Улут келечегине кайдыгыр карабагандар «РухЭшке» карагыла!

Мындан чейрек кылым мурдагыга караганда адамдардын адептик жүрүш-турушу, руханий баалуулуктары кыйла өзгөрдү. Көчөдө басынып турган адамды андан бетер басынтып өтүү, аш-тойлордо ашкере ысырап кылууну мактаныч катары түшүнүү, билим алууга кызыгууну өлтүрүү, башкалардын арасында кекирейүүчүлүк, акчага жетүү үчүн ар кандай арам иштерге эч ойлонбой баруучулук, болбогон пул үчүн абийир, ар-намысты гана эмес, денени да, ыйманды да сатуучулук кадимки көрүнүшкө айланды. Бир тууган бир тууганга, бала атага кол салып, өлтүрүп койгондор чыкты, алсыздардан опузалап акча өндүргөн балдар мектептерде жайнап кетти, окуучулар эжейлерин […]

Ингуш эл жомогу: Байбиче менен токол

Бирөөнүн эки катыны болуптур дейт: бири картаң, бири жаш экен. Картаңы, өз күйөөсү салабаттуу картайып, өзүнө ылайыктуу болушун каалайт. А жаш токолу тескерисинче, күйөөсү өзүнө ылайыктуу – зыңкыйып жаш көрүнгөнүн каалайт. Байбичеси оңу келип калган учурда күйөөсүнүн буурул аралаган чачтарынын карасын түбүнөн жулса, жаш токол да андан калбай: буурул чачтын арасынан агала көрүнгөндөрүн түбүнөн жулганын койбойт. Мунун акыр аягы эмнеге алып келмек эле – ортодогу жалгыз эр тасырайган таз болуп тыныптыр… Ата-бала Карыя жана уулу, небереси болуп чөп чабууга жөнөшөт. […]

Чоюн Өмүралиев: Нөөмөт

АҢГЕМЕ Ашкана. Убакыт түшкө таяп кезек күткөн эл көп. Буфетчи келин колу-колуна тийбей жанталашат. «Чах!» «Чах!» — Ыргыйт чоттун таштары. Чагылгандай! Анан үстөлгө өбөктөй калып кагаз жазат бүт денеси титиреп. Текчеге арта салынган балканактай эмчеги былкылдайт. Бирөөнү издегендей кезек кыркаарын чыдамсыз сыдырып өтөт. Көкүрөгү чытырап, көзү чымырайт. Тереңинен улам жаңы толкун демеген нөөмөт жаңыланган сайын анын да ичи бир укмуштай каарыла берди. Шыпылдап иштей берди. Бир оокумда элдин эң аягында турган бала көтөргөн тестиер кызды көргөндө кашы серпилип көзү жайнап […]

Абдыкадыр Садыков: Граждандык мазмундуу поэзия үчүн[I]

Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин ысмы жалпы журтчулукка маалим. Анын көп чыгармалары орус жана чет тилдерине которулган. Кийинки 20 жыл ичинде анын поэзиясы тууралуу республикалык жана союздук басма сөз беттеринде такай сөз болуп келе жатат. Бул аралыкта ал тирмейип изденүү, түйшүктөнүүнү баштан кечирди, ошого жараша окуучуларынан жылуу сөз укту, бүткүл дүйнөгө таралган 6 томдуу «Көп улуттуу совет адабиятынын тарыхынын» 5-томунда С.Эралиевдин ыр-поэмаларына жогору баа берилди. Оозго алынып, даражасы көтөрүлүп жаткан акындын коом алдындагы жооптуулугу да жогорулайт, анын, Ч.Айтматов айткандай «элге […]

Халил Бапаев: Кезигүү

АҢГЕМЕ Кубат менен Сейдалы университеттин филология факультетинде бирге окушту. Мүнөздөрү жакындыгынан сыноо болчу сабактарга бирге даярданып, аяк-биякка чогуу барып жүрүшчү. Колдоруна диплом тийгенден кийин тагдырлары экөөнү эки жакка ыргытты. Кубат шаардагы илимий мекемеде, Сейдалы жакын эле жердеги мектепте иштөөчү. Кээде кат жазышып, кээде телефон аркылуу сүйлөшүп, кээде республикалык чогулуштарда кездеше калышчу. Жылдар билинбей жылжыды. Экөө тең балалуу болуп, турмуштун оор жүгүн тартканда, ал-абал сурашканга да чамалары келбей, каттоолору сейректеди. Кээде бири-биринин эсине түшө калганда, «Кантип жүрөт экен бечара досум, барып […]