БАЛАЛЫК ТУУРАЛУУ
Оо анда көңүлдөр түк карара элек,
Ой менен алыс-алыс барар элек…
Карылар чымчып коюп жонубуздан,
Басылса, ойноп кетип калар элек…
Оо, азыр турмуш чымчып жүрөгүмдү,
Оорусу алигиче тарай элек…

Өзгөрө берет тура кийинкибиз,
Оо мындан башка эле да мурункубуз…
Оодарып, чала коюп бирибизди,
Оюндан далай ирет жыгылчубуз…
А азыр чалса турмуш аягыңдан,
Алдастап, бутка кайра кыйын туруш…

Жашынмак ойночубуз балдар менен,
«Өзүңдү далдаа жерге катмай» деген…
Көзүмдү жумуп, табуу оңой эле,
Ким кайда жашынганын айтпай билем!
А азыр ачып алып көздөрүмдү,
Андагы досторумду таппай жүрөм…

Андагы жомок бүгүн бүттү неге…
Аягын бүтпөчүдөй күттүк эле…
Жолдордон өттүкпү азыр билбейм татаал,
Жомокто каарман бирок күчтүү эле…
Турмушта ак-кара эле болот тура,
А анда бизге дүйнө түстүү эле…

МЕН ТУУРАЛУУ
Сүзүлдүм далай, ийилдим далай, күбүлдүм…
Сүйбөдүм бирок таңдарын алсыз күнүмдүн…
Жаным от болуп алоолоп күйүп жатса да,
Жашоону сүйүп, жашагым келип, жүгүрдүм…

Жанымда жарык багыттар жанып турса миң,
Жаңылып далай, жаш чакта жалын ууртадым…
Ааламым тарып, адамдан көңүл калса да,
Адамды сүйүп, адамды көздөй чуркадым…

Сыноолор болсо аскадан ылдый ыргыткан…
Сынбастан анда эр болдум кайра тырмышкан…
Жыгылган сайын бекемдеп улам күчүмдү,
Жаңылган сайын көрөгөч болдум турмуштан…

БИР СҮРӨТ…
Айга, Күнгө теңебеймин сизди мен,
Андан мүмкүн артык болуп жүрбөңүз.
Ашык болуп калганымды жашырбай,
Аша чапсам азыр эле тилдеңиз.

Көзүңүздү карагаттай дебеймин,
Андан сулуу, андан мөлтүр балким ал?
Бир күмөнүм, бир күйгөнүм ушунда,
Бирок сүйгөн адамыңыз бар чыгар?

Деги кандай өзгөчөсүз өзгөдөн,
Дем болдуңуз дарысындай капамдын.
Эң кызыгы – окшош чыкты атыңыз,
Бойдок кезде сүйгөнүнө атамдын.

Атам анын сактап койгон сүрөтүн,
Сүйсө керек таза, жаштык дил менен.
Арзуудагы анык урмат ушудур,
Апам аны өрттөбөгөн, тийбеген.

Сиз да мага бериңизчи бир сүрөт,
Болмок мага баа жетпеген байлыктай.
Сизге жетпей калсам дагы жашоодо,
Сактам жүрөм жубайыма айрытпай..

ДАРЫГЕРГЕ
Калыптабы жүрөгүмдүн кагышы?..
Карап көрчү, ооругансыйт жан ушу…
Эгер менде болсо баары жайында,
Керек доктур, анда көңүл дарысы.

Таасир берген далай дартка оболу,
Танбайм, танбайм мээнетиңер жогору!
Оңолсун деп бирок дарттуу көңүлгө
Операция жасап койсо болобу?

Сынган сөөктүн чыгар дабаа, бир ыгы,
Силер андан адиссиңер чыныгы!
Бирок, бирок сөздөр кылган жарака,
Бүтөр бекен көңүлдөрдүн сыныгы?

БАЛАҢ УКТАП ЖАТКАНДА…
Үйдө балаң сонун уктап жатканда,
Үйрөнөсүң үн чыгарбай басканга.
Кыйч-куйч этип кыяк болот, кашайгыр,
Демейдеги тынч каалганы жапканда…

Кыймылдаса эңирейген муруну,
Кыңкыстаса ыңаалаган үнү бу,
Кокуй ай, деп келип кетет урушкуң,
Кокус колдон түшкөн кашык, чыныны…

Бала сүйүү кылат тура күчтүүлүк,
Бал уйкусун бузгуң келбейт түк билип.
Бетке басар жаздык издеп шашабыз,
Келсе кычап күтүүсүздөн чүчкүрүк…

Жашооңдун бүт алмашып күн, түнү да,
Жаның көнөт далай күлкү-чырына.
Көрсө Кудай ата-эненин кадырын,
Катат тура наристенин ыйына.

ТААРЫНЫЧ
Арзуудан аз келгенсип эзилгеним,
Ар убак жемей болдум өзүмдү өзүм…
Таарынып калчу болдум бир сөзүңө,
Оо демек тирүү менин сезимдерим..!

Алкынып, албууттанган куюн чылап,
Агылып көкүрөктөн ырым чыгат…
Билдирип тирүүлүгүм, адамдыгым,
Бир сезим турат дилде тыбырчылап…

Жашоодо эрмин далай амал билген!
Антсе да капасыңа камалдым мен…
Тайсалдап бирок такыр чочулаба,
Таарынып турган кезде адаммын мен!

Сезгенге махабаттын өртү күчтүү!
Сезбестер жалгыздыкка кол сунушту.
Табылгам, билсең… сезим, үмүт өчүп,
Таарынбай калган кездер коркунучтуу…

БАКЫТТАН КАТ
Жүрөсүңбү аман-эсен, «сүйүктүүм»?
Жүрөктү эзип баштагыдай күлүп тим.
Мезгил бир аз жоошутканы болбосо,
Мен баягы тынч албаган жигитмин…

Тирүүлүгүм канат кагып дирилдейт,
Тилектер көп, дале санаам бириндейт…
Өзгөлөрдөн сурап көрсөң айтаттыр,
Өзгөргөнүм өзүмө түк билинбейт…

А сен кандай? Мезгил менен актыңбы?
Азыр деле сулуусуңбу? Жашсыңбы?
Жолдо дале жүрөсүңбү жалгыздык,
Жолдош күтүп же теңиңди таптыңбы?

Мерездикти, мээримди да көрүп миң,
Мен турмуштун көп шартына көнүктүм.
Чоң жаңылык айтайынбы, аа баса…
Чоктон ысык махабатка кезиктим!

Аным ырас, жакшы дейин жакшыны,
Ал – аруу кыз! Тартуулады бактыны…
«Кайда жүрсөң бактылуу бол» дечү элең,
А мен азыр чындап эле бактылуу!

Миң рахмат оо, сага сулуу, үлбүрөк!
Мендик жүрөк азыр сүйөт, сүйдүрөт!
Эгер мени жолго таштап кетпесең,
Бакыт таппай өтмөктүрмүн, ким билет…

КҮТ ЖЕ КҮТПӨ
Күлүкмүн мен күндүк жолдо жарадар,
Күйүктөнүп, туяктарым канаган.
Күүлөнүүгө кубатым жок абалкы,
Күт… же балким күтпөй да кой марадан.

Күт же күтпө… жараланган түлпармын,
Күйүт эзип, алдан тайдым, кумсардым.
Албаса эле жараат менин жанымды,
Алыстарга дагы далай чуркаармын.

Андай болсо кандай мезгил, кайсы убак,
Албууттанып туягымдан чаң чыгат.
Үңүлүп көз тээ алыска, а азыр,
Үмүт гана бара жатат камчылап.

Артым эмес алдым бопбоз кара чаң,
Али алдыда жетер жерим карасам.
Изим калып ойдуң, түзөң жерлерге,
Илкип-калкып араң чуркап баратам…

АПАМА
Ойлорду күлүк дешет, балбан дешет,
Ой, ыр деп уйкусуз түн, таңдар да өтөт…
Ааламды кезсем сансыз ойлор менен,
А апам ойлойт мени андан да көп…

Жашоонун тайгак жолу жалаң арман,
Жаныма илдет күчөп мага алардан –
Айбыгып, көңүл сыздап үшүп турсам,
А апам мен деп үшүйт санаалардан…

Ал кетип чарчап келсем жүрүштөрдөн,
Апам ай, кагылайын үмүт берген…
Мен арсыз тосуп жүрсөм бакытымды,
Мени ал тосуп жүрөт күйүттөрдөн…

Санаасын тоодой үйүп санаам үчүн,
Сабырдан чыңап алып кара күчүн,
Жалынга күйүп жатсам жан чыркырап,
Жалтанбай апам гана барары чын…

Жашырса жакшылыгым жасалмалар,
Жар салбай коймок беле катамды алар…
Билбеймин мен бүлүнсөм таштайт кимдер…
Бир гана ишеничим апамда бар…

Билгеним бекем сүйүү апамда бар…

КИТЕПКАНА ГЕНИЙЛЕРДИН ҮЙҮНДӨЙ!
Көр түйшүгүң көп жугузуп жанга чаң,
Көңүл бошой түшөт көпкө барбасам…
Каалгасын ачаар менен туямын,
Бир улуу күч өкүм сүрөт ар качан…

Сырларында сүр болгону үчүн көп,
Сыйбай көөнгө жүрөк турат дүкүлдөп…
Кабыландар бир бөлмөдө ырылдап,
Каралаев «Манас» айтат күпүлдөп…

Андан ары уланган соң багыттар,
Ар бөлмөдө улам улуу жарык бар…
Аркы төрдө санат ырдап Токтогул,
Айтыш курат Барпы, Коргоол, Калыктар…

Чогулган эл зор бөлмөнү жандашат,
Чолок балбан, Кожомкулдар кармашат…
Бир бөлмөдө Жакыпбеков, Айтматов,
Горький, Толстой, Расул менен баарлашат…

Жаңырууда бир бөлмөдө ноталар…
Жанга жагым кандай гана ох, алар!
Поэзия кечин баштап мына Осмонов!
Кол чабууда Гёте, Пушкин, Шоталар…

Китепкана — кызыкка бай момундай,
Китепкана — жан жыргаткан сонун жай!
Чын дүйнөнү унут кылып эсиңден,
Чыгуу кыйын кереметтен оо мындай…

Мындай чакта сүйөм жанды түңүлбөй,
Мындай чакта өтөт саат да билинбей…
Китеп мага чакыруу кат туюлса,
Китепкана генийлердин үйүндөй!

Ой-кыялдын аргымагын токунуп,
Ошол атты камчыланып отуруп,
Кез келгенде мен да чындап кетким бар…
Залкарлардын катарына кошулуп…

БАЗАР-ӨМҮР
Дагы бир күн кетти сиңип күүгүмгө,
Өмүрүмдүн бир чымчымын колго уучтап…
Эмне иш кылдым, дагы эмнеге үлгүрдүм?
Турат учсуз уйгу-туйгу ой кыстап…

Аруу таңда, үйдөн чыккан чагымда,
Түндө туулган бул күн жаңы торолгон…
Кирип кеткем тирүүлүктүн шаарына,
Көчөлөрү түркүн түскө боёлгон…

Көзүм кандай ак-караны көрдү анда,
Пенделиктин базарынан. Билбеймин
нени сүйлөп, бастым кандай жолдорду,
Алда көөнүн сууттум экен кимдердин..?

Билинбестен күн карыды, кеч болду,
Күчүм жетпейт, токтотууну кааласам…
Бир билгеним өзүм да үйгө бул кечтей,
Карарган, суз көңүл менен баратам…

Бул тирүүлүк бүтпөчүдөй көрүнүп,
Жашайбыз биз жашалганды ыр кылып…
Өмүрүбүз түркүн күнгө бөлүнүп,
Өзүбүздү бүтөп, кайра сындырып…

Болсо амандык, далай ай-жыл узатам,
Өмүрүмдөн уучтап берип колуна…
Эмне иш кылып, эмнелерди аткарам?
Удургуган ой кошулат оюма….

БАКТЫҢ ҮЧҮН…
Жаман көрбө, кек сактаба, жарыгым,
Жарабастыр арам ойлуу эскермең…
Токтолбостон айтсам эми аныгын:
Тоодой бактың тоскум келбей кеткем мен…

Карабастан ойлоп тапкан аргага,
Кээде сезим миң себептен ийилээр…
Бекер сынып талкаланбай анда да,
Бекем бойдон калган жакшы сүйүүлөр…

Кечээ кокус бир кечеден жолугуп,
Көрө албадым көзүңдөгү отуңду…
А сен болсо кучагына бой уруп,
Атайылап жандап жүрдүң досумду…

Бербесем да ушунуңа нечен баа,
Болду менден жоголгондой муң арбын…
А сен “иттей” кызгантайын десең да,
А мен ичтен бактың үчүн кубандым…

БУЛ ЖАЗДА
Сумсайыңкы сур булуттар төгөт жаш,
Суу мөлт этет жаңы чыккан чөптөрдөн…
Жок, жок… Бул жаз — былтыркыдан бөлөк жаз!
Жол каратып, зарыктырып, кеч келген…

Жалбырактар күзгү… Жерде сан жатты…
Жашыл шибер көккө өсүп барат тим…
Алдейлерге оо ушул жаз — алгачкы!
А бирөөгө акыркы жаз а аттиң…

Бул жазда да келип жерге аруулук,
Булбул сайрайт… Гүлдөр бийлейт, ыргалат…
Бир жүрөктө арман күүсү жаңырып,
Бир жүрөктө сүйүү ыры ырдалат!

Бактар кайра бүчүр байлап бир эми,
Бутактары мөмө толуп, ийилет…
Бул жазда да бирөө сүйүп бирөөнү,
Бул жазда да бөлөк жандар сүйүлөт…

Кадамдар суз жылып мүрзө тарапка,
Ким-бирөөнү жер алдына коюшат…
Кошо жутуп таттуу учурун шарапка,
Ким-бирөөлөр он сегизге толушат…

ТАБЫЛГА
Бул мезгилди баары күз десе,
Талдар ийди карлуу шактарын.
Көптөр жазда сүйүү издесе,
А мен сени кышта тапкамын…

Ичик-и-ий деп суук бул таңда,
Ичиркенип жатсаң жан эркем.
Баш каталбай а мен жуурканга,
Бир ыр жаздым бүгүн таң эртең:

«Бирге курсак бакыт ордосун,
Буга эрким болгон күч үрөйт…
Мейли кандай бороон болбосун,
Биздин көңүл анда үшүбөйт…»

«Келди бул кыш неге эрте?» деп,
Кейий бербе жаным… Кыш сулуу!
Жаай берсин карлар эркелеп!
Сен бар кезде дүйнө жыпжылуу!

Сүйүүбүздүн көрүп түсүндөй,
Сүйчү мендей кыштын ак карын.
Сезимдерди жаздан күтүнбөй,
Сени анткени кышта тапкамын…

Сени анткени кышта тапкамын…

ЖАШОО 100 СӨЗДӨ…
Игорь Аглицкий
(Эркин котормо)

Ак бешик. Жалаяк. Бөбөк. Ый.
Сүйүнүч. Көрүндүк. Төрөт үй.
Оюнчук. Алгачкы кадамдар.
Бир тууган. Бейтааныш адамдар.

Ак мектеп. Дептерлер. Парталар.
Ак көйнөк. Бала кез чаң салар.
Топ. Аянт. Ызы-чуу. Мушташтар.
Топ балдар. Сынган тиш. Көз жаштар.

Институт. Жаз айы. Асыл чак.
Сессия. Жай айы. Жашыл бак.
Экзамен. Диплом. Тост. Шараптар.
Эстүү да, эссиз да адаттар.

Узун кыш. Махабат. Оттуу ырлар.
Убакыт. Учкан саат. Топ жылдар.
Той. Төркүн. Кайын-журт. Сунуштар.
Ый. Күлкү. Каталык. Уруштар.

Үй-бүлө. Акча. Иш. Маселе.
Ак бешик. Жалаяк. Ата-эне.
Ак жолдо: Сооп. Бата. Камкордук.
Кир жолдо: Күнөө. Кек. Канкорлук.

Сыйлашуу. Табият: Гүлдүү. Кооз.
Чырдашуу. Сынык дил. Түрдүү дос.
Карыздар. Кредит. Банк. Мал дүйнө…
Муз көңүл. Жаралуу жан дүйнө.

Небере. Сүйүнүч. Жаңылык.
Көз айнек. Кош балдак. Карылык.
Муундар бош. Кош тизе чөгөлөп,
Муздак түн. Үшкүрүк. Керебет.

Депрессия. Палата. Ак халат.
Диагноз. Ак үмүт. Ак барак.
Муң-арман. Дос-тууган топурап,
Коштошуу. Ый. Табыт. Топурак.

Нурзат Казакова: «Уйкаштарын миң экчеп сынагыла»

One Reply to “Максат Жангазиев: Жаңылган сайын көрөгөч болдум турмуштан”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.