Өтө кичипейил, сылык Коён болуптур. Бир курдай багбандын чарбагынан капустага нык тоюп, үйүнө жөнөй берерде, капыстан Түлкүнү көзү чалат. Дыйкандын короосунан бир тоок сүйрөп кете албаганына арданган ачка Түлкү токойго кайтып бараткандагысы болучу.

Аны көргөн Коёндун жүрөгү шуу дейт. Качайын дейт, кайда качат? Шашкалактаган кургур үңкүргө сүңгүйт. А үңкүрдө Түлкүдөн да коркунучтуу Жылан жай алып алган экен!

Канткен менен Коён жакшы тарбия көргөндүктөн, бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирүүгө болбостугун аңдап, саламдашуу керектигин ойлонот. Бирок ким менен? Үңкүр мененби? Албетте!

Кичипейилдик үчүн Коён арткы эки бутуна отура калып салам узатат:

– Арыбаңыз, урматтуу үңкүр! Кирүүгө уруксат бериңизчи.

Бул үндү уккан Жылан ушундай сүйүндү! Коёндун эти дегенде анын тили таңдайга жабышат эмеспи.

– Кире бер! – Коёнду алдагысы келген Жылан үн катты.

Бирок бул үндү уккан Коён, тиги жалаңкычты дароо тааныды.

– Тынчыңызды алганым үчүн кечирип коюңуз. Коёнектерим мени күтүп калышканы эсимден эбак чыгып кетиптир! Жакшы калыңыз! – деп буту үзүлгөнчө качып жөнөдү.

Өз үңкүрүнө жүгүрүп жеткен Коён, кичипейилдик эч кимге, эч качан зыянын тийгизбегендигин ойлонуп отурду.

Жылан болсо түймөлөктөшүп жатып алып, өзүнчө наалыптыр:

– Ушундан көрө үн чыгарбаш керек болчу! Ай ушу Коёндун кичипейилдигине алданып калдым да! Мен ага кир деп уруксат бербесем деле барыбир кирмек да!

Көрдүңөрбү, балдар, кичипейилдик маанилүү экенин! Элестеткиле, кокус Коён… “б-р-р!” деген үн чыгарса эмне болмок?! Муну ойлогондон да коркосуң!

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.