НОВЕЛЛА

Күз айынын кайсы бир күнү экөөбүз  жолуктук. Дарактар жылаңачтанып, шамалга дирилдеген жалбырактар шуудурап бут алдыда тебеленип жаткан мезгилдердин кайгылуу, муңдуу учуру эле.

Экөөбүз жылуу маанай менен  көрүштүк.

— Кандайсың? Кандай жүрөсүң?

Сени көргөндө  өзүмдү бир азга жоготуп, кыргыздын төл  сөзү менен “жакшы” анан “шүгүр” деп кошумчаладым.

— Өзүңчү көптөн бери көрүнбөйсүң? Кандай жүрөсүң?

— Менде баары жакшы… Турмушка чыккам. Кыздуу болдум. Баягы өзүң билген кесибимде иштеп жатам.

— Кубанычтамын.

— Сенчи? Сураганым жеке жашооң кандай?

— Мен… Менде баары жакшы.

— Үйлөндүңбү?

— Ооба, үйлөнгөм.  Баары жакшы… — жакшы дегенден башка сөз таба албадым.

— Мейли анда, мен күткөн машина да келип калды, көрүшкөнчө, — деп, сен кол сундуң  да, көзүмө карап жылмайдың…

Мөлтүрөгөн көздөрүңдү  карап ичимден “ай жамалым”, “эркетайым”, “бөжөгүм”, “жалгызым”, “периштем” деп баягы сага айтчу, сени эркелетчү сөздөрүмдү күбүрөп, “көрүшкөнчө” деп колуңду кыстым. Сен кылчая машинаны бир карап, мени бир карап, тез-тез басып барып машинанын эшигин ачып отурдуң. Отурдуң  да, мени бир карап кол булгалап, машинанын эшигин жаптың. Машина узап кетти.

Үмүттүн, күтүүнүн, сени издөөнүн эшиги жабылды. Ал машина менен кошо көкүрөгүмдө, сезимимде жашаган баардык жакшы нерселер кошо жок болгонсуду. Баары заматта алыстарга узап кеткенсиди.

“Көрүшкөнчө” — бул жакшы сөз. Үмүт  оту жылт эткен сөз. Бирок качан? Бирок качан? Качан? Эми качан көрүшөбүз?

Өзүмө  келе албай кай тарапка, неге баратканымды  түшүнбөй, кайдадыр кете бердим.  Бут алдымдагы дирилдеген, шуудураган жалбырактарды тебелеп, өзүмдүн бары-жогумду унутуп баса бердим. Күн күркүрөп жамгыр  төгүп баштады. Жандүйнөм ыйлап жатты. Өксүп бараттым.  Туман каптаган жолумда ыйлап баратканымды – жамгыр жашырып жатты.   Менин бугумду, ыйымды жамгыр тамчыларына аралаштырып кетти.

Сага мен калп айттым.  Мен жалгызмын. Жапжалгызмын . Сени күтүп, сени издеп жүргөм.  Сага дагы бир жолу жолуксам дегем. Жолугууну кудайдан тилеп жашап жүргөм. Сага капыстан жолугуп сөз таба албай калам, алдастап калам, “Үйлөнгөм” деп калп айтам деп күткөн эмесмин.

Жолуктурдум. Түш  сымал, кээде сени көрчү түш сымал жолуктуң. Көрүндүң, ал-акыбал сурадың, турмушка чыкканыңды айттың да, жок болдуң. Жамгыр менен кошо көл-шал болуп бараттым. Баягыдай татына экенсиң, сулуу экенсиң. Карагаттай көздөрүң жоодурап, бир көз ирмемде элжиреп кеттим го, эркетайым.  Колуңду кармаган колумду жыттап,  өпкүлөп ыйлап, жамгыр менен талашып, эл аралап бара жаттым. Жамгыр көз жашымды, жан дүйнөмдү жашырып жатканы менен, мени сенден жууп жаткансыды. Сага болгон сүйүүмдү, арзуумду, махабатымды жууп агызып жаткансыды.

Бут алдымда жалбырактар тебеленет.

А жамгыр төгүп жатты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.