Бирөөнүн эки катыны болуптур дейт: бири картаң, бири жаш экен.

Картаңы, өз күйөөсү салабаттуу картайып, өзүнө ылайыктуу болушун каалайт. А жаш токолу тескерисинче, күйөөсү өзүнө ылайыктуу – зыңкыйып жаш көрүнгөнүн каалайт.

Байбичеси оңу келип калган учурда күйөөсүнүн буурул аралаган чачтарынын карасын түбүнөн жулса, жаш токол да андан калбай: буурул чачтын арасынан агала көрүнгөндөрүн түбүнөн жулганын койбойт.

Мунун акыр аягы эмнеге алып келмек эле – ортодогу жалгыз эр тасырайган таз болуп тыныптыр…

Ата-бала

Карыя жана уулу, небереси болуп чөп чабууга жөнөшөт. Күн ушундай ысып, аёосуз куйкалайт. А жаш бала баш кийимсиз. Күн болсо анын башынан өтүп кетчүдөй. Мындайда атасы карап турмакпы, өз калпагын баласына кийгизет. Муну көргөн карыя да өзүнүн баш кийимин чечип, уулуна сунуптур.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.