АҢГЕМЕ

Кубат менен Сейдалы университеттин филология факультетинде бирге окушту. Мүнөздөрү жакындыгынан сыноо болчу сабактарга бирге даярданып, аяк-биякка чогуу барып жүрүшчү. Колдоруна диплом тийгенден кийин тагдырлары экөөнү эки жакка ыргытты.

Кубат шаардагы илимий мекемеде, Сейдалы жакын эле жердеги мектепте иштөөчү. Кээде кат жазышып, кээде телефон аркылуу сүйлөшүп, кээде республикалык чогулуштарда кездеше калышчу.

Жылдар билинбей жылжыды. Экөө тең балалуу болуп, турмуштун оор жүгүн тартканда, ал-абал сурашканга да чамалары келбей, каттоолору сейректеди. Кээде бири-биринин эсине түшө калганда, «Кантип жүрөт экен бечара досум, барып ал-абалын сурап койсом болот эле, карачы, тиричиликтен колумдун бошобогонун…» деп өзүнчө кейип калышар эле.

Бир күнү Сейдалы шаардын төрт көчөсүнүн бурчунан Кубатты жолуктурду. Адамдар бири-бирин көп жылдар көрбөй калса, өң-түсү өзгөрүп калат окшобойбу? Кубаттын бетиндеги меңи болбосо, Сейдалы таанымак эмес.

— Ой Кубатсыңбы? — деп сурады Сейдалы.

— Ооба, мен да байкабай калыптырмын. Сен көрбөсөң кайчы өтүп кетмек экенбиз. Эмнесин жашыралы, карылык келатпайбы. Былтыр эле чачың кара болучу. Ак аралап буурул тартыптыр. Бетиңе да бырыш кирип, кебетең өзгөрө түшүптүр.

— Ээ Куке, анын эмнесин айтасың. Жашоо күрөш экен. Турмуштан орун табабыз деп, бала-чаканы чоңойтобуз деп, жылдардын учуп кеткенин сезбей калган турбайбызбы? Айттың-айтпасаң төгүнбү? Экөөбүз кечээ эле көчөдөн таскактап чуркап жүргөн улан элек. Илимдин түбүнө жетебиз деп китептерге үңүлүп… бири-бирибизди карааныбыздан эле жазбай таанычу элек. Карачы, эми, бири-бирибизди жакындан даана тааный албай, боолголоп турганыбызды…

— Атаганат десеңчи…

— Ден соолугуң кандай Сейдалы? Бала-бакыраң чоңоюп жатабы? Жүрчү, тиги дарактын көлөкөсүнө бир аз олтуруп, ал-жайыбызды сурашалы. Баягы жылкы мугалимдердин съездинен бери жолугушканыбыз да ушудур?

— Ооба? Кудайга шүгүр. Бейпилчилик. Балдар болсо чоңоюп жатышат. Адамды зарылдык, илгери үмүт жетелейт тура? Кызматтан кол бошобой, үй тиричиликтен чыгалбай…

— Канча балалуу болдуң? Канчоону үйлөдүң? Кыздарыңан күйөөгө бердиңби?

— Жети балалуу болдум. Эки уулум үйлөнүп, бөлүндү. Эки кызымды күйөөгө узаттым. Төрт неберелүү болдум. Азыр эки кыз, бир уулум менен үйдөмүн. Өзүңдүн үй-бүлөңөн кабар берчи?

— Үч эркек, эки кыздуу болгонбуз. Бир уулум быйыл үйлөндү. Бир кызым өткөн жылы онунчуну бүттү эле. Университеттин экономфагына экзамен тапшырып, математика сабагынан кулап калды. Исабеков Молдакун деген мугалимдин кулкунуна жакшы эле куйдум эле, жандими неме көрүнөт. Айткан себептерине төбө чачым тик турат. Кызымды жөлөп-таёо колунан келбептир. Кирүү экзаменге катышам деп мени ишендирген эле. Бирок, өкмөттүн тыңчылары анын паракорлугун билип, экзаменге катыштырбай койгон имиш. Университеттин эшигине жакындай албай, бурч-бурчта кайсактап жүрөт дейт. Уяты жок неме окшобойбу? Колунан келбегенден кийин, алган акчасын кайтарып берүү оюнда да жок. Ар кимдин акчасын жеп жүрүп, бети чырымга айланып калса керек… Кызым кирүү экзаменинен кулагандан бери мага көрүнбөйт. Адам болсо, мага келип эле жагдайын түшүндүрүп койсо, мен деле турмушту түшүнөм го… Атасынын көрү, анын эмнесин айтайын… Кыз баланын иштебей, же окубай отуруп калганы жаман экен. Качан көрсөң телефондун кулагында. Чоңоюп, калган кызыңа катуу айтканга оозуң барбайт. Ошону үчүн университеттин мугалимдеринен бир консультант таап, кызымды келерки окуу жылына даярдасамбы деген үмүт менен шаарга келгем.

— Максатың жакшы экен. Баланы чоңойтуп, тарбиялап, кыял-жөндөмүнө жараша өнөр-кесип берип, аягынан тургузуу ата-энесинин мойнундагы карызы да, парызы да тура?! Бала канчага чыкса да сен үчүн бала, үйлөнүп, балалуу-чакалуу болсо да, «Эмне болуп жатты экен, бир нерсеси кемип, бирөөдөн суранып зарыкпады бекен? Кыялы чатак эле, келинчегин капалантпады бекен?» — деп өзүң үйдө жүрсөң да, көңүлүң балада. А бала-бакыраң ата-эненин бул жүрөгүн сезбейт тура? Мезгил өтүп, өзү бизчилеп опур-топур болгондо билет дечи. Бирок, аны кийин билгенинин пайдасы кайсы?

— Ошону айтсаң. Уул-кызыбыз тың чыгып, медер болсо, көңүлүң өсүп, канат байлайсың. Анан ата-энеге ишенип алып өзүнчө жашоого кызыкпаса, аракеттенбесе, ичиңден сыздайт экенсиң. Неге мындай жөндөмсүз деп өз каныңа капаланасың. А балдарың бул жүрөк өйүгөн сезимиңди билбейт тура?!

— Эми анын кайсы бирин айталы. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада. Өзүңдүн ден соолугуң кандай? Ишиң кандай? Ошоягын айтчы?

— Ишим жаман эмес. Баягы эле мугалимдик кызматтамын. Өспүрүмдөр менен иштөө көңүлдүү эмеспи?.. Күндүн кечкиргени билинбейт. Бирок…

— Ошо бирогуңду айтчы, Сейдалы?

— Бирок, бир гана ден соолугум жакшы эмес. Балдарымдын начар кыял-жоругунан улам жүрөк оорулуу болуп калганмын. Бир балам тентектик кылып, бирөөнүн баласын сабап коюп абакта… Эки жыл эркинен ажыраткан. Бир кызым соодада иштечү эле, үч миң сом төлөмөр болуп, и койчу, кайсы бирин айтайын… Врачка көрүнсөм давлениең бар экен дейт. Анысы кандай дарт экенине өзүм да жакшы түшүнбөйм. Бир гана кээ-кээде чыкыйымдын үстүндөгү тамырларым лукулдап, башым ооруйт. Түз басалбайм. Жер айлан-көчөк болгонсуп кетет. Анан бир нерсени таянып олтура калсам, жаным сеп алат.

— Курусун, давление жаман дарт. Өзүңдү өзүң этиятта. Ага-буга көп капаланба. Өткөн иш ордуна келмек беле. Өзүндү ая. А кызың жаш эмеспи. Быйыл университетке өтпөсө, келерки жылы өтөт. Мен сага математикадан консультант мугалим таап берейин.

— Ошентчи кудай жалгагыр. Бала деген атанын ич дарты менен иши жок экен. Кызым: «Элдин балдарынын ата-энеси чуркайт, акчасын да аябайт. Сиз эле эки уй, төрт жылкы, отуз коюңуздун туягын карап олтурасыз» — деп таарынды жакында. Көзүнүн жаштуулугун айтпа! Кирпигин ирмебей, жашы жамгырдай төгүлсө, мал-жайың да көзүңө көрүнбөйт экен. Деги кантсем да быйыл бир окууга жайгаштырып тынсам экен.

— Буюрса жайгаштырасың. Жакшы үмүт жарым ырыскы. Андан көрө өзүңдүн саламаттыгыңды кара, Сейдалы. Врачтарга тез-тез көрүнүп тур. Жаратылыш өмүрдү бир жолу тартуулайт. Аны этиятташ зарыл, а эсенчилик болсо, бардык иш бүтөт.

Сейдалынын оюна бирдеме түшө калгансыды.

Убагында, эсимде турганда айтып коёюн дегендей Кубаттын колун кармап сөзүн токтотту.

— Айт, айта бер.

— Көптөн бери оюмда жүрөт. Сага айтсам деп ыгы келбей же эсимден көтөрүлүп кетет. Жадымдан чыга элегинде айтып коёюн. Мына экөөбүз тең балалуу болдук. Балалуу болмок турсун уулубуз улан, кызыбыз жубан болду. Алиге же сен, же мен үйүбүзгө балдарыбызды ээрчите келип, тааныштырып койбодук. Аялдарыбыз деле анда-мында көрүп учурашып койгондору болбосо, жакшы таанышпайт. Бул кемчилик сенин да мойнуңда, менин да мойнумда.

— Туура айтасың, Саке.

Сейдалы сөзүмдү бүтөйүн дегендей, Кубаттын колун булкуп койду.

— «Жан бар жерде өлүм бар»— деген ата-бабабыз. Оягын кудай билет, кокустан көзүбүз жумулуп кетсе, сен деле, мен деле бири бирибизди билбей калабыз.

— Кудай сактасын,— деди Кубат, — өлүмдү ойлошко али эрте. Кудай аны кечинен берсин.

— Сөзүңдө калет жок дечи, Куке!

— Анда эмесе, жакшы эле баарлаштык. Менин зарыл ишим бар эле. Ошоякка барайын,— деп ордунан турду Сейдалы. — Аман болсок, дагы көрүшөрбүз.

— Мейли. Жолуңдан калба?

— Айтса, эсимден чыгып кете жаздаган тура? Мен кайсы күнү келейин, Куке?

— Ушу жекшембиден кийин кайсы күнү болсо да, кызынды ээрчитип, үйгө келе бер. Мен үйдө болом. Сени күтөм, тартынба. Тиричилик эмеспи, кокус сен келгенде үйдө жок болуп калсам үйгө тартынбай кирип, отура бер. Балдарым менен баарлаш. Аялым жумушунда болот. Анан азыркы жаштар менен баарлашуу кыйын. Ымалаң келбесе, гезит, журнал окуп отура тур. Уктуңбу, Сейдалы!

— Макул.

— Кош!

— Аман жүр!

* * *

Турмуш кызык тура? Айрыкча үй-бүлө күтүп, анын күндөлүк тиричилигинин камында жүргөнүңдө сааттын, ал гана эмес, күндүн да кантип өткөнүн байкабайт эмессиңби? Бүгүн эң керектүү ишти аткарсаң, эртең андан да зарылы чыгат. Мен убада боюнча Сейдалыны айткан күнү күттүм. Ал эмес, анын эртеси — дүйшөмбү күнү, шейшемби күнү да, бейшемби күнү да күттүм. Жол карай берип, көзүм талыды. Акыры, өз кесибим боюнча Манас бабамдын мекенине — Таласка экспедицияга бармак элем, ошоякка жөнөп кеттим. Кесибим — археолог. Тарыхый шаарлар менен эски мүрзөлөрдүн ордун казабыз. Үмүт кызык. Казган жерден бир буюм таап алчу болсоң, сүйүнгөнүбүздү айтпа? Паланчанчы кылымга таандык деп өз мезгилине ыйгарабыз. Өтө сергектикти талап кылган жумуш. Бирок, кээде адамды терең ойго салып койчу жумуш. Мүрзөдөн адамдын баш сөөгү колуңа тийгенде, атаганат, бул адам да заманында мендей эле адамдыр. Бирөөнү ыраазы кылып, бирөөнүн көңүлүн ооруткандыр… Же махабат отуна жангандыр… Карачы эми деп… оюң онго, санааң санга бөлүнөт…

Мен Манас-ата тоолорунун арасынан Таластан беш айдан кийин кайттым. Токтогул районундагы Миң-Дөбөдөн археологиялык реставрациялоонун жолун ойлоп отургамын. Телефон шыңгырады. Трубканы кулагыма тостум.

— Бу Кубат Алимовичтин квартирасыбы?

— Ооба.

Ал үнүмдөн тааный койду көрүнөт, үнүн жумшарта сүйлөдү:

— А, агай, өзүңүзсүзбү? Институтубуздун ага илимий кызматкери Абды Сурановичтин атасы каза болгон. Уктуңуз беле? Жок. Бүгүн саат экиде жерге жашырылмак. Барасызбы?

— Барам, барам. Кайсы көрүстөнгө алып барышат экен?

— Тиги Көк-Жарга.

— Барсаңыз келе коюңуз. Автобуз даяр.

— Макул, мына жөнөдүм.

Биз Абды Сурановичтин атасын жерге жашыргандан кийин кайтмакчы болуп жатканбыз. Көрүстөндөгү эстеликтерге көзүм түштү. Маңдайымдагы кызыл таштан чегилген бюсттун өңү тааныштай. Жылмайып түшкөн сүрөтүн чеккен экен. Капырай, Сейдалыга окшош экен. Мен өз көзүмө өзүм ишенбей көпкө делдейип карап турдум.

Бюсттун алдына: «Самудинов Сейдалы, 1930-1988-жыл» деп жазып коюптур. Кантип эле?

Таш эстелик сүйлөдү:

— Эмне Куке, ишенбей турасыңбы? Мен өзүң көргөн Сейдалымын. Баягында үйүңө келемин деп убада бербедим беле. Убадалашкан күнү бара албадым. Кийинки жумада үйүңө барсам, Таласка кетип калыпсың. Эки-үч күндөн кийин жүрөгүмдүн оорусу кармап жатып калдым. Айыгып кетсем барам деп ниеттендим эле. Бирок оңоло албадым. Ушинтип, жүрөгүм кагуудан токтоп калды. Эмнесин айтайын… Аттиң… Иштейм деген иштеримди аткаралбай, жакшы үмүттөрүмө жетпей арманым ичимде кетти… Балдарымдын тагдыры эмне болот десең?

— Өлгөн өзүңө кыйын болуптур. Балдарыңды койчу, нары, чөйрө, заман тарбиялайт. Бирге иштешкендери тескеп жолго салат, ийге келтирет. Мына жаш кетип, өзүңө кыйын болуптур. — Кубат көпкө ойлуу туруп калды. Анан эсине келе калды.

— Кейибе! Атаганат дечи! Жаратылыштын законуна баш ийебиз да.

— Сенин минтип калганыңды же аялың, же балдарың кабарлабады. Билсем, келип топурак салат элем.

— Ооба, ал айып менде. Баягы убада боюнча аялым менен аялыңды, балдарым менен балдарыңды катыштырбадык. Балдарым сени тааныбагандан кийин кайдан кабарламак эле?!

— Жаман болгон экен. Ансыз да теңтуштарым аз эле. Көңүлүм эңшерилип калбадыбы. Эми сен жок, ким менен баарлашам? Атаганат. Орду толбос жоготуу…

— Кейибе, Куке, тирүүлөргө сүйлөшө турган, сырдаша турган адам табылат.

— Табылат дечи, ошентсе да кичинеңден бирге өскөн сендей кайдан болсун?! Кийин таанышкан адам кадырыңа жетчү беле?

— Ырас айтасың, баарынан да мага жаман болбодубу? Арга жок. Тагдырыма баш ийдим да. Быякта молдолор айтып жүргөн мүңкүр-нанкири деле суракка алган жок. Бейиш-тозогунан деле дарек жок… Жалгыз жатам. Мекеним — көркоолор казган тар үңкүр. Алганың аш болбогурлар, кур дегенде, көрүмдү да кененирээк казышпаптыр. Жамбашым талыганынан олтурайын десем, төбөм жерге тийип калат. Көр деген көр экен. Капкараңгы. Бакырсаң да үнүң эч кайда жетпейт. Өлгөндүн гана өз шору. Бейиш дегениңиз, тозок дегениң ошо жарык дүйнөдө окшобойбу? Ыракмат тирүүлөргө, туугандарга! Өзүм жанымда жанга уруп чоңойткон балдарыма! Изсиз койбой, кур дегенде элесимди таштан чектирип коюшту. Эстелик болбосо сага окшогон тааныштарым кайрылмак беле?

Баракелде тирүүлүккө! Жанымды жанга уруп, урук-туугандарга, балдарыма эмгегим өткөн экен, мени изсиз калтырбай ушинтип кебете-келбетимди ата-бабамдын ташынан чектирип коюшту. Ушуга шүгүрчүлүк. Болбосо, тигине, канча адамдын сөөгү билинбей, тепселип жатат. Кой, көп сүйлөп, көңүлүңдү бузбайын…

— Айтса, куран окуюнчу? Аузи билла мина шайтоони иррахим. Бисмилла ирахмони ираим… Омийин, жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун…

— А досум, а куран дегениң тирүүлөрдүн көңүлү үчүн гана айтылган сөздөр окшобойбу? Ыракмат досум, ниетиңе. Жөнө, жолуңдан калба! Тигине, автобусуң козголду. Жолуңдан калба. Атаганат тирүүлүк кандай жакшы. Тирүүңдө адамдарга кызмат кылгандан артык эмне бар? Иштей бер? Элден алкоо ал!.. Сенин бактың ошондо!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.