылды артка калтырып келген ушул күн,
сен үчүн ыйык! Арчадай болсун өмүрүң.
Чал-кемпир болуп таталы турмуш кызыгын,
бакыт да өзү кошкону бизди Теңирим.

*       *       *

Сен да окуйм деп ордо шаарга келипсиң,
мен да окуйм деп ордо шаарга келипмин.
Сени окуу эңсеттирсе, түйшөлтсө,
мен да окууну максат кылып ээликтим…

Бизди тагдыр түгөйлүккө өкчөптүр,
биз башынан бир тилекти көздөппүз.
Токтогулда өссөк дагы торолуп,
тагдыр буйруп баш калаада кездештик.

Мага ыктап көп жигиттен шаарда бул,
сага ыктап көп кыз жүргөн жайда бул.
Дил дүйнөсү ширелишкен жаншерик,
жары болду Дайырбекке Айнагүл.

Кичинекей батир үйдө кыштап биз,
бул турмушта ачуу, таттуу бир таттык,
Бир көтөрүп күнгөй, тескей жашоону
Асел менен Айтилектей кыз таптык.

Тилек кылып келечекке камданып,
жаңы конуш – Ак-Өргөгө там салып,
Ай чырайлуу эки кыздын артынан,
Нуртилектей кыздуу болдук жар салып.

Өтүп жатып жашоо-турмуш элчилеп,
өмүр күндө уланат да, кертилет.
Сен отуздан ооп, мен кыркка келгенде,
Наргизамды Теңир берди энчилеп.

Биз экөөбүз жаншеригим – жубайым,
жүрдүк далай тартып турмуш убайын,
Маңдай жаркып күндөрдүн бир күнүндө
Айтеңирдей уул берди Кудайым.

Баратабыз өмүр деген кыр ашып,
көрөлү деп бала, кыздын ызаатын.
Үй-бүлөмдүн бүтүндүгү —  ырыскым,
уучубузду Кудай өзү уласын.

КАРТ ТЕРЕКТЕР

Досум С. Маматка

Карт теректер Бостондогу
каткан сырды ичине.
Желге айтып жорткон жолду,
жалбырактар түшүүдө.

Шуудурашып, шыбырашып,
дымып калат бир туруп.
Качанкы бир карт тарыхтан,
кабар берип сыр кылып.

Айыл көргөн кубанычты,
алар дагы көрүштү.
Айыл тарткан азап, мүшкүл,
кайгыны тең бөлүшчү.

Оюн-зоок курушканын,
эл чогулуп Бостонго.
Көргөн далай байге алганын,
ат чабышта боз жорго.

Айылдагы кытмыр бирөө
айсыз түндүн биринде,
Уурдап аны саткандыгын
Алар көргөн дирилдеп.

Келе жаткан жолоочу да
сапарынан чалыгып,
Көк шиберге жата кетчү,
көлөкөсүн жамынып.

Күңгүрөнүп айтчу неге
жүргөндүгүн ач-арып,
келгендигин көп жол басып,
кетчү улантып сапарын.

Ушул жерден узатышкан
уулдарын майданга.
Ушул жерден күтүп- күтүп,
көрбөй кайра арманда…

Жол караган ата-эненин
үмүтү өчпөй келет деп.
Муң-зарына кошулушуп,
дымып турчу теректер.

Карт-теректер Бостондогу
каткан сырды ичине.
Желге айтып жорткон жолду,
жалбырактар түшүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.