Мындан чейрек кылым мурдагыга караганда адамдардын адептик жүрүш-турушу, руханий баалуулуктары кыйла өзгөрдү. Көчөдө басынып турган адамды андан бетер басынтып өтүү, аш-тойлордо ашкере ысырап кылууну мактаныч катары түшүнүү, билим алууга кызыгууну өлтүрүү, башкалардын арасында кекирейүүчүлүк, акчага жетүү үчүн ар кандай арам иштерге эч ойлонбой баруучулук, болбогон пул үчүн абийир, ар-намысты гана эмес, денени да, ыйманды да сатуучулук кадимки көрүнүшкө айланды.

Бир тууган бир тууганга, бала атага кол салып, өлтүрүп койгондор чыкты, алсыздардан опузалап акча өндүргөн балдар мектептерде жайнап кетти, окуучулар эжейлерин сөгүп-уруп атат, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо азайды. Түркөйлүк жана караңгылык эл ичин каптоодо. Жаштар башка маданияттарды ээрчип кетүүдө, алардын ичинде мекенин да таштап коюуга даяр тургандар бар. Ким үчүн, эмне үчүн турганын билбей бир күндүк курсагын тойгозууга митинг-пикеттерге чыккандар арабызда пайда болду.

Кыскасы, бүгүнкү кыргыз коому сүрмө тобу менен ары кулаганы жарга карап кетип жатат. Аларды бери тартууга мектеп да, мугалим да, коомчулук да алсыздык кылууда. Буга эң биринчи кезекте Ала-Тоо арасына ааламдашуу деген ажыдаардын кирип келиши күнөөлүү. Бул нерсе адамдардын, өзгөчө жаштардын ой жүгүртүүсүн да өзгөртүп, алардын түшүнүктөрүн башка багытка буруп жиберүүдө. Кыргыз жаштарына «массалык маданияттын» таасири күчтүү тийүүдө, б.а., электрондук кат (E-mail), телекөрсөтүү, интернет, чөнтөк телефону, DVD, электрондук оюндар, караоке, бий, SMS каттары, жарнама ж.б. руханий экологияны бузгучтар мурдагы руханий баалуулуктарды алмаштырып жатышы жогоруда айткан деградацияны, же ыймандык кризисти, адептик-улуттук кыйроону алып келди.

Бир кезде, тагыраагы, XIX кылым ортолоп, орус турмушунда улуттук кризис болуп, жалпы коом деградацияланган кезде алдыңкы интеллегенция ошол абалдан чыгуунун бирден бир жолу деп мектеп ачууну, бала чактан келечектеги орус улутундагылардын оюн оң жакка бурууну максат кылышкан. Ошол кезде Л.Н.Толстой, А.Зеленко, Ф.Рау, Л.Шлегер, И.Никашидзе, С.Дурылин, М.Клечковский, А.Дауге, жубайлар Н. жана М.Чеховдор, Е. жана А.Фортунатовдор ошондой билим берүү жолу менен коомду өзгөртүүнү практикалык түрдө башташкан. Орус улутунун аттуу-баштуу жазуучулары, адабият сынчылары көркөм чыгармачылыктарын агартуучулук жакка буруп, атайын журналдарды ачышкан, ооматы келип турган романдарын жазууну коё туруп, макала, окуулук, балдар чыгармаларын жазып, элге, эң биринчи кезде өспүрүмдөргө улуу орустук идеяларды тараткан.

СССР кезинде коммунисттик партия адамдардын көз карашын, адебин, дүйнө таанымын, мисалы, Кыргыз ССРинде «Мектеп», «Кыргызстан», «Адабият», «Кыргызполиграф комбинаты» сыяктуу басмалардан чыккан китептер менен тазалап турган. Кыргызча эле чыккан айрым китептер 60-80 миң нуска менен китепканаларга бекер таратылган, окуучуларга акысыз берилген, ар бир райондун борборундагы, чоң айылдардагы китеп дүкөндөрүндө арзан наркта сатылган. Эл алып турган, окуп, талкуулап, тарбияланып турган, оң каармандардан өрнөк алган. Бала бакчанын тарбиялануучулары жана башталгыч класстардан балдары үчүн «Байчечекей» журналы, «Кыргызстан пионери» газетасы, жогорку класс окуучулары үчүн «Жаш ленинчи» журналы чыккан. Адабиятты сүйүүчүлөргө «Кыргызстан маданияты» жумалыгы, «Ала-Тоо», «Кыргызстан аялдары», «Чалкан» деген журналдар чоң азык берген. Ошолор кыргызды кыйла кыйроолордон арылтып турган. Кийин булардын очогунан от өчүп, казаны какшып, окурман журту көчө тарбиясында калды.

Эми эмне кылуу керек? Дал ошол басылмалардын изине түшүп, ошолордун идеяларын колдоп-кубаттоо зарыл! Бирок заманбап форматта, эл кызыккан жол менен!

Мына ушундай жолду мекенчил жана улутчул атуул, кыргыз рухунун күйөрманы Олжобай Шакир деген жигит таап, үч жылдан бери интернет айдыңында «РухЭш» деген сайты менен тырбалаңдап, эптеп элге жетсин деп материалдарын жайгаштырып келет. Ага жардам берген бир дагы коом, же мамлекеттик уюм, же партия, же чыгармачыл союздар жок. Ошентсе да бир топ иштерди аткарып койду. Билгенге тоодой жумуштар!

Демилгелүү атуулдар менен кеңешип, демөөрчүлөрдү таап, аңгеме боюнча, жаштар чыгармачылыгы боюнча, балдар адабиятына арналган, адабий сын багытында, котормочуларды табуу боюнча, өспүрүмдөр арасында Чыңгыз Айтматовго багышталган конкурстарды өткөрдү. Болжолдоп айтканда, буларга карата бери болгондо төрт жүз-беш жүз чыгарма жазылып, ондогон булактардын көзү ачылды. Котормо боюнча байгенин аркасы менен жүзгө жакын чыгарма кыргызчаланып калды. Сайттын окурмандары өзгөчө чет элдик эмгек мигранттарынын ичинен көбөйдү. Мектеп мугалимдери, жогорку класстардын окуучулары, колледждердин жана университеттердин студенттери үчүн окуу материалдары сайттан орун алды. Алар жеткиликтүүлүгү, оперативдүүлүгү, колдонууга ыңгайлуулугу менен баалуу болуп отурат.

Бирок. Кептин баары ошол «бирокто» болуп отурат. Жакшы башталыш, жакшы табылга суу жетпеген дарактай кыйналып турат. Айлыксыз отурган жалгыз кишинин эмгегин эстеп көргүлө? Бир күндө келген ондогон жаман-жакшы материалдарды, «ө», «ү», «ң» деген тамгалары жок тексттерди, бири-бирине жабышып калган сөздөрдү, өткөн кылымдын компьютеринде терилген макаларды окуп чыгыш керек. Анан аларды редакциялоо, сайтка даярдоо, жайгаштыруу зарыл. Ушунун баары эмгек. Сайтты өркүндөтүп туруу, архив топтоо, заманбап компьютерлерди алуу, ыкчам интернет байланышына кирүү, сканер, принтер, кагаз, тонер, чыгармаларды сканерлөө үчүн эски китептерди, фотолорду сатып алуу ж.б. майдадай көрүнгөн нерселерде баары-баары акча. Азыр рыноктун заманы. Анан материал жоголбош үчүн ар кандай форматта, ар кандай программада сактоого заманбап каражаттар керек.

Кыскасы, каржылык каатчылык «РухЭштин» бутун тушап, дем алуусун араң-араң чыгарып турат. Андыктан, кыргыз маданиятынын, тилинин, рухунун заманбап жарчысы болуп аткан, келечек муунга көп байлык өткөрүп берип жаткан «РухЭш» сайтына материалдык, түз эле айталык, материалдак колдоо керек!!!

Улуттук тилдин учурдагы эң бири өнүктүрүүчүсү катары буларга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Өкмөтү, окуу материалдарын жайгаштырып жаткандыгы үчүн жогорку жана орто окуу жайлары, чет жакта жүргөн мекендештер – жалпы эле улут келечегине кайдыгыр карабаган атуулдар кол кабыш кылса кийинки муун алдында жүзүбүз жарык болор эле…

Абдыкерим МУРАТОВ,

педагогика илимдеринин доктору, профессор

Аталган сайттын ишмердигин колдоону каалоочулар үчүн 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсеби ачылган. Ал эми чет өлкөлөрдөн жардам кылууну каалаган тилектештер 4172210079305594 VISA (Демир Банк — DemirBank) эсебине акча которо алышат…

 

3 Replies to “Улут келечегине кайдыгыр карабагандар «РухЭшке» карагыла!”

  1. Адабият куйормандары менен суйормандары, акын-жазуучумун дегендер,кыргыз окмоту,жогорку кенеш,депутаттар,байлар-кубатташы керек….рухэшке кошумча кошкондон эч ким жарды болуп калбайт.келгиле колдойлу, ото эле саран болбойлу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.